Интернет библиотека Жанызак@басма
Самое дешевое издание книги за счет автора! 
Ватсап +996777329784 | емейл: janyzak@mail.ru

Макалаларга бар

Жаныбек ЖАНЫЗАК

Жаныбек ЖАНЫЗАК,
"Жаштык жарчысы",
№ 97 (9337), 19-декабрь, 1991-жыл.


ДИНИҢ КАЙСЫЛ, БУРАДАР?

l 2-СУБКАТ:
"КУРАЛ БОЛСО КӨРӨТ ЭЛЕК ДА..."

(Мен агезде, 1991-жылы, "Жаштык жарчысы" деген гезитке - азыркы "Агымдын" башатына "Диниң кайсыл, бурадар?" деген макалалар сериясын уюштургам. Биринчи макаланы - 1-СУБКАТ - бахаизм динине кирген кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрү менен уюштургам.
Баса, 3-СУБКАТ ошол кезде жаңы гана телчигип келаткан ЫЙСА МАШАЯК жолундагылар менен уюштурулган экен - машаякчылар тууралуу Кыргызстанда мен жазыптырмын биринчи болуп…
Эми береги ошогездери борбордук мечиттин катчысы болуп иштеген Дүйшөнбек ажы Отонбаев менен уюштурулган маекке көңүл буруңуз - селдебай саптар толтура…)


ыва - Ассалом алейкум, молдоке!
- Алейкум салам, кандай, бакубат элесизби?
- Кудайга шүгүр. Дүйшөнбек аке, сизде бир-эки суроом бар эле... Биерде, Кыргызстанда, бахаисттер коому түзүлүп жатпайбы?
- Каерде?
- Университеттин чет тилдер факультетинде. Жүрбөйбү гезиттерде Советбек Жумадылов да ошол динге өтүптүр деп...
- Вахабийлергеби? Вахабий жолугабы?!
- Жетекчи Кыдыкова деген эжей экен...
- Артист болуп жүргөн Кыдыковабы?
- Жо-ок, а киши Кыдыкеева да. Тигил эжей мугалим экен аерде. Мечитке барсам ынашпады дейт, кыргыздар бахаист болушуна каршы экен деп айтты. Молдоке, сиз өзүңүз кандай карайсыз ошол динди биерге жайылтууга?
- Ону ким уюштурушу мүмкүн? Каяктан, кимдер кириши мүмкүн ого? - Ал динге ким каалаган кире берет экен - христианы да мусулманы да бирдей экен олорго. Коммунисти деле кире берсе болот экен. Иши кылып адам атын бийик туткан инсанга жол ачык дейт. - Бизде мындай да: Кураныбызда Лаа-икрафи дин деген аят бар - динге кириш-кирбөө өз эрки деген. Эсеби, кудай-таала бизди инсан кылып жаратып, акылыбызды берип койду, арамды да билесиз, адалды да билесиз. Ак жолду, кара жолду, билиш үчүн кудай-таала мына пайгамбарларга өзүгө жараша улук-улук китептерди берип, мынакей бизге Куранды берип...
- Молдоке, мага кыскача эле: Кыргызстандагы мусулман мечити бахаизмдин тарашына кандай карайт - ошону эле айтып бериңизчи?
- Бу күчөйүп кетсин, же кеңири кетсин дегенибиз жок буга...
- Себеп?
- Себеби, масалан, сизди бир адам дейли, а? Сиздин төрт балаңыз болсун. Мейли, беш балаңыз бар дейли. Анан бир балаңыз жолдон чыгып, башка жолго түшүп кетсе, ыраазы болоор белеңиз?
- Ишеним эркиндиги дегенди кантесиз? Же ошол беш бала сөзсүз бир агымда кетиши керекпи?
- Эркиндик дегендин да жолу бар, анын да чеги бар, билсеңиз.
- Кандай динди тутуу адамдын өз эркиби же жанагы агым менен кеткен сөзсүз ошол агым менен гана кетиши керекпи?
- Жанагы "Лаа икрафи дин" деген аятты бекеринен айткан жерим жок сизге. Ушу суроону бербесин деп айткам. Дин эркиндиги өзүңүздө, бирок...
