»нтернет библиотека ∆анызак@басма
—амое дешевое издание книги за счет автора! 

¬атсап: +996777329784
—отка +996700329784
емейл: janyzak@mail.ru

 ниги автора јйгүл Ўј–Ў≈Ќ на кыргызском €зыке

јчылган айып

∆олдошбек мектепке мугалим болуп келүүдөн баштады ишти. ∆ибектей созулган узун бойлуу ак куба жигит. јдамгерчиликтүү, кичи пейил дурус жигит. »лбериңки, ишин так билген жигит бат директорго эле жакты. »шенимине кирип, жумшаган жагына илгиртпей барып, тапшырган ишин аткара коет. “ез эле кадыр-баркка жетип, мактоого арзып, аз убакыттын ичинде завуч болуп калды. ∆аш кадрды көтөрүп, райондогу жыйындарда аты аталып, тез эле кадыр-барк күтө баштады. јнын бул кадамы өз жемишин берип, бир мектепке беш жыл иштеп, ары-бери чапкылап жүрүп, акыры директордун жардамчылыгына жетти. Ѕирге иштегендер таң калып "жөлөмөсү бар го", деп жүрүштү. ќн-он беш жыл бою бир мектепте сабак берип, өз ишине мыкты мугалимдер деле бар. Ѕирок ∆олдошбек Ѕегалиевдин ыргыткан ташы өйдөлөп отуруп директорлукка жеткенде, көп жыл эмгектенгендер ооздорун ачып эле калышты. јл районго, облуска көп барып, барган сайын өзүнө "крыша" издеп жүргөнүн эч кимиси билбейт дагы. Үйбүлөсү дагы анын эмне кылып жүргөнүн сезбейт. ƒиректор болуп мектепте иштеп жүрүп, а€лын китепканага иштетип койду. Ѕир күнү кабинетинде отуруп:

- ја-а аксакал, сизби? ќоба-ооба, түшүндүм, бала-чака, жеңем жакшы жүрөбү, сак-саламатта жүрөсүзбү, сөзсүз-сөзсүз да, келээрки барганымда буйруса камандын этин алып барам, ооба дарычылыкка, ы€ эмне дейсиз, оой аксакал, сизге рахмат, болуптур, мен баарын аткарам, саламат туруңуз, - деген ∆олдошбек өзүнчө алаканын жанып алды. ќшол учурда жардамчысы күтүп туруп, сүйлөшүп бүткөндөн кийин кирип келди.

- ∆олдошбек Ѕегалиев, мен иштер мененЕ

- “октото тур, анан айтасың, эшикти илип келчи.

- Ўашылыш элемЕ

- Ўашып кайда барасың, мен районго кетип жатам, эгер жакшылап сүйлөшсөң менин ордума отурасың, каалайсыңбы?

- ∆олдошбек Ѕегалиевич, менЕ

- ћен дегенди кой дагы каалайсыңбы, каалабайсыңбы ошону айт!

- ћен го, мен дечи, канча жылдан бери иштегендер окутуунун отличниктери толуп жатпайбы, алар эмне дешет?

- јларды коюп өзүңдү ойло, ойлон дагы эртең жообун бер! - ∆олдошбек ошентти да колун кете бер дегендей жаңсады. - Ѕолбосо башканы өзүм отургузуп коем, ал колумдан келет!

- ћакул, ойлоноюн, - деген “урусбек чыгып кетти.

јл күнү кечке ойлонуп жүрдү: "ћунун колунан баары келет, эмне экен, директор болсом жаманбы, кой буга кошомат кылайын дагы эптеп орунга жетип алайын. јндан жогорулашым да мүмкүн, эл билгенди мен билбей эмне", деп ойлонуп үйүнө келип а€лына кеңешип бир тайды түндөп ∆олдошбектин үйүнө жеткирип берди. јйткандай эле бир жумадан кийин ∆олдошбек Ѕегалиевич районго которулуп кетти, анын ордуна “урусбек директор болду. ћугалимдер өздөрүнчө күбүр-шыбыр болуп барып кала беришти. ∆олдошбек кенеп да койбой кызматтан-кызматка көтөрүлүп, иши илгерилеп, ити чөп жеп жүрө берди, а€лы јйшакандын мурду асманды карап, анча-мынчаны тоотпой мурдун чүйрө баштаган.  улагы, колу-моюну толо алтын болуп, эскисин элге берип калды. Ѕалдары андан бетер көкүрөк көтөрүп, он алтыга чыга элек баласы ћелис машина минип көчө чаңытып, теңтуштары менен тайтаңдай баштаганы көрүп турган элге дайын эле.  ызы јйгерим мектепти бүтпөй өз билгенин жасайт. Ёң кичүү эки баласы Ёрнис менен Ёмлис гана үйдө. јйшакан алар үчүн деле башы оорубайт, эси-дартынын баары подругалары менен маектешүү менен өтөт. ƒагы бир күнү ал эки подругасы —он€ менен  анышка мактанып отурду.

- ∆олдошбек жакында облуска кеткени турат, буйруса эми силерге дагы жакшылыгыбыз тиет, силердей досторумду колдобогондо кайда бармак элем? - „оюштай күлүп калды.

- јй јйшакан, андан көрө бир ишке жарабайсыңбы? - —он€ ага акырын шыбырай сүйлөдү. - ћенин кудамдын баласы чоң окуу жайды бүтүп келген, эптеп-септеп, совхоздун майда иштеринде жүрөт, ошого райондо бир орун бош экен, сүйлөшпөйсүңбү?

- ќй кокуй күн десе, ∆окем менин бир сөзүмдү эки кылбайт, аның жакшылап сүйлөшсө эле, ал орунга отурду дей бер!

- –ахмат досум, жакшылыкты билбеген кантип адам болсун, жакшылап сүйлөшпөй анан, - Үчөө күлүп калды. - јсылзаада а€лсың го, ∆окем сени жанындай эле сүйөт го, болбосо кайсы эркек а€лынын сөзүн уксун.

- ћен дегенде ∆окем жанын да берүүгө да€р, ар дайым мени сүйүктүүм, асылкечим деп эркелетип турат, үйлөнөөрдө берген убадасына турду, байкушум.

- Ѕактылуусуң досум, ушунуң кут болсун. -  аным ага чын дилинен суктана сүйлөдү. - џрысың бар экен.

- ја-ай, ошол бакытты өзүм тапканмын да, ушунун баарына чынында атам гана жеткирип жатат, атамдын досу борбордо, чоң кызматта. - јйшакан шыбырай сүйлөп, - эч ким бул сырды билбейт, ошол үчүн ∆олдошбекти көтөрүп жатпайбы, - деди сыр кыла.

- ќшондой, болбосо мындай болмок эмес. - —он€ чоюштай сүйлөп, јйшаканды көтөрө мактап жатты. - ∆олдошбекти ∆оке кылган јйшакан турбайбы?

