»нтернет библиотека ∆анызак@басма
—амое дешевое издание книги за счет автора! 

¬атсап: +996777329784
—отка +996700329784
емейл: janyzak@mail.ru

 ниги автора јйгүл Ўј–Ў≈Ќ на кыргызском €зыке

јталык парз

∆ылдызкан менен Ѕегиш сүйлөшүп жүрүп баш кошушкан. Ѕир балалуу болуп, тамтуң басып калгандан кийин экөөнүн арасына кара мышык аралап, уруш-талаш көбөйдү.  үндө ичип келет, андай күндөрү:

- " ыз экенде баары эле жакшы, жаман катын кайдан чыгат", - деген чын экен, жылтыраган өңүңө кызыкпай, жакшы катын издесем болмок! - деди бир күнү.

- ћен сага жабышып тийдим беле, кааласаң азыр ала бер жакшы катынды! - ∆ылдызкан тилин тартпады.

- “илиңдин узундугу жыландыкындай, уусу адамды өлтүрөт тим эле, - Ѕегиш ачуусу менен чаап ийди эле ∆ылдызкан:

- Өлүгүңдү көрөйүн алкаш, өзүңдүн ичип жүргөнүңдү билбей, менин балакетимди аласыңбы?

- Ёнеңди урайын катын болгон, бала-салаңды ал да жогол!

- ћен эмес сен кетесиң, балам менен эч жакка кетпейм мен! - Ёкөө урушуп жатып, акыры Ѕегиш сабап салды. Ёки күндөн кийин ∆ылдызкандын ата-энеси келип, аларды ортого алышты. Ёнеси ∆умабү кызына болушуп, күйөө баласына ажылдап киргенде, ∆амгырбек аны тыйды.

- Ѕолду, экөөндө тең күнөө бар, биринен болбойт, кана күнөө кимден кетти? -  ыз-күйөөсүнө карады, - ”руш-талашыңар эмне?

- јта, баарын менден көрөсүңөр, качан болсо ичип келип алып, сөгүп уруп жатса деле, унчукпай коембу? - ∆ылдызкан ыйлап, балбалактап жатты.

- Ѕалам, жашоону жаңы баштадыңар, уулуңар бар, ичкилик адамга жакшылык алып келбейт, жакшы жашоо үчүн үйдө тынчтык, ынтымак керек, - ∆амгырбек токтоо сүйлөп, кыз-күйөөсүнө акыл-насаатын айтты. Ѕегиштин апасы жок, атасы экинчи а€лы менен жашачу. ќкууга өтүп, экинчи курстан таштап, ∆ылдызканга үйлөнүп, айылдын четинен жер алып, эки бөлмө үй салып алышкан. ∆амгырбек колунан келгенинче жардам берип турчу. ќшондуктан Ѕегиш өйдө карай албады, күнөөсү өзүнүн ичип келгенде сөгүп, кагып урушуп калган адатын эстеп, ∆ылдызкандын тилинин ачуусун айта албады, үндөбөй отуруп, кайрадан жашап калды. ∆ылдызкан күйөөсүнүн унчукпаганынан пайдаланып, үстөмдүк кыла баштады. Ѕегиш жакшы эле ичкенин токтотуп, жумуш издеп чыгат деле, кайрадан кызуу келет, өзүн кармап, андай убакта уулуна алаксып, а€лына сүйлөбөскө аракет кылган менен ∆ылдызкан атырылып кирчү болду.

- »йи, арактан атаң өлгөнсүп, дагы ичип келдиңби, качанкыга ата-энем багат сени, иштесең иште, болбосо мен ажырашам!

- ∆ылдызкан, жумуш таппай жатам, болуп калса эле иштейм, - Ѕегиш нымтырай жер карады.

- ∆умуш жо-ок, жумуш жо-ок дейсиң, аракка акча табасың, сендейлер керилтип үй салып, үйүн толтуруп, катындарына кийбегенди кийгизип багып жатат, а сен тырмактай балаң экөөбүздү багалбай арак ичип, сенделип басып жүрөсүң!

- Ёмне кылайын анан, жумуш табам буйруса, - деп унчукпай жеңчү болду.

Ѕир күнү ∆ылдызкан коңшусу менен сүйлөшүп отуруп:

- “ажап кеттим јккыз, күндө ичип келет, иштеген иши жок, - деп кейип-кепчип калды.

- »и-ий, мен сага бир сөз айтайынбы? - јккыз ага акырын шыбырады, - —ен көрүп жүрөсүңбү, Ѕектин досу келип жүрбөйбү. јнын а€лы жок, өткөндө сени көрүп жактырып калыптыр, - деп аны бир чаап күлүп калды, - јл өзү бизнесмен, тапканы укмуш, кыз жакпай бойдок жүрөт.

-  ойчу калпыңды, ошондой бизнесмен болсо, кыздарды жактырбай жүрсө, мени эмне кылмак эле? - ∆ылдызкан кыткылыктай күлүп, јккызды чаап койду.

- „ын айтам, келген сайын мага айтканынан күйөөңдөн коркуп, айталбай жүрөм, тааныштырып кой деп, жанымды койбой жатат ой.

- Ѕилбейм ай, күйөөмдөн да тажап кеттим, качан болсо төркүнүмдөн сурап, алып келип отурам, өмүр бою ушинтип жашайлыбы ы€?

- Ёй кызык экенсиң, ушу убакта пайдаланып кал да, дагы бир-эки жылдан кийин сени эч ким карабай калат, - јккыз аны ого бетер көкүтө баштады, - ∆анагы ичкичтен, сен эмес көргөн сайын мен тажап, жиним келе берчү болду.

-  өрөм го? - ∆ылдызкан ойлуу туруп баратып, өзүнчө ойлонуп баратты: "Ёмне болмок эле, күйөөмөн жыргабасам, же иштебейт, эгер чын эле жагып калсам, көздү жумуп кете берем", - деген чечимге келип турду. ќшондон баштап, эшикке чыкса, коңшусунун үйү жакты карай берет.  ашайып анысы да келбей калды, ∆ылдызкандын күткөнүн айт. Ѕир күнү Ѕегиш ичпей биртике эт, кант-чай, акча алып сүйүнүп келди.

- ∆ылдыз, мен жумуш таптым, буйруса крупный алам, бирөөнүн үйүн бүткүчө алдык, ачкычын тапшырабыз, - деди кабагын ачып, бакылдай уулун алдына алып.

- ∆акшы болгон тура, эми ичпей жакшылап иштесең.

- »чпей калайын, уулум экөөңдү жакшы багам.

- ќшент, уулубуз чоңойсо, кийим кийет, чоң ичет, элден корунбагандай бололу.

Ѕул күнү жубайлар алгачкы күндөрдөгүсүндөй бактылуу бапырап отурушту: "Ѕегиш иштеп жакшы тапса, мал күтүп, эл катары жашасак, башканын мага эмне кереги бар, уулум чоңойсо, атасы бөлөк дедирбей жашай берем", - деп ойлоп алды. Ѕегиш ошондон баштап, бир жумада бир келип, жатып иштей турган болду. ∆ылдызкан уулу экөө калып түнү бою ойлонуп жатып уйкусу кача турган болду: "Ёртең Ѕегиш келет, кийимин жууп, тазалап койдум, келсе тазараак кийип кетсин", - деп кир жууп жаткан. јккыз келип калды.

