»нтернет библиотека ∆анызак@басма
—амое дешевое издание книги за счет автора! 

¬атсап: +996777329784
—отка +996700329784
емейл: janyzak@mail.ru

 ниги автора јйгүл Ўј–Ў≈Ќ на кыргызском €зыке

Өзгөчө базар

Ёлебаев көчөсүнөн бурула бергенде эле адам жийиркенерлик сөздөр менен сөгүнгөн мас кыздардын үндөрү жаңырды:

- Ёй, сен кимсиң ы€, сигЕ ин десе, кечээ менин клиентим менен кетип калыпсың да?

- јл мени өзү алып кетти, сен жок болсоң ага баары бир эмеспи!

- Ён-недурайын, сенин бойуңда бар го, кантип бардың ы€? - ыржалактап күлгөн болду.

- Ѕойумда болсо эле иштебей ачка калайынбы, күйөөм өзү иште деп жатса иштейм да.

- Ён-нээң бүгүн "жирный" клиент тейледим, а€-€бай март экен, мамаңа көрсөтпөй салып ал деп мага боор ооруп акчаны а€бай таштап кетти.

- јнда сен ага жагып калгансың го?

- јнанчы, айтып койбо мамашага, айттың дегиче кагып алат эй!

- Ёмнеге айтмак элем, мен "жекече" иштейм да, алар менен сүйлөшпөйм өзүң билесиң.

- ћен деле өзүмчө иштесем жакшы болмок, сутка бойу канча иштесем да жарытылуу акча калбайт, көз каранды болуп жашоо кандай азап бли-ин, - кейий сүйлөп кызуу болсо да көмөкөйүндөгү көк түтүнүн улутуна чыгарып алды. јңгыча манты, оромо алып Ўакен менен јйна жете келди. јларды көрүп үндөбөй карап калышты.

- џсык оромо жегиле кыздар, манты бар! - Ўакен аларга карады, - јбдан жакшы, ич май, куйрук менен жасалган.

-  анчадан? - ∆анагы кыз басып келип сурады, - ћага жакшы болсо бир оромо бериңизчи, эгер жакса дагы жейм, ичим ачышып атат, - Ўакен ороп-чулгап алган оромосун алып пакет менен анын колуна кармата койду:

-  өрөсүң го дагы бер дейсиң, бирок насы€ бербейм, только наличка!

-  оркпо мамаша, акча бар! - јл кыз пакетти колуна алып ачты да бурдап сугуна баштады, - ќй бли-ин, чын эле сонун экен, дагы экини бериңиз мамаша, ме акчаңды ал! - деп бир колу менен джынсы курткасынын төш чөнтөгүнөн жүз сомдукту алып сунду.

- ћына! - Ўакен да шаша буша акчаны алып оромону көтөрүп јйна экөө ары баса турган болгондо дагы бирөө аны токтотту:

- Ёже койо турсаңыз?! - деди да жапайы адамча эки колу менен пакетти кармап алып сугунуп жаткан кызга карады, - јйда мага бирди алып берчи, мен сага эртең берем, мамашага айтпа, тойбойсуңар деп урушат.

- јл, мен төлөп койом! - јйда токтоосуз макул боло акча алып бере салды, - бирөөнө тойбойсуң, экини жеп ал, пока € добра€!

- –ахмат јйда, а€бай ачка болдум, бүгүн мен иштей элекмин, кокус бүгүн иштебесем тирүүлөй өлтүрөт чыгар.

- —езим коркпочу, жинге тийсе экөөбүз бөлүнүп өзүбүзчө иштеп кетип калабыз.

-  айдан, кийим алып бердим, тамакка төлөдүм, квартирага деп айдан айга карыз болуп калып кете албай жатпаймынбы?!

- ∆анын жейт, зато биздин артыбыз менен күйөөсү экөө жан сактап ошон үчүн кетиргиси келбейт да, кокус сойкулар болбосо буларың өлүп калат!

- јкырын угат, - —езим элеңдей ары жакты карап койду.

- ”кса урганым барбы, карандай чындыкты айтып жатам.

- ќшентсе да. - —езим ысык оромону алып бир четинен жей баштады.

Ўакен менен јйна андан ары басып баратканда сутенерша Ёлмира аларды машинанын эшигин ачып чакырып калды:

- Ёже оромоңуз барбы?

- Ѕар, жаңы эле келдик, бирок карызга бербейм Ёлмира, капа болбо, балдарым наны жок отурат.

-  арызга бербесеңиз кантип сатасыз, бул жерде өзүңүз билесиз карыз бермейинче соодаңыз болбойт да, азыр менин бир дагы кызым иштей элек.

-  ойчу Ёлмира, мен дагы балдарымды багам деп ушул суукта түндөсү келип кар кечип жүрөм да, мурунку карыздарыңды да бере элексиң.

- ћурунку карызыбыз канча эле? - Ёлмира калп эле билмексен болуп сурады.

- Ёки жүз кырк сом.

- јнда мындай эже, эки жүз сом берем, кырк сомду бүгүнкүгө кошуп койуңуз да беш оромо бериңиз.

- »й-ий ушинтип эле турасыңар, мурункусун толук берчи жок дегенде, эртеңкиге товар алып алайын.

- ∆ок, эки жүз берем, - Ёлмира керсейе отуруп алганда Ўакен аргасыз макул боло беш оромо берди да, Ёлмира берген эки жүз сомду алып жөнөй бергенде аны кайра чакырып алды, - тигини эмнеге ээрчитип келдиңиз, "чужойлорду" алып келбей өзүңүз эле келбейт белеңиз, биердеги "секреттерди" элге таратсаңар көрөсүңөр! - Ёлмира жалган күлө тамашалаган болду. јл бул учурда чындап эле жини келип турган.

- ќй ал мени менен эле келген, түнкүсүн жалгыз коркот экемин.

- Ѕаары бир, чужой деген чужой да, - Ёлмира арыраакта, сөгүнүп-сагынган кыздарды карап делдейип турган јйнаны жаман көзү менен карап койуп сигаретин түтөтүп кирди. Ўакен менен јйна андан ары ээрчишип көпүрөнү көздөй жөнөдү. јл жакта да топтошкон кыздар каткырып күлүп жатышкан. Ѕир кезде топтошкон кыздар дүргүп эле ар кайсы жакка жүгүрүп калышты. Ўакен јйнага акырын ымдап:

- "ќтметкага" келишкен го, сен аларды көп карай бербе, бирөөлөрдү шилтеп экөөбүздү мосттон ыргытып ийип жүрбөсүн - деди.

- Ёмнеге? - јйна аны түшүнбөй карап калды.

- Ёмнеге дейт тура, чужойду эмне ээрчитип келесиң? - деп урушуп жатат, - Ўакен шыбырай сүйлөдү.

-  им?

- “игилер, болду унчукпа, үйгө барганда айтам.

- Ѕолуптур, - деген јйна топурап, көпүрөнүн алдына, комоктордун ичине, жолдун ары жагына качып жаткан кыздарды көз албай карап жатып жооп берди. Ёкөө ээрчишип алып көпкө жүрүп оромо сатып бүткөндөн кийин жолго чыгышты. ћаршрутка токтоп калган, бирин-серин жеңил машиналар гана өтпөсө түнкү саат бирлерде кайдан.  өпкө жол тосуп, көрүнгөн жеңил машинага кол көтөрүп, бетти аймалай чыйрыктырган суукта үшүп да кетишти. Ѕир кезде машина токтоду эле экөө жарыша жүгүрүп жетишти.

