Интернет библиотека Жанызак@басма
Самое дешевое издание книги за счет автора! 
Ватсап +996777329784 | емейл: janyzak@mail.ru

Макалаларга бар

Жаныбек ЖАНЫЗАК

"Аалам", Теке айы, 1992-г.
________________________________________

Арадан андан бери жыйырма жыл өттү. Бирок тема баягы бойдон актуалдуу калып жатат…

• Жаныбек Жанызак:

"Менин диним кыпкызыл... "

Себеп дегенде ал Көкө Теңирдин Түпсүз Кеңдигиндеги Улуу Күндүн нурунан тутанып, Жаратылышка жашоо демин берген Кыпкызыл Оттой болуп жердүйнөдөгү Адам аттуунун Тирүүлүк Кумарына дем берет, Урпактар учугун үзбөй уланта берүү үмүтүн жылытат. Тээ Алмустакта Улуу Оттун аптабы Жаратылышты каргашалуу Муз доорунун кучагынан сууруп чыккан сыңары, менин диним да тээ Түп кыргыздан бери ар кандай диний агымдарга моюн бербей ушул мезгилге чейин жеткен Көкө Теңир Кудуретинен тутанып, анын кыпкызыл жалындары Адам аттуунун жандүйнөсүн каптап бараткан маңкурт-музду ээритет, Жаратылыш ыңгайына жараша эркин ой жүгүртүп, эркин жашоого чакырат. Менин диним Отко түспөл кыпкызыл!