- ќо-ой, ошону үчүн бир сөзүмдү эки кылбайт да, кыйшаңдап көрсүн, атама айтып койсом тешик тепшисине отуруп калат. - јйшакан ого бетер мактана каткырып күлдү. - Ѕалдарым болсо кудайга шүгүр, каалагандай өсүп жатат, кыскасы јйшакан турганда силердей досторум эч кабатыр болбогула! - ќртолорунда койкойгон бөтөлкө вино, семиз койдун этинен жасалган куурдак, үчөө бир топ кызып калышкан. ќшол кезде јйгерим кирди:

- ћама, мен эки күнгө  өлгө кетип жатам, сиз мени издеп убара болбоңуз макулбу, папам келсе өзүңүз түшүндүрүп коесуз.

- ћакул, эрте келип кал, атаң өзү бүгүн ‘рунзеге кетти, эки-үч күндө зорго келет.

- Ћадно мам! - јйгерим апасын эңкейе өпкөн болуп бетине бетин тийгизди да чыгып кетти.

- «аман өзгөрүлүп калды, элиң түлкү болсо түлкү бол, бөрү болсо бөрү бол дешет го, өз убагында ойноп-күлүп алсын. - јйшакан кызын узата карап туруп сүйлөп койду.

- “уура, жашында ойноп-күлүп алсын, ойномок турсун кийимге жетпей үйүндө отурган балдар бар, балдарынын кийими эмес кардын тойгуза албаган үйбүлөлөр көбөйдү.

- Ѕайкуш Ѕрежнев  ыргызстанды кычыратып баратты эле, өлбөс болуп калса болмок экен, √орбачев баарын талкалап кетти.

-  олунан келгени жашап, амалдуусу байып баратат, эмнеси болсо да эл тынч болсо экен, эми ‘рунзе Ѕишкек болуп өзгөргөнү кызык ай!

- ќоба, Ѕишкек дегенди мурда укпасак, борборубуз Ѕишкек деп эле жатып калат экенбиз го? - дешип оолжуй эшикке чыгышты. - јй дос, сага ишенем, дегеле ∆окем экөөңөр аман болгула. - —он€ ушинтти дагы  анышты колтуктай теңселе басып баратты:

- ∆акшы баргыла эми, и баса жанагы ишиңди ылдамдата бер, мен ∆окем келсе кулагын ушалап, ары жак, бери жагынан чыгып көндүрө берейин.

- Ѕолду, иш бүттү дей берейин! - —он€ колун көтөрүп коюп кете берди.

—он€ өзү мугалим, күйөөсү совхоздо завгар болчу, мал-жанды эле бөлүштүрүп совхоздо жумуш жок калганда жер иштетип, мал-чарбачылыгын кармоого фермерлик кыла баштаган.  аныш жөнөкөй эле жумушчу, күйөөсү электрик болуп иштейт. јйшакан менен көңүлү жакын. —он€ јйшаканды алдап-соолап инисин кызматка илинтип, ошондон бери мамилеси жакшы.

јйшакан кубанычтуу үйгө кирди, балдары телевизорду көрүп отурат. јңгыча эшикке машина токтоп, дарбаза ачылып үйгө ћелис кирип келди.

- ћам, мамул€ мага акча керек, срочно акча! - деди ал кирип келип эле.

- Ёмне кыласың, уулум?

- ќй мам, сурабай эле бере бербейсиңби? - ћелис таарынгандай алакан жайды, - Ѕалдар менен ойноп келем, алардын акчасы бар, мен куру барамбы?

-  анча керек?

- Ѕеш миң.

- Ѕеш ми-иң?! - јйшакан көзүн алайта уулуна таң калгандай карады. - јнча акчаны эмне кыласың?

-  ерек да, бересиңби жокпу? - ќрой сурады ћелис.

- Ѕеш миң сом жок, эки миң берем.

- ћа-ам, беш миң сом зарыл керек болуп жатат, өзүң деле ойлосоң, жок дебечи мамул€, азыр бир бөтөлкө арак беш жүз болуп жатпайбыЕ

- —ен эмне, арак ичесиңби?

- ∆өн эле айтып жатам, балдар күтүп калды, болчу эрте!

- ∆анды койбойсуң го? - јйшакан наалый ички бөлмөгө кирип акча алып чыкты да. - ”улум, эсиң менен бол, атаңдын абийирине шек келтирбей турган болуп жүр! - деди.

- “ак точно, мам! - ћелис жүгүргөн бойдон чыгып кетти.

- Ёх кудай, ушул бактыбызды кут кыла көр, буйруса бир жылкы келсе, элден ашыкча байып жатып эле калабыз. - јйшакан алаканын жаный ичке кирип креслого отура кетти. - Ёми борборго көчүп барып алсак, баары башкача болот. ∆окем отурган ордунда аман-эсен турса байлык деген өзү эле келет, балдарды окутуп койсок, үйлөнтсөк, кабат-кабат үйдө жашасакЕ - јйшакан кы€лдана көпкө отуруп калды.

јйшакандын атасы жакшы кызматтарда жүрүп пенси€да, апасы јпакан акыл-эстүү а€л эле, көзү өткөндөн кийин Ѕекмурат экинчи жолу үйлөнүп алган. јйшакандын бир туугандары Үпөлдү анча жактырышпайт, беш бир тууган, эң улуусу эле јйшакан, үч кыз, эки уул. Ѕаары өз-өзүнчө жашап, үй күтүп кеткен. јтасынын үйүнө барган сайын јйшакан Үпөлгө үтүрөңдөп кагынып-силкинип калат. Ѕекмурат канча жолу түшүндүрүүгө аракет жасаса да болбойт. Ѕул жолу јрзыкан менен јсылкүл болуп, үчөө келишти.

-  ыздар келиптир, улак карматчы! - деди Ѕекмурат.

ћал жайлоого кете элек кез, козу-улак күрпөң болуп чөпкө тоюп калган.

- »йи, азыр айтайын. - Үпөл ордунан козголуп сыртка чыгып баратканда, јйшакан кергиштей сүйлөдү.

- Өзү жетелей келгенсип сойгусу жок, тим эле койчу ата, биз ачкабыздан келген жокпуз.

- ќоба десең, малда биздин дагы көз акыбыз бар, апам байкуш болгондо, атамдан мурун берээрге ашын таппай калмак. - јрзыкан аны коштой кетти.

- “им болгулачы эми, кудайдын колунда турбайбызбы, апамды өлөт деп ким ойлоптур? - јсылкүл аларды тыйган болду.

-  ойсоңорчу кыздарым, карыган кезде кимиңердин көзүңөрдү карайм, жаш келиндерге ыштан-көйнөгүмдү жуу деп бере аламбы? - Ѕекмурат муңа€ сүйлөдү. - јпаңар өлбөсө, мен Үпөлдү алат белем?

- јта, балдарыңыз турат го, жок болсо бир жөн, биз турбайбызбы, ар кимибиздикине бир ай же бир жылдан турсаңыз деле болот эле го?