- Бирок жанагы сиз айткан беш бала бир багытта келаткан дедиңиз...
- "Амир махруб нахимука" деген парз бар: жакшылыкка үндөп, жамандыктан кайтарсын деген. Мына азыр диндин канча-канча түрлөрү көбөйгөн. Ошолорго ким эле кире берсе, сиз ага ыраазы боло берсеңиз, мусулман болбой каласыз анда.
- Алигиде ыхтыяр өзүдө дедиңиз го, кайсы динге кириш-кирбеш?
- Ыктыяры ыхтыяр, анткени менен акыкый жолго үндөө деген парз бар...
- Үндөө деген туура, мен үндөөгө кошулам, а бирок өз эркине коюшка кандай карайсыз? Жанагы сиз айткан беш баланын бири өзүнүн оюнда, ыкласында өзүнүн жолун таптым деп ошол жолду тандап алса кандай дейсиз?
- Ол энди ыхтыяр өзүдө, лекин ошо ката жолдо экенин айтып коюш парз.
- Эгер алиги бала өзүнүн жолун ката эмес деп тандап алсачы? Мына мисалы, дүйнөдө 4-5 миллиард эл бар, алардын бир миллиарды мусулман дейли, анда калгандары ката жолдо жүрүшкөн экен да, молдоке?
- Неге?
- Сиз айтып атпайсызбы: бала башка жолго түшүп, башка динди кабыл алса ошону ката деп айтып коюш парз экенин. Бирок ошол жолдун ката же туура экенин сиз кайдан билесиз?
- Анын каталыгы мына Куранда бар да.
- Мейли, Куранга кулдук, бирок суроого жооп бериңизчи.
- Ол сиздин пенделик эле оюңуз, сиздин акылыңыз канчалык нерсени кабыл алат, ал эми худаанын акылы канчалык нерсени кабыл алат?
- Аныңыз туура, бирок ошо бала, алиги инсан, мисалы, буддизмди туура тапты дейли. Мына, кыргыздын түпкү динин билесиз да: Теңир-ата менен Умай-энеге, жаратылышка сыйынуу дегенди. Ошону туура эмес деп кантип айта аласыз, эгер жанагы бала ошону туура деп кабыл кылса?
- Ол туура дей берет, майли, чыгып алып бир ыплас нерсеге-ям ишене берсин...
- Эмне үчүн сиз кыргыздын түпкү динин ыплас нерсе дейсиз, молдоке?
- Ыплас болгону ошол. Онун тууру эмеси Куранда бар да.
- Кыргыздын байыркы ата-бабадан келаткан динин ыплас дейсизби?!
- Жеткен ыпласчылык ошол...
- Айткандарыңызды айткандай жаза берсем болобу?!
- Жаза бериң, жазың.
- Хоп, майли, молдоке. Эми башка суроого өтөлү: Өткөндө Жогорку Кеңештин Сессиясында айрым депутаттар "динибизге каршы, анаке-мынака" дешип жатып бир "ыймандуу" токтом кабыл алышты. Эрди-катын маселесин ачыктан-ачык айтууга, жыныстык туура тарбия берүүгө каршы турушкандай болду...
- Бу жагынан сиз кандай тарбия беришиңиз мүмкүн энди?
- Куру дегенде жол-жобосун көрсөтсө болобу сүрөттөрү менен?! Адамдын ушул турмушун тегиз көрсөткөн китепче чыгарса кыргызча, буга кандай дейсиз, молдоке?
- Китептерди чыгарсаңыз, ол элге кандай пайдасы тийиши мүмкүн?
- Аны окуп көрүп, туурасын үйрөнүшү мүмкүн да.
- Аны башка адам билбейби? Ким, масалан, ушуну билбей залал тартып жаткан адам бар?
- Дүйшөнбек аке, муну билбейт деп айталбайбыз, бирок туурасына жетиш үчүн ол жаштар беш-алты жолу. каталык кетириши мүмкүн. Аны билбестиктин айынан залал тарткандар айрыкча кыргыздар арасында четтен чыгат.
