Интернет библиотека Жанызак@басма
Самое дешевое издание книги за счет автора! 
Ватсап +996777329784 | емейл: janyzak@mail.ru

Книга Тенгри писателя Орозобек АЙТЫМБЕТа

Теңир

Байыркы "кырк угус" же кыргыз элинин дүйнөнүн жаралышы жайындагы Тэңири аңызы кийин эчендеген элдердин аңызына, кечээ эле пайда болгон далай диндердин (зороастр, христиан, будда, ислам ж. б. ) ыйык окуусуна айланып кетти. Буга мындан алты-жети миң жыл мурда илгерки кырк угус элинен бөлүнүп кеткен сырдарыялык кеңгерликтер (шумерлер) эң ыңгайлуу шарт түздү. Алар өзүлөрү менен бирге тээ алыскы батыштагы эки дарыянын ортосуна (Тигр, Ефрат) жанагы "дүйнөнүн жаралышы" жөнүндөгү эң эзелки кыргыз аңызын ала кетти да, ошол аңыз кийин вавилондуктарга, арабдарга, еврейлерге, индиялыктарга ж. б. жайылды. А мезгил өтө, ал береги элдердин диний китептеринен орун алды.

Биздин эң байыркы бабаларыбыз "дүйнө үч катмардан турат" деп ишенген. Эң Жогоркусу - Көк (Асман) же Жарыкчылык, Ортоңкусу - Жер-суу же Тиричилик, Төмөнкүсү - Жер асты же Караңгылык. Бүт дүйнөнү жаратуучу Көкө Тэңири так ошол "эң жогорку" дүйнөгө тиешелүү болгон да, ал "тогуз катар асмандын үстүндө" турган.

Тэңири аңызга караганда, "Көкө Тэңири адегенде "төбөсү ачык көк" менен "төшү түктүү жерди" жараткандан кийин алардын ортосунда "киши баласы" пайда болгон". Мына ушул эң байыркы түрк аңызы кийин бүтүндөй дүйнө элдеринин аңызына айланып кетти да, бардык диний китептердин "дүйнөнүн жаралышы жөнүндөгү" түшүнүктөрүнүн негизин түздү.

Башка элдердин эзелки жылнаамаларында, анналдарында, санжыраларында: "байыркы түрктөр көп Кудайга сыйынган" деген бир ооз гана кабар берилет да, алар кайсы "Кудайлар" экендиги эч жерде эскерилбейт. Тек гана, ошол "илгерки түрктөрдүн асманга эки колун созуп, "Тэңирим… Тэңирим деп атканы" гана айтылат. "Алар аттан түшөт да, баш кийимин алып, курун мойнуна салып, эки колун асманга созуп, Жаратканга өзүнүн жоокердик тилинде сыйына баштайт".

Эзелки кыргыздардын ишеними боюнча "көк асман" бу дүйнөнүн "калпагы" болгон да, аякта "күндө күн", "айда ай" туулуп турган. Карысынан жашына чейин жоокер элде Күн Тэңир айрыкча кадырлангандыктан бардык боз үйлөр "таңкы ырыскыга толсун" деп чыгышты каратылып тигилген да, Күн Тэңир чыккан чыгыш жак "жогор жак" же "көкүрөк жак", а Күн баткан батыш тарап "аяк жак" же "төмөн жак" катары бааланган. Ошондуктан, Таласта (Алтайда) турган кара кыргыздар береги Ала-Тоону мекендеген кара кыргыздардан ар дайым жогору коюлуп келген. Алар "аяк алып ичээр" улук болгон.

Тарыхый түрктөр жөнүндөгү башка элдердин маалыматтарында: "Асмандагы "жети жылдыз" өзгөчө кадырланган". Бул жердеги "жети жылдыз" дегени жети жылдыздан турган Үркөр топ жылдызы го! Эски кыргыз аңыздарына караганда береги "жети жылдыз эжелүү-сиңдилүү жети кыз", а башкасында "агалуу-инилүү жети бир тууган". Байыркы кыргыздар так ушул Үркөр топ жылдызын башка жылдыздардан ар дайым жогору коюп келген, не дегенде, алар ай эсептерин береги Үркөр топ жылдызына карап тактап, "тогоолдорду" чыгарган. Эгин эгүү жана аны оруп-жыюу да алиги Үркөр топ жылдызынын абалына байланыштуу болгон. Айбанаттардын күүлөөсү жана теке менен кулжалардын чуркашы да дал ушул Үркөрдүн чыгышы менен батышына тыгыз байланышкан. Андыктан, жаралгандан мал менен өскөн эл Үркөрдү айрыкча кастарлаган. Ага арналып эчен ыр менен аңыздар айтылган. Анын биринде:

- Үркөр, Үркөр топ жылдыз,

Үркүп кайда барасың?

- Жоожелимге барамын!

- Жоожелимде эмнең бар?

- Аштык айдаар уулум бар,

Жибек согоор кызым бар, -

деп кетет. Байыркы кыргыздар башка жылдыздарга да арнап, ыр чыгарганы маалым, а Үркөргө арналган ыр менен аңыздар бир топ. Мына ушунун өзү береги топ жылдыздын эң эзелки жоокер элде айрыкча кадырланганын айгинелеп турса керек.

Экинчиден, эң илгерки кыргыздар мобу Чычкылуу жылдыз (Меркурий), Кызыл Чолпон (Марс), Каракүч эже Эшек кырган (Юпитер), Сары жылдыз (Сатурн), Сары Чолпон (Венера) жана Ай менен Күн береги Жерди айланып жүрөт деп ишенген. Ал эң көөнө заманда Ай менен Күн да жылдыздардын катарына кирген да, ушул жети жылдыз бир орунда турган Жерди айланып турат деп түшүнгөн. Жанагы байыркы кыргыздар кадырлаган "жети жылдыз" так ушул жети жылдыз да болушу мүмкүн, анткени, ал доордо Уран, Нептун, Плутон планеталары али ачыла элек болучу. Булардын кыргызча аттары болгон менен байыркы көчмөндөрдүн түшүнүгүндө алар аркы жалпы жылдыздарга тиешелүү эле… Мындан сырткары, алиги "жети жылдыз" тиги Чоң Жетиген менен Кичи Жетиген да болушу ыктымал, анткени, Чоң Жетигендин абалына карап туруп, байыркы бабаларыбыз түнкү маалды аныктаган эмеспи.

Жерди биздин эң байыркы бабалар оболу дүйнөнүн "төрт тарабы", "төрт бурчу" бар түздүк катары түшүнсө, алар, мезгилдин өтүшү менен гана же тээ Кан Кошой менен Кан Манастын доорунда гана Жердин береги Ай же Күн сыяктуу "тоголок" ("жердин өзү дөңгөлөк, жеткен жан келээр жөрмөлөп… " же "түшүп кетти Тереңге (Америкага ж. б. ) экенине көздөрү жеткен.

Бу жагынан алганда биздин бабалар дүйнөдөгү эң алгачкы материалисттер болгон. Алардын Тэңири ой-санаттары, үлгү-акылдары нукура турмуштан кандай алынса, булардын Жер жөнүндөгү түшүнүгү да аалам чындыгынан так ошондой алынган. Байыркы кыргыз билгелери: "Күн тоголок, Ай тоголок, Жылдыз тоголок болуп аткандан кийин Жер да тоголок" деген чечимге кэлген. Натыйжада, "Манастан": "Жердин өзү дөңгөлөк… " деген улуу саптар орун алган!

Көкө Тэңири калган Тэңирлердин эң башкы эгеси болгондуктан ага Чоңбий (каракан) баш болуп, жылыга бешинчи айдын орто ченинде күркүрөп аккан дарыянын боюнда жылкыдан курмандык чалып, бүткүл элдик сыйынуу өтүп турган. Көкө Тэңири жоокердик эге болгондуктан аны эл "шумдуктуудай алп, баатыр" же "тоодой дөө" түрүндө гана элестете алган. Батыш (алатоолук) түрктөрдө Көкө Тэңирге сыйынуу Кан Тэңир тоосунун этегинде өткөндүктөн курмандыкка чалынган малдын каны ошол тоонун этегине агызылып, союлган малдын башы менен териси шырыкка сайылып коюлган.

Көкө Тэңирдин калган Тэңирлерден бар болгон айырмасы анын "баатырдык башталышы" (героическое начало) эле. Ал бирден бир Жаратуучу, киши баласын ар кандай жамандыктан коргоочу же өч алуучу, жер бетиндеги бардык тиричиликти жөнгө салуучу жана киши тагдырын аныктоочу эге болгон. Көз жеткен жердеги бардык тиричиликти жана бүт дүйнөнү жараткан ошол го! Ал эми Умай эне - ургаачылык башталышты туюнтуп, Очок ээси жана түшүмдүүлүктүн эгеси катары саналган. Көкө Тэңири менен Умай эне, түпкү тегинде, жоокерлерди колдоочу эге болгондуктан бул экөө тең жоокер элдин ата-энеси катары кадырланган.

Ыйык жер-суу (идук йер-су) Ортоңку дүйнөгө тиешелүү болгон да, ал киши баласына тиричиликке керектүү нерсенин баарын берген жашоонун булагы катары бааланган. Жер-суу ырайымдуулук менен жазалоочу озуйпаны да, Ата-Журттун милдетин да аткарган. Ыйык тоого сыйынуу да Жер-сууга тиешелүү болгон. Андай Ыйык тоо Ку уул (Сол кары элинде "чаян" деген сөз "Жараткан" же "Тэңир" деген мааниде колдонулган, жанагы географиялык карталардагы "Саян тоосу" деген ат, түпкү тегинде, "Чаян тагы" (Тэңир Тоо) го, тек гана, береги "чаян" деген сөз орус тилине "саян" болуп өтүп калган, Ку уул тукумдары так ошол "Тэңир тоого" (Чаян тагына) сыйынган) жеринде, Кызыл уул мекенинде (Алтайдын батышындагы Тэңир тоо, ал "өлкөнүн колдоочусу" катары саналган), Ак уул жеринде (Чүйдөгү "Ыйык тоо" же "Тэңир тоо") да бар эле. Жер тайуу, суу тайуу, тоо тайуу өңдүү ырым-жырымдардын баары тең Суу, Тоо, Жер Тэңирлерине арналып өткөрүлүп, сыйынуу же жалбаруу сөздөрүнүн баары тең эң башкы эге - "Оо, Көкө Тэңири!" деген сөздөр менен башталган, демек, ошол ырым-жырымдардын эң башында Көкө Тэңири турган.

А "төмөнкү дүйнөнүн эгеси" - Жерлик кан (Эрлик кан) эле. Ал "Жети катар жер астында туруп", өлгөндөрдүн үстүнөн бийлик кылган же "өлүүлөр дүйнөсүн" башкарган. Бул өтө ырайымсыз, кайрымсыз, абдан каарлуу кан болгон. Кишилерди "тез өлтүрүүнүн эгеси" - Бөрт (Бөрү ит) анын жандоочусу эле. "Ала атчан жол эгеси" менен "кара атчан жол эгеси" Жерлик кандын элчилери болучу. Мындан сырткары, Жерлик канга жер астындагы жети эге да баш ийген. Алар Жерлик кандын бардык буйруктарын кыңк этпей аткарган. Эгелер эле… Оо, кийин, байыркы кеңгерликтер Сыр боюнан Эки дарыя ортосуна ооп кеткен соң "төмөнкү дүйнө" жөнүндөгү эң байыркы кыргыз аңызы тигилер аркылуу батыштагы башка элдерге тарап кеткен да, ал мурдагыдан да өркүндөтүлүп-өөрчүтүлүп, диний китептерден орун алган. Алардагы тиги дүйнөдөгү бейиш менен тозок, жан алуучу азирейил менен жебирейил ж. б. сыяктуу түшүнүктөр мына ушундайча пайда болгон. Түйүндөй айтканда, кийинки диндердин баарынын башаты Көкө Тэңирден келип чыккан, анын "Тэңири аңыздарында", "Тэңири жомокторунда", "Тэңири баяндарында", "Тэңири ой-санаттарында", "Тэңири үлгү-накылдарында" жаткан.

Эчендеген миң жылдыктар бою өзүнүн Көкө Тэңирине сыйынып келген биздин жоокер эл кийинки диндерге кечээ гана туш болду. Алардын таасири да бизде анчейин, бул диндер элибизге али да сиңелек, баары үстүрт. "Мусулманбыз" дегенибиз менен мусулман болуп деле жарытпадык. "Тэңир" деген сөздүн өзү биз үчүн "Кудай" же "Алла" дегенден алда канча кымбат турат. Андыктан, чоң жана кенже эпосторубуздагы каармандарга чейин, алардын башына иш түшкөндө ооздоруна пайгамбарлардын аттары кирбейт, алар, ир алды, "Көкө Тэңирге", "төбөсү ачык көккө", "төшү түктүү жерге", Ай-жылдыздарга, Күнгө жалынат! Ант бергенде да "төбөсү ачык көк урсун!", "төшү түктүү жер урсун!" деп ант берет. Алиги пайгамбарлардын атынан эзели ант бербейт. Ошондуктан, өткөн эле кылымда кыргыз жерине келген орус тыңчысы Ч. Валиханов: "Кара кыргыздардын Алласынын аты Көкө Тэңир (небо Бог)" деп жазса, М. Веньюков: "Кыргыздар башына иш түшкөндө бөлөк мусулмандар сыяктуу "Аллага" эмес, Көккө сыйынат" деп жазган эмеспи!

Санжыра-эпосубуздагы:

Ушул сөзүң чын болсо,

Айтканыңды кылбасам,

Төбөсү ачык Көк урсун!

Төшү түктүү Жер урсун!

Атагы урсун Таластын!

Арбагы урсун Манастын! -

деген саптар мунун ачык-айкын күбөсү эмеспи! Байыркы кыргыздар ант бергенде илгерки Ата-Мекени "Таластын (Алтайдын) атагына, Манастын арбагына" койот! Не дегенде, Манас (Асман) деген аттын өзү Көкө Тэңирдин жердеги синоними эмеспи! Биз аны ошондуктан "Тэңири Манас!" деп, баарынан ыйык тутабыз го!

Элибиздеги бардык ырыстуу нерселер Көкө Тэңирге ыйгарылган! Эл-журттун маңдайына бүткөн бүт жакшылык-жамандыгы Улуу Тэңирдин кудуретине чегерилген. Элибизде ушу күнгө дейре сакталып калган: "Тэңир берди!", "Тэңир буюрду!", "Тэңир жалгады!", "Тэңирдин эрки!", "Тэңирдин жазганы!" же "Тэңир, колдой көр!", "Тэңир, сактай көр!" же "Тэңир урду!", "Тэңир жазалады!" сыяктуу толуп жаткан ыйык сөздөр мына ушунун айныксыз далили болсо керек! Байыркы көчмөндөр уулдуу болсо да бул жакшылыкты Улуу Тэңирге тогоп, баласынын атын "Тэңирберди" койгон эмеспи!

Менин баамымда, Көкө Тэңири демейдеги дин эмес, андан да зор Дүйнө! Мен аны бул жерде шарттуу түрдө гана дин деп олтурам. А чындыгында ал дин деген баягы түшүнүккө сыйбай турган, анын чегинен эбак чыгып, кыргыздын бүтүндөй өмүрүнө айланып кеткен, андан да терең, андан да кең, андан да чексиз, андан да бийик дүйнө! Ал биздин элде тээ эң байыркы доорлордо эле калыптанып, эзелки кыргыздардын күндөлүк тиричилигине, тилине, дилине, ой-кыялына, каада-салтына, жашоо-шартына эбак сиңип кеткен. Анын асыл ой-санаттары адепки табигаттын өзүндөй кол тийгис, көккашка сууларындай мөпмөлтүр, Ала-Тоонун абасындай таптаза, Бай-Көлү менен Ысык-Көлүндөй өтө терең, Кан Тэңириндей абдан бийик улуу руханий Дүйнө! Адам менен табигаттын бири-биринен ажырагыстыгы - бир бүтүндүгү жайындагы ыйык ой, ыйык дүйнөтааным. Ал Кыргыз жашоо-тиричилиги менен жоокердик өмүрүнүн дал өзүнөн келип чыккан, турмуш сыноосунан эбак ийгиликтүү өткөн Улуу Ой, Улуу Дүйнө! Кыргыз үчүн ал баары! Бүт баары! Көкө Тэңири - Өмүр! Улук Өмүр! Кыргыз Өмүрү!!!

Мен мындан ары "Көкө Тэңири дини" деп айтып атканда, окурмандар да аны шарттуу түрдө гана кабыл алып, азыркы айтылгандарды эстерине бе-ек тутуулары зарыл…

Көкө Тэңирдин алгачкы ой-санаттарынын, үлгү сөздөрүнүн, осуят-насыяттарынын пайда болуусу тээ эң байыркы энелик доордо башталып, андан соң аталык же тарых тили менен айтканда, патриархалдык-уруучулук доордо биротоло калыптанган. А энелик доор дегенибиз жогорку палеолиттен өнүккөн неолитке чейинки тарыхтын өтө узак мезгилинин кучагына алган же адам коомунун тарыхындагы алгачкы адам тобунан (палеолит же алгачкы таш доору, мындан 2 млн. жыл мурда башталган) кийинки аялдар үстөмдүк кылган алгачкы коомдук түзүлүш го! Ал палеолиттин аягы же мезолиттин (орто таш доору, мындан 15-20 миң жыл мурда) баш ченинен тартып өзүнүн гүлдөө дооруна жетип, неолит (жаңы таш доору, мындан 8 миң жыл мурда) мезгилине дейре уланган алгачкы коомдук түзүлүш эмеспи! Мындан соң энелик доордун ордуна аталык доор келет да, анын аябай гүлдөгөн мезгили коло жана алгачкы темир дооруна дал келет. Байыркы кырк угус эли энелик доордо Умай энеге гана сыйынса, аталык доордо Көкө Тэңирге гана табынган же тактап айтканда, энелик доордо Умай эне баш болгон Көк (Аба) Тэңири, Күн Тэңири, Ай Тэңири, Жол (Жылдыз) Тэңири, Жер Тэңири, Суу Тэңири, Тоо Тэңири, Кан (Согуш) Тэңири деген тогуз Тэңирге сыйынса, аталык доордо Көкө Тэңири баш болгон Умай эне (Очок Тэңири - Ыйык эне же бүткүл жандуу жарандардын энеси), Күн Тэңири, Ай Тэңири, Жол (Жылдыз) Тэңири, Жер Тэңири, Суу Тэңири, Тоо Тэңири, Кан (Согуш) Тэңири аттуу тогуз Тэңирге табынган экен! Тек гана, аталык доордо Көкө Тэңири береги Тэңирлердин эң башкысы катары урматталган жана ардакталган. Андыктан, эзелки кыргыздар асманда жайгашкан Көк, Күн, Ай, Жылдыз Тэңирлерди өтө ыйык тутуп, Көкө Тэңири деп атаган го! Эл да асманга кол созуп, сыйына баштаганда эң алгачкы табынуу сөзүн: "Оо Көкө Тэңир!" деп баштаган эмеспи! А Көкө Тэңири (Асман Тэңири) бүт дүйнөгө (космоско же ааламга) өмүр, тиричилик берген кудурет катары баалангандыктан байыркы кыргыздар Көктү (Асманды) - Ата - Өмүр деп тааныган го! Калган Тэңирлер ошол Көкө Тэңирдин кудурети астында болгонун кантип жашырабыз?! Байыркы көчмөндөр Көк (Аба) Тэңирине, Күн Тэңирине (Күнгө), Ай Тэңирине (Айга), Жол Тэңирине (Жылдыздарга), Жер Тэңирине (Жерге), Суу Тэңирине (Сууга), Тоо Тэңирине (Тоого), Кан (Согуш) Тэңирине сыйына баштаганда, ошол Тэңирлердин айгаптасында, сөзсүз түрдө, баарынан улук Көкө Тэңири турган. Ошондуктан, байыркы кыргыздар же тарых тили менен айтканда, эзелки тарыхый түрктөрдүн эң алгачкы сыйынуу сөзү: "Оо, Көкө Тэңир!" болгон эмеспи! Айталык, жыл түшүмдүү болсо экен деп Жер тайыганда же жыл жаанчыл, суулуу болгой эле деп суу тайыганда эл табынуу сөзүн: "О, Көкө Тэңир!" деп баштаган го! Кантсе да, Көк Тэңири, Күн Тэңири, Ай Тэңири, Жылдыз Тэңири деген Тэңирлер алиги Көкө Тэңирдин көктөгү синонимдери эле! Көкө Тэңирге сыйынган эл жаңы чыгып келаткан Күндү тогуз жолу жүгүнүп тосуп алган да, ошо жүгүнгөн сайын "Оо, Көкө Тэңири! Бүгүнкү Күндү байгер кыла көр! Мал-жанга тынчтык бере көр! Молчулук менен токчулук бере көр!" деген өңдүү тогуз тилек айткан. Мында, бир эскерте кетчү нерсе, Күн Тэңирине тогуздан да көп жүгүнүп, тогуздан да көп тилек айтса боло берген, бирок, байыркы кыргыз баласы Күнгө тогуздан кем жүгүнгөн эмес, ашса ашкан, эзели кемибеген. Мында, ар ким Көкө Тэңирге өз кара башына гана тиешелүү тилек-мүдөөлөрүн да билдирүүгө акысы бар эле. А Ай Тэңирине сыйынганда эл жаңыдан туулган айга да тогуз же үч жолу жүгүнүп, "Оо, Көкө Тэңири! Айдан аман, жылдан эсен кыла көр! Мал-жанга тынчтык бере көр! Молчулук менен токчулук жаадыра көр!" деген сыяктуу тогуз тилек тилеген. Эгерде эл Күнгө күн сайын таң менен тогуз жолу жүгүнүп, тогуз тилек айтып тосуп алып, а батып баратканында аны жүгүнүп узатса, Айга Ай жаңырганда гана бир жолу табынган. Ал эми Жыздыздарга эл чоң жолго чыгаарда гана сыйынса, алиги жол ийгиликтүү аяктаган соң дагы бир жолу табынган, не дегенде, алар түнкүсүн жол багытын так ошол жылдыздарга карап аныктаган го! Мында да байыркы көчмөндөр өзүлөрү ыйык туткан жылдыздарга тогуз жолу жүгүнүп, тогуз тилегин билдирген. Алиги "Асман - Ата-Өмүр" деген касиеттүү түшүнүк Көк Тэңирден сырткары Күнгө, Айга, Жылдыздарга да тиешелүү болгон. Алар Жердеги бардык мал-жанга өмүр берчү кудурет катары таанылган.

Ал эми "Жер - Эне - Өлүм" деген түшүнүк жердеги тиричиликке байланыштуу келип чыкканы шексиз. Эл алиги Жер Тэңирине табынып жер тайыганда, Суу Тэңирине табынып суу тайыганда, Тоо Тэңирине табынып тоо тайыганда алар Көкө Тэңирден өзүлөрүнүн тиричилигине байланыштуу: "Оо, Көкө Тэңир, быйыл жылды жакшы кыла көр! Мол түшүм бере көр! Жакшы түшүм үчүн жаан менен сууңду аяба! О, Улуу Тоо, аңчылыктын жолун ач, бизден кайберениңди катпа! Элди от менен отундан кемчил кыла көрбө!" деген өңдүү тилектерин билдирген. Бул - "Жер-Эне" деген түшүнүккө шайкеш келген, не дегенде, береги жарыкчылыкта жер бетиндеги бардык мал-жанды, ар түркүн айбанаттар менен аңдарды, ар кандай канаттуулар менен куштарды баккан Жер го! Андыктан, төшү түктүү жер бардык жандуунун энеси катары таанылган да, "Жер - Эне" деген түшүнүктүн келип чыгышын шарттаган. Сөз жок, Жер Тэңири, Суу Тэңири, Тоо Тэңири, Кан Тэңири алиги Көкө Тэңирдин жердеги символдору болгон!

Чоң Жортуулдун алдында Кан (Согуш) Тэңири менен Жол (Жылдыз) Тэңирине сыйынган эл береги Тэңирлерге жылкыдан курмандык чалып, кайра эле: "Оо, Көкө Тэңир, туулдум - өлдүм, тутандым - өчтүм! Ушул үлкөн чапкында бизди ийгилик жылоолосун, өзүң колдой көр! Мобу узак да азап жолдо өзүң жар (жолдош) боло көр!" деп, асмандагы ыйык жылдыздарга тогуз жолу жүгүнүп, тогуз тилегин билдирген. Мында да, байыркы кыргыз жоокери жеке керт башына келгенде: "Жаздыкта өлгөн жаманат, согушта өлгөн салтанат! Мага алдыдагы урушта баатырдык өлүм бере көр!" деп тиленген. Бул ошо замандагы эзелки кыргыз жоокеринин ар биринин асыл тилеги, үмүтү, көздөгөн максаты эле. Ар бир жоокер кандай гана урушта болбосун чексиз баатырдык кылгысы, баатырларча өлгүсү, эли-жерин даңкка бөлөгүсү келүүчү. Демек, Жер, Суу, Тоо, Чоку (Кан) алиги Көкө Тэңирдин жердеги символдору болсо, улуу касиеттүү Умай Эне береги Көкө Тэңирдин жанагы Көк (Асман - Ата - Өмүр) менен Жерди (Жер- Эне - Өлүм) туташтырып турган өзгөчө Тэңири эле же Көктөгү төрт Тэңир (Көк, Күн, Ай, Жылдыз) менен Жердеги төрт Тэңирди (Жер, Суу, Тоо, Чоку) туташтырып турган өзгөчө Тэңир болгон (4+1+4) же Умай Эне тээтиги Көккө да, Жерге да тиешелүү эле. Андыктан, ал асманда да уча алган, жерде да жүрө алган! А аты чуулуу Согуш Тэңири тиги Улуу Асман менен ашташып жаткан Жер бетиндеги эң бийик чокуга жайгашкан да, учу асман тилген ошо Чоку же Асмандын эмчегин ээмп турган алиги ыйык Чоку Кан Тэңири аталган! Жанагы "Жер - Эне - Өлүм" деген байыркы кыргыздардын (нукура түрктөрдүн) асыл түшүнүгү да мына ушундан улам келип чыккан! "Асман - Ата - Өмүр" берсе, ичээр суусу түгөнгөн кулунун "Жер - Эне - Өлүм" өз кучагына алган. Алиги илгерки кыргыздардын "туулдум - өлдүм, тутандым - өчтүм" деген бүтүмү, эч айныбай келип, так ушул "Жер-Эне - Өлүмгө" тыгыз байланышкан же бу жарыкчылыкка келген киши өз өмүрүн Көктөн же Асман - Ата - Өмүрдөн алса, туулгандан көзү өткөнгө чейин Жер - Эненин төшүндө тиричилик кылып, ичээр суусу бүткөндө төшү түктүү жердин кучагында калган. Ошентип, ал "жыгач (от) бешиктен" алиги "топурак бешикке" өткөн.

Тээ, аталык доор башталалекте, байыркы кыргыздар, азыр эле мен айткандай Умай Энеге сыйынган же ал заман, тарых тили менен айтканда, адамзат тарыхындагы эң алгачкы энелик коом эле. Ал доордо эзелки кыргыздар табынуунун эң алгачкы сөзүн да: "О, Тэңири Умай Эне!" деп баштаган. А Тэңири Умай Эне илгерки көчмөндөрдүн түшүнүгүндө Көктө турган Ыйык Эге болгон. Ал Ыйык эге жер балдарына ар дайым асмандан чүрөк болуп учуп келип-кетип турат деген ишеним бар эле. Биздин элдеги ак кууну ыйык тутуу да ушул энелик доордон калган. Илгерки кыргыздар ошо улуу Көккө колун созуп: "О, Тэңири Умай Эне, бүгүнкү күндү бардар кыла көр! Мал-жанга тынчтык бере көр!" ж. б. деген тилектерин айткан. А качан гана энелик доор алиги аталык доорго жол берген соң байыркы кыргыздар эми Умай Энеге да, Көкө Тэңирге да бирдей сыйынып калган. Тек гана, мурда Умай Эне бүтүндөй эл-журттун бирден бир энеси, ага өмүр менен тиричилик берүүчүсү же Жараткандын өзү болсо, аталык доор келип, уруу башындагы эң башкы бийлик Энеден алиги Атага өткөн соң, Умай Эне эми кишинин кыялындагы өтө аруу, асыл аялдын эң мыкты сапаттарын алып жүргөн ыйык кереметке айланган да, ал үй очогунун ээси, балдардын колдоочусу, киши тукумун сактоочу, ак чачып аны ар кандай жамандыктан коргоочу Эне ( Очок же Ыйык От) Тэңири болуп калган. Ата Тэңири эми мурдагы Тэңири Умай Эненин бардык рухий жана духовный сапаттары менен касиеттерин алып жүргөн Көкө Тэңирге айланган. Эми, эзелки кыргыз баласы Умай Энеге сыйынганда кебин: "О, Улук Умай Эне!" деп баштаса, Көкө Тэңирге табынганда сөзүн: "Оо, улук Көкө Тэңир!" деп баштаган. Демек, "Тэңири Умай Эне" деген түшүнүктөн Эне Тэңири - Умай Эне, Ата Тэңири - Көкө Тэңир келип чыккан да, биринчиси кыялдагы асыл эненин эң мыкты сапаттарын алып жүрсө, экинчиси кыялдагы атанын эң ыйык касиеттерин алып жүргөн Тэңирге айланган. Бала сыркоолоп калса энелер Көкө Тэңирге эмес, ошо Умай энеге жалбарып сыйынган. А эң ири табынуулар, эми, албетте, Көкө Тэңирге арналган да, ошонун айгаптасында Көк Тэңири баш болгон Күн Тэңири, Ай Тэңири, Жылдыз Тэңири, Жер Тэңири, Суу Тэңири, Тоо Тэңири, Кан Тэңири турган!

Байыркы түрктөр Умай Эненин элесин "үч мүйүздүү баш кийимчен жана жеңсиз жамынма аппак көйнөкчөн" келбетинде тарткан жана элестеткен жери бар. Мындагы "үч мүйүзү" кара кыргыздардын саясий-согуштук үч ири тобун же Ак уул (Отуз уул), Кызыл уул (Ичкилик), Ку уул жааттарын туюнтуп, тиги "үч мүйүз" алардын согуштук жактан аябай толуп-ташып турган чагын айгинелеген. Умай эненин баш кийиминдеги "үч мүйүз" байыркы кыргыздардын согуштук символу да болучу, не дегенде, Умай эне менен Көкө Тэңири ал заманда жоокерлерди коргоочу эгелер эле. О, кийин, береги Умай эненин баш кийиминдеги "үч мүйүздөн" улам "бугу эне" жайындагы ар түркүн ыйык аңыздар келип чыккан. Бугу байыркы тарыхый түрктөр (кара кыргыздар) тарабынан аябай кадырлангандыктан, бул алардын бир уруусунун тотемине (бир уруусунун атына) да айланып кеткен эмеспи! Ал эми бул таптакыр башка кеп го, өзүнчө сөз кылууга арзый турган өтө чоң такырып эмеспи!

Түйүндөй айтканда, биздин элдин эзелки түшүнүгүндө, Көкө Тэңири башында турган Жогорку (Асмандагы) дүйнө же Жарыкчылык (Көк, Күн, Ай, Жылдыз) менен Жерлик кан башында турган жер астындагы Жети Эге же Төмөнкү дүйнө алиги Орто дүйнөнүн же Жер бетиндеги Тиричиликтин кызыкчылыгы үчүн кызмат кылган. Жогорку дүйнө Жер бетин Нур, Жылуулук, Аба, Жаан-чачын ж. б. менен камсыз кылса, Төмөнкү дүйнө сууга чаңкаган жерлерге булак оргуштатып, какырларга суу чыгарып, тоо-талааны көктөтүп турган. Жогорку дүйнө менен Төмөнкү дүйнөдөн мына ушундай колдоо алган Ортоңку дүйнө өз жан-жаныбарлары менен Жер бетинде Улуу Тиричилик кылган! А төшү түктүү Жер бети ар түркүн жапайы айбанаттарга, аң-илбээсиндерге өтө бай болгон. Жер балдары береги жапайы айбандарды мал кылып, жер жыртып эгин эгип, аңчылык кылып, тирилик кылган.