Кечээ жакында Таласка барып, айыл-ападагылар менен учурашып келдим. Кудая шүгүр, баары тегиз аманчылыкта жатышыптыр. Бирок айыл аксакалы баштагыдан супсагыраак окшоду: "Бу сен, Жаныбек, эми жаш эмессиң. Атаң да уруубуздун кадырман аксакалы болчу, кудай деген жан эле. Апаң ыракматы Куранды жатка билген, илимдин кишиси болчу. Ургаачы болсо да дин исламды бек туткан андай адам арабызда чанда бир кезикпесе, жок эле да. Өзүң деле билимдүүсүң, башкадан акыл үйрөнбөйсүң. Бирок кийинки кездери бизди жаман уятка калтыра турган болдуң го: не бир уят-сыйыттан кеткен ыплас нерселерди жазат экенсиң, кайдагы бир бутпарас динди даңазалап жүрүпсүң. Өткөндө Манас атабыз менен Каныкей апабызды маскаралаптыр дейби ай. Бу жума-намазга барган сайын өзүңдүн эле таякелериң: бир баланы тыйганга алыңар келбей калдыбы? - деп уяткара турган болду. Кечээ тиги казыяттан келгендер айылга чогулуш кылып, аерде да сен жөнүндө сөз болду: минте берсе кийин жаназасы окулбай калат дегенге чейин айтышты.. . " Аксакал экөөбүз аркы-беркини сүйлөшүп дагы көпкө чейин отурдук. Бу дүйнө, тиги дүйнөнү эскердик, бейишти да, дозокуну да унуткан жокпуз.. .
Айыл аксакалы бир эсе мени аяп, бир эсе мага жакшылык гана каалап жатканы жайбаракат айткан сөздөрүнөн улам байкалып турду. А кишинин ыйык жөнөкөйлүгү жана жаназасыз өткөн кишинин тиги дүйнөдөгү аянычтуу абалын эстеп, жаны кыйналып жатканы, о дүйнөгө болгон астейдил ишеними ичимди элжиретти. Өзүнүн кандашын оор кайгыдан сактап калуу аракети, бүтүн урууну уятка калтырбоо далбасы кыргыздын баштатан келаткан уруучулук турмушунда кандайдыр бир данек бар экендигине дагы бир жолу ынандырды.. .
Ырас, мен маркум атам менен ыраматылык апамын жападан жалгыз эркек баласымын. Алар экөө тең исламды барктаган адамдар эле. Айрыкча апам ыракматы бүткүл жандүйнөсү менен исламга баш уруп, тогуз жашынан баштап 76га чыгып көз жумганга чейин бир да жолу орозосун бузбаган адам болчу. Куран китеби колунан түшчү эмес, атайын калта тигип, бийик жерге коер эле. Атам ыракматы илгерээкте элди отурукташтырууга белсене киришип, астейдил коммунисттердин колдоосу менен Талас аймагында биринчилерден болуп 1929-жылы Бауман атындагы коллективдүү чарба уюштурган жана аны бутуна тургузган адам болгон. Трудфронттун каат жылдарын башынан өткөрүп, согуш бүткөндө кайра келсе алган аялын таппай калат да, күйөөсүнөн ажырап калган апам экөөлөп биргелешип оокат кылмак болушат. Тез эле ирденишип, бутка туруп калганда атам ыракматы колхоздун бир бучкагын кармайт. А киши "ак молдосун" ат үстүнөн "алкымдаган", аш десе ашка, иш десе ишке тойбогон тынчы жок адам болгонун билгендер күнү бүгүнкүгө чейин айтып жүрүшөт. Бир эсе жашы өткөндөнбү, же апамын тикелей таасириненби, айтор элүүнчү жылдардын этегинде атам ыракматы арагын коюп, намазга жыгыла баштайт. Айта кетчү бир сөз, чоң атам илгери бай турчу экен, балдарын молдого берип окутуптур. Атам ыракматы арабча сабаттуу болчу. Бирок толугу менен молдолук кесипке өткөн жок, аларды "кузгундар" деп жактырчу да эмес. Сөзмөр, иштин көзүн билген тың киши болчу. Айыл-ападагы бир да бир мерчемдүү иштер ансыз өтчү эмес. Айтор, айылдагылардын ырахматын алган жан эле, кайран атам.. .
