Интернет библиотека Жанызак@басма
Самое дешевое издание книги за счет автора! 
Ватсап +996777329784 | емейл: janyzak@mail.ru

Макалаларга бар

Жаныбек ЖАНЫЗАК

Жаныбек ЖАНЫЗАК, 2000-ж. (айрым өзгөртүүлєр киргизилди)

l Диниң кайсыл, бурадар?
Ак батадан шектенбе
Мен жана мени тааныгандарын басымдуу бөлүгү "Асабадан" оозанаарын ушундан билиңиз, урматтуу окурман - буюрса "Асаба"_журналисттин шарапаты менен өткөн шейшембиден баштап "Иегова кулуну" болуп чыга келдим. Улам жолуккандарга "Андай эмес!" дей берип тажаган соң "Асабанын" өзүнө кайрылууну туура таптым.
Окурман журттун эсинде болсо керек, мен тээ эгемендик башатында ушул эле "Асаба" беттеринде "Диниң кайсы, бурадар?" деген макалалар сериясын баштап, кыргыздар барып жүргөн
1) мусулман мечитинен
2) евангелисттер жыйынынан жана
3) бахаи тобунан
алардын көз караштарын жана максаттарын баяндаган макалаларды жазгам.
Мынакей, андан бери арадан 8-9 жыл өтүп, былтыртан баштап басмасөз беттеринде Хизб-ут-Тахрир таржымалы байма-бай жарыяланып, быйыл болсо "Пирамида" сыналгысынан, атүгүл "демократчыл" аталып жүргөн "Res publica" (орусчасы) гезитинин беттеринен жогорудагы ашкере исламчыл партияга боор тартышкан ЖоКе депутатынын жактоо сөздөрүн угуп, "прогрессчил" аталып жүргөн журналист Муллажановдун жалаяктай макаласын окуп бираз кыжалат болдум...
Ырас, баягы коммунисттик берешен доордо деле калкыбыздын кайсы бир бөлүгү "Оо Кудай, берегөр!" деген келмесин ара-чолодо эстей калчу, бирок урматтуу Президентибиз башкарган ушул он жылдын ичинде суранып-тиленгендердин саны кескин жогорулап, аны менен кошо молдо-сопулардын, эмчи-домчулардын, көзү ачык, балчы-бакшылардын катары кадимкидей "коюулап" кетти. Эл турмушун мамлекет бийлиги ырастай албасына көзү жеткен селдечендерге кошулуп, Мамлекеттик телерадио кызматкерлери Мыктыбек Арстанбек менен атың алыска кеткир Бекешов мырза "ысырапчылыктан улам кедейленип жатасыңар" дегендей үгүт-насааттары менен кыргыз жерин түгөл кыдырып: "денеси муздай электе көмө салгыла!" - деген чакырыктарын жар салып жүрүшөт.
Алсыз бийлик айласы кеткенде динчилерге кайрылат. Ушул кайрылуунун анабашында урматтуу окумуштуу-Президентибиздин баягы миллион сом садагасы турганын эстесек, адеп баштаганда ээрге кыйшык отуруп алган Ажобуз мамлекет чарбасын түзүктөй албасына көзү жеткен соң караламан калкына калдайган диний дөңгөлөктү түртө салып кутулгусу келгенин байкабай калыппыз, аттиң. А кишинин колдоосуна шыктанган Дастан-аке Сарыгулов жарыктык бейпил Таластын мектептерине "ыйман сабагын" таңуулай салып, бүгүн бу журт түп көтөрө селде салына турган абалга жеттиби дейм.
Ырасын айтсам, эгемендик башталгандан бери "Менин диним кыпкызыл!" деп жар салып келем. Бирок бир кездери коммунисттик тарбияга баш-оту менен сүңгүп кеткенсиген калкыбыз бүгүн минтип Хизб-ут-Тахрир мисалын талкуулап отурса, эртеңкиси не болот дегенде айла жок бушайман болот экенсиң.