Ушул жерден аябай баса белгилей кетүүчү нерсе, Жоокерлер Көкө Тэңирге (Көккө, Күнгө, Айга, Жылдызга, Канга) сыйынганда ал жерде ургаачылар менен бакшылар болгон эмес же берегидей табынууларга ургаачылар менен бакшылардын келишине тыюу салынган, анткени, береги табынуулар Жоокердик Улуу табынуулар эле. Аялдар менен бакшылар жалпы эл чогулган Жер Тэңирине арналып жер тайыганда, Суу Тэңирине арналып суу тайыганда, Тоо Тэңирине арналып тоо тайыганда гана катыша алган. Андай тайууларда майда жандыктар да союлуп, Жер, Суу, Тоо-ташка кымыз, сүт, айран, боорсок менен мыкты эттер аталган. Ал эми Көк, Күн, Ай, Жылдыз, Кан Тэңирлерге жылкыдан гана курмандык чалынган да, алар Жоокердик Тэңирлер катары абдан катуу урматталган. Жылкы баласы мал эсебине кирген менен ал баатырдын жан-жолдошу катары да саналат го, ал да кандайдыр бир деңгээлде Жоокер го, тиги Жоокердик Тэңирлерге ошо жылкыдан гана курмандык чалынган. Бул улуу салт бизге тээ эң байыркы ата-бабалардан калган. Береги Жоокердик Тэңирлерге майда жандыктан курмандык чалуу салтта жок нерсе болгон. Ал эми Умай Энеге ири малдан да, майда жандыктардан да бирдей аталган…

Биздин элде тогуз деген сан күнү бүгүнкүгө дейре ыйык бойдон калды го! Ал да береги тогуз Тэңирге тогуз жолу жүгүнүп, тогуз тилек айтуудан улам келип чыкты. Элибиздеги алиги төрт түлүктөн тогуздап калың же энчи берүү, айып тартуу же кун төлөө, салык салуу же союш берүү, түпкү тегинде келип, жанагы тогуз токоч Тэңирге сыйынуудан улам пайда болду. Айталык, калыңга тогуз жылкы берилсе бирөө Көк Тэңирге, экинчиси Умай Энеге, үчүнчүсү Күн Тэңирге, төртүнчүсү Ай Тэңирге, бешинчиси Жылдыз Тэңирге, алтынчысы Жер Тэңирге, жетинчиси Суу Тэңирге, сегизинчиси Тоо Тэңирге, тогузунчусу Кан Тэңирге арналган да, мунун түбүндө жаш жубайларга "Телегейиңер тегиз болсун!" деген гана алкоо жаткан. А эгер, айыпка жыгылып, тогуздап кун төлөсө анда ал тогуз малдын артында береги тогуз Тэңирден кечирим суроо салты турган. А эгер, элге төө баштаган тогуздан чыгым же салык салынса, мында да алдыда болчу ашта же кандайдыр бир чогулушта жанагы тогуз Тэңирдин алдынан өтүү ырым-жырымы жаткан. Эгер, киши кандайдыр бир кырсыктан аман калса да тогуз токоч жасап, жанагы тогуз Тэңирге сыйынуу салты орун алган. Бала сыркоолоп айыкса да тогуз токоч атоо салты болгон. Айтор, тогуз токоч атоо ырымы-жырымы көчмөн элдин тиричилигинен абдан бекем орун алган. Мындан сырткары элибизде тогуз токоч жасоо ырасмиси баланын туулган күнүндө да жасалган да, Умай Энеге арналып, балага байланыштуу ага тогуз тилек айтып табынып, бата кылып, сыртта ойноп жүргөн балдарга таратылып берилген. Эгерде, баласы токтобой жүрүп уулдуу болсо, аны ошол айылдагы ымыркайлуу келинге берип, анын эмчегин эмиздирип, кырк күндөн кийин гана барып, кайра "сатып алган". Баасы тогуз буюмдан же тогуз малдан турган. Мында да, алиги тогуз Тэңирдин алдынан өтүү дасмиясы жаткан. Кыз төрөлгөндө тогуз күнү той берүү салтынын ары жагында да жанагы тогуз Тэңирге ыраазычылык билдирүү белгиси турган! Тогуз деген сан каймана мааниде да, түз маанисинде да алиги тогуз Тэңирди туюнткан.

Даңазалуу санжырачы Тоголок Молдо мындай бир өтө кундуу тарыхый маалыматты берет: "Угус кан (Тэңири Манас - О. А. ), анын уулу Кыргызкан. Атактуу Кыргыз кан заманында бүтүндөй түрккө Адил кан (бул жерде V кылымда Эдил-Жайык тараптагы батыш кыргыздарга кан болгон Адил баатыр же Адил кан (Атилла) жөнүндө сөз болуп атат - О. А. ) болуп турган. Күндөрдүн биринде салтанаттуу тактысында олтуруп, көңүлүнө касиеттүү пикир түштү: "Бабам Түрктөн тартып өзүмө чейин сегиз атам кан болду, өзүм менен тогуз кан, бул тогуз канды куттуктап той беремин!" деп, калкын жыйып, чоң той берди. Тойго тамаша мөөрөйдү арбын койду. Ар кандай мөөрөйгө тогуз малдан берди. Ошондон тартып, тогуздап мал берүү биздин түркүгө нуска болуп калды. Өзгөчө өзүбүздүн кыргызга (тарыхый түрктөргө - О. А. ). Кудалык, достук тууралуу бирөөгө мал берсе - тогуздап берет. Кыз берсе, тогуз күн тойлотуп берет. Кыргызда тогуздап иш жүргүзүү расми тээ эң байыркы замандан калган!" (Кыргыз санжырасы, Б., 1994, 90 б. ). Тогуз атка байге саюу, канга тогуздап тартуу менен баруу ("хан тартуусу тогуз" деген ой-санат бар го) жана илгерки катындар элечегин тогуз кабат кылып оронуу адетинде да тогуз Тэңирди урматтоо салты жатат!

Жаңы Жылдык "чоң көжө" тогуз түрлүү дандан жасалат, мында да береги ашты тогуз Тэңирге арноо дасмиясы туруп атат. Байыркы кыргыздар тогуз Тэңирдин урматына ырым кылып "тогус угус" же тогуз уруу (эски кытай санжыраларында "цзю-и", арап-перс жазмаларында "тогуз-гуз") бирикмелерин түзүүнү салт кылып алган. Көп жол тогошкон жерди да биздин эл "тогуз жолдун тоому" деп коет. Алар өзүлөрүнүн бир улуттук оюнун да "тогуз коргоол" деп атап алган! Байкап отурсаң, берегилерде да тогуз Тэңирди кадыр тутуу каадасы жатат же илгерки ата-бабаларыбыз сыйынган тогуз Тэңирдин элеси туруп атат!

Биздин элде тээ байыркы бабаларыбыз Чоң Чапкындарга аттанганда тогуздап туу көтөрүү салты болгон! Айталык, Ак уул (Отуз уул) жаатынын өзүнүн он эки көк (ак) асабасы, Кызыл уул (Ичкилик) тарабынын он эки кызыл асабасы, Ку уул (Сол) аскеринин он алты (он сегиз) жашыл асабасынан тышкары ошол үч ири согуштук топтун ар биринин эң алдында жүргөн дагы тогуздан көк (ак), кызыл, жашыл асабалар болгон! Ошол асабалардын ар биринин туу жыгачына, ал-күчкө толгондуктун белгиси катары, топоздун чачылуу тогуздан куйругу байланган! Мында да, байыркы Жоокер Көчмөндөрдүн алиги тогуз Тэңирине болгон абдан зор илтипаты жаткан!

Ал эми "Угус кан" (Манас) дастанында ал чоң жортуулдан кайтып келип Жеңиш тоюн бергенде "тогуз жүз жылкы, тогуз миң кой сойду, тогузга арак, токсонуна кымыз толтуртту, булгаарыдан токсон тогуз абиз кылдырды" деп атат го, буердеги "тогуз" деген сандардын артында да алиги тогуз Тэңирге өтө зор ыраазылык билдирүү расмиси жаткан!

Байыркы Кара Кыргыздардын улуттук салтында Чоңбий (кийин Каракан) эң башкы бийликке көтөрүлүп атканда кырк чоросу аны аппак кийизге салып, казганактап турган элди күн жүрүш багытында тогуз жолу айлантып өткөн. Ошо өз тушунан өткөн сайын уруу башчылары менен билгелер, аксакалдар менен баатырлар, кандар менен бийлер чоң бийликке көтөрүлүп аткан эгеге жүгүнүп, таазим этип турган. Мында да Тогуз Тэңирге жүгүнүү, таазим этүү салты жаткан.

Ошо илгерки заманда бий менен бий, кан менен кан, баатыр менен баатыр достошкондо же жакшылыкка арналган кандайдыр бир ысык ымала түзгөндө бири-бирине тогуз бүркүт же тогуз шумкар, тогуз куш же тогуз күлүк тартуулоо салты болгон. Чыңгыс кан Ала-Тоодогу түрктөрдүн эгеси Ырыс кан менен достук ымала түзгөндө ал берегиге тогуз кыз менен тогуз шумкар тартуулаган жери бар. Мында да, Чыңгыс кан менен Ырыс кандын достугу алиги Тогуз Тэңирдин атынан жүргөн.

Ушу Чыңгыс кан өз күнөөлөрүн жууш үчүн Көкө Тэңирге курмандык чалганда ал курун чечип, мойнуна салып, тебетейин алып, аны менен өзүнүн төшүн ургулап,

турган жерине тогуз жолу тизелеп, айланасына кымыз чачкан экен. Мындагы, тогуз жолу чөгөлөгөнү - жанагы Тогуз Тэңирден кечирим сураганы, айланасына кымыз чачканы - кымыздай агарайын дегени!

Чыңгыс кан да чапкынга чыкканда аппак асабасына топоздун тогуз куйругун байлаткан экен. А бул түбү түптүү салт ага тээ эң байыркы кыргыздардан калган!

"Купуя санжырада": "Чыңгыс кан өз жакындарынын "тогуз тентектигин" кечирээри" жазылган. (1941. 205, 211, 219). Бул жерде Чыңгыс кан өз туугандарынын "тогуз тентектигин" Тэңирдин атынан кечирээри каймана түрүндө болсо да туюндурулуп атат. Ал заманда бакшыларга (камга) тил тийгизгендиги үчүн айыпкер "бир тогуз", же "беш тогуз", а кээде "тогуз тогуз" айыпка жыгылган учурлары бар. Бакшы пантеонундагы Чолпон-Тэңири менен Бука-нойондун "тогуз кызы" болгон да, алар тигилердин аңыздарына караганда "асман балдарына" турмушка чыккан. Бакшылардын чоң курмандыгына алар "тогуз даярдык" менен барган да, Асман, Жер жана үй-жай эгелерине (духтарына) тогуз чуңкурчасы бар ыйык кашык менен кымыз чачкан. Мында да алиги тогуз Тэңирдин астынан өтүү, аны сыйлоо салты жаткан.

Байыркы кыргыздар, адам жүзүндөгү "тогуз мең" анын тагдырына оң таасир этет деп ишенген да, ушуга байланыштуу бир топ ырым-жырымдарды өтөгөн. Алар бирөөгө тартуу берсе да "тогуздап" берген. Салыкка төлөгөн бир ак төө менен сегиз ак (кызыл) атты алар "тогуз ак" деп атаган. Аш менен тойлордо эки тараптан тогуздан балбан чыгып, тогуз айлантып күрөшүү салты да бар эле. Эң ири аштарда балбан күрөшкө баш-аягы миңден ашык балбан чыгып, утулганы мелдештен чыга берип, экинчи айлампага балбандардын теңи калып, андан үчүнчү айлампага да теңи калып, а тогузунчу айлампадан кийин маарага эки гана балбан чыгып, ошонун жеңгени "Көкө дөө" (Асман Дөө же Жеңилбес Дөө) атыккан! Тогуз айлампалуу бул күрөштө да тогуз Тэңирди ардактоо жөрөлгөсү турган!

Эзелки кыргыздардын тогузунчу айдын тогузунчу күнүндө Көкө Тэңирге, Жерге, ата-баба арбагына багыштап, тогуздап курмандык чалып, алар ошо күнү Көкө Тэңирден мал-жандын жалпы эсенчилигин тилеген, андыктан, береги үч духка арналып "ак чачуу" (кымыз чачуу) ырым-жырымы өтөлгөн да, ага "тогуз жандык" (бир аппак ат менен сегиз аппак кой), түркүн түстүү жибек тасма байланган тогуз жебе, ак койдун жүнүнө оролгон тогуз машак керектелген. Дасторконго тогуз түрлүү аш коюлган. Мында мал-жаныбыз артсын, жоокерчилигибиз күчөсүн, дыйканчылыгыбыз өссүн деген асыл тилек жаткан да, мунун акыр түбү да жанагы тогуз Тэңирдин алдынан өтүү салтына барып такалган. Биздин байыркы элде "тогуз канат боз үй" тигүү да салты болгон, анда да тогуз Тэңирди сыйлоонун изи жаткан.

Мына ошол тогуз Тэңирге сыйынган ашкан жоокер элди булардан чабылган башка журттар тээ эң көөнө доорлордо, "тогуз баштуу желмогузга же ажыдаарга" теңеген учурлары бар. Илгерки кытайлар так ошол "тогуз баштуу желмогуздан" сактануу үчүн өзүнчөле толгон-токой ырым-жырымдарды аткарган учурлары кездешет. Ал бүгүнкү күнгө дейре сакталып калган. Кийин ал кытай элинин эски жомоктору менен аңыздарында гана калган. Эзелки линг (тибет) элинде да "тогуздан аман калуу" ырым-жырымдары өтөлгөн. Ошентип, тогуз Тэңирге сыйынган байыркы баатыр көчмөндөр бардык чыгыш элдеринде тээ эң эзелки замандарда "тогуз баштуу желмогуз менен ажыдаарга" салыштырылып, аңыз кылынган учурлары аз эмес. Ошол аңыздар кийин адам ишенбей турган мифке айланган…

Кара кыргызда "тогуз" деген гана эмес, "жети" деген сан да аябай кадыр тутулган эмеспи!

Элибизде бала төрөлгөндөн жети күндөн кийин бешикке салуу (бешик той) өтөт го, мында да ошо той өтүп аткан жердеги эң кары да урматтуу байбиче баланы колуна алып, Умай энеге жети жолу жүгүнүп, ошо жүгүнгөн сайын: "Оо, касиеттүү Умай эне, жарык дүйнөгө келген береги кулунуңа узун өмүр, кең таалай бере көр" деген өңдүү ар түркүн жети тилек айтып, анан ымыркайды бешикке салган.

Эгерде, чындыкты бетке айта турган болсок, бу дүйнөнү жана бардык жандууну Көкө Тэңир жараткан! Анын экинчи аты ошон үчүн Жараткан! Ал береги дүйнө менен жан-жаныбарлардын үстүнөн болгон эгелигин өзүнүн жети Тэңири аркылуу жүргүзүп келген. Алар - Көк (аба), Күн (от), Ай, Жылдыз, Жер, Суу, Тоо-таш (талаа)! Биздин элдеги жети деген сандын дагы бир ыйыктыгы мына ушунда жатса керек! Береги жети материясыз - жашоо жок! Бирөө кемисе - ал токтоосуз өлүм же кыйроо! Бу жерде же баланы бешикке салууда - аны Улуу Өмүргө узатууда так ушул жети кереметке - адамзатка Өмүр же Жарыкчылык берчү жети Тэңирге таазим этүү, жүгүнүү салты жаткан!

Илимде дүйнөдөгү жан-жаныбарлардын жөнөкөй клеткалуулардан келип чыгаары эбак далилденген го! Мында береги жети материянын ролун айттык не, айтпадык не! Бул жети материя тээ эң байыркы замандарда "Жетиата" - "Жети жаратуучу" катары таанылса керек. Ал кийин гана, арадан узак мезгилдин өтүшү менен кадимки "Жетиатага" (жети атаңды саначы!) айланып кеткен түрү бар. "Жетиата" мында да Ыйыкка айланган!

Ал эми дүйнөдөн кайткан маркумга үч жана жети күндөн кийин "үчүлүк", "жетилик" берүү салты, эч айныбай келип, Караңгылыктын эгеси Айга жана Жерлик кан башында турган жер астындагы жети эгеге арналган. "Үчүлүк" киши дүйнөдөн кайткандан үч күндөн кийин өтүлүп, "үчүлүккө" курмандыкка чалынуучу малга бата кылгандар: "Оо, караңгылык эгеси - касиеттүү Ай, пендең дүйнөдөн кайтып, ал түбөлүк караңгылыктан жай тапты. Анын бу жарыкчылыктагы кетирген күнөөлөрүн кече көр! Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко кыла көр!.. " деген өңдүү өтүнүч-тилектерин айтып, жалбарган да, "үчүлүккө" багышталган малды Караңгылык эгеси Айга арнап курмандыкка чалган да, анан, Айга багыштап үч жолу жүгүнгөн. Жанагы жаңы Ай жаңырганда ага тогуз же үч жолу жүгүнүп, таазим этүү салты да бизге мына ушундан калса керек. А ыраматылыкка "жетилик" берүү алиги жер астындагы Жети Эгенин алдынан өтүү деген болгон. Тээ байыркы замандарда "жетиликке" курмандыкка чалынуучу малга бата кылаарда журт эгеси алакан жайып: "Оо, жер астындагы Жети Эге, дүйнөдөн кайткан пендеңдин бу жарыкчылыкта кетирген күнөөлөрүн кечире көр! Ага тынч топурак буюра көр!.. " деген өңдүү өтүнүчтөрүн айтып, кийин тиги малды мобу Жети Эгеге арнап, курмандыкка чалдырган. Курмандык малга бата кылгандардын баары тең өлгөн кишиге жер астында тынчтык тилеп, Жерлик кан башында турган Жети Эгеге жалбаарып, берегидей өтүнүч-тилектерди айткан.

Ал эми "кырк" деген сан да берегидей Көкө Тэңири башында турган Тогуз Тэңирге арналчу "тогуз", жер астындагы Жерлик кандын Жети Эгесине арналчу "жети" (жетилик) деген сандар сыяктуу эле эң касиеттүү ыйык сан болгон. Тигилерден бар болгон айырмасы - ал тигиндей Тогуз Тэңирге же Жети Эгеге арналбастан, түздөн түз келип, кырк уруулуу кыргыздын кырк түп атасына (арбагына) арналган эң эзелки жышаан эле!

Эми ошол "кырк" деген санга байланышкан элдик каада-салттарга, жөрөлгөлөргө аз да болсо токтоло кетели.

Алиги, ымыркайга кырк күн толгондо "ит көйнөгү" (төрөлгөндө кийгизилген көйнөгүн) чечип, кырк чүпөрөктөн курак кылып тигилген "кырк көйнөк кийгизүү тою" өтүп, кырк көөкөр нан бышырылып, сыртта ойноп жүргөн кырк балага таратылып атат го, ошол кырк май токочтун артында да кырк уруулуу кыргыздын түп аталарына табынуу салты жаткан. Балага "ит көйнөгүн" чечип, "кырк көйнөк" кийгизген ошо кечте анын бешигинин тегерегинде кырк шам жагылган. Мындагы ар бир шам кыргыздын ар бир уруусун туюнтуп, ошол уруунун бар касиет-кудурети береги баланы колдоп турат деп кабыл алынган. Мында да, ошол жердеги эң кеменгер карыя Көкө Тэңирден балага узун өмүр тилеп табынган. Ал эми жоокер өлгөндөн кырк күндөн кийин ага арнап "кыркылык" өткөрүп, анын үйүндө жагылган кырк шам да, түпкү тегинде, алигидей эле кыргыздын кырк уруусун туюнтуп, ошол уруулардын бүткүл касиет-кудурети өлгөн жоокерди тиги дүйнөдө да колдоп турат деп туюндурулган. Ошол кырк шамдын кашында туруп, Көкө Тэңирге жалынган ошол жердеги эң кары урматтуу карыя да Жараткандан "кайтыш болгон кишинин үйбүлөсүнө жакшылык тилеп": "Оо, Көкө Тэңир, кулунуң жарык дүйнөдөн өтүп, Жер-Эненин кучагына кирди, анын калган өмүрүн артындагы бала-бакырасына бере көр!" деген өңдүү өтүнүчүн айтып табынган, бата кылган. Төлгө салдырганда да кырк шам жагуу салты болгон. Кырк шам жагуу башка да тиричилик ырым-жырымдарында кеңири колдонулган. Кырк күндөп өтүлүп аткан кыздын тою (отуз күнү ойнотуу, кырк күнү кыңшылатуу) майрамдалып атканда да күйөө менен кыздын өргөөсүндө кырк шам жанып турган. Кыз төрөлгөндө элге "кырк жылкы" деп сүйүнчүлөшкөн, мында да ал төрөлгөн үйдө кырк шам жанган. Ал эми бала төрөлгөндө (мисалы, Эр Табылды, Курманбек ж. б. ) булардын жентек тою кырк күнгө созулуп, ошо кырк күнү-түнү бою алар төрөлгөн үйдө кырк шам балбылдаган. А "жай таш" менен Күндү жайлаган жайчы кырк тал чыбык кыркып келип, анан мунун ар бирин дубалап туруп, сууга салган да, кийин чыгышка, батышка, түндүккө, түштүккө карап туруп, кырк жолудан дуба окуп, ушундан соң мүрзөдөн алып келген бир ууч топурагын кырк ирет дубалап, аны суу үстүнө чачкан да, аягында ал өзү сууга кирип, кырк жолу дуба айткан. Мына ушунун баарында тең кырк уруулуу кыргыздын түп аталарына сыйынуу, алардан жардам суроо, колдоосун-жолдоосуна таянуу сыяктуу абдан ыйык илтипаттар жаткан! Байыркы кытай даректерине караганда "жайчы жай ташын сууга салып, дуба окугандан көп өтпөй кар аралаш бороон согуп, душман аскери кырылып калган" (Юаньши).

Ал эми Кан (Согуш) Тэңирге сыйынуу элибизде өзгөчө кырдаалда өткөн. Бул, асыресе, биздин эрендер Чоң Чапкынга аттанаар алдында же ошо Чапкындан ийгиликтүү кайтканда, же кайсы бир душман бизге кол салганда өткөрүлгөн. Мында, ар бир уруу Кан Тэңирге арнап бирден жылкы курмандыкка чалганда, бардыгы кырк жылкы аталган. Ошондо, береги Чапкынга Кан (согуш башы) шайланган баатыр алиги Кан Тэңири Чокусунун этегинде туруп, жоокер кийиминин бардык бүчүлүктөрүн чечип, мойнуна кемерин салынып, асманга эки колун созуп: "Оо, Көкө Тэңир, кулундарыңдын аз айыбы, көп күнөөсү болсо кечире көр. Башкы күнөө бизде эмес, жоодо. Жоо өзү кол салды, биз ага каршы аттанган турабыз. Кулундарың жоо канына забын болгон турат, аларды кечире көр… " ж. б. деп, Көкө Тэңирден алдын ала кечирим сураган. Өз жоокерлерине кайрылып туруп: "Эгер, арабызда чыккынчы болсо, курмандыкка чалынган так ушу жылкылардай мууздалып калсын!" деп Асманга бата кылган да, чуңкурдагы канга биринчи болуп колун малып, "эл-журтту душмдандардан жан аябай коргоого, жоону аёосуз талкалоого" ант берген. Анан бүтүндөй жоокерлер алиги Кан сыяктуу эле жоокердик кийимдеринин бүчүлүктөрүн чечип, курларын моюндарына салып, Көкө Тэңирге актык антын берип, "Чыккынчылык кылсак ушул курмандыкка чалынган малдардай мууздалып калалы" деп, колдорун канга малып, бата кылган. Ошол эле кечте же жылдыз чыккан маалда Жол (Жылдыз) Тэңирине арналып да кырк жылкы курмандыкка чалынып, ошо курмандык өткөн жерде ар бир уруунун атынан алоолонгон кырк от жагылган. Мына ошол мууздалган кырк жылкы менен кырк оттун кашында ар уруунун жоокери "Ата-Журтту баатырларча коргоого, майданда артка качпоого, чыккынчылык кылбоого" кайрадан ант берген да, курмандыктын этин жеп, Күндүн чыгышы менен Көкө Тэңирине сыйынып, жоого каршы аттанып кеткен. А Чапкын ийгиликтүү аяктаган соң жоодон кайткан жоокерлер ошол эле Кан Тэңири чокусунун кашында Көкө Тэңирге ыраазы болгондуктун белгиси катары жанагыдай эле кырк жылкыны курмандыкка чалып, Көкө Тэңирге табынган.

Биздин элдеги Тэңирилик түбү түптүү салттардын баары тең курмандыксыз өткөн эмес, Көкө Тэңирге жылыга үч жолу - Жаңы Жылда (21-22-мартта), жайдын толугунда жана күзүндө (орум-жыйым аяктаганда) ири малдан, көбүнчө ай туяктуу жылкыдан курмандык чалынган. Мунун баары тең согуш эгелери Умай Эне менен Көкө Тэңирге сыйынуу менен коштолгон. Мындан сырткары, оор же жут жылдарында, же ири согуштун алдында ата-бабалардын арбагына (Өлгөнгө, бул айрым орус жазмаларында Онгонго деп туура эмес жазылып жүрөт. Мында "өлгөн" деген сөз "онгон" болуп калган) арналып да курмандык чалына келген. Мында да ата-бабалардын арбагына жалбаруу Көкө Тэңир менен Умай Энеге сыйынуу менен коштолгон.

Биздин элдин көпчүлүк салттары жанагы кырк уруулуу элдин атынан жүргөн. Чоң жакшылык болгондо кырк күндөп той берүү, келин алганда кырк күндөп кыз оюн уюштуруу, кырк күндөп аш-той берүү ж. б. д. у. с. баары тең биздин кырк уруулуу салттан улам келип чыккан.

Дагы айтабыз, Көкө Тэңирилик - Жоокердик Улуу Дин болгон! Азыр эле биз айткандай, береги кайталангыс диндин башаты тээ эң байыркы энелик доордо башталып, аталык доордо калыптанган, же мындайча айтканда, Көкө Тэңириликтин айтылуу ой-санаттары тээ эң алгачкы энелик же аңчылык доордо пайда болуп, өткөн жоокерчилик доордо калыптанган да, анын толукшуу мезгили, согуштук демократия өзүнүн эң жогорку деңгээлине жеткен атактуу Кан Кошой (б. з. ч. VII-VI к. ) менен Кан Манастын (б. з. ч. III-II к. ) замандарында өзүнүн аябай гүлдөө дооруна жеткен. Жоокердик диндин ушунчалык толуп-ташыганын мындан бил - Жеңиш артынан Жеңиш келген! А бул - береги кайталангыс жоокердик динди кыйшаюсуз аткарган байыркы көчмөндөрдүн да жоокери-рухтук жактан аябай толуп-ташыган кези эле! Тэңириликтин ар бир ой-санатты анын кулундары (Асман уулдары) тарабынан кыйшаюсуз аткарылган эң жылдыздуу чагы тура!

Береги тогуз Тэңирге жеке гана Оң карылар (Ак уул, Кызыл уул) сыйынган эмес, ага тиги Чоң Алтай (азыркы Горный Алтай) менен Байкөл аралыгындагы Сол карылар (Ку уул) да табынган. Баары тең байыркы кыргыздар го! Тили-дини орток го! Ушуга байланыштуу азыр өтө кундуу бир маалыматты келтире кетейин (ойду бузбас үчүн түп нускасында берилди): "Осведомленные старики сообщают, что центром Вселенной (Чаян-чалбах) считалась земля (Чир-чалбах). Под землей находился подземный мир (Там чир, чир алты), где жили подземные боги - "Чир алтында чити ирлик" (Подземные семь ирликов). Над землей, так сказать, распологался верхный мир - небо (Тигир), где обитали небесные боги: "Чогархы турган тогыс чаян" (Всевышние девять творцов). И верхний и нижний миры жили интересами среднего мира - земли". (В. Я. Бутанаев. Представления о Небесных светилах в фольклоре хакасов. "Ученые записки Хак НИИЯЛИ", вып. XX. Абакан. 1976, 231-б. ).

Буердеги "чир алтында чити ирлик" дегени бизче "жердин жети кабат астындагы жети Жерлик (эски тилибизде Йерлик) эге" го, ошо жети Жерлик эгенин үстүнөн караган Жерлик кан деп аталат. Байыркы тилибизде "Йерлик кан"! А береги "чогархы турган тогыс чаяны" жанатан бери мен сөз кылып аткан тогуз Тэңир го!

Сол кары элинин тээ байыркы доорлордо көп Тэңирге (тогуз Тэңирге) сыйынып келгендиги берегилердин Көкөтөй баатыр жөнүндөгү аңызында да сакталып калган. Анда, "аңчылык учурунда береги баатыр өзүнүн Кумайыгы (Хубай-хус) менен үч маралды кууп келет. А көлгө кептелген маралдар Кумайыктан эч кайда качып кутулалбасына көздөрү жеткен соң андан жардам сурайт. Ошондо, буларга боору ооруган суу ээси алиги Кумайык көл жээгине суу ичкени токтогондо аны көлдүн түбүнө соруп алат. Кумайыгынын өлгөнүнө катуу кейиген Көкөтөй ачуусуна чыдабай бу жарыкчылыктагы бардык кудайларды (тогуз Тэңирди - О. А. ) каргайт. Ошондо, бул ээнбаштык жоругу үчүн Көкөтөй (алиги Тэңирлер тарабынан) көктөгү Көкөтөй жылдызга (Сириуска) айландырылат". (Ошондо, 237-б. )

Суроо туулат: "Береги жоокер көчмөндөрдүн кылымдардан кылымдарга созулган адамзаттын катаал сыноолорунан ийгиликтүү өтүп, бүгүнкү күнгө аман-эсен жетишинде не сыр бар? Ал азыркы күнгө эптеп-септеп гана жеткен жок, антсе ал тарых майданында түп орду менен дайынсыз болуп кеткен эчендеген башка элдер сыяктуу эбак жок болмок, ал бүгүнкү күнгө өз тарыхый тагдырында көп учурда бөтөн журттардын үстүнөн үстөмдүк кылып олтуруп жетти! Мында не деген керемет сыр бар?"

Буга мен: "Көкө Тэңир! Алардын Көкө Тэңир дини! - деп жооп бергим келет. - Ал дин - кайталангыс Жоокердик Дин эле! Бул ыйык дин байыркы кыргыздарды өз эли-жерин чексиз сүйүүгө, душмандарды шумдуктуудай жек көрүүгө тарбиялаган. "Сен Тэңирдин (Көктүн) уулусуң! Сен ошон үчүн башкалардан улуусуң! Тэңирин тааныбагандар сага жүгүнүп, кызмат кылышы керек!" деген Көкө Тэңир. Көчмөндөрдүн Тэңири - Көк! "Асман - Ата - Өмүр, Жер - Эне - Өлүм" деген ошол. Асманга (Көкө Тэңирге) жалынганда аны улам кайталай берүүдөн "Манас" деген ыйык ат келип чыкканы эч жашыруун эмес. "Тэңири Манас" десе биз Асманды, а "Тэңири Асман" десе улуу Манасты түшүнөбүз. Асман менен Манас бир гана маанини же Улуу Тэңирди туюнткан ыйык аттар го! Ошондуктан, биз Тэңир деген улуулукту көп учурларда Манас деген атка жалгай "Тэңири Манас" деп айтабыз. Бул - "Тэңири Асман" деген гана түшүнүк эмеспи!!!

Деги, Тэңир деген ыйык сөз эмнени билдирген? Ал, өзүңөр көрүп тургандай, эки унгудан же "тең", "ир" (эр) деген маанилерден турган да, "теңдиктин (адилеттиктин) эри же баатыры" же "теңдиктин эгеси" деген түшүнүктү туюнткан. Ал эге байыркы кыргыздардын түшүнүгүндө Көктө турган. Ошондуктан, биз аны Көк Тэңир же Көкө Тэңир атаганбыз, ага сыйынган эл эки колун асманга созуп, алгачкы кебин "О, Көкө Тэңир!" (О, Теңдиктин Эгеси!) деп баштаган да, андан кийин ага өз ыкласын же өктөсүн билдирүүгө өткөн. Эзелки элдин түшүнүгүндө алардын өтүнүчүн же арыз-арманын ушул Улуу Тэңир гана угуп, эл ичинде ошол гана кара кылды как жарган адилеттик менен теңдикти (теңчиликти) орнотууга кудурети жете алмак. Өз башына күн түшкөндө ага журт башы менен баатырларынан тартып бүтүндөй эл сыйынган! Анын кудуреттүү күчүнө, теңчилигине, адилеттигине бүтүндөй эл ишенген! Себеби, тээ эң байыркы энелик доордон тартып калыптана баштаган Көкө Тэңирдин теңдешсиз ой-санаттары элди так ошого үйрөткөн. Ал үлгү сөздөр турмуш-тиричилик жактан болсун, жоокердик же саясат тармагынан болсун, айтор, бу жарыкчылыктын кайсы гана жагын албасын алар элдин кылымдардан кылымдарга созулган эң бай тажрыйбасынан келип чыккан эң адилет, баарына тең акылгөй нускалар эле. Анда байлык менен бийлик эч качан жогору коюлбаган, ал колунан келгендердин же күчтүүлөрдүн кызыкчылыгын эч качан көздөбөгөн, баарына бирдей адилет, чындыкты бетке айткан эң терең осуяттар, ой-санаттар, үлгү сөздөр эле! Ал ойлордун алдында кан да, баатыр да, бай да, кедей да бирдей даражада турган. Көкө Тэңириликтин теңдешсиз улуулугу да ушунда эле.

Ушул жерден өзгөчө белгилей кетүүчү нерсе - адегенде, тээ эң байыркы доорлордо кырк угус элинде (эзелки кыргыздарда) 99 пир (ыйык) болгон. Ошолордун ичинде Көкө Тэңир (ал заманда ал Тэңир Ата деп аталган) - көктүн пири, Умай эне - аялзат менен наристенин пири, Күн Тэңир - күндүн пири, Жер Тэңири - кара жердин пири, Ай Тэңири - айдын пири, Жылдыз Тэңири - жылдыздын пири, Тоо Тэңири - тоонун пири, Суу Тэңири - суунун пири, Кан Тэңири - согуш пири эле! Так ошол эң илгерки доордун өзүндө, эл аң-сезиминин өсүшүнүн натыйжасында, Улуу Табияттын нускоосу жана ылгоосу астында береги тогуз Тэңир кырк угус элинин күнүмдүк өмүрүндө, тиричилигинде айрыкча мааниге ээ болуп, эл-журт тагдырында өзгөчө роль ойноп, ушундан улам, байыркы көчмөндөр алиги тогуз Тэңирди баарынан ыйык, бийик тутуп, ошолорго сыйынып кеткен. Береги тогуз Тэңирге табынуу салты жанагы энелик доордун өзүндө аябай каркын алып, кырк угус элинин аң-сезиминен, жан-дүйнөсүнөн, көчмөн турмушунан биротоло орун-очок алып, аталык доордун келиши менен ал жөрөлгөлөр биротоло калыптанып бүткөн. Ошентип, мобул тогуз Тэңир жалпы журт жапырт сыйынган эң Улуу Тэңирлерге айланса, калган пирлер тигилердин жандоочтору бойдон калган. Азыр эле айтканымдай ошо энелик доордо Умай эне эң башкы Тэңир болсо, аталык доордо Көкө Тэңир эң башкы асман эгесине айланган. Булар ыйыктын ыйыгы, касиеттин касиети, кудуреттин кудурети эле!

