»нтернет библиотека ∆анызак@басма
—амое дешевое издание книги за счет автора! 

¬атсап: +996777329784
—отка +996700329784
емейл: janyzak@mail.ru

 ниги автора јйгүл Ўј–Ў≈Ќ на кыргызском €зыке

 ечиккен махабат

Ѕул жашоодо не деген гана өткөөл мезгилдер болбойт. ћен өмүрдүн кызыгы сүйүүңө жетип, сүйгөнүң менен өмүрлөш болууда гана бактылуу болот, сүйүүсүз курулган жашоо кунарсыз, куту качкан үйдөй деп сезчүмүн.  өрсө жашоодогу эң бактылуу кез, өмүрдөгү кайрып алгыс мезгил - балалуу болуп наристенин жытын искеп, балдар тилине канып, алардын "апа" деген үнүн угуп, эт жүрөгүң эзиле, жандүйнөң бакытка бөлөнгөн учур тура!.

јзыр мен кусалыктын кучагында бир кездеги бактылуу учурумду эстеп, көкүрөктү ээлеп алган өкүнүчүм - жаздагы ачык туруп шамал коштой төккөн жамгыр, жер бетине шурудай төгүлүп жылт-жулт эткен мөндүр сымал көз жашым эки бетим ылдый кулап, терезеден сыртта томпоңдоп ойноп жаткан наристелерди карап тура бердим. Ѕактылуу кезиңде бакыт сени менен бирге айланчыктап жүргөнүн сезбейт тура адам баласы. јндан да бийик, зор бакытты эңсеп туруп алат экенсиң. Ёми ойлосом мен ошол кезде бактылуунун бактылуусу экемин, кадырын билбепмин, жаштыгым, эселектигим мени кы€лымдагы бакытты эңсеп, сүйүү менен жашап, сүйүү деп өлөм жүрүп акыры чеги жок кең көлдө жалгыз учкан ак куудай армандуу сүзүп калган чагым.

Ёмесе сөз башынан болсун.. .

јйылдын таза абасынан кере дем алып, эт, казы-карта, чучук жеп, кымыз ичип, ат ойнотуп тоо боорунда жашаган  армышактын жети уулу, бир кызы бар эле.  арлыгач эрке өстү. јйрыкча атасына жакын. јпасы  үмүш аны жумшап калса эле  армышак:

-  ызым, киймиңди кий, азыр экөөбүз тиги өйүзгө кетебиз, - деп калат. јны дайыма эркекче кийинтип ээрчитип алчу.

-  ызың чоңойду, эрке талтаң кылбай үйгө байыр алдырсаң боло, эркек балача кайда болсо ээрчитип албай, - деп  үмүш күңкүлдөп калды, - ћинтип жүрсө ургаачынын ишин үйрөнө албай барган жеринде кепке калтырат го?

-  ызыма күйөөнү сатып берем, -  армышак мулуң эте  арлыгачты өңөрүп алып бастырып кетти. ƒал ошол күнү  арлыгачтын тагдырына байланышкан сөз болду, балким атасы менен ээрчигенин коюп үйдө калганда башкача болмок беле, бирок пенде пешенеге жазгандан буйтап өтө албайт эмеспи.  армышак жоро-жолдошторунун, элдин ичинде кадыр-баркы бар эле, келген үйдүн ээси бала кезинен берки досу Ѕекболот теңтуштары менен бозо салдырып алып ар дайым бош убактысында карта ойноп эс алганды жакшы көрө турган.  армышак дагы аларга жетип бакылдап калды,  арлыгач атасынын жанында отурган. Ѕозого алагүү болгон Ѕекболот:

-  аке, мына бала кезден бери дос болуп жүрөбүз, бир да жолу "сен-мен" дешкен жокпуз, жаштык өттү, мага азыр бир жакшы ой келип турат, биз эми куда болобуз! - деди досуна карап.

- ќй Ѕеке, эмне деп жатасың, түшүнбөй калдым, -  армышак аны элее карады.

- ћенде уул бар, сенде кыз бар, - Ѕекболот жанында отурган он үч, он төрт жашар уулун карап койду, - ћен  арлыгачты келин кылып алам!

- ћен го-о каршы эмесмин, балдар эмне дээр экен?

- јзыртан кулак кагыш кылып көндүрө берсек кайда бармак эле? - дегенде Ќуржанат менен  арлыгач бири-бирин балалык жылмайу менен көз караштары арбаша култуң этип өз-өз аталарына жашына калышты.

ќшондо ойлонду  армышак кызынын качандыр бир кезде турмушка чыгаарын, өз босогосунан көп кыздардын бириндей эле бирөөнүн үйүнө келин болуп чыгып кетээрин.  ыз баланын эли, жери башка экенин. јндан кийин дагы далай жолу достору менен күүлдөп жоро-бозолордо жүрдү, бирок  арлыгачты ээрчиткенин койду.  өнгөн адатына салып ээрчип ыйлаган кызын байкамаксан боло өзү кетип калчу болду.  үмүш Ѕекболоттун сөзүн угуп өзүнчө кызынын камын ойлоп, берчү себин камдап койду.

 арлыгач керилген кыз болуп өстү. ћектепти бүтөөрүндө агалары, эки жеңеси кайтарып, акыркы экзаменин тапшыраары менен алып баса беришти. Ёчен жигит ала качалбай өкүттө калды. Ќуржанат астыртан кат берип  арлыгачка жолугуш үчүн а€ш атасыныкына көп каттап кыз сырын тартууга аракет кылган менен, кыз жүрөгүнөн орун алалбады. Ёки дос кыз үчүн бир-бирин карашпай кала турган жагдайга келип калганда  үмүш кызынын жанына отуруп:

-  ызым, Ѕекболот абаң атаңдын бала кезинен берки досу. Ќуржанат жаман бала эмес, байкап көр, кагылайын, - деди.

- јпа, менин көңүлүм болбосо эле таңып бересиңерби? ћен аны жактырбайм! -  арлыгач бултуң эте терс бурулуп кетти.

-  ой балам, атам замандан эле өзү "тийем" деп айтпайт, атаңды да ойлон.  ан басымы көтөрүлүп, ооруп да жүрөт.

- ћен макул болсом эле баары жайында болобу? -  арлыгач апасын тикирейе карады.

- ќоба кызым, биз деле сенин бактылуу болушуңду ойлойбуз. Ѕекболоттун колунда бар, совхоздун аткаминер кадырлуу кишиси, анын назарын сындырып албайлы.. .

- ћен макулмун, -  арлыгач тарс эте айтып ордунан туруп кетти.

 үмүш отурган ордунда ойлонуп кала берди, сырттан кирген  армышак а€лына ормойо карады:

-  акенди сен капаланттыңбы?

- ∆о-ок, өзүнүн көңүлү чөгүңкү го, Ќуржанатка "макулмун" дейт.. .

- Ёмне, аны сен көндүрдүңбү?

