»нтернет библиотека ∆анызак@басма
—амое дешевое издание книги за счет автора! 

¬атсап: +996777329784
—отка +996700329784
емейл: janyzak@mail.ru

 ниги автора јйгүл Ўј–Ў≈Ќ на кыргызском €зыке

Ёки күйөөлүү а€л

Ѕул чыгарманы жазуудан мурун эки ооз сөз менен түшүндүрмө бере кетсем ашыктык кылбас. јнткени бул оку€га мен өзүм күбө болуп калдым. Ёки-үч жылдан бери бир дасторкондон даам татышып жүрсөк да дымырайып эч сыр бербей, сүйлөсө тилинен бал тамган бул келинди мен мындай деп ойлогон эмес элем. џрдаса үнү созолонуп, табышмактата макал-лакапты кошуп сүйлөп, отуруштун да көркү болчу. јл эми өңү-жүзү көптүн бириндей эле кемчилиги да, теңчилиги да бар. ∆ашоо адамды баарына үйрөткөндөй эле —аадатты да бул турмуш катаал элегине калчап, баарына үйрөткөндөйЕ

Ёмесе сөз башынан болсун.

—аадат „оң- еминдин бир айылынан.  удай кошкон жубайы менен он жылдай жашап, төрт баланын энеси болгон.  үйөөсү эл катары иштеп, бирде бар, бирде жок болуп, эл агымы өзгөрүлгөндө алардын турмушунан жарака кетип, жашоолору экиге бөлүндү. Ёрди-катын кеңешип туруп, үйүнүн кызыл китебин барымтага коюп акча алышат. јлынган көп акча ай сайын тууп, көбөйүп баратты. Ѕир күнү алардын үйүнө бир а€л менен бир киши келди.

- —аламатсыздарбы?

- —аламат, силер ким? - —аадаттын күйөөсү “емир аларды үңүрөйө карап суроо узатты, анткени —аадаттын акча алган кишилерин ал көргөн эмес.

- Ѕиз процентке келдик эле, жок дегенде үстүн бербесеңер процентиңер көбөйүп, үйүңөрдөн айрылып каласыңар.

- јл кандай акча? - деп “емир такыр укпаган болуп сурады.

- Ёмне, а€лың айткан жок беле? - деди өзүн  лара деп тааныштырган а€л.

- ∆ок.

- јнда, иничек, - деди жанындагы эркек. - ћына бул үйдүн документин коюп, а€лың бизден акча алган, эки жолу беш миңден, он миң алган.

- јнысын билбейт экенмин.

- јнда эки айдан бери бере элек, алты миң сом бересиңер, эртең келебиз, да€рдап койгула.

-  өрөм го, а€лым келсе сүйлөшөм.

- ƒа€р болсун, убара болбойлу, - деген  лара менен Ѕексултан жөнөй берди.

“емир ойлонуп калды: "Ёмне кылуу керек, алты миңди берип койсок тынч жашайт элек, кайдан табабыз" деп ойлонуп отурганда —аадат келип калды. јл күйөөсүнүн кабагы карыш түшүп отурганын көрүп:

- Ёмне болду? - деди кабатырлана.

- Ёмне болмок эле, ба€гы акчанын үстүн бергиле деп келип кетишти. Ёки айга алты миң болгон тура.

- ќшону берсек болмок, сен да иштебей койдуң.

-  а€кка иштейм, же жалданайынбы? - “емирдин ачуусу келип кетти.

- Ёлдин эркектери иштеп эле жатпайбы.

- јнда ошол элдин эрине тийип ал!

- ”шундай кы€лыңдан иштей албай жүрөсүң да, төрт баланы мен капка бууп багамбы?!

- Ѕакпасаң таштап сал, эртеңкиге алты миң сом таап кел, экинчи карыздарыңды көзүм көрбөсүн!

- ќшол карыздарды мен эмне талаага алып бардымбы, чогуу ичип-жегенбиз, - —аадат дагы тилин тартпай жиндене булкунду. - —ен деле иштесең болмок, жалгыз менин иштегеним балдарга жетеби же экөөбүзгөбү?

- Ѕилгениңди кыл да, акча таап келип кой, үйдө тынч отура турган болоюн.

- —ен дагы изде, мен дагы издейм.

- ћен кайдан издейм?

-  айдан билем, изде да.

- Ён-неңди, карасаң муну, - “емир аны жаакка бир койду. - ћени менен акыйлашкыча акча тапканды ойлонбойсуңбу.

-  им берет, карызыбыз бар экенин билгендер бере коебу?

- јнда үйдөн жогол, качан акча тапканда келесиң!

- Ёмнеге кетем?

- ”шинтип эле кетесиң, качан карызды төлөйсүң, ошондо үйгө киресиң, - “емир аны колунан сүйрөй сыртка чыгарып койду.  өзүнүн жашын көлдөткөн —аадат сыртта көпкө турду, дагы бирдеме десе күйөөсүнүн кызыл-ала кылып сабаарын билет.  анча турду ким билет, каш карайганда “емир анын кийим-кечесин алып чыгып колуна карматты да: - Ѕашты оорутпай жолуңа түш да, карызды таап кел, ага чейин келбе! - деп эшигин катуу жаап кирип баратып, кайра минтти: - Ѕалдарды көрөм деп ойлобо!

- “емир, менин күнөөм кайсы?

јнын сөзүн да уккан эч ким болбоду, —аадат кийим салынган пакетти көтөрүп, аргасыз башы оогон жакка кетип баратты. “агдырдын бурганактуу бороону буюктуруп кайда алпарып таштаарын билбей көз жашы көлдөп, а€лдаманы көздөй жөнөдү.

—аадат менен “емир мындан мурун да далай жолу урушуп-талашышкан. ƒа€р оокатка көнүп, керээлден кечке бош жатканы аз келгенсип “емир —аадатты сабап, тепкилеп да жүргөн. Ѕаласы үчүн эне байкуш зулумга да аргасыз чыдап, баланын жашоосу, келечеги үчүн баарына кайыл болот эмеспи. —аадат дагы бүт өмүрүн балдары үчүн жумшоого да€р эле. Ѕирок ошол кезде балдары үчүн дагы бир башка эркекти алдап, анын жүзүн тик кароодон тартынып, чындыкты жүрөгүнө катып, аргасыз эки жүздүү болуп жашаарын билген да, туйган да эмесЕ

—аадат ызасын, ички арманын кулк эттире жутуп алып, бир таанышы аркылуу батирге орношту. Өзү бою пас, арыкчырай сары келин. јкыркы убакта каны аздыктын азабын тартып жүргөн. јдегенде тааныштарынын арты менен манты сатып, јламүдүн базарына чыга баштады. ∆умуш менен алаксып жүрсө да, балдары эсинен чыкпай, жеген тамагы кекиртегинен өтпөй түйүлө түшөт. ”бакыт өтүп, бир аз акча топтогон соң анысын көтөрүп, балдарына келди. јл кезде арадан бир ай өтүп кеткен. “емир үйдө экен, балдары жабалактап басып калышты. Ёң кичүүсү Ёлина:

- јпа, чиш кетпейчишби, мен чишти чагындым, - деди ага асыла.

