»нтернет библиотека ∆анызак@басма
—амое дешевое издание книги за счет автора! 

¬атсап: +996777329784
—отка +996700329784
емейл: janyzak@mail.ru

 ниги автора јйгүл Ўј–Ў≈Ќ на кыргызском €зыке

Ёркин селса€ктар

 аныш эне таксиден түшүп этек-жеңин кагынып эки жакты элеңдей карап алды да агылып өткөн элдин арасына кирип жөнөдү. " ы€лдын" алдындагы решетканын түбүндө кыркалай стол коюп алып майда-барат сатып жаткандарды карап кетип жатты. јндан ары кетип атып жарым жартылай жылаңач кыздарды көрүп: "эл өзгөргөн экен, жер, шаар жаңырган экен" деп ойлоду. ћаңдай жактагы чоң сүрөттө чет тилиндеги жазууну көрүп: " апырай,  ыргызстанда кыргызча жазуу жазылбай калганбы, кыргыз тилин өнүктүрөбүз деп эле жатып" деп ою бүдөмүктөп баратып алдынан чыга калган жети-сегиз жаштардагы кайырчы кыздын үнүнөн ою алда кайда жел учургандай жок болду.

- Ёнеке жетимге жардам бериңиз, кайыр садака бериңиз? - алдына тура калды.

- ја-аа садага, берейин, берейин, -  аныш эне жан чөнтөгүнөн бир сом алып кызга берди да, - јла кой каралдым, ала кой! - деп андан ары жолун улады.

 айрадан эненин оюн жол боюндагы арбайган-тарбайган сүрөттөр менен жазууну көрүп: "мындан он, он беш жыл илгери шаарга бат-бат каттап турганда ‘рунзе, ‘рунзе болуп гүлдөп турган чагы эле го, таңдын көрү-үү, эми болбой калган тура. 'Ёркиндик, “еңдик, Ѕаардык өлкөлөрдүн ѕролетарлары, бириккиле!' деп бадырайып жазылып тураар элеЕ". ѕь€ный аллейге жете келгенде решетканын ары жагындагы ар кандай мас адамдарды көрүп элейе карап туруп калды. Ѕаса, ушул ќш базарынын айланасында эле алей деген жер бар дешпеди беле?" деп ойлонуп анын өтүп бараткан чоочун жигитти токтотуп:

- ”улум, ушул ќш базарынын жанында алей деген жер бар деди эле, кай жагында экенин билбейсиңби? - деди үмүттүү карап.

- ∆ок энеке, билбейт экенмин, - деген жигит ийинин куушура басып кетти.

-  апырай, ушул эле ќш базарынын жанынан табасың дешти эле го, кагылайын каралдым, кандай күндө жүрөт болду экен, деги аман-эсен болсоң болду эле садага, - деп күбүрөнүп кетип баратты, - жаңы курулган жай деле жок, дагы баса берейинчи, табаармынЕ - деген ойдо бара жатканда он үч, он төрттөгү бала жанына келип:

- Ёне, томолой жетиммин, кайыр-садага бериңиз! - деп алакан жа€ туруп калды.

- Ѕерейин кагылайын, жаман болгон экен, мына ала гой! - деп бир сом берди.

- џлайым кудай жалгасын, эне, тилегиңизди берсин, - кайырчы бала андан ары кетип жатканда  аныш эне аны кайра чакырып алды:

- ќй балам, бери келчи, -

- Ёнеке, мени чакырдыңызбы?

- ќоба уулум, ушул тегеректен алей деген жер ка€кта экенин билесиңби айланайын?

- јлей дейсизби? - кайырчы бала бир аз ойлоно калды да, - ја-аа эне алей эмес, пь€ный аллей болуш керек, эгер сиз издеген пь€ный аллей болсо анда мына бул жер, аны эмне кылат элеңиз?

- »йи айланайын, жакшы болгон тура, сага рахмат уулум, ме муну алып ал да бара гой, - эне бала көрсөткөн жакты көздөй ашыга жөнөгөндө кайырчы бала эненин артынан ээрчий басты:

- Ёне, ал жерде жалаң үйү жок бомждор, ичкичтер жүрөт, сиз аны эмнеге сурадыңыз эле?

- Ёмне дейт кокуйгүн, ичкичтер дейсиңби, эмне аерде жумуш иштегендер жокпу? - делдейе кайырчы баланы карап калды.

- ∆о-ок энеке, ал жерди алкаштар менен бомждор жүргөнү үчүн пь€ный аллей деп айтышат да!

- ја - аа карангүн, анда менин уулум ичип кеткен го, ошол үчүн өз көзү менен көрсүн дешкен го? - эне көзүнөн жашы куюлуп колдору калчылдап туруп калды, - байкушум десе, ичип кеткен окшойт, ээ?

- Ёне, жүрүңүз тээтиги жагында эшиги бар, көрсөтүп койойун.

- ∆ок уулум, бара бер, мен эми өзүм элеЕ -  аныш эне өз ою менен алек болуп кете берди, - алда-аа кагылайын каралдым аа-ай, эмнеге жоголду десе ичкич болуп кеткен экен го, болбосо жалгыз карыган энем калды деп ойлойт эле да, көрсө ойлогонго алы келбей калган окшойт, - деп көзүнүн жашын жоолугунун учу менен аарчып эки көзү тосмонун ары жагындагы кейпи кеткен адамдарды карап баратты. јлардын ичинде өзүнүн ћедети көрүнбөдү. " антип эле менин балам ушинтип калсын, такыр эле кейпинен кетип калган го, жок-жок, менин уулум мынчалыкка барбайт эле" деп өзүнчө кобуранып баратканда √үлнар энеге байырлай калды:

- ∆арыктык, күбүрөнүп эле атасыз да, сизге эмне болду?

- Ёэ кызым, эмне болсун, шаарга он, он беш жылдан бери каттай элек элем, карачы өзгөргөнүн, эл-жер өзгөрүптүр, кадам сайын кайырчылар кезигип кыргыз элинин жашоосу оор болуп калыптыр го?!

- јнан эмей, заман өзгөрүлдү, элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы дегендей баары жаңыланып баратат.

-  айдагы заман өзгөргөнү, жаратылыш ошол эле бойдон, болгону жашоо өзгөрдү, пейил өзгөрдү.

- ќоба десеңиз, алдуусу алсызын талап-тоноонун амалын ойлосо, өлкөбүз общий дом болуп элибиз сырттан келгендердин кызматын кыла баштады. —улуу-сулуу кыздарыбыз сойку болуп, эл жерден кетип жатат. ∆апжаш жигиттерибиз кул базарда, алкаштар алле€сында бомж болуп талаада түнөп калышты.

- јттиң, элдин тагдырын ойлогон эч ким болбой калды го, менин уулум кай жерде жүрдү экен, кантти экен? -  аныш эне өзүнчө ойлуу сүйлөнүп алды.

- Ёмне дейсиз, уулум дейсизби?

- ја-аа, жай эле, - деп  аныш эне ойлуу басып баратып жол боюндагы ташка көчүп басты.