Тек, элибиз мурункусундай эле "Оо Кудай, берегөр!" деген чектен ашпаса го мейли дечи, бирок соңку он жыл ичинде мамлекетибизде жазгы жамгырдан кийин жамырап чыккан козу карындай алеки саатта 2000 ашуун курулган мечиттердеги молдокелер Куран аяттарын улам тереңдеп казып, журтубуздун башына Мухаммед Алейхисаламдын мындан 1500 жыл илгери балким ошол тарыхый шартка туура келгенчелик, бирок бүгүнкү коомдун талаптарына бери дегенде анчалык коошуп кетпеген насааттарын күргүштөтө куя баштаса, Ажобуз жар салган "жалпыбыздын үйүбүздүн" жагдайы кандай болоор экен?
Ырас, адамгерчиликтүү молдоке Куран аркылуу адамдарды жакшылыкка чакырып, ыймандуулукту пир тутушу турган иш, бирок ошол 2000 ичинен кайсы бир мечит хизбутчулардын колуна тийип калсачы? Андай арамза, маселен, Кураани-Каримдин төмөнкү насааттарын туу тутуп кетпейт деп ким кепил өтөт? Мынакей, Эрнис-аке Турсуновдун ойдологон котормосун жайына койолу, орусча тексттерге назар салыңызчы:
    сура 109 "Неверные"
    1(1). Cкaжи: "O вы нeвepный!
    2(2). Я нe cтaнy пoклoнятьcя тoмy, чeмy вы бyдeтe пoклoнятьcя,
    3(3). и вы нe пoклoняйтecь тoмy, чeмy я бyдy пoклoнятьcя.
    4(4). и я нe пoклoняюcь тoмy, чeмy вы пoклoнялиcь,
    5(5). и вы нe пoклoняeтecь тoмy, чeмy я бyдy пoклoнятьcя!
    6(6). У вac - вaшa вepa, и y мeня - мoя вepa!"
Бир караган кишиге жогорудагы саптар акыйкатты чагылдыргансып сезилет: Кураани-Карим ким кайсы динге ишенсе өз эрки дегендей кудум биздин Конституциядагыдай чечим чыгарып жаткансыйт биерде.
Бирок сабыр кылыңыз, урматтуу окурман, кийинки сүрөөнү карап багыңызчы:
    сура 3 семейство Имрана
    27(28). Пycть вepyющиe нe бepyт ceбe близкими нeвepныx пoмимo
    вepyюшиx. A ктo cдeлaeт этo, y тoгo c Aллaxoм нeт ничeгo
    oбщeгo, ecли вы тoлькo нe бyдeтe oпacaтьcя иx cтpaxoм. Aллax
    пpeдocтepeгaeт вac oт caмoгo Ceбя, и к Aллaxy - вoзвpaщeниe".
Биерде Кураани-Карим динсиздерден алыс болгула деген чакырык таштады. Антпесең Алладан алыс каласың дейт.
Мен Муллажанов мырзанын макаласынан кийин "Res publica" гезитине телефон чалганымда, аердеги бир периште "динсиздер" деп Кураани-Карим дегеле Кудай аттууга ишенбегендерди, мисалы, мен сыяктуу атеисттерди айткан деп "түшүндүрдү", баракелде.
Эмесе, Кураани-Каримдин төмөнкү сүрөөсүнөн мусулмандар кимдер менен дос болбошу керек экенин окуп алыңыз:
    сура 5 трапеза
    56(51). O вы, кoтopыe yвepoвaли! He бepитe иyдeeв и xpиcтиaн дpyзьями: oни - дpyзья oдин дpyгoмy. A ecли ктo из вac бepeт иx ceбe в дpyзья, тoт и caм из ниx. Пoиcтинe, Aллax нe вeдeт людeй нeпpaвeдныx!
