»нтернет библиотека ∆анызак@басма
—амое дешевое издание книги за счет автора! 

¬атсап: +996777329784
—отка +996700329784
емейл: janyzak@mail.ru

 ниги автора јйгүл Ўј–Ў≈Ќ на кыргызском €зыке

јскадагы азгырык

»ман тоолуу жерде чо-оң таштардын арасында жүрөт, узу-ун, жоон жыландар бутуна илээшип, эч жакка кетирбей бир жакты көздөй алып бараткандай болду. Ѕуту менен баспай эле учуп бараткандай. Ёки жагын караса башка өлкөдөгүдөй, айрыкча јфриканын дарактары көрүнөт. “аңгала кетип баратканда чоң бийик тоонун боорунда ийненин көзүндөй жарык пайда болду. Ќегедир »манга канат бүткөнсүп учуп жөнөдү, эки жагында ба€гы жоон жыландар коштоп алган. Ѕир кезде аскага келип, ба€гы жарыкка кептелип жерге түштү. Ёлеңдей басып баратып, алды жагында жаркыраган отургучта отурган башында жыландын сүрөтү түшүрүлгөн таажысы бар сулуу кызды көрдү. »ман тепкичтин биринчисине токтой калып жүгүнүп:

- —аламатсызбы, урматтуу ханышайым? - деди.

- —аламатчылык, өзүң кандай келдиң, »ман? - дегенде ал чочуп кетти.

- ћенин атымды кайдан билесиз, ханышайым?

- „очубай эле кой, сен төрөлгөндө јзиздер дүйнөсүнүн пири учуп жүрүп, сенин төрөлгөнүңдү кабарлаган. ћаңдай чачыңа анын оозунан шилекейи агып кетип, агарып калганын сен билбейсиң, анда сен жаңы гана төрөлгөнсүң, - деди жарыкка бөлөнүп отурган айдай сулуу кыз.

- ј сиз кайдан билесиз? - »ман таңгала сурады.

- ћен жүз жылдап жашап, жыландардын ханышасына айланганмын.

-  оюңузчу, жапжашсыз го?

- ќоба, бизде жүз жылдап жашаган дагы картайбайт, анткени адамдар сы€ктуу түйшүк тартпайбыз.

-  ызык экен, - деген »ман чачын сыйпалап жатып: "џрас эле маңдай чачым аппак го, апам аны алтын көкүлүң бар деп, кичинемде эч кимге көрсөтчү эмес.  өрсө, ал жериме жыландардын пиринин шилекейи тамган тура", - деп ойлонуп алды.

- »ман, сен биздин өлкөнү өз көзүң менен көргүң келеби? - деп сурады ханышайым.

- ја-а... качан?

- Ѕүгүн. ћени ханышайым дебестен јзиза дей бер, мага жагып калганыңдан сени атайын алдырып алдым, - деп јзиза аппак көйнөгүн жер чийдире өзүн көздөй басып келе жатты. - ∆үрү, сейил бакка.

- ћм.., макул-макул, - деген »ман сулуу менен кадимкидей кол кармаша тегерек чекеси жылдызчаларга курчалып, кооз дарактардын ар бир шагында ар түрдүү куштар учуп-конуп "чырп-чырт, чыйрыт-чыйрыт", - деп сайрап жаткан бакты аралап жөнөдү.  еле жатып бир жеринде оргуштап агып жаткан сууну көрүп таңдана карады. Ѕир кезде байкаса өзүнүн үстүндөгү кийими да жалтырап, кадимки ханзааданын өзүнө окшоп кийинип туруптур.  ачан кийингенин да билбейт.

- ћенин сени алдырганыма атамдын ачуусу келип жатат. ћен эркелигимден улам сени адамзатынын кейпин кийип тосуп алдым, эгерде мен буйрук бербесем сени эбак жыландар өлтүрүп коюшмак.

- —ен мени эмнеге алдырдың?

- ∆агып калдың, түбөлүк мында калышыңды каалайм.

- јта-энем эмне болот?

- јларга биз кайтарган кенчтен каалашынча берүүгө да€рмын, сен экөөбүздүн тагдырыбыз бирге!

- Ёмне, мен дагы жыландар менен бирге жашаймбы? - деп јзизаны корккондой карай салды эле, ал сүйкүмдүү жылмайып:

- јлбетте, - деп койду. - —ен жыландар дебестен јзиздер дүйнөсү деп айткын. Ѕиздин өңүбүздү көрүп адамдар корккондуктан, ачуубуз келип чагып алабыз, болбосо бизден өткөн боорукер, акылдуу жан-жаныбар жок.

-  ызык, чын эле жылан дегенде биз чочулап турабыз, анткени өңү суук, а сени жылан деп атоого болбойт.

- Ѕиз ак жыландардын башчысыбыз, атамдын уруксатысыз бирөөлөрдү чагып алгандар жазасын алышат, - деди јзиза.  ооз бактын төрүндөгү дал мурунку отурган отургучундай орундукка тепкич менен чыгып барды, бирок бул жерде эки отургуч бар эле. - —ен эмнеге токтоп калдың, бул орундук сен үчүн, - деп колун жанындагы орундукка карай жаңсады.

- ја-а, мен ушундай эле турсам кантет?

- ∆о-ок, бул жерге отур, кызыгып бир нерселерге колуңду тийгизип алчу болбо, - деди јзиза.

- Ёмне, болбойбу?

- Ѕолбойт.

- Ёмнеге?

- Ѕул адамдар жүрчү жер эмес, дубанын күчү менен сени жыландардан арачалап турам, кел. ћен сага болгон сырды айтып койсом мени жыландар өздөрү кубалап чыгат. ∆е адамга, же жыландарга кошулбай ортодо калам, а сен менин убалыма каласың.

- ћакул, - деп, јзизанын жанындагы орундукка отура бергенде өзүн түрткүлөп жаткан карындашы:

- ”шунча дагы көп сүйлөйсүңбү, уйку бербей койдуң, бүгүндөн баштап мен тиги бөлмөгө жатам! - деп ойготуп жатыптыр, чочуп тура калып, карындашын таңдана карады.

- јкылбү, мен эмне деп сүйлөдүм?

-  айдан билейин, түшүнүксүз булдурап жаттың.

- „ын элеби?

- Ёмнеге калп айтам? - јкылбү чукчуңдай бөлмөдөн чыгып кетти.  өз алдына эмелеки түш тартылып ойгонуп кеткенине өкүнүп алды. —упсулуу јзизаны кайрадан көргүсү келди. јнан ордунан ыкшала турду. јта-энеси чай ичип отурган экен бирдеме шам-шум этип алып, досторуна ашыга жөнөдү. “өрт досу бар: “алгат, –инат,  умар, анан јйдин. јлар бекерчи, отуруп алып карта ойношот, кыздарга тийишип, аларды кеп кылышат. Ѕаары тең курдуу.  аникулда дайым бирге. ћектепте аларды "хулигандар" деп атап алышкан. Ѕирок јйдин менен »ман жакшы окушат.

