»нтернет библиотека ∆анызак@басма
—амое дешевое издание книги за счет автора! 

¬атсап: +996777329784
—отка +996700329784
емейл: janyzak@mail.ru

 ниги автора јйгүл Ўј–Ў≈Ќ на кыргызском €зыке

—ыр катылган жалгыз там

Ѕул айылдын четиндеги өзгөчөлөнө салынган там жападан жалгыз эч ким кирбеген бойдон тураар эле. ќшол кездеги айылдагы үйлөрдөн башкача салынганы көрүнүп турчу, бирок дубалдары урап бузула баштагандан кийин да сыны кетпеген. јйылдын балдары ал жакка ойногону жөнөгөндө кары кишилер:

- јл үйгө жакындоочу болбогула, ал үйдүн ээси бар, ыйык үй, - дешчү.

- Ёмне үчүн ээси бар, эмне үчүн көрүнбөйт? - деп делдейе сураган балдарга:

- јл көрүнбөгөн ээ, үйдү кайтарат, барган балдарды кармап алат, - дешип жакшылап түшүндүрө алышчу эмес. √үлдөр бир күнү таенесинин жанына отуруп алып:

- “аене, тигил үйдүн ээси эмне үчүн кишиге көрүнбөйт, аны сен көрдүң беле? - деди кызыккандай.

- —екелегим десе, анын эмнесине кызыгып калдың, ал үйдүн ээси деле жок, болгону ал үйдө жакшы адамдар жашаган, бала-чакасы калбады, тукум курут болуп кемпир жалгыз жашап өттү, ошон үчүн эле ал үйгө эч ким барбайт.

- Ѕалдары эмне болду эле? - ќго бетер кызыга сурады секелеги.

- Ѕалким анын балдарынын тукум курут болгонуна чоң аталарынын алтынынын зы€ны тийгендирЕ - таенеси ойлуу телмирди, - жакшы жашашкан экен.

- јйтып берчи таене, мен билгим келип атат?

- ћакул секелегим, сербейген чачыңдан садагасы, дегеле кызыгып калдың, айтса айтып берейин. ћындан отуз-кырк жылдар мурун, согуштун алдында болгон экенЕ 1918-жылдар.. .

∆андардын ата-бабасынан бери бийликчи жүрүп, эл башкарып, болуш-бий болуп келишкен экен.  уту бий өлөөрүн алдын ала билип оорубай этпей туруп эле эки уулун чакыртып алып сөз баштады:

- Ѕалдарым, менин сапарым карып баратат, үч күндөн кийин мен биротоло араңардан кетем, ызаат-сыйымды жасап, атамдын жанына койгула, - деди эле эки баласы тең ишенбей күлүп сурашты:

-  ойсоңчу ата тамашаңды, кантип эле, жакшынакай туруп жаман сөздү айтпачы, - деди улуу уулу  ойчубек.

- јзыр сиз күүлүү элесиз, андай сөз сизге жарашпайт, андан көрө көп жашап биздин сыйыбызды көрүп доор сүрөөр кезиңиз, - ∆андар да ишенбеди.

- ∆о-ок балдарым, мага ишарат берилди, атам да өзүнүн өлөөрүн билген, биздин урук ушундай балам, андан көрө мени жакшылап уккула, - дегенде эки уулу тең бир-бирин карап кулак төшөгөндөн башка сөз айтышпады.

- ћен өлгөндөн кийин байлык талашып элге у€т болбогула! ћалды тең экиге бөлгүлө, ∆андар менин ордумду ээлейт, - деди ойлуу, башын эңкейте эки уулун өзүнө жакындата шыбырады, - катылган казынаны өзүм бөлүп берем, алтындын арты өкүнүч, өлүм менен бүтөт. Ёч ким билбеши керек, балдарыңарга да кийин айткыла, - деди да: - Ѕара бергиле, арманым жок, айтчуумду айттым, эми апаңар менен коштошуп алайын, - деп отурган жерине кыңкайды.

јйткандай эле үчүнчү күнү таң эрте  уту бийдин үйүнөн өкүрүк чыкты. џзаат-сый жасап атасынын жанына койгондон кийин дүйнө-мүлкүн экиге бөлүп, ∆андар бий болду. јл өтө залим адам эле. ∆инине тийгенди өлтүрө жаздап сабачу. ∆ылдар өтүп эки а€лынан балалуу болбой, үчүнчү а€л алса да балалуу болбоду.  ойчубектин улуу уулу атасына: "абамдын баласы болбогондон кийин, анын ордуна мен бий болушум керек, ал карып калды", - деп тынчы кете баштады. јны ∆андар инисинин көз-карашынан эле сезчү: "бул бала өткүр чыгат, бий, болуш болууга жарайт, өз уругум эмеспи, балам болбогондон кийин ордумду берип карыганда жаман көрүнбөй тынч жүрсөмбү", - деп ойлонуп кайра дагы бир жолу үйлөнгүсү келди: "“өрт а€л алып, бирине дагы балалуу боло алган жок. уруксуз деп кепке каламбы, чындап какбаш атка кономбу, ээ жараткан, айыбым кайсы, жок дегенде бир эле ту€к берип койсоң ошону кубат кылып өлсөм да ток пейил болуп өлбөйт белем, алтымыштан ашканда мага ким, кайсы кыз тийет, тийген күндө да төрөп береби?" - деп ойлоду да, жүрөксүгөнү менен өзүн бир сынап көргүсү келди. ќшол карыган кезде тагдыр аны кандай калчаарын билбеди, тек жашоодон көптү үмүт эткен адам, көп пенде катары үмүттүн жарык шооласы аны алга карай жетелеп үйдөн аттанып чыкты.