- Ёнекебай, мен да бу шаарга жөн эле келген жокмун, алты эркектин ичинде алчактатып өстүргөн жалгыз кызым шаарга келип ошол бойдон дайынсыз, көргөн-билгендерден сураштырсак моссоветте жүрөт дешет. јтасынын көөнү түтпөй мени би€кка жөнөттү.

- јнан, анан эмес болду, таптыңбы?

-  айдан энекебай, он беш күндөй болду келгениме, дегеле дайыны жок.

- ћенин да жалгыз уулум үч жыл мурун үйдөн кетип, ушул күнгө чейин кайда экени белгисиз, айлам кетип издеп келдим эле.

- Ўаар чоң, эл көп, кай жагында жүргөнүн билбейм, моссоветине барып иликтеп таппай койдум. Ёлдин ушагынан у€лат экенсиңЕ - √үлнар ойлуу отуруп калды.

- ћен дагы уулумду ушул эле ќш базарынын жанындагы алей деген жерден издегени келгем. јйылдан келгендер уулуңуз алейде жүрөт дешкенинен элеЕ

- ја-аа энекебай, алей биерде эле, мына, алкаштар менен бомждордун түнөгү ушул жерде, сиздин уулуңуз иччү беле?

-  айдан, ачкыл ичкенин көргөн эмесмин, бир жерде иштеп жүргөн го деп ойлогом.

- јндан жумуш менен алек болуп жүргөндүр.

-  им билет, жумушта жүрсө "кароосуз жалгыз энем калды эле, эмне болду" деп ойломок, курган балам, сасыган суунун кулу болуп кеткен го!.. - √үлнар жолдон өтүп бараткан таанышы менен учурашып калат, - Еаттиң дүйнө ай, кирдүү кийим кийгизбей алпештеп баккан балам кандай күндө калды экен?! - Ёненин эки муштуму түйүлө, көзүнүн жашы төгүлүп, эки бети ылдый куюлуп кетти. ∆аагы карыша тиштенип алган. јны көргөн √үлнар ары жактан келип чоочуп кетти:

- ∆арыктык сизге эмне болду?

- Ёчтеме болгон жок айланайын, мени өз жайыма койчу деги, ооруп турат окшойм.

ќшол тушта алардын жанынан ћедет орус кыз экөө ээрчише өтүп кетти.  аныш эне аны байкаган жок, көрсө да таанымак эмес, анткени ћедеттин бети-башы айрылган, а€бай мас болчу.  ийими кийим деп айтарлык эмес элеЕ

- ∆ок эне, мен сизди көрүп туруп кантип таштап кетмек элем, андан көрө врач чакырганга телефонго барып тез жардамга чалайын.

-  ареги жок кызым, кыйналба, андан көрө колумдан тарт, өйдө болоюн.

√үлнар  аныш экенин колунан сүйөп тургузду да жай басып жөнөштү.

- јдегенде алкаштар жүргөн жерди аралап көрөйүн, кокус уулум табылып калса тез арада үйгө алып кетип чара көрбөсөм болбойт!

- “уура айтасыз, мен да кызымды тапсам дароо айылга алып кетем, эл эмне десе ошо десин.

- Ёл экөөбүзгө жакшы баласын бермек беле, табаласа табалайт, жакшы болсо көрө албайт.

- џрас эле, атасы а€бай эркелетип, окуйм дегенинен окууга өзү алып келип киргизип, берчүсүн берип, колуна акчасын карматып бир тууган сиңдимдин үйүнө дайындап коюп кеткен.

- —иңдиң батырбай койгондур?

-  айдан, бир күнү квартирага чыгам деп кийим-кечесин алып кетиптир, ошол бойдон жок дейт.

- ∆аштардын кулк мүнөзүнүн өзгөргөнүн карачы, кыздарды кол жоолуктай алмашып, бири бирин бактысыз кылып жүрө беришет. Ѕиздин коңшубуздун бир кызы кытайлык соодагерге тийген экен, тим эле жыргатып койгон, көп узабай эле ажырашып кетиптир. Ёми жанагы сен айткандай өзүн сатып иштей имиш.

- јргасыз, айласы кеткенде ошол ишке барганы бир жөн, көпкөнүнөн барганын айтпайсызбы!

Ёкөө аркы-беркини сүйлөшүп Ѕеш-—ары базары менен  ы€лдын ортосундагы көзү ачыктарды аралап, алардын четинде талдардын арасында мас болуп алып сөгүнүп жаткандарды көрүп ћедетти көрө албагандан кийин супсуну сууган  аныш эне:

-  ой айланайын кызым, кеч кирди. Ёрте жарыкта жатакана таап алайын.

- Ёне, мени менен эле барып түнөп алыңыз, - экөө эрчишип кетип жатып решеткага жөлөнүп ыргалып турган жапжаш жигитти көрүп эненин жүрөгү зырп этип алды. Ѕети жарылып, көзү көнөктөй болуп шишип кетиптир. јнын жанында чачтары саксайган, өзүнөн бир топ жаш кичүү келин турат жүдөө, ал да мас экен. јл эми алардын туурасында колуна стакан кармап, колтугуна желим бөтөлкө кыстарган а€л турат: " имиси келе койор экен" деп стаканын да€рдап. јларды көргөн эненин жүрөгү сыздап, жандүйнөсү жабыркап: "аттиң ай, уулум ушулардай болуп бир жерде жүрөбү?" деп көкүрөгү толо муң менен азага буулуп, дилинде боздоп √үлнарга билгизбөөгө аракеттенди.

- ∆атакана издеп убара болбой эле мени менен барып жатып алыңыз.

- ћакул кызым, жакын болсо жатып эле алайын да эртең эртерээк келип издейин.

- ќоба, ошентиңиз.

- ∆үрү базардан таттуу-саттуу алып алалы, балдар жол карап калбасын.

- ∆өн эле коюңуз, балдары чоңоюп калды, өздөрү базарда, айылдык балдар жол карамак. Ѕулар шаардыктар.

- ќшентсе да, куру кол барганым болбос.

Ѕазардын кире беришинен нан сатып алышты да маршруткаларды көздөй басышты.

ooo

 өзү ачыктардын төмөнүрөөк жагында үчөө ортолорундагы целлофанга нан менен салат, бир бөтөлкө самогон коюп алып бакылдашып отурушту, үчөө тең жүдөө, кийимдери кир, сакал-муруттары өскөн.

- Ѕалдар, мен бүгүн абдан кайгылуумун, анткени менин бир тууган агам өлгөнүн угуп, бирок барып топурак сала албаганыма өкүнүп турам.

-  айрат кыл  аке, эмне кылабыз, минтип өзүбүз селса€к жашоодо жашап жатып энебиз өлсө да бара албайбыз, арга канча? - —апар ага боор ооруй сүйлөп, стакандарга самогондон куйду. -  ел кайрат кылып алып жибер!

