»нтернет библиотека ∆анызак@басма
—амое дешевое издание книги за счет автора! 

¬атсап: +996777329784
—отка +996700329784
емейл: janyzak@mail.ru

 ниги автора јйгүл Ўј–Ў≈Ќ на кыргызском €зыке

√үлгө оролгон ак сүйүү

јлмаш шаардын кең көчөлөрүндө күзгү сары жалбырактарды буту менен тепкилеп коюп эки жагын кайдыгер карап кете берди. Ќегедир өзү жаш болгону менен койгон максаты деле жокЕ  айда бараарын өзү дагы билбейт. ∆өн салды гана көчө бойлой кете берди. јйылдан келгенине аз убакыт болгон, эжесинин: "Ўаарга келгенден кийин иштеп акча таппасаң жашоо мүмкүн эмес, иш таап иште. ћен сени бага албайм, колоктоп бош жүрсөң жездең сени жакшы көрмөк беле?", - деп урушканы эсине келип, жумушту кайдан табаарын билбей башы катып турган чагы. Ўаарды жакшы билбейт.  ечке туш келди басып жүрүп, эми эжесинин батирине жөнөгөндө башын жерге салып басаар-басмаксан болуп келаткан јлмаштын көзүнө эркектин бут кийими урунду. „очуп кетип өйдө караса, бет маңдайында бир жигит күлмүңдөп туруптур:

- —алам, сулуу кыз.

- —алам. - јлмаш аны ыңгайсыздана карап алды. -  ечириңиз, мен байкабай калдым, - деп жол бошото өтүп кетмек болду.

- Ёчтеке эмес, катуу ойлонуп турсаңыз керек.

- —изге кызыгы жоктур, бейтааныш эмеспизби, - деп жолун улады. ∆игит анын артынан калбай кошо келе берди:

- Ўашпаңыз, токтой турсаңыз, менин атым Ёлмурат, - деп быдылдап жандай басты. јлмаш үн дебеди, бет алдын түз карап кете берди. јк саргыл, сурмасы жок, мурду кырдач, чачы артына түйүлгөн узун бойлуу кыздын оюнда акча табуу үчүн жумушка орношуудан башка санаа жок эле. Ёлмураттын сүйлөп келе бергени ага күлкүлүү сезилдиби токтой калып:

-  ызык экенсиз, көрүнгөн кызды ушинтип тааныш деп кыйнай бересизби? - деди.

- ∆ок-жок, бир нерсе издеп жүрөм, балким ал сиздедир деп эле...

- Ёмнени?! -  ыз таңгалганынан кабак чытып, көздөрүн алайта карады. - ћенде эмнеңиз болмок эле?

- јтыңыз ким, айым кыз? - јңгыча Ёлмурат кыздын маңдайына тура калды. - јйтыңыз атыңызды, уктуңуз менин атымды, күлгөнүңүз гүлдөй ачылган, табамбы сизден бактымды?

- ”кмуштай сөзмөр экенсизЕ

- —өзмөр кылган ички сезим, мындай абалымды түшүндүрүш кыйын болуп турат.

-  еч кирип кетет, мен кетишим керек.

- јтыңызды айтып кетиңизчи!

- јтым јлмаш. - јлмаш жылмайып койду.

- Ѕир кездерде бирге жүргөн јлмашым.

јлыссыңбы, жакынсыңбы кайдасың? —из кадимки –ыспайдын јлмашысыз го дейм, мен сиздин –ыспайыңыз болоюн!

-  ечириңиз, мен кетишим керек.

- Ѕир аз токтой турчу, јлмаш.

- ”бактым жок. - ќшол кезде чөнтөк телефону чыр этти. - ја-а, эже, азыр жетем, жолдо баратам, - деп телефонун өчүрдү да: - ћени күтүп жатышат, - деп ылдамдай басып кетмек болгондо Ёлмурат аны дагы токтотуп калды.

- јлмаш, кафеге кирип чыгалы, мүмкүн бир аз сүйлөшөөрбүз?

- Ёжем урушат.

- јнда эртең жолугалы.

- ∆ок, эртең бошобойм, жумуш издешим керек.

-  андай жумуш?

-  адимкидей эле.

-  андай жумуш жагат?

- јкча чыга турган болсо болду. -  үлүп койду јлмаш.

- ћен таап берем, эртең ушул жерден жолугалы.

- ћакул, жага турган иш болсо болду.

- —ага жага турган иш табам, јлмаш, телефонуңду берчи, мен өзүм чалайын сага.

- ћакул. - јлмаш телефон номурун айткан соң коштошуп, үйүнө жөнөдү эле:

- ”затып койойун, - деди Ёлмурат. јлмаш үндөгөн жок, анын жанында унчукпай кетип баратты. Үмөталиев көчөсүндөгү батир үйгө жеткенде кыз:

-  елип калдык, - деди күлүмсүрөй. - —изге рахмат.

- Ёчтеке эмес, жакшы жатып, жай туруңуз, - деген Ёлмурат јлмаш менен коштошуп, келген жагына кеттиЕ

Ѕиздин каарманыбыз Ёлмурат майда ишканалардын биринде иштейт. јлар кытайлардын кукси чыгарган ишканасы. јл жерде Ёлмурат менеджерлик кылат, бир а€л алса, анысы Ёлмуратты жактырбай жүрүп, кетип калган. јлты ай жашашты. √үлина бир үйдүн жалгыз кызы эле, колунда бар адамдын кызы болгондуктан, менеджерлик жумуштун айлык акысына ыраазы болбоду. Ёлмурат жумшак мүнөздүү элпек жигит, болгону анча сулуу эмес, көрүнүшү бир аз кополураак. Ѕирок өзү абдан адамгерчиликтүү, жагымдуу жигит. јл түнү бою ойлонуп чыкты. јлмашты бир көргөндө эле жактырып калды. " андай болсо да байдын кызы болбосунчу", - деп ойлоду, анткени √үлинадан көңүлү калган эле. √үлинаны ал сүйгөн эмес, өзү Ёлмуратты эки-үч курдай товар ташып жүргөндө көрүп калып, машинасы менен иштеген жерине жеткирген. ќшондон кийин тез-тез келип турду. Ѕир күнү келиптир, а€бай кубанып алган.

- Ёлмурат, сен экөөбүз бир жакка барышыбыз керек, - деди.

-  айда?

- Ѕарганда көрөсүң.

- јчык айта берсең.

- ∆ок, айтпайм, кеттик, - деп колдон алды.

- √үлина, ачык айтпасаң барбайм.

- Ѕарасың, - деп болбой машинасына жетелеп барып отургузду да, айдап барып заңгыраган үч кабат үйдүн эшигине токтоду. - ћына келдик, бул жерде менин ата-энем бизди күтүп жатат, - деп күлө карады. ∆игит ушунча келген соң терс бурулуп басып кете албай, √үлинанын көңүлүнө карап, жетелеше дарбазадан кирди. јларды курсагы чоң, кашка баш алтымыштардагы адам менен арыкчырай а€л тосуп алды.