Өз кезегинде калың журт калган пирлерге да чоң урмат менен караган. Ылайыгы келгенде тигил же бул пирге арнап курмандык чалынып, садага чабылган. Айталык, жаз жаанчыл болуп, чөп мыкты чыксын үчүн жаандын пири - Чагыл канга, кой туут жакшы өтсүн деген ниет менен койдун пири - Чолпон-Атага, эчкилер эгизден төлдөсүн деп эчкинин пири - Чычаң Атага, төөлөрдүн аман-эсен туушун тилеп төөнүн пири - Ойсул Атага, бээлер тулпар болчу кулун туусун деп жылкынын пири - Камбар Атага, Уйлар аман музоолоп, ууздуу болсун үчүн уйдун пири - Үзөңгү Бабага, тээ ак кар, көк музда жүргөн топоздор да аман-эсен мамалактасын деп, топоздун пири - Ак мүйүзгө, короо менен жайыттан ит-кушка мал алдырбасын деп иттин пири - Кумайыкка арнап майда жандыктардан аксарыбашыл чабылган. Айтор, калган пирлерге да өз учурунда ылайыгына жараша садага чабылып же майда жандыктардан курмандык чалына келген.

Илгерки тайып (грек) тарыхына Анахарсис деген ат менен түшкөн тээ б. з. ч. VII-VI кылымдардагы крымдык канзаада Кыдыр аке кийин көчмөндөр арасында адамды колдоочу, бак-таалай бере турган жакшылыктын, жолдун пирине айланса, ошол эле кезде эзелки тайып тарыхына Токсарис (Табып) деген ат менен түшкөн Улукман аке да табыпчылыктын пирине, ушул эле учурда илгерки тайып санжыраларына Абарис деген ат менен түшкөн алтайлык Асанкайгы - боорукерликтин пирине айланган. А Улуу Манас пирим деп сыйынган кан Кошой (б. з. ч. VII-VI к. ) кийин атактуу көчмөндөрдө балбандык менен баатырдыктын пирине айланса, даңазалуу Төштүктүн атасы Эламан кийин журттун пирине айланып кеткен! Ошол эле кезде өмүр сүргөн Сол кары кыргыздарынын акылманы Калкаман жалпы элдин пирине айланган! А ичкилик кыргыздарынан чыккан атактуу малчы Малабай - малдын пири болуп калган. Кыргыз элинин пири - Кыргыз Ата менен адамзат пири - Адам Ата да көчмөндөрдүн өмүрүндө өзгөчө орунда турган. Жылдын белгилүү бир мезгилинде буларга арналып, ай туяктуу жылкыдан гана курмандык чалынган.

Эски кыргыз аңызына караганда, акылдын пири - Секелек сары кыз (Асан шайыр), бакшылыктын пири - Актайлак, күүнүн пири - Камбаркан, дыйканчылыктын пири - Баба Дыйкан (Боз кептер), жоокерчиликтин пири - Кырк чоро (Кырк чилтен), оттун, сүйүшкөндөрдүн пири - Очок Эне (От эне), акылмандыктын пири - Бакай же Ыйык Баба, тоонун пири - Өтө кан (Тастар Ата), жамгырдын пири - Күлдүр Ата (Чагыл кан), усталардын пири - Дөөтү Ата, суунун пири - Суу бай (Сулайман), жылдыздын пири - Үркөр Ата, шамалдын пири - Жел Кайып, дарактын пири - Бай Терек (Чынар), сууктун пири - Аяз Ата, жамандыктын же кара ниеттиктин пири - Жез Тырмак (Желмогуз, Зыяндаш), чилденин пири - Кырдач, кийиктин пири - Ак байбиче (Кайберен), бакыттын пири - Дөөлөт Куш, жигиттин пири - Шаамерден, жыландын пири - Шаймерден, чычкандын пири - Чие Ата, чүкө оюнунун пири - Какчеке, алгыр куштардын пири - Алп Кара куш (Буудайык, Чегир баян), эмчиликтин пири - Коросон Ата, күлүктүн пири - Тулпар (Дулдул, Желмаян), намыстын пири - Ак Бугу, казан-аяк пири - Бүбү Батма, курттун пири - Кара Чаян, чегирткенин пири - Черте Баян, кумурсканын пири - Кумпа Баян, суурдун пири - Солтон Мерген, жолдун пири - Жоламан, оюндун пири - Ордо Кыз, аңчылыктын пири - Куланчы жана башка болуп кетет. Береги пирлер да көчмөндөр тарабынан абдан кадырланган, аларга да кези келгенде курмандык чалынып, аксарыбашылдан садага чабылган. Ири мал эмес, курт-кумурскалардын да убалынан корккон байыркы көчмөндөр курт-кумурскалардын пиринен тартып асмандап учкан канаттуулардын пирине дейре ыйык туткан. Табияттын оор мүшкүлү келгенде аларды аяган, буга атактуу Асан Кайгынын "Кантти экен?" деген ыры күбө!

Мына ушу эң байыркы кырк угус элинин береги тогуз Тэңири менен калган пирлеринин дүйнөлүк маданиятка кошкон орошон салымын айттык не, айтпадык не?! Дал ошол "скифтердин" (жаа аткычтардын) Тэңирлери менен Пирлеринен илгерки тайып элинин бүтүндөй Олимп кудайлары келип чыгат эмеспи! А бул "кудайлар" эзелки тайып эли-жерине байыркы кырымдык кыргыздар аркылуу тараган го! Ошолордон жуккан го! Ушу илгерки эки элдин ортосундагы ар кандай алакалар, байланыштар, акыры, биротоло тайыпташып кеткен илгерки кыргыз кулундары аркылуу эзелки тайып элинен орун-очок алып калган эмеспи! Эски тайып аңызындагы Ахилл (Акыл), түбү келип, кырымдык кыргыздардан келип чыккан го! А ушу Ахиллди атактуу Александр Македонский өзүнүн түп атасы катары ардактап жүрүп көзү өткөн эмеспи!

Ооба, береги Олимп кудайларынын түп башаты өзүбүздүн алиги Тэңирлер менен Пирлерде жатат! Байыркы тайыптардын эң башкы кудайынын аты Зевс өзүбүздүн "Угус" деген гана эгебиздин атынан пайда болгонун кантип жашырабыз?! Зевс да биздин эл өңдөнүп олимп тоосунда турат! А Олимп тоосу тээ эң байыркы замандарда тайыптарда чыгыштагы адам жете албаган эң алыскы тоолордун бирин билдирген! Ал, кийин гана, тайып элинин дүйнөгө болгон көз карашынын өзгөрүшү менен гана Греция жерине көчүрүлгөн. Ошентсе да, Олимп тоосунун тээ эң илгерки доорлордо Грециянын кайсы жеринде болгондугу азыр да талаш. Качан гана, түндүк Грециядагы бир тоонун атын символдуу түрдө Олимп койгуча береги талаш-тартыш маселе эч качан токтобой келген…

Олимп кудайларынын келип чыгышы өзгөчө изилдөөнү талап кылгандыктан, азыр, сөзүмө нокот койо турам. А келечекте, мүмкүндүк болгондо, бул такырыпка сөзсүз кайрылам го деп ойлойм…

Мына ошол Улук Көкө Тэңир өз кулундарын кара кылды как жарган чынчылдыкка, ак көңүлдүккө, арамдыкка барбоого, ыймандуулукка, сабырдуулукка, намыскөйлүккө, көктүккө, абийирдүүлүккө, кайраттуулукка, адилеттүүлүккө, багынбастыкка, уяттуулукка, чыккынчылыкты жек көрүүгө, теңчиликке, өз тобундагыларга ар дайым жакшылык кылууга, жамандыктан сырт болууга, ырыс чайкап кесир кылбоого, бирөөнүн убал-сообунан коркууга, арбакты сыйлоого, кыскасы, бу жарыкчылыктагы кырк угус (кыргыз) жоокерине тиешелүү эң мыкты сапаттарга тарбиялаган. Калп айткан кишинин башы алынган. Ошондуктан, өз Тэңирин сыйлаган көчмөндөр башына балта көтөрүп турса да чынчылдыктан тайган эмес. Алар өлүп баратып да чындыкты айткан. А өткөн жоокерчилик заманда мындан башкача болушу мүмкүн эмес эле. Улуу Манас б. з. ч. 200-жылы кырк эки түмөн кол менен барып каңгуну (байыркы кытайды), андан соң, б. з. ч. 177-176-жылдарда бүтүндөй батыштагы 26 мамлекетти чаап алгандан кийин артында "Жоону сайса эл сайды, аты калды Манаска" деген аңыз калган. Ал бара-бара эл ичинде үлгү сөз болуп айтылып кеткен. А Улуу Манас ал кезде тирүү эле! Береги аңызга айланган улуу чындыктын замандашы эле! Ооба, жоону сайган эл болучу! Ошол баатыр элдин эгеси акылгөй Манас эле! Атактуу "Манас" дастанынын эң негизги бөлүктөрү да Улуу Манастын тирүү чагында ыр болуп айтылган, кара сөз түрүндө жомоктолгон! Аны да айткан эл эле!

Көкө Тэңир көчмөндөрдү "бири миңге татыган" чексиз баатырдыкка тарбиялаган. Эски кытай санжыраларында "Хунндар өз балдарын тамтуң баскандан тартып жаа атууга үйрөткөн". Ошо заманда балдар үчүн атайын кичинекей жаалар жасалган. "Ал жаалар менен балдар адегенде майда канаттууларды, жан-жаныбарларды аткан. А чоңое келе ири айбанаттарга аңчылык кылган. А атка мингенден тарта алар ири аскерлерге кошулган". ("Шиңзи")

Гунндар балдарын бармактайынан жоокердикке тарбиялаары батыш санжыраларынын өзүндө да кең-кесири айтылат! "Алтын жерден, баатыр элден" деген санат бизге так ошол даңктуу доорлордон калган.

Көкө Тэңир көчмөндөрдү атты сыйлоого, кадырлоого үйрөткөн! Биздин көкжалдарды батышы Жет-Кайтка (Францияга), түштүк-батышы Көпөгө (байыркы мисир падышасы Копанын атынан азыркы Египет б. з. ч. II миңинчи жылдыкта ушундайча аталган), түштүгү Ындыкара (Индия) менен кызылбаштарга (Персияга), түштүк-чыгышы индокытай элдерине, чыгышы Сары-Деңизге чейин жеткирген мына ушул ыйык ат го! "Ат кишинин канаты" деген аңыз да бизге дал ошол эң байыркы замандан жетсе керек!

Улуу Тэңирдин нускалары бизде тээ илгертеден оозеки өмүр сүрүп, атадан балага, ооздон оозго өтүп келген. Бул да эзелки кытай менен батыш санжыраларында баса белгиленип олтурат. Анын эң кундуу делген санаттары да бир гана сөздөн (сүйлөмдөн) турган. Накылдардын мазмуну жоокер көчмөндөрдүн көз карашына, тиричилигине ылайыкталып ушунчалык так, ачык-айкын, кыска болгон. "Какайганга какайгын, төбөң көккө жеткенче; эңкейгенге эңкейгин, чекең жерге тийгенче" дейт Тэңирилик. Мунун эмнеси түшүнүксүз? Анын түпкү тегинде "доско достой, душманга душмандай мамиле кыл!" деген гана терең ой жатат. Же, эски кытай санжыраларына Улуу Түрк заманында чийилип калган "жоодон өлгөн салтанат, үйдөн өлгөн жаманат" дегендин неси бүдөмүк? Баары так, даана го! "Байлык байлык эмес, бирдик байлык! - деп үйрөткөн көкө Тэңир. - Күч бирдикте!"

Мына ушу Улуу Тэңирдин алигидей эң маанилүү, мазмундуу, салмактуу, кыска, так нускаларынан келип, кийинки Зороастрдын, "Библия" менен "Курандын", "Будда" менен ар кандай диний агымдардын көпчүлүк эрежелери жазылган. Эгерде, Көкө Тэңирдин акылман ой-санаттары оозеки өмүр сүрсө, алиги диндерди түзгөндөр тиги Тэңирилик нускаларды эң негизги өзөк кылып алуу менен ага өз көз караштарын кошумчалап, кеңейтип, майдалап жазып олтуруп, отурукташкан элдердин ишенимине ылайыктап-баптап, аны бир нече бетке жеткирген. А бул - отурукташкан элдин тиги көчмөндөрдөн эң чоң айырмачылыгы эле, анткени, жоокер көчмөндөргө берегидей чубалган сөздөрдүн кереги жок болучу. Анткени, жоо жакадан алып, чабагандап турган заманда алардын мындай чубалган кептерди айтып олтурууга чолоосу да жок эле. Алардын Тэңирилик нускалары камчынын сабындай кыска, так, ачык-айкын, эң түшүнүктүү, жетимдүү болгон! "Көп сөз көмүр, аз сөз алтын" дейт го көчмөндөр. Ошентип, алиги кийинки диндердин баарынын башаты Улуу Тэңирдин кайталангыс ой-санаттарында жатат. Себеби, дүйнөдөгү бардык диндер өзүнөн мурдагы диний нускалардан кең-кесири пайдаланып келген, алардан таасирленген, көчүргөн. Бу жагдайдан алганда Көкө Тэңир дүйнөдөгү азыркы бардык диндердин бабасы! А Улуу Тэңирдин эң алгачкы ой-санаттарынын негизги бөлүгүнүн калыптануу кезеңи элибиздин тарыхындагы эң алгачкы Угус канга же мындан 8000 жыл мурдагы заманга барып такалат… А бул заман эң байыркы кырк угус элинин энелик доордон аталык доорго өтүү мезгили же алардын береги адамзат тагдырында эң алгач ирет өз кандыгын түзгөн кези эле!

Мына ошол Улуу Тэңир да бизде изсиз-түпсүз дайынсыз жок болуп кетпеди. Анын ташка тамга баскандай миңдеген ой-санаттары, осуяттары, үлгү сөздөрү, асыл ой-максаттары элибизде эсепсиз макал-ылакап, аңыз сөз түрүндө сакталып калды. Азыр бизде адилеттик же баатырдык тууралуу миңдей ой-санат - аңыз сөз бар! Ат жөнүндө да андан кем эмес! Ата менен бала, эне менен кыз, агайын менен жат, абышка менен кемпир, ага менен жеңе, эже менен сиңди, абысын менен күң, адам менен акмак, айбанат менен канаттуулар, жакшылык менен жамандык, достук менен кастык, тулпар менен чобур, уй менен жылкы, ажал менен азап, аз менен көп, кайгы менен кубаныч, айла менен акыл, айрылган менен кошулган, айыптуу менен айыпсыз, чын менен жалган, ушак менен жалаа, ак менен кара, ак көңүл менен кашкөй, алтын менен күмүш, акыл менен ырыс, акылдуу менен аңкоо, күлкү менен ый, аким менен жетим, жакшы менен жаман, аргымак менен азамат, арпа менен буудай, дөөлөт менен өнөр, күлкүчү менен уйкучу, ат менен эр, ага менен ини, каргыш менен бата, ат менен журт, ач менен ток, аш менен каада, азат менен тозот, бай менен кедей, байлык менен бирдик, бардар менен жокчулук, баатыр менен кул, намыс менен теңдик, эмгек менен жер, бала менен катын, бар менен жок, күн менен түн, бастырган менен чапкан, ырыс менен уруш, баш менен мал, бекер менен безер, берген менен эккен, күчтүү менен чабал, март менен сараң, береке менен казына, билим менен өнөр, бирдик менен тирдик, таш менен сөз, бөрү менен жоо, нан менен жан, өмүр менен өлүм, ачкалык менен токчулук, кушчулук менен аңчылык, иш менен кеп, куда-сөөк менен туугандык, уста менен шакирт, ууру менен каракчы, чындык менен бакыт, ый менен ыр, жуучу менен доочу, оору менен соо, дөөлөт менен мээнет, бал менен жан ж. б. тууралуу айтылып калган түмөндөгөн ой-санаттар, осуяттар, үлгү сөздөр, кымбат накылдар, түбү келип, бизге Улуу Тэңириликтен калган. Анткени алар, тээ байыркы замандарда өзүбүз сыйынган Көкө Тэңирдин эң ыйык, кеменгер ойлору эле! Илгерки кыргыздар так ошол Көкө Тэңирдин ондогон кылымдардын катаал сыноолорунан ташыркабай өткөн асыл ой-санаттарын, осуяттарын, үлгү кептерин, асыл накылдарын ыйык тутуп, өмүр сүргөн. А Улуу Тэңирдин кайталангыс ой-санаттары да өткөн жоокердик турмуштун бай тажрыйбаларынан улам келип чыгып, көчмөндөрдүн турмушунда эң маанилүү роль ойногон. "Ат, аттан кийин жат", "Эл сагынбас эр болбос, жер сагынбас ат болбос", "Ат башы менен эр башы, кайда калбайт бир башы", "Ат аягынан, эр тамагынан бузулат", "Ат мүдүрүлбөй жер тааныбайт, эр мүдүрүлбөй эл тааныбайт", "Атты аркан байлайт, эрди ант байлайт", "Атың барда жер тааны, атаң барда эл тааны". Карачы, кайсынысында болсо да, ат менен эр чогуу аталат! А бул Көкө Тэңирдин элге коргон болуп берген эр менен анын атына болгон зор илтипаты эле! Жоокердик дин кайда болсо да баатыр менен анын минген атын баарынан жогору койот! Аны үнүнүн жетишинче даңктайт! "Баатырдын баш ийгени - өлгөнү", "Баатыр туулса - эл ырысы, жамгыр жааса - жер ырысы", "Баатырдын өмүрү кыска, даңкы узун", "Баатыр намыс үчүн туулат, намыс үчүн өлөт", "Эр ачкадан өлбөйт, ардан өлөт", "Эр болсоң көк бол, айткан сөзгө бек бол", "Эрдик билекте эмес, жүрөктө", "Эр жигит үйдө туулат, жоодо өлөт", "Эр жигит эл четинде, жоо бетинде", "Эр намыстын кулу", "Эр өлсө да аны төрөгөн эл өлбөйт", "Элге эр кымбат, эрге эл менен жер кымбат", "Баатырдык - эрдин көркү, эр - элдин көркү", "Эрегиштен эр өлөт" дейт Улуу Тэңир! Береги ар бир ой-санаттын салмагы тоодой го! "Атаң өлсө өлсүн, а атаңды көргөн өлбөсүн" же "Ата баласы болбосоң болбо, эл баласы бол" деген накылдарда не деген гана улуулук жатат?! "Уулуң өссө Урумга, кызың өссө Кырымга" деген нускада не деген гана чалкыган улуу тарых жатат! Мында, баатыр уулу Урумга, жоокер кызы Кырымга жеткен өткөндөгү улуу доорлор жайында сөз болуп аткан жокпу?! А "Кайда барсаң Мамайдын көрү" деген аңыз тээ Мамай заманынан сыр чертип атканын кантип жашырабыз?!

Байыркы кыргыз баласы Улуу Тэңирдин эчендеген заман сыноолорунан ийгиликтүү өткөн ушундай ыйык нускаларынын керемет таасиринде тарбияланган. Ырыскысы кымыз менен эт, кийими мал териси болгон ал баарынан өз элин, анын бейпилдигин, токчулугун, бардарлыгын жогору койгон Улуу Жоокер эле! "Кымыз - кишинин каны, эт - жаны" деп билген ал өз журтунун бузулгус сепили болгон! Керек болсо, өз элинин кызыкчылыгы үчүн өлүмдөн да кайра тартпаган, себеби, Көкө Тэңир аны бармактайынан ажалдан коркпоого үйрөткөн. "Баш канжыгада, кан көөкөрдө, кайда болсо да ажал - улук, өлүмдү Баатырларча кабыл ал!" деген Улуу Тэңир. Ошондуктан, алар: "Өлсөк бир чуңкурда, тирүү болсок бир дөбөдө бололу" деп аттанган да, башка журттарды кыйсыпыр түшүрө чапкан, тигилердин чаңын асманга чыгарган. Ал мунун баарын өз элинин коопсуздугу үчүн өтөгөн! Бөтөн элдердин байыркы санжыралары: "Түрк каганы күн тынымынан, түн уйкусунан кечип өз элинин камын көрөт" дейт го, а тарыхый түрк кандары ошол элдин баатырларынан гана шайланган эмеспи! Элибизде душмандарга каршы чексиз эрдик көрсөткөн баатырлардын баары жогору бааланган. Алар кырк уруулуу кыргыз жыйылган улуу курултойлордо аскербашчылыкка, эл башылыкка көтөрүлгөн! Чексиз урматталган, сыйланган! А эзелки кыргыз кулундары мына ушундай баатырдык чөйрөдө өсүп чоңойгон. А эрендик менен баатырдыкты алар жаштайынан ата-бабаларынан мурастап калган да, тырмактайынан эрдик кылууга, Баатыр болууга умтулган. Эски кытай санжыраларында айтылгандай, түрк кулундары "баскандан тартып жоокердикке тарбияланган. Кичине кезинен жаа атып, найза сайганга, айбалта менен чокмор чапканга үйрөнгөн. А чоңойо келе атактуу түмөндөргө кошулган!!!" Илгерки Евразиянын кеңбайтагында башка журттар тарабынан "киккич" же "киксос", "гага", "гиркан", "Манна" (Манас), "кентавр" же "амазонка", "киммерий" же "сак-скиф-сармат", "хунну-гунну" же "гяньгунь", "тугю" же "хагас" деген эбегейсиз атак-даңкка жеткен эрендер мына ошолор эле! Асыресе, береги кайталангыс доорлор, өзгөчө Кан Кошой менен Кан Манастын замандары, биздеги Көкө Тэңирдин - Улуу Жоокердик диндин болушунча гүлдөгөн, өсүп-өнүп олтуруп өз бийиктигине жеткен улуу кезеңдери тура! Ал Көкө Тэңирге сыйынган эзелки Кара Кыргыз Жоокеринин ар кандай атак аттар менен бүт дүйнөгө таанылган теңдешсиз улуу доорлору болучу!

Көкө Тэңирилик - Жоокердик эң кеменгер да ыйык дин болгондуктан, ал илгерки кыргыз баласын төрөлгөндөн өлгөнгө дейре коштоп жүргөн. Байыркы кыргыз баласы тили чыгып, эс киргенден тартып Көкө Тэңирдин ой-санаттарын урматтап чоңойгон, ошо нускалардын чегинде иш кылган, ой жүгүрткөн. Анын ар бир таңы Көкө Тэңирге же Улуу Күнгө сыйынуудан башталып, ар кечи Улуу Күнгө табынуу менен аяктаган же эртеңки күндүн бейпилчилигин тилөө менен бүткөн. Күндүзү жоокердик кылса, түнкүсүн оту жалбырттаган ыйык очок кашында улуулардан Тэңирилик ой-санаттарын уккан, "карынын кебин капка салган"! "Жылдыз санаганды", жоого аттанган аталарын ээрчип жүрүп жылдызга карап иш кылганды, багыт аныктаганды үйрөнгөн. Улуу Тэңирге сыйынган ата-бабаларынын теңдешсиз баатырдыкка толгон эрдиктерин уккан, ак сакалы жайкалган карыялардан илгерки кыргыздар жайындагы улуу санжыраларды тыңдаган да, ал да күн сайын алдыдагы өз улуулугуна кадам кое берген. Анан, кези келгенде, Азиянын тиги четинде туруп, эбегейсиз каруу-күчкө толгон алп колу менен Серептин (Еропанын) этегинен бурдай кармап, силкип-силкип койгондо анын теңдешсиз кудуретинен бүт дүйнө титиреп кеткен!!! Бүт Батыш ат туягы астында калып, куту учкан! Ага бүт дүйнө жүгүнгөн! "О, Көкө Тэңир! - деген ал ошондо асманга эки колун жайып туруп. - Бул менин эрким эмес, өзүңдүн эркиң! Чап дедиң чаптым, бас дедиң бастым, ал дедиң алдым, олжоло дедиң олжолодум, кул кыл дедиң кул кылдым - мен өзүңдүн эркиңди аткардым, о, Улуу Тэңир! Мобу журттар мага эмес, өзүңө жүгүнүп атат, эми аны кабыл ал, Көкө Тэңир!!!"

"Атты арыганда, эрди карыганда көр" дейт элибиз. Бүтүндөй Евразияны өз Тэңирине чаап берген өз кулунун - "Тэңирдин уулун" карып-арыган кезинде өз Тэңири да көз жаздымда калтырбаган. Улуу Тэңир аны эр ортонуна келген

курагында эле өз журтуна бек кылган, бий кылган, кан көтөргөн! Баатыр "алам" дегенин алган, "берем" дегенин берген. Не бир көз тайгылткан сулуулар ошонуку болгон. Ал "чүрөктөрдү" да ага Көкө Тэңири тартууланган! Ошентип, "Тэңирдин уулу" бу жарыкчылыктагы эң акыркы дем алуусуна дейре өз элинин чексиз урмат-сыйына эгедер өмүр сүргөн. Урмат-сый, кадыр-барк жагынан анын бу жарыкчылыкта эч арманы калган эмес. "Асман - Ата - Өмүр" дегени ошол эле! А Баатырдын бу дүйнөдөн көзү өткөндө аны өз Тэңири нукура баатырдык салт менен "Жер - Энесине" берген. Бүт согуштук кийим-кечеси, соот-калканы, курал-жарагы, минген тулпары, тирүү кезинде эң жакшы көргөн өмүрлүк жары, тамак-ашы менен түбөлүк жайына койгон. "Жер - Эне - Өлүм" дегени ушул болучу! Улуу Баатырды "Асман - Ата - Өмүр" берген да, көзү өткөндө "Жер - Эне - Өлүм" кучагына алган. Демек, ал түбөлүккө Энесинин койнунан жай тапкан да, акырындап Асмандан Жерге айланган… А бирок да, алиги Баатырдын артында ал тууралуу ар түркүн аңыз кеп, эчендеген уламалар, эсепсиз даңазалар калган. Кийин ошолор береги Улуу Баатыр тууралуу улуу дастандарга айланган. Улуу Манас жөнүндөгү теңдешсиз санжыра-дастан да мына ушундайча жаралган. Ар дайым Улуу Чындыкты туу кылган эл дастанында да улуу чындыкты айткан, акыйкаттан тайган эмес. Улуу Манас илгерки каңгулардан шумдуктуудай кыргын таап, жок болуп кетүү коркунучуна кабылган өз элине жеке баатырдыгы, акылмандыгы аркасында Улуу Өмүр берген! Улуу Өмүрү - эзелки каңгуларды кыйрысын ургандай чаап, андан соң, кызылбаш өлкөсү баш болгон жыйырма алты мамлекетти бут алдына тизелетип, өз элин болочоктогу кыргындардан сактап калган. "Асман - Ата - Өмүр" дегени "Манас - Ата - Өмүр" деген гана түшүнүк го!!!

Береги эң байыркы элдин кылымдардан кылымдарга созулган тагдырдын кыйма-чиймелүү эң татаал да узак жолунда бүгүнкү күнгө дейре атын өчүрбөй жетиши алиги Жоокердик доордогу береги Жоокердик динге гана байланыштуу болуп келген эмес, мында, сөзсүз, башка да жагдайлар бар. Кантсе да, ал жалаң гана Жоокер менен Жоокердик заманды даңазалай бербеген, ал да жарыкчылыктын (тиричиликтин) түмөн түркүн маселелери менен жагдайларын бир тилкеде ала жүргөн. Бар болгон өзгөчөлүгү - ошол түмөн түркүн маселелер менен жагдайлардын баары тең өткөн Жоокерчилик замандагы Жоокердик көз караштан улам келип чыккан же Тэңириликтин бүт ой-санаттарынын, осуяттарынын, үлгү сөздөрүнүн, кымбат накылдарынын баары тең бу жарыкчылыкка болгон - Жоокердик көз караштын негизинде калыптанган. Ар бир ой-санатта, осуятта, үлгү сөздө, асыл накылда Жоокердик өң-түс, мазмун, тактык болгон. Булар Жоокердин катаал, дайыма чынчыл, оорбасырык мүнөзү сыяктуу өтө олуттуу да, маанилүү да эле! Эң башкысы, алар эч качан калпыс айтылган эмес! Ошондуктан алар табиятынан Жоокер Эл үчүн өтө салмактуу да, кундуу да, жугумдуу да эле!

Көкө Тэңирилик кайталангыс Жоокердик Улуу Дин болгондуктан, ал, ир алды, Эл-Жерди, аны коргогон Баатыр менен Атты, эл ынтымагы менен биримдигин баарынан жогору койгон. Ошону менен бирге эле, Тэңири: "Кылыч курал эмес, акыл курал" деп үйрөткөн. Демек, ал кылычтан акылды жогору койгон. "Акыл менен бүтүндөй шаарлар алынат" деген Тэңири. "Мээ - акыл-эс казынасы, тил - акыл-эс куралы" деген ал. "Акыл - тозбос тон, билим - түгөнбөс кенч, өнөр - агып жаткан булак, илим - жанып турган чырак" деп, Тэңирилик өнөр менен илим-билимди береги акыл менен тилден кем баалаган эмес. Демек, Тэңири акыл менен тилди Ата-Журт менен Баатырдын катарына койгон. Мына ушунун баарын тең Жоокердин таптаза абийири коштой жүргөн.

Көкө Тэңири дини тамтуң баскан баласынан тартып, өбөктөгөн карысына дейре Жоокер болгон доордо калыптангандыктан же коомдун ар мүчөсү көз ачып, эс тарткандан тартып жоокердик эң катаал тартипте тарбиялангандыктан, ошол Жоокердик коомдун өзүнө ылайык жүрүм-турум үлгүлөрү, ырым-жырымдары болгон. Аларды ошол Жоокердик коомдун ар бир мүчөсү ыйык сактоого милдеттүү эле. Жоокердик тартип өтө катуу өкүм сүргөн алиги Жоокердик доордо береги жүрүм-турум үлгүлөрү, ырым-жырымдар тиги Тэңирилик ой-санаттар, осуяттар, үлгү сөздөр, асыл накылдар аркылуу жүзөгө ашкан. Ал жүрүм-турум үлгүлөрүн, ырым-жырымдарды бузгандар өтө ырайымсыздык менен жазаланган же таш бараңга алынып өлтүрүлгөн. Ошондуктан, коомдун ар кишиси чынчыл, эр жүрөк болуп өскөн. Ал эзели калп айтып, куйтулук кылбаган. Мында да, өтө кыска, ташка тамга баскандай так, даана айтылган Тэңириликтин ой-санаттары, осуяттары, үлгү кептери, кымбат накылдары өзгөчө орунда турган. Коомдун ар мүчөсү Жоокер болгон ошол Жоокерчилик доордо мындан башкача болушу мүмкүн эмес эле!

Ошо өткөн доордо байыркы көчмөндөрдүн баш-аягы миң түркүн ырым-жырым, жүрүм-турум үлгүлөрү болгон. Алар ар бир кыргыз баласы тарабынан ыйык сакталган. Мындан сырткары, конок тосуу, кудалашуу же куда күтүү, кызды узатуу жана энчисин берүү, келин алуу же күтүү, келинди төркүлөтүү, бала төрөлгөндө жентек берүү, баланы бешикке салуу же кырк тоюн өткөрүү, тушоо кесүү же түрүк кылуу (чочогун ырымдатуу), ар түркүн той менен аш ж. б. сыяктуу элдик жүздөгөн салтттары бар эле! Мына ушул салттардын баары тең тээ эң байыркы доордо пайда болуп, мезгилдин өтүшү менен өркүндөп өсүп, калыптанып, элден биротоло орун-очок алып калган асыл жөрөлгөлөр болучу. Ушул салттардын баары тең, ал бир кишиге тиешелүүбү же үйбүлөгөбү, уруугабы же улуткабы, баары бирдей береги каарман элдин Жоокердик көз карашынан келип чыккан, ошо көз караштын же дүйнөтаанымдын негизинде калыптанган салт-санаа үлгүлөрү эле. Алардын баары тең кылымдардан кылымдарга өркүндөп-өсүп, кемтиги толукталып отуруп, акыр аягында өзгөргүс түргө келген элдик ыйык салттар болучу.

Булардан сырткары, калың элге акыл-эс, тарбия, үлгү берген түмөн түркүн ой -санаттар, осуяттар, үлгү сөздөр, асыл накылдар калыптанган. Алар Жоокердик замандын таламдарына ылайык өтө кыска, так, даана, кайталангыс акыл-насааттар эле! Ир алды Көкө Тэңир, Ата-Журт, аны коргогон Баатыр, эл биримдиги, акыл менен тил эң башкы орунда турган. Андан соң "биринчи байлык - денсоолук, экинчи байлык - ак жоолук, үчүнчү байлык - бар соолук" эле. Ата-эне менен бала, жалпы эле киши баласы, жакшылык менен жамандык, дыйканчылык менен мээнет, малчылык менен аңчылык, бай менен жарды, тууган менен достук, ый менен күлкү, өмүр менен өлүм, кишинин эң мыкты жана жаман сапаттары жагдайында куну чексиз ой-санаттар, осуяттар, үлгү кептер, кымбат акылдар айтылган. Көкө Тэңири, азыр эле мен айткандай, өз кулундарын бир гана сөздөн турган кайталангыс акыл-эс азыгы менен тарбиялаган. Көкө Тэңириликтин өзүнөн кийинки диндерден эң башкы артыкчылыгы да мына ушунда эле! Анын ой-санаттарынын, осуяттарынын, үлгү накылдарынын баары тең нукура өмүрдөн же илим тили менен айтканда - реалдуу турмуштан алынгандыктан анда башка диндердегидей мифтик же жомоктук жагдайлар жокко эсе болгон. Тэңириликтин бардык ой-санаттары, осуяттары, асыл накылдары нукура турмуштан алынгандыктан ал нукура өмүргө, турмушка өтө чукул турган же анын ой-санаттарынын баары тең нукура өмүрдүн, турмуштун өзү болгон. Көкө Тэңири дининде кийинки башка диндердегидей жасалма кудайлар, пайгамбарлар, алардын ойдон чыгарылган же чыгарылбаган ар кандай тарыхы, жээк-жааты, теги жагдайында бир дагы мифтик баян жок, тескерисинче, нукура өмүрдөн - турмуштун өзүнөн келип чыккан нукура акыл-насааттар гана бар.

Ушул жерден мен бир улуу чындыкты гана айта кетейин.