- јк сөз, ал айтканың ак сөз, —аке. јндан көрө күнүмдүк оокатыбызды эптеп таап жашап жатканыбызга каниет кылалы. »чте арман толтура, кичине мындан ичип алып кайгыны жеңебиз деп жүрүп ого бетер ичкич болуп бүттүк, же андай эмеспи? - —ултан тигилерди оңура€ карады. - Ѕолбосо мен да бир кезде бакыйган үйбүлөнүн кожоюну элемЕ

-  айгысыз адам жок окшобойбу, бу мен деле арманды ичке катып басып жүрбөйүмбү, болбосо меникиндей арман силерде жок болуш керек? - —апар тигилерди алмак-салмак карады.

- »йи, дагы ба€гы "мен түрмөдө жүргөндө а€лым күйөөгө тийип кетип" дегени турасың да?

- ќшону айтсаң, айалыңдын эрге тийип кеткенин көтөралбай ичип кеткенсиң, ошобу?

- ∆о-ок достор, менин уулум балалуу болуптур, мен неберелүү болуп атпайымбы!

- ќо-ой жолуң болгур десе, кайгы-кайгы деп отурбай кубанбайсыңбы башты оорутпай!

- јныңар туура дечи, бирокЕ

- Ёмне бирок?

- ќшол төрөлгөн наристени, неберемди көрө албайм да.

- Ёмнеге, барып көрө бер да!? - —ултан аны суроолуу карады.

- ∆ок мен баралбайм, үйдөн биротоло кайрылгыс болуп чыгып кеткем. - —апар муңайым томсоро отуруп калды.

-  ана балдар, анда азыр кайгыны коюп, ошол жаңы төрөлгөн наристе үчүн ичеличи! - деген  амбар стаканды —апарга узатты эле ал үчөөнө тең толтура самогон куйду да:

-  елгиле достор, ушул мусаапыр жашоодо кайгыны коюп жалаң жакшылык үчүн ичели, - деп өзү алып ийгенде берки экөө да алып жиберди. ќшол кезде алардын жанына бети-башы жарылып, көздөрү шишиген, кийим деген эле аты болбосо кийгени жыртылган, кир болуп жүдөгөн ћедет келди:

- Ѕайкелер, башым ооруп өлгөнү турам, бир азЕ - деп үчөөнө тең алмак-салмак жалдырай карап туруп калды.

-  ел иним, кел, куй —апаш, ачуунун эмнесин а€йлы, кээде биз деле ушинтип тамчы самогонго зар болуп калабыз.

—апар стакандарга толтура самогон куюп баарына сунду да өзү алып жиберди.  алгандары да алып ийип отуруп калышты.

- –ахмат байкелер, аз болгондо өлүп калмак элем.

- Ёч нерсе эмес иним, мусаапыр жашообузда эмнени а€мак элек.

- ќоба,  акем тура айтат, өзүбүз селса€к болуп туруп боорукер болбосок анан ким күйөт бизге?! ƒагы бирден куйгандан кийин самогондору түгөнүп орундарынан тура жөнөштү.

- ∆үргүлө балдар, эрте жарыкта туруп жумуш кылалы, болбосо кечки тамактан куру калбайлы. "ƒвижение" жасап жан багалы. ќшол кезде ары жактан јжар,  ымбат, —ейделер келип калышты.

- ќой-оой кайран эргулдар десе, бизсиз кантип тамагыңардан өтүп жатат ы€? - деп күлгөн јжар жаңы эле ордунан туруп келе жаткан —апарды колтуктай калды. јлардын көзүнө томолонуп жаткан бөтөлкө көрүндү. јны көргөн  ымбат јжарга көзүн кысып койду.

- ќшону айтсаң, биз болсок акыйып буларды күтүп отурмакпыз, көрдүңөрбү булар бизсиз эле чарда-ап отурушканын. -  ымбат јжарды коштой каткырды. јлардын кызуу экени көрүнүп турган. Ѕирок эки курбусунун сөзүн —ейде жактырбай:

- ќй койгулачы деги, ушул селса€к жашообузда бири бирибизге таарынганды ким коюптур ы€? јндан көрө жигиттердин ал абалын сурай отуралы.  андай  аке, иштериңер жүрүп жатабы?

- ∆үрбөй анан, жакшы эле, жанагы неңдурайындар мени көрсө эле көздөрүн акырайтып карап калышат, мени таанып калышты.

- јлда-аа байкушум ай, кыйын болгон экен, эмне болсо да эсен-соо болсоңор болду.

- јнан эсен бол деп, тирүү жүрүп селса€к жашоону жашап жатабыз, мунун эмнеси жакшы, андан көрө өлүп калган эле жакшы го?! - јжар чындап эле жаны кейий сүйлөдү.

- јтаны байкуш ай, кичине температураң көтөрүлсө эле ыйламай адатың кармап калган го, болду эми күн кечтеп калды, бир жерге эс алалы.

- Ёмне, жөн эле кете бересиңерби, силерди көрүп кубанып жатсак, бирдемелери бардыр деп. - —ултан аларды үмүттүү карады.

- ∆ок-жок, алтындарым, силерди куру коймок белек, андан көрө жүргүлө биздин жайга, силердикине караганда "конкретный"! - јжар бармагын көрсөтө көз кысып койду.

- Ѕарса баралы таасынын көрү, бу сулуулар чакырып жатканда барбасак каарга калбайлы, -  амбар тамашалай сүйлөдү.

- Ѕарбаганда, бүгүн бир сулуулардын коногу болду.

- Ёк кудай алсынчы, коноктосо коноктоп деле койобуз, мусаапыр жашоодо силерден эмнебизди а€йлы! - —ейде колун шилтей тигилерди айланта карады да, - жүргүлө бүгүн биздин сыйыбызды көргүлө! - деди.

- ћусапыр, селса€к эле дейсиңерби, чынында бизден өткөн мусапырлар бар, алар кимдер билесиңерби, - ал шыбырай калды, - јлар тиги өкмөттүн башчылары!

- џрыс эле алар бей-бечаралардын жашоосун оңдойбуз, жакырчылыкты жойобуз деп көрүнгөн өлкөлөрдөн карыздап помошь алып жатышат, бирок кана жакырчылыкты жойгону, кыргыздар тентип кетти. јндан көрө биз боорукербиз, ак көңүлбүз, бири бирибизди сыйлайбыз.

- Ѕиздин өлкөнү "обший дом" деп жары€лап коюп, кыргыздын баары сырттан келгендердин кулуна айланды, бей-бечаралар көбөйүп, кайырчылар, мусапырларга толуп кетти шаарыбыз.

- Ѕашканы койгула туугандар, андан көрө биз эркин селса€ктарбыз, ошого кубангыла! - —ейде эч кимисине карабай жол баштады. - “ура бербей болгула эртерээк!

- ј бу жигит кайдан? - јжар ћедетти эми гана көргөндөй таңгала сурады.

- јл биз сы€ктуу эркин селса€к, - јжарга  амбар жооп берди. - бүгүн биз менен боло берсин.

- ја-аа мейли, бечара барса бара берсин.  өтөрүнчөктөрүн көтөрүп ээрчише жөнөштү.