Ўашыла көчөгө чыккан »мандын оюнан түндөгү түшү кетпей туруп алды. ƒостору менен жолукчу жерге келсе јйдин менен “алгат бар экен.  умар менен –инат жок. Үчөө чогулуп, алардын үйүнө жөнөштү. –инат эми чыгып келе жаткан экен. Ёми  умардын үйүнө барып, аны ээрчитип алып, ээн сарай жакка кетип баратышканда:

- Ѕалдар, биздин класска бир кыз келип окуйт экен, - деди –инат.

-  айдан уктуң?

- јпам айтты, тайкемдин досунун небереси экен, а€бай сулуу кыз дейт.

-  өрөбүз, - деп  умар кол шилтеди. - Ѕиздин кыздар деле сулуу эмеспи.

- “уура, биринен-бири өтөт.

- Ѕизге алардын кызыгы жок, - деди јйдин.

- „ын эле, сулуу болсо өздөрүнө, - деген »ман түндөгү түшүн эстеп: "јзизага окшогон сулуу кыздар түшкө гана кирет", - деп өзүнчө тамшанып алды.

-  ана бүгүн эмне кылабыз?

- ќйнойбуз.

- ƒавай акчага ойнойбуз, - деди –инат.

- ћенде акча жок. -  умар чөнтөгүн сыйпалады.

- ћенде дагы, - деп “алгат да аны карады.

- јнда эмне кылабыз?

- ∆өн эле ойной беребиз, - дешип, сарайдын ары жагындагы дөңчөдөн орун алышты.

-  ызыксыз болуп калат экен, - деди –инат. - Ѕалдар, мен силерге бир сыр айтайынбы?

-  андай сыр?

- “ээтиги зоону көрүп турасыңарбы? - јл алыс жакты сөөмөйү менен көрсөттү. - јл зооканын боорунда үңкүр бар деп уккам, үңкүрдө илгерки байлардын алтындары катылган имиш. јзыр аерде бүркүттүн у€сы бар экен, бүркүтчү ∆олдубай аке жазда бүркүттүн баласын ошол үңкүрдөн кармаптыр. - Ѕаары аңкайып зооканы карап калышты. »ман көргөн көзүнө ишенбей турду. “үндө түшүндө көргөн үңкүр азыр томсоруп, боз булут каптаган. Үңкүрдүн оозу карайып көрүндү. " ыз-зык, ал жерди жыландар мекендеп алган тура, казынаны кайтарабыз дебеди беле", - деп ойлонуп калганда аны “алгат түрткүлөдү.

- Ёэй, сага эмне болду?

- Ёчтеке, - деп аларды жөн салды карап койду. "ћен айткан менен силер ишенмек белеңер", - деген ойдо болду.

- Ёмне, байлыкты угуп, эсиң ооп калдыбы?

- ∆о-ок.

- јнда эмнеге дел болуп калдың?

- ∆өн эле, караса болбойбу?

- јндан көрө биз эртең эрте туруп, ошол аскага барбайлыбы?

-  антип, алыс го?

- ћындай кылабыз, - деп баштады –инат. - ”зу-ун аркан, эки-үч күнгө жете турган тамак-аш алабыз да, тоого чыгабыз. «оонун башына чыгып арканды байлап, бирден түшөбүз.

-  ойсоңчу, бүркүттөр тээп өлтүрүп коюшсачы?

- ћен барбайм, - деди »ман, аны бир күч барба дегендей болду.

- Ёмне, коркосуңбу?

- ∆өн эле барбайм.

-  оркуп жатсаң барба, кана кимиңер барасыңар? - деп –инат балдарды карады. -  оркконуңар барбагыла.

- ћен барам, - деди “алгат.

- ћен дагы барам.

- ћен дагы, - деп јйдин менен  умар айтканда »ман мындай деди:

- Ѕалдар, канча жылдан бери ал үңкүрдү жин-шайтан ээлеп алгандыр, эти€т болсоңор болоЕ

- јкылдуусунба, анда бүт  ыргызстандын элине жете турган байлык жатат, аны керекке жаратпай таштап коюшубуз керекпи? Ёлдин ал-акыбалын ойлоп, сөзсүз ал байлыкты элге бериш керек.

- —ен кызыксың го, элге эмес, эгер табылып калса өкмөткө эле бериш керек, - деди јйдин.

- Өкмөт элге эч нерсе кылган жок, элге пайдасы тийбеген өкмөткө бергиче бей-бечараларга бирдей кылып бөлүш керек. јнсыз деле элдин эсебинен жеп жатканы жетишет.

-  олуңарда тургандай сүйлөйсүңөр да. јл алтын канча адамдын башын жутканын кайдан билесиңер, андан көрө тынч жүрө берели, - деп »ман көңүлсүз айтты. - Ёгер колдон келе турган болсо бизден кыйындар тим турмак беле, алда качан таап алып кетмек, балким алып да кеткендирЕ

-  өрөгөч болбой сен үйүңдө боло бер, дос, биз төртөөбүз байлыкты таап келсек жабышып жүрбө? - деп –инат күлгөндө беркилер дагы каткырышты.

- ћейли, айтсам көнбөдүңөр, - деп »ман артка жөнөгөндө беркилер дагы эртеңки жолго да€рдык көрүүнү пландап келатышты. »ман унчукпай келе берди. Үйгө келгенде аны атасы ачууланып тосуп алды.

-  айда жүрөсүң, ы€? ∆ардам берип койсоң боло, жайлоодогу малдан кабар алганга алың келбей колоктоп жүргөнүң жүргөн. Ёмдиги жылы мектепти бүтсөң шаарга кетип колуң тийбейт, быйыл жардамың тийсе боло?

- Ёмне кылайын? - Ѕурк эте суроолуу тигилди.

- јт-таңдын оозун урайын десе, оройлонгонун кара, ошол мал болбосо окуганыңды көрөм. Ѕар экен эсирип, кардың тогунан эчтекени ойлобой жүрөсүң, - деп сөгүнүп жатты.

- “оого барайынбы?

- ќоба, таң заарда чыгып барып, малдан кабар алып кел, кокус өлүм-житим болсо сасытпай туз сеп да, алып кел.

- ћакул, - деген »ман үйгө кирди.  ардынын ачканын сезип, бирдеме издеп атып, мискейдеги тамакты таап, ысытып ичти. јнан бөлмөсүнө кирип, чалкасынан түшүп жатып алды. "Ёмнеге ал үңкүргө барабыз деп жатат, ал жерди кайтаргандар жыландар болсо оң кылбайт, барбай эле коюшса болмок", - деген ой мээсинен кетпей койду.

Ёртеси эрте жайлоого жөнөмөк болуп, ала тургандарын дайындагандан кийин жатып калды.  өзү илинип кетти. Ѕир кезде ба€гы үңкүрдү алыстан карап турган экен. јл жерден бир узун караан көрүнүп, жанында турган балдарды кол булгалап чакырат. ќшондо –инат аны көздөй жүгүрүп жөнөдү. »ман аны: "“окто, –инат, барба а€кка, токто-о!" - деп кыйкырып жатып ойгонуп кетти.  ара терге түшүп калыптыр, коркуп кетти. "ћен аларды токтотушум керек", - деп кыжаалат ойдо жатып, кайра уктап кетсе ба€гы јзизанын жанында отурат.