Ошентип, мусулмандарга ким дос, ким кас экенин аныктап берген соң, Кураани-Карим дос эместерди эмне кылыш керектигин "үйрөтөт":
    сура 9 покояние
    124(123). O вы, кoтopыe yвepoвaли! Cpaжaйтecь c тeми из нeвepныx, кoтopыe близки к вaм. И пycть oни нaйдyт в вac cypoвocть. И знaйтe, чтo Aллax - c бoгoбoязнeнными!
Жогоруда айтып кеттик - көкүрөгү таза момун өз турмушунда Курандын татынакай гана аяттарын колдонушу мүмкүн, албетте. Бирок утурумдук пайдасын жогору койгондор табылып калса, аларың дал ушул жогоруда биз көрсөткөн аяттарды колдонбойт деп ким кепил өтөт? Мынакей, Америкадагы трагедияны карап багыңызчы: бир динчил бейишке чыгам деп миңдеген адамдардын өмүрүн кечип койду. Ал ортодо урматтуу Дооронбек-аке Садырбаев "дөгүрсүгөн мамлекеттин көрөөрү ушул" дептир, бирок анткенде алиги миңдеген жандын күнөөсү кайсы?
Мынакей, бизге алиги моджахеддер келип жатты - жогорудагыдай сөз менен айтканда Аскар-аке Акаевдин "көрөөр күнү ушул" дейли, бирок кыргыздарда, асыресе баткендиктерде кайсы күнөө? Болуптур, "ислам террористтери күнөөлүү" дебей-ак койолу, Дооронбек акеси, бирок кабылдаган Конституциябызда жазылган "диний... дискриминацияга жол берилбейт" дегендей жобого караманча каршы келип жаткан жогорудай сүрөөлөрү бар Кураани-Каримди карманган мечиттер жана башка уюмдар Кыргызстандын аймагында кантип катталып кетти? Эгер андай эле каттагыч болсок, анда жогорудагыдай дискриминациялык сүрөөлөрдү колдонбойбуз дегизип касам ичтириш керек беле дейм да биздин модолорго...
"Дин тутуу-тутпоо эркиндиги" дегендей мыйзам кабыл алганыбыз менен кыргыз басмасөз жана телерадиосунда такай "кыргыздын түпкү дини!" аталып жүргөн исламды карманбагандар негедир "динбезер дейбизби..." ("Республика-асаба", 18.09.01-ж, "Ислам күчүн жоготуп баратабы?", автору: Талант Орозов, чын аты: Төлөгөн Сулайманов) деген күмөндүү коштоолор менен "айыпталып" келет. Жадагалса Жаныбек Жанызакты да иеговисттер тобуна киргизип жибериштен айбыкпай калган "Асаба" кызматкерлери, менимче, жазып жаткан маалыматтарына бираз жоопкерчилик менен карабаса редакциянын абыроюна доо кетирип алышы мүмкүн.
"Дин..." мыйзамын мейли дейли, бирок исламды "кыргыздын түпкү дини!" деп чаң сала бериш бери дегенде түркөйлүккө жатпас бекен, урматтуу окурман? Кечээ эле жакында Бишкекке чогулган аалымдар кыргыз этнонимине 2200 жыл деп белгилеп кеткенин эске алсак, анда бабаларыбыз Мухаммед Алейхисаламдан кеминде 800 жаш улуу болуп жатканын эстей жүрсөк кантет? Демек, бу жагдай ислам негиздөөчүсүнө чейин эле кыргыз баласы кайсы бир динди тутунуп келсе керек деген божомолго жол берет го дейм. Дал ошол дин, менимче, элибиздин залкар эпосу "Манас" менен "Семетейде" катылган болуш керек. Бул оюмду төмөндөгү мисалдар менен далилдемиш болоюн:

1. "Манас" эпосу менен "Эски осуят" сюжеттериндеги айрым окшоштуктар:
    а)
    - эпосто Манас бабабыз Жакып хандын уулу болот...
    - "Эски осуятта" пайгамбар Жакып өлөр алдында Жусупту эки уулу менен өзүнө чакыртып: "Сенин мен бул жерге келгенге чейин Египетте төрөлгөн эки уулуң Ефрем жана Манас менин уулум болсун" дейт. (Муса, 1 48:5)
    Ошентип Манас Жусуптун эмес, Жакыптын уулу катары белгилүү болду...