∆игиттери менен эч кимге айтпай коңшу айылдагы өзүнө теңтуш кадыр-барктуу бийдин үйүнө түштү. ќшол жерден ∆усуптун эшигинде жүрчү малын баккан койчусунун жаңыдан бой жетип келаткан кызын көрүп ичинен кым деп алды: "буйруса ушул кыз мага уул төрөп берчү а€л болуп берет экен", - деген ойдо ∆усупка ойундагысын айтпай конок болуп жөн-жай келген болуп кете берди. Үйүнө келгенден кийин ∆усупту чакыртып алып коноктоду да, кетээринде ойундагысын айтты эле ал чочуп кетти:

- ќй ∆андар, бул эмне дегениң, кара жаман кедейдин кызын алам деп, кадыр-баркыңа доо кетирип албайсыңбы?

- ∆усуп, мен баарын ойлоп бүттүм, артымда тукум калбай калабы деп ойлосом түндү уктабай атырчу болдум. Ёмне десе ошол десин, мага ал кыз төрөп берсе болду, анын үстүнө кыз абдан сулуу, сөөгү таза көрүнөт. ћен ушул кыздан сөзсүз балалуу болушума көзүм жетип турат.

- Өзүң бил досум, сенин көңүлүнө жакса ал кыз биздин колдо, кам санаба, аны мен сага алып берем! - ∆усуп ордунан туруп камчысын ала сыртка чыгып аттанып кетти.

ќшол жылы ∆андар јжарга үйлөндү. јта-энеси кызынын каршы болгонуна карабай аны:

-  ызым, ∆андардай кадыр-барктуу, колунда бар киши биздин эшигибизге жөн келген жок, кудай жиберген бак, мындай адамдын назарын сындырганыбыз туура эмес, биздин ойубузга койбой күч менен да алып кетет, андан көрө макул болгонубуз оң.

- ћакул ата, таалайыма ушул киши буйруган болсо айла канча, ансыз да теңтуш күтүп, тойлордо ойноп күлө албадым, кедейдин кызы кайда болсо кем экен, силерди жер каратпайын, - јжар көзүн жашылданта жер карады.

- Ѕизге нааразы болбо кызым, колдо жоктун кордугу күч экен, мына бул иниңди чоңойсо кантип үйлөнтөбүз, көзүбүз өткөнчө бечаралыктан баш көтөрө албай өтөбүз го?

 ейип-кепчиген ата-эне байлыгы ашып-ташкан ∆андардын кызына үйлөнгөнүнө эшигине кут түшкөндөй эле кубанды.  анчалык каада күтүп манчыркаган менен ∆андар јжардын ата-энесине кадимкидей калың берип: "нааразы кылбайын, солкулдаган сулуу кызын алып отуруп теңиме албай койсом болбос, јжарым мага төрөп берсе болду", - деп төрт-түлүк малдан тогуздан айдатты. јжар акылы терең а€л затынан эле. ∆ыл айланбай кыз төрөдү, анын артынан уул төрөдү. “укумсуз өтөмбү деп санааркап жүргөн ∆андардын көңүлү тынып калды.  айрадан бейбечараларды уруп-согуп өз өкүмүн жүргүзө баштады. јйымгүл абдан сулуу кыз болуп бой жетип баратты. ∆андар кы€лында кызын өзүндөй колунда бар, кадыр-барктуу жерге берип, жакшы жерден куда күткүсү келип жүрдү. Өзүнүн жанында эртели кеч малын багып ички-тышкы жумушун жасап, ата-бабасынан бери  уту бийдин эшигинде жүргөн кулу  удайкулдун баласы ага арылбас арман, кайгыны алып келээрин билбеди.  удайкулдун јйымгүлдөн эки-үч жаш улуу баласы јтабек эч нерседен жалтанбаган эр жүрөк жигит болуп чоңойду. јйымгүл менен эртели кеч бирге ойноп жүрүп экөөнүн ортосунда сүйүү пайда болуп баратканын өздөрү да сезишпеди. ∆андардын үйүнө күнүнө эки-үч жуучу келип кыздын колун сурай баштаганда гана жеңесинен уккан јйымгүл так секирип алды. ќшондо гана јтабекти сүйөөрүн сезди. Ёрке, өз билгенин койо бербеген кыз апасы аркылуу атасына јтабектен башка күйөөгө чыкпасын айттырды эле, ∆андардын ачуусу келип  удайкулду үйбүлөсү менен алыс жакка көчүрүп салды. Ёэн талаада ичээрге суусу жок, кылаарга жумушу жок алсыраган үйбүлө аргасы кетип турганда јтабек алардын көңүлүн көтөрүп кокту колотко чыгып капкан менен койон кармап келип, өрдөк атып күнүмдүк өлбөс оокаттарын өткөрүп жатып јйымгүлдү сагынып көргүсү келсе да бара албады. Ёгер кетип капса эле ата-энеси ачкадан өлүп калаары бышык. јкыры јтабек түндөсү ордунан туруп ∆андардын жайлоодогу жылкысынан бирди уурдап келмей болду. ∆ылкычысы уктаган маалда бир бээни минди да түн ката жолуна түштү. јны тааныган иттер баш көтөрүп үрбөдү. " ызын менден ажыраткысы келген ∆андарга бирди көрсөтөйүн", - деп ойлоп жылкыны талаага сойуп, баш-терисин көмдү да өзү жер казып кирди. Үч күн тердеп-кургап жер казып ичине бир киши сыйгыдай кылды да, арчаны бутактуусунан кыйып келип ичине койуп этти илип үңкүрдүн оозун жик билгизбей бекитип ата-энесине ченеп эт алып бага баштады. ∆андардын жылкычысы бир жылкысын жоготуп келтек жеп үйүндө аргасы кетип жатты.  удайкулдун тууган уругу да жок эле, ата-энеси илгертен  уту бийдин атасынын эшигинде кызмат кылып, алар өлгөндөн кийин ал да ошол жерде жүрүп жетим кызга үйлөнгөн.  айда бараарды билбей акыры јтабек Өзгөн тарапка кетүүнү айтканда:

- ”улум, бизге баары бир эмеспи, тууган-уругубуз болбогондон кийин эптеп жашасак болду да, -  удайкул башын жерге сала күңк этти.

- —ени ойлоп эле кейибесек, атаң экөөбүздүн жашыбыз өйдөлөп калды, өмүр бойу жокчулуктун азабынан тажап да бүткөндөй болдук. ”шу сен бактылуу болсоң болот элеЕ - апасы «ире көзүн жаштап алды.

-  ам санабагыла апа, мен јйымгүлдү сөзсүз алып качам, силерди карыганда жакшы багам.

- “илегиңден кагылайын ай, ∆андар анда эле бизге жашоо бербейттир, ошо кызды өз жайына эле койсоңчу, балам!

- ∆ок апа, ал мени күтүп жатат! - деп јтабек муштум түйө жини келе сүйлөп жатканда сырттан атчандардын дабышы чыгып бирөөнүн өктөм үнү чыкты:

- Ёэй, ким бар, чык эшикке?!

-  им керек? - јтабек эптеп тигилген алачыктан башбага ∆андардын эки жигити менен жылкычысы турганын көрдү.

- ∆ылкы жоголду, кысыр калган семиз бээ, бий сенден шекшип бизди жиберди, үйүңдү тинткени келдик.

- ∆андардын менде ала элек өчү дале бар болсо кир, кирип тинте бергиле! - јтабек колун үйүн көздөй жаңсады, - бийиңе айта бар, менин жүрөгүмдү жаралап, канчалык басынткан менен јйымгүлгө деген менин сүйүүмдү өчүрө албайт, ал баары бир меники!

- ’а-ха-ха, колуңда котур мышыгың жок, жалаарга кашык талканың жок, үстүңдө үйрүп салаар кийимиң жок туруп анан јйымгүлдү алып келип ачкадан өлтүрмөк белең, аны үч күндөн кийин күйөөгө узатат, андан көрө тойдо кардыңды бир тойгузуп алсаңчы! - деген ∆андардын бир жигити жылкычысы экөө алачыктын самсаалап жабылып турган эски-уску чүпүрөктөрүн ыргытып буйумдарын чачып эч нерсе таба алышпады.  етээринде бирөөсү:

- јйымгүлдү алам дегениңди кой, бөөдө бийдин каарына калып, кыз эмес өз алапайыңды таппай каласың, андан көрө өлтүрбөй аман койгонуна ыраазы болгонуң жакшы, - деп кетти.

- ќшону айтсаң, сени а€ды окшойт, болбосо кырк кулач ороого салып коймок! - деди дагы бири.

-  өрөбүз, бийиңди жер сыйпалатам! - јтабек ого бетер күчөдү, жини келгенинен тигилер менен алыша кетмек болгондо ата-энеси тыйып койду.

- ћен јйымгүлдү алам, бий мени теңсинбесе кызын өмүр бойу көрө албайт! - деп кетип жаткандардын артынан кыйкырып калды, - демек үч күндөн кийин той экен да, мен камынышым керек экенЕ - деп ойлуу күбүрөнгөндө  удайкул:

- Ѕалам, бийдин каарына калдык, ал сени эми жазаласа биздин көрөөр күнүбүз кайсы? - деди айласы кете.

- јйтканыңдан кайт балам, сага кызын кармата койбос, андан көрө өз күнүбүздү өлбөстөй оокатыбызды өткөрүп маңдайыбызга сени кармап, бул дүйнөдөн кайгы касиретинен алыс болсок боло? - «ире уулун кучактай маңдайынан сылап өөп койду.

-  абатыр боло бербегиле, эртең Өзгөнгө түшүп кетебиз.

-  антип жол алыс, минээрге атыбыз болбосо, жөө бир айда жетчү жолдо ачтан өлөбүз го?

- Ёч кандай өлбөйбүз ата, мен азыкты белендеп койгом, ал жакка жете албасак бул эле Ўамшы өрөөнүнө барабыз.