- ћен качан келдим? -  ызды таңгала карап, сурап алды »ман.

- —ен менин жанымдасың, - деп жылмайды јзиза.

-  алп, мен үйгө барбадым беле?

- ∆о-ок, сен эч кайда барбайсың, сенин досторуң менин атамдын каарына калмак болду.

-  антип?

- Ёчен жылдардан бери басылып жаткан алтын бизге гана тиешелүү, адамзатынын буту жетпеген жерге катылган буюмду эч ким ала албайт!

-  ызык, силер аны эмне кыласыңар?

- Ѕиз жөн гана кайтарып, андан рахат алабыз.  ааласак пейили таза, ач көз эмес адамга анын бир гана тогологун берип койобуз, ач көздөр өз башына өлүм гана табат.

- јч көз экенин кантип билесиңер?

- ЅелгилүүЕ

- ’анышайым, мага уруксат берсең мен кетейин.

- —ен калышың керек.

- ∆ок, кала албайм.

- —енден жакшы жооп укмайын биерден чыгарбайм.

- ƒосторумду кайтарышым керек го?

- јларды кайтара да, сактай да албайсың.

- Ёмнеге?

- јларды атам кечирбейт.

-  антип, кайсы күнөөсү үчүн?

- јны кийин билесиң, - деген јзизанын ийинине кооз чымчык учуп келип конуп сайрап кирди. - ја-а, тамактанууга барыш керек, жүрү менин сыйлуу коногум болосуң, - деди кыз. ќшол учурда »мандын кулагына: "—ен аны менен тамактансаң биротоло калып каласың, баш тартуудан башка аргаң жок", - деген үн угулду. »ман добуш кайдан чыгып жатканын түшүнбөй, эмне кылаарын билбей элейип турганда јзиза жини келгендей:

- —ени шайтан азгырып жатат, ал биздин душманыбыз. ћейли, бул жолу колдон чыгып калдың, бирок баары бир менин мекенимде калууңа убакыт келет, - деди да, ылдамдай басып кетти. јнын артынан карап туруп, ойгонуп кетти »ман.

-  атуу уктайсың да, балам, качантан бери ойгото албай жатам, кичине сак болуп жатсаң боло, тур, эртерээк жөнө, - деди апасы.

- јзыр, апа - деп ыкшоолоно туруп, кийинип жатып, апасына суроолуу карады.

- јпа, јзиздер деп эмнени айтат? ∆ыландарды јзиздер дейби?

- »йи, балам. ∆ыландардын пири болот имиш, јзиздердин жолуна деп коюшат.

- ја-а, - деп коюп эшикке чыгып кетти. Ѕети-колун жууп кирип, апасы да€рдап берген тамагын ичип, атка минди да, жайлоону көздөй жөнөдү. јл кетээри менен төрт досу келип, аны таппай калган соң өздөрү жолго чыгышты. јлар үйдөгүлөрүнө айтпай казык-балта, аркан алып алышкан. «ооканын өзүнө жетиш үчүн толук бир күн кетмек.  үн чыга электе жөнөп тынбай жүрүп отурушту. ∆ол алыс, жакын көрүнгөн зоокага жетиш үчүн өтө кыйын болду.

- Ѕалдар, өтө эле алыс экен, жолдон бирдемеге кабылып калып жүрбөйлү, кете берсек кантет, же жолду жакшы билбейбиз, - деп јйдин баргысы келбей кыңырылды.

- ”шунча келип алып, айныганың болбойт.

- Ѕирге чыккандан кийин чогуу болушубуз керек, »мандын бизден бөлүнгөнү деле жетет.

- „ыдашыбыз керек, алтын таппасак да са€каттап келебиз, - дешип, јйдиндин кебине кулак салбай бир аз эс алып алышып, кайрадан жолго чыгышты. “үш ооп калган. Ѕир кезде аларды эки жылан жолго туурасынан жатып, тосуп калды. Ѕалдар буйтап өтүп кетмек болсо да алар улам ышылдап башын өйдө көтөрө алдыларын торой берди. ќшондо бири таш менен бири балта менен чаап, эки жыланды өлтүрүп коюп, андан ары жолун улашты.  ете беришип, кеч болуп кетти. џңгайлуу жер таап, эптеп жатып калышты. “үнү бою ар кимиси өз-өзүнчө коркуп, оңчулуктуу уктай алышкан жок. Ёртең менен таштан кемеге жасап, чай кайнатып, ала келген нандары менен чай ичишти. јнан кайра жолго чыгышты. ƒегеле жол арбыбайт, зоокага качан жетишери белгисиз.

- „арчадык, мен кайтам, - деди јйдин.

- –инат, кетсек кантет? - деп  умар аны суроолуу карады. - Ѕиз азыр жаштык кылат экенбиз, кийин келсек кантет?

- —илер баарыңар кайта бергиле, мен жалгыз барам.

- –инат, сен бекер кыласың, келээрки жылы жакшылап да€рдык көрүп, анан барсак акылга сыйбагандай чоң байлык таап келебиз.

- ∆о-ок, мен бул оюмдан кайра тартпайм, силер бара бергиле, - деп көшөргөн –инат беркилерди укпай басып кеткенде аргасыз артынан жөнөштү. “үш оой зооканын түбүнө жетип:

- Ёми үстүнө чыгууга туура келет, - деди –инат.

- јл үчүн дагы бир күн керек го?

- ∆о-ок, тездесек кечке жетебиз да, эртең эрте үңкүргө аркан таштайбыз.

-  өрөлү, - деди көңүлсүз јйдин.

- Ёптейбиз да.

- ”шунча келип калдык, акырына чейин чыдайлы, - дешип, –инаттын артынан илкий зооканын боору менен тырмышып чыгып баратышты.  апыстан алдыда кетип бараткан –инаттын алдынан чыга калган жылан башын көтөрүп, "ыш" этти да, колунан чагып алып, сойлоп кетти. –инат "ја-а!" - деп бир бакырган бойдон ылдый кулады. “игил үчөө жалдырай карап туруп калышып, артка жөнөштү. ∆ерге түшүп, шашыла –инатка жетип, башынан сүйөй жардана карап калышты:

- –инат, көзүңдү аччы, –инат!

- јч көзүңдү, –инат! - дешип үчөө үч жактан чурулдашты.  өзүн ачып, онтологон –инат:

-  еткиле, биерде турбагыла, - деди эле алар –инаттын кийимин чече коюп карыдан өйдө дардайып шишип баратканын көргөндө коркуп кетишти. јйдин анын кызара кан чыгып турган жерин тизелей калып соруп түкүрдү. Үчөө тең бир-бирден соруп түкүргөндөн кийин көйнөгүн айрып, карыдан өйдөрөөктөн чытырата бекем таңып, көтөрүп жөнөштү. –инаттын онтогону күчөп жатты. Ёки түнөп, араңдан зорго айылга жетишти. „ыканактан ылдый көпкөк болуп кеткен, үйүнө ата-энесине жеткирип келишти. Ѕаласынын абалын көрүп эле –инаттын апасы:

-  окуй-кокуй, эмне болду?! - деп чырылдап-чыркырап жиберди.