- јссалоому јлейкум! - Ёлмурат колун сунду эле, тиги киши колун бербестен:

- јллеки —алам, келгиле, балдар, - деп жактыра бербей ары басты.

-  иргиле, балам, √үлү үйгө алып кир, - деп апасы сыпайы гана кол жаңсап, ичкери карай басты.

- јпа, Ёлмураттын жумушу көп, бир азга гана болбой алып келдим.

- Ёми, бир чыныдан чай ичкиле, кызым, - деп дале апасы чыйпылыктаган болду. —ыртта калган атасы көптөн кийин кирип, үстөлгө чалкалай отуруп, Ёлмуратты көзүнүн төбөсү менен карады.

- јта, таанышып койгула, бул Ёлмурат, - деди √үлина атасына карап Ёлмуратты көрсөтө. - ј бул менин атам, өзүнүн бизнеси бар. јмерикага, “урци€ менен »тали€га чейин барып турат.

- “аанышканыма кубанычтамын. - Ёлмурат колун көкүрөгүнө коюп, башын ийип койду.

- јта-энең барбы? - деди √үлинанын атасы Ёлмуратка карай.

- јтам жок, апам бар.

-  айда жашайсыңар?

-  үнтууда.

-  анча бир туугансыңар?

- Ѕир тууганым жок, өзүм жалгызмын.

-  о-ош, качан үйлөнөйүн дейсиң?

- Ёмне дейсиз? - Ёлмурат таңдана √үлинаны карады.

- јта, Ёлмурат сиз уруксат берсеңиз элеЕ

- √үлина, мен али үйлөнүүнү ойлоно элекмин.

- јта-а, Ёлмурат сизден тартынып жатат, макул деп коюңуз, - деп √үлина ыйламсырай атасынын мойнунан кучактай эркеледи. - —из макулсуз ээ?

-  ызым, - деди апасы ага ыңгайсыздана, - эсиң жайындабы?

- ћен Ёлмуратка гана чыгам, башкага берем деп ойлобогула! - деген √үлина дароо Ёлмуратка келип, аны колдон жетелеп жөнөдү.

-  ызым, сен ка€кка?

-  ызы-ым? - деген бойдон ата-энеси кала берди. √үлина машинага отураары менен:

- —ен эмнеге ойлоно элекмин дейсиң, мен сени сүйөм, Ёлмурат. ћага башканын кереги жок, алар мени күйөөгө берем деп жатат, - деп ыйлап жиберди. - ћен баары бир сени сүйөм! - деп, машинасын катуу айдап жөнөгөндө Ёлмурат эмне дээрин билбей калды:

- √үлина, сен ойлончу, мен али үйлөнүүгө да€р эмесмин, жалгыз апамдын ал-акыбалын жакшы билем, азыр үйлөнө албайм. јнын үстүнө сен экөөбүздүн ортобузда мурда мындай сөз болгон эмес, мен ойлонушум керек.

- ∆о-ок, сен менден качып жатасың, Ёлмурат, кааласаң сен айткандай болом. Ёлмурат, жок дебе, болбосо мени башка бирөөгө берип жиберишет, - деп жол жээгине токтой калып, Ёлмуратты карысынан кармады. - Ёмне, мени сүйбөйсүңбү, сенин сүйүүңө арзыбаймбы? - деп көзүнүн жашын көлдөткөн кызды а€п кетти Ёлмурат. Ѕирок үн дебеди. - Ёлмурат, чын эле мени сүйбөйсүңбү?

- √үлина, турмуш куруу оңой эмес, терең ойлонуп чечишибиз керек.

- јнтип мени алдабай эле кой, мен сени сүйөм.

- Ѕаланын ишин кылбачы. ћен жумуштан кечиктим, такси менен кетем. —ен үйүңө бар да, ата-энеңди тынчтандыр, - деп машинадан түшмөк болуп эшикти ачаарда √үлина газды басып жиберди эле, жыгылып кете жаздап араң калды. - Ѕул эмне кылганың, ыргып кетсем эмне болот, ы€? - јчуусу келип олура€ карады.

- Ёчтеке болгон жоксуң го, өзүм жеткирем сени, - деген кыз аны жумушуна жеткирди. - Ёлмурат, ишиң бүткөн кезде келем, - деди √үлина машинадан түшүп бараткан Ёлмуратка күлмүңдөй.

- Ѕүгүн үйүмө барам, убара болбо! - деп кирип баратканда артынан кыйкырды:

- Өзүм жеткирем!

- ∆инди кыз, - деп коюп, Ёлмурат кирип кетти. ќшол күнү ал улам эле жумушунан алагды боло берди. " ызык, мени ошончо сүйөбү, эмнемди анчалык сүйүп калды, а мен аны сүйөмбү? “обо, кыз бала дагы эркектердин артынан жүгүрөт экен да, өзү эрке кыз экен", - деп ойлоп жылмайып алды.  ечке иштеп, кечинде жумуштан чыгып, а€лдамага жакындаганда бир машина жай келип аны качыра токтоду. –улда отурган √үлина.

- Ёмне эсиң ооп калды, кел отурбайсыңбы? - деди күлө.

- —ен жинди болдуңбу, мен апама баратам, сага эмне бар? јртымдан жүрчү болбо! - деп опурулган Ёлмурат келаткан маршруткага түшүп кетип калды. √үлина жинденген бойдон кайра келди да, машинасын жолго койо салып, үйүнө ыйлап кирди.

-  ызым, эмне болду сага? - деди атасы аны көрүп эле.

- Ёчтеке, эмнеге андан ата-энесин сурайсың? - деди бакырып. - јл сенден коркуп, мени карабай кетти!

-  ызым, сенин көңүлүң деп, ал баланы үйгө киргизип сүйлөштүм, эгер сен болбогондо аны жолотмок да эмесмин. јл биздин теңибиз эмес.  айдагы бир томо€кка эмне мынча жармашып калдың? јл сени сүйбөйт экен, кызым.

- ∆о-ок! - деп ачуу чаңырып, жер тепкилеп ийди √үлина. - ћен Ёлмуратты гана сүйөм, ага тийбесем өлөм! - деп кайра жүгүрүп чыгып кетти. јтасы менен апасы жарыша дарбазанын эшигине жеткенде кызынын машинеси ордунан атырыла козголуп, чаң ызгыта узап бараткан. јны көргөн атасы санаасы тынбай өз машинасын шашылыш айдап жөнөдү.  араандатпай кетип бараткан √үлинанын "’ондасын" жол четиндеги ћј» кызматкери көрө коюп, мигалкасын уңулдата артынан кууп жөнөдү. √үлина өлөөр-тирилерине карабай кетип баратып, кызыл күйгөн жолчырактан өтүп кетээрде каршылаш чыга калган бир машинаны сүзүп барып токтоду. ћј»лердин баары топтолуп тегеректеп калганда жеткен атасы эчтеке билбей рулда отурган кызын көрүп чочуп кетти. ƒароо эшигин ача салып, кызын көтөрүп, машинасын көздөй басканда бир маишник аны тааный коюп:

- ќй, саламатсызбы, Ќадырбек Ѕекешович, бул сиздинЕ - деп сөзүнүн а€гын таппай калды. Ќадырбек баш ийкей:

- ќоба, менин кызым, тезинен ооруканага алып барайын, - деди.