- Ёне катары акылымды айттым, жаш эмеспи, өзү макулмун дегенден тартынып аткан го?

- ћм, ошондой дечи, бирок кызымды зордоп бербейм кемпир. Ѕекболот достуктан кечип кетсе да макулмун! -  армышак төргө отура кетти.

јта-эне кызынын кийинкисин ойлонуп өздөрүнчө санаада: "Ѕалалык кылып жатат, турмуш деген турмуш, Ќуржанат жакшы жигит, бактылуу болушат" деп Ѕекболоттун үчүнчү жолку келгенинде макулдугун беришти.  арлыгач негедир кы€лындагы жигитти элестетип Ќуржигитке анча көңүл бурбады, бирок жолугуп сүйлөшүп бирге басып калганда ага кош көңүл болбой калды, "балким сүйүп кетем, бактылуу болсом болду" деген чечимге келип ата-энеси, бир туугандарынын коштоосу менен ошол жылы турмушка чыкты.

Ќуржанат  арлыгачты абдан жакшы көрөт. јйылдагы кесиптик окууну окуп трактор айдап, эрте кетип, кеч келет. Ѕекболот досуна ыраазы болуп ич арадан калыңды а€бай берди. јлардын берген калыңына жооп кылып жалгыз кызына септи алар дагы абдан жакшы алып келишти. ќшентип достуктун арты куда-сөөк болуу менен а€ктап, ортодогу ысык мамилелери эки жаштын эртеңки тагдырынан кабары болбой бакылдашып жатып калышты.  арлыгач болсо ата-энесинин көңүлүнө карап Ќуржанатка чыккан менен мисирейип ага ичи жылыбады. ћуз болуп тоңуп, таш болуп катты да калды. ∆умуштан келген Ќуржанатка түнбү же күнбү туруп тамагын берген кайненеси јзимкан  арлыгач келини бурулуп уулуна көңүл бурбаганын байкап ичтен тынып кала берчү болду.

-  акен, - деди бир күнү Ќуржанат, - —ен мени сүйбөйсүң го, ээ?

- Ёмнеге? -  арлыгач мостойо карап койду.

- Ёгерде сүйсөң башкача болот эле, мен сага жакпайм го?

- ∆акпасаң эмнеге тиймек элем? - —уз гана жооп берип, - —үйүү деген эмне экенин өзүң билесиңби деги? - деди.

- ћен сени сүйгөм  акен, ага ата-энебиздин достугу кошумча болду, сенин мага кылган мамилең өзгөрбөдү го?

- ј мен эч кимди сүйүп көрө элекмин Ќуржанат, сүйүү деген кандай нерсе, кантка окшоп ширинби же тузга окшоп ачуубу, балким өрт сымалдыр, а кокус ташкындаган дайра болуп жүрбөсүн? -  арлыгач аны тике карап туруп ойлуу сураганда ал:

- —ен туура таптың  акен, сүйүү деген сен сезгендей көзгө көрүнбөй таттуу да, ачуу да болот, кээде ташкындаган дайрадай ашып-ташса, бирде жалыны дүйнөнү каптап өтчүдөй өрткө айланат, - Ќуржанат  арлыгачты кучагына кыса саамай чачын сылап жаагынан аста өөп койду, - Ёчтеке эмес, бир кезде сен дагы сүйүүнүн даамын татасың, жалыныңа өрттөп, мээримиңе бөлөп сүйүүнүн балын дал өзүмө таттырасың жаным!  ыскасы, биз бактылуу болобуз, - Ќуржанат келинчегин ойлуу телмире тиктеп сыртка чыкты: "Ѕекер кылган окшойм, сүйбөгөнгө сүйкөнбө деген ырас окшойт", деп ары-бери басып жүрүп анан кирип жатты. "ћындай а€лдан көрө жыланды кучактап жатканым жакшыдыр" деп төшөктө жатып да ойлончу болду. јнан ал акыры өзүн сүйдүрүүгө аракет кылып, ата-энесинен бөлүнүүгө ата-энесине кеңешти. јнткени алар менен чогуу жашап турса ээн-эркин ага каалагандай мамиле жасап өз оюн ишке ашырууга болбосун сезди. Ѕекболот ансыз да аны бөлүп коймок болуп јзимкан экөө кеңешип жатышкан.

- Ѕалдарым, эми өз түтүнүңөрдү өзүңөр булаткыла, алда качан сатып алып койгон үй ээн турат. Ѕиз эми калган балдарды үйлөйбүз, - деди Ѕекболот.

ќшол эле айылдын четинен жер бөлүп алып үй салып койгон.  армышак менен  үмүштү чакырып бир койду союп уул-келинин көчүрүп коюшту. Ёнчи бөлүп, себин толук берип жеткирип коңшу-колоңун чакырып тойчук беришти.  армышак тойго тай жетелеп килем, ала кийиз, төшөк алып келип берди.  аттоолору жакшы болгондуктан төрт бөлмө үй бат эле толо түштү. Ёми ээн калгандан кийин Ќуржанат ар кандай амал ойлоп таап келинчегине жагууну көздөп жүрдү. Ѕир күнү эртең менен эрте жумушка бараардан мурун туруп алып талаага барып кыпкызыл гүл терип келди, кучак толгон гүлдү уктап жаткан  арлыгачтын жанына отура калып бир сабагын алды да мурдуна тийгизе:

- Ёэ сулуу кыз, уйкуңуз кандыбы? - деди жылма€.

- ћм-м! -  ериле көзүн зорго ачкан  арлыгач көптө барып жанында отурган күйөөсүн көрүп, -  ете элексиңби? - деп кайра жатып алды.

- “уруңуз сулуу, менин сүйүүм сени чакырып жатат! - Ќуржанат аны бетинен, мойнунан сугалактана өөп ойготуп жатты, -  арачы кызгалдакты, сен дал ушул кызгалдактайсың жаным! √үлдүн үлбүрөгү кандай назик, кандай жыттуу болсо, сен ошондойсуң!

-  ойчу, уйкумду бузбай кете берчи ишиңе! -  арлыгач ары бурулуп кетти.

- ћенин сүйүүм, менин махабатым, кызгалдагым менин! - Ќуржанат  арлыгачты көтөрүп алып бет жуугучтун жанына алып барды да, - Ѕактым менин, мен жумушка кетип калсам уктай берип ачка болосуң, ойгончу эркем, чай кайнап калды, - деп алдына алып отуруп алганда эртең менен эрте алардын үйүнө келаткан Ѕекболот короонун оозунан келатып токтой калды, -  акен турчу, атам келатат! - Ќуржанат шашкалактай аны жерге койо койду да бутунун жылаңайлак экенин ойлоп домашныйга жүгүрдү.  арлыгач чачын оңдоп, жоолугун салынууга үйгө кирди.

- Ёэ уулум, кандай? - Ѕекболот эч нерсе сезбегендей Ќуржанатты карай ээк кага сурап койду.