- ќйноп жүргөнбүз, –инат бир жыланды өлтүрүп койгон, анан дагы бири келип чагып алды, биз анча-мынча уусун соруп түкүрдүк.

- ƒоктур чакырталы, - дешип айылдык врачты чакырып келишти. Ёч нерсени билбей онтоп жаткан –инатты көргөн врач: "”унун жартысын соруп салбаганда ошол жерден үзүлмөк, жүрөккө жетип калыптыр", - деп өйдө болду. „ырылдап ыйлаган бир туугандары менен атасы аны түндөсү колунан учуруп ийишти. Ёки күндөн кийин »ман үйгө келип угаары менен дароо жетип келди. јны көргөн достору алдынан утурлай чыгып:

- —ен туура кылыпсың, тилиңди алганда бул иш болбойт эле, - дешип, отун-суусуна жардам берип жүрүштү. »мандын көз алдында үңкүрдүн оозундагы караан турду. "ƒемек, ал –инатты алып кеткен экен", - деп ойлонуп балдар менен кошо кол кабыш кылып жүрдү. Ёртеси өлүктү жерге бериш үчүн табытты мүрзөгө алып барышканда, анын жаңы казылган жайынын тегерек чети жыландарга толуп кетиптир. ћолдо куран окуп, јзиздерге арнап бата кылгандан кийин дуба окуду эле, жыландардын баары жылып-жылып жок болду. ќшондон кийин сөөктү көмүп кайтышты. Үч күнгө чейин эртең менен куран окуп келгендер мүрзөнүн айланасында жүргөн жыландарды көргөнүн айтышты. »ман үйүнө келип, капалуу бөлмөсүнө өттү. јны көргөн апасы —ыйда:

- ƒосуңа кайгырдыңбы, уулум? ∆аман болду бечарага, ээн талаага эмнеге барышат, - деди кейий. јл дал ошол күнү баласынын алардын арасында болбогонуна ичинен кубанып жаткан. јтасы Ѕотобек дагы жайлоого жиберип ийгенине өзүнчө ыраазы.

- јпа, јзиздерге куран окуса кечиреби?

- Ёмнеге сурадың?

- ƒеги да.

-  ечиримсиз эч нерсе болбойт, уулум. ∆ыландар адамдын этин жыйрылткан түр суук болгону менен кечиримдүү болот, катылбаганга катылбайт.

- јлар эки жыланды өлтүрүп коюшуптур да.

- Ѕала да, тийишип бекер кылган, жыландар кууп жүрүп, өч алышат.

- „ын элеби? - »ман чочуй карады.

- ќоба, уулум, азиздер абдан ачуулуу макулуктар, тили жок, өчөшкөндөн өч алмайын тынчыбайт, - деп јсылбү өз ишине киришти. »ман ойлуу жатып калды. ”бакыт билинбей өтүп, окуу жылы башталды. ќнунчу "а" класстын окуучулары биринчи күндөн эле –инатты эскерип кеп кылып атышты. –инаттын жакшы көргөн кызы јймира ыйлап, аны кыздар сооротуп жатты.

- јймира, ыйлабачы эми, эми эмне кылабыз, сенин тагдырың али алдыда. –инат жакшы бала болчу, анан эмне кыласың, ыйлап өзүңдү эле кыйнайсың, - деди –ано деген кыз.

- ћен аны жакшы көрчүмүн, –ано, эми кантип унутам?

- ”бакыт өзү эле унуттурат.

- Ѕилбейм, - деп көз жашын аарчыды јймира. ќшентип класс ичи бака-шака түшүп жатканда мугалим кирди. јны көрүп, баары тынчый орду-ордуна барды.

- —аламатсыңарбы, балдар, жаңы окуу жылыңар менен!

- –ахмат, агай, - дешип жалпы бир ооздон айтышты.

- Өкүнүчтүү, ушул окуу жылында бир окуучубуздан айрылып калдык, –инатты эскерип койолу, - деди эле, баары туруп, баш кийимдерин алып, бир мүнөт тунжурай эскеришти. јндан кийин сабак башталды. ќкуучулардын шыбыры көптө барып басылды. —абактан кийин »ман, јйдин менен  умар болуп өздөрүнчө жолдо сүйлөшүп турушту, “алгат дагы бар.

-  үндө түшүмдө бир жылан мени кууп жүргөн болот, коркуп чочуп ойгоном, - деди јйдин досторуна карап. - »ман, сен ырас барбайм депсиң.

- ќшону айтсаң, менин дагы уйкум оңдуу эмес, түшүмдө ошол асканын түбүндө жүрөм. –инат бир киши менен өйдө жакта туруп алып, мага колун булгалайт, мен чыгам деп чыгалбай убарамын, - деди  умар дагы.

- Ёч ойлонбогула, андай түштү мен деле көрүп жүрөм, коркуп калганбыз да. Ѕа€гүнү төртөөбүз бирге жүрүптүрбүз, »ман эле жок, - деди “алгат. - јнткени шумдуктун баарын өз көзүбүз менен көрбөдүкпү.

- „ын эле коркконду айтпа, эмдигиче көз алдымда, - деп үчөө сүйлөп жатканда »ман токтоо гана:

- —илер а€бай жаңылдыңар, мен барбагыла дегенде токтотуш керек болчу, эми эти€т болгула, - деп коюп, үйүн көздөй басты.

- Ѕул соо эмес, куду көзү ачыктай болуп өзгөрүп калды, болбосо эң биринчи ушул баштачу эле го? - деп јйдин беркилерди карады. -  елгиле –инаттын мүрзөсүнө барып, анын жанында жыландар жүрсө кечирим сурайбыз?

- Ёмне деп, алар сенин тилиңди түшүнүп коюптурбу, андан көрө ата-энебизге айталык.

- ∆о-ок, болбойт, алар укпай эле коюшканы оң.

- јнан эмне кыл дейсиң?

- Ѕолбосо ошол жыландардын баарын кырабыз.

- Ѕолбойт! - деди узай элек »ман. - Ѕаскыла үйүбүзгө тарайбыз, эртең сабакка барабыз да. ќшондуктан ар бирибиз да€рданышыбыз керек, жанагы жаман оюңардан кайткыла.

- —ен, »ман, абдан өзгөрдүң.

- „ын эле сенин көзүң ачылып жаткан жокпу?

-  ана, андай болсо эми кезек кимибизде, айта аласыңбы? - јйдин »мандын маңдайына келди. - ”шу сен –инаттын өлөөрүн дагы билген окшойсуң?

- Ѕолду, жокту сүйлөбө, үйгө кеттик, - деп »ман јйдинди ты€ сүйлөдү.