-  ызым, мен иштеп жатпайынбы.

- »штейчишби?

- »йи, сага кийим-кече, конфет үчүн иштеп жатпайынбы?

- ја-а, јйка эжем, “ику акемдейге да апкелечишби?

- ќоба, кызым, баарыңарга алып келем.

- јтамачы?

Ќаристе апасын суроолуу карады, Ёрди-катын экөө эки жерде үн катпай кенже кызынын быдылдаган тилин угуп, ошону менен бирге бул жансыз жашоолору кайда барып токтоорун сезбей отурушту. ќшол барышта —аадат карыз бергендерге акелеп-жакелеп үч миң сом берип кетти.  ара жанын карч уруп манты жасап сатып, андан кийин тааныш таап, дагы процент алып, карызына берип турду. јбдан кыйналды, ойлонду. Ѕир жагынан түйшүк жанын кейитип кан басымы көтөрүлүп ооруп калды, өңгөдөн да бир ныптасы кыймылдабай калганы зээнин кейитип, төшөк тартып жатып калды. ќшол учурда ага- иниси же бир туугандары андан кабар албады. ќоруканада жатып, эки ай дегенде бир аз басып калды. ќшентип азап менен тозоктун чеңгээлинен чыгып, тыңый баштаганда кайрадан түйшүк тартып манты сатып, базарга чыга баштады. Ѕир күнү аны менен чогуу жашаган келиндин таанышы жолугуп калып, көпкө сүйлөшүп туруп, кечинде келди.

- —аламатсыңарбы, кыздар!

-  ел, кел, —амат.

-  елип калдык, жигиттердин көзүн кызарткан, жалжал карап жанды кыйнаган, силердей келиндер үчүн келдим да? - —амат култуңдап күлүп койду.

-  елгениң жакшы, өзүбүз да зеригип отурган элек, - деп јлмагүл аны сырдуу карап койду. Үчөө —амат алып келген винодон аз-аздан ичип, куурдактан жеп отурганда эшик такылдап калды. јлмагүл чыгып кетип, ошол бойдон кирбеди. —аадат тартынып унчукпай отурган. —амат бойдок эле, ал ичке, арыкчырай ак жуумал келинди эптеп торго түшүрмөк болуп, ар кайсыны сүйлөп отурду.

- —аадат, сүйлөп отурбайсызбы?

- Ёмнени сүйлөйм?

- ”нчукпас оюн ойногон жокпуз го, бирдемени сүйлөй отур, өзүң жөнүндөЕ

- ћен жөнүндө угууга кызыкпай эле коюңузчу.

- Ќеге, адам бири-бирине кызыгуудан көп нерсеге туш болушат да, мисалы, сиз бойдок, мен да бойдок дегендейЕ

- ћен бойдок эмесмин да, иштеп эле жүрөм.

- ќшентсе да кобурашып, үйбүлөң жөнүндө айтып отур.

- —из сүйлөп бербейсизби?

- ћейли анда, сөздү өзүң башта дегени турасың го?

- ќшондойЕ

- ћенин а€лым өзүбүздүн эле көлдөн, үч уулум бар, бирок а€лымдын а€гы суюктугу экөөбүздү эки жакка бөлүп жибердиЕ - —амат дал ошол күндү көз алдына келтирип, терең ойго бериле отуруп айта баштады.

—амат он тогузунда бир кызды артынан жүгүрүп а€бай бериле сүйдү.  ыздын аты Ќазира болчу. јкыры жүгүрүп жүрүп бир күнү максатына жетти.  ыздын көз карашы деле түз экен. ќшентип жаштыктын жалындаган алоо отуна күйүп, эки жаш сүйлөшүп калышты. јйдың көлдүн жээгинде, айлуу түндүн биринде экөө кыналыша бирге басып, көлдүн шарпылдаган толкунун тыңшап, келечек жөнүндө ой-максаттарын бир-бирине төгүп, махабаттын аруу сезиминде каалгып кетип баратышты.

- Ќазира, үйлөнүп албайлыбы?

- —амат, бир аз кое тур, мен окууга тапшырып алайын.

- —ени бирөө алып кетип калсачы?

-  им?

- ƒеги даЕ

-  ойчу, —амат, мени алып кеткен күндө дагы отурбайм.

- »шенбейм, кыргыздын салты бар го таш түшкөн жеринде оор деген.

- Ѕаары бир мен отурбайм.

- јта-энең отургузуп койсочу?

- јлар антпейт.

- ќкуп калганда мени таштап кетсеңчи?

-  антип, сени сүйүп туруп таштап кетмек белем, сен мага ишенбейсиң, балким сен мени мен сүйгөндөй сүйбөйсүң? - Ќазира таарынып алдыга ылдамдай басты.

- Ќазира, таарынбачы, мен сени сүйгөндүктөн сенден айрылып калуудан корком, - —амат ага жете келип карыдан алды. - јндан көрө мени хулиган деп ата-энең бербей койсочу?

- јндай да, мындай да болбойт, мен кимди сүйсөм, жактырсам, ошого гана турмушка чыгам!

- јлтыным десе, мени таштап кетпесең эле болду.

- ƒагы баштадыңбы?

- Ѕолду, болду эми.

- —амат, сен чындап эле мени сүйөсүң, ээ? -  ыз ага айдын бүлбүл жарыгында жылма€ карап сурады.

- —ени жанымдан да артык сүйөм!

- ∆анынан да артык сүйүүгө болобу?

- —өзсүз болот.

- Ёгер мен көлгө чөгүп баратсам, мени куткарууга сүзгөндү билбесең да барат белең?

-  өлдүн кулуну боло туруп, сүзгөндү билбесем болбойт го?

- ƒеги да.

- —өзсүз бармакмын.

- Ёгер менин кинодогудай жүрөгүм алмашыла турган болсо же көзүмдүЕ

- Ќазира, андай жаман сөздү айтпачы, анын бетин ары кылсын, - —амат Ќазираны сүйлөтпөй оозун баса калды.

