Кенжебай НҮКӨШ

Ажал менен арбашып 3-бөлүм

Tagged ,

Көпкө сүйлөшүп отурдук, Макс акыры мени Жолбердиевди текшерүү керек деп ынандырды. Кантип текшерээрибиз али чечиле элек болчу. Таң атып калганда уктаганы жаттык. Макс өзүнүн падышалардыкындай болгон керебетине, мен болсо кичинекей диванга жаттым. […]

READ MORE

Кенжебай НҮКӨШ

Ажал менен арбашып 2-бөлүм

Tagged ,

«Фламинго» клубу Алматынын четинде экен. Биз ал жакка Макстын машинеси менен келдик. Темир тулпары «Ленд Крузердин» соңку үлгүсүнөн экен. Күн ысык. Маңдайыбыздан шорголоп терибиз куюлуп жатты. Экөөбүз тең жарашып, тулку боюбузга жабышкан […]

READ MORE

Датка АЙЫМ

Башка дүйнө

Tagged ,

Жетимдер їйїндє чоўойгон кыз кийин бир карт бєрїнїн колуна тїшїп, ал бечара кызды каалагандай калчап, кийин соўунда Москвадан жай тапкан башка бир бай кыргызга соодалап жиберет. Бай кыргыз да жетимдер їйїндє жетилген […]

READ MORE

Бердикожо Бийназаров

АРЗАН БААНЫН АЗГЫРЫГЫ

Tagged ,

«Кимдин кимдин заманы, соодагердин заманы» деп айтылгандай, акыркы кезде көпчүлүк калк базар менен оокат кылып, соодагер дегендин ордуна бөтөн элдин тили менен соодагерди «бизнесмен» деп айтып калбадыкбы. Айткандай завод-фабрикалар иштебей калганы көпчүлүк […]

READ MORE

Бердикожо Бийназаров

Жүрөктөгү кыш

Tagged ,

Кыш мезгилинин чок ортосу. Кар калың болгону менен күндүн илеби жылуу. Бирок, кардын каары эртели кеч денени ичиркенткени болбосо, эмнегедир адамдар жеңил кийинип,кыштын суугун таназар албай жүрүшөт. Жылда бул учурда ооздон түшкөн […]

READ MORE

Жаныбек ЖАНЫЗАК

Албуут Ханум 4-бөлүм

Tagged ,

– Эй, Эркин, – деп кыйкырды Малик, – Менин кебиме ишене бер. Мен сага жамандык кааламак белем. Боз үйдүн эшигинин оң тарабындагы кийим илинчү жагында Жаңылдын кызыл курткасы илинип турганын көрдүм. Ал […]

READ MORE

Жаныбек ЖАНЫЗАК

Албуут Ханум 3-бөлүм

Tagged ,

– Эй, көкбет, – деди апам бир топтон кийин мен отурган бөлмөгө кирип, – Тамак таштап туруп кеткен жаман болот. – Кызын жемелегенден ырахат алганчы? Жакшы болобу? – дедим мен да. – […]

READ MORE

Жаныбек ЖАНЫЗАК

Албуут Ханум 2-бөлүм

Tagged ,

Ошентип, жыл артынан жыл өтүп, 9-класска да келип калдым. Кайтаруучум кыйын болдубу, же чын эле көңүлүмө жаккан жигит жолукпадыбы, айылдын дээрлик бардык боз уландарынан баштап, бойдок жигит, ал турмак улуу эле кишилердин […]

READ MORE

Жаныбек ЖАНЫЗАК

Албуут Ханум 1-бөлүм

Tagged , Leave a Comment on Албуут Ханум 1-бөлүм

1-бөлүм Ысымымдан улам мени башка улуттан го деп ойлогондор көп. Анын үстүнө «адамдын ысымы тагдырына чыйыр алып берет» деген сөздүн чындыгындай, кашы-көзүм капкара, өңүм буудай ирең болуп турса, башка улуттагы кыз деген […]

READ MORE

Бердикожо Бийназаров

Жетим кыздын байлыгы

Tagged Leave a Comment on Жетим кыздын байлыгы

Таң жаңы атып бүгүнкү күндүн башталышынан белги берген кезде, Жапар молдонун азан чакырган үнү угулду. Ажар азан үнүн укканда жылуу төшөктөн туруп, сыртка чыгып келип жүзүн чайып, короодогу уйду сааганы чаканы көтөрүп […]