- ќоба, ооба, албетте, Ќадырбек Ѕекешович.

- —урагыңарды кийин жүргүзөсүңөр, - деп бурк эткен Ќадырбек √үлинаны ооруканага алып барды. √үлинанын чекеси рулга катуу тийиптир, колдору тытылган, көгөргөн, дем ала албай кыйналып жатты. јтасы врачтар менен сүйлөшүп жакшылап каратып, өзү жанында болду. ƒагы кудай сактап, жаракаты өтө оор эмес экен, ички органдарына доо кетпептир. ∆арым сааттай убакыт өткөндө √үлина көзүн ачып:

- Ёлмура-ат, - деди.

-  ызым, акыбалың кандай? - деп эңкейип чачынан сылады атасы.

- Ёлмурат, Ёлмурат кана? - √үлина чебелектей ушинтип сурай берди. Ёшикте күүгүм кирип калган, айласы куруган Ќадырбек Ѕекешович кызынын жанында отурду. √үлина кайрадан үнсүз, кыймылсыз жатып калган, тээ көптө барып эсине келди.

-  ызым, кандай дуруссуңбу?

- Ёмне болду, ата? - деп эки жакты элеңдей карап, өйдө болоюн деди эле, бүткөн бою жанчылып калгандай ооруп кеткенде чыдай албай онтоп ийди. - ћен ка€ктамын?

- ќоруканадасың, кызым, тынч жата гой, баары артта калды, - деп Ќадырбек Ѕекешович оор күрсүнүп алды. √үлина колундагы каршы-терши сайылган капельницаны карап алып, оор улутуна көзүн жумуп жатып калды. Ѕир маалда медайым кирип:

- —из бара берсеңиз болот, оорулуунун абалы жакшы, - деди да, капельницасын алмаштырып чыгып кетти.

-  ызым, жакшы жат, мен кетейин, эртең менен апаң экөөбүз келебиз ээ, кызым? - деп саамайынан сылай чекесинен өптү.

- ћакул, - деп баш ийкеп койду √үлина. Ќадырбек Ѕекешович палатадан чыгып, машинасына отурду. ќор үшкүрүп алып, айдап жөнөдү, ал ушул тапта жалгыз болгусу келди. Үйүнө барды дегиче а€лы күйпөлөктөп жайына койбойт. ∆олдон кафеге кайрылып, пиво ичип отуруп, өткөндү эстөөгө аргасыз болдуЕ

Ќадырбек жетим бала болчу. јталаш тууганынын үйүндө жүрүп, мектепти бүтөөрү менен аскерде кызмат өтөп келген соң ошол бойдон шаарда калды. «аводдо иштеп жүрүп токардын окуусун бүттү, андан кийин механик болду. јйлыгы дурус болуп, ишканасында көңүлдүү күн өткөрүп жүргөндө —ветага жолукту. јл ошол кездеги начальнигинин кызы экен. —амарбек Ќадырбектин идиректүүлүгүн, тыңдыгын байкап, ага кызын берди. Ёки жашка ылайык бир бөлмөлүү чакан үй сатып берди. —вета дагы акыл-эстүү, токтоо а€л болду. јлар он жылдай жашап, балалуу боло алышпады. Ѕир күнү —вета:

- Ќадырбек, мен врачка көрүнсөм баары жакшы дейт, сени келип көрүнсүн деген, барып келели, - деди жалдырай.

- јл эмне дегениң, баары жайында, мен эмнеге көрүнмөк элем? - деп кол шилтеп койду Ќадырбек. Ѕирок " өрүнүп коюум керек эле", - деп ойлоп, —ветага айтпай өзү барып көрүндү. ќшондо врач ага:

- —из капа болбоңуз, балалуу болууга жөндөмүңүз жок, - деди ачык эле.

- ƒарыланууга да болбойбу?

- ∆ок, сизде урук бездери жараланып, личинкалар өлгөн.

- –ахмат, - деген Ќадырбек башын шылкыйта чыгып кетти. ќшондон баштап ал иче баштады. —вета менен кайын журту анын себебин биле алышпай таңгалганы менен тим коюшту. јкырындап Ќадырбек өзүн колго ала: "Өзүм балалуу боло албасам бала багып алышым керек", - деген ойго токтолду. ќшол убакта кайнатасы көтөрмөлөп отуруп, начальникке жетти. јйылдан агасынын баласы окууга тапшырам деп келип, Ќадырбектикинде жүрүп калды. —вета арыкчырай жакшынакай келин. јл төрөбөгөнү үчүн өзүн күнөөлөп, кайгырып жүргөн.

- Ќадырбек, ажырашалы анда, сен дагы балалуу болушуң керек, - деди бир күнү.

-  ереги жок, мен сенден ажырабайм, - деп Ќадырбек аны сүйлөтпөй койду. »ниси “олкунбек окуп жүрдү, Ќадырбек үйүнө келбей калганда “олкунбек менен —вета отуруп тамактанышат да, экөө бөлөк жатып алат. ќшентип бир жылдай жүрдү, бир күнү “олкунбек чай ичип отуруп:

- ∆еңе, акем эмнеге үйгө көп келбейт? - деди.

- »штери көп, жакында дагы орун которот, ошого чапкылап жүрөт, - деп койду —вета. Ѕирок чынында анын дагы ичин ит талап, кызганыч бийлеп жүргөн болчу. "Ёмнеге келбейт, балким анын башка а€лы, балдары бардыр, ошону үчүн мени кетирбей камаарабай жүргөндүр?", - деп ойлогондо кыжыры келе түштү.

- —из акемди сүйөсүзбү? - деди кайра “олкунбек.

- —үйүүсүз жашоо болмок беле?

- “уура, сүйүү менен жашоо адамга рахат берсе керек.

- јдамдар ар түрдүү, сүйүүсүз да жашагандары бар, дүйнө жүзүн жалгыз сүйүшкөндөр каптаса анда баардыгы ойдогудай болуп, бактысыздар болмок эмес, - деди —вета ойлуу.

- Ѕайкем сизди сүйөбү?

- Ёмнеге сүйбөйт экен, сүйгөн үчүн жашап жатабыз да? - деп ичип бүткөн идиш-а€гын жууп жатты —вета. ќшол күнү негедир уктай албай жаткан, түн бир убакта “олкунбек койнуна жылып киргенде чочуп кетти.

- „очуба, жеңе, жеңенин бир саны кайниники деген эмеспи, эчтеке болбойт, - деп келинди ичке белинен капшыра кармаган жубарымбек имере кучактап өпкүлөп жатып, акыры жетчү жерине жеткенде:

-  ой, “олкунбек, тынч жат ордуңа, мындан ары өтпөйлү, - деди —вета онтолой.