    б)
    - эпосто Манас бөтөн эл, Алтай жеринде төрөлөт...
    - "... осуятта" Манас да бөтөн эл, Египетте төрөлөт...
    в)
    - эпосто Манас эр жеткенде өз элине кайтып, хан көтөрүлүп, эл башкарат...
    - "... осуятта" Манастын ысымы жөнөкөй уруу атасы катары гана айтылбастан, бүтүндөй бардык уруунун аты катары колдонулган...
    г)
    - эпосто эгин темасы Манастын аштык айдап, Аккулага, демек соңку жеңиштерине жеткени менен белгиленет
    - "... осуятта" эгин темасы Манастын атасы Жусуптун фараондун түшүн жоруусу жана анын натыйжасында Египеттин иш башкаруучусуна көтөрүлүшү менен белгиленет
    д)
    - эпосто Чоң казат алдында кыргыздын баардык урук-уруулары түгөлдөнүп, ар бирине топ башы шайланат
    - "...осуятта" өз жерине кайтып баратышкан еврей калкы да ата-тегине жараша түгөлдөнүп, ар бир уруунун топ башы шайланат...
"Манас" эпосу менен "Эски осуят" сюжеттик окшоштуктарына келтирилген жогорудагы мисалдар мен билгендери гана. Ал эми эпосубузду тереңдеп казчу аалымдар табылса, кыргыздын энциклопедиясы саналган залкар эпосубуз "Эски осуят" менен түптөш болуп чыгаары турулуу нерсе, анткени бүтүндөй бир элдин туулгандан өлгөнгө чейинки жашоо-турмушун аныктаган мындай чыгармалар эгер болсо дүйнө элдеринде бириндеп саналат, болбосо жок.


2. Эми "Семетейден" келели.
Бул эпосубуз болсо Ыйса Теңирдин өмүр жолун баяндаган Инжил менен тектеш экенин төмөнкү сюжеттик окшоштуктардан карап багыңыз:
    а)
    - эпосто Семетейди эң жакын делген эмчектеш тууганы Канчоро сатып кетет
    - Инжилде Ыйса Теңирди эң жакын шакирти Иуда сатып кетет
    б)
    - эпосто Кыяздын аскери эми туткундай турган кысталыш учурда Семетей Көккө көтөрүлүп, кайып болуп кетет
    - Инжилде Ыйса Теңир табытка салынып, эртеси жерге коюлаарда Көккө көтөрүлүп, кайып болуп кетет
    в)
    - эпосто Семетей тирүү делинет
    - Инжилде Ыйса Теңир тирүү делинет
    г)
    - кыргыз эли Семетейдин тирүү экенине, анын кайсы бир күнү кайтып келээрине алигүнчө ишенип келген
    - христиандар Ыйса Машаяктын тирүү экенине жана анын Кыямат Кайымда кайтып келээрине алигүнчө ишенишет.
Жогорудай сюжеттик окшоштуктар биз атап кеткен "Семетей" эпосу менен Инжилден башка бирин-экин чыгармаларда гана кездешсе кездешет, кездешпесе жок. Демек, биз элдик ушул эки залкар чыгарманын түбү тектеш десек жаңылбайбыз. Кыргыз журтунун исламды узакка чейин оңдуу кабыл албай келишин да ушул себептен көрсөк болот. Анткени ислам негизинен ички руху боюнча өзүнөн төмөн турган элдерге чындап сиңе алган, ал эми ишеними күчтүү элдерге мусулман дини сан кылымдар бою да үстөмдүк кылууга кудурети жеткен эмес. Мисалы, ошол эле еврей журтун алалы: азирети Муса пайгамбардын окуусуна терең жуурулган бул эл мусулман астында 15 кылым катары менен эзилип жатса да өз окуусунан күнү бүгүнгө чейин танып кеткен жок жана кечээ жакында 5000 канчанчы жылын белгилегенин сиз басмасөздөн окугандырсыз, урматтуу окурман.