-  ир жууп жатасыңбы?

- ќоба, эртең Ѕегиш келет, кийимдерин жууп коеюн, кайра кетет да.

- ја-а байкуш десе, "эрдин азабы да, азили да бар" дегени чын, жумуш таап иштеп калганга көңүлүң тынып калдыбы, он-он беш күн, бир ай иштейт, андан кийин кайра эле ба€гы таз кейпин кийет да.

- ћейли, такыр иштебей, ичип жүргүчө иштеп калып, жакшы болду, - ∆ылдызкан анын айтканына терикпей, кайра күйөөсүн жактап сүйлөдү.

- ∆ылдызкан, мен сага ба€гы иш боюнча келдим,  урманбек эртең менен келиптир, сени көргөн тура, бүгүн бир тааныштыр дейт, - јккыз аны сынай карады.

- Ёже, жинди болсо деле эрим менен болоюнчу, жан кашайганда киши сүйлөй берет экен, балам турсаЕ

- ќй кокуй десе, сени эмеле алып кетип жатты беле, бир жолугуп таанышып кой, жөн эле кире калган болуп. Ѕалаңды ээрчитип бар, - деп коюп јккыз кетти.

∆ылдызкан отурган жеринде ойлуу: "Ёмне кылсам, жылуу очогумду суутпай, тынч эле жүрө берсемби, күйөөм турганда эмне кереги бар", - деп бир топко отура берди. Ѕаласы кол€скада отуруп, ыйлай баштаганда, ала коюп, үйгө кирди. ∆ай отуруп, чай ичип, анан бети-колун жууп, кийимин алмаштырды: " өрсө көрүп коеюн, таанышканда эмне болмок эле, өзү үйлөнбөгөн болсо, мени эмне, көрөт да? - деген ойдо уулун көтөрүп, үйүн бекитти да, јккыздын үйүнө жөнөдү. јл келгенде, төрдө жазы маңдай, кашы калың, мурду кырдач, ак жуумал жигит отурган экен. ∆ылдызкан киргенде, ал ордунан тура калды. “артынып ∆ылдызкан шашып кеткенинен:

- ќтура бериңиз, биз бул эле жерден келдик, сиз коноксуз, - деди жылмайган бойдон.

- ∆ок-жок, а€л кишини сыйлаш керек, пайгамбарды да а€л төрөгөн, эненин таманында бейиш деген сөз бар! - јл болбой ∆ылдызканды төргө өткөрдү, - ”улуңуз сизге окшош экен, - күлө карап калды.

- ќоба, мага да атасына да окшош дешет, эмнеси болсо да аман болсо болду, - ∆ылдызкан эңкейе уулун өөп алды.

-  антсе да биринчи көрүшүп жатабыз, таанышып алсак кандай болот? - деди ал, - ћенин атым  урманбек.

- ћенин атым ∆ылдызкан.

- Ёң жакшы болду, эми сүйлөшүп отурсак болот, -  урманбек алдында турган тарелканы ага жылдырып, - алыңыз, - деди.

- —из ала бериңиз, мен ушул жерден элеЕ - —ылык жооп кыла кашык менен аста алып, оозуна алып баратканда, уулу –амис кашыгын тартып алып, этегине салат төгүлүп калды, ∆ылдызкан у€ла баласын отургузуп коюп, салфетка менен тазалап койду.

- ∆ылдызкан, жөн эле кой, эчтеке болбойт, бала ошентет да, - јккыз аны у€лбасын дегендей жайгара сүйлөдү, күйөөсү винодон куюп, ар биринин алдына коюп:

-  ана эмесе, ∆ылдызкан сүйлөп койбойсуңбу, демейде кирчү эмес элең, бүгүн бир келип калыпсың,  урманбек досум келип калыптыр, - деп ∆ылдызканга карады.

- —үйлөп кой ∆ылдызкан, - јккыз да сүрөп койду эле, ал стаканды колуна алып, сүйлөп кирди.

- Ёмне дейин, достугуңуздар мындан ары артып, ар дайым ынтымакта жүрө бериңиздер, баарыңыздарга бак-таалай каалайм, - ∆ылдызкан жылма€ карап, стаканды оозуна тийгизип, кайра коюп койду.

- јпээй, ошо кантип болсун, ошону жөн эле алып кой эми, - јккыз ∆ылдызканды нааразы боло карады.

- ћен ичпейт эмесминби, өзүң деле билесиң го, кыйнабай эле койчу, јккыз.

- ∆ок-жок, болбойт, бул ичимдик деле эмес, вино, азыраак алып кой эми.

- Ѕолбойт, эртең күйөөм келет, ичкенимди билип калсаЕ

- “обо-о, Ѕегиштин мурунку күнү ичкениңди билип койчу касиети барбы ы€? - јккыз аны сырдуу жылма€ карады.

- Ѕолушу мүмкүн, Ѕегиш абдан сырдуу жигит, - Ѕек аны карай тамаша ыргытты, - Ёч үйдөн чыкканыңды да көрбөйм, мүмкүн ал баарын билип турат го ээ?

- ќшондой болушу мүмкүн, иши кылса корком.

- —из абдан ыймандуу келин экенсиз, "күйөөмдөн корком" деген а€лды биринчи көрүп турам, -  урманбек ∆ылдызканды какшыктагандай карап сүйлөдү, - јлып коюңуз эми, биздин көңүлүбүз үчүн, адам көңүлү гүл дешет го, анын сыңары гүл көңүлдү оорутпаңыз да, соолутпаңыз!

- »че албайм десе болбойсуңар, ∆ылдызкан көзүн жумуп туруп ичип жиберип, оозун басып калды эле,  урманбек:

- јрак ичкендей ачууркандыңыз да, бул вино эле го? - деп күлө карады.

- »чип жүрбөгөн соң баары бир эмеспи, ичкилик болгон соң ачуу да, - ∆ылдызкан кымырына отуруп калды, - јккыз, мен барайын, балам да уктап калды.

-  ое тур эми, бата кылгандан кийин деле кетесиң, бул эле жерге барасың го?

- ќтура туруңуз, күйөөңүздү абдан сүйсөңүз керек? -  урманбек сырдуу жылмайып, аны карап койду.

- ќоба, сүйлөшүп жүрүп, үйлөнгөнбүз.

- џкЕ -  урманбек көзүн жумуп ийди, анын жүрөгү чындап ∆ылдызканды жактырып калган эле, азыр өзүнүн а€лын эстеди аргасызЕ

 урманбек шаарда окуп жүрүп, кышкы сесси€дан кийин келсе, апасы катуу ооруп жаткан экен. Ёки кыз бир уул,  урманбек жалгыз бала. “өшөктө жаткан јкылбү уулунун чекесинен өөп:

- ”улум, мен бул оорудан өйдөлөнбөй калдым окшойт, жок дегенде сени үйлөнтүп, келинимди көрүп өлсөм, арманым жок эле, - деп көз жашы кылып араң сүйлөдү.