Тэңири сөздөрдүн биринде: "Тирүү жан-жаныбарлардын атасы ким? Энеси ким? Каны-жаны кайсыл?" деген суроо берилет да, ага: "Тирүү жан-жаныбарлардын атасы - Күн, энеси - Жер, каны - Суу, жаны - Аба" деген өтө даана жооп берилет!

Эч нерсе кошумчалай албайсың! Чындыгында эле Күн - бардык жан-жаныбарлардын атасы, Жер - энеси, Суу - каны, Аба - жаны эмеспи! Ушунун бирөө эле жок болсо - тиричилик жок! Биздин эл христиан менен мусулманчылыксыз эле же Иисус Христос менен Мухаммед пайгамбарсыз эле өз Тэңири менен кылымдардан кылымдарга өмүр сүрүп келген, мындан ары да өмүр сүрө бермек. А эгер, асмандагы Көкө Тэңирибизди туюнткан Күн жок болсо же бир күнү өчүп калса Жер бетиндеги өмүр биротоло токтойт. Мында, Жер бетиндеги тиричиликти сактап калууга, христиан дини да, мусулман дини да, алардын кудайлары менен ыйык пайгамбарлары да жардам бере албай калат, не дегенде, бул диндер жана пайгамбарлар кечээ эле киши акылынан жаралган жасалма диндер менен пайгамбарлар болучу. Ал эми Улуу Күндү өзүбүздүн Көкө Тэңир (материалисттик кең мааниде айтканда Космос (аалам) же бизче Көк) жараткан. Ал өз нуру жеткен жердеги бардык жандууга өмүр берген Ата! Асман - Ата - Өмүр дегенибиз ушул го!

Көкө Тэңириликке караганда алда канча кийин пайда болгон будда (бутка сыйынуучулук), христиан, мусулман диндери береги окууларды жараткандар тарабынан идеалисттик (идеалдык же кыялдагы дин) багытта жаралгандыктан алар нукура турмуштан алыс жатат да, анда идеалдык деп саналган көз караштар басымдуулук кылат. Ал эми Көкө Тэңириликтин ой-санаттары, осуяттары, асыл накылдары, үлгү сөздөрү нукура өмүрдөн, турмуштан алынгандыктан анда матераилисттик көз караштар үстөм. Ал көз караштарды билдирген ой-санаттардын баарында тең реалдуу турмуш тажрыйбасынан келип чыккан, доорлордон доорлорго созулган эчендеген мезгил сыноолорунан өткөн, ашык жери эбак кертилип ташталып, кем жери толукталып бүткөн, куну чексиз акыл-насааттар жатат. Ал акылдар да "Библия" менен "Курандагыдай" бир нече сөзгө же бетке созулбайт, бир гана сөздөн (сүйлөмдөн) турат. Алар ушунчалык так, даана, элестүү! Көкө Тэңиринин ой-санаттарынын, осуяттарынын, асыл сөздөрүнүн улуулугу да ушунда го! Анда кыялдан чыгарылган ой-санаттар таптакыр эле жок, көпчүлүгү, азыр эле мен айткандай, материалисттик көз караштан келип чыккан, нукура турмуштун тигил же бул көрүнүштөрүнөн иргелип алынган, турмуш-тиричилик жактан өтө терең ой-санаттар басымдуулук кылат. Тактап айтканда, Көкө Тэңиринин ой-санаттары реалдуу турмуштун өзүн чагылдырат. Эң башкысы - ал материалисттик дүйнө менен өтө тыкыс байланышкан.

Мындан 2200 жыл мурда пайда болуп, эң негизги айтымдары (варианттары) ошол эле жоокерчилик доордо калыптанган "Манас" санжыра-эпосунда азыр биз материалисттик көз караш деп тааныган ондогон эмес, жүздөгөн же миңдеген өтө кымбат даректер жатат. Анын бирин эле мисалга келтире кетейин. Көкөтөйдүн ашында:

Күтүнүп турсаң ашына,

Күлдү журт келээр кашыңа,

Жердин өзү дөңгөлөк,

Жеткен жан келээр жөрмөлөп,

Жер астында эрлер бар…

(СО, 3. 67. )

деген баасы-баркы теңдешсиз маалымат бар. Мында Жердин дөңгөлөктөй (Күндөй же Айдай тоголок) экендиги, "жер астында ( Жердин аркы бетинде) эл бар" экендиги айтылып атат! Демек, Жердин тоголок экендигине көзү жеткен эл орто кылымдардагы кайсы бир окумуштуу эмес, тээ байыркы кыргыздар болгон. Алардын Тереңге (Америкага) ооп кеткен эштек, май, сая ж. б. деген бутактары аякка өткөн соң кайталангыс өтө кымбат маданияты бар адамзат тарыхындагы эң алгачкы мамлекеттерди негиздеген го!

Көкө Тэңиринин дагы бир ой-санаттарынын биринде: "Киши өлсө өлүк, жан өлбөйт, жакшынын өзү өлсө да сөзү өлбөйт" деген өтө кымбат дарек бар. Мында: "киши өлсө өлүк, жан өлбөйт" деп атат. Ал эми кечээ эле карыялар: "киши өлгөндө тын (жан) учуп кетет" деп айтып жүргөнүн көп эле уктук. Демек, киши өлгөн менен анын тыны (жаны) өлбөйт экен го! Биздин элдеги Тыныбек (Жаныбек) деген ат да ушундан улам келип чыккандай. Ал эми "киши физически жактан өлгөн чакта анын жаны денесинен учуп кетээрин, ал кичинекей шар формасында болоорун, жандын салмагы 7-11 граммдын аралыгы экенин" америкалык окумуштуулар XX кылымдын аяк чендеринде бир нече ирет ачык эле жарыялап ийди го! Ал телерадио, ар кандай басма сөз аркылуу да алда-нече жолу айтылып өттү! Мына ушунун өзү Көкө Тэңириликтин ой-санаттарынын улуулугун, анын турмушка өтө жакындыгын дагы бир ирет ырастап турган жокпу?!!

Көкө Тэңириликтин ой-санаттарынын, осуяттарынын ичинде байыркы кыргыздардын башынан өткөн тарыхый жагдайлардан алынган акыл-насааттар да аз эмес. "Эрдик - элдүү шаарды алат" деген санатта тээ Тэңири Кан Кошой менен Улуу Манастын баатырдык замандары жатат. Байыркы кытайдын Бээжин (Пинчен) баш болгон кырктан ашык чебин, Индиядан тээ Кырымга чейинки жыйырма алты өлкөнүн жүздөгөн шаарларын алган Тэңири Манастын эрдикке толгон доору жатат! "Калааны баатырдык менен алсаң да, кыраакылык менен сактаарсың" деген санатта эрдик менен жеңилип алынган шаарларды эми кыраакылык менен гана сактоого мүмкүн экендиги айтылып отурат!

"Жибек кийип калтырагыча, куур тон кийип куунаган жакшы" деген санатта ошол басылып алынган кытайдан тартууга келген атактуу кытай жибектери тууралуу сөз болуп атканы талашсыз. Кытай жибеги биздин тоолуу өлкөдө кийим эмес экендиги, анын жылуулугу таптакыр эле жок экендиги тууралуу кабар берилип атат. "Сырты жылтырак, ичи калтырак" деген санат да ушундай жагдайлардан улам пайда болгондой. Мында "сырты жылтырагы" жибектин кулпурган түсү, "ичи калтырагы" анын жылуулугунун жоктугу. Андыктан, Жоокер тоолуктар "Тери тондун ичинде, тердесин жигит - өлбөсүн" деген го!

"Күркүрөп келген жоодон, күлүңдөп келген жоо жаман" деген санатта Оңдордун өлкөсү ыдырап, айрым уруулар кытай бийлигин таанып, анын митаам шарттарын кабыл алып, ага көз каранды болгон кырдаал сөз болуп атканы шексиз. Берегидей кытайга "өткөн" уруулардын ордолорунда Чин императорлору өз өкүлдөрүн кармаган да, алар тиги уруунун үстүнөн ар дайым байкоо жүргүзүп турган. Эгер, алиги уруу Чинге чыккынчылык кыла турган болсо жанагы өкүл аны дароо тыякка билдирген да, ортодо жаңжал башталган. Ал "тилмечтерди" илгерки кытайлар "туңчу" же "дуңчу" деп атаган, биздеги "тыңчы" деген сөз да ушундан келип чыккан. Андай "тыңчыларды" элибиз "шуйкучу" деп да атаган. Алар, алиги санаттагыдай, "күркүрөп келген жоо" эмес, "күлүңдөп келген жоо" болучу. Андыктан алар колуна курал алып келген миңдеген жоодон да коркунучтуу эле. "Маңдайы жарыктан түңүлбө, күлүмсүрөп сүйлөгөндөн түңүл" деген санат да ошондой тыңчылардан улам келип чыкса керек. Андай "тыңчылар" күлүмсүрөп сүйлөп туруп, эл-жерди тыптыйпыл кылып чаап алууга мүмкүндүк түзгөн. Ошондуктан, байыркы көчмөндөр "керегеде кулак бар, кеңешүүгө ыраак бар" деген. "Керегеде кулак бар" дегени боз үйдө алиги "тыңчы бар" дегени го! Кандай гана так, даана, элестүү айтылган санат!

Ошо катаал доордо өтө айлакер саясат жүргүзгөн Кытай Сарайы бир урууну экинчисине тукуруп, көчмөндөрдүн арасын ар кандай айың менен иритип, өз ара чабыштырып, ич арада эчендеген эрлер өлүп, журт алсырап, императорлордун "душман колу менен душманды жок кылуу" урааны гүлдөп турган чагы эле. Элибиздеги "Бирөөнүн колу менен чок шилөө" деген санат да так ошол ырайымсыз доорлордон калганы кашкайган чындык эмеспи! Кытай Сарайынын так ошол "бирөөнүн колу менен чок шилөө" саясаты, акыры жүрүп, Улуу Оңдордун өтө зор империясынын түбүнө жетип тынды го?!

Элибизде: "Сынык күзгүгө көрүнбө" деген нускоо да бар. Мунун түбү да тээ Оңдордун дооруна барып такалат. Дүйнөдө эң алгач ирет айнекти тапкан эл да эзелки кыргыздар, анын ичинен, кушчулар го! Бу тууралуу илгерки кытайлардын Хан тарыхында бадырайып жазылып турат, анда кытай борборуна келген Юечжи же Гуйшуан (Кушчу кан) өлкөсүнүн кишилери императорго жана анын өнөр адистерине ташты кантип ээритип, андан айнекти кантип алаарды үйрөтүп кеткен жери бар. Демек, Улуу Оңдордун элинде айнек идиштерди урунуу тээ эле байыркы замандарда башталган. Жанагы "сынык күзгүгө көрүнбө" деген кеп да ошол доордон калган.

Ушу оомолуу-төкмөлүү замандан калган "Итке - иттей өлүм" деген санат да элибизден чыккан ар кандай чыккынчыларга, саткындарга, коркокторго арналса керек, анткени, эл-журтка чыккынчылык кылган саткындарды, жоодон качкан коркокторду көчмөндөр таш бараңга алып өлтүргөн. "Сокур тыйынга арзыбаган өлүм - бөөдө өлүм" деп, андайлардын сөөгү көмүлбөй калган, ит-кушка жем болгон.

А "Иттин ээси, бөрүнүн Тэңири бар" деген ой-санатта эки башка маани жатат. Биринчиден, ал бөрү - кишиге арналса, экинчиден ал бөрүнүн өзүнө арналган. Мында, бөрү кишинин катарына коюлуп, ал да Тэңирдин кулуну катары айтылып атат го, мунун түбүндө башка кошуна элдер тарабынан "бурут" (бөрүсү көп) атка конгон биздин элдин түп-тамыры жатат. Илгерки кытай санжыраларына жазылып калган аңызда байыркы түрктөр (кара кыргыздар) "бөрүдөн туулат" го. Андыктан, эзелки түрктөрдүн Ордолору байыркы кытайлар тарабынан "ашина" (шоно - бөрү) деген атка конуп кеткен. Бу тууралуу "Кара Кыргызымдын" үчүнчү китебинде жетишээрлик айттым эле, аны кайталабайын. Тек гана, ошо Көкө Түрктөрдүн (Асман Түрктөрүнүн же Көктүн уулдарынын) доорунан калган биртике ой-санаттарга токтоло кетейин.

"Ташка тамга баскандай". Бул - Көкө Түрктөрдүн, тарых тили менен айтканда - Улуу Түрткөрдүн доору! Мында ташка чегилген түрк жазуулар (Оң кары жазуулары) жайында сөз болуп атат. Алар: Билге кара кан жазмасы, Жолдуу тегин жазмасы, Суджи жазмасы ж. б. болуп уланып кете берет. Мындай жазуулардан Сол кары (азыркы Енисей, төбөй, алтай, сака) жеринде эле канчасы бар! Көп го, көп! Байыркы ой-санаттардагы "Бичик - билим булагы" деген сөз да так ошол Көкө Түрктөрдүн даңазалуу доорунан калганы ажеп эмес. "Бичик" же "битик" деп биздин эл мурда тамга жазганды, аны окуганды билген кишилерди атаган экен! "Бичик" же "бычуу" деген бир нерселерди оюу, мисалы, таш бетине тамга түшүрүү, кездемени бычып, анын бетине кандайдыр бир элестүү нерсени оюу деген кеп го!

"Бичик - билим булагы" деген да алиги ар түркүн таш беттерине тамга салган билгелерден улам келип чыккан эмеспи! Элибиздеги "Устатыңды ата-энеңдей ардакта, билгелерди бабалардай урматта" деген санаттар да бизге так ошол Улуу Түрк доорунан кабар салып тургандай, себеби, "бичик" же "битик", "билге" деген сөздөрдүн өзү да алиги Көкө Түрктөрдүн заманында таш беттерине чегилип калган го!

А "Акылдуу десең кеменгер, каардуу десең жедигер" деген санатта дал ошол Көкө Түрктөрдүн заманынын орто ченинде Оң Кары журтунун Талас (Алтай) менен Каңгай тарабын бийлеп турган атактуу Жедигер Ордосу жөнүндө сөз болуп атканы талашысыз! Ал эми "Букарда пулу бардын көөнү ток" деген санат да бизге так ушул түрк заманынан калган. Ошо доордо Букар калаасы батыш менен чыгышты данакер кылган өтө ири соода борбору болуп турган. Ал жерге көчмөндөр миңдеген малын айдап барып, дүң соода жүргүзгөн да, өзүлөрүнө керектүү буюм-теримдерди, түркүн кездемелерди алып кайткан. "Жабуу-жабуу дебеңер, жайсыз айгыр салбаңар" деген санаттагы "жабуу" деген сөз байыркы Оңдордун империясындагы "Чоро бектин" (Чжаовунун) деңгээлинде турган "жабуу" (жалпы) деген титулду билдирээрин кантип жашырабыз? Тээ атактуу Оңдордун доорунда ал уруу бегинин деңгээлиндеги титул болсо, Көкө Түрктөрдүн заманында ал бүтүндөй Батыш Канаттын (Алатоолук кыргыздардын) эң башкы бийлөөчүсүн билдирген. "Жабуу" деген титулду кийин сарт менен аргындар (түркмөндөр) "йабгу" деп жазган.

Ошол эле Көкө Тэңирилик ой-санаттарда: "Өлгөнүңдөн калганың, жете көргүн Таласка (Алтайга)" деген сөз сакталып калган. Бул дагы Көкө Түрктөрдүн заманынын акыркы кезеңдерин туюндурат. Илгерки кытайлар менен Ордосто, Сары-Суунун бойлорунда өткөн кыян-кески согуштарда эзелки кыргыздар ээлеген жерлеринен ажырап, эчен ирет Таласка сүрүлгөн учурлары бар. Береги "өлгөнүңдөн калганың жете көргүн Таласка" деген сөз да так ошол каардуу замандардан калган. Алар ошо Таласына барып, кайрадан күч топтоп келип, кытайларды кыйла жолу талкалаган эмеспи!

Кечээ эле көзү өткөн карыялардын кебинде: "Жер сиңип кеткен жети Атаң ким? Ал жети атаң! Жерди жемире баскан чал Буура ким? Ал түп атаң!" деген алым-сабак аңыз сакталып калган. Мындагы Атан, Буура деген сөздөр, куралданбаган көз менен караганда, демейдеги эле сөздөр катары туюла берет. А береги сөздөрдүн ары жагын тинте келсең, Улуу Түрк доорунун акырындагы Алатоодогу кара кандардын заманына барып такаласың, анткени, ал кара кандар "Буура кан" деген атак-титулду да ала жүргөн эмеспи! Мында, тиги аңызды айткан катаган карыялар өзүлөрүн так ошол Буура кандан таратып аткан. Алардын жетинчи атасы Атан (бий) болсо, аркы атасы Буура (кан), түпкү теги карылуу катагандары эле!

Көкө Тэңирилик ой-санаттарда айбанаттарга байланышкан акыл-насааттар да арбын. Мындай ой-санаттарды биз ошол айбанаттарга гана арналган экен деп түшүнбөшүбүз керек, анткени, аюу мүнөз, ит мүнөз, түлкү мүнөз, бөрү мүнөз ж. б. мүнөздүү кишилер да болот эмеспи, тиги айбанаттарга арналган ой-санаттардын көпчүлүгү алигидей мүнөздүү кишилерге арналган. Ал ой-санаттар Тэңириликтин башка ой-санаттары сыяктуу эле өтө так, даана, элестүү, тарбиялык мааниси да жогору.

Тээ илгерки заманда карыган кишилердин баары эле "карыя" деп атала берген эмес. "Карыя" деген атак - акылына сөзү, сөзүнө кылган иши жарашкан билги (акылман) карыларга гана берилген. Андай карыялар төрдөн орун алып, аябай ардакталган жана урматталган. Көкө Тэңириликтин "Карыя - айткан сөзү дарыя" деген ой-санаты да мына ушундан калган. Андай карыялар жанагы бийлер менен кандардын бирден-бир акылман кеңешчиси, чоң жыйындарда топ жарып сүйлөгөн чечени, элди ар кандай ишке чегип берген уюштуруучусу, той менен аштардын көркү болгон. Эң башкысы, Көкө Тэңириликтин эс-акылынан жаралган түмөндөгөн ой-санаттарды "алмадай башына батырган" эл билгиси эле! Алар күндүз эл-журттагы ар кандай маселелерди чечсе; кечкисин очок кашында тээ эң байыртадан келаткан "Тэңири жомокторду" (санжыра-аңыздарды) айткан. Аны бүт айыл чогулуп уккан учурлары көп. Балдар үчүн тээ эзелки заманда азыркыдай мектеп болгон эмес го, аларга ошо жоокерчилик доордо береги очок кашы кайталангыс мектеп болуп берген. Ушул жерде отуруп, бала өз элинин өткөндөгү "жомогун" (тарыхын) уккан, дүйнө таанымы кеңейген, кыргыз (тарыхый түрк) деген элден башка да жүздөгөн элдер, Алатоо менен Талас (Алтай), Каңгай менен Каракалкан (Кыдыркан) тоолорунан сырткары да ондогон тоолор, өрөөндөр, суулар бар экендигин акылына түйгөн. Ошол ыйык очок кашында ал өз элинин тээ байыртадан бери келаткан салтын урматтап чоңойгон, жүрүш-туруш үлгүлөрүн өздөштүргөн, эчендеген элдик ырларды уккан. Анын Ата-Журтуна болгон сүйүүсү так ошол очок кашында пайда болуп, кийин эл ичинде эң жогорку деңгээлге өсүп жеткен. Тэңириликтин баасы-баркы теңдешсиз ой-санаттары аны өз Ата-Журтун сүйүүгө, өз элин кадырлоого, баскынчыны жек көрүүгө үйрөткөн. Ошентип, ал эсейе келе өз элинин атуулуна (патриотуна) айланган. Душман кол салса, эң биринчи ошол аттанган. Алиги атагы таш жарган баатырлар так ошол балдардын арасынан чыккан. Мында, Көкө Тэңириликтин алиги маани-жайы теңдешсиз ой-санаттарынын ролун айттык не, айтпадык не! Азаматты азамат, баатырды баатыр, элди эл, журтту журт кылган, айланайын, дал ушул Көкө Тэңириликтин куну чексиз ой-санаттары го! "Өткөнүн билбеген эл - атасын тааныбаган баладай" деген ой-санаттын эле баасы-баркы канчалык!!!

Көкө Тэңиринин берегидей эң асыл ой-санаттары, осуяттары, үлгү сөздөрү, өтө кымбат накылдарынан сырткары анын ар сөздү же көрүнүштү, атакты же ойду ж. б. чечмелеп түшүндүргөн миңдеген талкуу кептери болгон. Көкө Тэңири Жоокердик дин го, анда, ир алды Баатыр менен анын минген Аты эң башкы орунга коюлган. Баатыр менен Аттан да кем калышпаган Акыл менен Сөз (чечендик) деген да бар эмеспи! Ошондуктан, жанагы Очок кашында алиги Карыя өзүн тегеректеп олтурган өспүрүмдөргө "Баатыр деген ким?", "Аттын түрү кайсылар?", "Акыл-ой (чечендик) деген эмне?", мына ошолорду чечмелеп, тигилердин мээсине куюп турган.

"Кыргызда, - деп олуттуу сөз баштаган ал, - "Баатыр алтоо, бай төртөө, кедей сегиз, бий жалгыз, кул тогуз" деген эски ой-санат бар. Демек, баарынан кул көп, анан кедей, анан баатыр, анан бай, анан бий. Кыргыз кимди баатыр деген?

Баатыр алты түргө бөлүнгөн.

Биринчиси - октон, чоктон кайтпастан, алды-арты, аз-көбүнө карабастан, жоо миң киши болсо да жалтанбастан тоодон кулаган таштай чимирилип жалгыз качырып, күндүз, мейли түн болсун, тоо улуусу аң-кемерди көзгө илбестен жоого тийип, жоону кайта-кайта аралап салышып, быт-чытын чыгарып качырат. Же өзү талкаланат. Мындай баатырларды "Адам шери" деп атаган. Андай эрендер кыргызда боло келген, баатырдын эң мыктысы ушул! Экинчиси - жоодо жаралуу болуп калса да, маселен, колу сынса мойнуна тагып-асып коюп, буту сынса канжыгасына байлап салып урушкан. Жаратка өтө чыдамдуу, башынан аккан кан көзүн көрсөтпөй каптаса да шыпырып коюп, согуша берген. Суусап кетсе атынын терин жалап жүргөн. Мындай баатырды "Кара көк же Көкжал" деген. Үчүнчүсү - жоонун ыгына жараша урушуп, эби келген жерде жалгандан качырымыш болуп, жоонун аты талып, өздөрү чарчагансып бириндеп калган чакта кайта качырып сайып алат. Жоонун аз-көбүн билмекке качырткы салат. Жоо качырып, чарчатаар жагын көздөйт. Эгер жоодон чындап качып калса, аты чабал жолдошторун алдына, тандамал жигиттерин артына коюп, анын соңунда өзү түшүп, жоону жолдошторуна аралатпастан улам-улам тосуп, согушуп, илгери жибербейт. Тоолуу бийик бек жер болсо аттуу, жөөлүү болуп (ит урушун салып) согушат дейт. Эгерде, жолдошунун аты жүрбөй калган болсо, жоодон ат түшүрүп, аны мингизип ала жөнөйт. ("Качсам да бир ат олжом бар, куусам да бир ат олжом бар" деген баатырлардын макалы ушул). Мындай баатырдын жолдошторуна чоң пайдасы болгондуктан, согушта андай баатырларга карамалап, аскер көп пааналайт. Макталуу баатырлар ушул болуп, буларды "Илекор баатыр" деген. Төртүнчүсү - жанына жолдош албастан, алыс-жакынга жеке өзү жүрүп, жылкы алат. Жоосун жоолойт. Андайларды "Жеке баатыр" деген. Бешинчиси - өзүнө башка жолдоштору баатыр жана теңтуш болсо, алар менен бирге жүрүп, өзү жоодон коркуп качайын десе да жолдошторунан уялып качпастан урушуп жүрүп, ошого дагдыланып, кийин баатырлыкка чыгат. Мындайларды "Ээрчиме баатыр" атаган. Алтынчысы - "мен дагы элдей эмесминби, тигилерден кантип кем болоюн" деп анык баатырларды туурап жоону качырып, дайым жоого түшөт. "Айласыз баатыр чочкого чабат" деген ушундан калган.

Баатыр алтоо деген ушул, чырактарым. Эми силерге ошол баатырлар минген аттардан сөз салайын. Бедөө - узун аяк, келбети келишкен, өтө күлүк, асыл жылкы. Буудан - бедөө менен карабайыр жылкынын тукумунан чыккан түр. Буудандын соорусу жалпак, аяктары жүндүү келет. "Бакай ат" деген ошол буудандын экинчи аты. Карабайыр - тулкусу жоон, күлүк, күчтүү, чыдамдуу жылкы. Аргымак - көрүнүшү келишкен, бийик бойлуу, узун аяк, ченде жок күлүк. Жүйрүк - чапса тез алып учкан, алыска чуркаган күлүк. "Жүздөн жүйрүк, миңден тулпар чыгат" деген ошол. Тулпар- жылкы тукумунун эң күлүгү, мыктысы, чыдамдуусу. Сыртынан жүдөө, бою пас, буту-колу жоон, кашка тиши кадоодой, маңдайы жарык. Дулдул - жылкынын мыктысынын мыктысы, жалы төгүлгөн жылкы. Жүрүмөл - жакшы жүрүштүү ат, бирок, мыктылык сапаты жагынан тигилерге жетпейт. Жорток - жортуп-жортуп, өңкөң-дөңкөң этип желген жылкы. Мындай жылкы мал кайтарганга гана жарайт. Чарс - азоо, кыялы чатак жылкы. Чымкор - от-чөптү тандап аз оттогон жылкы, эт албайт, ал чыгарган шакелге бир мал тойот. Какбаш - ээн оттоп, жанына жылкы жолотпойт, кажып, тиштеп турган мал.

Кыргыздын бүткүл дээрлик оокаты көчмөн болуп, бардык тиричилиги жылкыга байлангандыктан жана жоо менен эч убакта жөө эмес, дайыма ат үстүндө урушкандыктан күлүк аттын кадыры өтө чоң болгон. "Эрдин куну, Эриштин айыбы болбосо чаң тийбес" деп тандап, айыбына күлүк ат алган. Бир ат үчүн кыздан, катындан кечкен, бир күлүк үчүн эки эл бузулуп, канчалык кан төгүлгөнүн көрөбүз. Атты жанындай көрүп, кооптуу заманда үйгө кийирип, кишен салып бакканын көргөнбүз.

Кыргыздар жакшы атынын башын бийик жыгачтын башына илген.

Сынчылар кишини жана атты гана сынап, башка малды сынабаган. Күлүк же чобур болоорун кулун жана тай кезинде сынап билген. Үйдө олтуруп тыштагы аттын баскан дабышынан күлүк болоорун баамдаган. Жоокерчиликте жалгыз жанын атына тапшырган. Кээ бир ат ээси уктап калса, суук кишинин элесин алса, ээсин чапчып, же тиштеп ойготкон. Аттын жаш же кары бээден туулгандыгын билген. Байгеге чапканда аттын чыгаарын, байгеге илинээрин же калаарын туйган. Күлүктү он сегиз түргө, бүркүттү алтымыш беш түргө бөлгөн. Аттын канчалык жерге жүгүрөөрүн билген. Сынчы күлүк аттын бир түрлүү сынын мындайча сыпаттаган: "Саадактап саны салынган, илбирстей ичи тартылган, бөрү кулак, бөкөн сан, бууданга чалыш ат экен. Кулун сындуу, куран сан, кулжа моюн төгөрөк, куланга чалыш ат тура. Кашка тиши кадоодой, кара тили бүлөөдөй, телегейи тегиз тарамыш, кара кушу калкандай, жазы жаак, кең маңдай, жото жилик жонгондой, жонуна жатып конгондой, балык эти баладай, туяктары чарадай. Кар жилиги кадоодой, музга тууп, ташта өскөн тоо кайыптан жалгашкан, кыска бакай, тик далы. Экинчиси: Эшек туяк, элик баш, эңчер бойлуу, жагак төш. Кара саны түрүлгөн, ээрди шалпык, бото көз, чымыр туяк, үкү аяк, өйдө-ылдыйды ылгагыс. Тайган иттей кыржыктап, бүткөн бою тарамыш. Көмкөргөндөй карчыты, жупжумуру мойну түз. Балык эти балкылдап, боору сырты тептегиз. Арпа сыйбас азуусу, коюлданган кашка тиш. Энөө жерде эликтей, өргө чапса учкан куш. Тарткан жаадай зыркырап, дайра көчсө кебелгис. Уюл-уюл капкан бел, төө толорсук, тайган төш. Каман жаак, алма баш, үлбүр сагак, үч чоку. Туу чокуда кулагы, уй куймулчак, тик жамбаш. Чакмак эти түрүлгөн, кара эти жок кагелес. Чымыр туяк, тик бакай, айчылыкка арыгыс, күндөп-түндөп жүрсө да чарчабаган талыгып. Шымаланган эликтей, кулун куйрук болсо туш, тал-тал көкүл сыйда жал, таап алган армансыз. Үчүнчүсү: Октолуп ок жылаандай жумуруланып ээлигип, кыйгач карап кужурланып, элирип чымын учса көктү карап, көрүнүп учар куштай оюн салып, чуу чыкса камырабай моюн созуп, "чү" десе учкан куштай канат сызып, айкырып алды-арты дүбүр болсо, козголбос турганынан жүрөк сезип. Чолпондой көзү жайнап, ичке сагак, сүмбөдөй тулку бою сырттан жарап, оозун керип, көп эстеп, улутунуп, ойноктоп, жерди чапчып, асман карап. Муз бөйрөк, бели кыска, бирдей сүбөө түпөктөй туу куйругу, өркөч бийик. Тең келбес кайберендер кулан-кийик, кайрылып эки азуу көмөкөйгө. Көрүнүп копшогондой жото жилик, узун жамбаш, кең соору, алчак басык. Кылыксыз бөрү желиш, тарамыш тула бою сын сөөктүү. Тайган төш, камыш кулак, боору жарык, жүгүрсө закым болуп көзгө илинбей" деп кетет ал сын.

Тоолуу жерде тайгылбай, сууга бирдей, жылкынын кымыз, этинен дагы минген күчүнө карап, аттын урматы үчүн башка малдан артыкча багып, жылкычы дайындап, илгерки заманда ал жылкычылар кыргыздын жоого аттанган азаматтарынын артынан такоол болгон аскеринен саналган.

Ат таптоо эки түрдүү болуп, ыраңга семирген атты таптап байлоо жана колго семирген атты таптоо. Ыраңга семирген атты таптоо экинчисине караганда өтө кыйын болгон. Илгерки заманда чапкан атка жем бербестен, боз от, бетеге оттотуп, кээ чакта бээнин сүтүн берип, мамыга көбүрөөк байлап коюп таптаган. Муну "куу мамы" деген. Атты чабар этине келди деген белгилери бир нече түрлүү болуп, биринчи - тери калбайт, экинчи - май калбайт, үчүнчү - каны толук, арык болсо да эти, сыны, сөөгү семиз аттыкындай болгон. Төртүнчү - сууту абдан кандырылат. Этине абдан келген аттын белгиси өз мүнөзүнө жараша болуп, кээ бири магдырап, кээ бири чакчаңдап турат. Алардын баарында түнкү бил белгиси кандай болсо да, кандай суутса да, канчалык чөпкө тойсо да, таң ашырылган. Чабаар күнү суу ичпейт, чапкан аттын жинигип өлмөгү, ачкалык, жаки семиздик, жаки тер калгандыктан болот. Бул үчөө бирден жок болсо да жана ичинде бузугу болбосо, канчалык алыска чапса да майып болбогон. Аттын табы катуу, жумшагы болуп, эгерде семиз болбосо, жаки тер калса да, кыштын күнү чабылган ат майып болбогон. Бузулган күлүк атка үч түрлүү даба кылган: Биринчи - арыгынан эрте көктөмгө агытып, семиртүү. Экинчи - кышында карга арыгынан агыта берүү. Үчүнчү - күкүрт, көбүнчө, карандыз берүү. Жанын таштап чуркай турган аттардын соорусу балкылдап калбастан, жабышып калат. Чоң тер алганда барыш-келиш жыйырма беш чакырым болуп, кулактын учунан тер акса, шончолук калың жабууда жүрүп, чүү десе аягы буйдалбастан анда-мында бир тийип, жулунуп ала качат. Тер алганда ат кандай күүлүү болсо, эртеси байгеге ошондой жүгүрөт. Чыгар аттын белгиси - жүнү типтик болуп, бузугу жок болсо, сийдиги тунук болот. Колго семиртип чабылган атты күзүндө көккө бир байлап, семиртип, кайта кайтарат. Жеми көбүнчө арпа, таруу болуп, эгерде этинен ооп баратса буудай берет…

Жылкыларды өңүнө карап: буурул (көкбуурул, кызыл буурул, кара буурул), чабдар, таргыл, жейрен, күрөң, чөпкер (чаар), кер, сур, ала… дей беребиз. Дене-бүтүмүнө карап: айнек көз, кара желин, күпчөк сан, ноктолуу, кошоктуу… деп да айтабыз. Күр бээ, туу бээ, бошоң бээ, сары карын… дегенибиз бар. Саам, саан, ийит, ак көңүл, без эмчек… дегенибиз болот.