- Ёэ кызым, тамтаңдатып ар кимиңер сүйрөгөнү турасыңарбы? - Ѕекмурат кейий сүйлөдү. -  арыган кезимде мени кыйнабай тим койгула, баарыңарды окутуп-чокутуп койдум, жашооңор жакшы, эми өлөөрүмдө силердин эшигиңерди сагалабай ушул үйдө эле жашайм.

-  ызык экенсиз, ушу катын сиздин башыңызды айлантып алган го, дегеле ошону көргүбүз жок, болбосо аны кетирип өзүбүз каалаганды алып беребиз. - јйшакан кепке-сөзгө келбей эле сүйлөп жатканда Үпөл кирди:

- Ёэ чал, улакты коюп эле, чоң кара күрпөңдү сойсоң боло, кыздар чогуу келип калыптыр. - Үпөл кепке маани бербей, угуп-билип турса да сыр бербей ушинтти, анысын сезген Ѕекмурат ыраазы болду:

- џрас эле ошо кара күрпөңдү сойсун, балдарга айт.

- ќшону карматтым.

- »и-ий, өзүңүз биле баштаган экенсиз да? - - јйшакан кергиштей ага карады. -  еңешпей-этпей эле карматып.. . ћалдын ээси бар, талаадан келген эмес же өзүңүз ала келген мал эмес!

- јпей ботом, сыйлап коеюн десеЕ

- ∆есек да жебесек да ыраазыбыз, кааласак өзүбүз эле союп жеп кете беребиз, сиздики болсо сурамакпыз.

-  ой кызым андай дебе, бир баланын айынан атаңарга келип силерди өз баламдай көрүп сыйлап, сыйын көрүп, аздыр-көптүр тынчыраак жашайын дегем, эмнемден жаздым деги?

- Ѕолдучу! - деп јсылкүл јйшаканды нукуп койду.

- јпамдын кармаган буюмдарын башка бирөөнүн кармаганы мага такыр жакпайт, апам өлбөгөндөЕ - јйшакан долулана ыйлап кирди.

- Ѕолду эми, жөн эле ыйлай бересиңби? - јрзыкан дагы аны тыйды. - јйлабыз канча, эми атам аман-эсен болсунчу.

Үпөлдүн жүрөгү сыздай сыртка чыкты: "“об-бо, эмнемден жаздым буларга, качан келсе ушунусу асылып турат, мына эмесе деп кетип эле калсамбы, атасын өздөрү сүйрөп ары-бери алпарып жүрүп өлтүрүп алсын", деген ойдо көпкө телмирди. Үпөл элүүлөрдөгү а€л, Ѕекмурат алтымыш тогузда, карыган адамга эки иниси болбой жатып алып берген. Ѕаласы жок, эки инисинин үйүндө жүрчү, жаны тынбай ишин жасап жүрсө дагы келиндерине жакпады, бечара.  өзүнө жаш кылгыра бир чекитти тиктеп тура берди: " еткенде кайда барам, келинге батпадым, же жараткан бир кызыл эт бербей кыйнады, жок дегенде бир кызым болсо эмне", деп ашканада отуруп анан өзүн соорото казанын да€рдап, отунун алып кирип этти асууга да€рданды, алардын үстүнө кирбеди, көптөн кийин Ѕекмурат чыгып анын жанына келди.

- Үпөл, келиндерден чакырып алсаң боло, жалгыз кыйналган жоксуңбу?

- ∆о-ок, эмнеге кыйналмак элем, кирип кыздар менен сүйлөшүп отура бер, бир козунун этин бышырган кыйын эмес. - Үпөл күлө-бага ага карады. -  ыздарды жалгыз койбо, тиги ћааданбекке бала жөнөттүм, келип калышат келин экөө.

- ∆акшы кылыпсың, сен кыздардын сөзүнө капа болбо, алардын жашоосу бөлөк, анда-мында келип кете турган конок. - Ѕекмурат кыздарына ичтен нааразы болгонун сездирбей аны жайгара сүйлөдү.

- Ёмнесине капа болом, айтса айтып коюшаар, эне деген кыйын, энесинин ордуна капкайдагы тааныбаган а€л келип калса күйүнбөй анан, түшүнөм чал.

- јсылзаада а€лсың, көтөрүп кой. - Ѕекмурат сөөлөтүнөн жазбай, эки колун артка ала арыта ойноп жүргөн небересин чакырды. - јдил, келип чоң отун алып келип берчи балам.

- јзыр, чоң ата! - јдил бери карай жүгүрдү, - „оң ата мен келдим, отун ка€кта?

- Ѕастырмада турат.

- ћакул. - јдил отун алып келмек болуп бастырманы көздөй жүгүрдү.

Ѕекмурат анын артынан жылма€ карап туруп калды. Үпөл үндөбөй казан жакта күйпөлөктөп жүрө берди: "Ёэ жараткан, жакшы жүрдүм, жакшы жашадым, бир арманым, ушунча жашаган өмүрлүк жарымдын көзү өтүп кеткени болду. Ѕалдарым кудайга шүгүр элден кем эмес, мени тартып чоң кызматка умтулушпады.  ыздарым мени кыйнамак болду, бул а€л мени сыйлап турат, кийим таза, тамагым да€р, төшөгүм салынуу, ушул жашымда кыз-күйөө менен келиндерден тартынып кимисине жаман көрүнөм", деп Үпөлдү карап турган Ѕекмурат оор күрсүнүп алды. јңгыча ћааданбек менен келини —айнагүл келип калды.  елини кайнатасын ызаат менен баш ийкей учурашып ары жакка өттү. ћааданбек атасы менен учурашып туруп калды.

- јта, денсоолук кандай, жакшы турасызбы?

- ∆акшы, уулум, эжең менен эки карындашың келиптир, кир үйгө.

- јлар эмне жумуштап келишиптир?

- ∆өн-жай эле, менден кабар алганы келишкен го?

- ја-а, иши кылып тынччылык элеби?

- “ынччылык эле уулум, алардын ба€гы сөзүнө көнүп калбадымбы? - Ѕекмурат ийнинен дем ала, оор үшкүрүнө үйгө баштап кирди.

- ќо келиңиздер! - ћааданбек эжеси јйшакан менен учурашып анан карындаштарын карады. - Ѕу чогулуп алып айылчылап жүрөсүңөрбү?

- ќоба, эми сага дагы барабыз, “аалайбек болсо шаарда, сен атамдын кандай жашап жатканынан кабар алып турасыңбы? "јтам кандай киши эле, эми кемпири жокто кыйналып калдыбы" деп келип, көз салып койсоң боло, кайдагы бир катынга бийлетип койбой. - јйшакан инисине какылдап кирди.