- –ахмат, эжекелер! - ћедет алар менен катар басып баратып ичинен кубанып баратты: "эптеп бүгүнкү күн өтө турган болду, эмнеси болсо да ушулардын көргөнүн көрөөрмүн", - деп ойлонуп көңүлү ток.  амбар алдыда түнөөсүн көздөй јжарды колтуктап кетип атты.

ooo

—езим эки көзүнүн жашын көлдөтүп босого тарапта терезени карап тура берди. јл азыр моло жаштай катып турдуЕ Ѕа€тан бери тамеки чегип отурган јида анын жанына келди.

- „ыныңды айтчы —езим, сенин бул жумушка көңүлүң болбосо мен сага жардам берейин, качып кет.

- јйланайын эжекебай, менин аргам жогунан жан багаар жумуш болсо десем ээрчитип келген, көрсөЕ - эчкирип ыйлап жатты.

- јнда мен сага жакшылык кылайын, мен болсо көпкөнүмөн ушул жолго түшкөмүн, мага акчанын да башканын да кереги жок, болгону ойноп жаштыгымды ойдогудай өткөрөйүн дегем.

- „ын элеби, кантип, жашооң ойдогудай болсо, кардың ток, кийимиң бүтүн болсо кантип эле? - —езим јиданы жаштуу көздөрүн жалтылдата карап калды.

- ќоба, менде баары бар эле, ата-энем менин озуумдан чыкканды аткарчу, окуйм десем окууга өткөрдү, акча десем акча, кийим десем кийим, а мен ошол бакытты көтөрө алган жокмунЕ - јида көпкө чейин ойлуу тамеки тартып, терезени мелтирей карап тура берди. - јдегенде тамекини үйрөндүм, анан арак-винону вечеринкаларга барганда тартынбай иче баштадым, кыз атымдан жаңылдым, ага кабагым кашым дебей окуумду таштап бул жакка келдимЕ

-  ызык, менин ошондой адамым болсо келмек эмесмин!

-  өп сөздүн кереги жок, эртерээк кетип кал, бул миң сомду ал дагы тез кет! - јида эшикти ачып эки жакты карады да, - бол эрте жөнө, - дегенче ары жактан —уусар келип калды.

- Ѕол эрте, клиент күтүп калды, былжырабай кичине жасанып турбайт белең! - —уусар алкына кетти.

- "ћама", аны тим коюңуз, убалына калбай кетирип жиберели.

- Ёмне-е, шурку€, сен эмне деп жатасың, кайдагы убалды айтасың, селпейген шүмшүктү мен зордоп алып келген эмесмин!

- јчык айтып келбейсизби анан, жумуш издеген кыздарга мен жумуш таап берем деп алдап келбей!

- јл менин ишим, бузукуланбай жөн жүрчү, - —езимге карайт: - Ѕол деп жатам, клиент күтүп жатат.

- Ѕарбайт этпейт!  ете бер тезирээк, эч коркпо, —езим! - јида —уусарды колдон кармап калды. - ƒалай кыздардын убалына калганың жетишет, кете берсин!

- Өлүгүңдү көрөйүн шурку€, бул эмне кылганың ы€?! - —уусар жулкунуп жатты. - јкча кимге керек эмес, ал деле акча табам деп келген, сен аны эмнеге буздуң?

- —үйгөнүнө таза барсын байкуш, бир бечаранын көз жашын көрүп кантип бооруң оорубайт, же бооруң ташпы?

- Ѕоорукерин мунун!Е

—уусарды јида койо берди. Ѕул убакта —езим узап кеткен эле. —уусар алапайын таппай турду:

- Ўурку€ десе, клиентке у€т кылдың, боорукер боло кеткенин кара?

- Ѕотодой боздогонун көрсөң муз болсоң да эрийт элең, ойлоп көрсөм мен көпкөнүмдөн ушул жолду тандап алып, эми артка кайтуу кыйын болуп аргасыз жүрөм. - јида кайра-кайра сигарет күйгүзүп тартып столдо ойлуу отурду. - Ёгер билсеңиз азыр мен өкүнүп жүрөм, ата-энем угушса менден үмүт үзүп, балким балалыктан кечип коюшкандырЕ

- ќй шурку€, эми түштөн кийин акылдуусунбай тигил клиентке өзүң бар!

- Ѕарса барам элеЕ

- ћен жаш кыз деп баасын жогору сүйлөшүп алып койгом да, эми эмне болот.

- ћен деле кыз баасына барып жүрөм го, же менин клиентим нааразы калган күн болдубу?

- џрыс эле дечи, мен ага кыз деп койгом элем, эми өзүң бир ишке жарай көр, кыз эмес экен деп акчасын кайтарып алып кетип калса эмне кылам?

-  етирбейм коркпо, мен аны сопсонун кармайм! - јида чыгып кетет.

- ќо куураган шурку€, жарасаң го жакшы, жарабай калсаң кудай урупЕ - деген —уусар кабатырлана сумса€ отургучка отуруп калат. јры-бери басып тынчсызданып турганда арытан јида көрүндү эле —уусар анын алдынан чыкты: - Ёмне эрте келип калдың, же жакпай калдыбы?

- ∆актырбай койгудай ал эмне асмандан түшүптүрбү?! ∆актырмак турсун "башка менен болбо" деп өлүп калды. - јида сигарет алып күйгүздү: - эртең да келе турган болду.

- ќй аз-замат десе, жакшы болгон тура, - јиданы кучактап өөп: - ћолодец, кыз баасына барып келдиң! - —уусар кубана кол чабат.

- —изге акча керек, акча жаныңда калды, ошол эле керек беле?

- —ага акчанын кереги жок болсо эмне жүрөсүң?

- ћага эч нерсенин кереги жок, акча табыш үчүн сойкулукка келген эмесмин!

- јнан эмне, эркектин түрүн көрөйүн дедиң беле?

- ќобо, жаштыгымды ойдогудай өткөрүү үчүн, ойноп-күлүп, махабат жыргалын каалагандай татуу үчүн келгем.

- Ѕаары бир акчага сатылып жатпайсыңбы, же бекер барып жатасыңбы?

- —ен тойгондон калганы меники го, же эсептешип жатамбы? ћенден башкасы эсептешип алат го?

- јның туура, эми эмне дегиң келип турат?

- Ёч нерсе, сизге буйрусун. ∆аңылык, мен бул жерден кетүүнү чечтим!

- Ёмнеге? - —уусар јиданы көздөрүн чакчайта карап калат, - кайда бармаксың деги?

- јта-энемди сагындым, - јида дембе-дем сигарет тартып отуруп, - ћени кечирип күтүп алаарына ишенип турам, бирок аларга барууга жүзүм чыдабайт го?

- —агындым деп кайсы бетиң менен айтып жатасың, сенин ушинтип жүргөнүңдү уксаЕ

- ћен үчүн у€лбай эле кой, кантип барышты мен сенден сураган жокмун!

- јида, секет кетейин десе, иштей бер эми, мына өзүң айткандай колумдагы кыздардын ичинен кымбатка бара турганы жалгыз өзүңсүң, жок дегенде бир-экөөнү таап алайын.