-  ой, балдар, үйгө барганыбыз оң, жүргүлө кеттик, - деп  умар айтканда баары унчукпай жөнөштү. »ман үйүнө келип, атасына жардам берип жүрдү, жакында колго келе турган малдын короолорун оңдоп, түзөп жатышкан.  ечки тамактан кийин сабагын да€рдап, анан ордуна жатып калды. јл көзүн жумбай шыпты тиктеп ойлуу жаткан. ”ктагандай болгон жок. ”йку-соонун ортосунда аны бир күч көтөрүппү же жетелеппи кайдадыр алып бараткандай болду. “артынып, барбай коюуга далбас урду, бирок алы келбеди. Ѕир кезде ал кең, жапжарык бөлмөгө туш болду. Ѕосогодон аттап эле туруп калгандай болду. јнткени аерде бир ак сакалы жайкалган адам ћанас айтып жатыптыр. Ёки жагында куралчан жомоктогу, сүрөттөрдөн көргөнгө окшош аскерлер, айбалтасы жаркылдайт, көңүл бура караса тегереги бүт аскер экен. ћанас айткан адамдын жанында дагы үч-төрт адам отурат. јлар улам манасчыны кубаттап-коштоп жатышты. »ман босогодо баарына көз салып тура берди.

- јп баракелде, ћанасты келтирип гана айтасың да, - деди бири.

- ћына көрбөйсүңбү, булар мени атайын кайтарып турушат, бир гана ћанастын өзүн көрө албадым, булар кырк чоросу, - деди ћанас айтып токтогон киши.

- Ёмнеге сен ћанастын өзүн көрө албадың?

- ќшого өзүмдүн да көзүм жетпейт, —еметейди көрдүм,  үлчорого жолуктум, эң чоң арманым ћанасты көрө албаганым, - деп башын ылдый сала бир аз отурду. јнан босогодо турган баланы көрүп: - ќй, бала, бери келчи, сен кайдан жүрөсүң? - дегенде »ман басып келди, анда коркуу сезими болгон жок. - —ени биерге ким алып келди? Ѕиерге келээр убактың боло элек го?

- ћен алып келдим, - деди сол жагындагы турган аскер ийиле.

- Ёмнеге?

- Ѕул баланын дили таза, анын үстүнө ћанас айтаар түрү бар.

- ќшондой де, отурчу жаныма, - деген ак сакалчан киши »мандын жүзүнө үңүлө карады. - ќозуңду аччы. - Ѕала оозун ачканда ал түкүргөндөй болду, бирок »мандын оозуна түкүрүк эмей эле кум куюлуп кеткенсиди.  акап-чакап атканда кумдун жарымы оозунан төгүлүп калды. - Ѕар эми бара гой, бир аз болсо дагы элдин эрмеги бол, какабай жутканыңда бүт баарын алып калат элең, - деп манасчы аны далыга таптаганда жаткан жеринде көзүн ачты. ƒубал боорундагы саатты караса он экиден үч гана мүнөт өтүптүр, ал он экиде бир караган эле. ∆үрөгү туйлап калыптыр. ќодарылып жатып, уктап кетти.  айрадан түш көрдү: айланасы толгон эл, чок ортосунда өзү күпүлдөп ћанас айтып жатыптыр. ∆арым-жартылай айтып келип эле акырына чыкпай ойгонуп кетти.  өрсө, жанында карындашы, апасы менен атасы тегеректеп алыптыр:

- Ѕалам, сага эмне болду, ћанас-ћанас деп эле бакылдап жатканыңдан ойгонуп кеттик, - деди —ыйда жанына отуруп. -  удай колдосун, балам, ћанас атанын арбагы колдосун.

- ќшенттимби, апа, ойготпой койо турсаңар болмок, эмнеге ойготтуңар? - деп терс бурулду.

- Ѕотом, коркуп кетпедикпи биз, мындайың деле жок элеЕ

- Ѕара бергиле, мен эмне жаш бала белем? - деп бурк этти »манбек.

- Ѕашыңа бычак коюп алчы, балам, - деген камкор эне чочулай өзү барып, бычак алып келип, жаздыгынын астына жаздап, үстү-башын кымтылай ордуна кетти. ќшол түнү »ман дагы таң атканча ћанас айтып чыкты. ∆анына келип ойготмок болгон ата-энеси өйдө кылса дагы болбой көзүн жумуп алып, ћанастын ар кай жеринен айтып бакылдай бергенде корккон —ыйда менен Ѕотобек карап отурушту. “аң атаары менен улак союп, колу-коңшусун чакырып, түлөө өткөрүштү. јл учурда »ман эч нерсе билбей уктап жаткан. јнын атын чоң атасы атайын ыймандуу жигит болсун деп, џйманбек койгон эле, өздөрү »ман деп көнүп калышкан. Ёт тартылып калган кезде жаткан жеринен өйдө болгон »ман эки колун эки жакка жаңсап ћанас айта баштады.  өргөн эл таң калып, анын бөлмөсүнө жарданышты.  өзү жумулуу, эч нерсе сезбей мандаш токунуп алып, эки колун эки тизесине коюп, кара терге түшүп айтып жатканын көргөндө жакаларын кармана, "то-оба", - дешип шыпшынышты. јйыл аксакалдарынын эң улуусу, жашы токсонго барып калган ∆усуп кары€ жарданган элге кайрылды:

- Ёчтеке көрбөгөндөй бул эмнеңер? ∆аш баланы кайтарып койосуңар, кудай өзү берип жаткан экен, ћанас атанын арбагы өзү ишарат берген экен. ∆өнөгүлө, көп карабагыла!

- ќоба, кой кетели, - деп бири-бирин түрткүлөй чыга бергенде »ман шалак жыгылып, оозунан көбүк чууруп жатып калды. —ыйда баласына эки аттап жетти, Ѕотобек молдого чуркады. ћолдо дем салгандан кийин »ман кайра көшүлүп уктап калганда өздөрүнчө сүйлөшүп отурушту.

- Ѕул балага чоң манасчынын арбагы ишарат берген экен, эти€т болгула, токтоно албай калып жүрбөсүн, - деди молдо.

- Ёмне кылабыз эми, жакшы болуп кетээр бекен? - деди —ыйда кабатырлана.

-  оркунуч жок, болгону көптүн ичине алып барбагыла.

-  удай сактасын, кемпир, корко турган эчтеме жок экен, өзүбүз карап сак-сактап турушубуз керек, - деди Ѕотобек токтоо. —ыйда ичтен кудайга жалынып унчукпай калды. Ѕир жумадай сабакка барбай үйдө ооруп жатып, анан окууга барды эле, классташтары аны жабылып суракка алышты. јйрыкча јйдин менен  умар, “алгат үчөө үч жагында:

- —ен манасчы болуп калдыңбы, »ман?

- Ѕирдеме болуп жүргөнүңдү билгем.