- Сиздер эми, масалан, эр-аялдын ишине жинди адамды коюп койсоңуз-ям билет, акылсыз адам эмес, айбан деле билет ону...
- Айбан го, ал ишти айбанча билет. Адамдар ага теңелсек, сиздер айткан ыйман раа-са курубайбы. Ошо турмуштун кандай экенин билбеген айрым жаш кыздарыбыз боюнан алдырып, көрүнгөн жерге балдарын таштап, айбандан да өтүп кетпедиби. Ондайларга көрсөтпөсө, кайдан билмек эле буларды?
- Анын жолун албетте эле көрсөтүп, аврат жерлерди балдарга тамаша кылдырыш максат бекен сөзсүз? Ол китепти сиз окуйсуз, сизден кийин балаңыз окуса, сиз көргөн алиги ыплас кинолорду балаңыз-ям көрсө, адамгерчиликпи ошол?
- Жо-ок, молдоке, ыпластын жайы бир башка...
- Шариятта уруксат эмес ошондой нерселер. Андайга тыюу салынат, күнөө делинет. Сиз, масалан, балаңыз менен баняга түшсөңүз, аялың серге кызын алпарып жуундурса, сиздерге эч нерсе жок экен, буларды табигый нерсе дейсиз...
- Албетте, табигый нерсе!
- Ондо эр-аялдын кылгандары деле табигый нерсе да, же табигый эмеспи?
- Анын жөнү бир башка. Ал эки жандын улуу купуясы, аны башка бир үчүнчү киши тамаша кылып турганда айбанчылык болбойбу, молдоке?
- Масалан, баняга киргениңизде сиз өзүңүздөн чыккан балага өзүңүздүкүн тамаша кылдырып турсаңыз, анда онун эмне паркы бар энди?
- Иштешип жаткан менен баняга түшкөндүн ортосунда паркы жок дейсизби?
- Кандай паркы бар онун?! Бизде ол аврат делинет. Мусулманчылыкта атүгүл колдун билеригинен биякка көрсөтүш-ям аврат, колун ачык көрсөтүп жүрүш дурус эмес бизде.
- Андай болгондо паранжы да жамынса дейсизби биздин кыздар?
- Паранжы эмес бизде, кыздарыбыздын бети көрүнсө, колу билеригине чейин, буту кызыл ашыгына чейин көрүнүшкө уруксат. Калган жагы көрүнбөш керек, бизде арам делинет ошоягы көрүнсө...
- Анда, сиздин оюңузча, ушул азыркы коомду сиз айткан деңгээлге жеткирсек дейсизби?
- Жетсе жакшы болот эле, жетпегендиктен ушундай болуп жатат азыр.
- Дүйшөнбек ажы, эгерде биз адам эркиндигине чыдамдуулук менен, сабырдуу карап, биягы запрет, тиягы запрет деп отурбай эле, адамдын дили мусулман болсо, ошону колдобойбузбу? Ар кимдин көкүрөгүндө өзүнүн альхамдусу болуп, бирок жанагы сиз айткан шарттарга жооп бербесе мусулманчылыктан чыгабы?
- Ыйман деген бар бизде. Ыймандуу адам эки нерсенин биригиши менен ыймандуу болот. Мына сиз - намаз окуйсузбу?
- Намаз окубайм...
- Орозо тутасызбы?
- Тутпайм, демек мен ыймандуу эмес экем да?
- Шашпаңыз. Мен сизге түшүндүрүп атам: намаз окубайсыз, орозо тутпайсыз, зекет бербейсиз...
- Зекет берем, бербей анан...
- Зекеттин жолу бир башка, питир-садаканын жолу да башка...
- Жанагы киши башына элүү тыйындан чогултканы кайсынысы?
- Ону питир-садака дейт, мына зекет эмнелигин билбейсиз, ажыга барбайсыз...
- Ажылыкты билем, бирок каржы жок болсо аякка кантип бармак элек?