- ∆акшы эле.. . - Ќуржанат башын сыйпалай жер карады.

- ”улум, сени эркек дейт, а€лды эркелетсең да үйдөн эркелет, бу эшиктен эл көрсө Ѕекболоттун баласы катынга кароо экен дебейби, кой мен кетейин, - деди да кайра артына бурулуп жүрүп кетти.

Ќуржанат унчуга албай калды.

Ѕекболот үйүнө кетип жатып: "Ѕекер кылган окшойм, баламды теңине албай бу келин сулуулугуна чиренип кыйнай турган болду. Ёмне кылсам экен - дагы күтө турсамбы же ажыраштырып эле койсомбу?" деп үйүнө ойлуу келди. јнын тез эле келгенин көргөн јзимкан:

- —абырың суз, сага эмне болду, балдар жакшы турушуптурбу? - деди.

- ∆акшы. Ѕалаңды өзүбүз кыйнап койдук окшойт, башка эле кыз алып бергенибизде болмок экен.. .

- »йи, анчалык эмине болуп кетти?

- ”шу сен эчтекени байкабайсың, сезбейсиң дагы. Ќуржанат келиниңдин алдында шахматтын ташындай тегеренип калды,  арлыгач аны теңине албай жүрөт го?

-  ойчу кайдагыны сүйлөбөй, жаш эмеспи, бара-бара көнүп кетишет, - јзимкан күйөөсүнө минткен менен: "ырас эле, Ќуржанатка жүзүн жылмайтканын бир дагы көрбөдүм, жүрөгүндө жылуулук жоктой.  урган балам ай, эми эмне болоор экен?" деп ойлоп ары карай басты.

 арлыгач күйөөсү жумушуна кеткенден кийин телмирип терезеде турганы турган. Ќе ойлонуп жатканы, не катып калганы белгисиз, кардынын ачканын да сезбей тура берет. ћуну күндө жолдон өтүп жүргөн јдис байкап калды. јл ары өтсө деле, бери өтсө деле турганын көрүп өзүн карап тургандай сезип, оюнда өзүн жактырып калгандай кы€зда бир күнү үйүнө баш бакты. јдистин эки баласы менен а€лы кетип калган, ичкиликтин айынан үйбүлөсүнөн ажыраган ал эптеп ичпей карманып жумуш таап иштеп жүргөн эле.

-  им ба-ар үйдө? - деп ачык турган эшикти такылдатты.

- —из кимсиз? -  арлыгач жүгүрүп чыга калып аны каштарын кере жийиркенгендей карады.

- ја-а мен.. . ћен Ќуржанатка келдим эле.

- јл жок! -  арлыгач эч нерседен күмөн санабай артына кайрылып кеткенде јдис шарт анын артынан кирип келди да кучактай калды.

- Ѕилем, мени күндө карап жүрөсүң, көңүлүң барын да билем, күйөөңдүн жогу жакшы! - дегенче  арлыгач чаңырып тыбырчылай анын колунан бошонууга аракет кылып жатты:

- јкмак, койо бер дейм!.

јдис аны жулунганына карабай уйпалап:

-  ойчу эми, менде көңүлүң бар экенин жакшы билем! ћейли, кылыгыңды кыла бер, а мен өз ишимди бүтүрөм!.

јдис жанталаша аны чечиндиргиче  арлыгач анын колдорун тиштегилеп кара терге түшүп бакырып атты:

- јкмак, шүмшүк, койо бер дейм, койо бер, акмак!

- Ёмнеге койо берем, а-ал атаңдын көрү, карачы денеңдин аппактыгын, эстен тандырат го чиркин!.

јдис аны сугалактана чечиндире албай жатканда Ќуржанат кирип келип ай-буйга келбей эле желкеден алып өйдө кылды да:

- Ён-неңди алкаш, бул жерде эмне кылып жүрөсүң?! - деп муштуму менен бетке коюп жиберди, -  ана сүйлөбөйсүңбү, эмне кылып жүрөсүң?

- Ќуке, кечирип кой, а€лың өзү чакырган мени!

-  а-алп! -  арлыгач ыйлап отурган жеринен үнүнүн барынча бакырып ийди, -  алп, бети жок акмак, мени жаманатты кылгысы келди! Ќуржанат, ал калп айтат, мен аны тааныбайм!

- “ерезеде туруп алып күнүгө мени караганың жалганбы? Өзүң арбап атканың аз келгенсип тааныбайм дейсиң! - јдис жандалбастап жатты.

- ∆огол, экинчи ушул үйдү көздөй басканыңды көрбөйүн, - деп Ќуржанат аны түртүп чыгарып жиберди да, ыйлап отурган  арлыгачтын жанына келди:

- —ен ыйлаба, терезени карап туруп алсаң ал өзүн карагандай сезгендир да.. . -  олтугунан ала өйдө кылды, - Ёч капа болбо, өзүңдү карма, - Ёки бетинен өөп сооротту.

- јл калп айтып жатпайбы?

- јйта берет да, мындан кийин терезени карабай жүр!

- ћакул.

 арлыгач жашын аарчып отуруп калды, ошол убакта анын көңүлү айнып кускусу келип кетти. Ёшикке чыгып кусуп атканда:

-  оркуп калдың окшойт, өзүңдү жаман сезип жатасыңбы? - деп үйрүлө калды Ќуржанат.

 арлыгач үндөбөдү. Ќуржанат өзү тамак жасап убараланып жатты.  арлыгач тамактын жытына ого бетер көңүлү айнып эч нерсе ичпеди. Ќуржанат ага айланчыктап жанынан чыкпай күйпөлөктөп жатканда ата-энеси келип калды. јлар уулунун а€лына үйрүлүп түшүп жатканын көрүп бир-бирин карап ичтеринен тынды.

- Ёмне,  арлыгач ооруп жатабы? - деп јзимкан уулуна карады.

- ќоба, эчтеке ичпей атат.. . - Ќуржанат жер карады, -  усуп атат.

- ќшол элеби?

- ќоба..

- јнда бой-союнда болсо керек, эчтеке болбойт.

- џ€? - Ќуржанат апасын делдейе карады, - ќшондо кусабы?

- јнан эмне, кусат, көңүлү айныйт, - јзимкан келининин жанына отурду, - Ёртең тиги —али€га барып көрсөтүп келейин, ээ балам?

- ћакул, -  арлыгач алардан тартына жаткан жеринен туруп отуруп калган, - Ёртең дем алыш да, бүрсүгүнү баралы, апа.

- ћейли, эртең жуунуп-таранып да€рданып ал, өзүм көрсөтүп келем.