READ MORE

Айгүл ШАРШЕН

Кайталанган тагдыр

Tagged , Leave a Comment on Кайталанган тагдыр

Автордон: Кадырман калкым! Менин чыгармамды сүйүп окуп келген сүйүктүү замандашым, мен өзүмдү кандай кырдаалда турбайын эч качан бактысыз деп сезбей келем. Анткени мен тирүүмүн, тирүүлүктүн өзү бакыт эмеспи. Тагдырым талбас эмгегим, жараткан […]

READ MORE

Айгүл ШАРШЕН

Сыноо

Tagged , Leave a Comment on Сыноо

Мен өмүрдө өз каалаганымдай өмүр сүрөм, эч качан башканын кылтагына илинбейм деп ойлоочу элем, көрсө баары кудайдын буйругунан өтө албайт экен да адам баласы, — деп сапарлашым сөз баштады, — Мен бирөөнүн […]

READ MORE

Айгүл ШАРШЕН

Түштөгү аян

Tagged , Leave a Comment on Түштөгү аян

Тасмадай сызылган узун, баш аягы сезилген узак жолдо телмире зымыраган таксинин терезесинен аппак карлуу тоолорду тиктеп санаанын жетегинде суз кетип бара жатты Айкан. Ал ушул сапарында жол тартып бара жаткан себеби таптакыр […]

READ MORE

Айгүл ШАРШЕН

Махабат азабы

Tagged , Leave a Comment on Махабат азабы

Батма (Айдай) өткөн күнүн эстегиси да келбейт, болгону бактылуу жашагысы келет, Нурдин аны көзүнүн кареги менен айланып сүйүүсүн арнагандан тажабайт. Жакында балалуу да болушат, Батма ичи билинип калгандан бери оорлошуп абдан кыйналганынан […]

READ MORE

Айгүл ШАРШЕН

Кең пейилдик бакыт

Tagged , Leave a Comment on Кең пейилдик бакыт

Турмуштун өзү драма дегендей бу жашоого келген ар бир пенде аппак барактай таза, аруу бойдон ыңаалап ыйлап бу дүйнөнүн жарыкчылыгынын астанасын аттаган күндөн, сааттан баштап ошол таза барактын бетине чиймелене баштайт тура. […]

READ MORE

Айгүл ШАРШЕН

Коштошо албайм

Tagged , Leave a Comment on Коштошо албайм

Мээрим менен Токон бала кездеринде кошуна болуп жашашкан, экөөнүн ортолору эки жаштан эле. Токон беште, Мээрим үчтө, таң атаары менен эле кимиси ойгонсо дагы бири-бирин көрмөйүнчө ыйлап ата-энесине чатак салып туруп алчу. […]

READ MORE

Айгүл ШАРШЕН

Тирүүлүк шамы өчпөсүн

Tagged , Leave a Comment on Тирүүлүк шамы өчпөсүн

Жаратылыштын кооздугуна суктанып бүтө албайсың чиркин, кызыгы ал суктануу ден-соолугуң чың, телегейиң тегиз болсо гана, оорунун азабын тартып кең дүйнө тар көрүнүп турган кезде кайдагы кооздук, безеленип сайраган булбулдун үнү жакпай турган […]

READ MORE

Айгүл ШАРШЕН

Өмүргө так калтырган күн

Tagged , Leave a Comment on Өмүргө так калтырган күн

Гүлайым кетип баратып көз жашы жүзүн жууп бара жатты, баарынан көңүлү калып, бул кең дүйнөнүн бир бурчунда өзү жалгыз калгандай кең аалам ал үчүн тар болуп турду: «Неге, неге мынчалык таш боорсуң […]

READ MORE

Айгүл ШАРШЕН

Абийир соту

Tagged , Leave a Comment on Абийир соту

Жайлоонун түркүн гүлдөрү адамдын көңүлүн сергиткен салкын абасына кошулуп жыпар жыты аңкып, тоолору заңкайып көңүл кушун көтөргөн маал, Алима секелек кыз, ата-энесинин сүйкүмдүү эрке кызы. Жапар менен Шекеркүл эки кызын көкүлүнөн сылап, […]