- Мынакей, мусулманчылыктын беш парзынын питтасини да сизде жок экен. Энди кое туруң, мен сизге түшүндүрүп берейин: сиз али биздин ыйман деген неменин чек арасында жоксуз али. Ыйман деген дилиңизден кудай-таалага чын ишениш жана ошол ишенимди тил менен бекемдөө, амалга ашыруу. Мына ошенткенде ыйман пайда болот. Азырчы, мына сизди мисал үчүн: менин жүрөгүм пакиза деп, таза деп, мен туурумун кудайга деп жүрө берсеңиз, тилине эч нерсе жок амалда эч нерсе жок: намаз окубай, орозо тутпай, беш парздын питтаси да жок - жүрөгүм пакиза деп жүрө берсеңиз... Бизде шайтанды мисал келтирет: шайтан кудай-тааланын кудуретин билбейт беле? Билсе эмне үчүн ол шайтан болуп калды? Билип туруп ошол ишке бой сунбады, шайтан болду. Нээлети болду, дозоку болду.. Энди кимде ким тилинде көңүлүндөгүнү бекемдеп, амальга ашырбаса, жүрөгүм пакиза деп жүрө берсе ону бизде шайтандын жамааттары делинген...
- Анте берсеңиз бир мен эмес, алиги "диним ислам!" деген депутаттар деле, мусулман дүйнөсүнөнбүз деп жар салган баштыгыңар деле шайтандын шапалагына да арзыбай калат турбайбы, молдоке. Эми башка маселеге өтөлү. Баягыда "Кыргыз маданияты" бүт окуу жайларына "Ислам дини" деген атайын курсту киргизүүнү талап кылып жазыптыр. Жер-жерлерде "ыйман сабагы" деген шылтоо менен мектептерде диний окуу киргизилип жатат. Атүгүл кайсы бир мектеп директору сыналгыдан сүйлөгөн сөзүндө намаз окуп, дин туткан окуучулар ыймандуураак дегенге чейин барды. Молдоке, өзүңүз күбө, биз ушул күнгө чейин "КПСС тарыхы" деген предметти жаттап, ошонун негизинде жашап келдик. Акыры бир идеологиянын гана айтканын бек тутуу туңгуюкка кептээрин көрдүк. Ошонун баарын биле туруп, бир идеологияны, бир динди бүт баардыгына, бала бакчадагы наристеден тартып, бой жеткен жаштарыбызга чейин таңуулаганга кандай карайсыз? "Кэпэр чындык" деген түшүнүктөн жалкый элексизби?
- Жо-ок, ислам дини окуу катары кирсе эч убакта жаман болбойт...
- Жаман болбосун билем го, бирок сөзсүз окуу катары киргизбестен, мейли мектептерде болсун, мейли жогорку окуу жайларында болсун, ар кимдин өз ыктыярына койсок кантет?
- Киргизиш керек мусулманчылыкты азыркы убакта. Мектептерден башташ керек окутушту...
- Анда бул окуунун баягы "История КПСС"тен кандай айрымасы болот?
- Ал мен "история.." менен ишим жок, партийный адам эмесмин, мен өзүмдүн гана линияма (молдоке ушинтип айтты - Ж. Ж.) жооп берем.
- Буга чейин биз коммунисттердин тарыхын окуп, ошолор айткандан жашап келдик, акыры эмне болгонун көрүп турасыз. Эми диндин тарыхын окуп, ошонун айтканы менен жашасак жагдайыбыз өзгөрүп кетет дейсизби? Анда адамдын ой эркиндиги дегенди кантесиз? Кайрадан эле дагы бир тоталитаризмге - бу жолу клерикалдык үстөмдүккө алдырбайбызбы?
- Клерикалдыгыңыз кайсы?
- Диний дегеним...
- Бизде Куран боюнча мусулман динин үйрөнүштү колдошубуз керек да.
- Менимче, Кыргызстандын жогорку окуу жайлары жалаң мусулман дининдегилер үчүн эмес го дейм. Андай болгондо христиан, буддизм ж. б. диндерди да окутууга кандай карайсыз? Байыркы кыргыз динин үйрөнсөк, ой эркиндигине жол ачсак кантээр эле?