- “ажадым, бир мүнөт токтоор алым жок. - јида сумкасы менен кийим салган чемоданын алып эшикти көздөй жөнөдү.

- ја-ай јида токтой турсаң боло, жок дегенде бүгүн кал!

јида артына кылчайып койбой кетип баратты. —уусар умтула кыйкырган бойдон турган жеринде калып калды: "ќшол күнү, - деп ойлонуп баратты јида, - мен биринчи жолу вино ичкем, анан эле  ылыч мени чогуу отурган кыздар-балдардан бөлүп башка бөлмөгө ээрчитип киргенин билемЕ јндан кийин уктап калыптырмынЕ ќшентипЕ, ошентип кыз атыман жаңылгандан кийин кайсы эркек болсо да каршылык кылбай макул болуп жүрө бердим, жүрүп-жүрүп чогуу окуган окуу жайдын студенттери бүт билип калып, жалаң секстен сабакка да барбай калдым, окуудан чыктым да биротоло сойкулукка өттүм". ”лутунуп алды јида. "Ќеге адам баласы ушундайбыз, жокту да, барды да көтөрө албайбыз?.. Ѕайкуш атам, апакем ай, силер мени эмне деп жаттыңар экен, мендей акылсыз кызыңарды кечип койдуңар бекен, өлгөндүн бири деп аттыңар бекен? ћени кечиргилечи атаке, апаке! Ѕир кезде үйүңөрдүн ак көпөлөгү эмес белем, менин сулуулугум үчүн сыймыктанчу атам мени эмне деп ойлоп жатат?  антип, кантип алардын бейкүнөө жүзүн карайм, кантип жолугам?" јида түркүн ойлордун туткунда кетип жаттыЕ ќоба ал кетирген каталыгын кеч түшүнүп, —езимдин күнөөсүз көз жашынан кийин а€бай намыстанды: "јл жетим кыз экен, а менчи, мен акылсыз, бетпак, шерменде турбайымбы!"

ooo

‘еруза мектепти бүткөн соң жогорку окуу жайына экономика факультетине окуп калды. ∆акшы окуучу, ошентсе да ата-энесинин колдоосу, куруттай кылып берген акчанын арты менен окууга өттү. —туденттик жылдар ал үчүн абдан эле көңүлдүү өтүп жатты. јнткени анда жаш тура! ƒалай жигиттер кат жазып, киного, концертке чакырды, бирине макул болгон жок: "окуудан өксү болуп калам, ата-энемдин ишеничин актай албай калам, жигиттер кайда качмак эле?" деп ойлогон ал ошондо. Өзү да оюн-зоокту, той-тамашаны сүйбөгөн бир мүнөздүү токтоо кыз эле. Өң келбети анча сулуу болбогону менен жылдыздуу, билинер-билинбес майда сары сепкилдүү экенине карабай абдан татынакай көрүнүп, кандай адам болсо да өзүнө тартып турчу. јрадан беш алты жыл өтүп окууну бүтүп, ма€насы жакшы жумушка орношту. ћында да ал эч нерсени ойлогон жок, ата-энеси шаардын чок ортосунан бир бөлмө үй сатып берип койгон. Ёмнегедир арадан өткөн жылдар ‘ерузанын жаштыгы менен кошо анын айланасында көпөлөктөй айланып ээрчип жүргөн жигиттерди кошо алып кеткендейЕ

 ызмат деп жүрүп жашы өтүп баратканын сезбей жүрө бериптир.  ачан отуздан ашып, жалгыздыкты сезе баштаганда гана, өзүнөн кийинки инилери, сиңдилери үчтөн, төрттөн балалуу болуп калганын көргөндө убактысын текке кетирип, мезгилден артта калганын сезди. ќшондо гана түн уйкусунан кечип, эчен түндөрдү уйкусуз таң атырчу болду.

ќшол күнү ‘еруза жумушунан кеч чыгып үйүнө келсе, үйдүн ичи өзүнө негедир суук көрүндү, бул үйдө жашоо кунарсыздай сезилди. “амактанууга көңүлү чаппады. ћуздаткычты ачса анда эч нерсе жок экен. јнан ќш базарын көздөй жөнөдү, бул убакта базар али жабыла элек эле. Үйдөн чыгып эле „үй көчөсүнөн өтө бергенде кырка талдын түбүндөгү решеткалардын ары жок, бери жагында экиден, үчтөн биригип алып отурган мастарды көрүп жийиркенип алды: "Ѕулар эмне болгон адамдар, кызык бомждор деп угуп калчу, бирок көрө элек болчу, ушунча абалга келгиче эмнеге арак ичип жүрө берет, жайында го мейли кышында кайда жүрүшөт?" деп басканын жайлата алардын көз айрыбай бара берди. ”лам өйдөлөгөн сайын стакан көтөргөн а€лдар, самогон сурап жалдырап. Ўөлбүрөп кийинген а€л-эркектер. Ѕир кезде арыктын четинде улгайган бир а€л менен эркек кучакташып отуруптур: "Ёмнеге ушул бомждор түгөйлүү болот да менин түгөйүм жок?" деп негедир анын ички өксүгү эми өзүнө сезилгендей болду: "ырас эле мен жалгыздыктан тажап жатам го" деп ойлоп, кадамын тездете жөнөгөндө решеткага жөлөнүп алып даарат ушатып жаткан эркекти көрүп тык токтой калды. јнын даарат ушаткан жери ага кызыктай көрүндү, анан калса ал ага даана көрүнүп турган эле. ‘еруза өзүн кызыктай абалда сезип көзүн ала качып басып кетейин деп кадам таштады да, кайра эле аны карап жиберди. јл дале бүтөлек экен. –ешеткага жөлөнүп зорго эле тургандай. џргалып араң турат. јл кадамын тездетип баратып ошол адамдын жүзүн көрүүгө кызыга кайра бурулуп бет ороюн карады: "жаш эле турбайбы, эмнеге мынча ичет, себеби бардыр" деп ойлоп анын үстүндөгү кийимин карады. јбдан кир, тытык, кийим деген эле аты бар экен: "Ёч кимиси жок го, болбосо ушул абалга келбейт элеЕ" деп ойлонду да, базар жабыла электе эртелеп алчуусун алууга ылдамдай басты.