- ќй эже-е, атам жакшынакай эле жүрөт, јдил болсо эртеден кечке би€кта. Ёми Үпөл апама жаман айтпай эле жүрбөйсүзбү, ал киши жакшы а€л. “үшүнүп эле турам, өз энебиздей кайдан болмок, бирок аракет кылып эле жатат, кыскасы атамды жакшы караса болду да? Ѕиз экөөбүз тең иштейбиз, үйдө жаш балдар бар, атама убагында ысык тамагын-чайын берип туруш керек, атам азыр жакшы камкордукта, эмнеге минтип жатасыз? - Ёжесин жактырбагандай караганда јйшакан унчукпай калды.

∆ымжырт болуп калышканда тамагын кыра Ѕекмурат сөз баштап:

- Ѕалдарым, мен силерге ыраазымын, силер болбосоңор менин ал-абалымды ким сурап, мен жөнүндө ким кам көрөт эле, кудайга миң мертебе шүгүрчүлүк, силер барсыңар, эми мени жакшылап уккула. - Ѕир саам мурутун жаный ойлуу отурду да. - ћен бул жерден эч жакка кетпейм, мени сыйлаганыңар чын болсо менин көңүлүмдү оорутпагыла, менин дагы Үпөлдүн да жүрөгүн сыздатпагыла, ырас ал силерге өз энеңердей боло албайт, мага јпакандай боло албайт, бирок тагдыр кошуп жатса силердин да, менин да аргам канча?! - дегенде ага эч кимиси ка€ша кыла албады.

јңгыча козунун эти келип, бир туугандар тамактанып болуп кетмек болуп калганда, —агыйпа деген Ѕекмураттын карындашы келип калды. јл Ѕекмураттын атасы менен бир тууган “октогул дегендин кызы эле. “октогулдан келген. Ѕекмурат аны жакшы тосуп алып, кайра үйгө киришти. —агыйпанын үч уулу бар. Ѕир баласы кошо келиптир. јларды коноктоп, ал күнү ошол жерде жатып калышты.

—агыйпа ошондо элүүлөрдөгү а€л, көкүрөгүндө өткөн өмүрүнүн ачуу өкүнүчү, тагдырына таарынган арылгыс арманы бар. —иңдилери менен конок болуп, жакындан таанышып, өткөн-кеткенди сүйлөшүп, таң атырышты. Ёртеси аларды ћааданбек үйүнө чакырып барып конок кылды. —агыйпанын ата-энеси өтүп кеткен. Ѕалдарына “аласта эки жашында калган јртыкбай деген уулу жөнүндө көп айтат. ”шул жолу дагы Ѕекмураттан сураштырып отурду.

- ћен кызматтарда жүрүп айылга кийин келдим, эми сураштырып көрөйүн, билем сенин кайын журтуңду, күйөөң  убанычбекти билем, ал быйыл өтүп кетти, - деди Ѕекмурат.

- Ѕаламды таап, бир көрсөм болот эле. - —агыйпа агасына муңа€ карады.

- јман болсо көрөсүң карындашым, жаман эмес балдарың бар экен, кудай деген куру калбайт деген сөз бар, энени бала танбайт, чанбайт.

- ќшонун дайнын билбей кыйналып жатам, жардам бер аке.

-  олдон келген аракетти жумшайм карындашым, кам санаба. Ѕалаң жаңылбасам отуз бештерге барып калгандыр?

- ќоба, он бешимдеги да. - —агыйпа жер карады.

- јты ким эле?

- јртыкбай.

- “абылат, көп ыйлай бербе.

 өпкө сүйлөшүштү, өткөн-кеткенди козгошту, анан конок каадасы кылып ћааданбектин сойгон коюнун этин жеп-ичип, аерде түнөштү. јйшакан —агыйпага дагы Үпөлдү жамандап кирди эле, ал ага минтти:

- —иңдим, акемди карыган кезде күйөө баланын босогосуна алып барба, бир кезде канча адамдын үстүндө жүргөн кишинин көңүлү чөгөт, зээни кейийт. јтаны нааразы кылбагыла, өз үй, өлөң төшөгү, кемпиринин баскан-турган жери, өз колу менен тиккен дарагы, мөмө-чөмөсү турат, зериккенде аралай басып көңүлүн көтөрөт, өткөнүн эстеп аз да болсо моокуму кана, кере дем алып, кенен басат.  ыздын төрүндө жүрсө корунат, тагдырына нааразы болуп кейип, көңүлү чөгөт, кыйнабай эле койгула, - деди —агыйпа.

- Ёже, негедир эле жанагы Үпөлдү көргүм жок.

-  ой антпе, жакшы эле а€л экен, аздыр-көптүр акемдин ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, калган өмүрүн акем менен өткөргөнгө да€р экен сиңдим.  удай кылса кубарыңдын акысы барбы дегендей бир перзенттин айынан карыган кишиге тийүүгө аргасыз болгон тура, мына мен ушул куракта эрге тийээр белем, жок дегенде балдарымдын босогосунда өлөйүн демекмин да.

- ƒеги мени баарылап жеңдиңер, ырас эле атам көптүн бири эмес, журтубузда эки жакшы болсо ошонун бири эле, кыйнабайын эми, - деп јйшакан унчукпай калды.

- Ёсиң бар айланайын, күйөөңдүн эшигине алып барып, назарын суутпа, көңүлүн чөктүрбө, колуңдан келсе ал-абалын билип тур, сый бол, мен болсо алыстамын, тагдыр ташым алыска түшүптүр, - деди —агыйпа үшкүрүнө.

- џрас айтасың эже, атамдын көңүлүн кейитпейин.

- ќшент садага, ћааданбек туура айтат, карыган кезинде келинге көз каранды кылбагыла.

Үпөл ичинен тынып сыртынан сыр билгизбей алар менен чогуу конокто, келин-уулу аны сыйлап отурушат, аларга ыраазы: "“агдырым пешенеме жазганы ушул болсо аргам канча, буйруганын көрөөрмүн, сыйлаганды сыйлаармын, сыйлагысы келбегенин унчукпай жеңээрмин, кудай кандай азап-тозокту жазса көтөрөөрмүн, көтөрбөскө аргам жок", деп ичтен сызып жатты. јңгыча јдил менен ћааданбектин кичүү кызы —ауле Үпөлдүн жанына келип эркелеп калышты.

- „оң апа, - —ауле анын тизесине отуруп алып мойнунан кучактап алып, - „оң апа, мен дагы силейдикине байайынчы.

- Ѕара гой көлөкөм, јдил экөөң барып бизге эрмек болгула. - Үпөл кызды саамайынан жыттай эркелетип койду. - ћага жардам берип, чай кайнатып бересиң да ээ?

- ќоба да, јдил акем экөөбүз байабыз, мен чай кайнатып бейем.

- џкы, сен жардам бере албайсың, чоң энемди кыйнайсың.

-  ыйнабайм ээ, чоң эне?

- ∆о-ок, мен силерден кыйналбайм. - ћээримдүү жылмайып койду.