-  айда барасыңар?

- ‘учик паркына, акчабыз ∆ок-жок, дегенде „үй көчөсүнө алып барып койчу айланайын.

- —уукта акчаңар болбосо эмнеге жолго чыгасыңар? - айдоочу жактырбагандай экөөнү карады.

- ќокатчылык экен да, ушул жакка бир аз соода кылабыз, бүгүн карызга берип баса бердик.

- Ёмне, сойкуларгабы? - јйдоочу аларды сынай караганда экөө бири-бирин тиктешип унчукпай калышты, -  ел отургула, - экөө шашып отургучка отура бергенде зуу этип машина ордунан жылды, - ƒа-аа., оокатчылык дегилечи, кыздардын кызыгына батып жүргөн турбайсыңарбы?

- Ѕизге алып келген товарыбыз өтсө болду да, - Ўакен кейий сүйлөдү, -  үндө карыз сурап жешет.

- јлар эмне сутенершаларды эле көптүрүп жатат да.

- ќоба да, байкуш кыздар акчага деле ээ болбойт экен.

- ќшон үчүн "мамаша" да, машина алып, үй салып, күйөөлөрүн үйүнөн чыгарбай багып жатышат, күйөөлөрү болсо өзүнөн он-он беш жаш кичүү.

- —из кайдан билесиз? - Ўакен айдоочуну таңдана карады.

- ћен далай кыздарды таксиме салып жеткирем, ошондо уккам алардын тарыхын.

- ја-аа, - јңгыча келер жерине келди окшойт, экөөнү карады ал:

- “үшкүлө эми, бала-бакыра багам дегениңерден боорум ооруду, болбосо бекер алып келбейт элем.

- –ахмат айланайын иним, кудай жалгасын,

- Ѕолуптур, - јйдоочу эшигин жапты да жолун улады.

Ўакен менен јйна жапжарык Ѕишкектин ээн көчөлөрдүн биринде кобурашып кетип атышты, Ўакендин көңүлү көтөрүңкү, бүгүнкү беш оромосу карыз кеткен менен бир аз акчага сатып кудуңдап алган.

- ∆анагы шүмшүк Ёлмира сени ээрчитип алганга жаман көрүп атпайбы, - деди да, - жүрү ай жүз грамм согуп алалы.

- Ёмне үчүн? - аны суроолуу карады, - алар эмнеге урушат ы€?

- ќй биердеги секреттерди эл билип калат деп, аны эмне кыласың, айтса айта берсин, жүрү суукта өлүп калбайлы, кичине ич жылытып алалы.

- Ѕаары бир билет да, мен мурун эле угуп жүрчүмүн бул питак жөнүндө.

- јл эчтеке эмес, булардын быкы-чыкысы көп да.

-  андай быкы-чыкы?

- Ёми сага кантип түшүндүрөм, биерде күйөөсү бары да, бойунда бары да иштей беришет, кээ бир эркектер кыздарды "сүйөм" деп ээрчитип алып ошонун акчасы менен жан сакташат экен, дагы толгон секреттери болсо керек, даана билбейм, - Ёкөө ээрчишип ачык турган камокко барып жүз граммдан ичип алып андан ары жөнөштү.

- ќй тобоо, бойунда бары кантип?

- ”шинтип эле! -  обурашып отуруп үйлөрүнө жетип келишти.

*** *** ***

ћари€м бул "жумушка" келгени май көл сүт көлдүн үстүндө жыргап эле калды. јнанчы, бекер кычыраган акча түшүп жатса, өзүнүн көтү короп жатты беле?! Ѕир кезде анын да убайын бирөөлөр көргөн, эми минтип куруттай акчаларды долларга айлантып жан чөнтөгүнө салып керсейип жардамчысына ишенип машинанын ичинде отурат.  окус "рейд" же "отметка" болуп калса өзү сүйлөшүп "энчисин" берет да кетирип жиберет. јлар да билет ким менен сүйлөшүштү.  ыскасы бул жумушка келгени өкүнбөйт дагы, ал турсун өзүн бир мекеменин башчысындай эле сезет.  ыздары иштебей аз иштеп калса сазайын колуна берет.  апчыгы толо акча, жаш күйөө, машина, үй, баары бар, башка эмне керек? "Ёх курган гана жашоо, эмнеге гана алып барбайт" деп кээде үшкүрүп да оор күрсүнүп алат. Ѕүгүн да негедир көңүлү чөгүп, өткөн оор тагдырын эстеп, чөнтөктөгү капчыгын сыйпалай көзүнө жаш кылгырып турдуЕ

јнда ћари€м беш жашта эле, ата-энесине эркелеп, ойундан башканы билбеген көпөлөктөй кыз эле. Ѕир билгени, ошол көз ирмеминде калганы көз алдынан кетпейт. ќшол күнү ћари€мды атасы көтөрүп эркелетип, ээрчип ыйласа өөп сооротуп, колуна акча карматты да:

-  ызым байкең экөөң ойноп тургула, биз бат эле келип калабыз, сага сонун ойунчук алып келип берем, - деп жигулисине отурганда колуна сумкасын көтөргөн апасы үйдөн чыгып ћари€мды такыр көрбөөчүдөй кайра-кайра ууртунан өөп, байкеси  урманды өөп анан атасынын жанына отуруп колун булгай жүрүп кетишкен. ќшол бойдон ал күнү да, түнү да келишпеди, кечинде "апа", "ата" деп атып ыйлап уктаган ћари€м эртең менен ызы-чуудан ойгонуп эшиктин алдындагы топураган элди көрдү.  урман байкеси өкүрүп, өксөп ыйлап жатыптыр,  өп элдин ичинен ата-энесин издеген ћари€м үйгө кирди, бирок жандай көргөн апасын, эртең менен кытыгылап, өпкүлөп ойготчу атасын көзгө чалдыктыра албады. ќшол, ошол болду башка эч нерсе билбейтЕ топурап топтошкон а€лдар аны жетелеп барып:

- ќо шордуулар, коштош эне-атаңар менен, коштошкула, эми келбейт, келбес сапарга узап кетти, - дешип экөөнө боору ооруп көшөгөнүн артында жаткан ата-энесин көрсөткөндө  урман ого бетер буркурап түшө калды эле аны алып чыгып кетишти. Ёкөө эки капшытта жаткан эле: "Ёмнеге келишпейт, уктап эле аткан тура" деген ћари€мдын ойуу.