Денесиндеги түктүн көпчүлүк кылы кызыл-көк болуп чекит-чекит, теңге-теңге кара, агы аралаш болсо, же ак менен сур аралашып кетсе - ошол буурул. Түгүнүн көгү басым келип, теңге-теңге актары аралаш болсо - ошол көкбуурул. Кызылы басым келип, же кызылы менен карасы аралаш болсо - кызыл буурул. Куйрук-жалы ак, башка жагындагы түгү саргыч болсо - ал - чабдар. Саргыч, ак түктүн арасын жол-жол кара, күрөң, кызыл түк аралап басса - ошол таргыл. Кызгылт, сары түгү аралаш болсо ал - жейрен. Агымтыл-көгүш, кызгылт-каралжын түгү аралаш болсо - ошо күрөң. Оозу-мурду, тумшук-бакайы, ичи-карды ак, агыш болсо - ошо чөпкер. Булардан сырткары сур, ак тукур, ак кирпик, ала аяк (ала пайча), ак куйрук, чобур, тукур, ак тумшук, ак таноо, ала быкын, мойнок дегендери бар…

Жылкы мыктысы Баатыр менен Чечендерге гана ыйгарылат. Эгер, Баатыр начар ат минсе өлөт, Чечен начар ат минсе сөзгө калат - жыгылат. Андыктан элибиз: "Баатыр жоодо билинээр, чечен доодо билинээр", "Көп баатырдан жоо кетет, көп чеченден доо кетет" деп койот. Кандай кишини чечен дейбиз? Албетте, сөзгө чебер, мыкты, курч сүйлөгөндү! "Көпкөн жигит көп сүйлөйт, чечен жигит эп сүйлөйт" же "Сулуунун көркү көзүндө, чечендин көркү сөзүндө" деген ошондон калган го! Бабаларыбыз өтө сөзмөр, кызыл тил чечендерди коңур чечен, жөө чечен деп бөлгөн. Үнүнө сүйлөө ыкмасы менен ою жарашкандарды коңур чечен, а башкаларга сөз бербегендерди жөө чечен дейбиз. Эгерде коңур чечен менен жөө чечендин касиети бирөөндө болсо, ал алдына чечен салбаган кызыл тил болот. Баарынан ушунусу мыкты! А тиги кургак чечени айыл-апанын тегерегинде калчу куру сөздүү чечен… (Б. Солтоноев. Кызыл кыргыз тарыхы, 2-китеп, Бишкек, 1993, 183-184-беттер. Ж. Мукамбаев. Эл ичи - өнөр кенчи. Ф., 1990, 20-23, 188-беттер. ).

А акылман карыянын Ыйык Очок кашындагы акыл-эс сабагы акырындан улана берет, арнасына сыйбай төгүлүп-ташып, оргуй берет… Карыя ак сакалын жайкалтып, уккулуктуу коңур үнү шаңшып, асмандагы жылдыздары балбылдаган ушул куттуу түнү уккулуктуу үнү алыска-алыска калкыйт… Ал Улуу Кыргыз эли жайында, Улуу Кыргыз дөөлөттөрү (империялары) жөнүндө, кандан кайра тартпаган Улуу Кыргыз Баатырлары тууралуу улам эргип баян этет. Карыя түмөндөгөн жоого жалгыз кол салган ченде жок эрендер, Алатоодон Алтайга алты күндө барган аргымактар, бүтүндөй элди кызыл тили менен сөзгө жыгып кайткан чечендерди даңктайт! Тогуз Тэңирдин улуулугу жөнүндө, алардын эң башкы эгеси Көкө Тэңир жайында өтө кундуу кеп уютат. Ошентип, береги карыянын түбүндө сөз тыңдап отурган балдар да акырындан эл уулуна айланып, акыл-эси кеңип, бийиктей берет…

Өзүнүн Көкө Тэңирин туу туткан эл үчүн Көкө Тэңирден өткөн Тэңир болгон эмес! Ошондуктан, ал биздин элде аябай кадырланган, урматталган, даңкталган. Көккө сыйынуу дүйнөдөгү башка элдерге да бизден тараган. Илгерки кытайларга ал мындан 5000-4500 жыл мурда өтсө, башка кошуна элдерге (татар (маңкул), маңжоо, тангут ж. б. ) ал ушундан кийин жайылган. Ал эми б. з. 93-жылы маңкул колуна түшүп кеткен 100000 түтүн кыргыз менен бирге тигил элге Көкө Тэңирге сыйынуучулуктун бардык салттары, ырым-жырымдары, эрежелери өткөн. Андыктан, байыркы кытайлары да, калган элдери да биздин илгерки Тэңирилик салтты туурап, өз мамлекет башчыларын "Асман уулу" (бизче Тэңирдин уулу) деп атаган. Көкө Тэңирге сыйынуу биздин эзелки салттын негизинде жүргөн, алар да биз өңдүү курмандык чалган, айтор, Көкө Тэңириликтин көпчүлүк салттары, ырым-жырымдары, жүрүш-туруш эрежелери тигилерде да сакталган. Алар да биздин элдей жоокердик духта тарбияланып, кийин өтө күчөп кеткен. Көкө Тэңирилик "Сыныктан башканын баары жугуштуу" дейт го, Көкө Тэңири дини бара-бара береги журттардан башкаларга жайылган, ошентип ал дүйнө элдеринин бир тобуна жеткен.

Ушул жерден өтө баса белгилей кетүүчү нерсе - Көкө Тэңири тээ байыркы заманда кара кыргыздардын же тарых тили менен айтканда, нукура түрктөрдүн гана дини болгон. Дагы кайталаймын, кара кыргыздардын же нукура тарыхый түрктөрдүн! Бул Чыңгыс кан жайындагы береги маалыматтан да дапдаана көрүнөт: "Качан гана Хорезм шахы Чыңгыс кандын элчилерин кырып салганда ал дөңгө чыгып, курун мойнуна салып, жылаңбаштанып, жерге бүк түшкөн боюнча үч күнү-түнү турбай, Тэңирге жалынып, ыйлап жаткан: "О, Тэңир! О, Жараткан! О, Түрк эгеси! Бул чуулгандуу жорукту мен баштаган жокмун! Мага өч алуу үчүн күч кубат бер!" Мындагы "О, Тэңир! О, Жараткан! О, Түрк эгеси!" деп атканы - Тэңири же Жаратканы береги түрктөрдүн гана эгеси болгондугунда! Демек, Тэңирге оболу кыргыздар гана сыйынган. А качан гана ошол кыргыздардын бир бөлүгү б. з. ч. VII-VI к. Алдыңкы Азияда калып, мидиялыктар менен аралашып кеткен соң бул эки этностон аргын (азыркы түркмөн, азербайжан, осмон түрктөрүнүн ата-бабалары) деген эл пайда болгон да, алар адегенде Тэңирге да, мидиялыктар сыйынган жергиликтүү кудайларга да сыйынып, натыйжада, бул эки дин бири-бирине аралашып, "ботко" болуп, акырында алар табынган дин абдан тайкыланып кеткен да, кийин булар исламды кабыл алып тынган. А 93-жылы маңкулдардын (татарлардын) колуна түшүп кеткен байыркы кыргыздар да тиги татарлар менен аралашып, түрк (кыргыз) тили сакталган менен өзүлөрү аргын (халмг же калимаг) элге айланып, натыйжада алардын Тэңири дини да алиги татарлардын илгерки дини менен жуурулушуп, өзүнүн түпкү жерпайынан ажырап калгандыктан булардын Тэңири дини да былгып, анын арты береги Чыңгыс кан аргын түрктөрүнүн исламды эртелеп кабыл алышы менен аяктаган. А биздин алатоолук элдин же тарыхый нукура түрктөрдүн Көкө Тэңири дини кечээги күнгө дейре таптаза бойдон сакталып келди да, өткөн Советтик доордо гана таптакыр башка үгүт-насыятка (марксизм-ленинизмге) туш болуп, түбү бошоңдой түштү, бирок, анын асыл данеги дале бар! Ал ар бир кыргыз баласынын жүрөгүнүн түпкүрүндө өмүр сүрүп келет. Көк (аба), Ай, Күн, Жылдыз, Жер, Тоо-талаа, Суу турганда Көкө Тэңириликтин кайрадан өмүр сүрүшү турган иш! Кыргыз баласынын кан-жанында Көкө Тэңиринин илеби согуп турганда ал эч качан өлбөйт. Бүгүн болбосо эртең, эртең болбосо бүрсүгүнү, бүрсүгүнү болбосо анын соңку күнү өз өмүрүн сүрүп кете берет! Киши баласы менен жаратылыштын биримдиги болгон жерде ал да болот!

Азыркы будда, христиан, ислам ж. б. өңдүү кийинки диндердин баарынын башаты, мен мурда айткандай, эң байыркы жана алгачкы Көкө Тэңири дининин акыл-эске өтө бай ой-санаттарынан келип чыккан го! Бир гана "Укпайт деп ушак айтпа, көрбөйт деп ууру кылба, билбейт деп кылмыш кылба" деген ой-санаттын баасы-баркы эле канчалык?! Ушул кайталангыс ой-санатта айтылган акыл-эс нускасы береги кийинки диндердин мыйзамдык моралынын теңме-теңин түзөт го! А биздин элде уурулук же кылмыш болгон жери абдан катуу жазаланган. Мен бир эле мисал келтире кетейин, эгер, баласы уурулук кылса өлтүрүлүп, анын кесилген башын атасы өлөөр-өлгүчө мойнуна тагып жүрүүгө аргасыз болгон. Оор кылмышка баргандар тогуздап айып тарткандан кийин таш бараңга алынып өлтүрүлгөн. Майда-барат кылмышка баргандардын колу-буттары керте чабылган. Андыктан, уурулук же кылмыш биздин эзелки элге өтө жат болгон. Бу жөнүндө байыркы кытай санжыраларынан тартып Сереп өлкөлөрүнүн жылнаамаларына дейре жазылган. Байыркы акындар алатоолуктардын үйү таптакыр бекибестигин, ар дайым ачык бойдон кала берээрлигин эчен ирет суктана жазган эмеспи! Анан биз, кылмыш аттууну түп-тамырынан бери жок кылган Көкө Тэңириликти баарынан улук дебегенде эмне дейбиз?! Ал чындыгындале калган диндерден жашы боюнча да, ой-санаттарынын кундуулугу жагынан да алда канча улук го?! Тигилердин атасы го?!

Көкө Тэңириликтин ой-санаттарынын ичинен Улуу Тэңирге шек келтирген бир да санатты (макал-лакапты) таппайсың, ал эми бут, христиан, ислам дин өкүлдөрү жана алардын кудайлары менен пайгамбарлары тууралуу айтылган ондогон эмес, жүздөгөн сын макалдарды четтен табасың. Мына ушунун өзү береги диндердин өтө шектүү, жасалма экендигин ырастап турган жокпу?!

Баарынан Көкө Тэңир, анын көктөгү символу болгон Күн улук! Күнсүз жашоого эч мүмкүн эмес го?! Эгер, Күн өчүп калса бу жарыкчылыктагы (биздин галлактикадагы) тиричилик биротоло токтойт. Андан кийин жашоо жок. Күн алкагында (системасында) турган Жер, Ай, жылдыздар өз огунан чыгып, бири-бирине урунуп, жалаң гана кыйроо бар. Алардын бардык кыймыл-аракетин, бүт тиричилигин жөнгө салып турган Улуу Күн го! Ие Улуу Күн! Калың элди Улуу Күнгө сыйындырган Көкө Тэңириликтин ыйыктыгы да мына ушунда эмеспи! Ушундан улам, Күнгө сыйынган биздин ата-бабаларды да башка журттар тээ илгерки заманда "Күн эли", а мамлекетин "Күн өлкөсү" деп атап келди го! Жанагы "хунну" же "гунну" деген кытай санжыраларындагы эл аттарынын экинчи транскрипциясы "улук күн" же "улуу күн" дегенге чукулдайт эмеспи! Демек, ата-бабаларыбыз Улуу Күнгө тегин жеринен табынып келген эмес экен го?! Алардын көрөгөндүгү да ушунда жатса керек!

Бу жарыкчылыкта киши баласы Улуу Күн менен күн сайын Күн чыккандан батканга чейин нур аркылуу байланышып турат. Күндөн ал жылуулук, күч-кубат, чексиз мээр алат! Же, тактап айтканда, Өмүр алат! А тиги киши акылынан жаралган диндерден эмне алат? Эмне? Алардын жасалма пайгамбарлары элге эмне берет? Ошо "пайгамбарлар" же кийинки диндердин баарын жараткан киши балдары кечээ эле Улуу Күнгө сыйынып жүргөн Жер балдары эмес беле?! Өзүлөрү Улуу Күндөн өмүр алып жүргөн жандар эле го?! Анан, алар өзүлөрү Улуу Күндөн Өмүр, Тиричилик алып жүрүп, Улуу Күндүн Тэңирилигин кантип унутту?! Кантип танып кетти?!

Мындан болжол менен 400 миң жыл мурда өмүр сүргөн эң байыркы кишинин азыркы Пекин калаасынын түштүк-батыш тарабынан же кырк чакырым жерден табылышы адамзат тарыхындагы эң ири окуя болуп калды. Азыркы кытай мамлекетинин жеринен табылгандыгына байланыштуу ага "чинантроп" (синантроп) деген ат коюлду. Котцетанг үңкүрүндөгү малдын сөөктөрү изилденип, алиги "чинантроптордун" этти отко бышырып жээри аныкталды. А береги "синантроп" чыккан жер тээ байыркы заманда "түндүктөгү кыйраткычтардын" же хунну-гунндардын төл мекени эмес беле?! Алар береги жерден Чжоу дөөлөтүнүн тушунда гана ажырап калган эле го?! Жанагы аты аңызга айланган Кан Кошой баш болуп кийинки Манаска дейре эзелки кытайлар Янь, Дай деп атын өзгөртүп алган береги ээликтерге жылыга кол салып, бул жерди кытайлардан кайра тартып алууга катуу аракет кылган эмеспи?!

А мындан, болжол менен 40-50 миң жыл мурда же тарых тили менен айтканда, мустьер доорундагы неандерталь кишиси деген ат менен дүйнөгө таанылган доордо кишилер топтошуп же биригип тура баштаган. Мустьер заманындагы көрлөрдү изилдеген айрым окумуштуулар алардын дин туткандыгын белгилей кеткен жери бар. Мына ушул мезгилди биз адамзат тарыхындагы Энелик доордун пайда болушу, демек, Умай Энеге сыйынуунун башаты катары карайбыз. Бул - эл аңчылык менен күн көргөн тапсыз коом болучу. Эл дыйканчылыкты жаңыдан гана өздөштүрүп аткан. Ал кезде уруучулдук түзүлүш эми гана баш көтөрүп, кишилер айрым айбанаттарды, канаттууларды же жаратылыш кубулуштарын ыйык туткан. Биздеги бугу, багыш, жору, бөрү ж. б. деген өңдүү уруу аттарынын келип чыгышы да так ошол энелик доордо башталган го. Жай таш менен "күндү жайлоо" ишеними да алиги доорго таандык. Көк менен Күн, Ай-жылдыздарга, жер-сууга, тоо-ташка табынуу да так ошол заманда каркын алган. "Жылдыз саноо" (астрономия) өнөрү пайда боло баштаган. Уруучулук коомдун өркүндөшү же аталык доордун келиши менен эл көзү өткөн ата-бабаларга да сыйынып, курмандык чалуу пайда болгон. А Көккө, Күн менен Ай-жылдыздарга, жер-сууга, тоо-ташка арналып курмандык чалуу элдик салтка айланган. Кийин алгачкы бакшылар пайда болгон. Көкө Тэңирилик, азыр эле биз айткандай, кайсы бир таптын же дөөлөттүн (династиянын) кызыкчылыгын көздөгөн эмес, ал бир ордого бириккен бүтүндөй элдин кызыкчылыгын көздөгөн. Анын алдында байы да, кедейи да, бийи (каны) да, баатыры да бирдей абалда турган. Кимдир бирөөнө артыкчылык берилбеген.

Эгер, мен жаңылбасам, жанагы тайыптар менен мисирликтердин, кийин Римдиктердин ондогон кудайлары, береги байыркы кыргыздардын (скифтердин) тогуз Тэңиринен келип чыккан да, алар тигилерге тээ кентавр же амазонка замандарында өткөндө мурдагыдан да көбөйүп, өзүлөрүнүн баштагы кудайлары менен арбып, ар бир кудай өз-өзүнчө аңызга, өң-түскө ээ болуп кеткен. Геродот алиги грек кудайларынын чыккан тегин так ажыраталбагандыктан ал: "Биздин Зевс скифтерде Папай (Баба), анын аялы Гея тигилерде Апи (Апа), Аполлон - Гонгосир же Гойтосир (Күн Тэңир), Посейдон - Тагимасад (Суу Тэңири), Гестий - Табити (Бата бий же Умай эне)" деп келип токтойт. Андан аркы параллелдерди айталбайт. Эгер, тайып кудайларына көз жүгүртө турган болсок, анда биз тигилердин кудайлары алардын өз дүйнө таанымына жараша ар түркүн болуп кеткенин көрөбүз: Деметра - түшүмдүүлүктүн, Кера - бактысыздык менен өлүмдүн, Гера - асмандын, Арес - согуштун, Асклепий - дарыгерлердин, Артемида - Ай жана мал менен түшүмдүүлүктүн, Афина - шаар сактоонун, Гермес - жолоочулар менен сооданын, Афродита - сүйүүнүн, Гефест - устачылыктын, Дионис - шарап жасоонун, Фетида - деңиздин, Пан - жаратылыштын кудайы болуп кетет. Тайыптардагы тойдун кудайы Комос, бул биздин "кымыз" деген сөздөн алынган. Биздеги "жердин жети кабат астындагы дүйнө" тигилерде "тартар". (Биздин илгерки бабалардын: "тар, тар дүйнө, тар дүйнө" деген эң эзелки түшүнүгүнөн кабылданган).

Мына ушу кудайларга жана пирлерге байланышкан уламалардын көпчүлүгү өзүбүздүн байыркы бабалардын (Оң, Сол карылардын) тарыхый тагдырынан алынгандай. Мисалы: колго түшкөн душманды ата-баба арбагына багыштап курмандык чалуу (Поликсена), Посейдонго байланышкан ат чабыштар (ал доордо эллин журтуна ат чабыш таптакыр эле мүнөздүү эмес эле, не дегенде, скиф аттарынын гректерге таралышы македониялык Филип падышанын тушунда гана башталган), жалгыз көздүү дөөнү уктап атканда көзгө сайып өлтүрүү (Полифем) же эшек кулак киши жайындагы аңыздар, келечекти алдын ала айтуу (Протей), түшкө ишенүү, жылдыздарга карап көзү ачыктык кылуу, өз уулунун колунан өлгөн падыша (Лаий), талаага ташталган балдар, өгөй энелерине үйлөнүү (Телемах Киркеге, Тэлегон Пенелопага), душман терисин сыйрып алуу (Афина Паланттын), кыз ала качуу, канаттуу ат (Пегас), атасын союу, өз баласын союу, карышкыр эмизип баккан балдар, жер астындагы дүйнөгө (Аидге) кара өгүздөн курмандык чалуу, атасынын өлүмүнө себепчи болгон энесин өлтүрүү ж. б. Булар эзелки кытай жазмаларына түшүп калган хунндар жөнүндөгү тарыхый маалыматтарды эске салат. Афинаны үкү, Арейди карышкыр, Зевсти бүркүт, Асклепийди жылаан жандап жүрүшү өзүбүздүн санжыра-эпосубуздагы Улуу Манастын сүрөттөлүшү го!

Булардан тышкары, жер соруп кеткен Карымбайды эске салган аңыз (Алтемен, Амфиарай), ташка айланып калган кишилер (Ифис, Аглавра), жан-жаныбарларга же куштарга айланып кетүү, жылдыздарга айланып кеткен бийкечтер менен жигиттер, айбанаттар менен канаттуулар, буюм-теримдерди көзгө көрүнбөс кылып ийүү (Автолик), ар кандай түргө келалган пирлер (Зевс, Деметра, Ахэлой ж. б. ) сыяктуу көптөгөн тайып аңыздары өзүбүздүн элдин эң байыркы жомокторун ойго салат.

Биздин элде жер-сууга курмандык чалганда малдын канына ээси сөөмөйүн малып, өз чекесине тийгизип: "О, айланайын, Көкө Теңири! Айланайын Жер! Айланайын Суу! Саат-сабырыңдан сакта! Оору-сыркоодон сакта! Бар балээден сакта! Мал-жан аман болсун, оомийин!" деп бата кылган салт бар го. Ал эми тайыптарда "Анаитке өгүздөр курмандыкка чалынып, кишилерге ошол малдын канын сүйкөп, бул канды ичишкен, ал салт "тавроболии" (скифтик - О. А. ) деп аталган. Демек, илгерки кыргыздар алиги курмандыкка союлган малдын канын ичкен. Бул тууралуу бир топ грек авторлору жазып калтырган жери бар.

Айта берсе, мындай окшоштуктар береги эки элдин тарыхый тагдыры менен аңыз-жомокторунда абдан арбын. Мына ушунун өзү эң байыркы бабаларыбыз менен илгерки тайып элинин ортосундагы байланыш тээле эң эзелки заманда (кентавр, амазонка) башталганынын ачык-айкын күбөсү болсо керек.

А алиги байыркы Оңдордун тогуз Теңиринин таасиринде жаралган тайып, мисир, рим кудайлары не болду? Алар, кийин, христиан окуусу тигилерге жеткен кезде кумдан тургузулган имараттай опурап жок болду, не дегенде, ал көп кудайлардын түбү тайып, мисир, рим элдеринин өзүнүкү эмес эле. Алардын түпкү жерпайы, данеги байыркы кыргыздардын (сак-скиф-гунн) алиги тогуз Тэңиринде жаткан. Ыгы келсе да, келбесе да ойдоп чыгарылган береги отурукташкан элдердин көп кудайлары байыркы түрктөрдүкүндөй (кара кыргыздардыкындай) табигый эмес, жасалма болгондуктан өтө азгырмалуу, абдан куу, өтө жаркырак христиан дини кирип келгенде ыдырап түштү. Тигил элдер христиандыкты кабыл алып кетти да, а жанагы көп кудайлар туурасындагы жүздөгөн аңыздар бул элдерде жомок сыңары өмүр сүрүп калды.

Байыркы Көкө Теңири дини кийинки диндерге гана эмес, кадимки зороастризм дининин келип чыгышын да шарттады. Отко табынуу - Көкө Тэңири дининин бир тармагы го! Так ушул отко табынуу дүйнө элдерине "зороастризм" деген диндин негизи катары кеңири таанымал болуп кетти. Көкө Тэңири менен Жерлик кандын (жер астынын же өлүүлөр дүйнөсүнүн эгесинин) өз ара күрөшү ирандыктарга Ахурамазда менен Анхра-Майньюнун күрөшү болуп өттү. Мында да мээримдүү кудай жеңип, эл бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарат же бир бийликке баш ийет.

Биздин элде тээ илгерки замандарда жердеги от асмандагы Күндүн символу болгон. Андыктан от баарын тазалайт деген ишеним бар эле. Адамдарды от менен тазалоо - Түрк каганына элчиликке келген Земархты арча (Менандрда ал "ливан чырпыктары") жагып тазалаган жерден даана көрүнөт го. А бул отко таазим этүү, сыйынуу салты Кичи жана Алдыңкы Азия элдерине тээ шумер доорунда (б. з. ч. 5000-3000 ж. ), андан соң б. з. ч. XVIII, XII жана VII к. ошол жактагы өлкөлөрдү чаап алып, ушул аймактарда кала берген скиф-сактар аркылуу тарап кеткен. Кийин ошол байыркы кыргыздар жанагы мидиялыктар менен аралашып, натыйжада "аргын" (азыркы түркмөн, азербайжан, осмондуктардын түп аталары) деген өз алдынча эл келип чыккан. А мидиялыктар береги перстердин аркы бабалары эле. Отко табынуу салты (дини) алигилерге так ушундай жагдайда өткөн.

Зороастризм дининин адегенде сак-скифтерде пайда болгондугун бир кыйла окумуштуулар, анын ичинен А. Н. Бернштам, Г. А. Помаскина ж. б. сыяктуу белгилүү тарыхчылар абдан туура баамдаганын баса белгилей кетишибиз керек. Алар: (ой так болушу үчүн түп нускасы берилди) "Почитались божества стихии, земли и воды, солнца и луны. Наскальная галерея Саймалы-Таш, например, содержит несколько типов изображений небесных светил - от простого кружка или колеса до сложной свастики и человека - солнца… Саки в VII-III вв до н. э. тоже почитали солнце. В жертву ему приносили быстроногих коней. Есть предположение, что именно в сакской среде зародилась одна из мировых религий - зороастризм". (Бернштам А. Н. Саймалы таш. СЭ., 1952, № 2. Помаскина Г. А. Когда боги были на земле. (Наскальная галерея Саймалы-Таша), Ф., 1976, стр. 22-25. ). А С. Г. Кляшторный береги айтылгандарды андан ары тактап: "К наиболее древним, дозаратуштровским разделам Авесты принадлежат Михр-Яшты, согласно которым в горах Хара, откуда берут истоки Ату-Дарья и Сыр-Дарыя расположена обитель богов, прежде всего Митры, высокая гора Хара-горная страна Памиро-Алая и Тянь-Шаня". (С. Г. Кляшторный, Т. И. Султанов - "Казакстан, летопись трех тысячелетий, "Алма-Ата, "Руан" 1992, стр. 28).

А. Н. Бернштам алиги Б. М. Зима тарабынан Ысык-Көлдөн табылган курмандык чалынуучу жерди (идишти) шамандык-зороастралык сыйынттын аксессуары катары баалады. Мындай курмандык чалынуучу жерлер (идиштер) кийин Каракол менен Кочкор өрөөндөрүнөн да табылды.

А отко (Күнгө) сыйынуу биздин элде кечээги күнгө чейин боло келди. А бул, азыр эле мен айткандай, Көкө Тэңириликтин бир гана тармагы болучу. А мындай тармактан Көкө Тэңири дининде тогузу бар эле же алар жанагы Тогуз Тэңирдин ар биринде ар башкача мазмунга, тармакка ээ болгон! Алар Күнгө, Айга, Жылдыздарга, Көккө, Умай энеге, Жерге, Сууга, Тоого, Кан Тэңирге байланыштуу келип чыккан!

Биздин эл кечээги күнгө дейре тапка бөлүнгөн эмес, алар урууларга гана бөлүнгөн Күндүн балдары эле! Баары Күнгө сыйынган! "Алардын таптык түшүнүгү таптакыр эле жок, тескерисинче, уруучулдук сезими басым экендигин" өткөн Өктөбүр көңтөрүшүнүн ары-бери жагында биздин жерге келип кеткен орус миссионерлеринин жазып калтырган маалыматтары да ырастап турат. Андыктан, уруучулдук сезими өтө күчтүү өнүккөн эл кечээ күнкү Үркүндө орустарга каршы баары бирдей көтөрүлгөн. Ошондуктан, Үркүн кыргыны элибиздин тарыхына "улуттук боштондук кыймыл" деген ат менен кирген. Анын "улуттук" экенин, биринчи кезекте, ошол орус окумуштууларынын өзү моюндаган. Көрдүңбү, улуттук! Демек, бизде ошо кезде улуттук аң-сезим азыркыга караганда өтө күчтүү болгон. Кыргыздар христиан же мусулман, бай же кедей болуп бөлүнгөн эмес, улут болуп бөлүнгөн. Демек, кырк урууну бириктирген улут астына бириккен! Алар орустар тарабынан мусулман катары бааланган менен мусулман дини бул элге кеңири таралаган эмес. Элдин калың катмары Көкө Теңирге сыйынган бойдон кала берген. Бул туурасында да ар кандай тарыхый маалыматтар мол. Бул журт, тек гана, Өктөбүр өзгөрүшүнөн кийин өзүлөрүнүн Көкө Тэңиринен ажырап калган. Көкө Тэңир деген анын атын эстен чыгарбаган менен Тэңириликтин көпчүлүк каада-салттарын, жүрүш-туруш үлгүлөрүн, сыйынуу ырым-жырымдарын унутуп кеткен. Ушу сыңары эле ал мусулман болуп да жарытпаган. Өзүлөрүнүн эң байыркы дининен айрылып, жаңы динге да биротоло моюн сунуп жарытпай, аты эле "бусурман" (мусулман деген сөзгө да кийин көндүк) болуп, а заты арабөктө калып, Көкө Тэңирсиз бир элге айланган. Ошондуктан, бизде азыр эмне көп, кылмыш көп! Бирок, эл түбөлүккө ушундай бойдон калбайт го, ал, же Көкө Тэңирчил, же Кудайчыл (мусулманчыл) болуп чыгышы керек, демек, бир динди тутушу зарыл. А толук бойдон "бусурманга" айланып кетүүгө буларда негиз (фундамент) жок, не дегенде, алар азыр да Көк, Күн, Ай, Жылдыз, Жер, Суу, Тоо-таш жыттанып турат!!!

Мен, буерде, Көкө Тэңирге сыйынуучулукту шарттуу түрдө гана "дин" деп атап отурам. А, чындыгында ал, биз үчүн динден да кымбат, динден да асыл, динден да ыйык, динден да алда-канча улук турган керемет го! Ата-бабаларыбыз да аны "дин" деп атаган эмес, бирок, аны Өмүр деп билген! Өмүр!!! Демек, Көкө Тэңирге сыйынуучулук - Өмүргө сыйынуучулук болгон! А Өмүр деген Тирүүлүк, а Тирүүлүк деген Тиричилик, а Тиричилик деген Көк (аба), Күн (от) Ай, Жылдыз, Жер, Суу, Тоо-талаа го! Демек, байыркы кыргыз баласы Өмүргө сыйынган! Өмүргө! А Өмүр деген, азыр эле биз айткандай Көк, Күн, Ай, Жылдыз, Жер, Суу, Тоо-талаа болгон! Тактап айтканда, байыркы кыргыздар табиятка сыйынган, аны көздүн карегиндей коргогон, тазаа кармаган. Көкө Тэңириликтин улуулугу да так ушунда жатса керек.

Ушул жерден дагы бир эң маанилүү маселеге токтоло кетүүгө туура келет.

Латын тарыхчыларында атактуу гунндардын "бирөө бардыгы үчүн, баары бирөө үчүн чабышка түшөөрү же тиричилик кылаары" жазылып калган. Демек, берегилерде жалпы элдик биримдик так ошол байыркы замандын өзүндө эң жогорку деңгээлге жеткен!

Тэңир деген Улуу Табият го! Байыркы кыргыз баласы төрөлгөндөн өмүрү өткөнчө дал ушул Табияттын койнунда тирилик кылган. Табият алардын алтын бешиги, түбөлүктүү үйү, бүтүндөй өмүрү болгон! Керек болсо, Табият аларды кантип жашоого үйрөткөн насаатчысы, күндө ырыскы берип турган Берешен Энеси эле!

Табияттын катаал шартында чоңоюп, анын ысылы-суугуна бышкан кыргыз баласы береги Табияттын жазылбаган улуу мыйзамдарын бармактайынан кадырлап өскөн да, өзү да ушул табияттай таптаза болууга умтулган. Табиятсыз алар жетим баладай эле, не дегенде, алардын бүт тирилиги так ошого байланышкан - ала турган отун-суусунан тартып аңчылык кылып жан багаар майданына чейин дал ошол жерде эле! Андыктан, көчмөндөр Табиятты баарынан жогору койгон. Аны бөөдө бүлүндүрүп же зыянга учураткан эмес. Эгер, аны бүлүндүрө турган болсо - ал өзү зыянга учураарын эң жакшы түшүнгөн. Ошондуктан, аны Эне катары ыйык санаган!

Байыркы кыргыз баласынын мүнөзүндө да мобереги Улуу Табияттын бардык касиеттери сакталып калган. Ал кээде ызылдаган каардуу бороон болсо, бирде жадыраган жай; кээде чартылдаган чагылган болсо, бирде ашыглыктын отуна жалындап күйгөн жүрөгү тоодой жан; кээде жолундагысынын баарын алып кеткен тажаал сел болсо, бирде тегерегине өмүр берген тунук тамчы эле! Айтор, миң кыялдуу табияттын миң түркүн касиети так ушул көчмөндөрдүн мүнөзүндө гана сакталып калган. Ал бирде өтө катаал, кээде ак көңүл; бирде түнөргөн асман, а кээде жаркырап тийген Күн! Өзү табынган Улуу Күндөй! Андыктан, өмүр бою ошо Улуу Табият койнунда өмүр кечкен көчмөндөр бу жарыкчылыктан тиги дүйнөгө көчкөнчө тегерегиндеги Улуу Табиятты ата-энеси сыяктуу кадырлап жүрүп көзү өткөн!

А Табият ага ар дайым эле жадыраган жайды, күтүрөгөн күздү тартуулай берген эмес. Анын үстүнө, көчмөндөр айрым жылдарда жутка же кургакчылыкка кабылып, күтүрөгөн эсепсиз малынан айрылып, жатакчылары эгинден кол жууп, мүңкүрөгөн замандар болгон. Ошондо, атактуу көчмөндөрдүн өмүрүндөгү Чоң Чапкындар менен Улуу Көчтөр башталган. Мына ушундай шартта берегилердин жүдөмүштөрү, жалкоолору, алсыздары, эрки боштору жок болуп, эң мыктылары, күч-кубаттуулары, акыл-эстүүлөрү гана жашап кеткен. Чекаралардагы душман мамлекеттер алардан шумдуктуудай запкы тарткан. Желгенин жел билген көчмөндөр тигилерди кыйрысын ургандай чапкан. Ошентип, алар мол азык-түлүккө, арбын малга кайрадан ээ болгон!

"Итке темирдин кереги не?" дегендей, ал заманда көчмөндөр асыл таш менен алтын-күмүш жыйган эмес, аштык жыйган. Ат башындай алтындан бир баштык дан өөдө турган. Алар курсактын гана камын көргөн. Кабында аштыгы, жайытында малы, боз үйүндө күнүмдүк тириликке керектүү төшөнчү-орунчусу болсо болду, "Аттангыла!" деген буйрук келгенде алакандай боз үйүн алекисаатта бүктөп, биртике жүгүн төөгө же өгүзгө артып алып, көпчүлүктөн калышпай, алыска-алыска сапар тарткан. Мына ушундай жагдайда, ага артыкбаш дүйнө-мүлктүн дегеле кереги жок эле. Бу жагынан алганда көчмөндөр бирдей болгон, бипбирдей!

