Интернет библиотека Жанызак@басма
Самое дешевое издание книги за счет автора! 
Ватсап +996777329784 | емейл: janyzak@mail.ru

Макалаларга бар

Жаныбек ЖАНЫЗАК

Тилекке каршы, бетсиздиктин үлгүсү:

admin@oimoshow.kg:

Салам алейкум Жанызак ава!
Сиз менен мейл аркылуу байланышып журобуз. Сиз шилтеме жасаганды
унунтпсанар деп эскертесиз. Биз болсо аны аткарбай жатабыз. (баардык
учурда эмес!) Моюнга алам. Бирок, Сиз кыргыз тилине, кыргыз
гезиттерине колдоо корсотуп келесиз. Биз дагы ошол максатты
коздойбуз. Жаманбы жакшыбы кыргыз и-нет колдонуучулары кобоуп калды.
(бир топ жыл артка караганда) Мында Сиздин да биздин да салымыбыз
чон деп тушуном.


Кайрадан темага

Сиздин сайттан мен айрым гана макалаларды алып жатам. Алардын алдына
калем ээсин жазып жатам. Кайсыл гезит экендигин да. Сиздин сайттын
багыты менен биздин сайттын багыты башка. Ошол эле учурда бир
макаланы эки сайтка жайгаштырып жатабыз. Сиздин алдынызда куноом бар
чыгаар. Муну менен мен актангым келген жок. Реалдуу учурду суроттоп
жатам. Мага керек маалыматтарды мен журналисттердин оздорунон сурап
алып койсом капа болбойсузбу? Мисалы, мага кээ бир гана мактер керек
болот. Сиздин сайттагыдай гезитти толугу менен жайгаштырбайм.

Эгерде сиз туура корсонуз БАНЕР алмашпайлыбы? Мен сиздикин
жайгаштырам. Сиз меникин.

Анын устуно келечекте видо жана аудио файлдарга конул бурсамбы деп
журом. Кыргыз патент менен суйлошуп койдум.

Ишинизге ийгилик каалап Тынчтыкбек Кожобеков
Эгерде колумдан келе турган иш болсо телефон чалыныз.
Телефон: 0555 05 10 37


Мен жазган жооп:

Урматтуу Тынчтыкбек, салам.
Маселе эң жөнөкөй:
кокус сиз материалдарды биздин сайттан алсаңыз, анда ошол материалга биздин сайттын сиз алган беттеги шилтемеси берилиши керек.
Кокус сиз материалды гезиттин өзүнөн алсаңыз, анда каалагандай авторлорду жаза берсеңиз болот.
Менимче, мен көргөн материалдардын баары биздин сайттан көчүрүлгөн.
Мелдешип койсок деле болот.
Бираз уят керек.

Менимче, ошол эле "Асман-пресстин" материалдарын алып келиш үчүн Фрунзе заводуна барыш керек.
Мен сизди ал жакка барды деп айталбайм, себеби убактыңыз тар болсо керек.
Биз барабыз. Сайтты жасайбыз. Анан сиз даяр нерсени көчүрүп алганда жок дегенде шилтеме берип койсоңуз дурус болмок.

Же "Обон" гезитиндеги материалдарды алалы:
Сиз "Тунгучка" барбайсыз, редакциядан материалдарды албайсыз. Сиз үчүн ал жак алыс.
Биз барабыз. Материалдарды алып келебиз.
Сиз даяр нерсени көчүрүп аласыз...

Мындай болбойт, байкеси. Же материалдарды кай жерден алганыңызга шилтеме бериңиз, же биздин материалдарга тийбеңиз.
Курулай кекирейүүчүлүктүн кереги жок.
Мынакей эми сиздин айыңыздан биз биздин сайттагы сонун сүрөттөрдүн жалпы көрүнүшүн бузуп, ар бир ошондой татынакай сүрөттөргө өзүбүздүн дарегибизди балчайта басып турууга мажбурбуз.

Начар экенсиз, урматтуу.
Дурус жигит маселени бир айтканда эле илип алат.
Таптакыр болбой баратса, кечиресиз, соттошууга туура келет.

Мен эскерттим.
Калганын кандай кыласыз, сиздин эркиңиз.

Мен деле сандалып жүрүп чогулткан материалдарымды бирөө жула кача беришин каалабайм.

Саламым менен
Жанызак.