- јпа, апа турчу, мага ойунчук алып келип берем дебедиңер беле, апа, ата! - ћари€м атасына келгенде кучактап ойготкусу келди эле аны а€лдар кайра жетелеп үйдөн чыгарып койушту. Үйдүн сыртында бөйрөгүн та€нып алып ыйлап жаткан байкесин, дагы башкаларды көрүп: "Ёмнеге ыйлап жатат, атамдар уктап жатса аларды тургузбайЕ мен аларды тургузам, мени көрсө сөзсүз ойгонот" деп кайра жүгүрүп үйгө кирген кичинекей кызды эч кимиси этибар албай калганда көшөгөнүн этегинен сойлоп кирип:

- јта, турчу, эмнеге уктап жатасыңар, турчу! - дегиче эле а€лдар чоочуп кетип аны көтөрүп ала койду да кучактай кошо ыйлап атты, бирөөсү:

- —адагасы, атаң да, апаң да өлүп калды, кирбе а€кка, алар эми турбайт, жүрү жүрө гой үйгө. - жаш келин аны көтөрүп жөнөгөндө ћари€м:

- џкы, өлбөйт, атам, апам өлбөйт! - деп жулкунуп чырылдаганда отургандардын баары көздөрүн жаштан атышты, -  ойо бергиле мени, ата, апа, тургулачы, мен силерди ойготойун десем болбой атышат, ата! апа!!! - ћари€м жаш келинге ээ бербей колунан суурула чыркыраганда аны эптеп алып чыгып кетишти. “опураган эл эки, үч күндөн кийин жок болушту. ∆акын туугандарынан бирин-серин жүрүп акыры ар биринин көртирлиги кыстап өз үйлөрүнө кетмей болушту. ќшондо алар чогулуп эки баланын тагдырын ойлоп эки тууганы экөөнү алып кетүүнү бүтүм кылышты эле  урман:

- Ѕиз эч жакка барбайбыз, карындашымды өзүм эле багам! - деди жер карап.

-  арындашың жаш, кыйналып каласыңар, күндө келип кеткенге бизде да убакыт болбой калат, андан көрө үйүңөр тура берет, кичине боор көтөргөнчө экөөңөр эки жакта болуп тургула, үч-төрт жылда сен бойго жетип каласың, ошондо өз үйүңөргө келесиңер.

- ∆ок, эч жакка барбайбыз, ата энемдин ордун жоктотпой өз үйүмдө эле болом! - деп  урман көшөрүп туруп алганда баары ага бир сөз кайтара алышпады. јтасы Өсөрдүн өзүнүн бир тууганы жок эле, аталаш туугандары кайгырып чын дилинен айткан менен он эки жаштагы  урман муйуп койбоду. ќшол бойдон баары акыл-насаат айтып тарап кетишкен. јнда-санда келип тамак-аштан кайрылып турушат. "“уугандын турпагы алтын" деген ошо да. ћари€м абдан жүдөдү, кийими кирдеп, кээде тойсо, кээде ач болуп ба€гыдай эркелетип алдап соолап тамак ичирчү атасы жок, жуундуруп турчу апасы жок томсоруп үйгө кирип чыгып ойногон болот. ћари€м көчөгө чыгып ойноп кайра кирип келе жатып апасын элестетчү, ысык нанды бышырып алып: "келе гой кызым, ысык нан менен каймак жеп алчы, ойноп жүрүп кардың ачты го?" деп жылма€ карап тургандай ашыга жүгүрүп кирип байкесинин эптеп бышырган нан менен чай ичип отурганын көргөндө супсуну сууй бир топко босогодо жалдырап туруп калаар эле.  урман анын кийимдерин жууп, нан жасап, сабакка барып жүрдү. Ѕирок бара-бара ал абдан кыйналды: "ћари€мды алпарып берип койсом окшойт, кыйналып кетти" деп ойлойт. јнан кайра: "кой эптеп чыдайын, бир-эки жылда чоңойуп калат" деп өзүн өзү сооротуп тим болот. Ѕир жолу ћари€м үйдө отуруп алып а€бай ыйлап жаткан, балалык жан дүйнөсү кейип, негедир эмнеге ыйлаганын билбейт, өпкө-өпкөсүнө батпай ыйлап жатса  урман кирип келип ага үйрүлө карап калды:

- ћайраш, сага эмне болду, бирөө урдубу?

- ∆о-оок, атамЕ апам.. - соолуктап жаткан ћари€мды ал кучактап алып өзү да ыйлады, ата-энесинин кыркы боло элек болчу, ќшол күнү ћари€мдын эти от менен жалын боло ысып түнү бойу: "ата, апа" деп жөөлүп чыкты да эртеси көзүн ачпай жатып калды. Ёч нерсе ичпеди,  урман андан коркуп туугандарынын үйүнө барды, аны көргөн агасы:

-  ел  урман, келе гой, кир үйгө, - деди.

- ∆ок, кирбейм, ћайраш ооруп калды, үйдө жалгыз жатат, эмне кылаарымды билбей эле келгем. -  урман босогодон өтпөй туруп калды, көздөрү жашылданып бирдеме деп жылуу, боор ооруган сөз айтса эле ыйлап жиберчүдөй абалда турган.

- јтаны кокуй ай, куса болуп калды дейм, - ичкериден чыккан жеңеси кейип кетти.

-  ой экөөбүз тең баралы, - ∆аманкул а€лын карады эле ал да жөнөдү. јлар келгенде ћари€м былк этпей жаткан, өңү бозоруп сулк жаткан кызды көрүп чоочуп кетишти. ∆анына келишип чекесин сыйпалап көрүшүп тирүүлүктүн жышаанын сезе "өх" деп алды ∆аманкул.

- ћайраш, ээ ћайраш көзүңдү аччы кызым, тур тамак ичип алып ойночу, - ∆аманкул зээни кейий каңырыгы түтөй түштү.  өздөрүн ачпай эле дөөрүй баштады:

- јпа, апа, ата Е ата-аа!

-  ой кызым, мына мен атаңмын, тура гой! - ∆аманкул кызды эңкейе калып бетинен өөп, чачынан сылады, Ёркебүбү дагы үңүлүп:

-  ызым тура гой, биз атаң экөөбүз жаныңда отурабыз, турчу кызым, - деп колуна алып алдына отургузду. ”шул кезде анын эти от менен жалын болуп турган эле.

-  ой бул катуу куса болуп калыптыр, баланы бекер мертинтип албайлы, атты алып келе гой  урман, мүрзөгө алып барып келели, - ∆аманкул босогону караганда  урмандын да ыйлап турганын көрүп көзүн ала качты, -  ой өзүм эле алып келейин, - деп ордунан туруп сыртка жөнөдү. Ёркебүбү күйөөсү келгенче ћари€мды алдына алып отуруп:

- ћайраш, көзүңдү аччы садага, мына апаң менмин да, мен келбедимби?! - деди эле көздөрүн бардап-бардап ачып алып:

- ∆о-ок сен апам эмессиң, менин апам башка, ал келет, мени алып кетишет, келет атамдар! - деп жүзүн буруп кеткенде Ёркебүбү ага эчтеме дей албай жүзүнөн өөп койду, жүрөгү болк этип алды. ∆аманкул атын токуп келип тээ төштүн түбүндөгү чоочун, дүпүйгөн айылды көздөй жөнөп калды,  урман менен Ёркебүбү ээрчип алган. Ёски мүрзөнүн арасында талдар бар, жазында бүрдөгөндө жапжашыл болуп алыстан кадимки эле айылдай көрүнөөр эле. „еткерээк жагында жаңыдан пайда болгон кош дөбөнүн четине чөк түшө калып куран окуп бата кылгандан кийин Ёркебүбү алып отурган ћари€мды ала койгон ∆аманкул:

- ћайраш, карачы мына кызым атаң менен апаңдын мүрзөсү, эми алар кайра келбейт, көзүңдү ачсаң! - деп айтып алып мууну бошоп: "топурак суутат дечү эле, көрсүн, көрүп алып түңүлсүн, бала неме өлгөнүн билбей келип калаар деген үмүт менен күтө берип куса болгон экен, биротоло түңүлсүн" деп ойлоп жатты. ќшондо ћари€м көзүн ачып башын өйдө көтөрдү да:

-  ана, атамдар кана?! - деп эки жакты элеңдей карады. Өзүн араң кармап турган ∆аманкул менен Ёркебүбү да,  урман да көздөрүнүн жашын үнсүз куйултуп отурушту.