ќшентип ары-бери тартышып отуруп Ќарын тарапка өтүп кетүүнү туура көрүштү: "Үч күн" јтабектин ойунда ушул үч күн туруп алды, үч күндүн ичинде анын тагдыры чечилмек.  очкордон Ќарынга жетип эптеп бир жерге алачыгын тигип жылкынын бышкан этинен жеп, «ире бир аз калама жасап тойунгандан кийин јтабек ата-энесине айтпай кайрадан  очкорго жөнөдү. ∆айдак минген аты аны бат эле жеткирди. јйымгүл күндөп-түндөп ыйлап, энесинин үйрүлүп атып берген тамагын ичпей ойлонуп терезеде турган. ∆андар жигиттери айтып келгенден кийин аны эшикке чыгарбай кайтартып койгон эле. јжар өзү кедейдин кызы болгондуктан јйымгүлдүн јтабекке тийем дегенине каршы эмес эле. јл алдын ала ага жашыруун түрдө кам көрүп: "кокус чындап јтабек келип алып кете турган болсо кийинки жашооңо кереги тийет, шашып калбай ала кет", - деп дилде берген. јга кошуп өзүнүн келин болгондо бий алып келип таккан сырга менен шакектерин, алтын билеригин берди.

јтабек түндөп жетип минип келген атын алыс коктуга тушап койуп, јйымгүл жатчу бөлмөнүн терезесине келди. ƒал ошол тушта кыз терезеге карай койуп сүйүктүүсүн көрүп кубангандан алаканын шакылдата чапкылап жиберди эле јтабек сөөмөйүн оозуна тийгизе "унчукпа", дегендей ишарат кылганда гана эсине келди.  олун булгай артын карады. “үн жарымынан ооп калган, кайтаруучулар эбак эле уйкуда болчу. јл эми ажылдаган иттер јтабекти таанып бир-эки арсылдап барып куйруктарын шыйпаңдата унчукпай калышты. Өзүн үмүттүү тиктеп уктабай олтурган кызга ичи элжиреген жигитжан колу менен жаңдай кокту тарапты көрсөтүп ошол жактан күтөөрүн билдирди да караңгыга сиңип кетти.  ыз алдын ала дайындап койгон буйумдарын алып үйдөн жыла чыгып баратты. јнын караанын акмалап турган јтабек үстүндөгү күрмөсүн кыздын алдына төшөй салып, кызды өңөрдү да жөнөп кетти.  үн шашкеден өткөндө Ќарынга жетип келди да ата-энесин таппай калды.  өрсө аларды ошол жердин ээси јшым деген бай үйүнө алдырып алган экен.

- Ёмнеге бирөөнүн жерине келип сураксыз алачык тигип от жагып алдыңар, ал менин ата-бабаман калган жер.  айдан келдиңер эле? - деди жүзүн үйрүй.

-  ечирип койуңуз, бай, биз бир эптеп күн көргөн бечарабыз, туруктуу жашаган жерибиз деле жок, - деди  удайкул.

- Ѕизге окшогон бечараны кечириңиз, жаман жумуш болсо иштеп күн көрмөк элек, - «ире дагы байды жалдырай карады.

- Ёмне жумуш кыласыңар? - бай кызыга сурады.

-  андай жумуш болсо да колубуздан келет, а€лым үй жумушунда уздардын жасаганын билет, -  удайкул шашып калды, - эптеп баш калкалар жай табылса биз сизге ыраазыбыз.

- ћм де, андай болсо жакшы, - деген јшым бий аларга курсак тойгузгудай бирдеме берди да эски кичинекей кепеге киргизип койду.  удайкул менен «иренин кубанганын айтпа: " удай деген кул элек, дароо жай табылып калганы жакшы болду, эми уулубуз јйымгүлдү алып келип чуулган кылса эмне кылаар экенбиз", - дешип ичтеринен сарсанаа болуп турушту. «ире ошол эле күнү јшымдын күйөөгө узатаар кызынын себин жасаганга киришти. јнткени јшым ошондой кылып бермек. јтайы алдырган ишмер а€л акысына кымбат алмак. "Өзү келгенден кийин курсагы тойуп, үстүнө жашаганга үй болсо болду да", - деп ойлогон јшым а€лына жеткирди. «иренин иш билгилиги, жасаган буйуму, кызга деп кундуздан тиккен шөкүлөлөрү абдан жагып, маталарды алдына жайды байдын а€лы Ўекер.  удайкул мал караганга кетти.

Ѕул кезде јтабек менен јйымгүл артынан куугун келсе таппай калсын деген ойдо тоону аралап кетишти. јдам буту жетпеген арчалуу тоонун чокусуна чыгып отту чоң жагып ушул азыркы бактыларына ыраазы болуп отурушту.

- јйым, сен мага капа болгон жоксуңбу? - јтабек кызды аста карап сурады.

- ∆ок јтабек, мен сени ошол бойдон кайрылып келбей калабы деп коркком, андан көрө атамдын силерге кылганы үчүн сен мага капа болбойсуңбу?

- ќй койчу јйым, сен мени сүйөөрүң, колунда жок кедейдин баласы деп чанбай көнүп бергениң эле кандай бакыт, сага өмүр бойу ыраазымын! - јтабек кызды коомай кучактап жүзүнөн сүйүп койду. ”шул көз ирмемчилик мүнөттөрдө эки жаш кандай гана бактылуу эле, кыз јтабектин көкүрөгүнө башын жөлөп алып көзүн жумат.