јзимкан ушинтти да Ѕекболот экөө кайра үйүнө кетишти. јларды узатып кайра кирген Ќуржанат  арлыгачты жерден так көтөрүп алып айланта өзүнчө бактылуу болуп жатты:

- Ѕиз балалуу болобузбу алтыным? Ѕалалуу болсок баары жайында болот ээ? —ен мага биринчи уул төрөп бересиң! - ∆ерге түшүрүп муздай мупмуздак болуп тоңгон а€лынын жездей саргарган өңүн, сумсайып бир жылмайып койбогонун көрүп ага, - јлтыным, күлүп жүрсөң сага а€бай жарашат. ∆арым жыл болуп баратат, неге күлүп койбойсуң, же мени сүйбөйсүңбү, мага тийгениңе өкүнүп жүрөсүңбү, айтчы?! - деди жүзүн өзүнө каратып.

- Ѕул сөздү алда качан сүйлөшкөнбүз, кайра-кайра сурай бергенден тажабайсыңбы? ћен тажап бүттүм! -  арлыгач анын колун түртө ары карап кетти.

-  арлыгач, мен сенден үмүтүмдү үзбөй, жүрөгүңдөн орун аламбы, сага жагамбы деп жүрөм. Ѕиз азыр эрди-катынбыз, баары бир менин а€лымсың, эми балалуу да болсок баары жакшы болооруна ишенем, - Ќуржанат аны артынан кучактап, - Ѕерчи мага жүрөгүңдөн бармак басым орунду, суранам, мынчалык мерез болбочу, жаным?! - деп башын анын далысына жөлөп туруп калды.

- Ѕашым ооруп атат Ќуржанат, барчы ары, мен жатам.

 арлыгач аны түртө салып төшөккө жатып алды. јнын жандүйнөсү тарып, эмне кылаарын билбей көз жашын көлдөтө ийнин солкулдатып ыйлап жатты. Ќуржанат сыртта, ал өзүнчө кыжаалат: "Ќеге үйлөндүм? —үйбөсө өз жайына койсом мындан ары корунбай көнүп кетээр, дагы чыдайын", деп өзүн өзү сооротуп көпкө басып жүрүп анан үйгө кирди.  арлыгач ба€гы калыбында жатат.

-  арлыгач, күүгүмдө жаткан болбойт, туруп салкын абага чыгып эс алчы.

- ∆о-ок, тургум келбейт.

- ќшо кантип болсун, оорулуу адам гана жатат бул убакта, дени-карды соо киши күүгүмдө жаткан жаман. јнан дагы боюңда болсо балага жакшы.

-  ойчу, төрөгүм келбейт, эгер боюмда болгону чын болсо алдырам!

- Ёмне-е? - Ќуржанат анын жанына отура калып аны карыдан ала бери каратты, - Ёмне дедиң?

- јлдырам, баланын мага кереги жок!

- јйбан болбо, балалуу болсок жакшы эмеспи. ћенин балалуу болгум келет, апамдын айтканын угуп кандай кубанганымды билсең минтпейт элең.. .

- Ѕаары бир, мага баланын кереги жок, -  арлыгач мисирейген бойдон айтканынан кайтпады.

Ўагы сынган Ќуржанат унчукпай туруп барып ордуна жатып алды.

јлардын бирге жатпай жүргөнүнө эки жумадай болуп калган, кеч киргенде эле  арлыгач башым же ичим деп эптеп бирдеме жамынып жатып алат. Ќуржанаттын бөлүнгөндөн кийинки жашоосу тозокко айланды, эртең менен же кечинде дасторконго чогуу отуруп тамактанышпайт.  арлыгач чай, тамагын коюп койот да бир нерсеге шылтоолоп чыгып кетип ал кетип жатканда кирет, мындай жашоо кимди тажатпайт? "ј€л алып жашоомду өзгөртүп бактылуу жашайм" деген Ќуржанаттын тилеги таш каап, муз болуп тоңгон, таш жүрөк а€лга жолукту. "Ѕара-бара көнүп кетет" деген оюнан кайтып көңүлү кала баштаганда боюна болуп: "эми төрөсө өзгөрөт" деген ойго алданып калса, "алдырам" дегени жанына тийди. «аматта уруп-согуп баш ийдиргиси келген менен, өзү жан адамдын көңүлүн калтырбаган кичи пейил, ак көңүл, жумшак жигит а€лына колу барбайт. ƒагы кандай оку€лар болуп кетээрин эч кимиси сезмек эмесЕ

Ёртеси јзимкан ой боюна койбой ээрчитип алып врачка көргөздү эле, эки айдан өткөн түйүлдүк болгону белгилүү болду.  арлыгач кабагын карыш салып, үйүнө келгенден кийин күйөөсү жумуштан келээри менен:

- Ёртең мен боюмдан алдырам, азыр апамдарга барып айтам, - деди күңкүлдөй.

- Ёмнеге алдырасың? Ѕала меники, сен менден жоопсуз эчтеке кылалбайсың, апаңа мен кошо барам! - Ќуржанат кечээтен берки ойлогон оюн айтты, - Ёч качан алдырганга жол бербейм, кетсең төрөп берип анан кет. ћен сага жакпасам, өз канымдан жаралган баланы өлтүртпөйм!

- џ€? -  арлыгач аны селдейе карап калды, - Өлтүртпөйм дейсиңби, мен өлтүргөн жатамбы? - “үшүнбөй ойлоно түштү, - ћен сенин балаңды өлтүрөт бекемин?

- Ёй эси жок, боюңдан алдырганың өлтүргөнүң да, ошону түшүнбөйсүңбү?

- ∆о-ок, ал бала боло элек, -  арлыгач унчуга албай ички үйгө кирди, отуруп алып ыйлай берди, анан кийимин чогултуп чемоданга салды да, - —ен мени алдай албайсың, азыр барып кеңешем, өзүм жаш туруп баланы эмне кылам? - деди да чыгып кетти.

Ќуржанат эчтеке дебей кала берди: "јта-энесине мен барып болгонун айтсамбы? Ёгер алар кызынын түбөлүгүн ойлосо анын боюнан алдырбайт. Ёртең менен жолунан тосуп көрүнбөй аңдыйын" деп ойлоп анын артынан чыкпай отуруп алды. Ѕир туруп көңүлү ирээнжиди, бир туруп өз сүйүүсү үчүн алынын жетишинче күрөшкүсү келди. Ѕирок эркектик токтоолугу, көтөрүмдүүлүгү жеңип, акыры эмне болоорун күтмөк болду. Ѕирок көңүлү жай албай жөнөдү.

 үүгүмдө кирип келген кызын көргөн ата-эне аны таңгала карады.  олунда кийим салган чемодан, көзү тоодой болуп ыйлап алган.

-  ызым, сага эмне болду? -  үмүш ордунан тура калып колундагыны ала койду, - Ќуржанат экөөңөр уруша кеттиңерби?

- ∆о-ок, -  арлыгач ого бетер шолоктоп кирди.

- јнан эмне болду, ыйлабай айтчы бай болгур.

- Ёмне эле такып калдың, отургузуп жайыраак эле сүйлөшсөң боло? - Ѕекболот а€лына оңура€ карады, -  ирип келээри менен эле суракка алып кирдиң да? - дегенде ал үндөбөй калды.