Жогорудагы айтып өткөн мисалдар менен мен биерде мусулман динине шек келтирейин деген жерим жок, тек гана "кыргыздын түпкү дини!" деген айкырыкка алдырган журналисттерге акыйкат сабагын берип койоюн дедим.

Дегинкиси, кыргыз журту бир эсе ийкемдүүлүгү менен гана ушул күнгө чейин тукум курут болбой келет. Алгач арабдар, кийин соңунда кокончулар ийри кылычын көтөрө келгенде "мейли" деп коюшуп, кокту-колот ичинде өз тирлигин уланта берди. Ак Падыша келгенде а кишинин амирин Шабдан менен Курманжан датка сыяктуулар аркылуу аткарымыш болуп, мында да кокту-колотунда тирлигин өтөй берди. Кийин коммунисттер келгенде айла жок отурукташып, айласыз сабатын жоюп, бирок тымызын кыргызчылыгын кыла берди. Эми Аскар Акаев аркылуу селдечендер жамырап чыкканда элибиз алакан жайганы менен, дагы деле өз тирлигин көрө берет беле, бирок хизбутчулар курган жанды тим койоорун бир Кудай өзү билет. Так ушул кысталыш шартта кыргыз экономикасы, жалпы маданий жана жашоо деңгээли көтөрүлмөйүн,журтубуз 15 кылым артка сүрүлүп кетиши турулуу иш. Мухаммед Алейхисаламдын бейиш төрүнөн жай тапсам дегендер Кудайдын башка кулдарына кайыл болуп кетишээрин кечээ жакындагы моджахеддердин аракетинен айкын баамдагандай болдук.
Аталган маселени, динге ишенүү-ишенбөө эркиндигин туура калчоо жагдайын алып караганда, менимче, Ыйсанын жалпы эле пенделерди астейдил сүйүүгө чакырган урааны мамлекетибиздин жашоосуна пайдасы тийсе тийээр, асти мындан зыян таппайбыз деп ойлойм. Булар Аскар Акаевден бийлик талашмак түгүл, кайра ар бир жыйынында а кишиге ден соолук жана тунук акыл тилешип, кыргыз элин кыйынчылыктан алып чыгып кетишине ак батасын тынбай беришет. Албетте, "Адвокат" гезити (18.09.01) белгилегендей, бир караганда бул динди тутунгандар өлкөбүздөгү социалдык башаламандыктан башбаанек издешип, дин кучагында баарык жамандыктарды унуткулары келишээр, бирок алардын кыялын ар бир адам өз эмгегинин үзүрүн көрүп, башкалар менен бөлүшсө деген асыл тилек уялайт.
Эми айрым кыргыз басмасөз мыкчегерлери кооптонгондой, азыр жер-жерлерде орун алып келаткан диний кагылыштардын түпкү маңызынан келсек, мындай ар бир окуя чечкиндүү жана акыйкат териштирүүгө муктаж. Уруш-талашты ким биринчи баштаганы жана алардын түпкү себеби сөзсүз түрдө басмасөз бетинде акыйкат жарыяланып, күнөөлүүлөр мыйзам алдында сөзсүз түрдө жазага тартылаары айныксыз аткарылчу болсо, мындай диний кагылышуулар күч алып кетет деп ишениш кыйын. Асти, бийлик башындагылар өздөрү бир жактагыларды ыктап кетпесе болгону.
Мында дагы бир баса белгилеп кетчү нерсе, басмасөз кызматкерлери адам ишенимин чагылдыруу жаатында өтө сергек мамил жасап, мүмкүн болушунча фактыларды бурмалабоого тырышканыбыз жөн.
Акырында айтаарым, баштапкы "Асабанын" кадыры баштапкысынан жазбаса деген тилек менен
Жаныбек ЖАНЫЗАК,
Ыйык Семетей_дин күйөрманы