- „оң энем сени жакшы көйө-өт, - —ауле јдилге ээликтей карап койду. - „оң атам дагы-ы.

- ћени деле жакшы көрөт. - јлар ошентип жатканда јйшакан —агыйпага шыбырап калды:

- Ѕайкуш апам десең, ушуларды көрбөй гана өлүп кете бербедиби?

-  ой угат, капа болуп жүрбөсүн, анын дагы биздикиндей жүрөгү бар да, јйшакан. - јлар ушинтип сүйлөшүп жатканда, Ѕекмурат менен Үпөл чыгып кетти.

- Ѕолсо боло берсин, апамды ойлосом такыр көргүм келбейт.

-  апырай, ал күнөөлүү эмес да, өлгөндүн артынан өлмөк жок экен, минтип өлгөндү кайрый албай мен деле жүрбөйүнбү, бирок мен атама а€бай нааразымын.

- Ёмнеге?

- јтам мени он үч жашымда кудалап коюп, өз эркимди жоготуп, өмүр бою өкүнүч-өксүк менен келе жатам. - ќйлуу карады јйшаканды. - —ен ∆олдошбек менен сүйлөшүп, баш коштуң беле?

- »и-ий эже, сиз эмне дегени турасыз. - јйшакан эжесине күлө карады. - Ёмне, бирөөнү сүйдүңүз беле?

- ќо кокуй, азыркылардын сүйүүсү оюнчук да, биздин убактагы сүйүүнү айт, кандай гана сүйүшпөдүк! ќшондо мен он бешке эле чыккам, жаңы гана бүчүр байлаган чырпыктай солкулдаган жаш келин элемЕ

-  елин элем дейсизби? - јйшакан таңдана кулак төшөдү.

- ќоба, келин болчумун, атам мени он үчүмдө сөйкө салган адамга күйөөгө берген, мен аны менен бир ай гана жашагамынЕ

-  ызык, чоң атам ошондой киши беле, эмнеге жапжаш бойдон күйөөгө берет, жаш кыз эмнени билетЕ

- ќшондой сиңдим, балтыркандай жаңы көктөп, ак караны жаңыдан таанып, ажырата баштаганымда ой-боюма койбой берип койгон.

- ∆аман болгон экен, анан кимди качан сүйүп калдыңыз, эже?

- јл узу-ун жомок, көкүрөгүмдөгү толгон бук, арман менен ыза өмүр бою жүрөгүмдү сыздаткан оору жанымды кейитип жашап келе жатам. Ѕир гана бактым - балдарым бар, өкүнүчтүүсү сүйбөгөн адамымдан балалуу болгонум, кимге айтып арманымдан арылаарымды билбейм, жок дегенде болгон оку€ кимдир бирөөнүн көңүлүн буруп, сүйүүнүн ыйыктыгын сезип, булгабай жашаса деймин. —үйдүм дешет, сүйүүнү билбей туруп. ј сүйүүнүн ачылбаган сырлары көп, чечилбеген суроолору толо. ∆алган сүйбөй, чын жүрөктөн берилип сүйө албасаң, өзүңдү алдабаЕ - —агыйпа өзүнчө ойго туна берилип сүйлөп жатты.

јны көрүп турган јйшакан ичинен: "—үйүү деген деги барбы, мен ∆олдошбекти сүйөмбү, алчы, ал мени сүйөбү?", деп ойго чөмүлө түштү. Ѕирок ал оюнун а€гына чыга албай —агыйпа эжесинин тагдырына кызыгып:

- Ёже, башынан айтып берсең, түн бакырдыкы дейт эмеспи, эми эле кеч кирди, түн узак, сүйлөшүп жаталы, тигилер болсо уктады, - деп јйшакан ага карады.

-  ой, кызым, кийин бир жайчылыкта айтып берээрмин, азыр болсо атаңы көп кыйнаба, кантсе да улгайып калбадыбыЕ - —агыйпа бежиреп отуруп, уйкуга алдырып кетти...

јйшакан эки сиңдиси менен кайра атасыныкына келди. Үпөл аларды адатынча жаркылдап жайнап тосуп алды, өзү толук ак жуумал келген сулуучумак а€л.

-  елгиле кыздар, сапарыңар жакшы болдубу?

- Ёне, өзүңөр кандай, атам жакшыбы, биз эми кетебиз, - јсылкүл жайдары карай жооп күттү.

- ∆акшы эле, кудайга шүгүр, кирип чай-пай ичип алып анан чыккыла.

- јтам үйдөбү? - јрзыкан кайдыгер сурап койду.

- јтаң үйдө эле жатат, жашында эмгекти жасап койгон тура, эми эс алсын, -  үлүп койду, негедир ал жылмайганда жүзүнөн мээримдин учкундары чачырап жылдыздуу эле.

- ∆үргүлө атама жолугалы, - јсылкүл эки эжесин карады.

- ∆олукпай кетмек белек, - деп јйшакан ичкериге кирди, анын артынан экөө ээрчий кирди.

Үпөл дасторконун алып келип, тамак ашын алып келди. јны карап туруп јйшакан: "∆ылдыздуу а€л экен, төрөбөгөн а€лдар мээримсиз болот дечи эле, байкушту көп эле жерий бербейинчи, кудай кылса кубарыңдын акысы барбы дегендей апам өлбөсө алмак беле атам", деп ойлонуп алды. ќшентип чай ичип атасы менен сүйлөшүп, көпкө отурушту, ошол кезде эшиктин алдына машина токтогондой болду, Үпөл чыга калып:

-  ир-кире гой, үйдө ал, - деп калды.

- ”шул жерден эле кетишим керек, јйшакан эжени алып кетишим керек, - јйдоочу болбой койду.

- јйшакан, сага келиптир, - деди Үпөл үйгө кирип.

- Ёмнеге, жөн-жай бекен?

- јйтпады, алып кетем дейт го?

-  ой анда ата, мен кетейин, ∆олдошбек келген го, - деп Ѕекмурат менен коштошо шашылыш чыгып кетти.

јсылкүл менен јрзыкан да чогуу жөнөштү. јйдоочу эч нерсе дебеди, бирок аны жаман кабар күтүп жаткан эле. ∆олдошбек ачуулуу ары-бери басып, күтүп жаткан экен, а€лын көрүп эле бакылдап кирди:

- —ен өзүңдү-өзүң билип кайда жүрөсүң, балдарды баш-көзү жок таштап коюп?

- Ёмне болду, атамдын акыбалын көрүп келейин деп эле баргам, - јйшакан ага моюн бербей алкына кетти, -  ачанкыга үй күчүк болуп отура берем, сен кызмат деп үйгө жолобосоң мен карыган атамды көрө албаймынбы?

- Ёй энеңди урайын, бас би€кка, - ∆олдошбек аны ары колтуктай алып барып, болгон ишти айтты, - ќшондой болуптур, эми балаңды соттогону калды.