”шул учурда Ќуржанат терезе тушунда турган, көпкө чейин тура берди, алардын сөзүн угуп чечим чыгармак болду оюнда.  арлыгач отургандан кийин апасы астына тамак койду эле ичпей койду. јнын мурдун чүйрүп ичкиси келбей калганын байкаган эне кош бойлуу экенин дароо түшүндү.  елин-уулу өздөрүнчө бөлмөгө кирип, күйөөсү жаткандан кийин анан эне-бала сырдашып отурду.  ызынын оюн угуп жини келе сүйлөдү.

- јл эмне дегениң кызым? Ѕаланы кудай бергенге берет, бала эмес баланын жытына зар болгондор канча?  үнөөкөр болбо, алдырам дегенди унутуп күйөөңө бар!

- —из эмне түшүнбөйсүз, мен силерди жер каратпайын деп макул болгом, болбосо Ќуржанатка тийбейт болчумун!

- јзыр Ќуржанат эмес өз балаңды өлтүргөнү жатасың кызым, ошону түшүнөсүңбү?! Ѕиринчи балаңды алдырып койсоң кийин төрөбөй каласың!

- “өрөбөсө төрөбөй эле койдум.

- јнтип кесир кылба, кийин өкүнүп какшап калбагандай бол кызым. Ёсиңе кел. Ќуржанат көңүлүңдү калтырбаса, жаман айтпаса, өз ырыскыңды теппе. Ёнелик акылым, эсиң барда этегиңди жый!

- ћен балалуу болгум келбейт апа, болгондо да өзүм сүйбөгөн адамдан!.

”гуп турган Ќуржанаттын жүрөгү зырп этип алды, көзүн жумуп ийди: "Ёнеңди урайын десе, сен сүйбөсөң мени сүйгөн кыздар толо болчу, бекер кылган экем" деп андан аркысын уккусу келбей үйүн көздөй кетип жатып жолдогу дүкөндөн бир бөтөлкө арак алып, алды да үйүнө келип ичип алып кулагына кайра-кайра  арлыгачтын үнү угула берди.

 арлыгач апасынын сөзүн укпай алдырам дегенден башка сөзгө өтпөдү, эртең менен муну уккан Ѕекболот:

-  ызым, эгер өз билгениңди кыла турган болсоң бул үйгө басып келбе, сени "жалгыз кызым, жалама тузум, алысты жакын кылат, ачууну таттуу кылат" деп ишенип жүргөм. јтанын сөзүн, эненин акылын укпаган баланы кечип койсо бир баладан эчтеке болбойт. Ѕактык, эркелетип өстүрдүк, кайда барсаң өзүң бил, бул үйдүн босогосун аттаба! - деп коюп туруп кетти.

Ёң кичүү агасы “урсунбек дагы:

-  акен, сен жалгыз кызсың, атам менен апам, агаларың биз дагы сенин багыңды ойлонуп жатабыз. Ёсиң болсо бизди уккун да үйүңө баргын, эч ким эчтеке дебесе ушунуң туура эмес! - деди.

јга акыл насаат айтып, апасы ыйлап-сыктап көндүрүп үйүнө ээрчитип келди, Ќуржанат жумушка кетип калган, анын түндө ичкен арагынын бөтөлкөсүн көрүп,  үмүш чоочуп кетти:

- Ѕотом, Ќуржанат ичеби?

- Ѕилбейм, мен кайдан билмек элем? -  арлыгач дале жинденгени, ата-энесине таарынганы тарабай апасына бурк эте жооп берди.

- јл эмнең, койнуңда жаткан эриңдин эмне кылып жүргөнүн билбейсиңби? —енин көк беттигиң жаман. Ѕекер кылган экемин, баланы бекер кыйнап жатсаң керек, кокуй. Ѕирөөнүн баласы ал дагы, убалына каласың го минтсең?

- Өлүп кетпейби! -  арлыгач кебелип да койбоду.

 үмүш кейип-кепчип, кызынын кы€л жоругуна нааразы болуп отуруп үйүнө кетти, кетип баратып:

-  ы€лыңды оңдо, дагы жанагы сөзүңдү кайталай турган болсоң өзүм сени бул үйдөн кетирем да экинчи бизге баскыс кылып турпагымды түйүп берем! - деп чыгып кетти.

Ќуржанат жумушуна барып атайын суранып кайра келген, ал кайненесинин үнүн угуп жашынып турган, ал короосунан чыгып кеткенден кийин акырын үйгө кирди. Ёч нерсе дебеди, өзү тамак жасап жеди да, орун салып жатып алды. “үндөгү ичкен арактын башын оорутканына чыдабай жолдон дагы ичип алган.  арлыгач отуруп-отуруп, тажагандай туруп үйүн жыйнаганга киришти: "јта-энемден кечип кайда барам, алар мени кандай гана кылып чоңойтушпады. јргам жок, тагдырым ушундай болсо көнбөскө чарам барбы, балким көнүп да кетээрмин" деген ойдо жумуш жасап алаксымакка өттү.

Ќуржанат өзүнүн токтоолугунан баарына чыдап ата-энесине эч нерсе айтпай жүрө берди: "Ѕалалуу болгум келбейт, болгондо да сүйбөгөн адамдан" деген анын сөзү мээсине орноп, үнү кулагынан кетпей, кээде катуу ойлонгондо жүз граммдан жутуп алчу болду. ∆умушуна билгизбей тракторунун отургучуна бир бөтөлкө аракты катып алат да кечке кызуу болуп гаражга келип токтоткондо механиктерине көрүнбөй кетип калат. јнын жүрүш-турушу, өңү өзгөрүп, жүдөгөндөй болуп баратканын байкаган ата-энеси ичтеринен тынып жүрүп өздөрүнчө кеңешишти да, бир күнү үйүнө келишти.  арлыгач алар келгенде мурункудан өзгөрө түшкөндөй төргө төшөк сала коюп дасторкон жайып, чайын койгондо унчукпай бир-бирин карап туруп калышты.

јңгыча Ќуржанат келип калды, ал бир аз алагүү болчу. јта-энесин көрүп үндөбөй дасторкон четине отурду да, а€лы сунган чыныны алып ичээр ичмексен болуп үңкүйүп отура берди.

- ”улум, бу сен эмнеге жүдөп жүрөсүң? Өңүң азгын. ∆умуштан кыйналсаң  арлыгач экөөң шаарга барып агаларың менен эжелериңдин үйүнө жүрүп келгиле. —ен кыйналып кеттиң окшойт, жазга чейин иштебей эле койчу, - деди јзимкан кейий.