-  ойчу, жеңе, мени менен бир жолу болуп койсоңуз эчтеке болбойт, - деп ич кийимин шыпырып кирди, - ∆еңе, мен чыдабай баратам.

- Ѕоюма болуп калсачы, “олкунбек?

- Ёмне болот эле, акемдин баласы болуп калат да? - деп жанталашып жатты.  аруу-күчү ашып-ташып турган жыйырма төрттөгү жигит көптө барып бүттү да: - ∆еңе, укмуш экенсиз, акем сизди ушун үчүн эле жакшы көрөт го? - деди кулагына шыбырай.

- Ѕизде сүйүү бар, “олкунбек, балабыз болбосо да сүйүү менен жашап жатабыз, - деп кылыктана күлүп койду —вета. Ёкөө түнү бою бирге болушту. Ёртең менен “олкунбек эрте туруп окуусуна кетти. —вета жумушуна кетип үйүн кулпулап койгон. Ќадырбек көптөн бери: "ћенден болбосо инимден болсун. Ёптеп багып алам, өзүмдүн балам деп билгизбейм. —вета менин жарамсыз экенимди билбесин", - деген ойдо атайылап түнкүсүн келбей жүргөн. јл күндүзү келип, кайра кетти.  ечинде а€лына телефон чалды, келе албай турганын айтып:

-  апа болбо, жаным, бир жумадан кийин барып калам, - деди.

- Ёмне жумуш анчалык?

- Ѕарганда түшүндүрөм, капаланбай туруп тур. ћен сени сүйөм, —вета, жакшы тур, - деди да, трубканы коюп койду. “ү-түт деген трубканы караган —вета: "Ѕул соо эмес, а€л алганга да€рданып жүргөн го, балким анысынын боюнда бардыр?" - деп кызганычтан ызалуу ыйлап да алды.  ечинде келген “олкунбек унчукпай кийимин алмаштырып, анан чайга отурду. ќшол убакта Ќадырбек жогорку кызматка көрсөтүлүп жаткан эле.  үндөп-түндөп ар жакка чапкылап жүрүп ага да жетти, мансабы көтөрүлгөндөн көтөрүлүп баратты. Ѕир мекемени ижарага алып, аны чоң ишканага айлантты. Өзү дагы санаа менен жүрүп, үйүнө кээ-кээде гана келчү.  елгенде келинчегинин көңүлүн жайгарып, сагынганын айтып жалынып-жалбарып атып кетчү.

јрадан он чакты күн өткөндө Ќадырбек келип эки күн туруп, кетээринде жасап жаткан иштерин айтты. ћенчиктештирип алган жайларды айтып кеңешти. —вета: "∆асап жаткандарыңдын баары ким үчүн, Ќадырбек, же балабыз болбосо, ким үчүн?" - деп андан көзүн албай отурду.

- —вета, мени антип карабачы, баланы багып алалы, ансыз дагы ата-энеден көздөрү учуп жаткан балдар көп, балдар үйүнө баралы, - деди —ветаны өөп.

- Өз балабыз болбосо, бирөөнүн баласы экөөбүзгө жакшылык кылабы, Ќадыр, сен экөөбүз доктурга бирдей текшерилсек болот элеЕ

- јнан, анан эмне кылат элең? - деди жини келе өзүнчө туттугуп жүргөн Ќадырбек. јнын ачуусу келгенин байкаган —вета коркуп кетти.

- Ќадыр, мен жөн айта салдым, врач дайыма күйөөңдү көрөлү, текшерели деп калат.

- ј кокус менден бала болбой турган болсо эмне кыласың?

- Ёмне кылмак элем?..

- Ѕолду, —вета, колуңда баары бар, эчтекеден кем эмессиң, унчукпай жашай берсеңчи. ћени карап отура бербей, зериксең кино-театрга бар, эс ал, жаным, - деп кыжаалаттана эшикке чыгып кетти. —вета ыйлап калды. ќшол бойдон Ќадырбек дагы жоголду, мурда чогуу көңүл ачып жүрчү бир келин бар эле, ачуусу менен ага барды ал түнү. јны менен ичти да, жатып калды. јрадан бир айдан ашык өткөн кезде кайра келди, эчтеке болбогондой жадырап-жайнап, толтура тамак-аш көтөрүп алган. —вета дагы аны жакшы тосуп алды.

- »штериң бүттүбү деги?

- Ѕүттү, байбиче, эми сен экөөбүздүн балдар үйүнө бараарыбыз эле калды, - деп а€лын бетинен сүйдү. —вета андан негедир жүзүн үйрүп ийди, ал “олкунбек менен күндө бирге болуп жүргөнгө көнө түшкөн эле. ”шул ирет өз күйөөсүнөн ирээнжий: "—оо жүрдү дейсиңби, көрүнгөн менен болуп жүрүп анан келди да. Ѕалким балалуу болуп, үй-бүлө күтүп алгандыр? ћенин төрөбөгөнүмдөн пайдаланып, башка а€лдарга барганын жашырып жүргөндүр, же ажыраш десе болбойт", - деп өзүнчө ойго батып кетти.

- Ќадыр, ачыгыңды айтчы, балким башка а€л төрөп берээр, ажырашып албайлыбы? - деди көптөн кийин.

- —вета, кам санаба менден, сенден эч жакка кетпейм, ажырашалы деген сөзүңдү укпайын, кудайдын башка салганын көрөлү, - деди күйөөсү жибий. - “олкунбек келип жатабы? - дегенде —вета уурусу кармалгандай көзүн ала качып тайсалдап кетти. јнын бул түрүнөн Ќадырбек дароо түшүндү, "ƒемек, бирдеме бар, балким өзү деле төрөбөйттүр, дагы байкап көрөйүн", - деп ойлоду да: - ќкуп жатыптырбы? - деп сурап койду билмексен боло.

- ћен андан сурап жүрмөк белем, келет-кетет, кээде келбей да калат. - „ай куюп жатып негедир өзүнөн-өзү кысынгансыды. Ќадырбек үн деген жок, тиричилик менен ишкердигин бирге алып кетээрине көзү жеткендей ойлуу төркү бөлмөгө кирди.  айнатасы алып берген үйдөн кийин өздөрү кененирээк үй сатып алышкан эле, үч бөлмөлүү, үчүнчү кабатта.

- —вета, жер үй алсак кантет? - деди ал бир топтон кийин.

-  айда бар экен?

- “олуп жатпайбы, бири сатат, бири алат дегендей, кабат үйдөн көрө жер үй жакшыбы дейм да.

- Өзүң бил, мага эчтекенин кереги жок, бир башыма эмне жетпейт, өлсөм артымда карманып калаарым болбогондон кийин, бир кийип, ичээрим болсо болду.

- јл эмне дегениң, бала багып алсак ошол үчүн жашайбыз, ага деп үй салдырабыз, бир жетимди бактылуу кылабыз. јл бизге бала деген кубаныч тартуулайт же жалган айтамбы?

- ќшондо деле эл айтат, баккан бала эстүү чыкса жакшы, акылсыз болсо көйгөйүн тартабыз го?