- јпа, сиз жакшы болуп кетсеңиз анан үйлөнөм, өзүңүз жоолук салып тосуп аласыз, -  урманбек апасынын колунан кармалап, жубата сүйлөдү, - ∆акында сака€сыз.

-  айдан, - јкылбү онтолой карап, уулуна жалдырап ийди, - —енин келечегиңди ойлоп, азап чегип жатам уулум, эжелериңдин өз жашоосу бар, алардын көзүн карабай үйлөн уулум, баарын да€рдап койгом, кыздын ата-энесине да сүйлөшкөмүн, кыз абдан жакшы кызЕ

- јпа, мен ал кызды көрбөсөм кантип?

-  өрсөң жактырып каласың, өңдүү-түстүү кыз, акылдуу дагы, үйлөнөм деп сөз бер жарыгым, - дегенде, алсыз энесинин демигип, зорго сүйлөгөнүнө зээни кейип, көпкө ойлонуп турду да аргасыз:

- ћакул апаке, сиз өлөм дебеңизчи, мен баарына макулмун! - деп жиберди.

ќшентип, Ёлмирага үйлөндү. Ѕир айдан кийин јкылбү кете берди. џйлап-сыктап, аны өз жайына койгондон кийин  урманбек окуусуна кетти, келинчеги үйүндө жалгыз калды, эжелери жакын болгондуктан, ага балдарын жөнөтүп карап калышты. Ѕирок көңүлү жок үчүн  урманбек келбеди, апасынын кыркында келип, кайра кетмек болгондо Ёлмира:

- —ен кетсең, мен дагы кетем, мен сенин үйүңдү кайтарууга тийдим беле сага, болбосо шаарга ала кет! - деди эле  урманбек ага каршы болуп койду.

- Ѕир аз чыда, апамдын турпагы сууй электе үйдү жаап, ээн таштап койсок кантип болсун, жайында сырттан окуу бөлүмүнө которулам, анан чогуу болобуз.

- ƒагы ошого чейин жалгыз жүрөмбү, элден у€лып жатам, күйөөсү карабайт экен деп кеп кылышат го? - Ёлмира ыйлап жатты.

 урманбек аны эптеп жубатып:

- Ёмнеге, мен окуп жүрөм да, болбосо кайда бармак элем, сен мени түшүн, кечээ эле апам өлсө, мен сени алып, шаарга кетип калсам болбойт, эжемдер сени жалгыз койбойт, - деп аста өөп коюп, жөнөп кетти.

јнын жүрөгүндө Ёлмира үчүн бир дагы жылуулук жок эле, жүрөгү муз менен таш болуп деги жактыра албады. Ёлмира кашы көзү кара, татынакай эле келин, бирок жылдызы жок эле. Ќегедир адамда сүйкүмдүү көрсөтүп турган жылдыз болот эмеспи, кээде анчалык сулуу эмес кыздын да адамга жылдызы жанып, өзүнө тартып турат. Ёлмира муздак эле, канчалык өзүнө сулуу көрүнгөн менен адамдарга жакчу эмес.  урманбек ага бериле албады, сүйө албады. ∆азда келем деген бойдон келбеди. Ёлмира атасыныкына кетип, андан ары күйөөгө тийип кетти. јны шаарда жүрүп уккан  урманбек айылга келип, эжелеринен аныгын угуп: "“уура кылган экен, баары бир жашай алмак эмеспиз", - деп кубанып алды. јндан бери төрт жыл өттү, көңүлүнө кыз жакпадыбы же өзү кыздарга шыгы жокпу, бойдок жүрөт. Ѕек экөө аскерде чогуу болушкан, жакындан бери келип, короого чыкканда эки жагы тосулбаган үйдүн эшигинен ∆ылдызканды көрүп, бир келгенде Ѕекке:

- Ѕул келиндин күйөөсү барбы? - деп сураганда ал күлүп:

- ќоба, күйөөсү бир дөөпөрөс да, катын баласын багалбай ичип жүрөт, - деди.

- Ѕек, мүмкүн болсо ушул келин менен тааныштырбайсыңбы? - деп калды  урманбек.

- ќй сен соосуңбу, анын күйөөсү бар да? - Ѕек ага таңгала карады.

- ћейли, кандай болсо да тааныштырЕ

-  ызык экенсиң дос, башы бош суйкайган кыздар толуп жатса, бирөөнүн а€лын эмне кыласың, бирөөнүн катыны бирөөгө кыз көрүнөт болуп жатасың го?

- Ѕаары бир, сен кандай ойлосоң ойло, бирок мага ошону жолуктур! -  урманбек ушинтти да басып кетти.  урманбек аны жан дили менен сүйдү, аны эстегенде уйкусу качып, иштеген ишин да унутуп, бир башкача абалга келди да кайрадан Ѕектин үйүнө келди, жок дегенде короосунан бир көрүп алгысы келди, көргөн сайын көргүсү, жүрөктөгү эч жанга айтылбаган арзуусун, ак сүйүүсүн дал ушул жаш селкиге арнагысы келди. Ѕек менен јккыз ага ары айтса да, бери айтса да болгон жок, отурган жеринде Ѕекти тикирейе карап:

-  анча кааласаң берем, јккыз экөөң эмки келгенимде аны менен сөзсүз жолуктургула! - деп алдына бир боо акча таштады.

- ќй дос, мындайыңды кой, эрлүү катын биздин тилди алабы-жокпу, кеп ошондо, - Ѕек акчасын өзүнө жылдыра жаман абалда калды.

-  андай болсо да, мен аны менен таанышкым келет! -  урманбек таштаган акчасына карабай туруп кетти.

ќшондон кийин гана јккыз кеп учугун чыгарып, ∆ылдызкандын сырын тарткан болчу. јзыр ошолорду ойлоп, эрди-катын бирдемени шылтоо кылып чыгып кетип, экөөнү жалгыз калтырды. ∆ылдызкан ыңгайсыздана уулун бооруна кысып, туруп кетмек болгондо,  урманбек аны колунан кармай калды.

- ∆ылдызкан, бир аз отура турчу!

-  ой, сиз менен азилдешип отургудай башы бош а€л эмесмин, кечирип коюңуз мени, уулумду кыйнабай үйгө алпарып жаткырайын, - ∆ылдызкан ыңгайсыздана анын колун түртүп, бир колу менен уулун бооруна бекем кысып, бошонууга аракеттене тартып жатканда:

- ћен сизди көпкө кармабайм, бир ооз гана сөзүм бар, анан бара берсеңиз болот! - деп колун кое бергенде аргасыз туруп калды, - ∆ылдызкан, мен сенден бир сөз сурасам болобу?

- —ураңыз тезирээк.

-  үйөөңүздү сүйдүңүз беле?

- —үйгөм, сүйлөшүп жүрүп үйлөнгөнбүз.

- јл сизди чын дилден сүйөбү?

- Ёмнеге сүйбөйт, сүйгөн үчүн мага үйлөнгөн да?

- ∆алган! -  урманбек анын көздөрүнөн тигиле карап, - —издин көздөрүңүздө сүйүүнүн бир дайыны жок го? - деди.

- Ёмне? - ∆ылдызкан аны элейип, бир азга карап туруп анан, -  ызык жан экенсиз, сөзүңүз бүттүбү? - деди.