Мен мына ушундай үй-бүлөдө чоңойдум. Эркин өстүм, интернаттан окудум (бирок Сабитжан болгон жокмун го дейм ичимде). Бара-бара дүйнөгө болгон өзүмдүн жеке көз карашым калыптанды. Жогорку окуу жайын бүткүчө кеминде жүздөн ашуун экзамен тапшырдымбы дейм: марксизм-ленинизмдин материалисттик Дүйнөтаанымына дем берген Улуу Көкө Теңир идеясы деген тыянакка келдим. Себеби Түпкыргыздын диний ишениминде да Жаратылыш мыйзамынан аша чапкан апыртмалар азыраак кездешкенсийт. Ошентип, түпкүлүгүндө коммунисттик (жалпылык) идеяны туу тутуп келген кыргыз журтунун уруулук шериктештиги коомдун өнүгүшү менен бирге шаарлап-чачырап, айылдагы уруулук топтордон улам бирден же экиден үй-бүлөлөр бөлүнө баштаганына да күбө болдум. Урматтуу окурман, ага сиз өзүңүз деле күбөсүз. Анан ошондой бөлүнүп чыккандардын арасына мен да кошулдум. Баягы айылдык тар чөйрөдөн шаардык кең дүйнөгө келгени көп нерселерди көрдүм, көптү окудум. Бу дүйнө атам менен апам элестеткендей эмес экенин байкадым. Арадан жылдар өттү, кичинемде жаңыдан бүчүр байлап келаткан туюк ишенимден кыпындай бөлүгү да калбады менде. Бирок, албетте, атам менен апам, урук-туугандар ыйык туткан диний ишенимди биротоло жерип кеткен жерим жок. Үрп-адаттарды, салт-санааны алымдын жетишинче колдоп турам. Айрым учурларда кошуна-колоңдордун өтүнүчү боюнча тигил же бул маселеге байланыштуу куран түшүрө коймоюм да бар. Мен өзүм кабыл албаганым менен, тигилердин астейдил өтүнүчүн орундатып, алардын диний муктаждыгын канааттандыруу аркылуу мен өзүмдүн адамдык парызымды аткарам. Мен өзүмдүн эң жакын көргөн кишилеримдин каалоосуна жараша айрым учурларда молдо чакыруудан да баш тартпайм. Бирок бул ишарам да мен аларга ишене турганымды билдирбейт. Менин дүйнөгө болгон көз карашым башкачараак: мен ислам али калыптана электеги, тээ Түпкыргыз атам пир туткан ишенимди колдойм жана ошолордун көз-карашын, ой-ченемин бүгүнкү күндүн шартына жараша оңдоп-түздөп пайдалансам дейм. Эзелки салт-санаабыз соңку эки-үч кылымдын ичинде күч менен киргизилген шарыят жобосунан төмөн болчу деп уюткулуу элимдин ыйман тазалыгына балта чапкым келбейт. Айрым эргулдар: "Кыргыздын байыркы дини ыпласчылык" дегенге чейин барып жаткан бу заманда өздөрү ким экенин ачыгыраак билээр бекен? Бир агадан кутулуп-кутулбай жатып, башка бир аганы издеп жөнөгөн, коммунисттик аңгектен чыгып-чыкпай жатып, диний дөңгөккө тырмышкандарды көрдүм, тооба! Өздөрү тырмышып тим болсо го бир жөн - бүтүндөй элди айдап жөнөө жаман адаты качан калаар экен бизде? "Бир добуштан колдоп", "дүркүрөгөн кол чабуулардан" алакан талыбаган замандан өтүп, күнкорсуз Кыргызстан мамлекетинин эркин жаранымын деп эми гана чындап эркин дем алгым келгенде, өзүмдүн көңүлүм чапкан нерсени ыйык тутууга жаңыдан бел байлаганымда "жаназасын" колко кылып көтөрө чуркаган динчилерге таң калдым, тооба! Же мен кечээ жакында кабыл алынган дин тутуу-тутпоо эркиндиги жөнүндөгү мыйзам берген укуктан пайдаланууга акым жокпу?! Албетте, акың бар деп коюшат дечи. Бирок мындайраак чыгып эле кандайдыр калпыс коомдук пикир түзүүгө, жадагалса "жаназа окулбайт" деп урук-туугандарымдын үрөйүн учуруудан кайра тартпай үгүт жүргүзүүгө батынышкан эргулдар бирар жыл өтүп-өтпөй ошол жаназаны бейиштин пропускасы катары пайдалана баштабаса болду дей бер.