-  еле элек баланы кандай болжоого болот, өзүң ойлончу?  ыргызстан боюнча миңдеген балдар ата-энесиз балдар үйүндө чоңоюп жатышат, бизди билгендер каршы болушпайт деле.

- Ѕайкап көрөлү. - —вета эрин жылма€ карады.

- џрас айтасың, дароо эле айтканда болбойт, - деди Ќадырбек. - Ѕарып көрүп, сүйлөшөйүн, эгерде эне-атасы жок бирөө жарымы жагып калса багып алалы.

- ќшентишибиз керек, кийин да талаштырып отурбай.

- “уура айтасың, байбиче, деги сенден кээде көп акыл чыгат, - деп тамашалап калды. ќшол бойдон экөө тең унчукпай калышты.  еч киргенде —вета а€бай кыйналды, чоочун бирөөнүн койнуна жата тургандай өзү менен өзү болуп, жумушун жасап кылдырап жүрө берди. "Ёмне деп ойлойт, балким билип койсочу? “олкунбекке көнүп калдым эле, бүгүн ал келбей эле койсо экен", - деп ойлонуп турганда Ќадырбек ваннадан чыгып, жанына келди. јкырын артынан кучактап, кулак тушунан өөп, мойнунан аймалай:

- ∆аталычы, жаным, - деп шыбырады.

-  ойо тур эми, мен жумушумду бүтөйүн.

- ∆умушуңду токтотчу, бир айдан бери сагындым.

- „ын эле сагындыңбы? - Ўарт артына бурулуп жылма€ карады —вета.

- Ёмнеге калп айтам, өз а€лымсың да, бирөөнүн а€лын сагынып жаттым беле? - деп кылыктанып, назданган а€лын көтөрүп алып жатак бөлмөгө кирип баратканда сырткы эшик ачылып, “олкунбек кирди. Ќадырбек андан тартына —ветаны жерге түшүрдү.

- јссалоому алейкум, байке? - деди ал дароо эле.

- јллеки салам, кел, баатыр, окуу кандай?

- Ѕаары жакшы.

- јтаңдар менен кабарлашып жатасыңбы?

- ќоба, кечээ эле сүйлөштүм.

- ∆атышыптырбы?

- ∆атышат, салам айтышты.

- —аламат болсун.

- Ёртең апам келем деген.

- ќо, шаарга келмекпи?

- ќоба, байке.

- ∆акшы анда, эртең жеңең экөөң коноктогула, - деп койду. -  айниңдин кардын тойгуз, бирдемең бар беле? - деп —ветаны карады. јнын айткан сөзү —ветага сынап айтып жаткандай туюлду. “олкунбек билмексен боло кийимин которунду да, ашканага кирди.

- ∆еңе, өзүм эле ичип алам.

- ћакул анда, тамак бар, ысык бойдон, - деп —вета ашканадан чыкканча шашты.

- ћен эртең дагы кетем, сен жеңем келсе жакшылап коноктоп кой, - деди Ќадырбек —ветага. - Ѕаласынын кандай жашап жатканын көргүсү келген го?

-  елсе көрөбүз да.

- ќшент, алтыным, абысыныңды жакшылап сыйла, конь€ктын жакшысынан апкелип кой. јл өзү жакшы көрөт ичкиликти, айылдагылар ушундай бир отуруш жасап, гүлдөшөт дейсиң, - деп бакылдап төшөгүнө жатып калды.  өптөн кийин гана —вета жанына отуруп:

- Ќадыр, - деди акырын.

- »йи.

- —енин башка жактырганың жокпу?

-  ойсоңчу, кайдагыны айтпачы.

- Ёмнеге бир ай жоголдуң?

- »штер көп, алтыным.

- —ен балким айтканданЕ

- Ёмнеге, эгер болсо ачык эле айтмакмын.

- Ѕилбейм, мурункудай эмессиң.

- Ёч ойлонбо, сенден башка сүйгөнүм жок. - Ќадырбек а€лын имере кучактап койнуна тартты.  өз алдында жаш, сулуу ойношу. "ћен аларды сүйбөйм, эгерде бала төрөтө алчу кудуретим болгондо балким эмдигиче төрөшмөк. √ул€ да, —алима да төрөгөн жок, бел кубатым жараксыз деп кимге айтмак элем", - деп ойлоно —ветаны кучактап көпкө жатты. —вета “олкунбектин дабышын тыңшап жаткан. јл ашкананын жарыгын өчүрүп, өз бөлмөсүнө кирип жаткандай болду. Ёртеси Ќадырбек эрте кетти.  ызмат машинасы эрте келип, аны алып кеткенден кийин дароо “олкунбек эшикти илип келип, жеңесинин койнуна кирди.

- ќй, жеңе, түнү менен уктай албай чыктым, - деди бекем кучактап өпкүлөй.

- Ёмнеге?

- —изди ойлоп.

-  ой, “олкунбек, сен мындан ары башка жакка же жатаканага барып жаша, билинип калса экөөбүз тең жаман болобуз.

- Ѕилгизбейбиз, жеңе, эч кыйналба. Ѕайкем андай майда кишилерден эмес, болоор-болбоско көңүл бурбайт, коркпой эле коюңуз. јпам келсе эки-үч күндөй жүрөт чыгаар, ансыз да сизге жолуга албай кыйналам.  ойчу, жеңе, мен сизди көрбөй калсам жаман болом, сабакта дагы ойлоно берчү болдум, кыскасы мен сизди жакшы көрөм, балким сүйүп да баратам, - деп жанталаша өпкүлөп, ишке өттү.

- “олкунбек, андай дебе, сен экөөбүздүн ортобузда эч нерсе болушу мүмкүн эмес, ортобузду бөлгөн он жаш менен туугандык жайыбызды унутпай сый болууга тийишпиз. —үйүү-күйүү дегендерди оюңа да алба, андай болушу эч бир мүмкүн эмес, “олкунбек, - деп —вета көзүн жумду. - ћен жазгырсам боюма болуп калса деп гана сага жакындадым, кээ бирөөдөн болбосо кээсинен төрөсө болот имиш, ошого ишендим.

- ∆аным жеңем го? - “олкунбек бети-башын аймалап, өпкүлөп жатты.

- —абактан кечигесиң.

- јзыр эрте.

- —үйгөн кызың барбы?

- ∆ок, азырынча эч кимим жок, жүрөгүм бош, - ∆игит күлө чалкасынан түшүп жатып алды. -  андай гана рахат ээ, а€л менен эркектин жакындашуусу гана өмүргө шаттык берет экен да? - деп керилип алды.

- ћурда а€л менен болгон белең?

- ќоба, бир эле жолу.

- »ий, - деп —вета жылмайып койду.

- Ўакабалап турасызбы?

- Ёмнеге?

- ћенин а€л менен болбогонумду.

- ∆о-ок, жаштыгыңды ойлоп жатам.

- ћен жаш эмесмин.

-  ачан үйлөнөсүң?

- Үйлөнсөм сизге келе албай калам да.

- ћуну токтотушубуз керек.