Ѕазар жабыла элек экен, эл суюлуп, базарчылар товарларын жыйып жатышыптыр. ары-бери тамак-аш ала коюп үйгө келатса ба€гы мас дале турган экен, шымын чала бүчүлөп алганга чала-була көрүнүп калыптыр. ‘ерузанын бүткөн бою дүр дей түштү.  анчалык тарткынчыктаганы менен улам карагысы келип, мастын турушун таңдана көз ирмебей бир топко карап туруп, анан ылдамдай басып кетти. Үйүнө келгенден кийин да газка чай коюп, тамак жасап жатып мас адамдын элеси, анын даарат ушатып жатканы көз алдынан кетпей кыйнала берди. “өшөк салып жатып алып телевизорду коюп койгону менен көз алдында мас адам. јл ары оодарылып, бери оодарылып, уктай албай жатып бир кезде чоочугандай ордунан туруп отурду да, мас адамды бирөөгө окшоштуруп тааный албай жатканын эми билди.  өрсө ал айылдаш балага окшоштуруп жатыптыр. Ѕолгондо да ал өзүнүн артынан ээрчип жүргөн ƒуулат болчу: " ызык - деп ойлоду ‘еруза, - адамга адам ушунча окшош болот экен ээ?" јнан анын ою тээ бир топ жыл мурун болгон оку€ны эстеп жылмайып алды: ƒуулат кайсы бир майрамда ‘ерузага открытка менен кошо кат берген эле. јл катта: "‘еруза кандайсың, майрамың менен куттуктайм! ќшол майрамды сага жүрөгүмдү белекке берүү менен куттуктагым келет, анткени мен сени сүйөм, сүйөм, сүйөм! ƒуулат. 197 4. 7. 11." - деп жазганын окуп алып, ‘еруза а€бай күлгөн эле. Ѕирок ал катты эч кимге көрсөткөн да, тыткан да эмес, ушул убакка чейин катып жүрөт. ќодарылып жатып кайра жылмайып койду: "кызыма окуп берем, көрсүн апасын жигиттер кандай сүйгөнүн" деп ойлоп көзү илинип бараттыЕ

Ёртең жумушка барып оңдуу деле иштей албады. Ќегедир кечээги даарат ушатып жаткан адамды эстеген сайын жүрөгү лакылдап, бүткөн бою бир кызыктай чымырап, өзүнөн өзү кыйнала бергенинен жумушунан суранып үйүнө келди. Үйгө келгенден кийин кадимки конок тосчудай болуп өзү жактырган тооктун этинен тамак жасады, анан шашпай жуунуп алып базарды көздөй жөнөдү.  еле жатып: "кайда болду экен, балким ал бүгүн аерде жоктур, же болсо да мени ээрчип келбей койсочу, менден он жашка кичүүдөй көрүнөт" деп сарсанаага батып келе берди.  адимки ќш базары, мына "пь€ный аллей", аерде кечкисин ичип алып, үйү жоктор түнөк кылчу бактын арасында экиден үчтөн чогулуп алып ар кайсыны сүйлөп мастар жүрүшөт. ‘еруза жол менен жа-ай басып, аларды мурда көрбөгөндөй карап жатты. јлардын арасында кечээги неме көрүнбөдү. Ќегедир ага ичинен боору ооруду: "эмне болду экен, абдан мас көрүндү эле, жыгылып катуу тийип бир нерсе болгон жокпу? " деп ага чындап эле кейип кетти: "тууган-уругу болду бекен, ата-энесичи? эч кимиси жок болсо керек, эгер ата-энеси болсо мындай абалга келмек эмес" деп да ойлоп ийди. јңгыча анын тике маңдайынан кечээги эле бойдон ушул жерде өзүн күтүп турган өңдүү аны көрүп калды. Ќегедир ал ошол эле жерде эч нерсе менен иши жоктой, бирок решеткага жөлөнүп турган экен. ‘еруза эмне кылаарын билбей мууну калтырай туруп калды. ∆е алдыга, же артка кадам таштай албай турганда оюна бир нерсе кылт дей түштү. ∆е тагдырдын чындап эле буйругубу же кокусунан болдубу, ‘ерузанын анын жийиркеничтүү кейпинен тартынчыктабады. јл азыр чечкиндүү түрдө ушул караңгылыктан пайдаланып аны жетелеп кеткиси келди. ћедет турмуштан жолу болбой, карыган энесине да бара албай ара жолдо калганына кейип ичип алат да, же иштен жок, же акчадан жок биттеп-кирдеп бүткөн. јнын азыркы кебетеси ушунчалык жийиркенерлик эле.  анчалык кийими жыртылып кирдегенине карабай, жүзү сүйкүмдүү көрүнчү. ‘еруза аны акырын колдон ала:

- ∆үрү, эмне болуп калгансың, карачы кебете-кешпириңди! - дегенде ћедет элдир-селдир кызды бир тиктей берип:

- ја... сен кимсиң, менЕ мени кайда алып барасың? - деди.

јл анын мастыгынан пайдалангысы келди. Ѕирок андан ары эмне болоорун ойлободуЕ

- ћен эжең болом, сен киши тааныбай калгансың го ээ? - деди да жетелеп жөнөдү. Ѕирок ћедет ага тоскоолдук кыла албады, кете берди кыздын жетегинде.

‘еруза ћедетти үйүнө алып кирип, бутун чечтирип анан ашканага киргизди да столго олтургузуп тамактан куюп алдына койду:

- “амактан ич! - деп анын маңдайына өзү олтуруп тамак иче баштады. ћедет алдына койгон тамакты эч тартынбай дагы, бирөө тартып алчуудай болуп шашып дагы ичип жатты. ‘еруза аны өз оюна койду. —толдун үстүнө төгүп, чачып ичип жатканын карап олтура берди. ќтуздан ашканча анча-мынча тамашалашканы болбосо, эркек менен бет маңдай жалгыз бир бөлмөдө отурганы ушул эле, ал эки көзүн албай карап олтуруп: "куда€ тобо-оо, эми муну үйгө алып келип алдым, эми эмне кылам, же жуунтуп, кийинтип жолго салсамбы же?..." деп өзүнүн суроосуна өзү жооп табалбай жатканда ћедет ‘ерузаны карап:

- Ёже, сизге ырахмат, көптөн бери тамак ичпей калдым эле, сообума калдыңыз. Ёми кете берсем болобу? - деп сурап калганда ‘еруза шашып калды:

- ∆ок-жок, жатып эле алыңыз, же үйүңүз барбы?

-  айдагы үй, мен жолдо жүргөн бир эркин селса€кмын! - деди ћедет аны карап тамашалагандай жылма€, ал соолуга түшкөн эле.

- јнда түнөп эле алсаңыз болот, көчөдө түнөбөй келип туруңуз! - кетип калабы дегендей аны суроолуу карады.

- ”шул кебетем менен сиздинЕ

- ја-а, эч нерсе эмес, жууп койобуз, жата бериңиз, талаада кантип?...

-  өнүп бүтпөдүкпү, азыр го жай, күн жылуу, бейиш да, кыштын күнүчү?!

-  айдан болосуз?

-  өлдөн.

- јта-энеңиз барбы?

- јтам эчак эле өлгөн, апам бар элеЕ

- јнан эмне болду?

- ћен минтип өз арбайымды таппай жүрөм, анан ал эмне болду билбейм, өзүм жалгыз бала элем, энем байкуш менин азабымдан куурады гоЕ?

- ∆аман болгон тура, би€кка эмне келдиң эле?

- “овар алып кетип соода жасайм деп келип акчам менен кошо паспортумду алдырып жибергем.

-  анча болду келгениңе?

- Үч жылдан ашып баратат.

- »штеген жоксуңбу?

- ƒокумент жок эч жерге жумушка албай койду.