- ќй койгулачы, »манды тынч койгула, ансыз дагы рухтар менен алпурушуп чарчагандыр, - деп јйдин айтканда баары күлүп калышты. »ман ошол жерден талмасы кармагандай көгөрүп жатып калды.  оркуп кеткен окуучулар мугалимди чакырып, аны баарылап үйүнө жеткиргенде Ѕотобек менен —ыйда эшикте жүргөн.  өрүп эле чочуп кетиштиЕ »ман өзүнүн жыгылганын деле билбеди, болгону ал кооз айдыңда каалгып бара жатты. “өтө жол менен баратып, өзүнүн эки жагында жыландар улам башын көтөрө коштоп келатканын көрдү. јлар »манды эски таанышындай жандап алышыптыр. ќшол кезде көздү у€лткан жарык пайда болуп, алды жагынан јзиза көрүндү.

- »ман, эмнеге мени ойлобой калдың? - деди ал сүйкүмдүү жылма€.

- џ€?

- —ен мени такыр эсиңе албадың.

- Ѕилбейм, кантип келдим биерге?

-  елгиң келген эмес беле?

- ∆окЕ

- јнда эмнеге, »ман?

- Ѕилбейм.

- ћакул, мукактанбай эле кой, жүрү бакка сейилдейбиз.

-  етишим керек.

- ∆о-ок, мен сени кетире койбойм, качан мен толук кандуу адам болмоюнча кетпейсиң. ћен тилегиме жетпей калсам сен бул жерде каласың.

- Ёмнеге?

- јнткени адамдын дидарын көрүп туруу мен үчүн пайдалуу, эгерде мен биротоло адамга айлана турган болсом экөөбүз чогуу кетебиз.

-  антип айланасың, ансыз деле адам болуп турбайсыңбы? - »ман таңдана суроо берди.

- ∆о-ок, мен убактылуу гана адам кейпин кийдим. —ен бул көргөнүңдү эч кимге айтпашың керек, үч жолу же жети жолу кездешебиз. ќшол убакытта сен көргөнүңдү айтпасаң, мен адамдардын бүт кыймылын жасай алам жана биротоло адамга айланышым мүмкүн. Ёгерде сен бир эле адамга оозуңдан чыгарсаң, анда сени менин жөкөрлөрүм чагып өлтүрөт.

- ћен эч нерсе айтпайм.

- ќшонуң жакшы.

- —енин жылан экениңе түк ишенбейм, - деди »ман күлө.

- јның ырас, мен атамдардан суранып жатып ушул абалга айлануунун дубасын үйрөнгөм, болгону эки сааткаЕ

- Ёки сааттан кийин эмне болосуң?

- ∆ыланга айланам.

- »шенбейм, кандай жыланга айланасың?

- јк жылан, биздин урук ак жыландардын ордосуЕ

- ќрдоңор ушулбу?

- Ѕул мен жүрүүчү, көңүл ачуучу бакча, атамдын ордосу мындан ары турат, - деп бакта ары-бери учуп, бактан бакка конгон чымчыктарды карап койду. - ћенин атам мен ургаачы болуп төрөлгөндө абдан капа болгон экен.

- Ёмнеге?

- ќрдумду басаар эркек болсо эмне деп.

-  ызык, адамдар сы€ктуу элеби?

- Ѕиздин да жашообуз адамдардыкындай эле, болгон айырмабыз адам айры буттуу болгондуктан басып жүрөт, а биз буту-колубуз жок жаралгандыктан, жер үстүндө сойлоп калганбыз. Ѕир кезде жан-жаныбарлар жаңы гана жаралганда биз да эки а€ктап басып жүрчү экенбиз, кудайым бизди сойлоп жүрүүчүлөргө айланткан тура.

- ∆омок, мунун баары жомок, - деген »ман ишенбей терс бурулду. ќшол кезде караңгы боло түшүп, ал јзизаны таппай калды.  өзүн ачса жанында ата-энеси үрпөйүп отуруптур, молдо дем салып жатыптыр.

-  удай, айланайын кудай, уулум көзүн ачты! - деп —ыйда »манды кучактамак болгондо молдо тынч отургула дегендей колун көтөрүп койду эле, Ѕотобек а€лын кармап калды. јларды караган »ман башын көтөрө:

- ћага эмне болду? - деди таңыркай.

- Ёчтеке, балам, тынч жата бер.

- Ёмнеге тегеректеп алдыңар, мен жакшынакай элемин го?

- ∆акшы элесиң, уулум, кичине дем салдырып койолу дедик, - деп Ѕотобек колун кармалады.

- Ѕул уулуңар арууланып калыптыр, жыландардын уюгуна тийип койсо керек, - деди молдо окуганын токтотуп.

-  арангү-үн дагы эмне дейт, үйгө жолобой эле жанагы досторуң менен жүрө бересиң, кудай ай, кудай, - деп —ыйда кейип-кепчип кирди.

- ћен эчтеке болгон жокмун! - деди »ман терс бурула. ќшол жылы мектепти бүтмөк. Ѕирде барып, бирде ооруп барбай жүрүп, жыл а€гында эптеп экзаменин тапшырды. јл негедир алы кетип, шалдырап баратканын сезген жок, эч нерсеге көңүлү чаппай, же достору менен көп жолуга албай үйдө жүрө берчү болду. —ыйда бир нече ирет јзиздердин жолуна деп шам жагып, токоч жасап да таратты. ћээ кайнаткан ысыктын күнү эле, бөлмөсүнөн чыгып келе жатып веранданын кырында мойнун койкойтуп өзүн карап турган аппак жыланды көрүп, чочуп кетти.  өзүн тартып ала албай арбалып туруп калды. ∆ыгылып калаарда сырттан кирип келаткан апасы жөлөй калды:

- Ѕалам, сага эмне болду?

- Ёчтеке, - деп түзөлө калып, шыпты караса жылан жок. Ёс ала түштү. "∆өн эле көзүмө көрүнсө керек", - деп сыртка чыгып кетти. —ыйда чочулап, анын кадамынан калбай көз салып калды. —ырттан ышкырык чыкканынан караса достору, алар дагы айылда калган эле.  убанып алаксый алар менен сүйлөшүп турду.

- Ѕиз үчөөбүз иштемек болдук, сен иштейсиңби? - деди јйдин.

- Ёмне иш?

-  ирпич ку€быз.

-  аерден?

- јбыш акенин кирпичин ку€быз, алар жаңы үй салат экен.

- јтама кеңешип көрөйүн.

-  еңешкенде эмне, акча таап келсең сүйүнбөйбү?

- ∆ок, кеңешейин.

- ћакул, эгерде иштей турган болсоң эртең барып кал.