Көрдүңбү, көпчүлүктөн калышпай! А мындай шартта көпчүлүктөн бөлүнүп калуу өтө опурталдуу эле. Ошо жоокерчилик заманда өз тобунан бөлүнүп калуу - өлүмгө тете болгон. Элибиздеги "Бөлүнгөндү бөрү жейт" деген аңыз кеп да бизге так ошол эң илгерки доорлордон калса керек. А өз тобунан бөлүнгөндөр - айланадагы душмандардын жеми болгон. Айтмакчы, эзелки кыргыздардагы эң оор жаза да - элден бөлүп салуу эле! А эли-журтунан ажыраган неме баарынан кол жууган да, акыры, өз башын өзү жуткан. Ошондуктан, кыргыз баласы эч качан кылмыш ишке барган эмес. Эки жүздүүлүк, ууру кылуу, ушак айтуу, калпычылык, көралбастык, өз тобундагы бирөөнүн бирдеңкесин тартып алуу, жок жерден чыр чыгарып бирөөгө акарат айтуу же кол тийгизүү, же өлтүрүү, аягы суюктук, калыстык менен адилеттиктен тайуу, адепсиздик, мыкаачылык, бөөдө зулумдук, алдамчылык, дайыны жок ырайымсыздык, зөөкүрдүк, чыккынчылык, чагымчылык, арамзаалык, ыймансыздык, абийирсиздик, ич тарлык, ач көздүк, бирөөнүн убалына калуу, чындыктан тайуу, кесир чайкоо, ашыкча байлык күтүү, бөөдө ысырапкорчулук, соопчулукту унутуу, арбактарды сыйлабоо, адал иштен танып арамдыкка баруу, жырткычтык, наадандык, эң акырында, Табиятты сыйлабоо ал үчүн өтө жат болгон. А Табият аны Улуу Көкө Тэңирге жакындаткан бирден бир данакери эле! Андыктан, ал Табиятты дагы да баарынан бийик тутуп, өзүмчүлдүктү, жекеликти четке кагып, көпчүлүктүн кызыкчылыгын баарынан жогору коюп келген! Ал кай жерде гана жүрбөсүн, өз кызыкчылыгынан көпчүлүктүкүн ар дайым бийик санаган. А бул, өз кезегинде, улууларды сыйлоого, кичүүлөрдөн ийменүүгө алып келген. Ошентип, көчмөн өмүрдүн салт-санаа, адеп-ахлак, жүрүш-туруш жайындагы эч жерде жазылбаган мыйзамдары келип чыккан…

Мына ушул кырдаал ар бир кыргыз баласын өз эли-жерине шумдуктуудай тарткан. А жоолор менен болгон үстөккө-босток эсепсиз чапкындар аны кичинекейинен патриот кылып өстүргөн!

Көчмөн эл катып жеген эмес, ал колундагы бар болгон ырыскысын жалпы дасторконго койгон. Ушу сыяктуу эле анын жеке менчик малы да элдики болгон! Бүтүндөй бир тайпанын малы чогуу багылган. Бул - бардык элди бир жерге бириктирген, тагдырын бир кылган! "Сеники же меники" деген болгон эмес. Эли-журтун, мал-мүлкүн алар чогуу коргогон! А мына ушунун өзү береги көчмөндөрдү таш муштумдай бириктирип, душманга бир кишидей сокку урууга үйрөткөн. Демекчи, ошо согуштарда, кокус, бирөө туткунга түшүп кала турган болсо, ошону байлоодон ажыратып алуу үчүн аттын башын кайра бурган. Ушу бир адамы үчүн эчендеринин башы кетип, душман каны суудай аккан. Бир адамдын куну көчмөндөр үчүн теңдешсиз болгон! Ал Аталык Доор эле го! А тиги туткунга түшкөн жаран Ата эмес беле! Эгер, ошол кишисин ушу жолу туткундан ажыраталбай калса, ал бул элдеги эң зор кайгыга айланган. Кандай гана болбосун аны бошотуп алуу керек эле! Антпесе, ата башыларына сөз тиймек. Ошондуктан, көчмөндөр кийинки чапкынга аябай катуу даярданып, өтө зор күч топтоп, душманга кайра аттанган да, бир адам үчүн кайрадан кан суудай аккан салгылаш башталган. Бир киши үчүн! Өзгөчө, ал баатыр болсо! Көчмөндөр ошол баатырын бошотмоюн тынч алып жатпаган. Акыры, зор кан кечүүдөн кийин алар баатырын да бошотуп тынган! Бул - биздин элдеги Аталык доордун гүлдөп-өсүп турган кезеңи го!

Алиги "бирөө баары үчүн, баары бирөө үчүн" деген көчмөндөрдүн асыл салты жеке эле римдиктерге эмес, чыгышы эзелки кытайдан башталып, быягы Алдыңкы жана Кичи Азияны көктөп өтүп, батышы Жет-Кайтка (Францияга) дейре аттын кашкасындай маалым болду го! Гунндардагы жалпы элдик биримдиктин өтө күчтүү экендигин тыягы кытай санжырачыларынан тартып батышы латын тарыхчыларына чейин шилекейин чубурта жазды. Акыры, береги гунн салтын чагылдырган алиги учкул сөздү кийин даңазалуу франк жазуучусу А. Дюма өзүнүн "Үч мушкетер" аттуу романына девиз кылып алды. Девиз кылып гана алган жок, ал береги "мушкетерлор" аркылуу атактуу гунндардын эң мыкты кылычкөй экенин да каймана түрдө баяндай алды!

Бир адам! Ар бир кишинин куну чексиз дедик го! Өзгөчө ал эрен болсо! Илгерки кыргыз эли жамандан тукум алууга эч качан кызыккан эмес, ал Баатырдан урук алууга умтулган! Андыктан, эл өз Баатырынан кызын аябаган! Бул биздин элдеги кечээги күнгө дейре жеткен түбү түптүү салт эле! Ошондуктан, биздин эл баласын тырмактайынан "Атанын уулу боло көр!" деп өстүргөн. А анын атасы эр жүрөк Жоокер эле го! А атанын жолун жолдогон, анын кадырына жеткен уул өз элинин да кадырына жете алган! Ал доордо атасын сыйлабаган уул эгерим болгон эмес, не дегенде, анын атасы эл-журт коргогон чексиз Баатыр эмес беле!!!

Дагы айтамын, Тэңир деген Улуу Табият ко! Көк Асман (Аба), Күн, Ай, Жылдыз, Жер, Суу, Тоо-талаа! Таза аба, таза суу, таза эт, таза кымыз, таза ырыскы! Мына ушул мээрбан табияттын койнунда эркин өскөн кыргыз баласы өз башын бирөөгө эч качан бийлетпеген! Ал өз журтунда ар дайым өз алдынча, ээн-эркин болгон! Андыктан, Улуу Эркиндик мунун канында да бар эле! Мойнуна кылыч кармап турса да ал өзүнүн адилеттигинен, чынчылдыгынан тайбаган. Сөзгө бекемдик, шумдуктуудай ар-намыс, чексиз эр жүрөктүк анын эң асыл сапаттары болучу! Ал үчүн эң башкысы мал-мүлк эмес, өз Ата Мекени эле! Анда Көкө Тэңирдин эң акылман насыяттарына чыланган Баатырдык Дух абдан күчтүү болгондуктан мунун ушул эң асыл касиеттери жүрө-жүрө бүтүндөй Эл-Жерди - Ата Мекенди сырт душмандардан аман-эсен сактап калды го!!!

Бала кезинен Көкө Теңирге табынып өскөн береги кыргыз кулуну бу дүйнөдөн көзү өткөнчө Көкө Тэңиринин осуяттарын туу тутуп, өмүр кечкен. А анын Тэңири ой-санаттары, насыяттары, үлгү сөздөрү, асыл накылдары так ушул эле көчмөндөрдүн өзүлөрү сыяктуу жөпжөнөкөй, а бирок да, маани-мазмун жагынан дал ушул баатыр эл сыңары өтө салмактуу, абдан терең да албан эле! Алар бир гана сөздөн туруучу! Бир гана! А маани-маңызычы?! Ысык-Көлдөй терең, Ала-Тоодой бийик, Жер шарындай салмактуу эле го! Өтө салмактуу!!! Мына ошо теңдешсиз насыят-накылдарды бала эне сүтү менен кошо ээмп чоңоюп, аны кан-жанына сиңирип, эсейе келе Көкө Тэңирдин уулуна, Улуу Табияттын кулунуна айланган эмеспи!!!

Ошо өткөн жоокерчилик заманда каны болобу, катардагы жоокери болобу, баары тең укукта өмүр сүргөн. Көкө Теңиринин нускоолору баарына тең болгон. Алар, азыр эле айтканымдай, мүлк жагынан гана эмес, жарандык жагынан да тең укукта эле. Эгер, кимдир бирөө кылмыш кылса, мейли каны болсун, мейли жоокери болсун, баары эл алдында жооп берген да, кылмышына жараша жаза алган. А бул согуштук демократиянын жеткен чеги, чексиз калыстыгы эле! Андыктан, көчмөн элде кылмыштуулук жокко эсе болгон! А мына ушундай кырдаалда, байыркы кыргыз баласы байлыкка эмес, бай акыл-эске, чексиз меймандостукка, адамдын ажатын ачкан ак көңүлдүккө, жан дүйнөнүн эркиндигине, рухий өз алдынчалыкка, жалпы биримдикке, ынтымакка, карапайымдыкка, кепке бекемдикке, токтоолукка, адилдикке умтулган. Натыйжада, өз Ата Мекенин сүйгөн, кадырлаган, бийик туткан өз улутунун эң мыкты уулдары өсүп чыккан. Аларга душманга багынбастык, эр жүрөктүүлүк, эркиндикти урматтоочулук, темирдей бекемдик, көктүк, эрктүүлүк мүнөздүү болгон.

Жоо жакалап турган алиги катаал доорлордо кандар элге, а эл канга көз каранды эле. Алар бири-бирисиз эч өмүр кече албасын жакшы түшүнгөн. Жанагы Тэңири осуяттардын баары тең так ушундай Жоокерчилик Заман чындыгынан улам келип чыккан улуу насыяттар болучу. Ошондуктан, жоокер көчмөндөр баланы балапандайынан Кудуреттүү Көкө Тэңиринин ыйык осуяттарынын духунда тарбиялап келген. Ошо жоокер турмушта байыркы кыргыздар көр оокат жыйбаган сыяктуу эле береги өспүрүм да байлыкка, көр оокатка кайдыгер карап чоңойгон. А бул анын эң мыкты сапаттарынын бири эле! Ал өмүр бою мүлк жыйбаган, анткени "мал-мүлк бир жоолук, баатыр бир октук" болгон. Ал байлыкты четке кагып, ата-бабалары сыяктуу эле алмадай башына көзү өткөнчө акыл-эс байлыгын - тээ эң байыртадан бери келаткан алтындай учкул сөздөрдү, асыл ой-санаттарды, ыйык осуяттарды, үлгү кептерди, эң акырында, тээ жер каймактагандан берки элдин тарыхый тагдырын чагылдырган улуу санжыраны жыйган. Андыктан, ал мал-мүлк жагынан бай болбосо да, рухий жана духовный жактан өтө бай да март эле! Ал өзүнүн сүйүктүү Көкө Тэңиринин бардык насыяттарын өздөштүрүп, өз эли-журтунун нечен кылымга созулган санжырасын жатка билген! А көзү өтөөрүндө ал өз тукумдарына эсепсиз мал-мүлктү эмес, салмагынан жер майышкан эң Улуу Акыл-Эсти мураска калтырган!!! Улуу "Манас" дастаны баш болгон "Семетей", "Сейтек", "Кененим" сыяктуу улуу санжыраларды, "Эр Түштүк", "Эр Табылды", "Курманбек", "Жаныш Байыш", "Карагул ботом", "Кожожаш" өңдүү баш аягы кырктан ашык кенже санжыраларды, үч жүздөн ашык уруу уламаларын, беш жүзгө жакын тарыхый санжыраларды, бардыгы миңден ашкан баатырдык тарыхый ырларды, аңыздарды, уламыштарды, жөө жомокторду…

Айтмакчы, Улуу Табият менен Адам баласынын, Адам баласы менен бардык айбанаттардын, айбанаттар менен Улуу Табияттын бир бүтүндүгү, ир алды, мына ошол улуу эпостордо жетээр жерине дейре өтө зор көркөмдүктө ырдалган эмеспи! Алар бири-бирисиз эч өмүр сүрө албасы, өз ара эриш-аркак гана күн көрө ала тургандыктары мына ошол элдик дастандардан бардык жагынан сыпат алган го! Адам да Табият перзенти, айбанат менен канаттуулар да ошонун перзенти. Демек, алар бу жарыкчылыкта ич ара камкор тиричилик кылышы керек, антпесе, табияттагы тең салмактуулук бузулуп, арты абдан чоң кырсыктарга алып келиши ыктымал.

Мен азыр элибиздеги боорукерликтин пири, атактуу даанышман Асанкайгынын ырларынын, "Эр Төштүк" жана "Кожожаш" дастандарынын мисалында кыскача кеп урган турам. Ушул элдик оозеки үч булакка үч тургудан талдоо жасагым келип турат. Биринчисинде же Асанкайгыда ал бей-бечараларга гана эмес колдооосуз-коргоосуз калган жапайы жан-жаныбарлар менен канаттууларга да боорукер болгула деп үндөсө, "Эр Төштүктө" адам баласы жапайы айбанаттар менен канаттууларга жардамга келип, алар менен достошуп, натыйжада, жердин жети кабат түбүнөн ошол досторунун көмөгү менен жер үстүнө чыгат. А "Кожожашта" болсо табияттагы тең салмаактуулук бузулуп, мергенчи Кожожаш Сур эчкинин тукумун бүтүндөй кырып, тыянагында, анын өз өмүрү да кайталангыс кайгы менен аяктайт. Бул - Улуу Табияттын - Улуу Мыйзамы го!!!

Асанкайгы, ир алды, Улуу Табиятты сүйгүлө, анан барып адамдарды жана айбанаттар менен канаттуу куштарды урматтагыла деген чакырык таштайт. Бей-бечаралар менен бечара жандыктарга кароо болгула, боорукердикти эстен чыгарбагыла дейт ал. Анын философиялык ой жүгүртүүлөрүнө караганда - бүт дүйнөдө же Табиятта бейпилдик орноп, айлана-чөйрө жана жан-жаныбарлар менен канаттуулар ар тараптан корголушу кажет. Ал, элди мүмкүн болушунча бей-бечараларга, кароосуз калган жан-жаныбарларга, өсүмдүктөргө ж. б. жакшылык кылууга үгүттөгөн. Даанышман жалпы калайыкты ааламдагы бардык жан-жаныбарлар менен канаттууларга ар тараптан көз салууга чакырган. Улуу ойчул жазыксыз тирүү жандарга жана айбанаттар менен канаттууларга кол салуу адамгерчиликтин иши эмес деп эсептеген. Табияттагы жан-жаныбарлар менен канаттуулардын арасында артыкбаш эч нерсе жок, алар жаратылыштагы өз миссиясын мүмкүн болушунча аткарып атат, аларга туура мамиле керек деп ойлогон ал. "Ар кандай жакшылык - адамгерчилик, жамандык - акылсыздык" деген экен.

Байыркы көчмөндөр адам баласынын, жер-суунун, чөп-чардын, колго багылган мал менен бирге эле жапайы айбанаттардын, канаттуулардын, курт-кумурскалардын, дарактардын, токойлордун ж. б. убал сообу бар деп ишенген. Табияттын өтө катаал шартында өсүп-өнүп, торолгон-эсейген Асанкайгы бир ырында өз журтунун бей-бечараларына аябай катуу боор толгогон жери бар. Кайсы бир жылы күтүүсүздөн кар эрте түшүп, көчмөндөр көр-тириликтен жүдөп-какаган кезде анын минтип айтканы бар:

Суук түшүп, кыш болду,

Суулар тоңуп, муз болду.

Оокат кылаарга эри жок,

Отун алаарга эби жок.

Чапаны жыртык, жеңи жок,

Жесир байкуш кантти экен?

Алдейлээрге эне жок,

Асыраган ата жок,

Жетим байкуш кантти экен?

Жармач эле малы жок,

Жамынаарга жабуу жок,

Актап ичээр таруу жок,

Жарды байкуш кантти экен?

Балдары үшүп бүжүрөп,

Же ичээрге тамак жок,

Жагаарына отун жок,

Мискин байкуш кантти экен?

Заманасы куурулуп,

Тозок отун көргөн чыгаар,

Толгонуп ыйлап жүргөн чыгаар.

Адамга гана эмес, жапайы айбанаттарга да жан тарткан Асанкайгы:

Куйругу жок, жалы жок,

Кумда туулуп, чөлдө өскөн.

Кулан байкуш кантти экен?

Чымчып алаар жүнү жок,

Чыңыраарга үнү жок,

Басып чуркап кетүүгө,

Боорунда буту жок,

Жылан байкуш кантти экен?

Кылган камы жок,

Салган тамы жок,

Алган даны жок,

Баккан малы жок,

Мал багаарга алы жок,

Көзү башын көгөртүп,

Көгөн байкуш кантти экен?

Таразасын көтөрүп,

Тарбаңдаган шор тумшук,

Ташбака байкуш кантти экен?

Жатарга жайы жок,

Жан багарга алы жок,

Эки көзүн тостойтуп,

Чымын байкуш кантти экен?

Курт-кумурска үйү жок,

Куурап баары өлгөн чыгаар,

Өлбөсө да байкуштар,

Көргүлүктү көргөн чыгаар,

Жыйган балын тарттырып,

Аюу менен касташып,

Аары байкуш кантти экен?

Боору жерге жабышып,

Баса албаган балчактап,

Бака байкуш кантти экен?

Кирээрге эшиги жок,

Корголоорго тешиги жок,

Коңуз байкуш кантти экен?

Суу бетин муз чалды,

Сууга муздап,

Сөөгү сыздап,

Муз алдында тумчугуп,

Көргүлүктү көргөн чыгаар,

Балык байкуш кантти экен?

Жанын сууга жашырып жүргөн,

Жаян байкуш кантти экен?

Оргон-жыйган чөбү жок,

Эчтемеге эби жок,

Доңуз байкуш кантти экен?

Колун алып бооруна,

Түнөк издеп корголоп,

Коркуп жүргөн элеңдеп,

Коен байкуш кантти экен?

Бөрү менен душман эле,

Бөкөн байкуш кантти экен?

Ээси жок багаарга

Элик байкуш канти экен?

Жерге-сууга жукпай жүргөн,

Жейрен байкуш кантти экен?

Кара таштан жай алган,

Таштан башка үйү да жок эле,

Үй оокаттын бири да жок эле,

Кийик байкуш кантти экен?

Уясына кар баскан чыгаар,

Шору таштай каткан чыгаар,

Чымчык байкуш кантти экен?

Эми, чилде түштү - кыш болду,

Суунун баары тоңуп, муз болду.

Каз, өрдөктөн канча өлдү экен?

Каркыра турналар кантти экен?

Бул - Улуу Табиятты пир туткан элдин адамдарга гана эмес жапайы куштар менен айбанаттарга да нукура улуу боор толгоосу го! Көкө Тэңирди туу туткан элдин акыл-эсинде, аң-сезиминде, жүрөгүндө мындан башкача болушу эч мүмкүн эмес эле! Алар Улуу Табият менен Улук Көкө Тэңирдин нукура кулундары болучу!!!

Ал эми "Эр Төштүк" дастанына келе турган болсок, мында адамзат менен айбанаттардын достугу даңазаланат. Табиятка ыймандуу мамиле жасоо, айлана-чөйрөнү табигый келбетинде таза сактоо, эң башкысы, адам баласы менен айбанаттардын, курт-кумуртскалардын, канаттуулардын, жырткычтардын кыйышпас достугу береги дастандын өзөгүн түзөт. Чыгармада - адам баласы да, жапайы айбанаттар да, курт-кумурскалар да, канаттуулар да Табиятка таандык, бул дүйнөдөгү тирүү жандыктын баары ошол Табияттын асыл перзенттери, алардын тагдыры бири-бирине абдан катуу байланышкан, булар өз ара көз каранды деген элдик улуу ой жатат. Ошондуктан, алар өз ара кас болбой, дос же камкорчу болууга тийиш. Булар бири-бирине жакшылык гана тилөөсү зарыл. Алар ошондо гана бу жарыкчылыктагы өзүлөрүнүн эң асыл мүдөөлөрүнө жете алмак. Буга так ушул эле "Эр Төштүк" дастаны апачык мисал боло алат. Үзүндү келтирели:

Барып Төштүк караса,

Ал жолборстун бутуна,

Чөңөр кирип кетиптир,

Жортуп жүрүп аш таппай,

Арык болуп кетиптир.

Чөңөрдү сууруп алды эми,

Ириң менен кан кетти,

Ал жаралуу жолборстун,

Ооруган жери басылды,

Умачтай көзү ачылды.

**

Олоңдогон ал аюу,

Орго түшкөн кези экен.

Ошол түшкөн чуңкуру,

Асты балчык, бети муз,

Чыгамын деп бечара,

Тырмагынан айрылып,

Анча Төштүк барбаса,

Кыяматтын кыстоосун,

Көрө турган болуптур,

Ордо калган аюуну,

Ордон суруп алганы.

**

Оргуп түтүн бөлүнөт,

Уюгу менен кумурска,

Өрткө кеткен көрүнөт,

Күйгөн өрттү өчүрүп,

Эрдикти эпсиз салды эле,

Кумурсканы ал өрттөн,

Аман алып калды эми!

Мында, адам менен айбандардын, курт-кумурскалардын ортосундагы достук даңазаланып атат. Бул - гумандуулуктун жеткен чеги го! Натыйжада, жеке эле адамдын береги айбанаттар менен кумурскаларга кылган пайдасы эмес, тигилердин да адам баласына келтирген зор жардамы даңкталат. Анын түбүндө "бирөөгө жакшылык кылсаң ал өзүңө эки эселеп кайтат" деген асыл осуят жатат. Анын миң мертебе ырас экени, төтөн алиги Алпкаракуштун береги Төштүккө көрсөткөн абдан чоң жакшылыгынан ачык-айкын байкалат:

Ажыдаардын колунан

Балдарым алып бергенсиң, досум.

Айтканыңа сыр кылам, досум,

Абдан санааң тындырам, досум,

Капаңдын баарын кетирем досум,

Каалаган жерге жеткирем, досум!

Ошентип, "жакшылыкка жакшылык кылган" зор канаттуу досунун көмөгү менен Төштүк жер үстүнө чыгып, элине аман-эсен кошулат. "Дос - доско жаныңды кош!" деген ушул эмеспи! Мобу жарыкчылыктагы бардык жан-жаныбарлар менен адамзаттын ортосундагы гуманизмдин салтанаты деген ушул го!!!

А "Кожожаштагы" маселе таптакыр башка. Мында табияттын тең салмактуулугунун бузулушу же Сур эчкинин бүт тукумунун Кожожаш тарабынан опсуз кырылышы жана ошонун кесепетинен келип чыккан залалдар тууралуу сөз болот.

Байыркы кыргыз эли кечээги күнгө дейре малчылык жана аңчылык менен күн көрүп келген го. Бул тиричилик элди мал үчүн жакшы жайыт издеп, жыл бою бир жерден экинчи жерге көчүп жүрүүгө аргасыз кылган. Ушул жагдай байыркы көчмөндөрдү жер уусун жакшы билүүгө, ыңгайлуу жактарын тез өздөштүрүүгө жана жаратылышты туура пайдалана билүүгө алып келген. Тоо-ташты кыдырып аң уулаган аңчыларыбыз табият койну алар үчүн оокат табуунун эң негизги майданы экендигин айныксыз түшүнгөн. Мына ушунун өзү көчмөндөрдүн аң-сезиминде Табиятка жана анын койнундагы жапайы айбанаттарга, канаттууларга, өсүмдүктөргө этият мамиле кылуу тасмиясын калыптандырган. Муну биз азыр эле атын атаган санжыра-дастандардан, миңдеген жомоктордон, аңыздардан, уламалардан, болмуштардан, ой-санаттардан, үлгү сөздөрдөн, накыл кептерден, осуят-насыяттардан ачык-айкын баамдайбыз. Ал элдик оозеки чыгармаларда Улуу Табиятты жана анын койнундагы айбанаттарды, канаттууларды курт-кумурскаларына чейин аман сактоо, бардык жан-жаныбарларды коргоо, аларга этият мамиле жасоо ойлору кеңири чагылдырылган. Аларда Ата Мекен табиятын эң оболку көрктүү, кооз келбетинде кийинки урпактарга кыпынын коротпой, бүлдүрбөй мураска калтыруу ниети оголе күчтүү. Тилекке каршы, мергенчи Кожожаш таптакыр андай эмес. Ал өз үйбүлөсүнө же журтуна жетерлик гана аң атпастан, көзүнө көрүнгөндүн баарын баштан-аяк атып ала берет:

Мерген аны да атып кулатты,

Бирөөн тирүү койбостон,

Башкасы түгөл кырылып,

Акты суудай кандары

Алабаштын уругу.

Эсин жыйган Сур эчки,

"Эмгиче кырып салды" деп,

Энтигип келди жүгүрүп

Жана мерген бир атты,

Ээрчитип жүргөн улагын

Тебетейдей кулатты!

Бул - мыкаачылык го?

Аны көргөн Сур эчки тиги Кожожашка:

Мерген, кырыпсың улак түгөлүн,

Кыйналды менин жүрөгүм,

Балдарымдын бири жок,

Айталаада каңгырап,

Кантип жалгыз жүрөмүн?

Чын кайберен энең мен,

Менин бар эле сенден тилегим.

Картайса да берип кет,

Алабаш теке шеригим.

Узак болсун өмүрүң,

Ыйлатпа мендей энеңди -

деп кайрылат. Ал өзү кайберен болсо да, айбанаттардын гана эмес, адам баласынын да энеси экенин зар какшайт. "Чын кайберен энең мен!" дейт ал мергенчиге. Көрдүңбү, "энең менмин!" деп турат! Демек, ал да адамзаттын энелери сыяктуу эле эне! Айбандын энесиби, адамдын энесиби, түпкү тегинде келип алар тагдырлаш, баары тең табияттын перзенттери. Эне! Андыктан ал "Алабаш теке шеригим, аны атпа, тукумубуз үзүлбөсүн" деп жалбарат. Сур эчкинин: "Узак болсун өмүрүң, ыйлатпа мендей энеңди" деген сөзүнө кулак салбастан, Кожожаш тиги Алабашты да атып салат. Ошондо аны Сур эчкинин - эненин каргышы урат! Сур эчки:

Бир топ жандан бир өзүм,

Калдым жалгыз каңгырап.

Кантип турам, кетемин,

Кесир болуп калбаса,

Кегимди сенден алаармын.

Кайыр кош айттым, Мекеним,

Кара Үңкүр сонун турган жер, -

деп, Сур эчки өзүнүн туулуп-өскөн Мекени Кара Үңкүр менен коштошот да, Кожожашка кайрылат:

Жалпы уругум кыйраттың,

Жалынтып нече ыйлаттың.

Кайберен энең мен элем,

Билбедиң адам баркымды,

Көрөрмүн мерген артыңды,

Кожожаш сенин мен дагы,

Бейитиңди табаармын.

Калың кар кетип, кыш өтсө,

Капчыгайга эл коноор.

Тилегин берсе эчкинин,

Сенин да бир күн, Кожожаш,

Көзүңдүн жашы көл болоор.

Ошентип, Сур эчки менен Кожожаштын өз ара күрөшү башталат да, акыры, Сур эчки мергенчини азгырып олтуруп, төмөн караса баш айланган жалама аска бооруна алып барып, айласыз өлүмгө дуушар кылат. А чындыгында, аны береги Сур эчки эмес, Улуу Табият өзү жазалап аткан! Кожожаш Сур эчкинин тилин албай койгондугу үчүн мертинбейт, Улуу Табияттын тең салмактуулугун бузганы үчүн так ошол Табияттын - жалама бийик асканын өзүнөн өлүм табат!

Бул гениалдуу чыгармада Табиятка аң-сезимдүү мамиле жасоо идеясы абдан бийик деңгээлге көтөрүлгөн. Мындан сырткары, дастандын өзөгүндө Табиятты жана анын койнундагы айбанаттарды коргоого багытталган адамзатка карата эң Улуу Кайрылуу жатат! Бул жагынан алганда береги элдик дастандын тарбиялык мааниси оголе зор го, зор!!! Кайталангыс! Эгерде, Табиятты аң-сезимдүү, максатка ылайык, ченем менен пайдаланбасак Кожожаш өңдүү анын каарына калышыбыз ыктымал. Улуу Табият бизден өч алышы мүмкүн! Андыктан, Табиятка жана анын койнундагы айбанаттар менен канаттууларга өтө камкор мамиле кылышыбыз абзел. Абдан камкор!!!

Тарбиялык мааниси өтө зор ушундай улуу чыгармаларды жарата билген элибиз Күн, Ай, Жылдыздар туурасында жүздөгөн эмес, миңдеген эң кызык аңыздарды айткан! Жанагы эле аймансарынын (радуганын) биздин элде "Жезкемпирдин кылычы" жана "Асан-Үсөн" деген эки аты бар да, ал жагдайында элибизде эки түркүн эң мыкты аңыз өкүм сүрөт. Бири-бирине окшобогон бул аңыздар тээле эң байыркы энелик доордо пайда болуп, ошондон бери эл ичинде айтылып келатат. "Жезкемпирдин кылычы" деп аты эле кыйкырып тургандай анда карапайым калкка каарын төгүп, эл-журтка ар дайым жамандык кылып келген жезкемпир тууралуу сөз болсо, экинчисинде тээле энелик доордун баш чендеринде дүйнөгө келген Асан Үсөн деген эгиз балдар жайында кеп болот. Кийинки жомоктон биз кыргыздын аңызга айланып кеткен түп аталары - Ак уул менен Ку уулду жаземдебей эле тааныйбыз!

Улуу Табият жагдайында мына ушундай эң улуу философиялык чыгармаларды жараткан өзүбүздүн эң байыркы ата-бабалар ошол Улуу Табияттын купуя сырларын да эң жакшы билген. Алар жер титирөөнү, аба-ырайынын кескин өзгөрүшүн, эл-жерге жут алып келүүчү бороон-чапкынды, мезгилсиз жаан-чачынды же кургакчылыкты, табият кырсыгына байланышкан ар кандай апааттарды алдын-ала айталган. Буга кылымдардан кылымга топтолгон элдик тажрыйба, акыл-эс менен улуу туюм мүмкүндүк берген. Жаралганы табият койнунда өмүр сүрүп келген биздин эл үчүн андан башкача болушу мүмкүн эмес эле! Табияттын ар кандай кырсыктарын алдын-ала айтууга, аларды тээ энелик доордо башталган улуу тажрыйбанын алиги аталык доордо өсүп-жетилиши жана эң жогорку деңгээлге көтөрүлүшү мүмкүндүк берген. Элибизде бүгүнкү күндөргө дейре сакталып калган: "жолборс" жана "койон" жылдары кыш мээлүүн, ал эми "доңуз" жылы кыш ызгаардуу, "жылан", "мечин" жылдары жай ысык, кургак келсе, "кой" жана "уй" жылдары жаанчыл болот", "жөргөмүштүн ыкчамдап иштеши ачык жана жылуу күнгө", "аба-ырайы шамалдан билинет, шамал соккон жакта жамгыр же кар жаайт", "чыгыштан урган шамал эч убакта жамгыр же кар алып келбейт", "чымын-чиркейлер малды, адамды тажаткыча тынчсыздандырса - жамгырга", "кумурскалардын уюгуна жашынышы - катуу жамгырга", "ай короолосо аягыңды тос, жут болбой мал тезинен сүт берет; күн короолосо көкүрөгүңдү тос, кар жаап кыйынчылык болот", "Үркөр үйдөн көрүнсө, үч ай токсон кышың бар" сыяктуу маалыматтар менен бирге эле: "булут ала - жер чоло", "булут барда барсынба, өлүм барда көпсүнбө", "ала булут барында - малым бар деп ишенбе, азирейил барында - жаным бар деп ишенбе" өңдүү нуска сөздөр мына ушунун айкын күбөсү!

Ушу жерден бир гана мисал келтирейин: жер титирөө болоор алдында иттер улуп, чычкан, жылан, бака, кескелдирик сыяктуу майда жаныбарлардын баары жер бетине чыгып, батпай кетет экен. А чоң жамгыр болоор алдында жөргөмүштөр желесинин орто ченине барып жашынат тура. Жергебизге аккуулар эрте келсе - жаз эрте келет көрүнөт ж. б. д. у. с.

Тээ "жер каймактагандан" бери элибизде алдыдагыны алдын-ала айталган эчендеген элдик акылмандар, "көзү ачыктар", "олуя кишилер", "ар кандай эсепчилер", "жылдыз саноочулар", "жайчылар" менен билгелер өттү. Алардын эң акыркылары XIX кылымда өмүр сүргөн көлдүк Маанаке, чүйлүк Айбаш, Калча, таластык Төрөкул, жумгалдык Атай, нарындык Алыбай, алайкуулук Айты чечен, өзгөндүк Сүтүке аттуу "эсепчилер" болуп калды. Алар тээ эзелтен бери калыптанып калган элдик тажрыйба, түшүнүк, баам боюнча ар кандай жаратылыш кубулуштарына карап туруп, алдыда келе жаткан табигый кырсыктарды алдын-ала айткан олуя кишилер эле! Алар Табият койнунда туулуп өскөн эң байыркы көчмөндөрдүн эң акыркы атактуу "эсепчилери" же "олуялары" болучу!!!

