Интернет библиотека Жанызак@басма
Самое дешевое издание книги за счет автора! 
Ватсап +996777329784 | емейл: janyzak@mail.ru

Макалаларга бар

Жаныбек ЖАНЫЗАК

Жаныбек ЖАНЫЗАК, 2002-ж.

l Бирден сана
ЭРДИ-КАТЫН - БИР ДЕНЕ
Бейшенбек Бекешовдун айтылуу "Коломтосунун" айрым бир темалары чындап эле адам бүйүрүн кызытпай койбойт, капырай.
Бая бир жолу кошкатын көйгөйүн көтөргөн ошондой бир берүүсүн чыдап отуруп диктофонго жаздырып алып, аны Атайдын "КТР-обосу" менен сүйлөшүп стенографиялык отчет сыңары гезиттин бир номуруна чыпчыргасын коротпой бастырып-бапестеп, анан ошол эле гезиттин кийинки номурунда мен Бейшекенин ошо "кошкатын" берүүсүн шашпай бир мазз-за кылып жиликтеп, катышкандардын ар бирине бирден табак тартайын дедим эле, ал аңгыча гостелерадиодо бийлик алмашып кетип, жетекчиликке кыргыз эжей келип, "абийириме шек келет" дедиби, айтор, а киши Бейшенбектин алиги "кошкатын алса болчудай" берүүсүн улантпай тыйып салыптыр, ка-ап.

Ошентип "КТР-обого" менин "устукандарым" да чыкпай калды.
Ошо себептүү "бир айласы табылаар" деген таризде "Агымга" келип кулдук уруп тургандагы кербезим: макул тапсаңар, ушул макаламдын жок эле дегенде Илязбек ажыга деп "тартылган" бир табагын басып берсеңер Манас атамын арбагы сүйүнөөр беле деп турум...

"Кошкатын" берүүсүнөн учкай эскерме:
Адегенде Бекешов мырза сөз таштады:
- Мынакей, менин колумда "Вечерний Бишкек" гезитинин рекламалары. Мен биерден "гостиница" деген жерлерин белгилеп койдум. Түн ичинде берилген, күндүз берилген... Мунун баары, ачыгын айтканда, мейманкана эмес - сойкукана. Жүздөгөн эмес, миңдеген мейманканалар бар..., - деп.

Анан ушул көйгөйдөн кантип чыгабыз, бир айласы кошкатын болуп жүрбөсүн дегендей таризде сөз учугун таштап, ошо кошкатын талкуусуна айтылуу журналист кызыбыз Кален Сыдыкованы, БГУнун окутуучусу Топчугүл эжейди (фамилиясын укпай калбадымбы, ка-ап), анан аларга комментатор катары Илязбек ажыны чакыртыптыр - ошолорго сөз берди.

Ошожерден калемсаптын сайкалы Кален кызыбыз:
- ...Бир жылдын ичинде Кыргызстандан 8365 аял башка мамлекеттерге акча табыш үчүн чыгышыптыр. Ошонун 1880ни өзүнүн денесин сатып акча табыш үчүн чыкты! Анын 75 проценти Араб Эмиратында экен! Жанагы, динди абдан кабыл алган, чүмбөттөлүп жүргөн, биз сабаттуу, ыймандуу деп эсептеген ошореки араб дүйнөсү ирип-чирип, ошондой нерселерди жашыруун жасап жатат да, ачык жасабайт! - деп кашкайтып туруп айтып салбадыбы молдокелерди ой-даа келиштирип!