- Ѕүттү, - деп башын ылдый кыла эки колу менен мыкчый чайкап күлүп алды, - Ёми бир мүнөткө тура туруңуз, -  урманбек төш чөнтөгүнөн кат алып чыгып ага сунду, кат калың конвертке салыныптыр, - ”шуну окуп, анан мага жообун берээрсиз, - деп коюп кыңка€ жатып алды, - ∆акшы барыңыз?

- ∆акшы туруңуз, - ∆ылдызкан катты баласынын артына далдоолоп алып, чыгып баратканда јккыз:

-  еттиңби ∆ылдызкан? - деди да кошо чыгып, короонун четине чейин узатып келип, - ∆акшы бар эми, капа болбой өзүң жакшылап ойлон, мен деле сени бузуп жиберейин деген оюм жок, бирок жакшы адамдын назарын сындырба. „ынында  урманбек сенин кадырыңа жетчүдөй, күйөөң ичпей калган менен көнгөн адаты калмак беле, бир күнү жумуш жогуна шылтоолоп ичет да, жакшы жашап бактылуу болгуң келсе, жакшылап ойлонуп чеч! - деп кала берди.

јнанчы, акча деген адамды кандай нерсеге алып бараары белгилүү эмеспи, бир боо акча беш миң сом болчу, бекерден келген акчаны аш кылуу дагы оңой эмес, ооздун желин а€мак беле?

∆ылдызкан үйүнө келип төшөгүн салып, баласын жаткырып жаап койду да, столдун үстүндө турган конвертти колуна алып ары-бери карап: "ќкубай эле койсомбу, балким азгырыктын баары ушунун ичинде болуп жүрбөсүн", - деп ойлогон менен карегине жабышып калган сымал,  урманбектин элеси тартыла калды. јнан шаша-буша ачып окуганга киришти.

"∆ылдызкан, мен сени капа кылайын деген ойдон алысмын. Ѕирок күнү-түнү жаныма жай бербеген жүрөгүмдүн үнүн сага жеткире албай күн-түнү азап чегип келем. јнткени, сени бир көргөндөн бери элесиң ээрчип алды, ургаачыга ушул кезге чейин көңүл бурбаган экенмин, көрсө ыйык сезим адамга келмейин, эч нерсени баалабайт турбайбызбы? ћен үйлөнгөмүн, бирок ага көңүл буруп, жашай албадым, балким аны сүйбөдүм окшойт. ј сен менин жүрөгүмдүн ээси болооруңа бир көргөндө эле ишенгем, сени мен ушунчалык катуу сүйдүм, андыктан сенсиз жашай албасымды сезип олтурам. —уранам, сүйүүмдү четке какпа, жүрөгүмдү суутпа, балаңа ата, өзүңө сүйүктүү да, туруктуу да жар болуп берүүгө сөз берем, өмүрүмдүн ар бир мүнөтүн кубанычка, ырахатка бөлөөр жалгыз өзүңсүң, сенсиз менин жашоом тозокко айланып, күнүм түнгө айланаары шексизЕ  урманбек" - деген жерге келгенде ∆ылдызкандын колу калтырай кагаз менен кошо конверт түшүп кетти, андан кымбат баалуу чынжырча менен шакек, сөйкө ыргып көзүнө көрүнө түштү: " ызык, күйөөм туруп, мен ага кантип кетмек элем?", - деп эңкейип чынжырчаларды алды, баасы менен экен, конвертке салды да, кайра коюп койду: "Ёртең өзүнө берип коеюн, Ѕегиш көрсө эмне дейт, кайсы акчага сатып алдың десе, эмне кылам?", - деп уулунун жанына кыңкайып уйкусу качып телмире шыпты тиктеп жатып кеч уктаган, ойгонсо күн көтөрүлүп калыптыр. Үйүн жыйнап, бети-колун жууп чай коюп койду да, конвертти алып сыртка чыгып баратканда, короонун оозунан Ѕегиш көрүндү.  ыйша€ басып, көкүрөгүн жа€ басканынан эле кызуу экенин сезди ∆ылдызкан: "ƒагы ичип алган тура", - деп ачуусу келип, урушмак болду да кайра: "Өлүп кетпейби, минтип жүрө берсе кетип калам, урушуп мээ короткон кайран сөз", - деп ойлонду да кайра үйгө кирип кетти. Ѕегиш кирип келип эле.

- ∆ылдызка, карачы мен канча акча алып келдим, көрдүңбү, уулум экөөңөргө мыкты кийим-кече алсаңар жетчүдөй акча! - деп бакылдап жатты.

-  анча таап келдиң? - ∆ылдызкан аны жекире караган менен башка сөз айтпады: "»чип жүрө берсин, бул баары бир көнгөн адатын таштабайт го, јккыз туура айткан экен", - деген туюмуна ишенди, үндөбөдү. Ѕегиш иштеген акысынын жарымын алып келген экен, жыйырма беш миң, толук бүтсө, элүү миңден алышмак, үч жүз элүү миңге баалап, жетөө иштеп жаткан. —уз гана акчаны ары коюп, чайын коюп, дасторкон жайды.  ызуу келген Ѕегиш анын бул мамилесин байкабады, жатып уктап калды. ∆ылдызкан кайтарып бермек болгон буюмдарын берүүдөн баш тартты, эмне болсо да өз тагдыры үчүн, жакшы жашоого, уулунун келечегине карап баарына көз жумуп кете бермек болду. Ѕирок кыз кылыгына, а€лдык амалга салып,  урманбекти жакшылап сынап көрмөк болду оюнда. Ёртеси Ѕегишти үйүнө коюп, өзү айылдын чоң дүкөнүнө барды да, өзүнө баалуу кийим-кече, бутуна жакшы туфли, уулуна бир сыйра, Ѕегишке дагы бир сыйра кийим-кече алып келди, азыртан ага шек бергиси келбей, өз оокатына киришти.  ечке маал јккыз келди, ал ∆ылдызканды ымдай сыртка чакырып чыгып:

- Ѕегиш үйдөбү? - деди шыбырай.

- ∆ок, ал азыр эле чыгып кеткен.

- ∆умушунабы?

- Ёртең кетет, бирге иштегендеринин бирине жолугам деп кетти.

- јныңды кечээ эле көргөм, итабар кызуу келди го ээ?

- »й-и, ичип алыптыр, акча алышыптыр, анан ичишсе керек да.

- ќй ичпеген киши ичпей эле коет, ушуга ишенип, бир мүмкүнчүлүктү колуңан чыгарганы турасың, байкуш сен деп, жүрөгүнө аш барбай жаман кыйналып жүрөт, ишенсең ал сени уш-шунчалык катуу сүйүптүр ай!

- “үшүнбөйм деги, сүйүп эле үйлөндүк, же үйлөнүп алгандан кийин сүйүүнүн кадыр-баркы билинбей калабы, - ∆ылдызкан ойлуу короонун оозун көз албай телмире сүйлөдү, - —үйүп жүрүп жетпей калса, ошондо гана адам арман кылып, сүйүүнүн баркын сезет экен да?

-  ой, сени менен сүйлөшүп жатып келген жумушумду унутуп калганымды кара, - эки жагын карана шыбырап койду, -  урманбек сага жолуксам дейт!