- ∆ок-жок, сен жооп берүүдөн качпа, ошондой болсо кантет элең?

- јндай болсо эч качан а€нмак эмесмин!

- „ынбы?

- „ыпа-чын!

- –ахмат, - ќйноо, бала кы€л кыз-жигитти бажыра€ караган айдын нуру экөөнө суктангандай эки жаштын артынан ээрчий карап кылайып төбөдө турду.

- Ќази.

- »йи.

- —ен дагы мени сүйөсүңбү?

- ќоба.

- ∆арабайт, сүйөм деп айт! - —амат аны кучактай калды.

- —ама-ат, мен сени сүйө-өм! -  ыз кыткылыктай жүгүрүп жөнөдү. - —ама-ат, мен сени сүйө-өм, а€бай сүйөм!

- ћен дагы, мен дагы сени сүйөм, Ќазира-а! - —амат анын артынан чуркап жүрүп, түнкү муздак аба чыйрыктырып үшүтө баштаганда гана үйлөрүн көздөй жөнөштү. Ѕул жолугушуу алардын акыркы жолугушуусу экенин оюнга тойбогон, жаштыктын кумарлуу деми делөөрүткөн жаштар кайдан билишсин.  ыналыша колтукташып, не деген таттуу кы€лдарга жетеленишпеди, не деген максаттарды алдыларына койбоду. —амат кызды үйүнө узатып барганда да, бөлүнө алышпай көпкө турушту.  ыз жигитинин ийинине башын жөлөп:

- —ама-ат, - деди.

- ќов!

- ћен окууга өтүп калсам барып турасыңбы?

- —өзсүз барам, сен окусаң, мен иштейм.

- „ын элеби? -  ыздын көздөрү жайнап кетти.

- „ыпа-чын!

-  үндө жолугуп турабыз, ээ?

- јнанчы.

- ћен сенсиз тура албачудай боло беремЕ

- ћен дагы, ошон үчүн үйлөнүп алсак болмок, өзүм эле окутуп алмакмын.

- јтам болбой жатпайбы, күйөөгө тийсең окубай каласың деп.

- ћакул, окусаң оку, мен күндө кечинде жаныңда болом, күндүзү иштейм.

- —өз бер?!

- —өз берем!

- јндаЕ -  ыз мойнун созуп, согончогун көтөрө жигитин өөп коюп жүгүрүп кетти. - ∆акшы ба-ар! - деп короосуна кирип көрүнбөй калды. ќшентип ошонун эртеси келген —амат Ќазиранын шашылыш шаарга кеткенин угуп, шалда€ түштү.  өрсө, анын кеч келгенин көргөн атасы урушуп, түндөп да€рдантып, таң ата машинасына салып, шаарга алып кетип калыптыр. јрадан бир жума өтпөй шаарга келген —амат анын кайсы окуу жайда экенин билбей убараланды. Өзү айткан окуу жайда жок болуп чыкты. ќшол жылы Ќазира биринчи курста окуп жатканда эле аны ата-энеси күйөөгө берип коюшту. Ќазиранын ыйлаганын да, сүйлөшкөн жигитим бар дегенин да, уккусу келбей атасы өзү макулдашып кызын берип ийди. —амат аргасыз сүйгөнүнөн айрылып кала берди, айылга кайра келип апасына:

- јпа, үйлөнбөйүнбү, жүрө беремби? - деди ызалуу, ошентсе эле баарын унутам деп ойлогон.

- јпей, балам, арми€га барып кел, анан үйлөнөсүң.

- јны да көрө жатаарбыз, үйлөнбөсөм болбойт.

- ћакул, сүйлөшкөн кызың барбы, атаңа айтайын.

- ∆ок.

- јнан кимди аласың? - Ёне күлүмсүрөй карады.

- Ѕилбейм.

- ќшо кантип болсун, уулум, - деди эне акырын уулуна жумшак сүйлөп. - џлайыктуу кыздар менен сүйлөшүп көр, анан көрөбүз да?

- —үйлөшпөй эле алам.

- Ёмнеге?

- —үйлөшсөң, сүйлөшпөсөң да баары бир экен?

- ∆о-ок, уулум, андай болбойт, сүйлөшүп көргөнүң дурус болоорЕ - Ёне уулун ойлуу карап койду, ал баласынын ички сырын түшүнүп эле турду, баарын уккан.

—амат бала кезинен эле ичип алып, көрүнгөн менен мушташып, токмоктошуп жүргөн неме болчу. Ёне үчүн жакшыбы-жаманбы, баш кесерби, баары бир бала эмеспи. —аматтын атасы өгөй болчу. јл тургай ал ачуусу менен: "ћенин балам эмес" деп койгон күндөрү да болгон. Ёне тымызын улутунуп алды: " арандай амандыгын кудайдан тилеп, багын тилеген эмес экенмин, мындан аркысы жакшы болсо экен, али турмуш жолу баштала элек эмеспи" деп алды оюнда. јл унчукпай калганда —амат сыртка чыгып кетти. јрми€га да барып келди. ”шул Ѕурулканга үйлөнөөрдө достору менен ичип жүргөн эле.  ызуу кетип баратышса алдынан эки кыз чыкты.

- „оң кыздар! - деди —амат теңселе.

- Ёй, койсончу, кыздарга тийишпе, - аны жанындагысы тыйды.

- Ёмне экен, азыр ушу кыздар менен таанышам да, жакканына үйлөнөм! - —амат болбой эле эки кыздын алдын тороду. -  ыз-здар, тта-анышып албай-йлыбы, ы€?

- Ёмне сиздей жигиттерге таңсык бекенбиз? - деп бири мурдун чүйрүп кетти.

- —ооңузда таанышалы, азыр жолубузду тоспоңуз, - деп бири токтоп калды.

- ја-а, сен мага жакты-ың, - —амат жол бошото калып калды. Ёки кыз каткыра күлө узап кетишти. —амат жанындагыга: - Ёй, ддо-с, көрдүңбү? - деп сөөмөйүн чычайта карап калды. - Ёртең сөзсүз таанышам.

-  еттик, дос, андан көрө жүрү үйгө кеттик.

-  еттик!

- —үйөмүн сени, сүйөмүн сени, кара көз! - —амат ырдап кетип баратты. - —ен да мени сүйөөрүңдү айтчы тезЕ

-  ой, тез кет үйүңө. - ∆анындагы јлтыбай ага колун шилтеп койду. - »чип жүрсөң кара көз кыз эмне кылат сени?

- —енчи, сен кыйынсыңбы? - —амат аны көкүрөккө түртө омуроолоп калды.