-  урган дүйнө, шум ажал ай, сени ушинтип боздоткон ажалга каргыш! - башка эч нерсе дей албай күңгүрөнүп кызды бооруна кысып отуруп калды. ћари€м обдула дагы башын көтөрдү:

- Ѕайке, кана атамдар, мен көрөйүнчү?!

- ћына кызым, ушул жерде жатышат, эми алар келишпейт! - ћари€м ошол кезде чоң кишидей аларды алмак-салмак жалдырай карап үчөөнүн тең көздөрүндөгү жашты көрүп улутунуп ийди да ∆аманкулдун алдынан түшүп мүрзөнүн жанына барды, эки мүрзөнүн ортосуна отуруп алып:

- Ёмнеге өлдү алар, мени, байкемди жалгыз таштап өлбөй эле койбойт беле?! - деп эчкирип барып апасынын боз топурактуу жаңы комдошо баштаган мүрзөсүнүн үстүнө жатып алып ыйлай берди. Ёркебүбү аны колуна ала койуп:

- јлда-аа садагам ай, шум ажалга арга жок тура! - деп эмшеңдеп кызды бооруна катып солкулдап ыйлап отурду. ∆аманкул бир нерсе ойуна түшө калгандай эки мүрзөнүн үстүнөн чымчым топурак алып жүзаарчысына түйдү да:

- Ѕолду, үйгө кайталы, - деп атын көздөй басты. Ѕала өңөргөн ∆аманкулдун артынан эки караан үнсүз кетип баратты. Ѕул жолу ∆аманкул аларды өз үйүнө алып келди да жүзаарчыга түйүлгөн топуракты идишке эзип туруп ћари€мдын оозуна жакын келип: - »че кой кызым, бул дары, топурак суутат деген ушул. Ёртең эле ойноп кетесиң, - деп ичирип жиберди. ∆агымсыз даамы болсо да аны жутуп ийип бир окшуп алды.

Ёркебүбү тамак жасап бүткөндөн кийин чогуу тамактанышты, ћари€м эч нерсе ичпеди.  өпкө төшөктө жатып анан акырындык менен сакайып ойноп калганда ата-энесинин кыркын беришти. ќшол кыркы өтүп жатканда ызылдап ыйлап бирөө келди, ал апасынын бир тууган сиңдиси болчу, өлгөнүн кеч угуп ушу кыркына келген эле. џйлап-сыктап куран окутуп бүтүп эл тараган кезде ал чогулгандарга сөз баштады:

-  удалар, мен ћейилкандын бир тууган сиңдисимин, ата-энеден эки эле кыз элек, алыска турмушка чыгып, дарегимди билбей кабар айтпадыңар, кайран эжем менен жездемдин көзү тирүү болсо башкача болмок эле, айла жок тура өлүмгө, бири тирүү болгондо. - деп жашып, көз жашын аарчып алды да, - Ёми мына бул эки баланы жалгыз тамга серейтпей мен өзүм алып кетейин, мал-салы деле куда€ шүгүр эле, үй жайын бүт көчүрүп өзүм тарби€лайын, - баарын бирден карап чыкты да, - Ёгер сиздер макул болсоңуздар, өлгөндөн калган жээндеримди багып алганга кудуретим жетет, - деди: "эмне дээр экен" дегендей дагы бир сыйра сыдыра тиктеп.

-  удача, - деп сөз баштады ∆аманкул, - биз деле намыс үчүн ушулардын көз жашын көрүп туруп кантип чыдамак элек, мал-кеш деп атасың, өлгөндө сойулду, кыркында сойулду, эми бир уйу менен беш-алты жандыгы калды, алам десең да€р эле, бирок ага бу  урман эмне дээр экен? -  урманды карады эле ал башын көтөрбөй туруп жооп берди:

- —из апамдын бир тууганысыз билем, биз экөөбүздү ажыратпай эле тим койууңуз, анткени мен эч жакка барбайм, ушул үйдү ээсиз калтырып, ата-энемдин очогун өчүргүм келбейт!

ќтургандар кенедей баланын сөзүнө муйуп, а€лдар көздөрүн жаштап атты. ∆ер чукулаган  урман да тамагын жаш муунтуп, үнү каргылдана үнсүз отуруп калды:

- —адага болойундарым ай, алыс болуп силердин кабарыңарды ала албай мен да кыйналам, жалгыз эжемдин балдарынын тагдыры мени тынч алдырабы, эжемдин арбагы мага ыраазы болобу?

- јны билбейт экемин, кыскасы мен эч жакка барбайм!

-  урман, айланайын уулум, улуунун сөзүн уккан жакшы, ырас эле кара чечекей бир туугандын күйүтү, алардан калган балдар кимди кайдыгер калтырат, сен али жетиле элексиң, үй-жайды сенден эч ким талашпайт, чоңойуп алсаң өзүнчө үй күтүп, түтүн булатасың, эжеңди капа кылбай жакшылап ойлон. - ∆аманкул эки жагын карана сүйлөдү, -  аргаша дегенге айла жок тура, болбосо Өсөр менен ћейилканды өлөт деп ким ойлоптур, али да жаш эле, "кырсык каш кабактын ортосунда" деген туура экен, эртең менен жакшынакай кетип эле кайтар маалында өлүктөрү келди.

- ќшону айтсаңыз, экөөнүн бири тирүү калганда мындай болмок эмес, өз үйүңөрдө эле болмоксуңар, азыр жалгыз сен жаштык кыласың, улуулардын сөзүн угуп жүр садага, менин деле толуп жаткан бүлөөм жок, жалгыз уулум менен күйөөм үчөөбүз эле жашайбыз.

- јлыс кетип калсак үй эмне болот, мен үйдө эле болойунчу, биерде туугандарга барып турам. -  урман саал жоошуй сүйлөдү аргасы кете. ќшентип ары кетип бери кетип жатышып акыры  урман карындашы экөө тең —ейилкан менен кетмей болушту. ∆алгыз уйун жылдыгына сойо турган болуп, жандыктарын көбөйтүп бага турган болуп макулдашты да шаарды көздөй жөнөштү. —ейилкан үзүлүп түшүп, ыйлап сыктап жээндерине жакшы караган менен күйөөсү менен эрке өскөн жалгыз баласы аларды сүйбөдү. Ѕаргандан эле ƒани€р  урмандан өйдөсүнүп аны теңсинбей кыр көрсөтө баштады. —ейилкан  азахстандын јстана шаарында жашачу.  урмандан бир жашка улуураактык кылып, шаар билип эркин жүрүп көнгөн ƒани€р аны ээрчитип алып балдардын ортосунда у€ткаргысы келдиби:

- Ѕаурдастар, мынау жигит менин бөлөм болады, аулдан келген, силер менен күрөскө чыгам дейди гой! - деп каткырып калды.