-  антип, азыр менин күйөөм үйдө, эри бар а€лды аңдыган кандай неме, андан көрө мунусун алпарып берип коюңуз, - деп конвертти колуна берди.

јккыз элейе карап койду да, басып кетти.

ќшол күнү Ѕегиш кайрадан жыгылганча мас болуп келди. ∆ылдызкан короосунун оозунда турган эле, Ѕегиш жолдун аркы өйүзүнө бир, берки өйүзүнө бир басып ооп, зорго келе жатканда Ѕек менен  урманбек да чыга калды. јларды көргөн ∆ылдызкан үйүнө кирип кетти.

- ∆ж-ыл-дыз, ме-мени кеч-чирип ккой-чу жа-ан-ым, ич-иип алды-ым, - Ѕегиш тамтаңдай босогону зорго аттады да, көмкөрөсүнөн жыгылып түштү.

∆ылдызкан ызасынан көзүнө жаш тегерене аны бир топко карап туруп: "Өлүп кет", - деди да жатып алды. “үн бир оокумда ойгонгон Ѕегиш:

- ќй жок дегенде төшөккө жаткырып койбойт белең? - деп туруп келип жанына жатканда ∆ылдызкан негедир өз күйөөсүнөн өзү жийиркенип кетти, - ”гуп жатасыңбы? - деп ачуулана түрткөндө, жини келип башын көтөрө:

- —ени көтөрүп жаткырганга алым жетеби, арактан атаң өлгөнсүбөй, эсиң менен ичпейт белең, эчтеке билбей өлүк болгуча ичесиң! - деп жиндене кагып салды.

-  ойчу эми, балдар ичебиз дегенинен эле, көбөйүп кетпедибиЕ

- ќшентип ичип жүрсөң, кантип адам болосуң, эгер ичкениңди токтотпосоң баламды алам да, кетем!

-  ой баламды менден ажыратпа, экинчи ичпейм, уулум атасы жок чоңойсо, сени күнөөлөйт, эмне деп жооп бересиң? - Ѕегиш дале кызуулугу билинип, ылжыңдай аны белинен имере кучактамак болду эле, ал колун түртүп ийди, - —ен эмне болуп жатасың, эмне менин катыным экениң жалганбы?

- »чип алып сас-сып турсаң, сага ким чыдасын, сен өзүңдү бир карап көрсөң боло, келе жатканыңда коңшулар карап турса, у€лганымды сурабай эле кой, ачык эле айтамын азыр, дагы бир жолу ичип келсең, мени токтотуп калам деп ойлобо?

Ёкөө көпкө чейин чукулдашып жатып, таң да атып кетти. Ѕегиш башы ооруганынан эчтеке ичпей жумушуна кетип калды. Ёки жагын жыйып, баласын жуунтуп, кир жууп, анан ойлонуп отуруп калганда, сырттан јккыз кирди.

- ќтурасыңбы, күйөөң кеттиби?

- ќоба кетти, келиңиз, - ∆ылдызкан ага жылма€ төргө өткөрдү, - „ай ичиңиз.

- ∆о-ок шашып жатам, - јккыз нан ооз тийип эле, чыгып кетти.

- ќтурсаңыз боло?

-  ой, жумушум көп, - јккыз болбой кетип калды.

- ћейли анда, - ∆ылдызкан унчукпай узата карап турду.

”улун көтөрүп алып чыгып бараткан эле, алдынан  урманбек чыга калды, экөө беттешип калды.

- ќой сизЕ

- ќоба, сени көргөнү келдим ∆ылдызка, азыр көрсөм эле, кайрадан көргүм келет, түшүнчү, алтышка! -  урманбек аны эки колу менен тосо кучактамак болду, -  ечирип кой ∆ылдыз, мен сенден жооп угуу үчүн өзүм келдим.

- ћен али ойлоно элекмин, өз турмушум турса, кантип мен ак никемди бузуп, бөтөн эркек менен басып кетем? өзүңүз деле ойлонсоңуз боло, ортодо балам турсаЕ

- ∆ылдыз, сезип турам, сен деле күйөөңдү сүйбөйт экенсиң, мен сени алтынга бөлөйм, астыңа машина мингизип, кол алдыңа кызматчы жалдап берем, ишен мага! —ен мага түбөлүк жар болуп берсең болду?!

- ∆о-ок, мен ойлонойун, бир аз убакыт бериңиз, өзүмө келип алайын, мени кыйнабаңыз, - ∆ылдызкан аны жалооруй карады. - јзыр кетиңиз, коңшу-колоң көрүп калса, ушак кылат, мындан ары үйгө келбеңиз, мен өзүм жолугам.

- ћакул-макул, жаным, мен эки жумадан кийин кайра келем. ћына муну ал, мен муну сага атайын арнап алгам, -  урманбек конверттин ичиндегини колуна кармата чыгып кетти.

∆ылдызкан турган жеринде катып калды, Ѕегиштин паспорту жогунан «ј√— ала албай уулуна күбөлүк ала алган эмес, ушуларды ойлоду: "∆адагалса өз баласына атын бере албаган неме мени жыргатат беле, андан көрө жашоонун жыргалын көрүп, каалагандай жашаганым жакшы эмеспи, келин болсом да жалдырап турган жигитке кете берсемби?" ќшондон баштап, жуунуп таранып, өзүнө каранып калды. Ѕир-эки жумадан кийин келмек болгон  урманбек тез эле келип калды. Ѕул кезде жумушунан көп ичкенинен куулуп, Ѕегиш үйдө болчу. ∆ылдызкан ого бетер карайып алды: "”шундан көрө, өлүп калбайбы, мен ушуга кор болгончо" - деп ойлонуп жатканда јккыз келди. Ѕегиш мас болуп жаткан. јл акырын көзүн ымдай ∆ылдызканды эшикке чакырды.

- јй, ушунуңа жаш жаныңды кор кылбай кетип эле калсаң боло?

- Ўашпа, мен дагы ойлонушум керек јккыз, аның дагы бир күнү "эриңди таштап келгенсиң" деп башымды оорутуп жүрсө канттим, "аңгектен качсаң дөңгөккө"- деп азабымды жебеймби?

- Ёч кандай азап тартпайсың, төбөмө көтөрүп багат элем деп жатат, кудай десең күйөөң, балаң турса сага ашык болуп, эсин жоготуп калыптыр, бир келген бактыңды теппе!

- —ен бара берчи, бул азыр баш ооруганын жазганы кетсе өзүм барам, - ∆ылдызкан јккызды жөнөтүп, үйүнө кирип кетти.