- ќмээй, дос, эй, ошо экөөбүздү тең айтып атам да?

- „ынбы?

- „ын айтам, менин катыным бар беле, экөөбүз тең бойдок жиндилербиз го?

- јндай болбойт, экөөбүз үйлөнүшүбүз керек! - Ѕизге ким тиймек эле?

- —ени билбейм, мен жакында үйлөнөм, —амат колун шилтеп басып кетти. ќшондон он күн өтпөй эле үйлөндү. Ѕурулкан келин болуп келгенде жакшы эле көрүнгөн, —амат экөө ынтымактуу жашап, үч уулду болушту. —амат дагы токтолгонсуп, туруктуу кеч келет, кээде келбей калган күндөрү да болду. ќшондой күндөрдүн биринде түн бир оокумда келсе үйү бек, ичинен илинүү экен, такылдатты эле Ѕурулкан көптө барып ачты. —амат эч нерседен капарсыз кирип келип:

- Ѕурул, кардым ачты, бирдемең барбы? - деди.

- Ѕар, - деп Ѕурулкан шашыла тамагын отко коюп, дасторкон жайып жатты.

Ѕирок ал негедир күндөгүдөй эмес, алдастаган өңдүү. —үйлөгөн сөзү чар жайыт болуп турганын байкаган —амат, ички үйүнө кирип, үч баласынын уктап жатканын көрдү да, бөлмөнүн ичин кыдыра баштады.

- Ёмне издеп жатасың? - Ѕурулкан үрпөйө күйөөсүн карады.

-  ийимдеримди, эртең эки-үч күнгө кетип жатам.

- ћен деле таап берет элем го?

- —ага айтып отургуча керектүүмдү өзүм таап алайын, - деп —амат шаша-буша бөлмөнүн аркы четиндеги эски кийим салгыч шкафты жакшылап бир аңтарып чыкмак болду эле, Ѕурулкан:

- ј€кта эч нерсе жок, сенин кийимдериң би€кта! - деп жетип келип, алдын тосуп калды.

- “ур би€кка, менин издегеним ушул жакта, - —амат аны карыдан ала түртүп жиберди да, шкафтын каалгасына колун узатты. Ѕурулкан анын колун тартып, тызылдап ийди:

- Ѕи€кта жок деп атам го, мен таап берем, тамак ысып калды, ичип албайсыңбы? —амат а€лынын жүзү кубарып кеткенин байкап: "ћында бир сыр бар, мынчалык эмне тызылдайт, же сабайынбы?" деп ойлоно калды да, артына кайрылып келип, дасторконго отурду. "јчуу душман акыл дос деген, а€гы суюк а€лга теңелип эмне кылам, дагы чыдайын, эмне болоор экен" деген ойлорго жетеленип, тамак да жүрөгүнө баспай жатып алды. Ѕурулкандын жаны жай албай жаман абалда турганын сезди.  ечке чарчаган неме бир аз эс алып алып, жумушка кеттим деп чыгып кетти да, кечинде күүгүм кире өз үйүн айланчыктап жүрдү. "Ѕалким жөн эле күмөнсүп жаткандырмын, ак а€лымды күнөөсүз күнөөлөп жүрбөйүн" деген ойдо ары-бери басып эки жакты карап турса, бир караан эки жакты абайлай карап өзүнүн үйүнө кирип кетти. —аматтын адегенде ачуусу келгенинен азыр колуна тийсе экөөнү тең кошоктоп мууздап койгусу келди, бирок апасынын: "Ѕир колуңдун ачуусун бир колуң менен бас, ачууга алдырып жаза басып алсаң оңдош кыйын" деген сөзү кулагына угулуп, көптөн кийин короого кирди да, үйдүн артына өттү. Өздөрү жаткан терезенин бир көзү ачык болчу, таза аба кирип туруусу үчүн ачып койгон. “үнкүсүн үп болгондуктан, дайым ачык тураар эле. јкырын келип, терезе тушуна тура калды, алардын үнү даана эле угулуп турду. "—ени көрүп калат экен деп коркконумду айтпа, бүгүн ал келбейт", деген а€лынын үнүн угуп, жини келип кетти. "Ѕалдарың уктай элек го?" деди чоочун үн. "ћен сага деп жакшы тамак жасагам, чогуу тамактанабыз, анан алар уктап калат.  ам санаба, бүгүн коркпой эркин жатабыз" деди Ѕурулкан.

Ѕуга чейин —амат а€лынын төркүндөрүнөн тажап калган. јлып келген тамак-ашы бат эле түгөнүп калчу, эт алып келсе ал сөзсүз, кайненесине, балдызына болуп үчкө бөлүнчү јнан көп өтпөй кайра эле баары толуп алчу. Ёми апасы менен сиңдилери кеткенде кылганы бул. —амат акырын босогого келди да, каалганы такылдатты. —аматты келип калат деп такыр ойлобогон Ѕурулкан дароо эшикти ачып, өңү бозоруп, тили күрмөлбөй туруп калды:

-  кел-бейм де-дедиң эле го?

- —енин спектаклиң жакшы коюлуп жаткандыктан, көргүм келди.

Ѕурулкан үн дебеди, каткан бойдон тура берди. —амат ичкери кирди да:

- —ен үч баласы менен ушуну багып аласыңбы? - деди селейе карап турган жигитке.

- ∆ж-ок, - тиги неме буйтап качып кетүүгө да€рданып, —аматтан боюн ала качып, артка кетенчиктеди.

- Ёркексиңби? ћенин а€лым сага кыз көрүнүп жатса, сен бул үйдө кал, балдарыма карап чоңойтосуң. Ёгер бир сөз уксам тирүү калат экемин деп ойлобо?! - деген —амат кийим-кечесин алды да, чыгып баратты. Ѕурулкан эми гана эсине келгендей ыйлап турду:

- —амат, мени кечир, балдарды таштаба, кечир мени!

- ћурун ушуну ойлогон жоксуңбу, же мени эркектериңдин алдында басынткың келдиби?

- ∆ок-жок, —амат, балдар менен мени таштаба!

- Ёми кеч, мурун ойлош керек эле, балдар аман болсо мени түшүнөт, мен аларга баарын түшүндүрөм, каралашып турам, - деген —амат ылдамдай басып кетип калды. ќшол ошол болду, кайрылып барбады. Ѕалдарына тамак-аш жеткирип коюп кетип калчуЕ

—амат —аадатка баарын айтып берди. —аадат эч нерсе дебеди. ”нчукпай угуп отуруп:

- Ѕаарыбыз эле адам болгонубуз менен тагдырларыбыз ар түрдүү болот тура, меники деле болбогон нерсе, - деп койду. јл күнү экөө бир болду. Ёртеси кетип жатканда —амат ага күлө карап:

-  өрүшкөнчө, - деди эле, —аадат ойлуу кабатырлана минтти:

- ”шинтип кетип каласызбы? ћен андай деп ойлогон эмес элем, сиздин жашооңузга аралашканым дурус болбоду окшойт?