- ќшент балам, келин экөөң шаарга барып келгиле, канча жүрсөңөр да көңүл ачып келгиле, - деп Ѕекболот уул-келинине карады эле Ќуржанат ызалуу:

- ƒосуңдун кызын мени сүйбөсө да "силердин көңүлүңөр" деп алып мен бактылуу болдум -келиниңер мени теңсинбейт, шаарда эмес айылда мени менен жүргөндөн у€лат, анан шаарга барайынбы, кантип??? - деп жаактары түйүлө, муштумун бекем кыса жер карады.

- Ќуржанат, эмне деп жатасың?! -  арлыгач у€лганынан ордунан тура калды.

- ќоба-ооба, менин сага тең эмес экенимди өзүм да билем, ата-энеңдин күчү менен жашап жүргөнүңдү да билем, эгер сен кетсең алар сага турпагын түйүп берип балалыктан кечип койорун да билем! -  өздөрүнүн чарасы мелт калт болуп төгүлүп кетчүдөй жашка мууна түштү..

- Ѕолду, сен эркексиң да уулум, ар кандай түшүнбөстүккө чыдаш керек.  арлыгач андай эси жоктордон эмес. ћен айтканды аткарасың, эртең шаарга барып ойноп келгиле! - Ѕекболот уулуна буйрук бере сүйлөдү да, - ∆үрү кемпир, жолго керектүүсүн камдап жөнөткөнгө камыналы, - деп  үмүштү карады да ордунан турду.

јлар чыгып кеткенден кийин  арлыгач:

- Ќуржанат, мени кечир, мен баарын ойлонуп көрдүм, туура эмес кылганымды түшүндүм, - деп ыйлап анын жанына келди.

- јта-энеңдин сөзүн кы€лбай дагы менин башыма чай кайнаткың келип турабы же өзүңдүн чечимиңби?

- Өзүмдүн чечимим, балалуу болсок баары жакшы болоор деп ойлом.. .

- Ѕолуптур, али кеч эмес, - Ќуржанат  арлыгачты кучактап өөп, сооротуп жатты, - Ѕилесиңби  арлыгач, мен сени чын дилим менен сүйгөмүн, эгер ата-энем ортого түшпөгөн болсо да сени ала качып алмакмын.. ј сен аны түшүнбөй жүрбөйсүңбү?

- Ѕолду эми, мен сендикмин, Ќуржанат.

 арлыгач ушинтип ага айткан менен жүрөгүндөгү муз эрибеди, өзүн зордоп тагдырына аргасыз баш ийүүгө ичтен сызып: "мейли, балким убакыт өзү дарылаар, сүйүп же көнүп кетээрмин. “өрөп алсам баары башкача болуп өзгөрүп, жакшы жашап калабыз" деген ойдо анын кучагында үнсүз телмирип отура берди.

Ќуржанат ушул саам колуктусу кучагында турганына ишенип ишенбей чынын же төгүнүн билбей бактылуу болуп турду, анткени үйлөнгөндөн бери бир да жолу анын минтип өз эрки менен кучагында турушу эле.  өптөн кийин  арлыгач андан бошонуп жумуш жасоого киришти.  ечки тамак негедир даамдуу болду, экөө бет маңдай отуруп тамактанды. ћурдагыдай болуп этин жыйра өзүн андан ала качпай төшөгүн салып жатып, сүйлөсө жооп берип, жаркылдап күлбөсө да күйөөсүнө көңүл бура жанында жаттыЕ

јдамдын тагдыры болоор болбостон чоң бурулушка барып такалары бышык, оңдойм деп андан да артык кылып бузуп алышы мүмкүн.  арлыгач ушул азыр ата-энесинин айтканынан чыга албай аз да болсо күйөөсүнүн көңүлүн көтөрүп, өзүн алаксыткысы келген менен өтө чоң каталык кетиргенин түшүнгөн жок. Ѕолгону ал балалуу болуу бактысын карманып калды, ал эми Ќуржанаттын өмүрүн тозокко айлантаары оюна да келбедиЕ.

Ѕекболот уул-келинин эртеси эле шаарга салып жиберди. јларды тозуп алышкан улуу агасы иниси менен келинин жакшылап коноктоп калды.  арлыгачты балдары тегеректеп алып чурулдашып атты. Ќуржанат бир аз алаксып бир эки күн аерде болушту, андан кийин эжесиникине барышып, ал жерде болуп сый көрүшүп, Ўааркандын кызы  арлыгачты жандап, ага:

- ∆еңе, жүрүңүз концертке барып келебиз, - деп калды.

- Ёжемдер эмне дейт, у€т го?

- Ёмнеге, алар урушпайт, мен жооп сурайынбы? - √үлүм ага болбой эле апасына айтмак болуп чыга жөнөдү.

- √үлүм, жөн эле койчу, -  арлыгач аны токтотмок болуп токтоду.

- јпа, - деди √үлүм, - ∆еңем экөөбүз концертке барып келеличи? - Ёркелей кетти, - јпа, барып келелиби?

-  ой, аны тим кой, барса күйөөсү экөө барат, сен ойкуштабай жөн тур! - Ўааркан кызын урушуп койду эле ал ага болбой эркелей берди.

- Ѕарып келели да.. .

- ∆өн тур дейм!

- јпа дейм, апа-а, барып келели да, жеңеме концерт көрсөтүп келейинчи?

- Ќуржанат,  арлыгач экөөңөр √үлүм менен чогуу барып келгилечи, - деди Ўааркан айласы кеткенде.

- „ын эле, барса барып келсин, келиндин дагы көңүлү ачылат, - ƒамир а€лына карады, - √үлүм, тур жеңеңди кийин де!

- Ѕарсаңар барып келгиле. ƒамир, чогуу эле барып келбейлиби? - Ўааркан күйөөсүн карады.

- ћаакул, барса барып келебиз. “ургула, кечигип калабыз.

ƒамир ордунан турду. „огуу чыгып концертке барышты. ќшол күнү куудулдардын концерти болмок, эл көп, билет саткан түйүнгө келип алты кишиге билет алып кирип орун алышты. ќюн жакшы болду, Ќуржанат жанында отурган  арлыгачты улам карап коюп отурду, ал улам эл күлгөндө жылмайып койот. јлар шаарга келгенден бери экөө анча ээн боло албай жатаарда гана биригет. Ѕа€гыдай боюн ала качып өзүнө жолотпой ары карап жатканын коюп,  арлыгач азыр күйөөсүнүн эркинен чыкпай калган. ”шул учурда Ќуржанат анын кыз кезиндеги оюнкарак, абдан шайыр кезин көз алдына келтирип алды..

Ѕир жолу Ќуржанат  арлыгачты жолуктуруп сүйлөшөм деп барып төрт кыз, үч бала менен турганын көрүп жашынып калды:

-  ызда-ар, -  арлыгач жанындагылардын көңүлүн өзүнө бурмак болуп алаканын шакылдатты, -  ызда-ар!

- ќй эмне болуп кетти? - Ѕирөөсү карап калды.

- ƒагы эмнени ойлоп таптың? - дешип каткырып калышты.