Азыр биз алиги тогуз Тэңирге, ошол касиеттүү тогуз Тэңирден келип чыккан анын эң ири тогуз тармагына кыскача болсо да токтоло кетүүнү өзүбүздүн эң ыйык парзыбыз деп эсептейбиз, анткени, ошол тогуз тармак байыркы көчмөндөрдүн дүйнөгө болгон бүтүндөй көз карашын - дүйнө таанымын, анын бардык асыл максаттарын жана бүтүндөй тиричилигин камтып жатат. Ушул эзелки көчмөндөрдүн тогуз тармактуу өмүрүндө эң байыркы турмуштук ачылыштар менен көптөгөн согуштук жетишкендиктер жатат. Анда байыркы элдин бүтүндөй жүрөгү согуп турат.

ххх

КӨК ТЭҢИРИ МЕНЕН КҮН ТЭҢИРИ. Булар бири-биринен ажырагыс нерселер. Көк десе биз Күндү, Күн десе Көктү түшүнөбүз. Бул экөө Жарыкчылыктын символу го! Буларсыз тирилик жок.

Дүйнөдөгү жан-жаныбарлардын баары тең эң жөнөкөйлүүлөрдөн жаралган. А анын жаралышына Көк (аба) менен Күндүн (нурдун) маанисин айттык не, айтпадык не! Булар так ошол эң жөнөкөй клеткалууларды Жараткан кудуреттер го! Алиги өтө зор айбанаттардын эң алгачкы башаты да береги жөнөкөй клеткалуулар эмеспи. Мында Көк Тэңир берген жаан-чачын менен Күн Тэңир берген жылуулуктун маанисин эзмелеп айтып отуруунун анча деле кажети жок болсо керек.

Мындан жети миң жыл мурда Сыр боюндагы Кеңгер жеринен тээ батыштагы Эки-Дарыя ортосуна ооп кеткен эң байыркы кыргыз уруулары Күндү УД деген экен. Алар отту да УД атаган. Очокту УДУН (отун) деген. Күн эгесин (кудайын) УДУ дептир, а бул биздин эски тилдеги "удук" же "ыдук" (ыйык) деген сөзгө төп келет. Тэңирди ДИНГИР атаган.

Ошо байыркы заманда Оң менен Солдун көчмөндөрү Күндү деген белгилер менен туюнткан экен. Күндүн мындай эң байыркы белгилери азыр өзүбүздүн ата-бабалар жүргөн илгерки жерлердин баарынан кездешип олтурат. белгиси Оң кары урууларында (катаган, адыгине, муңкуш, кушчу ж. б. ) кездешсе, белгилери Сол кары жеринде (Чоң Алтайдагы керексурларда жана Хакас жериндеги тамгаларда) учураса, эски якут уездинен белгилери табылган. О кийин, көчмөндөрдүн философиясынын өсүп-өнүгүшү менен алиги Күндү туюнткан белгилер да өркүндөп-өөрчүп отуруп, ушундай түргө келген тура. Бул - боз үйдүн түндүгү эле! Демек, боз үйдүн түндүгү Күн болгондо, ошо түндүккө сайылган ууктар анын ааламга чачылган алтын нурлары болуп чыкмак да, кереге каланган боз үйдүн ичи же тегерек айлампа - Жер бети болуп калмак!

Мына ушул жерде бу Жарыкчылыктагы эң байыркы көчмөндөрдүн дүйнөгө болгон бүтүндөй көз карашы, анын дүйнө таанымы, дүйнөнү кабылдашы жана жалпы эле дүйнө (бу Жарыкчылык) жөнүндөгү түшүнүгү жатат. Менимче, түндүгү - Улуу Күндү, ууктары - Күн нурларын, а төрт бурчтанып турган керегелер - дүйнөнүн "төрт бурчун" (ааламды), ошо керегелерди жабуунун сыртынан кыймылдатпай бек таңган таңуу - Асман Кырчоосун (керегени сыртынан айланта таңган арканды акылман бабаларыбыз ошон үчүн "кырчоо" атаган!) баамдаткан да, а боз үй ичиндеги кыргыз баласы өмүрү өткөнчө жылуу жай кылган тоголок айлампа - Жерди туюнткан береги Боз үйдөй философия эч бир дүйнө элдеринде болбосо керек. Ушу боз үй да дүйнөдө эң алгач ирет биздин элде жаралган эмеспи! Бу тууралуу эски тайып санжыраларынан тартып илгерки кытай жылнаамаларына дейре саймедиреп отурат ов!

Бүт Азияга "жоокер үйү" деген ат менен белгилүү болгон, кытый акындары (Лю-Мао-Цзай 741-жылы "Көгүлтүр Боз үй" (Көк же Теңири Боз үй) деген ыр, анын замандашы Ли-Бяо-Те боз үйгө арнап "сүрөттөө" жазган) суктануу менен сыпаттаган касиеттүү боз үй… Кыргыз баласы ошол боз үйдө төрөлүп, ушул үйдүн түндүгүнөн Көктү көрүп, ошол үйдө каз-каз туруп, ушул үйдө өмүр сүрүп, ошол үйдүн кашында малын багып, эли-жерин коргоп, ушул үйдө көзү өткөн… Кызыбыз сулуу, уулубуз эр жүрөк болсун деп, бабалар ошол үйдө наристени ак бээнин сүтүнө киринткен…

"Боз үйдүн эки түрү бар, - дээр эле өмүр бою жылкы багып жүрүп көзү өткөн Курманбай чоң атабыз. - Турак үй жана жорук үй деп койот. Турак үй - Чоң үй (сегиз канат), кичине үй (алты канат), конок үй (жети канат), ашкана үй же коңур үй (беш канат), кара үй (төрт канат) болот. Заманында журт башылардын он эки, он алты, жыйырма, отуз, кырк канат үйлөрү да болгон! Кыргыздын асабасы дал ошол кырк канат алтын өргөөнүн чамгарагына сайылган!"

Береги Боз үй жана андан келип чыкчу ой толгоолордун өзү эле, аны жакшылап чайнай билчү илимпоз үчүн томдогон китеп го! Тек гана, Боз үйдүн түндүгү - Күн, ууктары - Нурлары, боз үй ичи - Жер тууралуу өз деңгээлинде гана ой жүгүртө билүү керек…

Байыркы кытай санжыраларында "Чоңбий эртең менен эрте туруп, чыгып келаткан Күнгө жүгүнүп, табынаары" айтылган. А чындыгында, жаңыдан чыгып келаткан Улуу Күнгө жеке гана Чоңбий эмес, ошол жердеги элдин баары сыйынган! Алар Жаңы Күнгө тогуз жолу жүгүнүп, тогуз же токсонго чейинки өтүнүчүн айта алган, Жаңы Күндөн жакшылык тиленген. Ал эми согуш учурунда ага бүтүндөй жоокерлер табынган, Жеңиш тиленген. Адамдын башына өтө оор иш түшкөндө да ал Көкө Тэңирге (Көккө, Күнгө) сыйынган. Эгер Күн бүркөк болсо, ал ошо Күн жүргөн Асман тарапка эки колун созуп, сыйына берген. Көк менен Күн бирдей ыйыктык болгон. Тэңирге табынган эл үчүн бул экөө алардын тиричилигинин бирден-бир башаты, өмүр сүрүүсүнүн бирден-бир шарты болгон же Көк менен Күн булардын Өмүрү эле!

Бабаларыбыз, азыр эле мен айткандай, Көк десе Күндү, Күн десе Көктү туюнган. А Күндү байыркы түрктөр алигинтип УД деген. Демек, эзелки бабаларыбыз Күнгө табынуу менен Отко да сыйынган. Ошентип, От Күндүн жердеги да символу болгон! Ага табынуу тээле эң эзелки замандарда же аталык менен энелик доордон да алда канча мурда, Жер бетиндеги тиричилик адеп башталган кезден тартып башат алган. Отту ыйык тутуу да ошол доордон каркын алган. Кишилер күндүзү көктөгү Күнгө табынса, түнкүсүн анын очоктогу символу - Отко сыйынган. Алар "от таза болот, бүт жамандыкты күйгүзүп кетет, баарын тазартат" деп эсептеген. Андыктан, илгери-илгери, бөтөн киши үйгө киргенде так ошол Очокко таазим эткен. Эртең менен турган кыз-келиндер, Очокко от жагаардын алдында ага жүгүнүп, анан от тутанткан. Жаңы келген келинди үйүнө чакырган улуулар да бул ыйык жөрөлгөнү "отко киргизүү" деп атаган. А келин, босогону аттап үйгө кирген соң, ир алды, ошол Очокко жүгүнүп, таазим эткен.

Отко сыйынуунун туу чокусу Жаңы Жыл (көктөм) келген күнү (17-22-марттын аралыгы) болуп өткөн. Анда, үй баш сайын арча тутантып, үй ичи менен тышы "аласталып" - тазартылган. Киши баспаган жерге арча жагылып, андан эл ары-бери өтүп тазарып, а ургаачылары оттуу жандай басып: "алас-алас, ар балээден калас" деп, ырым-жырымын кылган. Оттон өткөндөр күнөөлөрүнөн арылып, оору-сыркоолор сакаят деп ишенген. Ушундан кийин гана Жаңы жылдын кымызы сунулуп, көжөсү куюлган.

Бардык күнөөнү от менен тазалоо киши өлгөндө да жүргүзүлгөн. Мында, жаңы казылган анын көрүнүн жанына карагай же арчадан улуу от жагып, көрдүн ичи-тышын аластоо болуп өткөн да, өлүк ошондон кийин гана өз жайына коюлган. Бу да "тазартуунун" бир жолу болгон. Менимче, өтө күнөөкөрлөрдү отко өрттөө салты да мына ушундай жагдайлардан улам келип чыккан түрү бар…

Отко сыйынуу дүйнөдөн кайткан кишинин баш жагына шам жагуудан да таасын байкалган. "Адамдын жаны өлгөндөн кийин үч күнү-түнү анын жанында болот, ал баарын угуп-билип турат" деген ишенимден улам маркумду үйдө үч түнөткөн учурда анын баш жагына шам жагылган. Ал эми аны түбөлүк жайына койгондон кийин да мүрзөнүн түбүнө үч күнү-түнү шам жагып коюшкан же "ошол жерге арча жагып, анын түтүнү менен аны "аласташкан".

Кыргыз бакшылары курмандык чалынчу жандыктын каны акчу табакка адегенде туз, үстүнө кебез таштап, шам жаккан да, малды ага ушундан кийин мууздаган. Камдар (бакшылар) курмандык үчүн жасалган нандын үстүнө да шам жаккан. Курмандык үчүн жасалган нандар көбүнесе малдын майына бышырылган боорсоктор менен көөкөрлөр эле. О кийин, элге ислам тараган соң курмандыктын көпчүлүк салты жанагы май токочторунан бери орозо жана курман айттарга ооп кеткен. Мында да мал союлган.

Илгерки кытай жылнаамаларында: "Өлгөн кишинин айланасына үч катар болуп турушат да өкүрүп ыйлашат, андан кийин аны өрттөп туруп, сөөгүнүн калдыктарын бир жылдан кийин түбөлүк жайына койот. Мына ушундан соң белгилүү бир убакыттарда ыйлап-сыктап турушат" (Б., I т., 446-б. ) дейт. Мында да оттун тазалоочу касиети, отко сыйынуунун издери жатат.

Менимче, байыркы кыргыздардын баары тең эле өлүктөрүн күйгүзө берген эмес, өтө күнөөкөрлөрүн гана өрттөсө керек, не дегенде, Оң (гунн) жана Көкө Түрк замандарында дүйнөдөн кайткан көпчүлүк эгелердин, баатырлардын, кандардын сөөктөрү эбактан бери калыптанып калган түбү түптүү салт боюнча мүрзөлөрүнө кадимкидей коюлуп келген. Эгер баатыр алыс жакта өлсө анын сөөгүн этинен тазалап, алып келип, Мекенине койгон! Өлгөн адамдын сөөгүн улуттук оюм-чийимдер түшүрүлгөн шырдакка, ала кийизге ороп барып, көмгөн. Буга Алтай-Каңгай тараптагы Ноин-Ула, Аржан (Арашан), Суджи ж. б. жерлердеги күмбөздөр менен береги эле өзүбүздүн Алатоодогу Улуу Түрк заманындагы мүрзөлөр күбө боло алат.

От кимдир бирөө сасык-тумоо же кандайдыр бир дарт тийип жыгылып калса да колдонулган. Мында очокто күйүп аткан отко кычкачты салып, анын учу кыпкызыл болуп чыккандан кийин сыркоологон немени кечки күүгүмдө эшикке жетелеп чыгып, жапыз отургучка отургузуп, анан сол колундагы учу кыпкызыл болгон кычкачтын учун тиги сыркоолунун төбөсүнө жакындатып, ичинен дуба айтып, кийин оң колундагы чыныдагы суудан ууртап туруп, кыпкызыл кычкач учуна "сүф-ф-ф!" эттире бүркүп, учуктап кирет:

Эртеңки учук кечке жетпе,

Кечки учук эртеңге жетпе,

Агымы катуу сууга бар,

Ашуусу бийик тоого бар,

Көкөнордун көлүнө бар,

Сарыөзөктүн чөлүнө бар,

Ичи жаманга бар,

Доско эмес жатка бар!

Мен да кеттим

Сен да кет!

Анан, колундагы чыныдан ууртап, ысык кычкачты оорукчандын төбөсүнө кайрадан алып келип: "сүф-ф-ф!" эттире бүркүп, дубасын улантат:

Сен жолоочу болсоң жол менен кет!

Жортуулчу болсоң кол менен кет!

Агыны катуу суу менен кет!

Үстөмөн соккон жел менен кет…

Кийин колундагы чыныдан дагы ууртап, сыркоолунун төбөсүндө турган ысык кычкачка дагы бир ирет бүркүп: "Айланайын, Жараткан, бу дартты мобу кара суу менен кетир! Мобу кара түн менен кетир!" деп, чыныдагы калган сууну оорулуунун башынан үч айлантып, ага сыркоолуну үч түкүртүп, үйдөн алыс төгүп, чыныны алиги учукталган жерге көмкөрүп койот.

Мен бала кезде үйгө Осмон деген тамчылык атактуу бакшы келди. Жездем ооруп, ошого чакырганбыз. Бакшы узун бойлуусунан келген капкара абышка эле. Адырдагы жыландарды ышкырык менен чакырган өтө мыкты касиети бар болучу. Мына ошо киши жездеме деп салып, жиндерин чакыраардын алдында ала келген арчасын тутантып, анын жаткан жерин, жууркан-төшөгүнүн ичи-тышын, булуң-бурчун "аластап" тазалаганы эсимде калыптыр. Даңазалуу Осмон бакшы ошондон кийин гана дубаларын окуп, жиндерин чакыра баштаганын билем… Азыр ойлосом, ошо сыркоолунун жаткан жерин "аластоонун" өзүндө бир керемет сыр бардай… Жездем өзү да ошол "аластоодон" кийин үшкүрүнүп, "эми оңоло түшпөдүмбү!" дегени дале көз алдымда…

Мына береги ырым-жырымдарда да отко сыйынуу, анын кудуреттүү касиетине таазим этүү жатат.

Ал эми тоо-таштын арасынан же талаадан бирөөгө чагылган тийип өлтүрсө: "Тэңир урду!" же "Тэңир сокту!" деп түшүнүшкөн. Ошентип, береги эң байыркы көчмөндөрдүн Көкө Тэңиринин кадыр-баркы менен наркы улам бийиктей берген…

Отко сыйынуу мал менен тирилик кылган бабаларыбыздын өмүрүндө да өзгөчө роль ойногон. Мал жоготкондо же жайытта мал бөлүнүп калганда койчуманы болобу, жылкычысы же уйчусу болобу, айтор, алар күндүзү өзүлөрү мал жайган жерге барып, Улуу От жагып, "жоготконубуз табылгай эле" деп, Көкө Тэңирге сыйынган жери бар. Андайда, талаада калган мал алоологон отту көрүп, ошого бет алган. Эгер ит-куш кол салып атса мал түз эле отко качкан, а ит-куш оттон корккон, жолой албаган. Ошондуктан, бөлүнүп калган мал таң атканча алиги отту пааналап туруп калган. Жок жоготкондор бөлүнүп калган малын мына ушундайча таап кеткен.

Элсиз талаа, эрме чөлдө калган жолоочу да түнкүсүн от жагып, "таңга аман жеткей элем"! деп, Жаратканына жалынган. От мында Тэңирге жалынуунун да, ит-куштан коргонуунун да озуйпасын аткарган.

Түнкүсүн от жагуу байыркы Жоокер көчмөндөрдө Тэңирге гана сыйынуунун эмес, ошо Жаратканга арналып, курмандыкка чалынган малдын этин бышырып жечү эң ыйык да от болгон. Көкө Тэңирге табынуу үчүн жагылган отко курмандыктын этин бышырып жеш аларда ар дайым өтө жогору бааланган. Андай ыйык отко бышкан эт да ыйык даамга айланган. Мындай даамды көчмөндөр тырнактайдан болсо да бөлүп жеп, баарына жеткирген. Ыйык отко бышкан касиеттүү аштан ооз тийбей калган эч ким болгон эмес, ал баарына тегиз бөлүнгөн! А бу тууралуу эски кытай жылнаамаларынын өзүндө бар го, өзүндө!

Эми эң башкысына келели! Көкө Тэңири дини, негизинен, Жоокердик дин болгондуктан маселенин так ушул жагына токтоло кетели.

Күндүзү Күн Тэңирге, а түнкүсүн ошонун жердеги элеси болгон Отко сыйынуу, азыр эле мен айткандай, байыркы кыргыздардын Жоокердик Салтында да өтө кеңири колдонулаган. Тээ эзелки "сактар" жанагы "кызылбаштардын" (перстердин) бир чебин алган кезде (кан Кошой заманы) алар чептегилерден алда-канча аз болгон да, ошо түнү ар бир көчмөн жоокери Тогуз Тэңирге арнап, тогуздан Улуу От жагып, Көкө Теңирден ал-күч, кайрат сурап, Жаратканга жалынган экен. Ошо түнү чептин айланасынан эсепсиз от көргөн "кызылбаштар" "бизди көп аскер келип курчап алган тура" деп шектенип, алиги түнү көптөн бери коргоп жаткан чебин таштай качат. Натыйжада, булар "сактардан" шумдуктуудай кыргын тапкан. Мына, ушундан кийин түнкүсүн берегидей тогуздап от жагуу байыркы кыргыздардын Жоокердик Салтына айланып кетиптир… Алиги, "эр огу" аталган от да оболу байыркы кыргыздардын Көкө Тэңирден жардам сурап, "аман-эсен чегинип кетели" деп жаккан улуу оту болсо керек, а тиги Улуу От таң атканча алоолоп күйө берген да, а бул учурда кыргыз аскери от жагылган жерин таштап, түн бою чегинип, аябай алыстап кеткен. Эртеси душмандар жанагы оттун тегерегинен эч бир кыргыз жоокерин көрө алган эмес, алар "сактар ошол эле жерде жүрөт го" деп, береги отко алданып калган. А кыргыз кошуунун кууп жетүү эми эч мүмкүн эмес эле. Ушундан кийин береги "эр огу" оту да байыркы көчмөндөрдүн Жоокердик Салтына айланып кеткен түрү бар!

Бул Жоокер көчмөндөрдүн өмүрүндөгү бир-эки гана көрүнүш го! А мындайдан канчасы өткөн? Эсепсиз го, эсепсиз!

Ана, жоокерлер чоң Чапкынга аттанган туру. Кырк эки түмөн кол Улуу Тоо этегиндеги талаа бетин бербейт. Баары аттан түшүп, жоого кийчү кийимдеринин төш жаккы бүчүлүктөрүн чечип, кемерлерин моюндарына салып, тебетейлерин колдоруна кармап, Улуу Күндүн чыгышын күтүп турат. Ана, анын көзү да көрүнө түштү! "Оо, Көкө Тэңир! - деп чур-р эте түштү жер жайнаган көчмөндөр. - Бүгүн төл Мекенибиз Алатоо (Иньшань) менен Ордосту каңгулардан (ханзулардан) бошоткону аттанган турабыз! Көп күнөө, аз айыбыбыз болсо кечир! Бизге ушул Ыйык Жортуулда эбегейсиз күч-кубат, кайрат бер, өзүң колдо!.. "

Жоокерлер ошо турган жерине тогуз жолу чөгөлөп, тогуз жолу турду да, бардык тилектерин айтып бүткөн соң, бир добуштан бата кылып, бүчүлүктөрүн бүчүлөнүп, топчулуктарын топчуланып, кемерлерин курчанып, жапырт аттанып, жоого бет алды!

А жоону чаап, душманын тизелетип болгон соң алиги Жоокерлер өзүлөрүнүн Көкө Тэңирине ыраазылык иретинде баштагыдай эле таңды тосуп, Күндүн мурду көтөрүлүшү менен: "Оо, Көкө Тэңир! - деп чур-р этип, Жаратканга ыраазычылыктарын билдирип, Улуу Күнгө тогуз жолу таазим этип: "Эми эл-журтка аман-эсен жеткире көр, Көкө Тэңир!" деп, бата кылып, эсепсиз олжолорун алып, жолго чыгат…

Көкө Тэңир аларды жанагы жортуулга чыккан эң алгачкы күндөн тартып чапкын аяктаган күнгө гана чейин коштоп жүрбөйт, ал береги көчмөндөрдү төрөлгөнүнөн акыркы күнүнө дейре жандап жүрөт. Ал ар дайым ошолор менен. Тэңирдин уулу не бир алааматтуу күндөрдө, башына караан түн түшкөн учурларда же тилеги кабыл болуп жадыраган кездеринде, айтор, койчу, ар кандай кырдаалдарда өзүнүн Көкө Тэңирине кайрылалган да, ага өз өтүнүчтөрү менен ыраазычылыктарын билдире алган. А бул ага тоодой кайрат берген, Өмүр берген! Көкө Тэңирсиз ал бороондуу деңизде жалгыз калган кайыктай эле. Көкө Тэңирсиз ал эбак жок болмок. Аны кылымдардан кылымдарга киши кылып, жоокер кылып, баатыр кылып келген керемет так ошол Көкө Тэңир го! Так ошол! Көк (космос же аалам) менен Күн (түбөлүк от)! Бул экөө калган дүйнөгө Тирилик берген, Өмүр берген, Жашоо берген кудуреттер эмеспи! Буларсыз Ай-жылдыздар, Жер-суулар, Тоо-таштар эч качан өмүр сүрө алмак эмес! Тигилерсиз буларда Тирилик да болмок эмес! Берегилердин өмүр сүрүүсүнүн бирден-бир шарты алиги Көк менен Күндүн керемет-касиетине байланышкан го! Көк алардын асманда өз огунда айлануусун, туура орун алмашуусун камсыз кылса, Күн аларды жылуулук менен жабдыган, демек, береги Көк (аба) менен Күн (от) калган дүйнөгө өмүр берген! Өмүр!!! Алар ошон үчүн Көк Тэңири жана Күн Тэңири деп аталган! Булардын берегидей аталуусунун өзүле көп нерседен кабар берип турса керек.

Көк Тэңири! Күн Тэңири! Улуу Тэңирлер! Өмүр Тэңирлери! Көкө Тэңирлер!!!

Көкө Тэңир десе биз, ир алды, Көк менен Күндү түшүнөбүз го. Ушундан кийин гана барып Көкө Тэңирге Ай менен Жылдыздар да кирээрин эске алабыз. Демек, Көкө Тэңир деген Улуу Көк менен Ыйык Күндүн, Асыл Ай менен Чок Жылдыздардын биздин элдеги синоними болгон. Көкө Тэңирди оозго алып сыйынганда биз Улуу Көккө, Ыйык Күнгө, Асыл Айга, Чок Жылдыздарга да табынганыбыз ошол! Бул алардын Улуулугу, себеби, алар бизге - адамзатка соолбос тириликтин булагы катары Асмандан жерге Нур болуп, Өмүр болуп төгүлүп турат го! Буларсыз Өмүр караңгы, Өмүр жок!

Илгерки кытай жылнаамаларынын баарында тең хунн-гунндар же гяньгунндар (Кем дарыясынын боюндагы гунндар) "жылына үч жолу чогулуп, Асманга (Көкө Тэңирге) сыйынып, курмандык чалаары" айтылат. Мында, Жаңы Жылдагы (марттагы), эл жайлоого көчөөр алдындагы жана эл жайлоодон түшүп, эгин-тегинин жыйып алгандан кийинки Көкө Тэңирге арналып өткөрүлгөн курмандык чалуулар же табынуулар жайында айтылып атат! А жылына үч ирет чогулуп, Көкө Тэңирге сыйынуулар биздин элде тээ эң алгачкы Угус кандан же мындан 8000 жыл мурдатан башталган түбү түптүү салт го! Ошо Көкө Тэңирге жылыга үч жолу жыйылып келип табынуу менен байыркы Жоокер көчмөндөр төбөдөгү Улук Көккө да, Ыйык Күнгө да, Асыл Айга да, Чок жылдыздарга да сыйынган же Көкө Тэңирге сыйынуу берегилерге да табынуу болгон! Эзелки Баатыр Көчмөндөрдүн Көкө Тэңирге айткан өтүнүчтөрү тигилерге да айткан өтүнүчтөрү, Көкө Тэңирге кылган Ыраазылыктары берегилерге да кылган Ыраазылыгы эле!

Көкө Тэңир деген Улуу Көк, Ыйык Күн, Асыл Ай, Чок Жылдыздар го!!!

Мындан сырткары, Улуу Күнгө күтүүсүздөн чалынган курмандыктар менен сыйынуулар да болуп турган. Асыресе, ал "Күн тутулган" учурларда өткөрүлгөн. "Күндүн тутулушу" байыркы Жоокер көчмөндөрдө "жамандыктын жышааны катары" кабылдангандыктан, андайда эл асмандагы карарган Күнгө колдорун созуп, чуру-чуу түшүп бакырып, бала-чакалар ыйлап, катын-калачтар "О, Тэңирилеп!" зарлап, бири тогуздап курмандык айтса, экинчиси тогуздап аксарбашылын айтып, көпчүлүк: "Оо, Көкө Тэңир, Күндү өчүрө көрбө!" деп, Жаратканга жалынып-жалбарган. Ошондо булардын Көкө Тэңири да "өз кулундарынын" зарын угуп, Күндүн бир четин көрсөтө кеткен. Эми Ыйык Күн бети акырындан ачыла баштаган. Ошондо, алиги тогуздап айтылган курмандыктар менен аксарыбашылдар ушул эле жерден эч токтоосуз мууздалган же садагага чабылган. Төрт түлүктөн тогуздап курмандык чалуу -ай туяк жылкыдан тогуз, уйдан тогуз, койдон тогуз, эчкиден тогуздап кеткен. Төө менен топозду жөн-жай учурда курмандыкка чалуу салтта жок болгондуктан, бул экөө курмандык малдын катарына кирген эмес. Берегидей "Күн тутулганда" алардын аксарыбашылы да тогуз улактан, тогуз козудан садагага чабылган. Эл ошол эле жерден айыл четиндеги дөңгө чогулуп, курмандыкка чалынган малдар менен аксарыбашылдар ушул жерге алынып келинип, аксарыбашылдары бүбү менен бакшыларга бөлүнүп берилип, курмандыкка чалынган бардык малдын эти дөңдүн этегине асылган казандарга түшкөн…

Ошондо эл асманга колдорун жапырт созуп: "Оо, Кудуреттүү Көкө Тэңир! Улук да Ыйык күндүн көзүн аман-эсен көрсөткөнүңө ыраазыбыз" деп, ага тогуз жолу жүгүнүп, тогуз жолу таазим эткен. Береги төрт түлүктөн тогуздап чалынган курмандыктары менен тогуздап садагага чабылган аксарыбашылдар, түпкү тегинде, байыркы Жоокер көчмөндөрдүн жанагы тогуз Тэңирине багышталып курмандыкка чалынган да садагага чабылган. Ал элдин Көкө Тэңирге арналып тогуз жолу жүгүнүп таазим этиши да бу жолу алиги тогуз Тэңирге арналган. Тактап айтканда, эл Көкө Тэңирдин атынан береги тогуз Тэңирге ыраазычылыгын билдирип аткан.

Эл аңыздарында береги тогуз Тэңирге арналган алкыш баталар да арбын сакталып калган. Анда, хан тегерегине ак чачып, көктү карап, колун жайып, тилек кылган:

Оо, Көкө Тэңир! Көкө Тэңир!

Тогуз жалбырактуу ыйык кайың сайдык, Тэңир!

Тогуз козу биз сойдук, Тэңир!

Жакшылыкты эл-жерге жалга, Тэңир!

Жамандыкты эл-жерден качыр, Тэңир!

Жашообузду оңдо, Тэңир!

Ушундан соң, калган-каткан даам ырыскыны улуу отко ташташкан. Ал эми "Эмне улук" деген элдик ырда Көкө Тэңири мындайча сыпатталат:

Тэңир улук, Күн улук!

Төбөсү ачык Көк улук!

Ал эми салт-санаа, үрп-адатка байланышкан аңыздарда Көкө Тэңирдин аты аталбаган бир да сөз жок го, жок! Ошон үчүн байыркы кыргыздар: "Күн - күйүп турган от", "Күндүн жалыны менен жер жылыйт" деген. Окумуштуулар туура белгилегендей: "Ушул түшүнүктөрдүн бардыгы кийин пайда болгон диний түшүнүктөргө моюн сунбай, эң байыркы стихиялуу материалисттик негизин сактап калган" (С. В. Иванов, Материалы.. , М., 1954, 745-б. ).

Мына ушул жерден, тээ илгерки кыргыздардын Көк, Күн, Ай, Жылдыздар тууралуу элдик түшүнүктөрүнө учкай да болсо токтоло кетүүгө туура келет. Алар азыр Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын кол жазмалар корунда сакталып турат.

Жаратылыш жөнүндөгү эң алгачкы түшүнүк эл тапка бөлүнөлекте эле пайда болгон. Ф. Энгельстин айтканына караганда: "Эң оболу астрономия келип чыккан, ал жыл мезгилдерин билип туруш үчүн мал чарба жана дыйканчылык менен кесип кылган элдерге өтө зарыл эле".

Кыргыздын элдик календарында жыл 365 күндөн турган. Анын ар бир мезгилине 91 күндөн туура келген. Ал эми ашып калган бир күн эски жылдын аягына же жаңы жылдын башталышына дал түшкөн.

Кыш малчылар үчүн эң кыйын учур, кышкы чилде - 41 күн болгон. Эң суук бул мезгил декабрдын акыркы он күндүгү менен февралдын башына дейре созулган. Кышты сууктун күчүнө карап аяздарга бөлгөн. Өтө суук "темир аяз" январга, андан жылуураак "мүйүз аяз" февралга, андан жылуу "кийиз аяз" февралдын аягы менен марттын башына туура келген.

Байыркы убакта "чилденин пирине төө, жылкы, уй жана кой туш келген экен. Алар "суукту кимибиз мурда басалы" деп кеңешкен имиш. Ошондо "малдын аксакалы уй эмеспи, ошондуктан уй эле бассын" деп чечишиптир. Буга жылкы: "Силер мага бергиле, мен кыймылдатпай басайын" деп каршы болуптур. Бирок, ага макул болушпайт, береги чечимден кийин уй "суукту басып калайын" деген экен, бирок, ал ача туяк болгондуктан суук чыга качып кетиптир. Ошондон бери суук болуп калыптыр" деп айтылат эски кыргыз аңызында.

Жыл эсеби тууралуу элдик бир табышмакта мындай бир кызык аңызы бар:

365 амир кылган,

48 кызы бар, баары жубан,

12 уулу бар, баары кыраан,

9 уулунун пейли жакшы,

3 уулунун пейли жаман.

Кыргыздар: "Акылдуу кеңеш - табылбас мурас" дейт. Тээ илгертен эле Ай жылдыздар компастын ролун аткарып келген. Ошондо, алар, эски кытай санжыраларында айтылгандай "ай жылдыздарга карап иш кылган".

Байыркы кыргыздар Көк менен Күндү, Ай жылдыздарды абдан катуу урматтаган. Ай жаңы чыккан кезде баары жүгүнүшкөн. "Тууган Ай - туураган май" дешип, жаңырган айды сары майга теңеп, токчулукка жоруган. А жаңырган айды көргөн жеринен чөп жулуп, үйлөрүнө апкелип, жаккан. Мында илгерки ата-бабалардын салты жаткан.

Эзелки кыргыздардын ою боюнча, Айдын бетин муз тоо каптап турат, жаркыратып жарык берип аткан да ошол муз.

Сулуу кызды алар "Ай десе айдай, Күн десе күндөй" деп толукшуган Ай менен Күнгө салыштырган. Ал эми кашын ороктой ийилип турган жаңырган айга теңештирген.

Айдын абалына карап илгерки кыргыздар күн эсебин тактаган, жолду, аба ырайын аныктаган. Көчмөндөр убакытты айдын жардамы менен тактоого да көнгөн. Алар Ай чыккан алгачкы күндү "ай жаңырды" десе, андан кийин "айдын бир жаңысы", "эки жаңысы" деп улап кете берген. Ай менен Күндүн тутулгандыгын, падышалардын, хандардын өлө тургандыгы, согуш, жакырчылык, ачарчылык ж. б. болору менен байланыштырган.

Байыркы кыргыздар жылдыздар Айдан кичине болгондуктан ага баш ийет деп эсептеген. Ошон үчүн алар:

Жетиген Айдын жеңеси,

Чолпон жылдыз балдызы,

Алты Аркар Айдын болжошу, -

деген. Алар Ай менен Күнгө табынгандыктан, Күндү таза тосуп алуу үчүн Күн чыкканга чейин жуунуп, аны таза тосуп алууга тийиш болгон. Ай менен Күнгө көп кароого уруксат берилген эмес.