- јнтип сарсанаа болбо, балким кудай буйруп, насип болсо дагы жолугуп калышыбыз мүмкүн, үмүтүңдү үзбө.

- Ѕир түнөп кетип, күкүк эне кылгыңыз келеби, кокус түйүлдүк түйүлүп калса кантем?

- јндан кам санаба, баары бир кайтып келем, анан башкадан кошуп алып, биринчиси сен элең, бала сеники деп жүрбө? - —амат жылма€ күлүп, жөнөп кетти. јндан кийин ал жумушуна байланыштуу көпкө көрүнбөй калды. —аадат адаттагысындай эле мантысын жасап сатып, эки күндүн биринде балдары менен күйөөсүнө тамак-аш жеткирип жүрдү. ∆анындагы јлмагүл күндө манты жасап чыкканы менен бир ордунда турчу эмес. Ўаңкылдап күлүп, кайдандыр тааныштары табылат да, алар менен кафелеп жүрүп, кечинде шериктери сатып койгон мантынын акчасын алып, дагы эки-үчөөнү ээрчитип жатаканасына келишет. ќюн-күлкүнү жакшы көргөн јлмагүл конок тосуп, түндөсү бир бөлмөгө жигити менен жатып алат.  ээде —аадатка бирөө жарымдын көзү түшүп калса, аны көндүрүп салып берип коет. ”бакыттын өткөнү менен —аадат абдан кыйналып жүрсө да, бир түнөп өзүнө жылуулук берип кеткен жигитти эсинен чыгарбады.

- јлмагүл, - деди ал бир күнү.

- Ёмне болду?

- Ѕа€гы классташыңдан дайын болбой калды да?

- Ёмне ал сага жагып калдыбы?

- ƒеги айтам да.

- Ёгер көңүлүңө жагып калган болсо, мен аны табам. ќй-бо-ой, тим эле митаамсың эй, сыр билгизбейсиң, мага окшоп болгон сырыңды айта бермейиң жок.

- Ёмне демек элем, - —аадат ойлуу отуруп калды. - ћанты жасап сатам деп тажап кеттим, балдарымды ойлосом бир мүнөт да тургум келбейт, деги ушул күндөр өтүп кетээр бекен?

- Ёч ойлонбо, баары өтөт, бир күнү бутту сунуп үйдө отуруп калганда ушул күндөрдүн баалуу экенин сезесиң.

- Ѕилбейм, ошондой күн келсе кана? - —аадат эртеңки мантынын фаршын да€рдап жаткан. Ёшик такылдаганда јлмагүл ачканы кетип, шакылдаган үнү угулуп калды:

- ќой, кайдан жүрөсүң ы€, бир көрүнүп коюп дайының чыкпай кетти го, кел эми, үйгө кир!

-  елип калдык, кандай жүрөсүңөр?

- ∆акшы, баары жайында, болгону көңүл аччу сендей гана жигиттер жок. - јңгыча бөлмөгө кирип келишти.

-  андай, сулуу кыз? - —амат —аадатты көрө жылма€ колун сунду. -  үткөн жок белеңер?

- ∆о-ок, - —аадат ага кол суна акырын үн катты.

- ћен өзүм күттүрбөй келгенди жакшы көрөм.

јлмагүл менен —аадат болгон тамак-ашын жайнатып, —амат үчөө дасторкондо бирге отурушту. ”шул келиште —амат баарын ойлонуп, эгер макул болсо —аадатка үйлөнмөк болуп келген. Ѕуга чейин келиндер менен далай эле болду, бири жакса, бири жакпай акыры жашоону улантуу үчүн үйбүлө очогу а€л экенин сезип, үйлөнүп албаса, тапкан-ташыганы берекесиз жоголо бере турганына көзү жеткен эле.

- »йи, кандай анан, классташ, иштериң кандай, тапканың жакшы, көңүлүң ачык, келин-кесектер менен жыргап эле жүрөсүң? - јлмагүл —аадатты карап тамашалап койду.

- јйтпа, келин-кесектер толо көңүлгө толгону жок, тапканым кудайга шүгүр, өзүңөрдү эле издеп келип калдым, - —амат дагы тамаша менен жооп кылды. —амат бир бөтөлкө вино, колбаса, майда-барат, конфет менен печеньелерди алып келген. —аадат ичпейт, јлмагүл экөө ичип, сүйлөшүп олтурушту. —амат өз оюн ортого сала минтти:

- јлмаш, мен —аадатка үйлөнөйүн деп жатам, кандай дейсиңер? - деп —аадатты көз кыйыгы менен карап койду.

- ќй, аз-зама-ат, бу оюнуң эмес чыныңбы?

- Ёмне менин ойноп сүйлөгөнүмдү көрдүң беле? - —амат кайра суроо берди.

- ∆ок ай, ошентсе да жакшылап ойлондуңбу дейм да?

- ќйлондум, эгер —аадат макул болсо эртең эле нике кыйдырам.

- Ёкөөңөр чечесиңер да, "тиши чыккан балага чайнап берген аш болбойт" дегендей жаш бала эмессиңер, үйбүлөнүн жайын түшүнүп калгансыңар, - јлмагүл эмне дээр экен дегендей —аадатты карады. јнткени ал балдарына, күйөөсүнө кийим-кечек, тамак-аш алып барып келип жүргөнүн билет, процент акчам бар деп тигинден-мындан карыз алып кетип жүргөнүн да билчү. ќюнда карызы көп адам менен кантип жашап кетээр экен деп түпөйүл ойдо калды.

- —аадат макул десе мен эч иштетпей багып алам, алган акчам кенен жетет, айына, кээде он беш күндө жыйырма миңден алам, ошону сарамжалдай турган а€л керек, - дегенде —аадат аны таңгала карап: "„ын айтып жатабы?" дегендей көзүн албай отура берди. ќоба, ал он миңди төлөй албай балдарынан алыстап отурбайбы. "“емир деле иштесе болот эле го, мен алып барган тамак-ашты ичип-жеп жата бербей" деп ойлонуп ийди.

- —аадат, кандай дейсиң ы€, бу —амат сени жактырып калган го, - јлмагүл анын оюн бузуп ийди.