- Биздин динибизде ой эркиндиги деген чектелген, чексиз эле кете берет экен дебең - онун да чеги бар. Күнөөгө бата турган ой болсо жооп бересиз. Кудай-таалам: "Алла-тааланын алдында кабыл боло турган эң таза дин - ислам дини" деген. Ушул динди гана билебиз, ушул динди гана каалайбыз, ушул динге гана киришини колдойбуз...
- Алиги биз айткан кыргыздан чыккан бахаисттерди кантесиз?
- Ол вахабийлер мусулман жолунан чыккандар делинет...
- "Вахабий" эмес, "бахаисттер". Жанатан бери сиз адаштырып жаткан турбайсызбы. Бахаизм бардык диндерди тең кароо, ыйманды бийик тутуу, адам бол, башканын оюн сыйлай бил деген эле дин, башка зыяны жок...
- Баары бир исламдан башка динди биз тууру дебейбиз.
- Туура дебейсиз, бирок "болсо болсун, жашай берсин" дегенге кандай карайсыз?
- Биз олордун болуштугуну да каалабайбыз, ырас.
- Ие, молдоке?! Боло берсин, бирок мусулман дини ыйык деп коюң да.
- Алар болуштугуну биз каалап, масалан, өнүгүп-өөрчүп кетсин деген ниетибиз жок. Таза динди кудай-таала буйруган экен...
- Бир гана дин болсо экен деп жатасыз да анда?
- Кудай-тааламын буйругу ушул. Биз буйруктан чыгалбайбыз. Азыр өзүңүз айткандай диндерге кирип жаткандар бар, башка дагы бир балээлерге кирип жаткандар бар. Мына ошолорго биз тууру жолду көрсөтүшүбүз парз.
- Парызы го, парз, бирок мурдараакта кандай динге киришке ыктыяр өзүндө дебедиңиз беле?
- Тууру жолду көрсөтөбүз биз аларга. Ону көрсөтүш бизге парз. Амир махруб нахимука делинет - парз дегени. Бирок азыр куралыбыз жок бизде, аларды тууру жолго түртүп коюшка, көрдүңүзбү?
- Оп-поо, молдоке, курал болсо эмне кылаар элеңиз?
- Курал болсобу, курал болсо... Биз аларды, масалан, ошол...
- Күчтөп киргизет белеңиз?
- Күчтөш жок го, күчтөбөйт элек дең...
- Куралдын мине кереги бар анда?!
- Күчтөбөйт элек го... Биз өзүбүздүн саясатыбызды неме кылат элек аларга.
- Эмне "неме" кылат элеңер? Ошону тактап айтып бериңизчи мага.
- Курал болсо, масалан, азыр олорго Кураныбыздын жолу боюнча... Жо-ок, ону заставить этиш жок го, бирок...
- Так-а, куралдын мине кереги бар анда?!
- Энди ошол адамдардын аңсыз (билбей - Ж. Ж. ) болуп жатканын айтып жатам да...
- Анда куралдын эмне кереги бар? Деги түзүктөп айтпадыңыз да, дамбылда!
- Минени?
- Кайра "минени?" дейсиз да, жарыктык! Мен башка субкатчылардай эмесмин айткандарыңызга "хоп-хоп!" дей бергидей. Мага сиздин астейдил оюңузду билүү кажет, ошону төкпөй-чачпай окурмандарга жеткирмекчимин. Андыктан алиги айткан куралдарыңыздын кимге кандай себептер боюнча кереги бар? Башка сөздөрүңүз бир тең, ушуну айтып бериңизчи?!
- Бизге да баардык субкатчылар бир тең, сизге да бирдей карайбыз...
- А болуптур, эми айтыңызчы: куралдын эмне кереги бар?
- Мен айтайын да, масалан туура эмес жолго кетип бараткан, ипласчылыкка берилген, арак ичкендерди. Мына ошолорго мен өзүмдүн бир чарамы көрөт элем...
- Болуптур эми, молдоке, суроону башкача берели: куралдын кандайын каалар элеңиз?
- Минени?
- Алиги айткандарыңызды аткарыш үчүн кайсы курал керек эле дейм?