Ѕегиш коңурук тартып уктап жаткан, жанынан өтө бергенде буруксуп арак жыттанып, ∆ылдызкандын көңүлүн айлантып жиберди: "џрысы жок, кантээр экенсиң, балаңдын, а€лыңдын сенден кетип жатканын сезээр бекенсиң, шордуу" - деп көзүнөн мөлт этип жаш ыргып кетти. " антсе да кыз алган жарым эле, арга канча, күндө минтип ичип жүрсө, адамча жашай албайбыз", - деп акырын отуруп алып, уулун ойнотуп жатканда Ѕегиш туруп каны катып, суу ичти да башынын ооруганынан эшикке чыкты. ∆ылдызкан үн дебеди: "јтаңдын канын ичкенсип, дагы кеттиң", - деп ойлоп жатты. Ѕегиш а€лынын унчукпай калганына ичинен кымылдап: "∆акшы акча таап келип койгонго эчтеке дебей калды, эми ичпейм, башым басылса токтотом", - деп ойлоп чөнтөгүндөгү катып алган акчасына баш жазганы жөнөдү. јл кетээри менен ∆ылдызкан үйдөн чыкты. ∆үрөгү абалкысынан башкача лакылдап, ыйлагысы келип, ары-бери басып тынчтана албай жатты.  өптөн кийин чечкиндүү ойго келди да, јккыздыкына жөнөдү.  урманбек аны чыдамсыздык менен күтүп туруптур.

-  елдиңби, ардагым? - деп аны көкүрөгүнө кысып алып, бир демге турду да, -  ана, жообуң да€рбы? - деп шыбырай сурады.

- ќоба, мен да€рмын! - ∆ылдызкан жер карап туруп жооп берди, - ћен сиздин эркиңиздемин!

- ќо ардагым, мен ыраазымын, - јста бетинен өөп, -  ачан кетели? - деди.

- —из качан десеңизЕ бирок менин ким менен кеткенимди эч ким билбеш керек!

- јл сөзсүз, түн катып кетип калабыз, мен да€рданып келейин, -  урманбек эчтекеге карабай түндөп, жөнөп кетти.

јккыз менен Ѕек ошентип ичтеринен тынып кала берди. ∆олдоштуктун милдетин аткарып, алардын тоюна камынып, ∆ылдызкан менен тымызын сүйлөшүп жатышты. Ѕегиш болсо көзүн ачпай иче берди. ∆ылдызкандын аны таштап, басып кетээри түк оюна келген да жок. Үч күндөн кийин Ѕегиш адатынча эчтеке билбей мас болуп жатканда, ∆ылдызкан жасана кийинип алып  урманбектин машинасына түштү да, кете берди. јлдыда кандай мүшкүлдүү иш же бакыт турганы ага бүдөмүк болсо да, баарына кайыл болуп турду.  антсе да өзүн сүйүп, сүйүү катын арнаган жигиттин жары болууга да€р болду.  урманбектин заңгыраган беш бөлмө тамы ичи толгон дүнүйө, экөөнү эжелери аны жакшы тосуп алып, чакан той өткөрүп үйлөнүп алышты. ”улун ала келген.  урманбек аны өз баласындай үйрүлүп түшүп, көтөрүп, эркелетип жаны калбайт, јлар абдан ынтымактуу. ∆ылдызкан чечимди туура кабыл алганына ичтен өзүнө ыраазы болуп жүрдү.

Ѕегиш эртең менен ойгонуп, сынып ооруган башынын айласын таппай, чөнтөгүн сыйпалап, эчтеке таппады. ∆ылдызканды жаткан ордунан таппай сыртка чыкты, төшөк салынбаганын көрүп: "јтасыныкына кетип калган экен" - деген ойдо карыздап иччү дүкөнгө барса, ал жолотпой койду. Үйүнө келип, жарым кап унду, май менен кантты көрдү да, унун көтөрүп барды.

- ћына эже, жарым кап ун, бир бөтөлкө берсеңиз болду, - деди.

- ƒеги жан койбойт экенсиң го, үйүңдөгү жеген наныңды сатып ичсең, талаада каласың, ырысы жок десе! - деп дүкөнчү а€л самапал аракты колуна карматты.

- –ахмат эже, башымды жазып алсам эле, экинчи ичпейм, - Ѕегиш бөтөлкөнү койнуна катып жөнөдү.

- “обо-о, аракты койнундагы а€лынан, баласынан да артык көрөт, буга окшогондор, - деп дүкөнчү аны жаман көзү менен карап кала берди.

Ѕегиш башын жазып, эки-үч күн үйүндө жатты, анан бир аз өзүнө келип алып, кайнатасынын үйүнө барды.

-  ел Ѕегиш, өзүң эле келдиңби? - деди короодо жүргөн ∆амгырбек.

- ћм, ∆ылдызкан келген жокпу? - Ѕегиш кайра кайнатасына суроо берди.

- ∆о-ок, ал би€кка келмек беле?

- Үч күн болду, келээр десем жок, анан өзүм келдим.

-  удай ур, экөөңөр дагы уруштуңар беле? - ∆амгырбек күйөө баласынан күмөнсүй карады.

- ∆о-ок, урушкан деле эмеспиз, - Ѕегиш күнөөлүүдөй жер карады.

Үйгө киришти. ∆умабү угуп алып, ыйлап кирди. ∆амгырбек аны тыйды да, Ѕегиштин апасынын үйүнө издеп, түндөп тынчсызданып Ѕегиштин өзүнөн көрө баштады. Ёч кимге билгизбей ич арадан коңшуларынан сураштырып жатты. Ѕирок эч кимден оңдуу жооп ала албай үйүнө келди. Ѕегишти кошо ала келип, милици€га алып бармак болуп, кеңешип жатканда, эртеси таң заарында эшигинин алдына машина токтоду. ∆амгырбек утурлай басып барганда, түшө калган жигит учурашты да кат берди. ∆амгырбек катты окуп, үнсүз жини келгени же кубанганы белгисиз туруп калды.  атта мындай деп жазылган экен:

"јта, апа кандайсыңар? јта, сиз мени кечириңиз, анткени мен силерге айтпай, Ѕегиштен өз эрким менен кеттим. јргасызмын, Ѕегиш ичкенин токтото албады, адамдай жашоону билбеди, өзүңөр билесиңер, –амиске күбөлүк ала албады, минтип жүрсө бизди кантип багат? Өмүр бою көз жашымды төгүп, силерден оокат сурап жүрүп өтөт белем? Ѕиздин «ј√— да жок. ќшондуктан өз тагдырымды өзүм чечтим, сүйлөшүп жүргөн жигитке турмушка чыктым. ћындан аркы бактым ошонун колунда.  ечиргиле ата, апа, менин башка аргам калган жок! Ёгерде кызыңарды туура көрүп, чечимиме каршы болбосоңор, ушул машина менен келип кеткиле, биз сиздерди күтөбүз, ∆ылдызкан,  урманбек" - деп акырына кол коюп да коюптур. —елдейе көпкө турган ∆амгырбек каттын маанисин Ѕегишке айтпай, аны жөнөтүп ийди да, ∆умабү экөө кеңешип алып, чабаганчы жигитти үйгө киргизип, чай беришти да, кызынын ал абалын билүүгө жөнөштү. Ёркек эмеспи, ∆амгырбек кызынын кылыгына ичинен ачуусу келип жатты. јнткени менен сыртынан билгизбеди. Ўаарга жетип, заңгыраган кооз үйлөрдү аралап барып, жер үйлөрдүн көчөсүнө кирип токтогондо, үйдөн  урманбек чыга калып, кайра кирди да, ∆ылдызканды чакырып чыкты, адегенде эле "мен күйөө балаңармын" деп айтыш ага кыйын болду. ∆ылдызкан акырын чыгып баратканда, жездеси ”рмат аны токтотту.