- Ёмне дейсиң? - —аадат јлмагүлдү түшүнбөй калгандай элейе карап калды.

- —ен эмнени ойлонуп жатасың, —амат сени жактырып калыптыр, эмне дейсиң? - јлмагүл ага кайталап кайра түшүндүргөн болду.

- ќшончо тезби?

- Ёмне болот эле, экөөңөр тең бойдоксуңар жашап кетсеңер болот да?

- —ен бойдок эмессиңби?

- ћени —амат алмак беле? - јлмагүл күлүп койду. - ћени жактырып алам десе, кудай демекмин!

-  ойсоңчу?! - —аадат күлүп койду.

- „ын, —амат сага үйлөнөм десе шансты кетирбесеңчи?

- Ѕилбейм ай, төрт балам турат, бирөөнүн балдарын багуу машакат эмес бекен?

- Ѕала менде да бар, —аадат, ар бир адамдын өзүнчө тагдыры, өмүр жолу бар, балдардын да ырыскысы өзүнчө.

- Ёртеңки күнү бир сөз чыкпас бекен, бул адам баласы тоо сымал кечээги айтканын бүгүн унутуп калчу эле, эгер балдарымды колко кылбай турган болсоң мен макулмун! - деди —аадат ойлонбой туруп, анткени анын алдында эки гана чечилбеген маселе турган. Ѕири карыздарынан кутулуп үйбүлөсү менен жылуу-жумшак өмүр кечирүү, экинчиси ошол кыйынчылыктан чыгуу үчүн күйөө, болгондо да тапканы жакшы эркек керек элеЕ

- ћына, мына эмесе, тойду качан баштайбыз? - јлмагүл алаканын шак чаап каткырып калды, кичине ичип алганга жүзү албырып, кызып калган. - —амат, ушул эле жерден никени кы€бызбы?

-  айдан болсо баары бир, - —амат ушинткенде —аадат аны элейе карап минтти:

-  айдан болсо баары бир дегениңер эмнеңер, эли-журтуңуз, тууган-уругуңуз, эне-атаңызга алып барбайсызбы?

- јл сөзсүз болот дечи, адегенде үйлөнүп, бири-бирибизди билип алып, анан көлгө алып барам да?

- ќй, —аадат, коркпо, —амат жигиттин жигити, буга жетпеген кыз-келиндер толтура! - јлмагүл —аадат байкабагандай кылып көзүн кысып койду. - “уурабы ы€, —амат?

- јнанчы, мени алаар бекен дегендер көп, үйлөнгөндөн кийин тийишкендерге көз жумуп кой, - —амат каткырып койду.

- ќшондойлордун бирин эле көрсөтүп койчу, сынап көрөйүн, эгер менден өйдөрөөк болсо ошону эле ал деп айтам, - —аадат да тамашалай күлдү.

- ћына, бири жанымда отурбайбы? - —амат јлмагүлдү карап койду.

- ∆о-ок ай, экөөң антип мени шакаба чекпегиле, ал антпейт, јлмагүлдүн сенден да жакшы табышкер жигиттери бар, сени эле карап калыптырбы? - —аадат муну менен бир аз кызганычын билдиргендей, анын көп жигиттер менен байланышы бар экенин айткандай болду.

- ќшондойбу, мен аныңарды билбейт экенмин, качан келсем экөөңөр манты жасап отурсаңар ойлоп атпайынбы, жакшы келиндер экен деп.

- Ѕолот да бойдокчулукта, кел эмесе, —амат, ушул —аадат экөөңөрдүн денсоолугуңар үчүн, кол кармашып бактылуу өмүр сүрүшүңөр үчүн алып ийели, - јлмагүл винодон куюп —аматка сунду. - Ѕактылуу болгула —аадат экөөң, эмдиги жылы балалуу болуп, жентек тойго келели.

- јйтканың келсин, - экөө алып ийишти. —аадат ба€тан бери кайнап жаткан мантыдан салып келди. ћантыны кечкисин жасап бышырып алып, анан күндүзү кечке сатышчу.

- ќх-хо-оо, —аадаттын мантысы абдан жакшы экен, - —амат мактай мантыдан алды.

- ќй, биз манты жегенден тажап калдык, күндө эле бир тамакты жей берсең жегиң келбей калат экен, - јлмагүл мантыны —аматтын алдына жылдырды. - —аадат, сен жакшылап жеп ал, кийин сатып жегиң келип калат, сагынасың!

- ∆ок ай, менин да жегим келбей калды.

- —амат, кана өзүң ала бер!

- јлып жатам, негедир силердин колуңардан чыккан тамак ширин сезилип атат.

- ќшондой болот, секет, сүйгөн адамыңдын тамагы тузу ачуу же жок болсо да ширин сезилет. Үчөө тең күлүп калды.  өпкө отуруп, анан јлмагүл кызып калып, уктаганы кирип кетти.

- —аадат, кандай дейсиң, үйлөнүп алалыбы?

- Өзүңөр билгиле, эркек сүйсө алат, кыз сүйсө калат дейт го, менде сөз жок.

- јнда мындай, эртең базарга чыкпа, мен жумушка барам да, кайра келип мечитке барабыз, сени менен јлмагүл барсын, мен достордон ала барам.

- ћа-акул, жигит келсе кыз да€р, - деп —аадат да күлө жооп берди. ќшентип экөө бирге болуп калды. Ёртеси —амат айткандай эки жолдош баласы менен келди. —аадат менен јлмагүл да мантыларын базарга барып, шашыла өткөзүп келип, да€р болуп турушкан эле. ћечитке барып, нике кыйдырышты.  ечинде чогуу майрамдап шаңдуу отурушуп, эки жаштын бактысын тилеп, дүйнөдөгү эң бир сонун жакшылыктарды каалап жатышты. —амат менен —аадат бири-бири үчүн өлүмдөн да кайра тартпоого сөз берип, өмүрдүн артына чейин сөз жашырбоого убадаларын аныктап жатты.

—амат ак саргыл келинге туш болгонуна ыраазы болуп, жашоонун сырдуу да, табышмактуу да жолуна түшүп, эт-бети менен киришти. »штеп тапкан акчасын коротпой алып келип берет, жашаган жери батир, жеген-ичкени кул жебестен болуп —аадат оңоло баштады.  аны аз болуп ооруп калды. —амат ага кагор виносун алып келип, жашиги менен коюп койду.

- ћына мындан ичсең аз кандуулук сенден өзү эле качат, - деди —амат.

-  антип ичем, такыр иччү эмесмин да?

- Ёчтеке болбойт, аз-аздан ичкенден эчтеке болбойт, сен оорудан арылып кетсең болду да.