Дегинкиси, мейли мусулманчылыкта болобу, же христианчылыктабы, айтор диний чөйрөдө "жаназа" маселеси жакынкы күндөрдө "партбилет" катары жүрүп, диндин кеңири кулач жайышына өбөлгө түзөт деп ойлойм. Мамлекеттик монополияга каршы комитетке да түйшүк түшөбү дейм, анткени айрым диний структураларда ошол жаназа түшүрүү-түшүрбөө бийлигине монополдук бийлик кылуу аракеттери күчөшү мүмкүн. Жаман айтпай жакшы жок - Кыргызстандын диний төбөлдөрү жакын арада мүрзөлөрдү да бөлүштүрүп киреби деген коркунуч бар, андыктан ашкере коммунисттер, атеисттер, кришнаиттер, бутпарасчылар, теңирчилер - айтор Кыргызстандагы олчойгон эки диндин чегинде жоктор эмитеден эле улуту жагынан интернационал, диний ишеними жагынан бейтарап көрүстөн ачууга аракеттенбесе, кийин кеч болуп калат. Себеби Бишкек шаарында көрүстөн маселеси азыр эң таңкыс жана талаштуу маселелердин бирине айланды. Буга мисал шаар четиндеги Орок айылынын аянычтуу абалы жөнүндө кайсы бир орус гезитинде жарыяланды го. Ошол айылдын абалынан алып карасак, ушу кезде шаарыбызга сөзсүз бир крематорий (дүйнөдөн кайткандардын сөөгүн өрттөөчү жай) керек сыяктуу. Антпесе азыр шаарыбызда 700 миң киши жашайт дейли. Орто эсеп менен ар кимиси 50 жыл өмүр сүргөндө, ага чейин шаарыбызга жалаң көрүстөн үчүн - бир адамга 4 чарчы метр деп эсептесек - 2 миллион 800 миң чарчы метр, же 2800 чарчы километр аянт керек экен! Бу дегениң узуну 56 километр, туурасы 50 километр келген зор аймак болуп жатпайбы?! Эгер бүтүн Чүй боорунда калк жыш отурукташканын эстесек жана биз бу жалганда утурумдук конок экенибизди унутпасак (диний эсепте), анда бу дүйнөдөн түз эле бейишке кирип баргысы келгендер өздөрүнөн кийин калган урпактарын да унутпай, аларды бираз кысымга алып коерун билип, "жаназа түшүрүүгө" татыган күндө да тийиштүү суммадагы каражатын алдын ала жалпы казынага төлөп кетүүсү кажет жана ошол сумманын мүмкүн болушунча көбүрөөк болгону дурус.
Албетте, буга чейин деле далай кишилер өтүп, сөөгү жерге жашырылган деңизчи, бирок кайсы бир мыйзам сөрөй боюнча "30 жылдык мөөнөт" деген шылтоо менен алардын мүрзөлөрү тегизделип, анын ордуна там-таш салып койгон фактылар айрымдарга белгилүү болсо керек. Антпеген күндө да кыргыз баласы сөөк жашырылгандан соң ошол мүрзөнү аздектеп кеткени чанда бир болбосо, оңой менен жолуктурбайсың. Ал эмес айтылуу күмбөздөрдүн тегерегиндеги мүрзөлөрдүн кароосуз жаткандарын, мал-сал тебелеп-тепсеп жүргөнүн көрсөң, "жаназа түшүрүлүп", шаан-шөкөт менен коюлуунун канчалык кереги бар экенин түшүнбөй башың маң болот.. .
Менимче, кудай деп келме келтирип жүргөн аксакалдарга: "тууганыңа жаназа түшүрбөйбүз" деп басым жасагандын ордуна, ислам динине тартуунун башка бир жакшылыктуу жактарын пайдаланганыңар дуруспу дейм. Ишенбеген кишини мойнунан байлап кыйнаштын кереги жок, ал баары бир "ууга жарабайт". Андыктан көңүлүңөрдү ишенген кишилерге буруп, ошолордун дилин тазартууга, ошолорду ушул диндин чегиндеги ыймандуулукка чакырганыңар абзел. "Жаназа түшүрбөйбүз", "өлтүрүш керек", "курутуш керек", ал эми Курандын котормосуна байланыштуу: "ыпластыкты кесип кылган адамдын бул дүйнөдө жашашка акысы жок" ("Асаба", № 25) деген сыңары жалаң Yңкүр-Маңкир сөздөр менен ийгиликке жетишүү кыйын. Кыргызстандагы диний төбөлдөрдүн бири "Кыргыз рухуна" берген интервьюсунда Алланын ысымы миң кайталанып даңазаланып жатса да, кыргызча которулган Куранды өрттөш керек дегендей сөзү ошол киши Алланы астейдил урматтаарынан шек туудурат. Өзү диний кызматкер боло туруп, Алланын ысымы жазылган китепти өрттө дешке кантип оозу барды дейм да? Андан көрө каталык кеткен жерлерин оңдоп-түздөп, китепке кошумча тиркеме кошуп, момундарга бекер таратып берсе соопчулукка калбайт беле дин башкармасы.. .