- Ѕаланы арачалап кала албасаң, кызматта чиренип эмне кылып жүрөсүң, кокуй ай, балама алып барчы мени, бир көрөйүн, - деп чыйпылыктап жиберди.

- јзыр болбойт, жолугуп келдим.  айда жүрдүң, кайда барасың деп сурап койбой ээн-эркин кое берип ушул болуп отурат да, јйгерим кайда кеткен, көрүнбөйт да?

- Үйдө эле болчу, - јйшакан анын көлгө кеткенин жашырып күнөөлүүдөй үйгө карай кадам шилтеди, оюнда аны дагы бирөөлөр зордуктап койгондой жүрөгү шуу дей түштү.

ћелис үч миң сом алып достору менен тоого чыгып беш бала, беш кыз болуп, тамак ашты мол алып, ичкиликти толтуруп, ойноп-күлгөнү барышат. Ѕаары ичип кызуу абалда кыздарга тийише баштайт, алардын ичинен “аңсулуу деген кыз ичпей да коет, өзү татынакай сулуу кыз, ата-энеси жок, таенесинин колунда чоңойгон максаты бийик кыз эле. ”зун чачын өрүп койсо, согончогуна жетип турат, өтө назик, кичи пейил кыз. ћас болуп алган кыздар балдар эки-экиден болуп кучакташып отурганда жанындагы жигитине:

- ћирлан, мен минтип кеч калаарыбызды билгенде келбейт элем, сен менин жаныма отур, мен сага ишенем, - дейт акырын.

- —ени көзүмдүн карегиндей гана сактайм, жаным.

- –ахмат.

 ыз отту тиктеп отурганда ћелис жанындагы кызын таштап, алардын жанына келди:

- Ёмне силер түндү ушинтип тозосуңарбы? ћирлан дос, бүгүнкүдөй убакыт күндө эле келе бербейт, селкиң а€бай сулуу экен, кел экөөбүз алмашабыз.

- Ѕайкап сүйлө ћелис, “аңсулуу андай кыздардан эмес, биз таңды ушинтип эле тособуз, - ћирлан ачуусу келе ћелиске бир тийди, - Ѕар кызың менен өзүң көңүл ача бер, бирөөлөргө тийишип эмне кыласың?

- ќм-ээй ћирлан, серезно айтып жатасыңбы?

- —ерезно.

- јндай кыздардан болбосо эмнеге келди?

- ћен үчүн келди.

- ƒа-а, сен үчүн дечи, - ћелис “аңсулуунун жанына отуруп - —улуу кыз экенсиз, - деди ээгинен өйдө кылмакка колун сунуп.

“аңсулуу колун кагып жиберди:

- ”€тың жок тура ћелис, кызыңа барбайсыңбы?

- Ёй, - ћелистин ачуусу келип кетти, - ћени кага турган сенсиңби ы€, мен өз каалаганымды кылам, ал менин алып алган а€лым эмес, керек болсо сага дагы жарайм!

џржа€ күлгөндө жаакка чаап-чаап жиберди “аңсулуу:

- јкмак, тапкан экенсиң, кыздардын баарын бирдей ойлоп жатасыңбы? Ѕаалуусу да баасызы да бар, байкап мамиле кылып жүр! - “аңсулуу ордунан тура калып, көздөрүнөн жаш куюла сүйлөп жатты, - —ен атаңдын мансабына чиренбе, бирди көрүп каласың!

- Ёй кыз, оозуңа карап сүйлө, атамдын бул жерде кандай тиешеси бар?

- Ёң сонун бар, арам акчага көппөй, көзүңдү ачып жүр! - “аңсулуу ћирланды карады, - ћирлан кеттик, сенин мындай досторуң бар экенин билгенимде, сени ээрчип келмек эмесмин, - дегенде ћирлан туруп аны колдон ала жөнөдү.

- ћирлан, досторуңду ушундай арсыз кыздар үчүн кыйып кетесиңби? - деп ћелис үн катканда ары жактан кызуу, чачтары саксайган џрыс жетип келди:

- ћелис, жаным, жүрчү, алар кетсе кете берсин, - деди эле ћелис аны түртүп ийди:

- ∆оголчу ары, ушул кызга азыр бирди көрсөтөм, - деп кетип жаткандардын артынан жүгүрдү.

 алган балдар кыздары менен эч нерседен капарсыз бадалдын арасына кирип кетишкен эле.

- ћелис дейм, аларды тим кой, жаным, койчу ошолорду!

- ∆ап оозуңду, кааласаң башкасына жабыш, таап ал! - ћелис жүгүрүп жетип ћирландын колун бекем кармап алып жүгүрүп бараткан “аңсулууну карыдан булка тартты, - —ен ошондой эле кыйын кыз болсоң көрөлүчү, -  өздөрү чакчайып, кызуулугунан эмне кылып жатканын да билбей башы тумандап турган, -  анчабызга туруштук берээр экенсиң!

- “арт колуңду, мени кое бер!

-  ое бербесемчи?

- ћелис, койчу эми дос, кыз кишиге мындай мамиле кылган болбойт. үйүнө жеткирип коюп, кайра келем, - ћирлан ћелистин колун бошотмок болуп ортого түштү, -  ое берип койчу?

- Ёмнеге кое берем, сен бар тиги џрыска, ал сени жыргатат, а мен “аңсулуу менен жыргайм!

- ∆инди болбо ћелис, ал таза кыз, жооп берип каласың, кое бер, жөнөтүп коелу.

- “ур деп жатам!

- “ийбе ћелис, бул менин кызым, џрысыңдын мага кереги жок, - ћирлан дагы ага ачуулана “аңсулуунун колун андан бошотуп экөө жүгүрүп жөнөдү.

ћелис жинденип колуна жерден таш алды да аларга жетип барып, ћирланды башка бир койду, ћирлан кулак үстүнө тийген соккудан жыгылып түштү.

- —ен уктап тур, эртең өзүң жалдырайсың, - деди да узап бараткан кызды колунан кармап, өзүнө күч менен тартып, -  ачпа-а, сен өзүңдү асмандагы айга теңебе, жерде жүрсөң.  ана көрөм азырЕ сенин күчүңдү көрөм, - деп көйнөктөрүн айрып ыргыта баштады, чырылдап түнкү тынчтыкты буза кыйкырган кыздын үнүнө, боздогон көз жашына карабады:

-  ое бер акмак, түрмөдө чиритем, жырткыч айбан, кое бер мени! ∆арда-ам! ∆ардамга келгиле-е!

- ∆ап оозуңду, бир аздан кийин өзүңө дагы жагып калат, жалдырап кыңкыстап жүрбө!

- ћакулуктан айрымасы жок акмак, кое бер дейм, -  ыз кара терге түшө аны менен күрөшүп жатып шайы кетип калды.