- ћен сизден ажырабайм.

- Ёмне?..

- ј€л алсам дагы сизге келип турам.

- јндайыңды кой, үйлөнгөн соң кыйшаңдабай алганың менен жашашың керек. “ур, сабагыңа жөнө, мен дагы ата-энемдикине бир топ күн кетем, - деп —вета туруп кийинип, сыртка чыгып кетти. “олкунбек байкесинин төшөгүндө көпкө жатып, анан турду. ∆уунуп келип, өзү газды күйгүзүп, жылытманы ысытып ичти. —вета анын жанына отургандан тартынып, ал кеткенче эшикте басып жүрүп, анан кирди. "Ѕул шерменделигимди Ќадырбек билсе өлтүрөт, экөөбүздү тең өлтүрөт, үйгө барып апама кеңешип, кетип калышым керек", - деп ойлоно ашканага киргенде тамактын жытынан көңүлү айнып, кускусу келип кетти. "ќоруп калдымбы?", - деген ойдо кайра чыкты да, кийинип-жасанып алып, эч нерсе ичпей эле чыгып кетти. ћаршруткага түшүп, ата-энесиникине келди. јтасы үйүндө жок экен, апасы «уура ийик ийрип отуруптур, эки небереси эшикте ойноп жүрөт.

-  ел, кызым, - деп «уура кызын карады.

-  елдим, апа, өзүңөр жакшы жатасыңарбы?

- ∆акшы, кудайга шүгүр, өзүңөр кандай?

- ƒурус, - деп дасторкондогу даамды көргөндө жүрөгү айланып кетти, оозун баса сырткы бөлмөгө атып чыкты.

- Ёмне болду, кызым? - деди «уура ал кайра келгенде.

- ∆үрөгүм айланып кетти. Ёртең менен эчтеке ичкен эмесмин.

-  ачантан бери?

- Ѕүгүн эле, ашказаным ооруп калса керек, эчтеке ичким келбейт, - деп мурдун чүйрө оозун жаап отурду.

- ќй, кыз, доктурга көрүнүп көрсөңчү.

- Ёмнеге, апа, ооруган жокмун, жөн эле майлуу тамак-аш ашказаныма жакпай калганга го?

-  еле тамырыңды кармап көрөйүн, - деп —ветанын колун өзүнө тартып, билегине үч сөөмөйүн тийгизе бир топко тыңшап, кайра сол колунун билегин ошентип кармаган соң, -  ызым, сенин боюңда бар экен, кудайга шүгүр! - деди. —вета эмне дээрин билбей дабдырап калды. -  удай берет деген ушул, кызым, бир айдан өтүп калыптыр. Ќадырбекке сүйүнчүлөй бер. - «уура кудуңдай кызын кучактап өөп койду. -  удай берээрин унутпасын дегендей, бергиси келсе бат эле, - деп туруп барып ун алып келип, муштумдай камыр жууруду.

- Ёмне кыласыз, апа?

- ∆ети токоч жасай койойун.

- Ёмнеге?

- —енин боюңа болгонуна ыраазычылык билдирип, ата арбакка арнап куран окуп койойун, кызым, мындайда антпесе болбойт, - деп апасынын кубанып алганын көрүп —вета ичин баса кубанаарын же кайгыраарын билбей турду. "“олкунбектен болуп калды го, эми эмне болот, ага окшошуп калсачы? ∆е Ќадыр кимден болду, мен үйдө бир ай болгон эмесмин деп урушсачы", - деп сары санаага батты.

- јпа, чын эле боюмда бар бекен? - деди анан. «уура жаш кезинен ар кайсы жери ооруп, тамырчыларга көрүнүп, өзүн-өзү таптап чөп-чар кайнатып ичип көнгөн а€л, анча-мынча туугандарынын да тамырларын кармап калчу.

- ќоба, кызым, күмөнсүбөй эле кой, врачка барсаң дагы ошону айтат, кубана бер, - деп «уура мулуңдай карады. Ёне-бала көпкө сүйлөшүштү, токоч жасап, куран окуп чай ичишти. —вета бир аз ооз тийгени менен эч нерсе иче алган жок. јл күнү кетпейм дегенине болбой «уура жөнөтүп ийди. Үйүнө келген —вета дагы эле таңгалып жатты. " антип болуп калды экен, “олкунбек билсе эмне дейт? Ќадырбекчи, ал кубанабы же күйүнөбү? јй кудай ай, эмнеси болсо да өзүм эне болуп төрөп алсам болду, башкасынын кереги жок, баласыз дегенче же бирөөнүн баласын бакканча өзүмдүкү эмеспи", - деп көп ойлонду. “амак жасамак болду эле, окшуй берип жасай албай койду, ал ошентип отурганда эшик ачылып, бирөөлөр киргендей болду. “ура калып караса “олкунбек апасы экөө экен.

-  андай, айланайын, жакшы жатасыңарбы? - деди абысыны  айнар көрүп эле. - Ѕала жүрөбү, иши жакшыбы?

- ∆акшы, жеңе, келиңиз.

- ќшондой болсун, “окумун кандай окуп жатканын көрөйүн деп эле келип калдым, жаткан жери го жайлуу дечи. јкча-тыйындан кыйналып калдыбы деп эле атасы экөөбүз тынч алалбайбыз, - деп сүйлөгөнчө төргө өттү, көтөрүнчөгү да оор экен, “олкунбекке кайрылды. -  елинге бер, этти муздаткычка салып алсын, кымызды куюп ал, айланайын. Ёми ушул бойдон жаз-күз келе албайбыз, тоодо болобуз, бу мал деп жүрүп биротоло мал болгону калдык, - деп какшанып жатты. Ѕир койдун эти, эки-үч чучук бар экен. ћай-сүзмө, бир чанач кымыз.

- ћынчаны эмне кыласыз, тим эле койсоңуз болмок.

-  ой, капырай, атайын келатып анан куру келемби, балам деле жүрбөйбү? »чип-жейсиңер, бу базарыңардан алсаңар бир топ акча да, анан ала келбей эмне кылам, бир тууган экенсиңер батырып жатасыңар, башка бирөө батырмак беле?

-  оюңузчу, жеңе, ошондо деле ушунча тамакты көтөрүп эмне убара болдуңуз? - деди —вета эч нерсеге көңүлү келбесе дагы күлө карап.

- ќой, келиним, сен бергенди ала бер да, биз дагы берчүгө берип, алчудан алабыз, ушу кайним болбосо биз кайдан сени тааныйбыз, ы€? - деп атайын өз киши боло —ветага ормойду. -  ичине бала деп койчумун кичинекейинде.

- Ѕолуптур эми, жеңе. - —вета ага ыраазы боло карап, көңүл улай, - мен эми чай койойун, сиз эс алып отура туруңуз, - деп чыгып баратып, этти көрүп дагы окшуп алды. јйласы жок эптеп “олкунбекке шыбырады эле, ал этти туурап, казанга салып берди. ќшентип —вета ал күнү абысыны менен сүйлөшүп отуруп, өтө кысынып жатты, бирдемени байкап койгондой ыңгайсыз абалда болду. Ѕир конь€кты алып келип бузду, өзү аздан алып,  айнарга алдырып отурду. “олкунбек тамак ичкенден кийин өз бөлмөсүнө кирип жатып алган.