- јтабек, биз бактылуу болобуз ээ?

- ќоба жаным, јйымым менин, мен дагы, сен дагы жалгызсың, ошондуктан биз көп балалуу болобуз, кыздарыбыз сага окшогон сулуу болушат, балдарыбыз мага окшош болот.

- Ёки кыз, эки бала болот.

- ∆ок-жок, беш бала беш кыз!

- јй-иий, он баланы кантип багабыз?

- Ёкөөбүз багабыз, атамдар жардам беришет.

- ћакул, сен айткандай эле болсун, сенин жаныңда олтурганыма бактылуумун! - кыз жылма€ јтабектин жүзүнө карады.

- ћына үч күн болду, бизди издеп атышат, кокус экөөбүздү таап алышса сөзсүз өлтүрүшөт, атам абдан каары келип апамды жемелеп жаткандырЕ - ойлуу көзүнө жаш кылгыра түштү.

-  оркпо жаным, менин ата-энем дагы сарсанаага батып жатышкандыр, алар мени өлтүрүп койду деп ойлоду го эмдигиче, жүрү кетели, бир жерден жашаганга жай таап алып анан атамдарды таап келем, чогуу бактылуу жашайбыз.

-  еттик анда, мен сени өмүр бойу угууга да€рмын, атам акыры түшүнөөрЕ - Ёкөө корголоп отурган жеринен туруп жетелешип алыстан көрүнгөн айылды көздөй жөнөштү.

∆андардын каары катуу келип үч күн тынбай издетип көзүнө көрүнгөндү жеп жиберчүдөй абалда болуп атты. »здеп кеткен жигиттери эч жерден таппай келишкенде а€лын сабап жигиттеринин баарын камчынын алдына алды. ќшол түнү ал уктабай таң атырды: "∆андар, балалуу боломбу же ту€ксыз өтөмбү деп какшап жүргөн кезиңде, картайганда көргөн кызыңдын артынан куугун жөнөтүп, зарланган күндөрүңдү унуттуңбу?" - дейт бир ойу. "Ёгер колума тийсе каратаман кулдун баласын асып өлтүрөм" деп ойлойт кайра. “үнү менен ойлонуп отуруп акыры: "ћен көр пенделик кылып жатам го, как баш аталаарда ушул а€лдан бала көрүп көөнүм жайланып, бөксөргөн а€гым толуп отурбайбы, јжардын жүрөгүн ооруттум, кызымды качкын кылдым, неге анын ойу менен болбодум, кой, эл эмне десе ошо десин, кулдун баласы болсо да кызым каалагандан кийин сыйлашым керек!" - деген чечимге келди. Ёртеси жигиттерин чогултуп алып:

- јйымды таап менин айтканымды айткыла, мен ойумдан кайттым, келишсин, экөөнү өргөө тигип берип, үйлөнтүп, жер, мал бөлүп берем, каршылык кылбайт дегиле!

- Ћаппай болуш, айтканыңдай болот! - жигиттери колун бооруна ала жүгүнө чыгып кетти. Ѕейкасам чепкенин желбегей жамынган ∆андар көптөн бери барбай кекетип жүргөн јжардын өргөөсүн көздөй басты. јл келгенде үстүнө чүмкөй төшөк жамынып төрдө жаткан јжар тетири караган бойдон жата берди.

- јжар, мен каарымдан кайттым, кыз-күйөөнү кечиргенимди укчу, ырас мен сени да капа кылдым.

- Ѕолуш, бул кылганың менен өз кадырыңды түшүрүп албайсыңбы, кедейдин кызынан туулган кыз дагы кедейди жактырганы сенин кыжырыңды келтирип атканын билем, ошондо ойлосоң болмок, - јжар ары карап жаткан бойдон үн катты. јнын камчыдан көгөргөн денелери ооруксунуп турган.

-  емпир, мен жаңылдым, мен сага өз көңүлүм менен үйлөнгөм, көңүл арзуусу менен жүрөк арзуусун ушу кезге чейин сезбепмин, өз кызымдын эч нерсеси жок жылаңач, итке минген кедейди ээрчип кеткенине канчалык ачууланганым менен кудайдан тилеп жүрүп зорго көргөн перзентиме кы€натчылык кылуу колумдан келбеди.  ечирдим, эгер менин кечиримимди угуп келишсе дүңгүрөтүп той берип, бар байлыгымды чачып үйлөнтүп, бөлүп койом!

- џраазымын атасы, эки дүйнөдө ыраазымын, сени ушуга барбайт деп ойлодум эле, эрке секелегиңе түшүнгөнүңө ыраазымын! - јжар онтой ордунан козголду эле, анын жүзүн көрүп чочуп кетти болуш:

- Ёэ байбиче, ушунча болуп кеттиби, ачуум менен катуу уруп койгон окшойм, эми мына жаман уулубуз да чоңойуп баратат, ушунун өмүрүн тилейли, кой мен сени баглан козу сойуп айыктырбасам болбойт го, анча-мынча айбымды мойунума алдым, байбиче, - деген ∆андар сыртка чыгып, кой сойгонго бир баланы жумшады. Өзү кайра јжардын жанына кирип, калың кылып төшөк салдырды да төргө чыканактай отурду. —анаасы санга бөлүнүп турду: "Ѕотом, атам деле өтө мээримдүү адам эле, мен неге мындай жаралдым, боорукерлик кылчу жер да, залимдик кылчу учур да болот эмеспи, жалгыз чырагымды үйдөн качырып мени кудай урсачы, кайда, эмне кылып жүрүшөт болду экен", деп ойлоп: "деги бул сүйүү дегенине түшүнө албадым, биринчи а€лымды аттуу-баштуу жердин кызы деп атам алып берди, экинчи а€лымды болсо өзүм көпкөнүмдөн алдым, үчүнчүсүн эки а€лым төрөбөгөнүнөн алгамын, мен сүйүп көрбөпмүн, арзып көрбөпмүн, эмнеси болсо да аман-эсен келишсе бээ сойуп түлөө өткөрөйүн", деп ойлуу куш жаздыкта көзүн жумуп жата берди. “үш оой козунун этти бышып үч а€лын кошо чакырып јжардын өргөөсүндө отурушту. „алынын көңүлү чөгүп турганын билип турган а€лдар јжардын денсоолугун сураган болуп тамак желгенден кийин өз үйлөрүнө кетишти. Ќегизи үчүнчү а€лы ∆амал ичинен таба кылып, көзүн жаштап жини келип жүргөн: "балалуу болуп жыргаганыңды көрөм, кулдун кызынан жыргап кете тургансып", - деп кекенип алып чойоктой чыгып баратып кайра кайрылып каш серпе сурап койду:

- Ѕолуш, јйымдан кабар барбы?

- ∆ок, таарынычы тараганда келет да, кайда бармак эле, күйөө бала экөөнү тең алып келүүгө буйрудум.

- Ёэ кокуй болуш, эмне деп турасыз, теги жаман жерге баланын айынан кабылдыңыз эле, эми минтип тексиз а€лдан туулган кыз биротоло кадыр-баркыңды түшүрө турган болгон го, ушу эшигиңдин алдында иттер менен аш талашкан кулуңуз менен куда болгону калдыңызбы?

- Ѕас жаагыңды, менин кадыр-баркымды сен сактабай эле кой, сен тектүү жердин кызы болуп тууп берсең кой дебедимби, бар жолуңа түш, жиниме тийсең төркүнүңө жеткирип берип шерменде кылам!

-  өрөөр көзүңүздүн жанынан чыкпайсыз, башка а€лдарыңыздын адам экенин унутуп койдуңуз, ушундан көрө бизге талак бергениңиз оң го? -  ашка€ туруп айтканына болуштун жини келип кетти:

- Ёмне деп турасың катын, силер кеңешип алгансыңарбы, андай кеткиңер келсе кара башыңарды кетирем, тууган балдарыңар болбогондон кийин эч нерсеге ээ болбойсуңар!

- ћен эч ким менен кеңешкеним жок, жалгыз башыма азаттык сурап жатам, мага эчтекенин кереги жок, уктуңузбу, мен деген жашмын, байдын а€лы болуп аталгыча кулдун эркин а€лы болгум келет!

- Ѕас жаагыңды, кутуруп кетсең азыр да жолуң ачык, сени эркек эшекке жайдак мингизип туруп кетирбесем элеби?!

-  аалаганыңдай кыл, башымды азат кылсаң болду! - кебелбей басып кеткен а€лынын артынан жинге ачууланып кала берди.

- Ѕолуш, анчалык ачууңузду келтирбеңиз, андан көрө бүгүн анын үйүнө барыңыз, эрке токол болуп жүрүп мен келгенден бери анча көңүл бурбаганыңызга ошентип атса керек, көңүлүн көтөрүп жарпын жазып койсоңуз кайда бармак эле? - јжар токтоо үн катты.

- ќшонун атасын оозун урайын, жиним келсе эртең үчөөнө тең талак берем, калган өмүрүмдү тынч гана өткөрөйүн, кызым келсе көңүлүм тынып баарын кайра баштайм! - ∆андар отурган жеринде үңкүйүп күң этти. "Ёл башкарып, бийлик талашып көп адамга катаал мамиле кылдым, далайын уруп соктум, үч а€лдан балалуу болбой төртүнчү а€л алдым, уулум чоңойгуча эптеп чыдайын", деген ойду ойлоп көк ала сакалын сылай отура берди.

ќшону менен сөз уланбады, сойулган козунун эти алдыга келип јжарга ак серке шорпо ичирип, эттен жедирип тердетип карап атышты. ∆андар айтканындай эле үч а€лына азаттык берип, энчи бөлүп төркүнүнө узатмак болгондо улуу эки а€лы: "карыганда төркүнгө барып у€т болбойлу, өлүгүбүз ушул үйдөн чыксын, жаш эмеспи, ∆амал кетсе кетсин", деп болбой койушту. Ёки кемпирине ыраазы болгон болуш ∆амалдын инисин чакыртып, энчи берип узатып койду. јл эми јйымгүлдөн кабар болбоду, житип кеткендей издегендер таппай кайра келип атышты. јжар этинин көк аласы кетсе да жүрөк жарасы күчөп, төшөк тартып жатып калды.