- ќй ба-ай осундай батыр болса көрелик, кана кайда баралы! - деп бири  урманды тикчие карап калды.  урман бөлөсүнүн буларга шылдың кылгысы келип жатканын сезип аны жаман көрө бир карады да, -  урөшсө күрөшөм, ƒани€р сен мени буларга басынтканы турасыңбы, таэжеме айтпасам элеби?! - деп өзүн эркектана сезди да алдыда болчу күрөшкө да€рдык көрүп ичинен бөлөсүн сөгүп атты. Ёэн жерге барышып беш-алты бала тегеректеп туруп,  урман менен ћансур экөөнү: "кимиси жеңээр экен" дегендей карап калышты.  урман мурун бир да жолу балдар менен күрөшүп же мушташып көрө элек болчу, сабакты жакшы окуп, сабактын отличниги болгонго мугалимдер сыйлачу. Ёкөө күрөшүп жатты,  урман тажрыйбасыздык кылып жеңилип калды, бөлөсү баш болуп баары аны шылдыңдап күлүп басып кетишти.  ечинде үйгө келгенде  урман дулдуйуп тамак да ичпей, сүйлөбөй барып жатып алды. —ейилкан ага далбастап, үстүнө үйрүлүп:

- —адагам  урман, эмне болду сага, бир жериң ооруп турабы, же бирдемеге капа болдуңбу? - деди эле ал тескери карап жаткан калыбында бурк этти:

- ∆үрөгүм ооруп турат таэже, мени эмнеге алып келдиңер эле, казактарга шылдың кылуу үчүнбү?!

- Ёмне дейт? - —ейилкандын жүрөгү зырп эте бир саам үнсүз туруп калды. “естиер баланын ушул сөздү сүйлөгөнү анын жүрөгүн чындап оорутту: " апырай бул эмне деп атат, жанагы шүмшүк мунун жинине тийген го, ай ушул баланын азабы, жалгыз бала деп көңүлүнө карасам ал мени а€байт окшойт, буга бир жаман сөз айткан экен, болбосо минтпейт эле Е " деп ойлуу телмирди.

- јйтчы  урман, сени ким капа кылды, ƒани€р бирдеме дедиби?

- ∆ок, эчтеке болгон жок, мени өз айылыма эле жеткирип койуңуз кетем!

- Ёмне дейт, ал эмнеси экен, көнбөй атасыңбы, бир-эки жылды көнүп, аралашып кетесиң, чыда садага чыда.

- ∆еткирбесеңер качып да кетем!

-  ой антип айтпа каралдым, арбак үчүн силерди көзүмдүн карегиндей сактайм, үйлөнтөм, анан өзүңдүн үйүңө жеткирип койом.

- Ѕаары бир кетем! -  урман көмкөрөсүнөн жатып алып соолуктап ыйлап жатты, - ата-энем болгондо ушул казактарга басып келмек эмесмин, казактар боору таш болот деген чын экенЕ

-  ой садага, качам деген ойуңдан кайт, мына баары турат, курсагың ток, кийимиң бүтүн эмне жетишпей атат?

- ћагабы?! -  урман ордунан тура калып жаштуу көздөрү менен —ейилканды тикирейе тиктеп ызалуу үн катты, - ћага ата-эненин мээрими жетишпей атат, энеңдин бир тууганы энеңдей, атанын бир тууганы атаңдай болбойт экен, жетимдигимди билгенге жүрөгүм ооруп турат!

- —адага, көлөкөм! - —ейилкан аны кучактап алып өксөп ыйлап жатты, - Ёмне кылайын эми, силерди өз баламдай асырайм деп ойлогон элем. - ушул учурда ћари€м ыйлап кирип келди:

- Ёжеке мени, бир кыз жетимсиң, тоголок жетим деп урушту.

-  им экен ал? - —ейилкан ордунан туруп ћари€мды бетинен өөп сооротту, - алар ка€ктан укту, кайсы шүмшүк айтып жүрөт?

- јны балаңыздан сурап алыңыз! -  урман тике айтты, анда кыжырдануу пайда болду, ойунда ƒани€р менен мушташып аны өзүнө өйдө карагыс кылып алгысы келип турду, бирок өздөрү үчүн канатын төшөй калып балапанын коргогон чымчыктай чырылдаган таежесин балалык сезими менен а€п кетти.

- Ёмне дейсиң, ƒани€р айтып жүрөбү? - —ейилкан селдее түштү, баласынын кы€лын билчү, ал турсун келгенден бери жактырбай жүргөнүн да билет. јңгыча сырттан кирген  асен:

- ∆етимди жетим дейт да, ага эмне мынча тызылдап атасың, эчтеке болбойт, көнүп кетишет, - деп төркү үйүнө кирип кетти,  урман таежесин карап үндөбөй отуруп: "мен кетишим керек, казактарга кор болгончо, өз үйүмдө, көнгөн айылымда жашайм" деп ойлонуп таежесин а€п карады. —ейилкан ћари€мды кучактаган бойдон көзүнүн жашын агыза "бекер кылган экемин, өзүнүн туугандарында болгондо мынчалык сөз укпайт беле?" деп ичтен сызып отурду.

”бакыт өтө берди, —ейилкан ƒани€рды тилдеп койгондон бери  урманга тийишпей кадимкидей достошо түшкөнсүдү, бирок  урман өзүнчө үйүнө кеткиси келип алардын турмушуна көнө албай кыйналып ћари€мды кыйбай эле жүрө берди. ћари€м улам чоңойгон сайын көздөрү бакырайып татынакай болуп өсүп баратты. —ейилкан аны өз баласынан кем көрбөй аздектеп эжесинин арбагы үчүн колунан келишинче тарби€лап жатты. Ѕилинбей арадан төрт жыл өтүп ƒани€р менен  урман керилген жигиттерден болуп калды.  урман сабактан жакшы окучу эле казак тилин өздөштүргөнчө абдан кыйналды. јл тогузду бүтүп эле таежесине кеңешип жумушка орношуп алды. Ёртең менен эрте кетип кечинде кеч келет, ƒани€р болсо достору менен жүрүп кечинде көпчүлүк убакта кызуу келет. јта-энеси анын тагдырын ойлоп кыжалат болуп өздөрүнчө кыжы-кужу болушчу болду. «ыңкыйып иштеп өз кийимин таап ћари€мга да каалагандай алып берип окуусуна көз салып турган  урманды көрүп у€лып, намыстанган жездеси аны көргүсү келбейт. ћари€м алтынчы класска окуп кол а€кка жарап калган. —ейилкан анын чачын жууп өзү өрүп берчү, узун эки өрүм чачы кызды эмитен эле көркүнө чыгарып турат. ƒани€р аны негедир суктана карачу болду. »чинде кандай арамы бар экенин эч ким билбейт. ќшол күнү —ейилкан бир жумушу менен кеткен, сабактан келген ћари€м чечинип, чай койуп ичип эми сабак да€рдоого киришкен эле, кызуу абалда келген ƒани€р анын төркү үйдө экенин көрүп акырын колуна бычак алып алды да артынан кирди. јны көргөн жаш кыз этибар албай кайра артына бурула бергенде колуна бычак алып өзүн көздөй келаткан ƒани€рды көрүп бакырып ийгенде ал келип оозун басып коркутуп кирди:

- Үнүңдү чыгарба, кыйкырып же каршылык көрсөтсөң өлтүрүп салам! - ћари€м титиреген бойдон өзүн жоготуп койду эле аны каалаганча черден чыга уйпалап туруп төшөк салып жаткырып койду. Өзү кайдадыр кетип калды. ћари€м тээ бир топто эсине келди, бирок эти от-жалын болуп ысып калыптыр. —ейилкан кеч келди, ћари€мдын төшөктө жатканын көрүп, "капырай чак түштө жатчу эмес эле, буга эмне болгон, ооруп калдыбы?" деп жанына келип бетин ачып көрүп чоочуп кетти. ∆үзү кубарып, кара терге түшүп онтоп жатыптыр.