- Кайсы курал дейсизби. Тил куралы бар, масалан.
- Тия-а, молдоке, эми оңолдуңуз!
- Саясат куралы бар.
- Ап-баракелде, Дурус-дурус! Ха-ха-ха! Мен болсо кылыч-мылыч дегенди колдонобу деп жатпайымбы.
- Сиздердин пикириңиздер ошо да.
- Жоок, эмнеге: куралыбыз жок десеңиз ар кимдин оюна келээри ошо да. Анан калса он жолу айттырып отуруп араң кутулдуңуз го. Бирок баары бир астейдил айтпадыңыз кандай курал экенин. Ой эркиндигин танат экенсиз...
- Сиз ой эркиндиги каалагандай болуш керек дейсиз. Ойду эч ким токтото албайт. Бирок ушул ойдун да бизде чеги бар, эй. Масалан, жатып алып муну мындай кылсам, паланчанын кызыны паландай кылсам деп ойлосоңуз ушул бизде күнөө делинет эй! Ошол оюңузду аткарбасаңыз деле күнөөгө батасыз. Эгерде оюңузда мына ушунда-ай жаман карап койсоңуз да күнөө...
- Бул айткандарыңыз бир мусулман эмес, баарында эле күнөө: христианы да, буддисти да, дегеле адам аттуунун ниети бузуктарды жактаганын көрбөдүм. Ким эле колдоп калыптыр мындайды?
- Масалан, мурда жабылуу нерсе болсо, эми алигини ачып таштаңыз дейли. Ол аз келгенсип китептерге да сүрөттөрүн чыгарып салдыңыз дейли. Баардык нерсени ашкара кылып жиберсеңиз, алиги наристенин билбеген нерсеге көзү ачылды, ол бара элек нерсеге жүда кызыгып кетет, эй.
- Адамдын көзү ачылып, билбегенин билишин жаман нерсе дейсизби?
- Минени?
- Мисалы, эрди-катындын алакасын апачык жазып, сүрөттөр менен коштоп бергенди сиз жаман дейсизби?
- Ушул энди, жаштарга ол нерселер туура эмес, эй.
- Оп-поо, жарыктык, бу дегениң жашоо уландысы да. Мейли анда, мен өзүмдү тааныштырып кетейин: мен "Каттама" деген менчик гезиттин редакторумун. Чеке-жакасын уккандырсыз...
- Мен сизди оо бая эле тааныгам, бир мерте сыналгыдан чыктыңыз го.
- Мына биздин мусулман кыздары, кыргыз кыздары үй-бүлөсүндө да, мектепте да жанагы жакка барба деп зар какшап жатканыбыз менен баары бир төрөп-түшүп жатышат. Кыргызды кое туруп, динге биротоло берилген уйгур кыздарын деле караң: жүрүшпөйбү тастаңдап. Андыктан аларга кыйкырып-өкүрүп ыймандуу бол! деген сөздү бекер короткуча алигиндей опурталдуу нерселерден сактануунун жолун көрсөтүүнү туура деп эсептейм. Мындай болот, мына мындай деп сүрөттөрү менен коштоп берип жатам, туурабы ошол, же натуурабы?
- Мен, масалан, "Каттама" деген гезитти көрөм онча-мунча, ама бирок окуган эмесмин...
- Мен айтып жатпайымбы мазмунун...
- Сиздин, масалан, азыркы сиздин түшүнүгүңүз боюнча ата менен бала баняга чогуу кире берсе. Мына ушуга окшогон ойлоруңуз болсо, анан баягы бизде уят деген нерсени ачык эле көрсөтүп бере берсеңиз...
- Үй-бүлө маселесин ачык көрсөтүп берүү, сиздин оюңузча, уят ишпи?
- Энди бизде шариятыбызда Ал-Хаййа уль-аль Иман деген сөз бар...
- Кечиресиз, "хаййаа" дегениңиз эмне?
- "Хаййаа" деген "уялыш" дегенди билдирет. Уялыштын өзү имандан деген сөз бар.
- Жжаа калаты сөз экен. Ал ал болсун, ким үйрөтөт жаштарга жанагы эрди-катындын жыныстык турмушу бар экенин?