јтабек менен јйымгүл келип токтогон айылдан бирөөнүн үйүнө түнөп, эртеси жумуш издеп чыкты. јлар түнөгөн үйдүн ээси жалгыз бой а€л, баласы жок, өз оокатын өткөргөн жан эле. јтабек менен јйымгүлдүн келгени ага жага бербей калды. јлардын качып келгенин угуп ого бетер сүйүндү:

- Ёч кайда убара болбогула, бир жанга көрүнбөгүлө, мен силерди өз баламдай көрөйүн, караан болгула, айланайындар.

- Ѕолуптур апа, биз сиздикинде жүрө туралы, мен иштеп экөөңөрдү багып алам, - јтабек кубанганынан ордунан тура калды. - Ёртең иш издейм, бирөөнүн койун баксам да силерди ачка калтырбайм.

- јйланайын, өлөөр чагымда жалгыз болбой караан болгонуңар мага жакшы болбодубу, өлбөгүдөй оокат, мал-кел бар, аны мен көрүмө алып кетмек белем, беш-он күн үйдөн чыкпай эле кой.

-  оркпоңуз апа, качкан да кууган да кудай дейт эмеспи, башка салганын көрөөрбүз. јйым, сен эч кимге көрүнбө, апам менен эрмектешип отура бер! - јтабек башына төрт бүктөп жоолук байлап алып сакал-муруту өскөн бойдон сыртка чыкты. јнын кең далылуу алп мүчөсүн суктана караган јйым узата карап туруп: "ушул менин түгөйүм ээ, кандай сулуу күйөөм бар", деп ойлонуп жылмайып алды. јтабек жумуш издейм дегени менен ойунда ата-энесинен кабатыр болуп: "алар эмне болушту экен, мени ойлоп азап чеккени аз келгенсип талаада ач болуп курушту го", деп кыжаалаттанып аткан.

Ѕашына жоолук байланган, сакал-мурут койуп алып шайдоот баскан кара каш, кара көз сулуу кең далылуу, олбурлуу жигитти көргөндөр бул айылдык эмес экенин дароо эле байкашты. ќшол учурда айыл-айылда байлар менен күрөшүү үчүн уйумдар түзүлүп жаткан эле. ∆аштардын комсомол уйумуна дал ушу јтабектей эр азамат жигиттер керекке жарай турган. јбдыжапар аны жолдон көрүп эле конторуна ээрчитип келди.

-  ел иним, кайдан, кайда кетип жатасың, адегенде эле таанышып алалы, - деди јбдыжапар колун суна.

- ћен јсылканов јбдыжапар, комсомол уйумунун секретарымын! - деди.

- јтабек, - јтабек анын айткандарына анча түшүнө бербей колун берди.

- ∆олдош јтабек, сен эч нерсе түшүнгөн жоксуңбу?

- ∆ок байке, менЕ менЕ - јтабек у€ла түшүп башын жерге салды.

- јнда мындай иним, ¬ладимир »льич Ћенин түзүп берген –еволйуци€ байларды жойуп, бейбечара, кара тамандарга жыргал заманды алып келди, айылдарда комсомол уйумдары уйушулуп жалаң жаштар менен эр жүрөк адамдардан турган уйумга сага окшогондор кирип, байлар менен күрөшүбүз керек.  едейлердин заманы келди, баш көтөрүп өз жыргалчылыгыбыз үчүн жалпы аракет кылбасак тебелеп бүтүштү баш көтөртпөй.

- “үшүндүм.

- “үшүнсөң комсомолго өтүп бизге жардам беришиң абзел!

- ћакул, мен күрөшүүгө да€рмын!

- јты жөнүңдү толук айтчы?

- јтым јтабек, атамдын аты  удайкул.

- ћм,  удайкулов јтабек, бүгүндөн баштап комсомолсуң.

- –ахмат сизге, бир нерсе сурасам болобу? - јтабек бир нерсе айтсамбы же айтпасамбы дегендей тайсалдай туруп калды.

- —ура, жүрөк өйүгөн сурооң болсо эч тартынба!

- ћен  очкордун айылынан качып келгемЕ

- Ёмнеге?

- ћен ∆андар бийдин кызын ала качып келгем, алар тапса өлтүрөт!

- ∆олдош  удайкулов, сен деген револйуционерсиң, комсомолсуң, эч нерседен коркпошуң керек, - аркы-терки басты. - јл бийдин өзүн кулакка тартып, абакка айдаганда айласын таппай калат, биз силерди качырбай эле үйлөнтүп койобуз.

-  антип, анын бардык дубандарга кадыры чоң, кулакка тарттырбайт го?

- ¬о-от жолдош јтабек, биз ошолор менен күрөшкөнү жатпайбызбы? Өкмөт кулап,  еңеш өкмөтү курулду.

- јнда ырас болот эле, жолдош јбдыжапар аба, сизге кошуламын.

- јзаматсың, азыр бара бер, үч күндөн кийин дубандан чоңдор келет, ошондо чоң чогулуш жасап, кедей-кембагалдардын өз каалаганына баш кошуп эркин жашашына мүмкүндүк түзүлөөрүн элдин алдында далилдейбиз, биз кедей-кембагалдар баш көтөрүшүбүз керек!