- ћайраш садагам, эмне болду сага? - үйрүлүп түшүп турган —ейилканга анын жооп бере турган алы жок эле, кыңылдап гана аткан. Ёси чыгып врач чакыртты, аңгыча  урман келип анын абалын көрүп а€бай коркуп кетти. ¬рач келип текшерип көрүп эле ооруканага алып кетүүгө көтөрүп жөнөгөндө кийиминин баары кан болгонун көрүп иштин чоо жайын түшүнүштү. ƒароо эле а€лдар бөлмөсүнө алып барып кыздын аесуз зордукталып, жатыны үч-төрт жеринен айрылып, жамбаш сөөгү ажырап кеткенин далилдешти. —ейилкан эмне кыларын билбей ботодой боздоп өз баласынын ушул ишти кылганына көзү жетпей турду: "кантип, кантип ушуга барды, кара чечекейимди ушуга барат деп ойлодум беле, атасы укса эмне дейт,  урман аны эми соо койбойт". ¬рачтар кыздын зордукталганын, экспертизадан кагаз алып сотко ашырууга милици€ чакырышты. ќн экидеги жаш кызды өлтүрүп койо жаздаган экен. ƒани€р үйүнө келбей дайынсыз жоголду.  урмандын күйүтүн айтпа, ƒани€рды көрсө кескилеп өлтүргүсү келип атты. ћари€м бир аз өзүнө келсе да сүйлөбөй жалдырап жата берчү болду, аздап зордук менен тамактанганы менен  урман менен —ейилкан кашына келсе да эч нерсе сезбегендей жата берет. ќрган кызматкерлери кыздан тактап сураганы келсе да эч нерсе сезбегендей жалдырап жатканы жаткан, нез болуп калгандай унчукпайт.  урман менен —ейилкан анын жанынан чыкпайт.  асен болсо жалгыз уулунун кылыгынан баш көтөрө албай ойлонуп жатып кан басымы көтөрүлүп ооруп калды. —ейилкан байкуш бирде үйүнө чуркаса бирде ооруканага жүгүрүп эзилип бүттү. ћари€мды "жамбаш сөөгү башынан ажырап кеткен" деп гипске салып койушту. Ѕирок андан жылыш болбоду, денсоолугу акырындап калыбына келген менен ал такыр сүйлөбөй калды. ¬рачтар аны "катуу коркуп калган, акырындык менен өзүнө келет" дешти. —ейилкан  урмандан тартынып тике карай албай: "эжеңдин арбагын сыйлаганың ушулбу, карындашымды кордоп койуп балаң дагы бир жерде чардап жүргөндүр" деп айтат деп сүйлөй албай кайпактап андан өзүн алыс кармап жанына тура албай калды. Ёстүү болуп, жаман жакшыны түшүнүп калган  урман таежесинин абалын көрүп ооз ача албады: "баары бүттү, болор иш болуп бойосу канган соң таежемдин жүрөгүн оорутуунун кереги не, ордуна келмек беле?" деп жүрөгү зырп этип сайгылашып алат да улутунуп тим болот: "Ёмнеси болсо да аман калганы жакшы болду, ордунан туруп сакайып кетсе үйгө алып кетем" деп ичинен өз ойун бышыктап алды. ƒани€рдан болсо дайын жок, милици€ издесе да табылбады,  урман болсо таежесинин көңүлү үчүн: "кечтим, карындашым аман калды болду, бөлөк эмеспиз бөлөбүз" деп арыз жазбай басып койду. ќшондогу  асендин  урманга жалынып ыйлаганы, ыраазылыгын билдирип алкаганы башкача болду:

- ”улум, азаматсың акылдуу жигит болдуң, бөлөң ошондой акмак болду, арга канча, карыганда бизди бакпайт көрүнөт, акылы жок болуп калды, - деп  урманга кайра-кайра батасын берип атты.

-  антейин, ушул уулумдун жашоосу үчүн канчалык далбастап кара жанымды карч урбадым. - —ейилкан бышактап отурду.

-  урман айланайын, ћайраш жакшы болуп кетсе бир серке сойуп кудайы кылалы, эшиктин алдында таежең айткан ƒани€рга деп жыйган мал турат, каалаганыңча сатып ал балам, -  асен чын пейилинен айтып жатты. јл дале болсо жалгыз уулун ойлоп: "түрмөгө түшүп калса оңолбойт, эптеп кагылып согулуп адам болуп кетер беле, эми  урман карайып туруп алса эмне болоор экен?" деп сарсанаага батып жүргөн эле, көңүлү жайланып, чечекейи чеч болуп отурганы ошондон экенин жаш болсо да  урман жаземдебей билди.

- “айжезде, чынын айтсам таежем экөөңөрдү сыйладым, эгер башка бирөө болгондо дүйнөнү түрө кыдырсам да таап өч алмакмын, айла жок! - деп улутунуп жиберди.

- џраазымын уулум, бир аз болсо да колумда жүргөнгө өз баламдай эле көрүнүп калдың.

ћари€м үч ай дегенде жүрүп кадимкисиндей басып калганы менен сүйлөбөй калды. —ейилкан бирдемелерди айтса жалдырап карап туруп берет. ќшондо анын жүрөгү сыздап ага көрсөтпөй ыйлап алат. јр күнү бир-эки саат жанында болуп тамак берип үйрүлүп түшүп турган —ейилканга врач кирет.

- Ёже, кызыңыз жакшы болуп калды, эки, үч күндө чыгарабыз, жакшылап караңыз, - ћари€мга карады, - ќй сулуу кыз, эркелей бербей жакшы болуп кет эми, - деп эркелете чачтарынан сылап койду.

-  арабай анан, муну карабаганда кимди карайм, уулум, деги сүйлөп калаар бекен, бир тууган эжемдин кызы, ата-энеси экөө тең авари€дан өлгөн, бирөөгө кор кылбайын деп алып келип алып ушул абалга туш кылдым, - —ейилкан бышактап ийди, - туугандары укса эмне дейт, келечегине кыйын болуп калат го?