-  өрөйүн, - —аадат унчукпай калды. —амат —аадатты ооруп жатат деп болгон акчасын алып келип берет да, өзү жумушка кетет. —аадаттын асмандан тилегени жерден табылып, ал кетээри менен өзүнүн кыйналып турганына карабай базарга барып, тамак-ашын көтөрүп алып, үйүн көздөй жөнөдү. јл келгенде эшикте жүргөн “емир бурк этти:

- »йи, дайынсыз жоголуп кеттиң да, мени ойлобосоң да, балдарды ойлобойсуңбу, ы€?

- Үйдөн кууп чыккан өзүң, балдар үчүн келип атам, болбосо сен үчүн келмек турсун ойлонбойт да болчумун, карызды экөөбүз алсак, сен мени күнөөлөп отурасың. —ен деле иштесең боло, мени карап олтура бербей.

- ћени эмне кыласың, иш болбосо кайда бармак элем, тамак-аш, эт-пет алдыңбы?

- ќоба, алып келдим.

- јпа, кетпейсизби эми?

- јпа, эмнеге көпкө кечиктиңиз?

- —из шаардан эми келбейсизби? - деп төрт баласы төрт жактан чыкты, ар бирин баса калып өөп, анан алып келгендерин бир баштан алып жайып:

- ћен эртерээк кетишим керек, тиги карыздын беш миңин берип коюп кетем, - деди.

- Ёмне анчалык шашып, күткөнүң барбы? - “емир аны сынай карады. - Ѕирөөнү тапкансың го?

- Ёмне кылышым керек деги, иштеп карызды төлөп, тамак-ашты ташып турсам дагы жакпадым го?

- Ѕар, бар, кете бер! - “емир кекете ички бөлмөгө кирип кетти.

-  етмек турсун, күйөөгө тийем, сага жагынып өмүрүмдү өткөрмөк белем? - —аадат балдарын кучактап өөп-өөп алды да, үйдөн көзүнө жаш ала чыкты. Ѕул анын кыз тийген күйөөсү менен коштошкону эле, кантсе дагы балалык чагы, кыз өмүрү өткөн жери, кыз кезинде байыр алган үйүнөн биротоло кетиши эле. —аадат —амат келгенче келип, атайын ооруп калгандай болуп жатып алды.  еч күүгүмдө —амат шашыла үйгө кирди:

- ќй, бирдеме ичтиңби же жөн эле жатасыңбы?

- ∆үрөгүмө эчтеке барбайт, көңүлүм да ачылбай тамак жасабадым, - зорго сүйлөгөн болду.

- ћейли, жата бер, өзүм жасайм, винодон ичип жатасыңбы?

- ќоба, азыраак ичтим.

- јздан эмес күнүнө бир бөтөлкөдөн ич.

- јлкаш болуп кетпейин.

-  агор ичкенден алкаш болгон кимди көрдүң эле, мен сени жакшы болуп кетсин деп жатам.

- —ага рахмат, —амат. - —аадат ойлуу ордунан турмак болду.

- ∆ат, жата бер. ∆акшы болгончо жакшылап өзүңдү кара, мен сени багам деп алгандан кийин багам, абайлап жүр, бири-бирибизди ушундайда карабасак болбойт.

—амат өзү эт туурап, тамак жасаганга киришти. —аадат өзүнчө ойлуу "Ќеге адамдар ар кандай, “емир —аматтай болсо кандай жакшы эле, балдарым да жанымда болмок. ”шундай адамды алдап жаткан менде у€т, абийир жок, апкелген акчасын сураса эмне деп жооп берээр экенмин, эгер карыздарым көп экенин билип калса басып кетээр" деп жата берди.

- “ур, —аадат, тамак ичип ал, - —амат анын үстүндөгү төшөгүн алып, колунан тартты. - “амак ичпесең ачкалыктан башың айланып, жыгылып каласың.

- »чким келбей атат, - деген —аадат —аматтын жардамы менен өйдө болду.

- јдегенде мына муну жутуп ий, анан тамак ичип аласың, - —амат ага винодон бир чыны куюп берди.

- »й-ий ичпей эле койбоюнбу?

- Ѕолбойт, мага денсоолугу чың а€л керек, дыңылдап чың жүргөнүңдү каалайм, - —амат ушинткенде —аадат аны карап калды: " андай жакшы адам, мен ушунун кадырына жете аламбы?"

- Ёмне болду, ойлонуп кеттиң го?

- Ёмне болсун, винону ичкенден коркуп элеЕ - —аадат оюнан адашып ага калп айтып, көзүнөн көзүн ала качты.

- Ёмнеге коркосуң, бул деген дарылыкка элеЕ - —амат ага болбой бир чыны кагорду ичирип ийди да, алдына чоң чыныга тамак куюп алып келди:

- Ѕир аздан кийин ичейин, өзүң иче бер, - —аадат жатмак болду эле, —амат аны жаткызбады.

- “амак болбосо адам алдан-күчтөн та€т, каның аз болсо, жарытып тамак ичпей керээли кечке жатсаң эмне болосуң, бол ысыгында ичип ал.

- ћакул эми, мага каралабай өзүң иче бер, - —аадат кашыкты алып, тамакты иче баштады. јнын оюнун баары балдарында, күйөөсүндө эле, тамагынан өткөн ар бир кашык тамак түйүлүп, анын үйбүлөсүнүн бекем боло албай, тагдыр эки бөлүп койгонуна өкүнүп жатып ичти. —аматта ой-санаа кайдан болсун. Ѕалдарына керектүү тамак-ашын алып барып, өзү минтип үйбүлө очогун тутантып отурганына өзүнчө ыраазы болгону менен аны ойлонткон —аадаттын аз кандуулук менен ооруп жатканы. —аадат зымырайып эч нерсени билгизбейт, эптеп бир топ карызынан кутулуп баратат, бирок эки-үч жердеги акчасы өсүп жатты. јны сарсанаа кылганы эле акча. —аматтын алып келгенин эптеп бөлүштүрүп, тамак-ашка да жеткирип, эч нерсе жок дебей эт-аш менен май-чайын алып коюп, ал келгенде төшөктө жатып калып, арадан эки-үч ай өттү. ƒары-дармекке кетти деген шылтоо ага чоң огожо болду. јкырындап оорусунан сакайып врачка барып көрүнсө, жакшы болуп калганын айтты. јбдан сакайып калганда —амат аны ооруканага жумушка орноштуруп койду. ќоруканага иштегенден кийин дагы тааныш күтүп калганда үстүнө үстөк кошкон акчадан алып, —аматтын акчаларын кошуп, карыздарын төлөп жатты. Ѕирок үстүн гана берет. —амат  еминдик балдар менен иштеп калды. —өз арасында ћухтар каткырып күлүп тамашалап калчу болду.