- “ачки түртүп, же жүк түшүрсөң деле болот эле го?

- Ѕаарына паспорт керек да.

-  ыйын болгон экен, апаң жөнүндө кабарың барбы?

-  айданЕ

ќшол бойдон Ёкөөнүн ортосунда сөз токтоду. Ёкөө өз-өзүнчө ойлонуп жатты. ‘еруза: "өзү жалгыз бала болсо, энесинин дайынын билбесе, ушундай да келесоо болобу? јкчасын жоготсо карыздап деле айылына кете берсе болмок экен, же апасынын да колунда жоктурЕ" ћедет: "энесинен кабар албаган кандай неме деп үйүнөн кууп чыгаар бекен.. Ѕаса, эмнеге мени үйүнө ээрчитип келип тамактандырды экен, боор ооруган го? " деген ойдо сыртты көздөй жөнөдү эле, ‘еруза:

- ∆атып эле ал, эртең кийим-кече алып берип жардам берсем ичпейсиңби же көнгөн адатыңдан чыга албайсыңбы? - деди.

- Ёжекебай, андай жакшылык кылсаңыз өмүр бою кулуңуз болоюн, энемди эстесем эки мүнөт тургум келбейт, айла жокЕ

- јнда ваннага керип жуун, - деген ‘еруза ойлонуп калды: "бир да эркектин кийими жок, ваннадан чыкканда эмнени кийет, кайра кантип ошонусун кийсин?" - кир, кирип жууна бериңиз, - деп койду да, өзүнөн кийим салчу шифоньеринин ичин издеп кирди. Ѕир жолу иниси келип, ошонун кийимдери жүргөнүн көргөн эле, шашкалактап ошону таппай жатты. »здеп жатып тапты да, ваннадан чыкканда которунсун деп каалгага илип коюп өзү ашканага кирди да стол үстүн жыйнай баштады.

ћедет ваннага кирип жуунуп чыкканда өңүнө чыга түштү. јга берген ‘ерузанын инисинин кийими кичине чоңураак болгону менен мындан он беш минут мурунку ћедетке окшобой калды. ‘еруза ага балконго орун салып берди да, өзү ордуна жатты, бирок ал дагы уктай албай ооналактай берди. ћедет болсо жуунуп, тазараак кийим кийгенге сергий түштү белем, башы ооруганы да билинбей уйкуга кетти.  антсе да таза кийинип, карды тоюп калганга тырп этпей уктады. ‘еруза ооналактап жатып таңга маал гана көзү илингенин билбей калды. Ёртең менен бир дабыштан улам ойгонуп кетсе ћедет кеткени жатыптыр.

- Ёмне, кетип жатасызбы? - деди ‘еруза уйкулуу көзү менен.

- ∆ок-жок, азыр келем, - ћедет мукактана жооп берип чыгып кетти. јл чынында жанында жарым тыйын акчасы болбосо да башы ооруп тургандыктан ичкиси келип чыгып бараткан болчу. јны ‘еруза сезбеди, бирок терезеге келип карады эле, анын столчиктеги а€лдын жанында олтурганын көрүп: "»ий, башы оруп калган го, беш сом берип койбой" деп кайра төшөгүн жыйып, газга тамагын ысытып, чай коюп ћедетти күтүп жатканда ал кирип келди. јны көргөн ‘еруза негедир андан сүрдөгөндөй абалга келди, анткени азыр ћедет таптакыр башка жигит эле, кечээги батташып турган чачтары тармалдашып, сеңселип турган болчу.

-  елиңиз, тамактанып алыңыз, - деди ал аны сүрдөгөндөй карап жылма€, - татынакай жигит турбайсызбы.

-  оюңузчу, бирок чын эле жаман абалга келип калганмын, сизге өмүр бою ыраазымын! - ћедет столго олтура берип жооп берди.

Ёкөө тамактанып жатып көпкө сүйлөшүп отурушту. ‘еруза да өзү жөнүндө толук айтып берди. јнын ата-энеси, бир туугандары бар экенин. Өзү жалгыз турарын айтты.

ћедет эки-үч күн үйдөн чыкпай жүрдү, кокус кайрадан ичкич "досторун" көргөндө азгырылып кетүүдөн коркту. Өзүн өзү кармап, минтип ичерге тамак да€рдап, үстүнө кийим жаңырткан адамдын мээнетин, өзүнө жасаган мамилесин ойлоп у€лып атты. Ѕирок улам эле кылт эте оюна түшкөндө ичкиси келип араң чыдап, акыры бир жумадай өткөндө кадимкидей унута түштү.

Ѕир үйдө эки жан, эки адам, болгондо да жаштыгы денесине батпай жаштык көөдөнүн тээп кумардуу түндөрдүн ээси болуп экөө эки түгөйдүн коюнун толтурчу жандарЕ Ёкөө тең дасторкондо отурганда бир туугандай же жакын адамдардай мамыр болуп сүйлөшүп бара-бара бир бирине көнүп баратышты. Ѕир күнү алардын үйүнө ‘ерузанын апасы менен эң кичүү иниси келип калды. јлар ћедетти көрүп ичтеринен тынып тим болушту, сыртынан эч нерсе айтпай үч күн жүрүп, кетээринде апасы ‘ерузага:

-  ызым бул ким, жашырбай эле айта бер садага, атаң экөөбүздүн тилегенибиз ошол, сен орун-очок алып калсаң болот эле, - дегенде ‘еруза:

-  ойчу апа, ал жөн эле бизде иштеген бала, квартира тапканча туруп турат, - деп жооп берип койду.

ќшол бойдон экөө тең үнсүз жолго чыгып жуп машинага отураарда апасы:

- ћейли балам, бирок ойлон, жашың бир топко келип калды, жакшына бала экенЕ - деп жөнөп кетти.

јлардын эмне ойлоп, эмненин сүйлөшкөнүн ћедет кайдан билсин, ошол күнү ал өз оюн айтууну чечти.

- ‘ерузаЕ мен эми сиз макул болсоңуз үйгө барып келейин, апамды көрүп кеңешип дегендейЕ - деп андан ары үндөбөй туруп калганда ‘еруза:

- Ёмнени кеңешесиң, барсаң бар, кокустанЕ - деп ал дагы андан ары айта албай туруп калды: "ичип кетип жүрбө" деп айтып жибере жаздап токтоп калды.