"Жаназа түшүрбөйбүз" деп коркуткандан көрө эл арасында соопчулук иштерин күчөтүп, акыйкатта ыймандуулукка умтулса элдин да ишеними артпайт беле? Анын ордуна биздин казыят көрүнгөн жерден: "өлтүрөм, кырам, жоем, жаназа түшүрбөйм" деген сыяктуу заарын чача берип, кудайдын сөзүн элге жеткирүүчү мекеме-мечиттерин Жебирейил ордосуна айландырып албас бекен деген түпөйүл ой далай кишини чоочутуп койду жана айрымдарды рухий канаат алуунун башка булактарын издөөгө түрттү десек да жаңылышпайбыз. Менимче, ар бир динде иралды коркутуп-үркүтүү эмес, үгүттөө жана жакшылыктын башталышын көрсөтүү, жылуу сөздөр менен адамга кайрат берүү, ылдый түшүп баратса жөлөк болуу жана өйдө чыгып баратса кошо түртүү сыяктуу аракеттер басымдуулук кылыш керек эле. Мындайча айтканда, дин адамга каршы эмес, адам үчүн аракеттенээрин жамы журтубузга жеткирүү керек эле. Тилекке каршы, андай болбой жатат биздин казыятта. Алардын интеллектуалдык деңгээлинде да шегим бар, антпегенде Ислам борбору алардан атайылап бөлүнүп чыгат беле, ким билет.. .
Эми оюн-чындан айта кетээр дагы бир кеп бар: кечээ жакында жергиликтүү басма сөздө шаарыбыздагы тарых музейинде коммунисттердин жыйыны болуп өттү деген кабар жарыяланды. Биз укуктуу мамлекет курабыз деп жаткандан кийин, мурдагы коммунист Президентибиз баш болуп: "Мусулманбыз!" деп кыйкыра бербестен, өкмөткө тикелей коркунуч келтирбесе, төңкөрүп жиберем деп коркутпаса көз карашы таптакыр карама-каршы уюмдарга да, асыресе коммунисттерге да өздөрүнчө биригүү укугун берсек бирин алчаңдатып, башкасына жасалма тыюу салган азыркы калпыс мамиледен арылат элек да, тигилерди мыйзамдын чегинде кармап туруу мүмкүнчүлүгүн күчөтөөр элек.. .
Эми аксакалыбыз айткан "жаназага" келсек, Ж. Жанызак азырынча бейишти жер үстүнөн эле барып көрсөм дейт. Балдарыңдын, кандаштарыңдын, дегеле Жердүйнөдөгү тири жандардын бакубат турмушун тилегенден артык бейиш болоорбу? Улуу Жаратылыш бейкуттугун сактап калууга умтулуудан артык бейиш болоорбу?! Өз каны-жаныңдан чыгып, сенин дене клеткаларыңдан куралган жана сенин жандүйнөңдүн кайсы бир бөлүгүн кабылдаган урпактарыңдын телегейи тегиз, кем-карчы жок жашап жатканын көрүүдөн артык бейиш болоорбу? Өмүрүң сенин урпактарыңда уланат, сенин кандаштарыңда уланат - анан алардын көңүлү куунак болсо сенин денең да, сенин жаның да бейишке чыкпаганда кайда бармак эле?! Азыр ушу турушумда байыркы Түпкыргыздын каны да, клеткалары да, ойдүйнөсүнүн бир бөлүгү да менин бүткөн турпатыма сиңип кеткендиктен, ошол Түпкыргыз мени менен кошо мен сыяктуу эле орто бакубат, орто семиздикте, ортодон жогору билимдүү жашап жатпайбы, демек ал мени менен кошо бейиш жолун издейт: мен жетпесем, биз Түпкыргыз экөөбүз менин балдарым, а болбосо алардын балдары аркылуу акыры жетебиз каалаган бейишибизге. Асти жердүйнөдө тирчилик болсунчу, бурадар.. .
Негизинен аксакалыбыздын тилеги да ушундай го дейм. Бирок а киши да мени түшүнүп, ойдүйнөм башкачараак болгону менен мекендештериме тилегим ак экенин, момундар менен талаша турган же бөлүшө албагыдай деле оркойгон айырмачылык жоктугун байкамак. "Жаназа" демекчи, анын деле бизге аша кеткен зарылчылыгы жокпу дейм.

Жаныбек ЖАНЫЗАК,
"Каттама" гезитинин редактору