- ћен бир жигитти сүйүп калдым! -  арлыгач аларды өзүнө каратып алып кабагын түйүп, - —илер мага жардам берсеңер, мен а€бай бактылуу болмокмун! - деди.

-  им экен ал бактылуу жигит?

- ”шу сенин сүйүп калганыңа ишенбейм ай.

- —өзүн угалычы эми, сүйсө сүйүп калгандыр.. .

- ћени сүйүп калсаң кандай бакыт? -  ыздардын чурулдаганын токтото балдардын бири анын маңдайына тура калды, - јйтчы, бактылуу жигит мен эмесминби?

Ќурадил күлүп,  арлыгачтын колун кармамакчы болду, бирок ал ары басып:

- ћенби, сениби? ∆оок жаным, мен дүйнөнүн чемпиону, кино актЄр ћарк ƒакаскосту сүйүп калды-ым!

- ќо-уу!

- Ёмне-е?

- ”кмуш ай, - дешип кыздар ооздорун ачып калганда  арлыгач каткырып:

- Ёмне таң каласыңар, сүйсө болбойбу? - деди.

- јндан көрө жаныңда турган бизди көрбөйсүңбү, капкара кылып аны эмне кыласың?.

Ќурадил аны тамашалай жылмайды,  арлыгач анын маңдайына барып, ээгинен кармап алып ары-бери кылып карап, анан мурдун чүйрүп аны акырын жаагынан ары түртүп койду:

- —ен жарабайсың, ал капкара болсо да асмандагы жылдызга тең, а сен биздин айылдын бир баласысың да, ээ кыздар, туурабы? - деп койгондо курбулары анын тамашасын түшүнүп:

- “уура, дүйнөлүк жылдыз деген башка, а сен башкасың, - деп күлүп калышты.

—өзгө чебер, кепти таап сүйлөгөн Ќурадил кыздарды карап:

- "Ѕасмайылдын кысканын жигит билбейт, ат билет, Ёр жигиттин мыктысын жакын билбейт, жат билет" - деген сөз бар, жаныңарда турган мыкты жигиттерди билбей асмандагы жылдыздарды самаган кыздарга сөз короткуча.. . - деп беркилерди карады, -  ой жигиттер, кеттик, кыздардын үмүттөрү биз эмес ћарк ƒакаскос, ƒжет Ћи, ¬ан ƒамм болуп калыптыр, - деп достору менен ары басканда  арлыгач кыздардын ортосунда аларды карап каткырып:

- “аарынбагыла жигиттер, силер биздин ¬ан ƒам, ƒжет Ћи, ћарк ƒакакосубузсуңар да! - дегенде баары күлүп калышты.

Ќуржанат акырын артына бурулуп ушу турган ойноок кара көз сулуу кызды жанындагы боз балдардан кызганып ого бетер сүйүп: "—ен акыры меникисиң да" деп өзүн алаксыта жылмайып басып кеткен.

јзыр ошолорду ойлоп келинчегинин жүзүнөн ошондогу жаркылдаган күлкүнү таба албай ийнинен улутунуп алды.

Ўаарга келген үч төрт күндөн бери бир туугандарыныкына конок болуп жүрүп эч жакка чыгышпады. Ѕекболот почтодон сүйлөшүп ар бирине дайындап, келининин кош бойлуу экенин, көңүлүн ачып ойногонуна "акча-тыйынды а€багыла" дегендиктен алар экөөнү жакшы карап атышты.

 арлыгачтын сумсайып, күйөөсү менен бир да жолу жаштардай болуп жылуу мамиле кылбаганын көргөн Ўааркан ичинен ойлонуп калды.

Ѕир күнү ал ашканасында жүргөн. Ќуржанат  арлыгачтын жанына отуруп кучактап өөп:

-  арлыгач, деги өзүңдү бактылуу сезесиңби же.. . - деп колун кармалай жүзүнө үңүлдү.

-  өрүп турбайсыңбы, - ал ага көзүн токтото суз гана карап жооп берип койду.

- —енин күлүп шайыр жүргөнүң жакчу мага, ошол күлгөн күлкүңдү, жаркылдаган жүзүңдү көргүм келет,  акен?

- ∆өн эле күлө беремби?

- ћага муз тоңгон көздөрүң менен карабай күлүп карап койчу, тоңгон көз карашың жүрөгүмдү үшүтүп баратат, - Ќуржанат ойлуу ордунан турду, - ∆үрү, сыртка чыгып парк аралап келеличи.

- ∆ок, эчтекеге көңүлүм жок, сен барып келчи, -  арлыгач диванга жатып алды.

- Ёмнеге, мен жалгыз паркка барайынбы, мени менен барыштан у€ласыңбы? - Ќуржанат ачуулана үнүн бийик чыгарып ийгенде Ўааркан кирип келди.

- Ёмне болду?

- Ёчтеке! - Ќуржанат эжесине айткандан тартынып, ашканага чыгып кетти.

- ѕаркка барып келели дегенинен көңүлүм жок десем эле кыйкырып атат, -  арлыгач жер карай күнөөлүдөй үн катты.

- ќй кокуй күн десе, мен дагы эмне болуп кетти деп чоочуп кеткенимчи, - Ўааркан инисинин артынан чыгып, ага, - Ќуржан, аны кыйнаба, боюнда бар а€лды а€шың керек, тамакты анча ичпейт экен, сен аны минтип уруша бергениң болбойт, - деди аста.

- Ѕоюнда болсо да, жөн да мени менен баскысы келбейт, мен муну менен ажырашам! - деп Ќуржанат сыртка чыгып кетти.

- ќбу жок десе.. . - Ўааркан унчукпай кала берди.

Ќуржанат кечинде кызуу болуп келди, эжеси аны күйөөсүнө билгизбей ордуна жаткырып коюп сыртынан тыңшап турду, инисин а€лы менен урушуп кетеби деп чочулаган эле, бирок андай болгон жок, көптөн кийин бутунун учу менен басып өз бөлмөсүнө кетти.

Ќуржанатты Ўааркан тилдеп атып а€лы экөөнү күндө паркка, киного, театрга барып келүүгө жөнөтүп жүрдү.  арлыгач аргасыз бирге басып, жанында күйөөсү бара жатса да жалгыз жүргөн сымал көздөрү эл ичинен кимдир бирөөнү издегендей болот, мындайда Ќуржанат ого бетер тумчугуп кетчү болду: "Ѕул башканы ойлоп жүрөт, анысы ким болду экен, ушунчалык катуу сүйгөн го. ћен бул деп жүрсөм, бул башканы.. . " деп өзүнчө кыжаалат болуп алат. Ўаарга келгени алардын ортолорундагы мамиле өзгөрүп деле кетпеди. јргасы кеткен Ќуржанат бир күнү:

- ћен айылга кетем, сен каласыңбы же.. . - деди.

- Ёмнеге, мен деле кетем.