- —вета, качан балалуу болосуңар, ботом? - деди кызый баштаган  айнар эңкейе берип.

- Ѕилбейм, жеңе, болбой жатат го, кайниңизди башка а€л ал, ажырашалы десем болбойтЕ

- ћейли, кудай берем десе кулуна, белен кылат жолуна деп, унутпаса жараткан өзү жалгап койоор, - деп кайра келинине боору ооругандай болду.

- јжырашып башка а€л алса болот эле деп жиниңер келип жаткан жокпу? - деп күлгөн —вета абысынын сынай карады.

- ќй, келин, айтсак ачык эле айтпайлыбы, тим эле карасаң ой, жиниңер келген жокпу деп, силерге жакшылыктан башка тилегибиз жок, айланайын, кудайым буйруса бир күнү берип койот.

-  ечир, жеңе, тамашалап койдум, - деди —вета күлө.

- јнтип тамашалабай жүр, биз силерди бөлүнүп-жарылып кетсин деп ойлобойбуз, балалуу болуп калсын дейбиз да. ∆ашыңар өтүп баратат, силердейлер үч-төрттөн бала күтүп калды, алды чоңоюп баратат. ќшого акең экөөбүз кейип калабыз, оозум шок жаным, ачык айтам деп сага жакпай калдымбы? - деп таарынгандай кебетеленди.

- ћейли, жеңе, кудай деп туралычы, кудай деген кур калбайт дешет го?

- ќшентсең, айланайын, кудайды унутпасаң ал да сени унутпайт.

-  елиңиз эми, дагы бир жолу алып коюңуз, кайниңиздин үйүнө атайын келсеңиз анан конь€к ичпей, сый көрбөй кетсеңиз болбой калбайбы? - —вета дагы рюмкага конь€ктан куюп сунду. - јлып коюңуз эми.

- —ен деле алсаң боло? -  айнар —ветаны суроолуу карап калды. - јлып кой мени менен.

- ∆еңе, мен ооруп, дары ичип жаттым эле.

- ћейли эми, сени кыстабай эле койойун, - деп  айнар рюмканы көңтөрүп ийди. ќшондон кийин дасторконго бата кылышып, аны арыдан-бери жыйнай салган —вета  айнарга диванга орун салып берди. јл ичип алганга көп сүйлөп, ар кайсыны айтып жатып, бир маалда тарс эле уктады. —вета: "Ёгер төрөп алганымды укса билип койоор бекен, айрыкча Ќадырбек эмне дейт? Ёртең догдурга көрүнүп келейин", - деп ойлоп жатып, уйкуга кирди. Ёртең менен катуу уктап калган экен, эшиктин жабылганынан улам ойгонуп кетти, саатты караса тогуз болуп калыптыр. “уруп эшикке чыкса,  айнар короодо ары-бери басып жүрүптүр.

- ∆еңе, эрте туруп алдыңызбы?

- ќоба, шаардыктар түшкө чейин уктай бересиңер да.

-  еч жатканга уктап калыптырмын.

-  еч жатмактан балээ болсо да таң заарынан турабыз, кудай эрте турганга ырыскы чачат имиш, көңүлүң да сергек болот.

- ∆еңе, үйгө кириңиз эми.

- ћына баратам, - деп эки жакты карай кирип баратты. »чкери киргенден кийин жуунушуп чайга отурушту. “амагын ысытып келип, зорго куюп берди да, мына эми чай сунаарда окшуп ийди. - ќй, келин, сен соосуңбу? -  айнар —ветаны ормойо карады.

-  ечээ сиздин көңүлүңүздү улап, бир аз конь€к ичип койгонго жүрөгүм айланып жатат, жеңе.

-  апыра-ай де, сен ооз тийдиң, мен ичтим го, кана мен жөн эле отурбайымбы, чыныңды айт, ай келин, бой-союңда жокпу? - деп оңура€ карап калды.

-  ойчу, жеңе, мен таптакыр ичпейм да, иниңиздин келишин күтүп эле отурам, курбу-курдаш да күтпөптүрмүн.

- Ёми-и, күтсөң эриң, үзүрүн көрүп жатасың, эптеп эле бирди төрөп койсоң болду эле, анан жата бер чартаңбай тээп, асмандан акча жаагандай эчтеме менен ишиң жок, - деп  айнар санын чаба өз сөзүнө өзү каткырды.

- Ѕолоор-болбосун көрөөрбүз, жеңе.

- ”шу сен бери карачы, сепкил түшүп калганбы, ы€? ”шу сенин боюңда бар ай! ќо кудай, айланайын, акеңен барып сүйүнчү алайын, ал байкуш укса тим эле так секирип кубанат, - деп бапылдап жатты.

-  ойсоңчу, жеңе, кантип эле, ишенбейм дагы, - деди —вета абысынын жактырбай. - ”шунча жыл төрөбөй жүргөн киши кантип эле?..

- ќй, антип тескери сүйлөбөсөңчү, берсе таштабайм, бербесе какшабайм деген сөз бар, айланайын абысын. ƒоктурга көрүнүп көр, кош кабат болгон а€лдын жүзүнө сепкил түшүп, көздөрү кош кабаттанып киртийип калат, эч нерсе жүрөгүнө барбайт, тезирээк көрүн доктурга.

- ћейли, жеңе, бир күнү бараармын.

- Ѕир күнү дебей эртерээк бар, же өзүм алпарсамбы сени? - деп ойлоно калды.

- ∆ок, жеңе, шашпай көрүнүп көрөм, бар болсо сүйүнчү сиздики.

- —үйүнчүңө ыраазымын, кайнимди эле балалуу кылсаң болду. - —вета анын көп сүйлөгөнүнөн жадап кетти.

- ∆еңе, баш жазыңыз эми, - деп дагы конь€к куюп сунду.

- јлып кел, башым ооруп турат, ичсе ичип алайын. -  айнар араң эле тургандай —ветанын колунан рюмканы ала коюп ичип жиберди. - ќй, бир мактанып калайын кызматчы кайнимдикине барып, конь€кка тоюп келдим депЕ

- ќшентиңиз, дагы ку€йын ээ?

-  у€ бер, акең менен кажылдашып кырк жыл жашадым, эми мени тескей албайт, уул-келиниме барганда келиним бекитип берет, кыздарым болсо ичпе дей берет. Ѕалдарды туудум, багып чоңойттум, эми жөн эле чардай турган убагым да, - деп —ветаны карады. - џрас айтамбы, ы€?