- ƒемек, жезде экенсиз да?

- ќшондой, жездеңди капа кылбай жүр.

- ∆езде, эжем менен качан тааныштырасыз?

-  ачан болсо, азыр десең азыр барабыз, эжеңе күйөө болгонум үчүн сыйлоо менден.

- јл турган иш, күйөө баланы пайгамбар сыйлаган тура, эжем экөөңө белек алууну унутпайм, сиздей табышкер күйөөнү тапкан эжем јйчүрөктөй эле болсо керек.

- јйтпа, күн тийгис жерге багайын десем болбой иштеп алды, кызганып зорго жүрөм, ха-ха-ха! - —амат каткырып алды.

- јзамат эжем бар тура жездемди кызгантып коюп кебелбей жүргөн, - деп азилдешип отурду, ошол күнү ћухтар аны менен үйгө бирге келди. —аадат жумуштан келсе —амат менен ћухтар үйдө отурган экен.

- —аадат, бул иниң болот экен таанышып кой, - —амат аны көрөөрү менен тааныштыра кетти.

- ∆акшы экен, иним болсо таанышсам болот, атым —аадат, өзүңдүн атың ким, иним, кайсы айылдан болосуң?

- јтым ћухтар.  ичи  еминден болом.

- ∆акшы, келип тур, жездеңди бейчеки бастырбай кайтарып турганга өзүң болгонуң дурус экен.

- Ёже, жездемди кызганасызбы?

- јнан эмне, кызганыч болбой жашоо болобу, үйбүлөлүк бакыттын негизи кызганычта болсо керек, бири-бирин жакшы көрсө кызгануу болот, - —аадат дасторконун жайып, чайнек-чыныларын алып келип, сүйлөп жатты.

- јзамат эже, кантсе да кыз —айкалдай жүрөктүү да, бетке айтаар экенсиз.

ћухтар көпкө отуруп, анан коштошуп үйүнө жөнөп кетти. —амат эч нерседен капарсыз, үй-бүлө куруп, тынч жашоосу өтүп жатканына ыраазы болуп, тапкан акчасын —аадатка берип, эмне кылып жатканын сурап койбой жүрө берди. ќшентип —аадат бир топ эле карызын жеңилдетип алды. јрадан убакыт өтүп, —аадаттын күйөөсү “емир акыры анын күйөөгө тийип алганын укту, эки кызын өзүнө берип, уулу менен кичүү кызын алып калды. —аадат эки кызына үйрүлүп түшүп, кийим-кечесин алып берип өнтөлөп багып жүргөндө үчүнчү кызы да келди. ќшенткен менен көзүнүн карегиндей көргөн жалгыз уулу үчүн дагы эле  еминге барганын токтоткон жок. “емирдин иштейин деген ою жок, дагы деле —аадаттын алып келген тамак-ашын жеп-ичип, уулу јйбек менен жашап жүрө берди. ”бакыт өтүп, улуу кызы университетке тапшырмак болуп контракт төлөгөнгө келгенде —амат дардаңдай минтти:

- Ёч кам санаба, кызым, сени окутам, контрактты өзүм төлөйм.

- ∆ыл сайын он эки миң төлөш керек экен, - —аадат күнөөлүдөй үнүн акырын чыгарды. јл —аматтын сырын билип калгандыктан, ыйламсырай калып, андан сөз чыгышын күткөн эле.

- ќшо да, ай сайын буйруса он беш, жыйырма алып атам го, бирок акча жегич болуп баратасың, кыздарды ойдогудай окутуп, кийим-кечесин көңүлүңдөгүдөй алып бер.

- јлып бербей анан, Ќазгүлдү окутуп алсак жакшы болот эле?

- Ѕуйруса кызым окуйт, - деп —амат ишеничтүү айтты. ќшентип —аадаттын дагы бир маселеси чечилди, ошол жылы Ќазгүл университетке өтүп, окуп калды. јйбек анда-мында келип-кетип жүрдү. Үч кызы бири-биринин артынан чоңоюп калды. Ѕир күнү алардын үйүнө бир а€л келиптир. —аадат ыйлап отурганда —амат кирип келди.

-  үйөөң иштеп жатса деле карызыңды үзбөйсүң, дагы үстөгүн кошом, болбосо беш миң сомду азыр бересиң, - деди а€л ага угуза.

- Ёмне болду, кандайча карыз?

-  атыныңдын канча жылдан берки карызы бар, ушул убакка чейин үстүн да араң берип узартып эле келатат, эмне билбейсиңби?

- ”ккан эмесмин.

- ”кпасаң угуп ал, азыр беш миң сомду бербесе үстөгүн эки эсе коем, дегеле жакшылык жок адамга, кудайдан тапкыр!

-  ое туруңузчу, кайсыл убакта алды эле?

- ќн жылдан бери эжелеп келатат, үстөгүн берет да куйругун үзбөйт, эми эки эселетип коемун.

-  ечиресиз, он жыл болсо ал карызын билбейт экенмин, экинчиден мунун өмүрүн тилеңиз, кокус бул өлсө сиз эчтеке албай каласыз, мен ушул болсо төлөйм, болбосо сизди тааныбайм дагы.

- Ёмне деп жатасың, эмне ошончо акчадан кечип кетет деп турасыңбы?

- ∆о-ок, күтөсүз, мен сизге баарын дароо бере албайм, үч күн биерде жатыңыз да, күтүңүз.


“олук окуйм десеңер, алуу шарты биерде >>>



пїњ –Ш–Ј–і–∞–љ–Є–µ –Ї–љ–Є–≥–Є –Ј–∞ —Б—З–µ—В –∞–≤—В–Њ—А–∞
–µ–Љ–µ–є–ї:janyzak@mail.ru
+996777329784
–Р–ї–≥–∞–љ –Љ–∞—В–µ—А–Є–∞–ї–≥–∞ —И–Є–ї—В–µ–Љ–µ –±–µ—А–Єң–Є–Ј!
 © J.Janyzak, Kyrgyzstan 
–°—Б—Л–ї–Ї–Є –љ–∞ –≤–Ј—П—В—Л–µ —Б—В–∞—В—М–Є –Њ–±—П–Ј–∞—В–µ–ї—М–љ—Л!
–ѓ–љ–і–µ–Ї—Б.–Ь–µ—В—А–Є–Ї–∞