- ∆ок эже, эч нерсе болбойт, азыр бул жаш, катуу коркуп өзүн жоготуп койгон да, эми бир сүйлөсө катуу чоочугандан бир сүйлөйт, көрөсүз го чоң кыз сүйлөгөндө тим элеби? - врач тамашалай сүйлөдү. ”шул учурда ћари€мдын көздөрүнөн тамчы жаш куйулуп атты.  анчалык азап тартып жабыркап турса да баарын түшүнүп тили гана сүйлөөгө келбей жатканын көрүп тигил экөө үндөбөй калышты.  өптөн кийин —ейилкан врачты карады:

- ќозуңа май айланайын, өлгөндөн калган керээзди жаркылдатып катарга кошсом арманым жок элеЕ

-  ошосуз эже, бул жаш немени катуу коркуткан, болбосо мындай болмок эмес, көп кейибеңиз, денсоолугуңузга да караңыз. Ѕул тагдыр, ар бир пенде маңдайга жазгандан качып кутула албайт да, - врач кетмек болду, - Ёми сизге кудай кубат берсин.

- –ахмат уулум, колуңдан эчендеген оорулар айыгып алкыш алып жүрө бер айланайын.

- —изге да чоң рахмат, жакшылап караңыз.

- Ѕолуптур, балам, - врач чыгып кеткенден кийин —ейилкан ћари€мдын чачтарын сылап, бетинен өптү, - кызым жүрү эшикке чыгып бир аз сейилдеп келели, жата берип зериктиң. - ћари€м башын чайкап койду суз гана, - ќлда кагылайын ай, эми эмне кылайын, шордуу балам өз күнөөсүнүн айынан атасынан коркуп үйгө келбей дайынсыз жүргөнүнө менин энелик жүрөгүм сыздап, тынчсызданып жатпайымбы, ошончолук айбан болсо да ичтен чыккан ийри жылан деген ошол экен да, - —ейилкан үңүлдөп, буулуга ыйлап жатканда ћари€м анын көзүнүн жашын колу менен аарчып, башын чайкап: "ыйлаба" дегендей боору ооруп таежесин а€п мөлтүлдөгөн көз жашы шүүдүрүмдүн тамчысындай мөлт этти. —ейилкан аны кучактап алып бугу чыкканча жаш баладай солкулдап атты. јйткандай эле үчүнчү күнү ооруканадан чыгарып келди.  елгенден сабагын окуп бирок көпчүлүк убакта мелтиреп ойлонуп олтура берчү болду. јн сайын бардык убактысын жалгыз ћари€мга бөлгөн —ейилкан анын жанында.  итептерди сатып келип берип, гезит, журналдарды көп окуганга шарт түзүп ойлонбой, алаксытканга аракеттенсе да бир калыпта жүрө берет, жаш болгону менен ошол оку€дан кийин ћари€м абдан токтоо болуп ар ишти акыл калчап жасоого аракеттенет. јнткени ооруканада дагы үйгө келгенден кийин да: "жаштайымда чырпыктай кыйылып, чымчыктай чырылдап кордолдум, эми мага жашоонун эмне кереги бар, андан көрө өлгөнүм артык го, мектепке да бара албайм, кайсы арыма окумак элем, кыздар балдар мени шылдыңдашат, мазакташат, кантип чыдап окуйм?" деп жан дүйнөсү тарып кең аалам ал үчүн заматта чымчыктын у€сынан да тар болуп өзүнө өзү батпай буулугуп кетет, "„ымчыктын у€сында чоңойгон балапандарча эркин учуп, у€да бактылуу чоңойо албадым, мага караганда кичинекей у€да өскөн балапандар кыйла өйдө го?" деп улутунуп алат. —ейилкан күйөөсү  асен экөө аны көзү ачыктарга көрсөтүүгө кеңешип ошол эле шаардагы белгилүү көзү ачыкка каршы болгонуна карабай алып барышты. ќрто жаштагы а€л аларды карап:

-  ыздын өзү кирсин, - деди эле —ейилкан ага түшүндүрүп айтты.

- —иңдим, мен кошо кирем, өзү сүйлөй албайт, мен жардам берейин, угайын.

- ћакул эже, отургула, - көзү ачык бир топко көзүн жумуп теспесин тартып отурду да анан кызга карады, - Ѕул кыз а€бай бактылуу болотЕ бирок арам иш менен жетет ал бакытка. - дегенде —ейилкан ага жини келе минтти:

- јнысын кайдан билдиң, ушул жаш кызга ошентип айтканың кантип болсун?

- Ёже, буга чейинкиси айтпасам да өзүңүзгө белгилүү экен, тагдырын көрүп атпайымбы, эч чоочубаңыз, эки-үч күндө бир коркунучтан улам сүйлөп кетет. ј чынында арам оокат табуу жолунда турат.

—ейилкан эмне дээрин билбей калды, врачтын: "катуу коркуудан же сүйүнгөндөн сүйлөйт" дегени эсине түшүп: "капырай деги эмне болуп кетет, коркунучтан дегени кандай, эмнеден коркмок эле?" деп санаага берилип туруп калды.

- Ёэ айланайын, эмнеден коркмок эле, дагы кандай балээ болгону турат, айтчы ачыгын?

- Ёч кандай балээ жок, болгону бир коркунуч бар, чочулабай эле койуңуз, - көзү ачык көзүн сүзө жооп берип, теспесин тартып отуруп сүйлөп жатты, - Ѕаары жайында болот эже, абдан жакшы.

—ейилкан көзү ачыктын айткандарына алымсынбай күдүк ойдо үйүнө келди: "“уугандары укса эмне дейт,  урман да ичинен сызып акчасын топтосо эле үйүнө кеткенге аракеттенип жүрөт, кетсе муну би€кка таштабайт, сураганга эмне деп жооп берет?" деп ичинен ирип кыйнала берди. Ѕирок ушул эле учурда уулун да каргай албайт, эгер башка бирөө болгондо жаман болмок: "каргайын десем жалгызсың, каргабайын десем байкушсуң" деген ушул тура, улутунуп каректери жашка толуп ойчул болуп кетти өзү да. Ёч кимге айтпаган арман, жан адамга ачылбаган сыр болот эмеспи. Ёмесе —ейилкан дал ошондой ооруга чалдыкты.  ызды күнөөлөйүн десе анын серпилип жигиттерге каш кага турган убактысы келе элек эле, анан да өзү деле бир мүнөздүү, тазалыкты жактырган, жумшак, кы€лданганды жакшы көргөн он экидеги секелекти кантип күнөөлүү дей алат? Ёлибизде: "бир колумду тиштесем бири ооруйт, бирин тиштесем бул да ооруйт" дегендей экөөнү тең кы€ албай, бирине кантип көңүлүн жубатаарын, бирин эмне деп жаман сөз айтаарын билбей ортодо чайналып жүрдү. ќшол күнү —ейилкан өзү кичине сыркоологонсуп эти ысып жатып алган. ћари€м сыртта өзүнүн кирлерин жууп отурган болчу. ƒарбаза ачылып ƒани€р кирип келатканын көргөн кыз "апа - апа!" деп эле аттап буттай үйгө кирип келди. „оочуп кеткен —ейилкандын жүрөгү "болк" эте ордунан кандай турганын билбей калды.

- —адага болойун ћайраш, сага эмне болду, неден корктуң кызым? - деп ћари€мды кучактап көзүнүн жашын аарчып өөп атты.