Календен кийин сөз алган БГУнун окутуучусу Топчугүл эжей:
- Сиздер көтөрүп аткан экинчи аял: ...үй-бүлөдөгү кыйынчылыкты,... адеп-ахлактык бузулууларды экинчи аял алуу менен, ошону закондоштуруу менен чече албайбыз. Себеби, ошол экинчи аял болгон киши деле, биринчи аял болгон киши деле - бул жерде алардын укугу бузулат. Адамдык укугу бузулат. Буларды басмырлоо... Анан биз ошо басмырлоо жолу менен коомдогу Бейшеке айткан чоң проблеманы эч убакта чече албайбыз...
... Эркектер, тескерисинче, мени кечирип койуңуздар, баягы биз таянган, биз тоодой таянган, биз ишенген, жоопкерчиликти тоодой көтөргөн эркектер бүгүн азайып отурат... Аялдардын таманында, чаңында калып отурушат... Анан мен статистиканы карадым да. Карасам, аялдар эмес, азыр эркектер коргоого муктаж экен! - деп жиберди.

"Баракелде!" - дедим. Чындап келсе, "кошкатын" эмес, "кошэркек" көйгөйүн караш керекпи деген ойго кеттим, эй! Тоюс, бир сайкалга кошманасты байлап берсек кантет дейм да?!

Сөз кезеги Бекешовдун "көзүрү" Илязбек ажыга келди.
Бу киши Кален-кызга наалып, Курандан бир топ мисалдарын айтып, анан акырында мени ушул саптарды жазууга мажбур кылган килтейген ЖАЛААСЫН балп дедирип салды:
- ...Бул көп аялдуулукка... "исламда көп аял алууга уруксат берет", - деп, ар кандай коом, ар кандай топтор сын пикир менен карап айтышат дайыма. Эгер ошол коом христиан туугандар болсо, мен айтат элем, алардын китеби Библияда Соломондун миң аялы, Давиддин тогуздан ашуун аялы, Авраам-Ибрахим пайгамбарыбыздын эки аялы болгондугу - Саара жана Хажар энебиз деп айтылган жерлерин көрсөтөт элем да. Ал христиан дининде да бар...

Илязбек ажы далайдан бери окумал өңдөнүп келет: "Керек болсо талашка түшөм!" - деген тейде. Атүгүл "Агым" барактарынан да ушинтип элиргенин бир-эки жолу окуп калдык. Эгер окумалдыгы чын болсо, а киши кеп салып жаткан Библия эки бөлүктөн - "Эски Осуят" жана "Жаңы Осуяттан" тураарын билиши керек эле. Ал эми "христиан" деген түшүнүк Библияда жалаң Жаңы Осуятка - Ыйса Машаякка байланыштуу Жакшы Кабарды таратуу жаатына гана таандык экенин айта кетели. Бирок эгер Илязбек ажы ушул маселенин ушундай экенин билип туруп, анан атайылап эле "христиандарда кошкатын алуу адаты бар" деп турса, анда урматтуу ажыкенин жалаасын төгүндөө үчүн "Жаңы Осуяттагы" Матфейдин Жакшы Кабарынын 19-бабында Ыйса Машаяк фарисейлерге (билмексенди бетке кармашкан эки жүздүүлөргө) берген жообун эскерте кетели:
    4 ... Жараткан Эгем адегенде эркек менен аялды жаратканын окуган жок белеңер?
    5 . Анан айтты: ошондуктан адам баласы өз ата-энесин таштап, аялына биротоло байланып, экөө биригип бир денеге жуурулат.
    6 . Андай болгондо алар эми экөө эмес, бирок бир дене. Демек, Кудай кошконду адам ажыратпасын!
Ыйса Машаяк христиандар үчүн БИР ЭРКЕККЕ БИР КАТЫН энчилегенин жогорудагы мисалдан байкагандырсыз, урматтуу окурман. "Экөө биригип, бир дене" деп жатпайбы. Ал эми бир эркекке төрт катын чапташып бир дене болуу жагын Илязбек ажыга койдук. Себеби мындай "арифметика" машаякчыларга көптүк кылып койот...