ћедетти ‘еруза айлына жөнөтүп, өзү калып калды. јл эми чоң үмүт менен күтүп: "апасы экөө келип мени алып кетээр" деген ойдо жүрдү.

ooo

 аныш эне бир жума бою күттү, издеди, чарчап-чаалыкты, көзү талыды. Ѕул убакта ћедет  өлгө үйүнө кеткен кез болчу. Ёненин алдынан чыкканда тааныбай өтүп кетип, эртеси эле ‘еруза аны жетелеп алып кетип аллейге чыкпай калган болчу.  елгенине он беш күнгө та€п калса да уулунун дайынын биле албаган  аныш эне сарсанаага батып: "ботом эмнеси болсо да аман-эсен болгой эле, биртике тыйынымды дагы коротуп алдым, как талаада кала элете үйгө кете берсемби, алда-а кудай аа-ай пешенем тайкы тура, жалгыз уул берип тирүүлүктө анын азап-тозогун тартып жүрүп өтөмүн го, деги бир жалгызымды аман көрүп небере эркелетер күнүм бар бекен?!" деп зар ойлоп жүрдү. Ѕир кезде ќш базарынын ичинде арасында баратып жан чөнтөгүнө бирөөнүн кол салганын байкап кыйкырып калды:

- ќо-ой кокуйгүн, алды-ы, акчамды алып койду айланайындар! - деп көп элдин ичинен суурулуп четке чыгып, каткан жеринен караса акчасы жок. ќшондо эстеди, жана тамактанганда жан чөнтөгүнө салганын. ќшентип эне жарым тыйын акчасы жок кала берди. Ёки саат мурун ар кимге боору ооруп: "ушулардын батасы тийип уулумду таап алаармын" деп кайыр-садага берип жаткан эне эми өзү мусаапыр боло түштү. Ѕа€кы бакылдап баатыр сүйлөгөн √үлнар да ага көрүнө бербеди. "јл кызын тапты бекен" деп ойлоду эне.  анчалык ыйлап-сактап ар кимден сурамжыласа да уулум тааныган бирөө чыкпады. јйласы куруп, аргасы кеткенде √үлнардын сиңдисинин үйүнө бармай болду.  айра өз оюнан өзү баш тартып, жакынкы арадан эптеп жатакана издеп көрүүнү чечти. јнткени бир жолу барган үйүнө маршурткага түшүп баргандан кийин бир топ басууга туура келет. ќшондуктан эненин ою: "кыргыз баласы бейтааныш болсо да кудайы конокту кабыл албай койбойт, сөзсүз бир кыргыз чыгаар, ал турсун кары киши экен деп сыйлап бир түнгө түнөтөөр?" деп ойлоп ар бир көчөлөрдү кыдырды. ∆адагалса кардынын ачканын айт, эртең менен тамактанган бойдон акчасын алдырып ийисе да баарына кайыл болуп уулун издеп жүрө берип кеч киргенин байкабай да калды. јл алы куруп адегенде эле  ы€лдын алды жагындагы көчө менен барып «елена€ көчөсүнө түшүп эшик тыкылдатып кирди. Ѕиринчи эшиктен эле жоо-жолпусунан келген а€л чыга калды. јны көргөн эне сүйүнүп кетип:

- јйланайын, акчамды алдырып ийип көчөдө калдым, бир түнгө түнөп кетейин, кудайы конокмун! - деди эне үмүттүү.

- —ага окшогон кудай коноктордон тажап бүттүм, барчы ары, жолдо жүргөн "бомжду" кудайы конок деп жаткыра берсем мага ким акча төлөмөк эле! - деп эшигин тарс жаап кирип кетти.

 аныш эненин бүткөн бою муздак суу сепкендей муздап барып кайра эсине келди да: "кой минтип тура берсем түнгө калам, эптеп бир жай табайын" деп ойлонуп андан ары дагы бир эшиктин каалгасын какты. јл эшик көптө барып ачылды да жаш кыз баш бакты:

-  им керек?

-  ызым, бир эле түнгө, корооңо эле киргизип кой, түнөп алайын, акчамды алдырып ийип, - деп муңканып барып сүйлөй албай тамагын жаш бууп каргылданып кетти.

- јкчаңды алдырсаң эмне кылайын, мага милдет кылбай жолуңа түшчү! - каалгасын жаап ичинен илгени угулуп турду.

 ызым, бир түнгө ырайым кыл, мендей чоң энең же эжең бардырЕ - эненин айтканын жоопсуз кылды.. бир азга чыгабы" деп үмүттүү турду да андан ары жөнөдү.

Ѕир топко барып дагы бир эшикти такылдатты. јндан орус а€л чыкты да:

- „то вам надо? - деди эшигин ачып ачпай.

- ?..

- ќо ужас, нет-нет, уйдите! - деп ал дагы эшигин тарс жаап алды.

Үмүтүн үзгөн  аныш эне алсыз сенделип андан ары карай жол улап, бул жашоодон көңүлү калгандай кетип бара жатты. Ѕул убакта жайкы саратандын түнкү он бири болуп калган эле. јндан кийин эле эне эшик каккан жок. Ѕир топ басып барып, басууга дарманы калбай калганда бир короонун түбүнө, талдан көрүнбөй турган жерине олтуруп таңды күтүүгө мажбур болду. јнткени эне эртең мененки боюнча оозуна наар албагандыктан алы куруп, бул турмуштан, бу жашоодон тажап, айтып келчү ажал болсо азыр алып кетсе да кайыл боло короонун дубалына жөлөнүп олтуруп калды. Ѕирок жашоо деген миң кырдуу эмеспи, эмеле ажал келсе да€р турганы менен анын бир ою: "оо кудай жалгызымдын жүзүн көрүп, үнүн угуп, ошонун колунан тамчы суу ичсем арман жок эле" деп ойлонуп олтуруп көзү уйкуга кеткенин сезбей да калды.

Ёртең менен калдыр-шалдыр эткен дабыштан ойгонуп кетсе таң аппак агарып калыптыр, эне ошондо уйкунун ары жогун сезди. Ѕолбосо өмүрүндө талаада, кара жердин үстүндө олтурган жан эмес эле минтип как жерде мемиреп уктаганын кара, чарчаган экен көрсө. ќрдунан туруп, этек жегин кагып өйдө болду да кайрадан базарды көздөй жөнөдү илкип. Ѕул жолу уулун издөөдөн мурун кара курсактын камын көрүүнү ойлоп турду эне: "эптеп бирдеме өзөк жалгап алсам анан дагы кечке издесем, уулум алдымдан жарк этип чыга калса айылга кетип, мал-салдын барында үйлөнтүп-жайлантып койсом" деп, эне базардын күү-шаасына жеткиче ушул ойлорго берилип өзүнчө кы€лданып баратты. Ёненин жанына беш, алты жаштагы бала келип:


“олук окуйм десеңер, алуу шарты биерде >>>



пїњ –Ш–Ј–і–∞–љ–Є–µ –Ї–љ–Є–≥–Є –Ј–∞ —Б—З–µ—В –∞–≤—В–Њ—А–∞
–µ–Љ–µ–є–ї:janyzak@mail.ru
+996777329784
–Р–ї–≥–∞–љ –Љ–∞—В–µ—А–Є–∞–ї–≥–∞ —И–Є–ї—В–µ–Љ–µ –±–µ—А–Єң–Є–Ј!
 © J.Janyzak, Kyrgyzstan 
–°—Б—Л–ї–Ї–Є –љ–∞ –≤–Ј—П—В—Л–µ —Б—В–∞—В—М–Є –Њ–±—П–Ј–∞—В–µ–ї—М–љ—Л!
–ѓ–љ–і–µ–Ї—Б.–Ь–µ—В—А–Є–Ї–∞