- ќй деги кандай жансың, мени менен болгондо деле жүрөк үшүткөн үрөйүңдөн башка эчтеке көралбадым, андан көрө сен бир аз калып кийин бар, балким алыс болсок бир-бирибизди сагынаарбыз, түшүнөөрбүз, күтөөрбүз.. . - деп Ќуржанат эжесине айтпай кетип калды.

јны уккан бир туугандары экөөнө таңгалып жашоолорунун болоор-болбосуна күмөн санап калышты. јрадан он күн өткөндө  арлыгач кетмек болду, аны бир сыйра кийгизишип, белек-бечкектерин берип узатып коюп, Ўааркан инисине карады:

- —ен атамдарга барып келсеңчи, бу келин муздай болгон неме экен, Ќуржанды суутуп салыптыр, булар жашай алышпайт го? - деди.

- ћен барганда эмне демек элем?

- јтам менен апама айт, минтип жүрсө баланы бузат, ушундайда ажыратып койгону жакшыдыр.. .

-  ойсоңчу эже, өздөрү билет да, балким анда да бардыр, - ”лук эжесинин сөзүн жактырбай кошо басты, - төрөгүчө өздөрү чечишет да.

- јй билбейм, тил албасаң өзүң бил, көрө жатаарбыз.

Өз үйлөрүнө кайтып баратып бир чечимге келе алышпады. ”лук эки күндөн кийин айылга переговор берип сүйлөштү. јчык эч нерсе дебеди,  арлыгачтын жеткенин билмек болдум деп койду. ќшону менен ар кимиси өз тиричилик, жашоолору менен алектенип кетишти.

Ќуржанат айылга келгенден кийин өзүнүн үйүнө барып ичип жатты, жумушка барбады.

Ѕекболот анын келгенин  арлыгач келгенде билип барса ал ичип алып үйдүн ичи чачылган, бөтөлкөлөр толуп кетиптир, өзү эч нерсе билбейт.  аңырыгы түтөй:

- Ёс алсын, эртең эрте менен келем, - деп коюп үйүнө кетти.

 арлыгач үй ичин жыйнап, идиш-а€гын жууп өзүнө өзү жини келди: "ушундан көрө өлүп калсам болмок, дагы жакшы кишилер экен, баласынын мындай абалын көргөндө бирдеме десе эмне кылат элем" деп ойлонуп өзүн канчалык күйөөсүнө жакшы мамиле кылууга аракеттенсе да болбоду, өзүн кыйнап туруп:

- Ќуржан, турчу өйдө, эмне болуп калгансың, турчу мен келдим, - деп башын өйдө кылды.

- џ€, сен келдиңби, келсең жакшы болуптур, жата бер жыландай ийрилип, таштай катып, келгенде мага эмне пайда? - Ѕашын көтөрүп аны карап кайра жатып алды.

-  ойчу эми Ќуржан, тур тамак ичип алчы, - ал күйөөсүн акырын чекесинен сылай, - Ѕолду эми туруп тамак ич, - деди.

јнын ичке, жумшак, назик колдору тийгенде көзүн ачып таңгала карап, башы зыңгырап ооруп жатканын сезе:

- јндай эле бооруң ооруп жатса арак берчи, башым ооруп атат, билем сен мага сүйүү бере албайсың, ачуу аракты а€байт болушуң керек? - деди.

- ћенде акча жок, кайдан алып келем, тамак ичсең басылып калат тил алчы эми.

- ќй тобо-о, сен тим эле мээримиңди төгүп-чачып калгансың го, эми сүйүү чача аласыңбы? - Ќуржанат келинчегин жүзүн тырыштыра ормойо карады, -  олуңдан келеби, мен сенден күткөн нерсени бере аласыңбы?!

- Ќуржан, турсаң эми.. .

- ∆о-ок, сен мага эңсеген, күткөн үмүтүмдү жандырып сүйүү бере албайсың. “ур, арак алып кел! - деди да кайра жатып алды.

 арлыгач туруп күүгүм кирип келаткан кезде сыртка чыкты да бир көчө өйдөдөгү дүкөнгө жөнөдү. Ѕарып бир бөтөлкө арак алып элеңдей үйгө кирди.

- “ур, мына арак алып келдим.

- Ёмне? - Ќуржанат өйдө болуп ишенип-ишенбей карап калды, - Ѕерчи, башты жазып алайын.

- ћына, -  арлыгач стаканга куюп колуна карматты.

јл калчылдай ичип алды да башын мыкчый отуруп калды.

- јтам эртең эрте келем деп кетти.

- Ёмнеге келет?

- —енин мас болуп жатканыңды көрүп калды, мүмкүн урушаар.. .

- ”рдум силерди, баарыңарды урдум! - јры карап жатып алды, - Ѕаарына кайылмын, маа десе бышырып жесин.

- јнтпечи Ќуржан, андан көрө атам келе электе сен эрте кетип кал, ичпей өзүңдү карма, балалуу болсок кантебиз, сен ичип турсаң?

- »й-ийи, - деп бурулуп аны карады, - ”шундай эстүү жан экенсиң го ээ, балким мени алдап жаткандырсың, анан сүйүүңдү башкадан издеп жүргөндүрсүң?

-  ойчу эми, эми кайдагы сүйүү, сен турбайсыңбы! “ур, башың басылса тамак ичип төшөккө жат! -  арлыгач туруп дасторкон жайды.

Ќуржанат акырын ордунан туруп сыртка чыгып келип:

- ƒагы жүз грамм куюп берчи! - деди.

- “амак ичсең, ысыгыраак ичсең башың басылып калат, көп ичсең мас болуп каласың.

- Ѕолбойт, тур куюп бер дейм!

- јзыр, -  арлыгач дагы арактан куюп сунду, - »чпей эле койсоң болбойбу?

- Ёмнеге ичпей койом, жүрөгүм жетимсиреп сыздап жатса, түгөйүн таппай жалгызсырап ыйлап турса, ичимди өрт каптап кара күйүк болуп баратса ичпегенде кантем?


“олук окуйм десеңер, алуу шарты биерде >>>



пїњ –Ш–Ј–і–∞–љ–Є–µ –Ї–љ–Є–≥–Є –Ј–∞ —Б—З–µ—В –∞–≤—В–Њ—А–∞
–µ–Љ–µ–є–ї:janyzak@mail.ru
+996777329784
–Р–ї–≥–∞–љ –Љ–∞—В–µ—А–Є–∞–ї–≥–∞ —И–Є–ї—В–µ–Љ–µ –±–µ—А–Єң–Є–Ј!
 © J.Janyzak, Kyrgyzstan 
–°—Б—Л–ї–Ї–Є –љ–∞ –≤–Ј—П—В—Л–µ —Б—В–∞—В—М–Є –Њ–±—П–Ј–∞—В–µ–ї—М–љ—Л!
–ѓ–љ–і–µ–Ї—Б.–Ь–µ—В—А–Є–Ї–∞