- ќоба, уруксат берсе сөзсүз барам, - деп »ман кала берди. јйдиндер узап кеткенден кийин үйгө кирип келе жатып, негедир күдүктөнө дагы артына кайрыла берип, шыпты карады. Ёч нерсе жок, эс ала түштү. Ќегедир уктагандан да коркчу болду. ∆атып алып, ойлоно берет, акыры көзү илинип, уктаганын да сезбей калат. јл күнү ойлонгон деле жокпу же уйкусу катуу келгенби, айтор башы жаздыкка тийээри менен эле уктап кетти. “үшүндө достору менен ба€гыдай эле ойноп жүрүшүптүр. ќйноп жатып эле –инат  умарды: "∆үрү мени менен, экөөбүз тигил жакка барып келеличи", - деп барбайм дегенине болбой сүйрөп жөнөдү. " айда барасыңар, ойногуңар келбей калдыбы? јнда карап тургула, биз ойнойбуз", - деп јйдин кыйкыргыча –инат менен  умар артын карабай жүгүрүп көрүнбөй калышты. "∆үрү биз дагы алар менен барабыз", - деп “алгат айтканда јйдин болбой койду. Үчөө улам артын карап коюп үйлөрүн көздөй жөнөгөндө »ман артын карап бакырып жиберди. јл ба€гы зооканы көрдү, ал жердеги ба€гы кара кийимчен караандын жанында –инат менен  умар турат. Ѕирдеме деп сүйлөп жатты, бирок өзүнө угулбады. “игилер үңкүргө кирип, көрүнбөй калды. «ооканын этегин караса “алгат, анын артында јйдин чыгып баратыптыр. Үнүнүн барынча аларга бакырып, экөөнү чакырып жатты, бирок алар аны укпагандай тырмышып кете беришти. „очуп ойгонгон »манды саксактап жанында жаткан Ѕотобек кармай калып:

- јй-ай, уулум, келме келтир, келме келтир, - деп башынан сылай өзү келме келтирип жатты.

- јта, ата, коркуп жатам,  умарЕ

- Ёмне болду,  умар түшүңө кирдиби?

- ќоба,  умардыЕ  умарды, - деп аптыга эч нерсе айта албады.

- ћейли, досторуң ойлонуп койгондур, эчтеке эмес, - деп туруп барып, чыныга суу алып келди. - ћуздак суудан ууртачы, балам.

- јта, - деп чыныны кармаган колу калчылдап зорго ууртады да, - јта, корком,  умарга эмне болдуЕ - деп башын жерге салган бойдон отуруп калды. Ѕир аздан кийин жүрөгүнүн лакылдаганы басылып кайра жатты. јндан кийин түш көрбөй тынч уктады. Ёртеси досторуна бармак болуп, кайра айныды. " өзүң ачылып жатабы?" - деп шылдыңдашканын эстеп, тынчы кете үйүндө жатты.  ечке маал Ѕотобек сыртта жүрүп:

- Ѕул баланы жакшы билген бирөөгө көрсөтпөсөк болбойт, бул бирдемени билет окшобойбу, тигил  умарды дагы жылан чагыптыр, аман калаары күмөн дейт, доктурга алып кетиптир! - дегенин угуп калды. ќшол жерден бакырып, эшикке чыгып келгенде Ѕотобек аны кармап калды.

- јта,  умарды –инат алып кетти, токтоткулачы аны,  умарды алып калгылачы! - деп бакырып, жулунуп жатып, эси ооп жыгылды. јта-энеси андан чочуп, колу-коңшусу да корко баштады, аны жин кесел болуп калгандай сезип турушту. Ѕирок ошонун эртеси ырас эле  умарды врачтар сактай албай калып, сөөгүн алып келишти. »манды ага жиберишпеди, кайтарып калышты. јл эч ким менен сүйлөшпөй да калды. Ѕотобек шаардагы улуу баласын чакыртып алды:

- Ѕалам, муну эмне кылабыз, минтип ооруп калаарын ким билди, доктурга көрсөтсөкпү же бүбү-бакшыга алпаралыбы?

- јта, бүбү-бакшыга ишенбей чоң доктурларга көрсөткөн оң, андан көрө мен шаарга алып кетейин, - деди Ѕуланбек.

- ќорусунан чочулайм, бүбү-бакшы жакшы го дейм?

- ∆ок, врачтар жакшы, - деп болбой »манды алып кетмек болду эле, »ман эч көнбөй койду.

- ћенин ден-соолугум таптаза, эмнеге көрүнмөк элем?

- ∆өн эле текшерилип келбейсиңби?

- Ёч жакка барбайм.

- ќй, бала, атамдардын эсин чыгарбай врачтарга көрүн, мен өзүм көрсөтүп, кайра жеткирип койом.

- Ёч жакка барбайм дебедимби? - деп »манбек бөлмөсүнө кирип жатып алды. Ѕуланбек унчугалбай кайра кетти. »мандын кыйкырганын уккандар айтышкан экен јйдин менен “алгат ага жолобой калышты. ќшондон кийин »ман кадимкидей боло баштады. јны күзгү майрамда айыл өкмөтү ћанас айтып бер деп чакыртты. Ѕала макул болду. ∆ыйналыш болгондон кийин бирин-экин айылдын жаштары ырдап-бийлеп, »манга кезек келди. Ёлдин алдына чыгып малдаш токунуп отурду дагы айта баштады. ”лам күчөп барып көчүгү менен жылып, өңү кара көк болуп токтолбой калганда аны үчөө-төртөө кармап алып кетишти. Ёл а€бай ыраазы болуп, кеп кылып жатышты.

-  апырай, буга бир шыпаа келген экен, токтоло албай жүрөт бечара.

- ќшону айтсаң, болбосо ата-тегинде жок мындай, ћанас айтмак турсун, ата-энеси отурушта ырдап көрбөгөн.

-  ызык, ћанас атанын арбагы колдосо керек, жакшылап көрсөтсө болмок, баланын убалына калбай, - деди бир а€л бирдемени билгенсип.

-  имге көрсөтөт?

-  өзү ачыккабы же бакшыгабы көрсөтүп, же ћанас атанын арбагына куран окутушу керек.

- џрас эле, айтпаса алар кайдан билет, ансыз дагы жаман болуп жүрүшөт имиш.

- јнан эмне, жакшынакай баласы соо эмес же оору эмес болуп калса, - дешип ар кимиси ар кандай сөздү айтып жатышты. Ѕотобек дагы жөн жаткан жок, жайлоодон бир жылкы алып келип сойду да, эл чакырып өтүп кеткен манасчылардын атына, ћанас атанын арбагына багыштап куран окутту. ќшол эле учурда ћанас айтып жүргөндөрдү алдыртып, уулуна алардан бата алды. јлар менен отуруп »ман ћанас айтты, бул жолу ал токтоо айтып, өз убагында токтоду. Өзү да эс ала түшкөндөй болуп, ал күнү тынч уктады.  адимкидей болуп калган.  ыштын күнү эле. Ёрте турган Ѕотобек “алгаттын өлгөнүн укканда өзү да чочуп алды. »ман дагы угуп калабы деп —ыйданы чакырып чыгып, мал короого алып барды:

- “алгат кечээ тоодогу субай малын көргөнү барып, көчкүдө калып өлүптүр.  удай уруп, чогуу жүрүштү эле, бешөөнөн үчөө өлдү, кемпир. »манды жер котортуп, шаарга алып кетсек кантет?