- ћакул, мен барайын, - деген јтабек јбдыжапардын айтканына ишенээр ишенбесин билбей чыгып кетти: "кедейлер, кул-күңдөрдү кантип эле колунда бар байлар эркин жашата койсун, алардын түбү күчтү, жер-байлыгы бар эмеспи, биздин айылга мындай уйум жете элек го, же мен эчтеке укпадымбы?!" - деп ойлоп, ата-энесин издөөгө айылды кыдырып жөнөдү.

 удайкул кой жайып тоого чыгып кеткен, «иренин чолосу тийбей сеп жасап бүткөндөн кийин дагы колу бошобой байдын үй жасалгасын тигип атты. ќшондуктан аларды табуу оңойго турган жок.  ечке кыдырып таппай чарчаган јтабек күүгүмдө келди.

Үйдө отуруп зеригип да ата-энесин, јтабектин ата-энесин ойлоп сарсанаа болгон јйымгүл ага асыла кетти:

- ј€бай кечиктиң го, ойлоно берип башым ооруду, энем экөөбүз тамак ичпей сени күтүп отурабыз.

- јпа, - јтабек көргөнүнө эки күн болсо да Ѕекей энени өз энесиндей апа деп алды. - ћага карабай тамактана берсеңер болмок, менде жакшы жаңылык бар, - јйымгүлдү жадырай карады. - Ѕул айылда бай-ћанаттар менен күрөшүп, кедей-кембагалдардын таламын талаша турган уйум бар экен. ћени комсомолго алды, эми мен дагы ћанаттар менен күрөшүп, өкмөттөн жер, мал алып эл катары жашайм!

- Ѕай-ћанаттарды күрөшүп эмне кылышат экен? - јйымгүл үрпөйө сурады.

- Өз эрки менен жерин, малын бейбечараларга бербей турган болсо кулакка тартып түрмөгө каматат экен да, алып берет экен.

- џраспы?

- ќоба, ал турсун экөөбүздү үйлөнтүп өкмөткө алынган мал менен жерден бөлүп беришип өзүбүзгө түтүн булатканга жардам берет экен.

- јнда-аа, атам өз эрки менен мал-мүлкүн ортого бербейт, анын мүнөзүн билем, аны абакка алып кетсе эмне болот?

- Ёкөөбүз эркин жашайбыз, жашырынбай, коркпой, - јтабек чын пейилинен кубана айтты.

- јтабек, канчалык катаал, залим болсо да атам эмеспи, ал үчүн коркуп атам.

-  оркпо жаным, мүмкүн кыйыктанбай эле өткөрүп берип тынч жашоосун өткөрүүнү кааларЕ

- ∆о-ок јтабекЕ - јйымгүл ойлуу отуруп калганда анын жанына кынала отура калган јтабек мурдунан чымчый эркелетип койду:

- јйым, күнүм менин, жарк деп күлүп койчу, ушу сенин айдай жамалыңды көрбөй каламбы деп кандай гана корктум дейсиң, эми жанымдасың, кабатыр болбо, баары жакшы болот.

-  өрөөрбүз ээ јтабек, кедей-кембагалдарга жакшы заманды алып келгени го жакшы, бай-ћанаттар менен күрөшкөнүнөн жүрөгүм түпөйүл болуп калды. јтам эгер баш ийбесе кулакка тартып алып кетеби деп чочулап турам.

- ∆аным десе, эч коркпо мен комсомолдор менен жүрсөм эң алды экөөбүз коопсуз жашап качкындыктан кутулуп алсак анан аны да көрөөрбүз.

 өпкө отурушту, Ѕекей үндөбөй отуруп анан бир кезде сөзгө кошулду:

- ј€л-эркек дебей иштейт, а€лдар эркектер менен тең укукка жетет деп атышат балам, мен дагы ошону угуп алып, менин он чакты жандыгым бар, жалгыз бой кемпирмин, эл эмне болсо мен да ошолмун, улак-козудан алгыла деп барсам, жарыктык сиздин беш-алты жандыгыңызды алып эмне кылабыз, оокатыңызды өткөрө бериңиз деп койду пристател.

- „ын эле короо-короо кой, үйүр-үйүр жылкы, адыр толгон уйлары бар бай-ћанаттар турса сиздин биртке малыңызга тиймек беле. јдилет заманы ушу сизге окшогон, бизге окшогон куугунтук жеп эркиндик издеген бейбечаралардыкы тура, апа.  удай буйруп жаңы өкмөт курулса, жерге ээ болуп үйлүү болсок сиз менен ата-энем болуп чогуу жашайбыз.


“олук окуйм десеңер, алуу шарты биерде >>>



пїњ –Ш–Ј–і–∞–љ–Є–µ –Ї–љ–Є–≥–Є –Ј–∞ —Б—З–µ—В –∞–≤—В–Њ—А–∞
–µ–Љ–µ–є–ї:janyzak@mail.ru
+996777329784
–Р–ї–≥–∞–љ –Љ–∞—В–µ—А–Є–∞–ї–≥–∞ —И–Є–ї—В–µ–Љ–µ –±–µ—А–Єң–Є–Ј!
 © J.Janyzak, Kyrgyzstan 
–°—Б—Л–ї–Ї–Є –љ–∞ –≤–Ј—П—В—Л–µ —Б—В–∞—В—М–Є –Њ–±—П–Ј–∞—В–µ–ї—М–љ—Л!
–ѓ–љ–і–µ–Ї—Б.–Ь–µ—В—А–Є–Ї–∞