Эми биз сиз менен бирдикте, христиан болушпаса да алиги Илязбек ажы санап кеткен Абрам (Ыбрайым) аксакалдын мисалына бираз токтоло кетели.
"Саара жана Хажар энебиз" деп жатпайбы Илязбек ажы. Бирок Хажар (Ажар) Илязбек ажынын энеси болсо болгондур, асти Ыбрайымдын катыны болгон эмес экен, эй! Бул айтканыбыздын чын-төгүнүн далилдеш үчүн Ыйык Китепке кайрылалы, урматтуу окурман:
    Ыбрайым пайгамбар Кудайга карап: "Менин мураскорум жок", - деп наалыганда, Эгебиз убадасын бериптир: "Коркпо, Мен сага мураскор берем",
- деп ("Эски Осуят", Башталыш, 15:4) .
Ошентип күндөр өтө берет, Ыбрайым акең улам күдүктөнүп, Жараткандын убадасынан шекшип, анан калса кемпири да: "Мен эми төрөттөн калдым, сен андан көрө тиги Ажар күңдүн койнуна кирип чык, буйруса ошондон балалуу болуп калаарбыз", - деп какшай бергенден кийин, айла жок аялынын тилине кирет да, Саранын күңү Ажар менен "алышып" жатып калат (Башталыш, 16:2).

Биерден эскерте кетчү нерсе: жүүтөрдүн салты боюнча кул менен күң адам катары саналган эмес. Саранын оюнча Ажар боюнан бошоноордо анын баласын этегинен тосуп алып, өзүнө бала кылып алмак...

Бизчелеп айтканда, биерде Ыбрайым акең Ажар-күңдү эркек бала төрөтүш үчүн АРЕНДАГА алган экен десек туура болчудай, урматтуу окурман.

Бирок Ыбрайым буга Кудайдын батасын алган эмес. Анүстүнө Кудай-Таалам Ыбрайымга "мураскор берем" деп убадасын берген, бирок Ыбрайым Кудайга ишеним артпай, аялынын сөзүнө кирип (эркектик "иттиги" да кармагандыр, балким), күңү Ажарды боозутуп салат.

Бул ойноштугу Ыбрайымга бекерге турган жок - анын укум-тукуму кайткыс каргышка калганын бүгүнкү чындык көрсөтүп жатпайбы (бираз какшык аралаш айтылган сөз: Ысмайыл тукуму Ысак тукумунун айласын алты кетирип жатканын күндөлүк кабарлардан угуп жаткандырсыз, урматтуу окурман)...

Баса, Ыбрайымдын укум-тукуму кайсы бутак боюнча уланаарын да Ыйык Китеп айтып кеткен (Башталыш, 17) :
    20. Ысмайыл жөнүндө да айтканыңа макул: Мен ага ак батамы берем жана анын тукумун көбөйтөм...
    21. Бирок (сени менен болгон) келишимди Сарра сага келерки жылы ушул маалда төрөп бере турган уулуң Ысак менен гана улантам..."
Кошкатын жаатынан келгенде Ыйык Китеп Илязбек ажыга жардамчы болалбасын жогорудагы мисалдардан улам түшүнгөндүрсүз, урматтуу окурман. Ырас, биз биерде Дөөтү менен Сулайман пайгамбарлардын да "катын азабынан" мисал таштап кетсек болоор эле, бирок буга гезиттин аянты тардык кылып жатпайбы.

Тек, айтайын дегенибиз: урматтуу ажыбыз биерде жамы кыргыз журтун Бекешов мырзанын бир эсе жеке кызыкчылыгын көздөгөн "кошкатын" саясатына калп сөз менен ынандыруу аракетинен көрө, кыргыздын ар бир инсанына астейдил ынсап каалап, Жараткан Кудайымдын: "бир эркекке бир аял, бир аялга бир эркек" деген баштапкы мыйзамын бурмалабай, бурмаласа да өзүнүн "катынчыл" саясатына машаякчыларды кошпой сүйлөсө деген эле тилек.
Саламым менен:
мынакей он беш жылдан бери МЫЙЗАМ чегинде экинчи аялы менен жашап келаткан
Жаныбек ЖАНЫЗАК,
Ыйса Машаяк түспөлүндөгү Ыйык Семетейдин жарчысы