- ќо ∆араткан, эмне болуп кетти деги, курган чечектер ай, буларга эмне болду, эми эмне кылабыз? - —ыйда ыйлап ийди.

-  удай дейли, кемпир, »манга угузбай эле койолу, дагы бирдеме болуп жүрбөсүн.

-  удай, айланайын кудай, сактай гөр, - деп үйүн көздөй басканда алдынан »ман келе жатыптыр.

- Ёмне болду, апа? “алгатЕ

- Ѕилбейм, уулум, - деп —ыйда тайсалдай түштү.

- ∆ашырбай эле кой, апа, мен мурун эле билгем, эми јйдинди сакташ керекЕ - деп »ман ары басып кетти.

- Ёмне дейт, оо кудай, билгени эмнеси?! - деп —ыйда уулунун артынан делдейе карап кала берди. »ман кийинип алып, эл катары өкүрүп барды, аерде эми јйдин жүргөн эле. Ёкөө салкын учурашкан болушту. јнын жанында турган »ман:

- «ооканын ээсинин кылганы, алтын жаткан жер, канчалаган адамдын каны менен катылган байлык эч кимге опаа болмок эмесЕ - деди жай.

- ќоба-а, менин да кезегим келе жатат окшойт, ошондо сенин тилиңди неге албадык, корком, »манЕ

-  оркпо, алдын алышың керек.

-  антип? - јйдиндин көздөрү жайнай түштү.

- —ен эртең сөөк коюлгандан кийин мага бар.

- ћакул, »ман, сен айткандай кылайын.

- ћен кеттим, - деген »ман жооп күтпөй эле жөнөдү, јйдиндин көзүнө ал кудайындай эле көрүндү. јл бир жолу эмес, көп жолу бир түштү көргөн. ќшол түш ар качан кире берет. јкыркы көргөн түшүндө –инат үңкүрдөн аркан таштап чыгалбай жаткан “алгатты тартып алды да: "Ёми сени да тартып алам, шашпай тур, чогуу болобуз", - деген эле. ќшол түшү таптакыр эсинен кетпейт. ”шуларды ойлогондо бүткөн бою дүр дей түшүп ооруп жатканын шылтоо кылып үйүнө кетип калды. јл түнү үйүндө уйкусу качып, кирпик какпай жатып таң атырды. Ёртеси түшкө маал »манга барды. јл күтүп турган экен, экөө үйдөн чыгып ээн жерге барышты.

- —илер көтөрүп барган аркан кайда? - деди »ман.

- ја-а, ал ошол жакта калган.

-  айсы жер экенин билесиңби?

- Ёстейинчи, азыр-азыр, - деген јйдин бир топко ойлонду. - ја-а, эстедим-эстедим, ал кардын алдында калды го, анын үстүнө бир жылдан ашпадыбы, бирөө жарым алып кетпеди бекен?

- Ёч ким албайт, эстеп тапсаң болду, кечикпей кеттик, - деп »ман алдыга ылдамдай басты. Ќегедир бул жолу зоокага тез эле жетишти. «ооканын түбүнөн бир кыйла бери жактагы таштын үстүнө койгонун айтып, јйдин эки жакты карап болжолдоп барып, жалпак чоң таштын үстүндөгү карды шилеп кирди. »ман отуруп алып, куран окуду, анан экөөлөп таштын үстүндөгү карды буттары менен шилеп, тоңуп калган арканды таап алышкан соң артка жөнөштү. јйдин артынан бирөө кармап кала тургансып коркуп келе жатты. јйылдын четине келгенде түн кирип, эл жата баштаган. јрканды катып коюшуп, үй-үйүнө келип жатып калышты. јйдиндин ата-энеси да Ѕотобек ойлогонду ойлоп чочулап калгандыктан, уктабай күтүп отурушкан эле. јнын киргенин көрүп эле:

-  айда жүрөсүң, мынча кеч калбай жүрсөң боло? - деди атасы јлтынбай.

- јта, балдар менен эле жүрдүм.

- ∆үрсөң жүр, эртерээк эле келбейсиңби, балам? - деп апасы јнар кейий сүйлөдү. - Ёртең түлөө өткөрөбүз, эч жакка кетпе.

- Ёмнеге?

- —ага түлөө өткөрүп койолучу, - деди јлтынбай туюк эле. јйдин унчукпай кирип жатып алды. Ёртеси таң заардан курч бычак алып, »ман экөө тең арканды каткан жерге келишти. »ман ба€гы арканды түрүп туруп, бычак менен кескиледи да, үч досунун арбагына атап куран окуду. јнан бырчаланган арканды мүрзөлөрдүн четине алып барып эптеп карды күрөп, жер казышты да, көмүп үстүнө таш бастырышты. ќшондон кийин кайра дагы куран окуп, жалпы арбактарга багыштап бата кылып, артын карабай үйлөрүнө келишти. »ман аны менен келип:

- ј€ш эне, јйдиндин башынан суу айлантып күн батышты көздөй чачып ийиңиз, анан бир сыйра киймин чечип, өрттөп коюңуз, - деген бойдон ичке кирбей кетип калды. јлар баласындай неменин минтип айтканына таңгалса дагы айтканын айткандай жасашты, анан түлөө өткөрүштү. “үлөөгө »манды чакырган эле келбеди.  ийинки убакта өзү өлгөн жерден, түлөөдөн тамак ооз тийбей калган. јйдин ошондон кийин түш көрдү. Ѕа€гы үңкүрдөн үч досу чыгып алып, өзүнө чакырганда: "ћен чыгалбайм, барбай эле койойунчу", - десе тигилер ба€гы арканды ташташат. јйдин эми кармап тырмышканда эле үзүлүп кетип, чыгалбай койду. –инат өйдө жактан ага кыйкырды: " елбесең койчу, биз би€кта бирге жүрөбүз, силер бөлүнүп калдыңар, мейли, бара бер", - деп таарына үңкүргө кирип кетет. јйдин көпкө чейин карап туруп, артына кайрылаар замат ойгонуп кетти. " удай бир сактады, »манга кудай бир касиет берген экен, эмнеге тигилерди аракет кылып алып калбады", - деп ойлонуп жүрдү ал ошондон кийин.


“олук окуйм десеңер, алуу шарты биерде >>>



пїњ –Ш–Ј–і–∞–љ–Є–µ –Ї–љ–Є–≥–Є –Ј–∞ —Б—З–µ—В –∞–≤—В–Њ—А–∞
–µ–Љ–µ–є–ї:janyzak@mail.ru
+996777329784
–Р–ї–≥–∞–љ –Љ–∞—В–µ—А–Є–∞–ї–≥–∞ —И–Є–ї—В–µ–Љ–µ –±–µ—А–Єң–Є–Ј!
 © J.Janyzak, Kyrgyzstan 
–°—Б—Л–ї–Ї–Є –љ–∞ –≤–Ј—П—В—Л–µ —Б—В–∞—В—М–Є –Њ–±—П–Ј–∞—В–µ–ї—М–љ—Л!
–ѓ–љ–і–µ–Ї—Б.–Ь–µ—В—А–Є–Ї–∞