ћелис аны энеден туума жылаңач кылды да, өзү чечинип денесине чөп, тикендин өткөнүнө карабай басып жыгылды, тыбырчылап сүйлөп, бакырып жаткан кыздын оозун бир колу менен басып алып, өз максатына жетип, шымын кийип жатканда кызуу џрыс тамтаңдай басып келип:

- ћенден өйдө бекен, сулуу бекен? ћелис, сага эми мен жакпай калдымбы? - деди да колундагы арактын бош бөтөлкөсүн “аңсулууну көздөй шилтеди, - јзыр экөөңдү тең өлтүрөм, мени сүйөм деп кыздыгымдан ажыраткансың.

- ∆огол дебедим беле, менден өлө албай турасыңбы, ы€ жалап?

ћелис аны бир чапканда џрыс жыгылып кетти. “аңсулуунун башына бөтөлкө тийип, ал эси ооп жатып калды. ќшол кезде ћирлан эсине келип, аларды көздөй келе жаткан. “аңсулуунун эчтеке билбей, энеден туума жылаңач жатканын көрүп:

- Ёнеңди урайын ћелис, бул эмне кылганың? —ени мен адам экен деп жүрсө ит экенсиң, эртең өзүң жооп бересиң, - деп сөгүнүп, сүйлөнүп “аңсулуунун ар кайсы жерде жаткан кийимдерин жыйнап келип, - “ур, “аңсулуу кетебиз, турчу кетели, - деди.

- —үйгөнүңдүн акыбалын көрдүк, талашы жок кыз экен, анысынын баасын сага төлөп коем, үйлөнүп алсаң анда-мында барып турам ха-ха-ха, биринчиси өзүм болбодумбу?

- Ёнеңди! - ћирлан ага жетип жакадан алды, экөө алышып калды, џрыс көзүн ачып тура калды да ћелиске болушуп аны түртүп ийди, - ∆ырткыч, макулук айбан, кыз кишиге ушундай мамиле кыласыңбы? - ћирлан аны менен мушташып жатканда, џрыс экинчи жолу түрттү эле, ал жини келип, - Ёй жалап, сен эмне тойгузалбай калдыңбы, же улам жаңысы менен болуу сен үчүн максатпы? - ћирлан ћелисти бир муштап, ортосунда џрыс чырылдап жүрүп, заматта масы таркай түштү:

- Ѕалда-ар, жардамга келгиле, балда-ар! - деп кыйкырып кирди.

јры жактан эки-экиден жаштар жетип келишти.  араңгыда эч нерсе көрүнбөй, “аңсулуу эптеп кийимин кийинип, ботодой боздоп туш келди кетип жатты.

- —илерге эмне болду балдар, эмнеге мушташып жатасыңар?

- —илер жинди болдуңарбы? - дешип экөөнү эки жакка бөлүп, машинаны көздөй басты.

ћелис дагы ичкен арактын уусу тарап, башы зыңылдай эмне иш кылганына башы жетпей, машинага отурду. ћирлан болсо “аңсулуунун артынан жүгүрүп жетти.

- “аңсулуу, токтой турчу, бети-колуңду жууп, өзүңө келчи, - деди ага.

- ∆огол көзүмө көрүнбөй, сенин мындай акмактар менен жүргөнүңдү билсем жаныңа жоломок эмесмин, ал акмакты түрмөгө чиритем, а€наар эч нерсем жок! - “аңсулуу аны түртүп ийип, жүгүрүп жөнөдү.

“үн ортосунан ооп калса да, айсыз караңгы түн өз өкүмүн жүргүзүп, ар кайсы тараптан куштардын сайраганы, түнкү тынчтыкта алда кайдан шаркыраган суунун үнү угулуп, теребел мемиреп турган.

- ћени кечир, “аңсулуу, сени жеткирип коеюн, жол алыс, токточу эмиЕ

- Ёмне, кечирейинби сени? - “аңсулуу көркүрөгү айрылган көйнөгүн колу менен кымтылап кармап алган, токтой калып ћирланды тике карады, - ћына, сенин көз алдыңда кордолдум, аласыңбы мени, сүйөм-күйөм дечү элең, эми дагы сүйөсүңбү?! - деди үнү дирилдей.

- “аңсулуу, мен сени жеткирип коеюн деп жатпайынбы, жолдо дагы бирдемеге кабылып жүрбө.

- џ€, мындан дагы өткөн балээ бар бекен? ”шундан көрө жырткычка жем болсом кана, көрдүңбү сен эми менден аргамжы бою алыс качасың, анткени мен кордолдум, сенин акмак жырткыч досуңа уктуңбу? - деди да жүгүрүп кетип калды, кийими тытылып, денеси ооруксунуп, жылаңач денесин чөптөр тилген бечара кыз түнкү тынчтыкты бузуп, өңгүрөп-өксөп ыйлап да, жүгүрүп да баратты. ћирлан анын артынан келе берди: "џрас айтат, мен “аңсулууну сүйгөнүм менен үйлөнө аламбы? ќйлонуп көрүшүм керек. јкмак ћелисти бул бойдон калтырса ого бетер көбөт, бирок, “аңсулуу элдин алдында абийири төгүлөт да, андан кийин ага ким үйлөнөт", деп ар ойдун башын ойлонуп келе жатканда ћелис менен кыздар болуп баары сүйлөшүп жатышты.

-  орочье, - деди Ќурлан дегени, - “аңсулуу кайда барбасын далилдей турганы жок, өзү у€т болот, давай ћирланды жайлап салабыз.

- Ёмнеге, өлтүрөсүңөрбү? - ∆ибек көздөрүн алайта карады.

- јнтпесе баарыбыздын абийирибиз төгүлөт, силердин ата-энеңер билсе эмне дейт, ал баарын айтат. Ѕир гана жол, ћирланды жок кылыш керек!

- “уура, - деди ћелис, - Ёгер ушул иш жабылып калса, ар бириңерге беш миң сомдон ооз басырыкты мен берем.

- Ѕир пикирге келсек болду, араңардан бирөөңөр шек билгизип койсоңор болбойт!

- —үйлөштүк, анда тигилерди тезирээк кууп жетүү керек, - дешип машинаны ызылдата өңгүл-дөңгүл жол менен катуу айдап келе жатышты.

∆ибек гана оозунан сөз чыгаралбай коркуп келе берди, бир кезде жолдо жалгыз кетип жаткан ћирланды жарыктан улам таанышты да, газды басып, үлгүртпөй уруп кетишти. ∆ибек бакырып көзүн жумуп ийди.

- —ен эмне болуп жатасың? - ∆игити  емел анын оозун басып калды, - ћинтип жүрсөң эчтеке жашыра албайсың.

- “уура эмес кылдыңар, балдар-кыздар, жана эле чогуу отурган баланы өлтүрүп алып, кантип тынч жашайбыз, убалычы? - ∆ибек ыйлап жатты, - “уура болгон жокЕ

- Өзүңдү карма ∆ибек, мына айылга келип калдык. ћакулдашып алалы: ћирланды биз көргөн жокпуз, “аңсулуусун дагы, кандай дейсиңер? - ћелис артында отургандарга карады, - ћен эртең менен эрте шаарга кетип калам, колуңардан келсе баарыңар убактылуу биерден кетүүңөр керек, - ћашинасын токтотту.