- ƒани€р! - мышыктан коркуп бүрүшкөн чычкандай калтырап калган экен.

- Ёмне дедиң, сен сүйлөдүңбү кызым, ƒани€р дейсиңби, ал келдиби?

- ќоба, - кыз калтырай жооп берди.

-  ана, кайда жүрөт? - Ёне эмеспи, көптөн бери көрбөгөн уулун сагынган эне жүгүрүп алдынан чыккысы келди да: "капырай ал келсе, кечинде  урман да келип бирин-бири өлтүрүп койбогондой эле, андан көрө аны үйгө киргизбей эле кетирейин, айылга булар кеткенден кийин деле келээр" деп сыртка арыш таштады.

- —из кайда таеже, мен корком, жалгыз таштабаңыз! - ћари€м көзүнүн жашын мончоктото артынан басты эле —ейилкан эмне кылаарын билбей аны кучактап туруп калды бир топко чейин. ƒани€р үйгө киргенге батынбады, ата-эненин жүзүн көрүү ал үчүн өлүм эле, бирок келбегенге да болбой калган, ба€гы ата-энесинин колунда каалагандай жүрүп иштеп табууну билбеген неме кыйналганда аргасыз келген. —ыртта көрүнбөй мал сарай жакта басып жүрүп: "мен акмакмын, туура эмес кылдым, апамдын жүрөгүн да оорутуп, эгер  урман мени көрсө сөзсүз соо койбойт, а үйлөнүп алсамчы, жаш да, болбосо бөлөгө үйлөнсө болот да" деп чар жайыт ойлорду ойлонуп үйгө киргенге даабай акыры эч кимге көрүнбөй кетип калууну ойлонду да шырт алдырбай чыгып кетти.

—ейилкан эшик шырп этсе эле ƒани€рынын кирип келатканы, келип өзүн кучактап эркелегени көз алдына келип ойу бөлүнө берди, күттүЕ Ѕирок уулу караанын көрсөткөн жок.

ћари€м кадимкисиндей сүйлөп, оокат ашты жасап жакшы болуп калганда  урман айылга кетүүнү туура көрдү:

- “аеже, эми биз айылга, өз үйүбүзгө кетели, бир аз акча жыйдым, барып үйдү ремонт жасайын, канча жылдан бери киши кирбеген үйдүн тамтыгы кетип калгандыр, силерге өмүр бойу ыраазымын, бизди ушунча жыл багып тарби€ладыңар.

- —адага болойунум ай!!! - —ейилкандын жүрөгү сайгылашып,  урмандын айткандары жүрөгүнө бычактын мизи кокус тийип кеткендей зырпылдап алардын алдында өзүн күнөөлүү сезип, ал турсун  урмандын айткандары какшыктай сезилип атты. ћуну  урман менен  асен, ћари€м деле сезип турушту, бирок эч нерсе дешпеди. Ќе демек, баары айтпаса да көрүнүп эле турган.  урман карындашынын кадимкисиндей болуп сүйлөп калганына кубанганы менен анын тагдыры бүдөмүк болуп ичинен өкүнүп атты.  амынып бүтүп алар менен кошо —ейилкан да бармай болду. ћари€мдын - денсоолугу калыбына келген менен жүрөгүн өйүгөн арман, өкүнүч, өксүк менен кетип баратты: "ћен эми башкалардай болуп жадырап жүрө албайм, күлө албайм, мектепке окуй албайм, ата-энем өлгөндө эле неге өлүп калбадым экен, кудай ай!" деп ай ааламды жаңыртып, айгай, салып өксөп алгысы келет, жаш болсо да келечеги, тагдыры талкаланганына боз торгойдой боздоп бу дүйнөдөн учуп кеткиси келет, бирок өлүм деген түрү суук, кулакка жаман угулган, бүткөн бойду дирт эттирген, канчалаган пенденин жашын алган каргыш тийгирден коркту, өз жанын өзү кы€ албады, алсыздык кылды. “аксиде бир нерселерди сүйлөшкөн менен ар кимиси өз ойлору менен алек болуп кетип жатышты.

јйылга келээри менен  урман эмгеги менен таап келген акчасына ата-энесине куран окутуу үчүн бир кой сойду, коңшу-колоңу, ага туугандары алардын келгенине кубанып, мындан аркы жашоолоруна тирек болоорун айтып ыраазы болуп атышты.

- ћына, атанын баласы деп ушуну айтат, сенин уйуңдун торпогун уй кылып эки баш кылдым, койлоруң бир уулум, арбак үчүн сенин келээриң менен берейин деп күтүп отурам, "жетимдин акысы, зыгырдын огу" деп койот, эми баарын өзүң алып багып оокатыңды жаса! - ∆аманкул үнүн бийик көтөрүп төрдө отурду.

- ќшону айтсаң, Өсөр абдан жакшы киши болчу, силерди кандай кылып гана бакпады, өмүрлөрү кыска экен шордуулардын, эми силер чоңойдуңар, таежеңе ырахмат жетимдей кылбай жетилткен, - кошунасы муну айтканда —ейилкандын башы шылк дей түштү,  урман аны да байкады, бирок билдирбеди. “ек бөлөсү ƒани€рды ичинен жек көрүп, сөгүп таежесин а€п атты.

- ћына уулум жыйырмага келдиң, үйлөнөөр кезиң болду, жаш болдуң, жетимдин кийимин кийгизбей бакканы көрүнүп турат, үйлөн биз жардам беребиз, - ∆аманкул чын дилинен айтып жатты, - јскерге кеткиче үйлөн, ћайраш менен келин оокатын жасап турат, биз көз салабыз.

- јпа, мен азыр үйлөнбөйм, үйдү жаңыртып, адам катарына кошулайын, анан үйлөнөм.

- ћейли уулум, өзүң бил, аскерге чакырып калса кете бересиңби?

- ¬ойонкоматка ата-энесинин өлгөн кагаздарын арыз менен тапшырса албайт, карындашың карасын деп сельсовет менен сүйлөшсө деле справка берет.

- ќоба-ооба, десең, чычкандай кыз турса аскерден калтырып койот. - ќшентип куран окулуп бата кылынгандан кийин ар кимиси өз билген акыл насааттарын айтып анан тарашты. јлар кеткенден кийин —ейилкан жүрөгүн өйүгөн ойун сыгылып отуруп акыры айтты:


“олук окуйм десеңер, алуу шарты биерде >>>



пїњ –Ш–Ј–і–∞–љ–Є–µ –Ї–љ–Є–≥–Є –Ј–∞ —Б—З–µ—В –∞–≤—В–Њ—А–∞
–µ–Љ–µ–є–ї:janyzak@mail.ru
+996777329784
–Р–ї–≥–∞–љ –Љ–∞—В–µ—А–Є–∞–ї–≥–∞ —И–Є–ї—В–µ–Љ–µ –±–µ—А–Єң–Є–Ј!
 © J.Janyzak, Kyrgyzstan 
–°—Б—Л–ї–Ї–Є –љ–∞ –≤–Ј—П—В—Л–µ —Б—В–∞—В—М–Є –Њ–±—П–Ј–∞—В–µ–ї—М–љ—Л!
–ѓ–љ–і–µ–Ї—Б.–Ь–µ—В—А–Є–Ї–∞