- ќоба, жеңе, силер эми сыйдын үстүндө гана жүрө турган убагыңар да. - —вета коштоп койду. ќшентип отуруп, конь€кты түгөтүп бүткөндөн кийин төркү үйгө кирип, телевизор көрүп жатып, кайра уктап калды. —вета абысынын кетишин тилеп аткан. Ѕирок анын уктап калганын көргөндө: "Ёми бул кеткиче жүдөтөт, көп сүйлөйт экен өзү дагы", - деп жини келе карап турганда  айнар ойгонуп кетип, кайра бежирей баштады. —вета ал уктап жатканда врачка догдурга барып келсемби деп ойлогон, бирок үлгүрбөдү. Ёки-үч күн катары менен көңүлү айнып кыйналса дагы эптеп тамагын жасап, конь€гын куюп, абысынын болушунча сыйлады. Үчүнчү күнү  айнар —ветага кайрылды.

- —вета, күйөөң эмнеге келбейт?

- ∆умуш менен алыска кеткен.

- »ий, ошондой дейм да. - Ўыпшына отуруп калды.

-  айда барам дедиңиз бүгүн? - —вета анын кетишин каалап, атайын сурады.

- ќй, бул шаарда сиңдим бар, ошонукун таап барсамбы дедим эле.

- ƒарегин билесизби?

- Ѕилбегендечи, билем да, - дегенде —вета: "Ѕилсең эмнеге үч күндөн бери жатасың, бара бербейт белең", - деп ичинен кыжынып алды. ќшол бойдон унчукпай отурушуп, “олкунбек келгенде түшкү чайын ичишти.

- јпа, качан кетесиз? - деди “олкунбек.

- ќмээй, кетпегенде жатып алат белем? Ѕайкеңди күтсөм жок го, жумуш дайындады эле атаң.

- Ѕайкемдин жумуштары көп экен да колу бошобойт, мага же жеңеме айтып койо бер да, - деди “олкунбек кабак бүркөй.

- ћейли, балам. ћенин бир тууган иним чоң окууну бүткөн, ошого бир жакшы кызмат керек эле, сүйлөшүп көрчү деп эриңе айтсамбы дегем, - деп —ветага кайрылды.

- јйтам, жеңе, сөзсүз айтамын.

-  антип кабарлашабыз анан?

- ћен переговор берсеңер сүйлөшөм да.

- »йи, макул анда, мен эми —уусаркандыкына барайын.

-  ийин, кеттик, - деди “олкунбек шаштырып.

- Ўашпа эми, алдымдагыны ичип алайын, - деп  айнар рюмканы колуна алды. - ћейли эми, бала экөөңөр бактылуу болгула, ылайым бала-чакалуу болуп, этегиңди заңга толтуруп отура бер, айланайын, - деп стаканды так көтөрүп, конь€кты түгөтө жутту.

- јйтканыңыз келсин, жеңе.

-  ой эми барайын, кайра эртең кетем.

- ∆акшы барыңыз. - —вета коштошмок болгондо  айнар аны ормойо карады.

- ќй келин, кайра келип, анан кетем, эми эле кете койбойм.

- ћейли-мейли, келе бериңиз, жеңе, көпкө жүрүп кетсеңиз да болот. - —ыртынан ушинткени менен ичинен тез эле кетип калса экен деп тилеп турду.  айнар ар кайсыны айтып жатып, “олкунбек менен ээрчише чыгып кетти. јларды узатып коюп, —вета жеңилдей: "Ө-өх", - деп алды. јнан жуунуп, өзүн ирээтке келтирип алып, врачка көрүнүүгө жөнөдү. јл келгенде түштөнүү убагы болуп калган.  үтүп отуруп, элден биринчи кирди.

- Ёже, көрүнөйүн деп келдим эле.

- Ёмне, боюңда барбы?

- Ѕилбейм.

-  анчанчың, же алдырасыңбы?

- ∆о-ок, эже, барбы, жокпу билишим керек.

- ”шу жаштар эмне болуп баратасыңар билбейм, эптеп эле бирди төрөп же капысынан болуп калса алдырып жок кылууга ашыгасыңар.

- Ёже, таптакыр андай эмес, мен төрөбөй жүргөмүн, анан болуп калдыбы депЕ

- јндай болсо жөнү башка, кана жата гой, көрө койойун, - деп гинеколог шыпылдай калды. —вета далдоодогу креслого чыгып жатканда толкунданганга жүрөгү лакылдап чыкты. "„ын эле боюмда бар болду бекен? Ёгерде болуп калса Ќадырбекке такыр айтпай койом, анан билингенде өзү сурайт", - деп ойлонуп жатканда врач кирип келип, бир топко көрдү да: - Ѕоюңда бар, бир айдан ашыптыр, учетко турушуң керек, мурда төрөбөй жүрсөң тез-тез көрүнүп турбасаң болбойт, - деди.

- џраспы, эже, ырас эле бар бекен, чын эле төрөймбү? - —вета ыйламсырап кубанычы койнуна батпай врачты суроолуу карады:

- „ын эле, кубана берсең болот, бир айдан ашып калыптыр.

- –ахмат, эже, буйруса сүйүнчүсү болот, - деди —вета кийинип бүткөн соң врачтын жанына келип отуруп.

- Ёчтеке эмес, тез арада учетко туруп кой.

- ћакул, эже, - деди да, кубанычтан жүрөгү алып учуп, үйүнө келди. Өзүн койоорго жер таппай өзүнчө эле бир кызык абалда болуп, эчтекеге көңүлү чаппай базардан алма алып жегиси келди. Ёми үйдөн чыгып кетмек болгондо телефон чырылдап калды, жетип барып ала койсо Ќадырбек экен:

- јлло, жаным, зериккен жоксуңбу? - деди Ќадырбектин үнү.

- ∆акшы чалбадыңбы, Ќадыр, - деди жашырам дегенин унуткан —вета, кубанычтуу демиге сүйүнчүлөп киргенин да байкабай сүйлөп жатты. - Ќадыр, сүйүнчү, менин бир жарым айлык боюмда бар экен!

- Ёмне-е?! - деп адегенде чочуп кетти Ќадырбек. —аамга унчукпай туттуга: "”шундай болоорун билгемин, эми айла жок", - деп алып, анан тобокел кыла өзүн кармады да: - ќй, алтыным десе, кудайга шүгүр, кечинде үйдө болом, сөзсүз жаныңда болом! - деди.


“олук окуйм десеңер, алуу шарты биерде >>>



пїњ –Ш–Ј–і–∞–љ–Є–µ –Ї–љ–Є–≥–Є –Ј–∞ —Б—З–µ—В –∞–≤—В–Њ—А–∞
–µ–Љ–µ–є–ї:janyzak@mail.ru
+996777329784
–Р–ї–≥–∞–љ –Љ–∞—В–µ—А–Є–∞–ї–≥–∞ —И–Є–ї—В–µ–Љ–µ –±–µ—А–Єң–Є–Ј!
 © J.Janyzak, Kyrgyzstan 
–°—Б—Л–ї–Ї–Є –љ–∞ –≤–Ј—П—В—Л–µ —Б—В–∞—В—М–Є –Њ–±—П–Ј–∞—В–µ–ї—М–љ—Л!
–ѓ–љ–і–µ–Ї—Б.–Ь–µ—В—А–Є–Ї–∞