- Мына биздин шариятыбызда бар да баары. Ону, масалан, бала төрөттө эмне болот, этек кири келгенде эмне болот, баары жазылган. Сиздер биздин динибиздегини, шариятыбыздагыны жазсаңар курсант болот элек.
- Сөзүңүз оозуңузда, бир күнү баяндап берсеңиз аны да жазабыз. Бирок азыр мен чыгарып жаткан биологиялык сүрөттөр туурабы же жокпу?
- Энди мына ушуларды, масалан. Ашкара нерселер жакшы эмес биздин шариятыбызда. У сиз айткандар медицинада жок бекен?
- Бар го, бирок мен жазсам жарашпайбы дейм да? Кыргызча да меники.
- Бул турмушту сиз жазбасаңыз деле башынан келаткан турмуш. Ошол сиз жазгандарды киного тартып, мындай жатат экен, мындай турат экен деп көрсөтсөк маданиятпы ол?! "Төшөк маданияты" депсиз, маданият эмес ол. Жакшы нерселерге апарбайт. Атүгүл жана айтпадыкпы, колдун билеригинен жогору жагын көрсөтүп коюш алиги сиз айтып жаткан жерди көрсөтүү менен барабар.
- Колдорун ачык алып жүрүш сиздин оюңузча жылаңач жүргөндөй тура.
- Менин оюм эмес, ол китептин ою. Кызык экенсиз, кичине бир нерсени билип алып эле жанатан бери: "менин оюм, анын ою" дей бересиз: ой эмес биздики, китеп да менин китебим эмес, көрпенденин китеби эмес - бу кудай-тааланын китеби. Ошону туура тутам. Ошону тутуп... өлөбүз биз. Биз ушуну туткандар менен биргебиз...
- Кечиресиз, анда жеңи кыска көйнөк кийген кыз-келиндерибиздин баары уятсыз экен да?
- Уятсыз эле делинет. Аврат дегенден кийин уятсыз дегени да.
- Анда ушу күндөрү бизди ыйманга чакырып, өздөрү "билек түрүнүп" жүргөн эжейлерибиз да уятсыз экен да, молдоке? Ушинтип эле жаза берейинби?
- Жазып кое бериң.
- Ап-баракелде, анда буларды да алиги депутаттарга кошо берели.
- Адамды караң эй; коомго жараша жашай берип эмне болдуңар?! Дагы эмне болгуңуздар келет?! Адашып барып адамдар аңга түшүп кедадиган чекке жеткенде динге умтулушат...
- Бу го биз таманда болуптур, молдоке, Ал эми тияктагыны, батыштагыны кантесиз? Аердегилер бузулбай эле жашап жатышпайбы.
- Өзүбүздүн акыкый, салтыбыз туруп, ушу салттан башка бир Америка салтыны, Англия, Франциялардын салтыны жакшы көрүп, шону өзүбүзгө кабыл кылсак деген ойдон этият болуш керек: алардын салтын алып келип абийир табабыз деш...
- Алар анда, мине, абийирсиз жашап жатышабы?
- Ошо жактан келип жатат кээ бир жанакыдай бузукулар.
- Жо, кечиресиз, алар эмне: абийирсиз жашап жатабы ушуга жооп бериңизчи.
- Абийири жоктор көп аякта. Абийирсиз нерселерди көп чыгарып жатат алар. Мына жылаңач жүрүш кийимдер ошояктан келип жатабы?
- Анда эмне, тумчуланып ал дейсизби? Жалаң денесин эмес, оюн да тумчуланып алса дейсиз го. Башына шири кийип алса, эч нерсени ойлонбосо, кол куушуруп чөк түшүп берсе жакшы дейсизби?

(Магнитофондун тасмасы түгөндү. Молдокемдин ойлорун толук жаза албадым, бирок жогорудагы айтылгандар деле жетиштүү болсо керек. Аль-Хаййа уль-аль Иман - Уялыштын өзү имандан. Ал эми демитип ыйман күтүш кыйын. Ар кимдин өзүнө ыйман берсин, оомийин!)