Интернет библиотека Жанызак@басма
Самое дешевое издание книги за счет автора! 
Ватсап +996777329784 | емейл: janyzak@mail.ru

Макалаларга бар

Жаныбек ЖАНЫЗАК

Кеп сайт жөнүндө болуп жатканын түшүнбөгөнү кызык, капырай..


?????????????????? admin@oimoshow.kg:

Саламатсызбы!

1. "Бутту" дегеним, сиздин сайтка экинчи крбейм. кирсем да
макалаларынызды албайм. Сайтка койбойм.

2. Менин радиодон тапкан акчам сиздин тапкан акчаныздан алда канча
томон болсо керек деп ойлойм. Мамлекеттик радиодо иштээримди эсинизге
сала кетейин.

3. "сайт_уурулук"
"Мен каршы эмесмин, бирок алды менен "сайт_уурулукту" токтотуш керек."
Мен сиздин сайттан алган кундо да ал макалалардын авторлорун, басма
ээсин коргозуп жатам. Эгерде, авторун да, басма ээсин да коргозбосом,
"сайт-ууру" деп, айтсаныз болмок. Эгерде, макалаларды сиз озунуз
жазган болсонуз, ал макалалар эч бир жерде жазылбаган болсо, мени
"ууру" деп айтсаныз туура болот эле. Эл окуган макаланы неге мынча
кызгандыныз?

4. Эми, ар макаланын алдына "Маек ввв.пресскг.сом сайтынан алынды"
деген жазууну коём. Бул менин куноомду моюнга алганым деп тушунунуз.

Ошону менен катары эле апрельден тартып, гезиттерден макалаларды озум
чогултам. Ал макалаларды да менден алды деп ойлоп журбонуз. Мен да
мандай териди тогуп, сиздей болуп акча таап коройун деп чечтим. Каршы
эмессизби?

Урматы менен ишинизге ийгилик каалап Тынчтыкбек





Салам, Тынчтыкбек.


Сиз бир нерсени түшүнгүңүз келбей жатканы кызык:
сиз макалага автордун атын койгонуңуз менен, ошо макаланы биздин сайттан алып жатпайсызбы.
Сиз биз даярдап койгон материалды алып жатасыз, демек, ошо даярдалган макалага шилтеме беришиңиз керек экенин түшүнмөксөн болуп жатканыңызга баракелде.
Мен сизди "материалдарды алба" деп жатканым жок. Алган материалдарга шилтеме бериш керек деп жатам.
Шилтеме бергенде да сайтыңызга кирген конок ошол шилтемени басканда биздин сайтка келгендей болушу керек. Эми-и, "шилтеме" дегенди түшүнөсүз да.
"Маек ввв.пресскг.сом сайтынан алынды" дегендин ордуна:
<a href="http://www.presskg.com">http://www.presskg.com</a>
делинип жазылышы керек.
Бу демек, алган материалыңыздын шилтемеси туура жазылууга тийиш.

Эмне үчүн, мисалы, "Супер-инфонун" материалдарын албайсыз?
Эмне үчүн биздин материалдарды аласыз да, ошо материалдарга шилтеме бербейсиз?

Мына, маселе эң эле жөнөкөй. Бирөөнүн эмгегин сыйлаш керек деген эле сөз.

Мен сиздин "редакцияларга барып өзүм материал алып келем" деген оюңузду толугу менен колдойм. Ылайым ошондой эле болуп, сайтка чыгарыла турган материалдарды өз колуңуз менен даярдасаңыз, чын эле жаман болбос эле. Мен эч каршы эмесмин.
Бирок кокус адашып кетип кайрадан сайтка кирчү болсоңуз, аны тактап коюш оңой эле. Маселенин бул жагын да унутпаганыңыз дурус.
Баса, айтканыңыз чын болсо, анда биз да сүрөттөрдү булгабайт элек балчайта мөөр басып. Окурмандын сүрөт көрүү ырахатын бузбайлы...

Саламым менен
Жанызак.