READ MORE

Айгүл ШАРШЕН

Таштаба мени апа

Tagged , Leave a Comment on Таштаба мени апа

Кундуздун апасы абдан кадыр-барктуу адам, апасы акыл-эстүү аял, бир кезде союздун кой үстүндө торгой жумурткалаган заманында башкарма болуп күпүлдөп турган. Төрт бала чоңойтуп билимдүү болуп, өз-өзүнчө үй-бүлөө күтүп калышкан, кенжеси шаарда турат. […]

READ MORE

Айгүл ШАРШЕН

Талант тагдыры

Tagged , Leave a Comment on Талант тагдыры

«Кайдадыр алып кетти жаштыгымды, жер чийген чачтарыңа байлагандай», — деп кайран агабыз Асанкалый Керимбаевдин өлө элек кезиндеги өзүнүн сыздап ырдаган ыры жаңырып жатты… Бул ырды баштан аяк угуп отурган адамдын сай-сөөгү сыздап, […]

READ MORE

Айгүл ШАРШЕН

Буйрук

Tagged , Leave a Comment on Буйрук

Кубаныч балдар үйүндө өскөн экен, — деди мени менен кобурашып отурган Алмагүл, — Аны үч жашында апам өзү аргасыз алып келип таштаган экен. Күбөлүгүнө кошуп кат жазып таштаптыр… Гүлсүн бир үйдүн эрке, […]

READ MORE

Айгүл ШАРШЕН

Достук

Tagged , Leave a Comment on Достук

Буларды көргөн студенттер абдан кызыгаар эле, ал тургай ичи тарып араларын бузгусу келгендер да жок эмес. Сабактан кийин ар дайым китепканага чогуу барып, тамактанса ашканада бирге болчу. Нурлан Шахзатты бир күнү үйүнө […]

READ MORE

Айгүл ШАРШЕН

Бакытка бөлөнгөн өмүр.

Tagged , Leave a Comment on Бакытка бөлөнгөн өмүр.

Зарылбек менен Анипа кайып каскагынан насиптери биригип үйлөнүп калышкан. Ата-энеси уул-келинине жакшы карап көтөрмөлөп эле жүрдү, бирок Анипа жеринен бош, илээнди болгондуктан Зарылбек бара-бара андан тажай баштады, анан калса кыял жоругу дагы […]

READ MORE

Айгүл ШАРШЕН

Мен сүйгөн асыл жан

Tagged , Leave a Comment on Мен сүйгөн асыл жан

Бул окуя кечээ эле болуп өткөн, анткени менин алты-жети жашымда болуп өткөн экен. Анда мен ойноо, эчтекени түшүнө элек баламын, эч нерсе эсиимде да жок, кийин чоң энемдин колунда чоңоюп ал карыган […]

READ MORE

Кенжебай НҮКӨШ

Бангизатка сатылган өмүр

Tagged Leave a Comment on Бангизатка сатылган өмүр

1 – бөлүм Анын кулагына аянычтуу кыйкырыктар угулду. Кыйкырык кечки шаардын бардык тарабынан келип аткандай болду: терезе артындагы шуулдаган машинелерден, алыс жактан чыңырган сигналдан, андан анча алыс эмес жердеги мечиттен азандын үнүнөн […]

READ MORE

Кенжебай НҮКӨШ

Кан койо бербейт

Tagged Leave a Comment on Кан койо бербейт

Машинемдин фарасынан чыккан жарык кыздын арык сөлөкөтүн караңгыдан сууруп алды. Боз юбка, кызгылт чыптама кийген кыз мени көрө койуп, бир колун көтөрө булгалап турган. Анын жанындагы эски «Ауди» машинеси акыркы жолу атам […]

READ MORE

Айгүл ШАРШЕН

Ынтымак

Tagged Leave a Comment on Ынтымак

Алмаз менен Чынгыз, Артиз үчөө бала кезинен достор, ата-энелери дагы катышып балдарынын достугуна кубанып калышат, үч үй-бүлөө тең бардар турушат. Алмаз абдан назик мүнөзү кыздардай жумшак, ак көңүл жигит, шаарда жашашат, Артиз […]

READ MORE

Айгүл ШАРШЕН

Табышмактуу тагдыр

Tagged Leave a Comment on Табышмактуу тагдыр

Гүласыл жалгыз кыз, атасы жашында өлгөндөн кийин Толкун кызын ойлонуп кайра турмушка чыккан жок. Гүласылды каалагандай багып өстүрдү, көздөрү бакырайган татынакай кыз болду, Толкун кызына ар дайым атасына окшош экенин айтат, үйдөгү […]

READ MORE