Интернет библиотека Жанызак@басма
Самое дешевое издание книги за счет автора! 
Ватсап +996777329784 | емейл: janyzak@mail.ru

Макалаларга бар

Жаныбек ЖАНЫЗАК

Тилекке каршы, түшүнбөй калган окшойт...

admin@oimoshow.kg:

Саламатсызбы!
Мен сизге куноом бар экендигин жазсам кайра урушуп жазыптырсыз да.
Болду. Соз бутту.
Сиздин сайттан макала албайм да, кирбейм дагы да.
Кызматташалы десем кыр корсотуп койдунуз.
Менин сайтымдан алынган суротторду бут эле гезиттир басып жатат,
Жанылыктарды кочуруп алып жатышат. Алар акча жасап атышат. Мен
аларга эч нерсе деп тээрикпей эле журом. Менин максатым сайт аркылуу
акча табуу эмес, кыргыз тилин, кыргыз интернетин колдоо. Акча табуу
оюмдун биринчи сабында турган болсо, эчак эле сиздин жасаган
сайтыныздын копиясын жасап алып, ар бир гезит редакциясынын эшин
алдында турмакмын. Бирок мен андай жолго барганым жок. Сиздин
эмгегинизди сыйлайм. Мыкты адам, жаштарды колдогон заманбап адам
катары тааныйм. Билем сиз гезиттерден акча алып анан жайгаштырасыз.
Жазган катынызда Сот деген созду жазбай эле койсонуз болмок. Менин
ичим тар эмес. кыргыз сайттары 1-2.. эле го. ынтымактуу иштешсек
болмок. Банер алмашалы десем ага да жооп жазган жоксуз.

Ишинизге ийгилик каалап Тынчтыкбек.




Салам, Тынчтыкбек.


"Сөз бүттү" дегениңизди кандай түшүнүүгө болот:
биздин сайттан алынган материалдарга шилтеме бересизби же
андай материалдарды сайтыңыздан алып саласызбы?

Ооба, мен гезиттерден акча алып, анан жайгаштырам материалдарды. Менде азыр 16 гезит бар сайтыбызда. Аларды сайтка жайгаштыруу баасы АзиаИнфого салыштырмалуу 10-15 эсеге төмөн.
Ал материалдардын баарын бекер чыгарууга мен бекерпоз эмесмин.

Бирок мен ал гезиттерден алган акча сиз радиодон тапкан акчага таптакыр чендебесе керек. Ошентсе да мен сизге жанагы материалдарды сатайын дегеним жок - каерден алганыңызга гана шилтеме берип койушуңузду тээ илгери сурангам, азыр бираз талап кылган болуп жатам. Мени ойноп жатат деп ойлобойсуз го дейм.

Банер алмашуу боюнча:
мен каршы эмесмин, бирок алды менен сайт_уурулукту токтотуш керек. Бири-бирибизди колдоо деген сөз так ошол жерде - "мен жасаган эмгекти сиз бираз да болсо баалап, шилтеме берип койсоңуз" деп суранганыма өтө көп болду, ким биерде кыр көрсөтүп жатканын окурманга койолу.

Суроо:
1. Мен да super.kg_ни туурап, сүрөттөргө балчайта белги коюшум керекпи?
2. Биздин сайттан алган материалдарыңызга биздин сайтка шилтеме бересизби же унчукпай кутуласызбы?

Саламым менен
Жанызак.