- ∆ылдыз, кир кире бер үйгө, биз турбайбызбы, "куда-кудагый тосуп алаар эч кимиси жокпу?" деп ойлобойбу, биз эле тосуп алабыз, - деп бажасы  ылычты ээрчитип, дарбазаны ачып, машинаны киргизди да:

-  елгиле кудалар, келиңиздер! - деп машинадан түшүрүп алышты.

Ёжелери јйтурган менен јйтолкун дасторконун жайып, жаркылдап тосуп, үйгө киргизип, коюн союп, конок шаанисин кылып жатышты. ∆ылдызкан менен  урманбек экөө кирип учурашышты эле, ∆умабү кубанып, экөөнү бетинен өөп, алкап жатты. јнткени турмуш жайын көргөндө эле: "—адага кетейиним, туура эле кылыптыр, өзүн карай албай ичип жүргөн алкаш жыргатмак беле? ∆ашоосу ойдогудай, жетиштүү эле экен, кызымды кор кылбай бакса болду" - деген ойдо болуп турган. ∆амгырбек деле көргөндөн кийин ошону ойлоп калган.

-  уда, - деди јйтолкун улуусу болгондуктан, -  үйөө балаңар  урманбек биздин жалгыз инибиз, ата-энебиз өтүп кеткен, биз өбөк-жөлөк болуп, ушунун аманчылыгын тилеп отурабыз.

- Ёч нерседен кабатыр болбоңуздар, ∆ылдызканды келинибиз эмес, сиңдибиздей көрөбүз, иним жалгыз, баласын оор көрбөйбүз, бул чоңойсо,  урманбектин бир жагына өбөк-жөлөк болот, - јйтурган эжесин коштоду.

- Ѕиз  урманбекти үйлөн деп чарчап бүттүк эле, үйлөнөм дегенин угуп, кубанып жетип келдик. јйылда чоң үйү турат, бул үйдү жакында алган, бизнеси жакшы, жашоосу кудайга шүгүр, көрүп турасыздар, талаша турган эч кимиси жок, өз оокатын өздөрү жасап, бала-чакалуу болуп, бактылуу жашаса, биздин кубанычыбыз, - ”рмат да кайнисине ниети таза экенин, өз бир тууганындай көрөөрүн айтып отурду.  ылыч андан бетер барбалаңдап, кудаларын сыйлап жатты.

- Ѕиз ыраазыбыз го, - ∆амгырбек ойлуу алардын ар бирине токтоло карады. - Ѕиз ∆ылдызканды издеп жатсак, катты алып барып калды, эмне болуп кеткенин билбей да калдык, билип келели деп эле келдикЕ - Ѕашын ылдый сала, - ∆ылдызкан жалгыз эмес, эки агасы, бир эжеси, сиңдиси бар, тууган-туушкан дегендей, силер бизди эмес, агалары менен чоң атасы, жеңелерин сыйлагыла, салтта ата-энеси кууп келген адам жок, - деди.

- ќоба айланайын, кабатыр болуп жатканбыз, анан кандай болуп кеткенин түшүнө албай калдык, - ∆умабү күйөөсүн коштой сүйлөдү.

-  уда-кудагый, эч кам санабагыла,  урманбек аман болсо баарын сыйлап алат, биз дагы четте калбайбыз.

- Ѕаш алган жер чабылат, чачылат, бүлөбүз жарашса эле, башкасы эч кеп эмес.  урманбегимдин учу узарып, бир башы эки болуп, бактылуу болсо, булардан эчтекебизди а€байбыз, - јйтолкун аларга жылмайып сүйлөп отурду. - ∆ылдызкан келинимдин башынан ак жоолук түшпөй, убай-чубай ак уул, кызыл кыз төрөп берип, үйдүн ичи баланын күлкүсүнө толуп турса, кандай ырахат, куда?

- “уура айланайын, эми экөө бак-таалайлуу, ырыс-кешиктүү эле болсун, кудай экөөнө ынтымак берсин, - ∆умабү чын ниет менен ак батасын берип, ыраазы болуп турду.

џзаат-сый менен астына акча коюп, кийит кийгизип, кешикти мол салып берип жөнөтүштү. ∆ылдызкан бактысы башынан ашып,  урманбекти бактысына жолуккандай сезип, жаратканга ыраазы.  урманбек жаңы алган келинчегине келгендин эртеси эле алтын жасалгаларды алып берип:

- ∆ылдыз ыраазысыңбы? - деди кучактап отуруп.

- јбдан, ишене албай турам, "балким түшүмбү?" деп да ойлоп коркуп кетип жатам, - ∆ылдызкан ага наздана карады.

- јрдагым менин, мен сени кандай сүйөөрүмдү билесиңби? - деп  урманбек кытыгылай басып жыгылды, - ћен сүйүүнү түшүнчү эмесмин, отузга чыккыча сүйүп көргөн жокмун, башкалар айтса, таң калаар элем, көрсө сүйүү керемети күчтүү сезим тура, акыл эсимден ажырап кала жаздадым, эгер сен макул болбосоң ала качмакмын!

-  ойчу, чын элеби?

- „ып-чын.

-  ызыкЕ

- јйтчы ∆ылдыз, сен мени сүйөсүңбү? -  урманбек анын тизесине башын коюп алып, көзүнө карап, жооп күтүп калды.

-  урман ойлосоң, мен сүйгөнгө жетише албадым, бир жагынан јккыздын, экинчи жагынан сенин айткандарың, үчүнчү менин зээнимди кейитип, Ѕегиштин ичип туруп алганы санаага гана салып туруп алды. »шенсең тагдырыма таарындым, күйөөмө өчөштүм, анан минтип сенин жаныңда отурум, - ∆ылдызкан ага күлө карады, - Ёч кам санаба, мен сенин түбөлүк жарыңмын, кө-өп жылдар бою бирге жашап, уул-кыз үйлөп, небере-чөбөрө көрүп, бактылуу болобуз.

- ∆а-аным, мейли жанымда отурганың эле мен үчүн чоң бакыт! -  урманбек ∆ылдызкандын тизесине башын койгон бойдон, аны кучактап алып, кере дем алып алды, - ћенин бактым, ак кушум, кайталангыс ак сүйүүм!

- џраазымын, өмүрүм өткүчө ыраазымын, сен жолукпасаң эмне болоорумду ким билет эле? - ∆ылдызкан ойлуу, аны эңкейип өөп койду, - Ѕактыма жаралсаң керек, бизди тагдыр жолуктурду,  урманбек!

- “уура, тагдыр кошту экөөбүздү, - деп сүйлөшүп отурду, айтылып бүтпөгөн сүйүүнүн сөздөрү, жүрөк эргиткен, көңүл көкөлөткөн сезимдер экөөнү ушул ирээт бактынын бийик чокусуна чыгарып турду. –амисти өзүнчө жаткырып коюп, түндүн керемет шоокумун тыңшап, бири-бирине ырахаттуу сезимдерди арнап, сүйүүнүн алгачкы жемиштерин эки жүрөк бирине-бири тартуулап жатты.