-  а€кка кетебиз ћелис, анда мени шаарга өзүң ала кет, - деди џрыс.

- —ени кайда алып барам? „огуу жүргөнүбүз болбойт, ар кимибиз өз-өзүбүзчө кетели, - ћелис кызга жини келе карады, - —ен мени жөн эле күйөөңдөй көрөсүң да?

- ј өзүң мени алам дебедиң беле, сүйөм деп жүргөнүң жалганбы?

- Ѕолду, азыр сүйүү жөнүндө сөз болууга тийиш эмес, тиги “аңсулуу кайда кетип калды экен, ал милици€га жеткиче изибизди суутуп кетели, - ћелис машинасын ордунан жылдырып жөнөдү.

∆ибек ичинен жини келип жатты: "“аңсулуу өз абийирин төккөндөн коркуп унчукпай калат, анын сыры белгилүү, булардын абийирин өзүм төгөм, сөзсүз үйгө барбай эле милици€га барам", деп ойлоп келе жаттыЕ

ћирлан ыргып барып, жол жээгине түшкөн менен анча жаракат алган жок, буту аксап, чекесинен кан шүүнүндөп агып зорго турду. Ѕорпоң топуракка тийгенге жеңил эле, кокус таш же асфальт болгондо талкаланып калмак. Ёки сааттай жатып, анан ордунан турган, досторунун бул кылыгына башы жетпей: "ћас немелер мени көрбөй калды го, эптеп үйгө кирип кийимимди которуп алып, “аңсулууга барайын, "мен өзүм алам" деп. јны эч кимге айтпа дейин, эртерээк жетпесем ызасына чыдабай арыз жазып коет", деп ойлонуп денесинин ооруганына карабай зорго келе жатты. “аң агара баштап, чыгыштан супа салып калганда, атчан адам жанынан өтүп баратып:

- ќй сен кимсиң, кайда барасың? - деди үңүлө.

- ћен “урдаалынын баласымын.

- ќй атаңдын оозугач-чайын десе, ћирлансыңбы, кайдан таң атпай? - јтчан токтой калды.

- ”шул жактан эле, - Ѕашын шылкыйта жооп берди.

- ”чкаш.

- јке, мен мине албайм го, бүткөн боюм ооруп жатат.

- Ёмне болду эле?

- ∆ардан кулап кеттим.

- Ёмнеге бардың эле?

- ? . . .

-  ел анда, мен сени өзүм мингизейин, - јттокур түшө калып аны көтөрүп, атка мингизмек болгондо ћирлан бакырып ийди, бүт денеси ооруксунуп турган, - —енин бир жериң сынган го, кабыргаңда мандем бар, доктурга барбасаң болбойт, - деп јттокур аны мингизип, өзү артына учкашып, атка камчы салды.

- Үйгө жеткирип койсоңуз болду, - деди ћирлан онтолой.

- ∆еткирбей анан, - деп койду јттокур.

јны жеткиргенде атасы “урдалы эшикте жүргөн, јттокур аны көтөрүп, түшүп жатканын көрүп, чоочулай жетип келди:

- Ёмне болду, уулум?

- Ёчтеке, - деп ћирлан басып жөнөмөк болуп, чаңырып ийип, көмкөрөсүнөн түштү, јттокур менен “урдалы кармай калып үйгө алып кирди, ћирлан эчтеке сезбей дагы басып келатканына таң калды, арка сөөгүнөн ажырап, бутунун жоон санынан жарака кетиптир, денеси бүт көгала, ооруканага алып барып жаткырып, ошондо гана козголо албай калды, көрсө кызуулугунан сезген эмес экен. јл антип, ооруканада жатканда ∆ибек үйүнө барбай эле, милици€га кайрылды, ал болгонун болгондой айтып келип:

- ћирланга жардам керектир, ал өлгөн эместир, мен алардан корктум, балким мени дагы өлтүрүп коебу деп, - деди ыйлап отуруп.

- „огуу белеңер?

- ќоба, чогуу отурганбыз, “аңсулуу ичпей койгон, ошого ћелис деген бала тийишип жаткан, анан аны.. - џйлап бетин басты, - јны зордуктап коюптур.

- ћирлан ка€кта эле?

- ∆анында болчу.

- јл кошо кирдиби?

- Ѕилбейм, биз ары жакта болчубуз, - деп ыйлап айтып берип жатканда, “аңсулуу баш бакты. јл ∆ибекти көрүп: "ћуну дагы зордуктап койгон го", деп мостоюп кирип келатканда ∆ибек тура калып аны кучактап:

- ћирланды өлтүрүп коюшту-у! - деп шолоктоп ийди.

-  им, кимдер өлтүрдү?

- ћелистер, мен дагы машинада болчумун, мен бакырып ийсем  емел менин оозумду басып туруп алды, алар эч кимиси айтпай шаарга качып кетмек болуп жатышат!

- јкмакта-ар, ћирланЕ - “аңсулуу өңү боппоз болуп барып, өзүн жоготуп койду.

- ∆ардам бериңизчи! “аңсулуу, көзүңдү аччы, эсиңе кел, “аңсулуу! - ∆ибек аны кучактап бетине чапкылап жатты. ћилици€ кызматкери жардамдашып отургучка отургузушуп бетине суу сээп, -  өзүңдү ач “аңсулуу, - деп чыйпылыктап жатты ∆ибек.

 өптө барып, көзүн ачкан “аңсулуу:

- ∆ибек, ћирланды кайда таштадыңар? - деди акырын үн чыгара.

- ∆олдо, жолдо калды, машина менен уруп кетти ћелис.

- јй кудай ай, өлүп калдыбы ∆ибек, эми эмне болот? - “аңсулуу көздөрүнөн мөлтүлдөгөн жаш куюла өйдө болду, - ћен ага барышым керекпи?


“олук окуйм десеңер, алуу шарты биерде >>>



пїњ –Ш–Ј–і–∞–љ–Є–µ –Ї–љ–Є–≥–Є –Ј–∞ —Б—З–µ—В –∞–≤—В–Њ—А–∞
–µ–Љ–µ–є–ї:janyzak@mail.ru
+996777329784
–Р–ї–≥–∞–љ –Љ–∞—В–µ—А–Є–∞–ї–≥–∞ —И–Є–ї—В–µ–Љ–µ –±–µ—А–Єң–Є–Ј!
 © J.Janyzak, Kyrgyzstan 
–°—Б—Л–ї–Ї–Є –љ–∞ –≤–Ј—П—В—Л–µ —Б—В–∞—В—М–Є –Њ–±—П–Ј–∞—В–µ–ї—М–љ—Л!
–ѓ–љ–і–µ–Ї—Б.–Ь–µ—В—А–Є–Ї–∞