Ѕегиш эмне кылаар айласын таппай, ичмек турсун баласы менен а€лын ойлоп, үйүнөн чыга албай калды: "јга эмне болду, балким менин ичкениме жини келип, апасы бекитип жаткандыр, же шаарга кетирип ийдиби? Ёмнеге ичкиликти катын баламдан артык көрдүм экен, чын эле ичпей туралбай калгамын, мага чала, кокус өлүп калса канттим, а баламчы", - деп сары санаага батып ачка ток жата берди. ∆ылдызкан беш миң сомду сандыгына салып катып койгон, ичээрге эч нерсе жок калганда сандыкты ачып, сатканга бирдеме издеп жатты. јңтарып жатып жаңы эркек көйнөк, эндей кездемелерди таап чыкты: "Ёптеп өткөрүп, жегенге бирдеме алсам болду", - деп ойлоп, кайра буюмдарды ичине салып жатып, баласынын көйнөгүнө оролгон акча чачылып кеткенде, сүйүнүп кетти. “амак ашын алып келип, анан негедир оюна досу түштү, ордунан туруп, ага баратып короосунун жанында турган Ѕекти көрүп, андан бирдеме сурамакка аны карай басканда ал короосуна кирип кетти, Ѕегиш артынан барып:

- Ѕек, ээй Ѕек, токтой турчу!

- Ёмне болду? - јл бурулуп сүйбөгөндөй бурк этти.

- “окточу, - ∆етип андан жактырбаганын сезсе да.

- Ѕек, ∆ылдызкандын кайда кеткенин билбейсиңби? - деди.

- Өз катыныңды сен билбесең, мен кайдан билмек элем?

- ∆өн эле сүйлөсөң эми, теңтушпуз го. јккызга кайда бараарын айтпады бекен?

- јны кайдан билем, өзүң өлгөн доңуздай болуп күндө ичип, коңурсуп жатсаң, а€л дегендин кадырын билбесең кетет да, кетээр катын сырын бирөөгө айтмак беле?

- »ттики десе, өзүмдөн да өтүп калды, аның туура, кой мейли кошуна, - Ѕегиш үңкүйө басып баратты.

ƒосу өзүнө окшоп ичип коюп, кара жанын багып, жашап жүргөн Ѕактыбек деген бар эле. ∆олдо кетип жатып, дүкөнгө кайрылгысы келди, бирок өзүн токтото ары жөнөдү, алдынан чыга калган бет маңдайындагы коңшусу аны көрүп:

- Ѕеке кандай, мына эми оңолупсуң, ушинтип эле ичпей жүрө берсең болот эле го, катының да кетпейт эле, - деп бакылдап калды.

- »т болдум, ушу каапырдын айынан катын-баламды жоготуп алдым, катуу таарынды го, көңүлү калды.

- “аарынмак турсун, аның эрге тийип кетпедиби?

- Ёмне?

- Ёмгиче уга элексиңби?

- —ен эмне деп жатасың, кайдагы катындардын ушагын угуп алгансың го? - Ѕегиш ишенип-ишенбей аны оңура€ карады.

- " атын каңырыш укпайт, укса калп болбойт" дейт, катындардын ушагы жок эле, болгон иш, сасып ичип жүрсөң, койнуңдагы катының качат да? - ƒүйшөбай аны жини келе карады, -  ерек болсо кайнатаңдар ага барып келген!

-  антип, ∆ылдызкан койнумда жатып эле эр издеп жүргөнбү? јндай болушу мүмкүн эмес, бул ушак, ушак, ушак!!! - деп темтеңдей басып баратты, ал азыр ичпей мас болуп турду.

Үйүн көздөй сенделип баратты: "ћен аны табам да өлтүрөм, менден кыйын күйөөнү тапканын көрөм, эн-неңи урайын акмак десе! Ёрдин башын аттап кеткен кандай болоорун ага көрсөтпөсөм элеби, баламды бирөөгө кор кылбай алып келем", - деп ойлонуп жатты. јчуусу келип, жаны жай албай дүкөнгө барып, беш бөтөлкө аракты алып келип алды да, иче баштады, эч нерсе билбей улам көзүн ачып, кайра ичип алат, ошентип ал ызасынан жан кейиткен санаадан кутулуш үчүн ичип алып, издеп барууга чамасы келбеди. јкыры көзүн ачпай ичип жатып, бир айдын ичинде сакал муруту өсүп, эч ким тааныгыс болуп өзгөрдү. “амак аш ичпей карандай ичкилик ичип, эси ооп жатып, дайыны чыкпай калды, бир күнү атасы анын дайынын угуп, кабар алганы келип, үйдө өлүп жатканын көрдү. јл колуна бош бөтөлкөнү кармаган бойдон үзүлүптүр, аргасыз ыйлап-сыктап, алып кетти да, өз жайына койду. ќшентип Ѕегиш а€л, баласынын таштап кеткенине чыдай албай, акыры өлүп тындыЕ

∆ылдызкан анын өлгөнүн јккыз менен Ѕектен укту, зымырайып унчукпай тим болду, анын ичип жатып өлгөнү аны ого бетер жиндентти: "Өлүп кеткир, арактан атасы өлгөнсүп, катын-баласынын кеткенин да сезген эмес го?", - деп ойлоп уулун жыттап коюп, отуруп өзүнүн азыркы бактысына ыраазы болуп турду.  урманбектин өзүн чын жүрөктөн сүйгөнүнө көзү жетип, ага бериле баштаган, –амис тамтаңдап басып калган эле,  урманбек жумуштан келип, үйгө кирип келе жатканда.

- јта, ата-атаЕ - деп аны көздөй канатын жа€ жетип барганда, кубанып кулачын жайды.

- ”улум, жыгыласың, садага кетейин десе, атасынын уулу го, сагынып кеткен го атасын, -  урманбек көтөрүп ала коюп, көкөлөтө өөп жыттап жатты, ан сайын борс-борс күлгөн наристе анын кулагын, оозу-мурдун кармап ойноп жатты.

- јта-ата-ата!

- јтаң айлансын сенден!

јларды карап турган ∆ылдызкан көзүнө жаш тегерене кубанычтан кудайга, ушул алган жарына ыраазы болуп, көз жашын көргөзбөш үчүн ашканасын көздөй басканда,  урманбек:


“олук окуйм десеңер, алуу шарты биерде >>>



пїњ –Ш–Ј–і–∞–љ–Є–µ –Ї–љ–Є–≥–Є –Ј–∞ —Б—З–µ—В –∞–≤—В–Њ—А–∞
–µ–Љ–µ–є–ї:janyzak@mail.ru
+996777329784
–Р–ї–≥–∞–љ –Љ–∞—В–µ—А–Є–∞–ї–≥–∞ —И–Є–ї—В–µ–Љ–µ –±–µ—А–Єң–Є–Ј!
 © J.Janyzak, Kyrgyzstan 
–°—Б—Л–ї–Ї–Є –љ–∞ –≤–Ј—П—В—Л–µ —Б—В–∞—В—М–Є –Њ–±—П–Ј–∞—В–µ–ї—М–љ—Л!
–ѓ–љ–і–µ–Ї—Б.–Ь–µ—В—А–Є–Ї–∞