Жылдыздар тобунун эң ирдүүсү Үркөр (Элек жылдыз). Байыркы көчмөндөр Үркөрдүн батыш тараптагы көкжээкке жакындаганынан жаздын келгенин билген ("Үркөр жерге түшпөй жер кызыбайт"); жай чилдесинде бул топ жылдыз таң атаарда гана көкжээктен бир аз жогорулап көрүнгөн ("Аяк оонада Үркөр таң менен бирге чыгат"); жай бүтөөр кезде "Үркөр таң алдында чыгып, шүүдүрүм түшүп, жер салкындайт"; күзүндө Үркөр көкжээктен бийиктеп кетет, ошондо "Үркөр төбөгө келип калыптыр" деген; түн бир кыйла узарып, кыш ортологон до "Үркөр төбөгө келип, кыш теңдеп калыптыр" деген ата-бабалар. Жыл мезгилдерин башка жылдыздар тобу менен да аныктаса болот, антсе да, Үркөр "үркүп чыккан байталдай" болуп, түнкү асманда өзгөчө бөлүнүп турат. Үркөр менен Айдын абалы боюнча жылдын гана эмес, айдын да кандай болоорун аныктаган. Мындай эсепти "тогоол" деп атаган. Ушул тууралуу элдик илгерки ырларда мындай саптар кездешет:

Ай менен Үркөр тогошкон,

Айлыңа келдим болжошкон.

Күн, Ай, Үркөрдөн кийинки эле байыркы кыргыздардын урматтаган асман периси - Чолпон. Аны ырга мындайча кошкон:

Тойдон ашкан күлүгүм,

Тоодон ашкан кырааным,

Буланай тоонун ар жагы,

Булуттан чыккан Чолпонум!

Ай менен Чолпон тогошкон,

Аламын быйыл болжошкон.

Күн менен Чолпон тогошкон,

Күнүң бир быйыл болжошкон.

Чолпон жылдыз эл ишеними боюнча койдун пири. Андыктан аны Чолпон-Ата деген. Чолпон күн чыгаар алдында (койлорду жайытка чыгарганда) же Күн баткандан кийин (койлор жайыттан кайтканда) чыгат. Ушундан улам аны койлордун пири же "койчунун жылдызы" деп калса керек. Жайлоого чыгаар жана андан түшөөр мезгилди Чолпон чыгаар мезгилге тушташтырган. ("Чолпон көрүндү - жүк артуу керек"). Ошентип, илгерки көчмөндөр күн ысый элек салкында көчүп, жаңы журтка жетип алган.

Байыркы кыргыздар көктө Асман Дыйканы туруп, жердегидей эле эгин эгет деп болжошсо керек, андыктан жанагы Саманчынын жолу көчмөндөрдүн түшүнүгүндө саман көтөрүп бараткан дыйкандын жолу. А Саманчынын жолу түндүктөн түштүктү көздөй созулган кездерде аны "Куш жолу" деп да тергеп койгон. Барымтага бараткан алыс жолдо, эл дайыма Саманчынын жолу артында же оң жакта болгудай кылып бастырган.

А "ок жылдыз" (метеор) жайында мындай бир ыр бар:

Көктөн учкан от болот,

Талыганда жок болот.

Асыресе, "ок жылдыз" байыркы көчмөндөрдүн түшүнүгүндө "өлгөн кишинин жаны" болгон. Эзелки көчмөндөрдүн баамында, ар бир жылдыз жердеги кишилердин жаны эле да, ал өлгөндө анын жаны - жылдыз жерге учуп түшөт имиш. Илгерки көчмөндөр көктөгү жылдыздар адам тагдырына таасир этет деп билген.

Дагы бир аңыз боюнча көктөн учуп түшкөн жылдыздар "кагара" деген шайтанга периштелер аткан мылтыктын же жаанын огу. Шайтан азгырган адам күнөөсү жок кишини өлтүрөт көрүнөт. Ошондо, өлгөн кишини аңдып турган кагар шайтан тигинин жанын тозокко алып кетмек болгондо периштелер ага тоскоолдук кылып, асмандан жылдыз атып түшүрөт имиш.

"Ок жылдыздын" же "куйруктуу жылдыздын" (комета) күтүлбөгөн жерден пайда болушу жамандык катары кабыл алынган. "Куйруктуу жылдыз" көрүнгөн жылы кокустан жут же ачарчылык болуп калса эл буга "куйруктуу жылдыз күнөөлүү" деп эсептеген.

Марс планетасын байыркы кыргыздар "Кызыл жылдыз" деп атаган.

Илгерки замандардан тартып "Чоң Жетигенди" көчмөндөр "Кичине Жетигендин" эки жакшы атына ("ак сары ат" жана "көк сары ат") кол салганы жаткан "жети каракчы" деп түшүнгөн. "Ак сары ат" менен "Көк сары ат" Кичи Жетигендин эки чоң жылдызы. Алар аркандалып, бир учу Алтын Казыкка байланып, күзөтчүнүн кайтаруусу менен оттоп турат. Жети каракчы ушул аттарды уурдаганы түн бою аңдыйт. А аттар казыкты айланып тура берет. Жети каракчы аларга жете албайт да, таңдын атышы менен куру кол кайтып кетет. Бул окуя күндө кайталанат да, күндө ушундай болот.

Ал эми Жетигендин орто чениндеги бир жылдыздын жанында үлбүлдөп көрүнгөн кичине жылдызды "Үркөрдүн кызы үлпүлдөк сулуу" деп койот. Аны бир кезде тиги каракчылар уурдап, ала качып алган имиш.

Дева жылдыздар тобунун эң чоң тобу Спиканы эзелки көчмөндөр Сүмбүлө деп атап, ал бир нече жылда барып бир кичинекей жылдыз тууйт деп ойлошкон. Асмандагы жылдыздарды ошол Сүмбүлө төрөгөн имиш. Демек, байыркы кыргыздар асманда жаңы жылдыздын пайда болгонун аңдап, аны Сүмбүлө менен байланыштырып, жылдыздар да киши сыяктуу туулат жана өлөт деген ишенимде болгон. Жай аяктаган кездеги суунун муздай башташын көчмөндөр Сүмбүлө менен түшүндүргөн ("Суунун башына Сүмбүлө тууптур", "Тараза чыкса таң суур, Сүмбүлө тууса суу суур"). Бул - Орион (Чидер) жылдыздар тобу көкжээктен көрүнгөндө жай аяктап, эртең мененки салкын түшөт, Сүмбүлө көрүнөөрү менен түнкүсүн суу муздай баштайт. Муну көчмөндөр "Сүмбүлө туур сүмпүйүп, ат семирээр күмпүйүп" деп, ысык аптап өтүп, жылкынын тынчын алган чымын-чиркейлер жоголуп, күн салкындап, чөп жетилип, даамдуулугу артып, ошон үчүн мал семирип, жүнү жылтылдай баштаганына тогойт.

"Көк асман Тэңиримдин сүйгөн жайы" деп койот кыргыздар. "Худуд ал Ааламда".. "алар (кыргыздар) Күнгө жана жылдыздарга сыйынат" деп жазылган. XIX кылымда орус этнографы Ф. Поярков: "Кыргыздар Күндү Тэңирдин күзгүсү дешип, колдорун жайып сыйынат" деп эскерген, демек, кыргыздар Көкө Тэңирге Улуу Өктөбүр төңкөрүшүнө дейре табынып келген. Андыктан, Көкө Тэңиринин таасири биздин элде азыр да кыйла күчтүү.

Тээ илгертен бери эле биздин элде ханга өзгөчө сый катары атан төө, жорго, күлүк ат, бүркүт, шумкар; алтын, күмүш менен кооздолгон ээртокум, жүгөн сыяктуу кымбат баалуу буюмдар; илбирс, сүлөөсүн, суусар, кундуз, булгун өңдүү асыл терилерди тартуулоодо дайыма тогуздап алып барышканы маалым. Элибиздеги "Хан тартуусу тогуздан" деген аңыз сөз да бизге так ошол замандардан калса керек. Оор мүшкүлгө дуушар болгон киши да андан кутулуу үчүн "тогуз токоч баабединди" оозанган. Элдик түшүнүктө, Чолпон жылдызы ар айдын "тогузунда" Жерге түшөөрү бек сакталып калган. Суук көздөн (көз тийгенден) сактанышып, Чолпон өзү колдойт деген ой менен жалгыз эркек баласынын же сулуу кызынын мойнуна, билегине тогуз кызыл мончок тагышканы да ушундан болуш керек.

Кыргыздарда теңдешсиз буудандарды, даңазалуу жорголорду ар түрдүү кырсыктардан сактоодо да жалаң гана Камбар Атага сыйынышпастан, ошондой эле Чолпондон да жардам күтүшкөнү береги элдик ырдан дапдаана көрүнөт:

Торкодон үртүк жаптырган,

Тогуздап тумар тактырган,

Тобурчактан бир канча…

А бул тогуз деген сандын баарынын артында байыркы кыргыздардын жанагы тогуз Тэңирге сыйынуу салты жаткан!

Байыркы көчмөндөр айдын тогузунда эч жакка сапар жүргөн эмес, а мунун артында да алиги тогуз Тэңирди сыйлоо тасмиясы уюп турган.

Илимпоздордун элестүү айтуусу боюнча Чолпон жылдыз Жердин "кенже карындашы". Ааламдагы жылдыздардын кыймылына карата "жылдыз саноочулар" ар бир адамдын же бүтүндөй элдин эртеңин же келечегин алдын ала айта алган. "Манас" эпосунда Тараза жылдызы тууралуу мындай делет:

Атка минип оң күнү,

Аттаныпсың чоң күнү.

Сапар кылып чоң күнү,

Тараза-мийзам оң күнү.

Байыркы көчмөндөрдүн түшүнүгүндө бышыкчылык маалы (күздүн башы) "мийзам айы" деп тергелген. Биздин Жоокер ата-бабалар жоого каршы аттанганда так ушул бышыкчылык келген мезгилди тандап алган!

Байыркы көчмөндөрдө "ар бир адам белгилүү бир жылдыз жарыктыгы боюнча туулат, ошонун жандоо белгисинин алдында өнүгүп, өсө баштайт: ал жылдыз канчалык бийик жайгашкан болсо, бөлөктөрдөн айырмаланып турса, ошол кишинин жолу шыдыр болот" деген купуя пикир болгон. Андыктан, иши алга кеткен адамдарга карата "жылдызы өтө бийиктеди", а адам дүйнөдөн кайтса "анын асмандагы жылдызы жерге түштү" деген ишенимдер басымдуулук кылган. Ошондуктан, карыялар адатта жаш балдарга "өмүрүң узун, жылдызың бекем болсун!" деп бата берген. Дегинкиси, өзү сүйкүмдүү, пейили кенен, элпек, мээримдүү кишини "жылдызы жарык" же "жылдыздуу азамат" деп атоо, алигидей түшүнүктөн улам пайда болгон.

Биздин элдеги отко сыйынуунун жеткен чеги - маркумдардын бейиттеринин тегерегине коюлган таш балбалдар болуп калды! Тээ эң байыркы доорлордо адам баласы отту ташка ташты уруу жолу менен алган го! А кийин от алуу үчүн атайын оттук таштар пайдаланылган! Ошо тээ эң эзелки доорлордо таш оттун символу болгон эмеспи! Символу!!! Демек, өткөн палеолит, мезолит, неолит доорлорунда от алынчу таш аябай кадырланган. Андыктан, ошол Улуу Оттун символу катары маркумдардын мүрзөлөрүнүн тегерегине таш балбалдар же таштан чегилген "от кишилердин" элеси коюлган! Бул Улуу Отту сыйлоонун, аны кадыр тутуунун жеткен чеги болгон! Алиги күмбөздөрдүн тегерегиндеги таш балбалдар жөнөкөй гана балбал эмес - От Балбалдар эле! А адамзатка өмүр берчү От - асмандагы Күндүн символу го! Күндүн!!! Демек, алиги таш балбалдар жердеги Улуу Отту гана эмес, көктөгү Улуу Күндү да туюнткан! Ал балбалдар жердеги оттун гана эмес, асмандагы Күндүн да символу болгон!!!

А мындай түбү түптүү салт дүйнөнүн эч бир элинде жок го! Эч бир элинде! Ал береги "Тэңирдин уулдары" сыйынган тогуз Тэңирлүү Көкө Тэңирлүү элде гана болгон го!!! Ие, тогуз Тэңирлүү Көкө Тэңирлүү элде!!!

ххх

АЙ ТЭҢИРИ МЕНЕН ЖЫЛДЫЗ ТЭҢИРИ. Бул экөө да бири-биринен ажырагыс нерселер го. Алар ошон үчүн "Ай-жылдыздар" делинип, чогуу айтылат эмеспи! Булар караңгылыкты жарык кылган кереметтер го! Аларсыз түндү элестетүүгө эч мүмкүн эмес! Ай менен жылдыздардын Жоокер көчмөндөрдүн өмүрүндөгү эбегейсиз ролун, алар үчүн кылган теңдешсиз кызматын ченеп-бычууга болбойт го?! Алардын аткарган иши Тоодой же Көктөй десек ылайык келээр! А балким андан да чоң, мындан да арбын - чексиз!

Ай Тэңири Жоокер көчмөндөрдүн тирилигинде ай-жылдарды тактоодо болуп көрбөгөндөй кымзат кылса, Жылдыз Тэңири түнкүсүн багытты аныктоодо өтө чоң үлүш кошкон! Тээ Жоокерчилик доордо Ай караңгы түндөрдө багыт аныктоо - аба менен суудай керек заманда көчмөндөр "ай-жылдыздарга карап иш кылган". Антпегенде, түмөндөгөн аскерлер жолдон чыгып, бараткан багытынан ажырап, бөөдө кыргын тартмак. Ошо Жоокерчилик доордо Айдын туулушунан тартып анын толушуна чейинки аралыктын өзү абдан зор мааниге ээ эле. Жаңырган Айды карап туруп "жылдыз саноочу" ошол айдын кандай болоорун алдын ала айткан же, Ай чалкалап жаңырса "өзүнө жайлуу, өзгөгө жайсыз а… " деген. Мындайда, эгер кыш болсо, анда өтө суук же бороон-чапкын, жай болсо абдан ысыктык (кургакчылык) же баш-аягы жок жаан-чачын күтүлгөн. "Ай короолосо аягыңды тос - жут болбой мал тезинен сүт берет. Күн короолосо көкүрөгүңдү тос, кар жаап кысымчылык болот" деген эл. "Эртең менен Күн кызарып чыкса - элиңди жоо чапкандай күйүн, кечинде кызарып батса - катының эркек туугандай сүйүн" деген алар. Мына ушул айтылгандардын баарында тең береги Жарыкчылыктын өз Чындыгы, бу турмушта өз орду бар эле!

Жаңы Айдын туулушу байыркы кыргыздарда өтө зор мааниге ээ болуп, ал абдан ыйык саналган, анткени, ай жаңырганда алар жортуулга аттанган да, ал отуруп калганда жоруктан кайткан. Андыктан, эзелки көчмөндөр жаңырган Айга жүгүнүп, мындай тилек айткан жери бар:

"Ай көрдүм, аман көрдүм!

Айдын мунарасынан,

Жердин кучагынан,

Жегелик дан,

Бир кыштык саман көрдүм!

Жесирге жемиш,

Жөөгө улоо,

Жалкоого мээнет,

Жалгызга - эркек,

Иштерманга - кут,

Ушакчыга - уу,

Ак ниетке - туз,

Баарыга кайыл заман көрдүм!

Айдан аман,

Жылдан эсен бололу!

Келерки ушу күнгө,

Өсүп-өнүп тололу!

Бакырга - тар,

Бапырга - бар ай бол!"

Ошо байыркы заманда бабаларыбыз Айды деген белги менен туюнткан экен. Төбөй жеринен табылган тамгалардын арасында Ай менен Күндүн элесин бир берген учурлары бар. А эски шумерлер түнкү Ай-жылдыздарды деген чийме (иероглиф) менен берген тура! А мындай белгилер биздин жердеги аска-зоолордо жайнап жатат го, тек гана, аларды кылдат изилдеш керек.

Ошентип, байыркы бабаларыбыз өзүлөрүнүн Жоокерчилик өмүрүн Ай -жылдыздарга карап тууралаган экен. Жылдын кандай болоорун алар бирдин айынан же жети тогоолдон так ажыратып айталса, айдын кандай болоорун булар Айдын жаңырышынан байкаган. Аба-ырайындагы алдыдагы кубулуштардын баары тең Ай-жылдыздардын абалына байланыштуу болгон.

Эзелки кытай санжыраларында айтылгандай "түндүктөгү кыйраткычтар өз иштерин ай-жылдыздарга карап жүргүзгөн", "ай толгон кезде чапкынга чыкса, ай кемиген кезде аны токтоткон", "өз багыттарын жылдыздарга карап аныктаган" ж. б.

Көкө Тэңириликти туткан бул элде Жоокерчилик өнөр өзүнүн эң бийик деңгээлине жеткен. Күн-түнү менен өткөн ар түркүн чапкындарда көчмөндөр ар кандай кырдаалдарга, түркүн кыйынчылыктарга учараган. А бул жагдай аларды бара-бара ай-жылдыздарга карап иш кылууга үйрөткөн. Ай караңгы түндөрдө асмандагы жылдыздардын жайгашышына карап багыт аныктоого, жыл мезгилдерин ошо жылдыздарга карап тактоого, айларды так ажыратууга, ар бир "токсонду" (төрт мезгилди) жана кышкы чилде менен жайкы чилдени дапдаана белгилөөгө, акырында жылдын өзүн тактоого жетише алган! Жанагы он эки жылдык айлампа (цикл) же чычкан, уй, барс (жолборс), койон, улуу (крокодил кейпиндеги ажыдаар, анын элеси Улуу Оңдордун күн түспөл сапсары туусуна түшүрүлгөн эмеспи!!!), жылан, жылкы, кой, мечин (маймылды байыркы кыргыздар тээле "кентавр" заманынан же мындан 7000 жыл мурдагы доорлордон бери билген), тоок, ит, доңуз деген жыл аттары кадимки айбанаттар менен канаттуулардын атынан келип чыкпастан, алар асмандагы он эки жылдыздын атынан келип чыккан. Ар жылы жыл башында көрүнгөн ошо жылдыздардын аты кийин он эки жылдын атын билдирип калган. Тактап айтканда, жыл эсептөө бизде мындан сегиз миң жыл мурда пайда болгон. Күн менен түн теңелген ошо жылы Ай жаңырган кезде Чычкан деген жылдыздын жанында турган экен, ошондуктан жылдын башы Чычкан аталып калыптыр. Он эки жылдык айлампа дүйнөдө эң алгач ирет Түрк (Оң кары) өлкөсүндө пайда болгонудугун да мындан он кылым мурда айтылуу илимпоз Махмуд Кашкари (Барскани) өзүнүн "Диванында" өтө так, даана белгилеп кеткен жайы бар. Бул жыл эсептөө - биздин элдеги эң байыркы жыл эсептөө эле!

Ырас, биздин эл жаралгандан мал менен келаткан эл го. Биздин көчмөн маданиятыбыз, өтө бай элдик казынабыз тээ байыртадан башталат эмеспи! Ушул себептен, абдан чоң чындыкка көзү жеткен Абель Ремюз 1820-жылы эле: "Он эки жылдык айбанаттар циклин кыргыздар ойлоп тапкан!" деп, бекеринен айтпаса керек. Он эки жылдык айбанаттар цикли адегенде илгерки Түрк өлкөсүндө, а дагы тактай келгенде байыркы кыргыздарда пайда болгон тура!!! Мына ушунун өзү байыркы кытайлардын "Таншу" санжыраларында да жазылып калган, анда "кыргыздардын жылды он эки айга бөлөөрү, алар айбандардын аттары менен аталары" айтылган.

Ошо он эки жылдын аты менен аталган жылдардын кайталанышы биздин элде мүчөл аталган. Биринчи мүчөл он эки жашын эмес, он үч жашын туюнткан, анткени, мында баланын курсакта жаткан кези да эсептелген. Андан кийинки мүчөлгө он эки жаштын кошулушу менен 25 (эки мүчөл), 37, 49, 61, 73, 85, 97, 109 ж. б. болуп кете берген. Мында, өзүңөр байкагандай "жолу туюк" жуп сандар эмес, "жолу ачык" келки сандар өкүм сүргөн.

Байыркы кыргыздар киши төрөлгөн айды так, даана белгилөө үчүн да өзүнчө зодиак (бул сөз байыркы грек тилинде "айбан" дегенди билдирген) белгилерин колдонгон. Зодиак дегени он эки бөлөк топ жылдызды ичине алган, планеталар жүрүүчү кырчоо го, бул он эки топ жылдыздын ар бирөөнүн өз аты бар эле, алар: Козу жылдыз тобу, Уй (уд) жылдыз тобу, Босого (эрентир) жылдыз тобу, Саратан (кучык) жылдыз тобу, Арстан жылдыз тобу, Сүмбүлө (буудай башы) жаркырак жылдыз тобу, Тараза (үлгү) жылдыз тобу, Чаян (чадан) жылдыз тобу, Жаа (йа) жылдыз тобу, Теке (оглак) жылдыз тобу, Көнөк (ит) жылдыз тобу, Балык жылдыз тобу болучу. Айталык, 21 же 22-марттан 20 же 21-апрелге дал келген зодиак белгиси Козу жылдызына туш келгендиктен береги мезгилде төрөлгөн балдар "Козу айында туулду" деп эсептелинген. Ошентип, Уй, Босого, Саратан, Арстан, Сүмбүлө, Тараза, Чаян, Жаа, Теке, Көнөк, Балык зодиак белгилеринин астында төрөлгөн балдар береги жылдыздардын атынан "баланчанчы же түкүнчөнчү айда туулган" делип айтылып кала берген. Байыркы көчмөндөр "бала кайсыл айда төрөлсө ал ошол айдын мүнөзүн алып жүрөт" (мис. : арстан, чаян, балык ж. б. ) деген ишенимде эле. Жыл башындагы ай - Козу, а жыл аягындагысы - балык болгон. Балык зодиак белгисиндеги ай 21 же 22-февралдан 21 же 22-мартка чейин созулган. Кийин, маңкул чапкыны кезинде аларга кошулуп кеткен кыргыздар аркылуу береги зодиак Чыгыш Европа элдерине да тарап, ал айларды гана эмес, айрым өлкөлөрдө жылдарды да белгилөө үчүн колдонулуп калган. Мында, береги зодиакты кабыл алган эл аны өз дүйнөтаанымына карата бир аз өзгөртүп урунган. Мисалы, орустар Босогону - Близнецы, Саратанды - Рак, Сүмбүлөнү - Дева, Көнөктү - Водолей деп пайдаланган.

Ошентип, жогорудагы он эки жылдык айлампа атактуу Көкө Түрк заманына чейин жылдардын эсебин гана эмес, бир жыл ичиндеги ай аттарын да билдирип келсе, кийин ал берегинтип Козу жылдызы баш болгон зодиак белгилерине жол берген. Бул эки зодиак тең (он эки жылдык зодиак, он эки айлык зодиак) өзүнүн өтө тактыгы, тууралыгы менен дүйнөнүн башка элдерин гана эмес, атагы ааламга кеткен бүгүнкү чыгаан астрономдордун өзүн таңгалдырып келет!

Мындан сырткары, биздин мал-жандуу эл мал менен айбанаттар үчүн да өзүнчө ай санактарын (аттарын) колдонуп келген. Бул ай-санактар тээле эң байыркы замандарда же эл аңчылык менен күн көргөн энелик доордо жаралып, аталык доордо биротоло такталып бүткөн! Жаралгандан аңчылык жана малчылык менен тирилик кылган бабаларыбыз ар айды кайберендердин аты менен атаган! Мында алар кайберендердин жашоо шарттарын, жүгүрүү жана төлдөө мезгилин гана эске албастан, Ай менен Үркөр топ жылдызынын тогошуу (жакындашуу) учурун да эске алып, жаңырган айлардын тогоол аттары да ушундан улам келип чыккан. Мисалы: жалган куран (жейрен менен эликтин эркеги) же беш тогоол (ай жаңыргандан бешинчи кечте Үркөр топ жылдызынын астына Ай келип тогошкон кез, ал үч күнгө созулуп, биринчи күнүн - "тогошту", экинчи күнүн - "үй же айыл конду", үчүнчү күнүн - "өрүп чыкты" дешкен) - март, чын куран же үч тогоол - апрель, бугу же бир тогоол - май, кулжа же жыйырма үч тогоол - июнь, теке же жыйырма бир тогоол - июль, баш оона (элик, бөкөн, жейрендин ургаачысы, же телки) же он тогуз тогоол - август, аяк оона же он жети тогоол - сентябрь, тогуздун айы же он беш тогоол - октябрь, жетинин айы же он үч тогоол - ноябрь, бештин айы же он бир тогоол - декабрь, үчтүн айы же тогуз тогоол - январь, бирдин айы же жети тогоол - февраль. Ушул айларга байланыштуу биздин элде түркүн мүнөздүү кептер сакталып калган: "Бештин айында безилдеген суук", "Бирдин айындай чоюлган", "Беш тогоол өтпөй бел чечпейт", "Хут (бирдин айы) жакшы келсе кут, жаман келсе жут", "Чын куранда чыңыртып кулун байлап, кымыз ич", "Соко чыгат соордо" ж. б.

"Эмне себептен ай эсебине көбүнчө кийиктер киргизилген?

1. Куран деп кыргыз эликтин текесин айтат. Элик сентябрда (тогуздун айы) жүгүрөт да токтолот. Жалган куранда жаңыдан бала түйүлөт. Бооз-кысыры жалган, арсар чагы. Ошол себептен жалган куран дейт.

2. Чын куранда улак көтөрүп калган үчүн ал айды чын куран дейт.

3. Бугу баш оонанын аягында ышкырат (ызгырык) дейт. Бугунун ызгырыгындай деп, анын үнү өтө уккулуктуу болуп кезген чагы. Бугу айында туулганы үчүн бугу дейт.

4. Кулжа жетинин айында жүгүрүп, бештин айында токтолуп, кулжада тууйт, андыктан кулжа дейт.

5. Теке бештин айынан 20-сынан абдан озгону 30уна жете кезет. Үчтүн айынын башында жүгүрөт. Бул болоордо 15 күн кеч жүгүрөт. Үркөр тууйт, ошондуктан теке дейт.

6. Бугу баш оонанын аягында, аяк оонанын башында башы ооган жакка кетип, кезип жүрөт. Ушул себептен баш оона десе керек.

7. Аяк оонада бугунун аягы тынбай маралга кыйгач жүгүргөн чагы болуп (замандын далай оозуна жараша күндөрдө бир аз илгери-кийин жылышы болмогу мүмкүн) калган үчүн бул айды аяк оона десе керек". (Б. Солтоноев. Кызыл кыргыз тарыхы. 2-китеп. Бишкек, 1993, 170-171-б. )

Биздин эл Жаңы жылды жазында көк чыккан кезде тосуп алгандыктан жылдын башы күн-түн теңелгенден кийинки Козу жылдыз тобу көрүнгөн күнгө туура келген. "Арсар айдын" жаңырышына байланыштуу "жалган куран" айы жазында ары-бери ооп тургандыктан байыркы бабаларыбыз Жаңы жылды алиги Козу жылдыз тобу жаңырган алгачкы күнү тозгон! Бул салт эч качан өзгөргөн эмес. Жаңы жылды биздин байыркы бабалар Чоң-Көжө жасап, жаңы кымыз менен тоскон!

"Жакшынын өзү өлсө да сөзү өлбөйт" дегендей, эзелтен бери келаткан салт өлбөйт. Ал бир жерде унутулган менен башка жерде сакталып кала берет. Каратегиндик кыргыздар декабрды - токсон, январды - кантар, сентябрды - тараза ж. б. деген. "Токсондо тон тиштеп, каңтар оогондо кар кетти", "Тараза жылдыз батканда, таң сүрүлүп атканда" ("Манастан") деген өңдүү аңыз сөздөр ушундан калса керек. Буга караганда, жанагы байыркы кара кыргыздардагы (тарыхый түрктөрдөгү) үлгү же тараза - сентябрды, чаян же чадан - октябрды, жаа же йа - ноябрды, оглак же теке - декабрды, көнөк - январды, балык - февралды, козу - мартты, уй же уд - апрелди, эрентир же босого - майды, кучык же саратан - июнду, арстан же арслан - июлду, сүмбүлө - августту туюнткан. Алиги эң алгачкы он эки жылдык айлампадагы жылдыз аттары айларга берилгенде, чычкан - козу (март-апрель), уй - уй же Үркөр (апрель-май), жолборс (барс) - эрентир же босого (май-июнь), койон - кучык же саратан (июнь-июль), улуу - арстан (июль-август), жылан - сүмбүлө (август-сенятбрь), жылкы - үлгү же тараза (сентябрь-октябрь), кой - чаян же чадан (октябрь-ноябрь), мечин - жаа же йа (ноябрь-декабрь), тоок - теке же оглак (декабрь-январь), ит - көнөк (январь-февраль), доңуз - балык (февраль-март) болуп чыгат.

Алиги маңкул, калмак, буряттардагы хулун, үкр, бар, туула, лу, моха, мерн, хөн, мечн, таха, ноха, хаха деген жыл (жил), ай (сар) аттары жанагы биздин чычкан, уй, барс, койон, улуу, жылан, жылкы, кой, мечин, тоок, ит, доңуз деген гана эң байыркы ай-жыл аттарыбыздын түздөн-түз котормосу! Бул да тигил элге б. з. 93 жылы колго түшүп кеткен 100000 түтүн кыргыз менен кошо өткөн. А маңкул чапкынында булар менен катуу аралашкан төбөйлөр ай-жыл аттарынын кыргызча эң байыркы атын унуткарып, кийин ай-жыл аттарынын береги маңкулча котормолорун кабыл алып кеткен. Бар болгон айырмасы - маңкулдар чычкан жылы менен айынын ордуна "хулун жил", "хулун сар (ай)" деген аттарды колдонгон, анткени, марттын аягында алар да кулун байлап, кымыз иче баштаган. А кымыз деген биздин элдин эң эзелки ашы да аларга ошо 93 жылы өткөн.

Ошентип, биздин эң байыркы жоокер, аңчы, малчы эл дүйнөдөгү башка журттардын ичинен эң алгачкы болуп кишилердин туулган жылын тактоо үчүн он эки жылдык айланпа мүчөлдү (циклди), кишилердин туулган айын тактоо үчүн он эки айлык айланпа зодиакты, аңдардын жүгүрүү жана төлдөө мезгилин так айтуу максатында кайберен аттарынан турган он эки айды дүйнөгө алып келди! Кишинин туулган жылын жана айын сүрүштүрүү максатында келип чыккан алиги чычкан жана козу баш болгон жыл жана ай аттары жанагы эки түркүн он эки зодиактык жылдыз аттарынан пайда болсо, береги айбанат айларына арналган ай аттары нукура аң атоолорунан (куран, бугу, кулжа, теке, оона ж. б. ) келип чыкты. Мына ушунун өзү береги айбанат ай аттарынын тээле эң эзелки аңчылык доордо пайда болгондугун кыйкырып турат го! Бизден башка эч бир эл тээ илгерки заманда мындай үч түркүн жыл жана ай санактарын (аттарын) урунган эмес. Бул үч түркүн жыл жана ай санактары да адегенде өзүбүздүн жоокер элде пайда болуп, кийинки ар кандай оомолуу-төкмөлүү замандарда башка журттарга тарап кеткен же башка элдер береги ай-жыл санактарын өзүбүздүн байыркы бабалардан алган! Бул үч санактын тең ээси биздин эл, биздин журт го! Өзүбүздүн эл!!! Өзүбүздүн журт!!!

Көкө Тэңирини ыйык туткан эң байыркы жоокер эл дүйнөгө эң алгачкы ай-жыл санактарын гана берип тим болгон жок, ал дүйнө элдерине эң алгачкы согуштук куралдарды (жаа, кылыч, найза, чокмор, канжар ж. б. ) таратуу менен аларга атчан жүрүп салгылашууну да үйрөттү! А эң башкысы, ошо согуш өнөрүнөн улам алар жылды жана анын төрт мезгилин так эсептөөнү өздөштүрдү. Мына ушунун баарын алар асмандагы ай-жылдыздарга карап, тактай алды. Жөнөкөй мисал, биздин элде эки же үч жылда бир жолу "арсар ай" деген атка конгон он үчүнчү ай жаңырып калат. Бул кубулуш көбүнчө жылдын аягында же январь айынын экинчи жарымында болот. "Арсар ай" башка айлардай эле жаңырган менен анда "ай арасы" же күн бүркөлүү (бузулуу) белгиси, тогоол кубулушу болуп өтпөйт. Ошондуктан, ал ай эсебине кирген менен жыл эсебине кирбей калат. Эгерде, бир жылда 365-366 күн болсо, "арсар ай" жаңырбаган учурда бир жыл 354 же 355 күндү, а "арсар ай" жаңырган кезде 384 күндү түзөт да, булардын беш жылдык орточо натыйжасы (354+384+355+384+354:5=366, I) 366 күндү берет. "А "арсар ай" он жылда төрт жолу жаңырса ар жылдын орточо күнү 365 же 366 болуп отуруп, акыры, азыркы астрономиялык тактыкка же жыл эсебине дал келет. "Арсар айды" ай эсебине кошкон менен жыл эсебине кошпой чыгарып салуу - жоокер көчмөндөрдүн "жылдыз саноо" өнөрүндөгү эң жогорку жетишкендиги эле!!!

А арабдар "арсар ай" дегенди билген эмес. Булар муну да ай менен жыл эсебине кошо бергендиктен, алардын бир жылы 354 же 355 эле күндү түзүп, натыйжада, алардын бир жылы байыркы кыргыздардын бир жылынан 10-12 күнгө кемип отурган. Ошондуктан, алардын орозо же курман айттары бирде кышка, кээде жайга туш келип, башаламандык. Алигилердин хиджра жыл эсептөөсү береги элдин астрономия илиминен аябай артта калгандыгын далилдеп турат. Демек, буларда Мухаммеддин заманына дейре "ай-жылдыздарга карап иш кылган" жоокердик заман эч качан болгон эмес.

Азыркы "космонавт" деген сөздүн өзү биздин "асман" деген сөздөн келип чыккандыгын баары эле биле бербейт. Аргындар "асман" деген сөздү "косман" же "хосман" дейт. Мына ушул "косман" деген сөз индоевропа тилдери аркылуу илим дүйнөсүнө келип, жанагы "космонавт" деген сөздүн келип чыгышын шарттаган, демек, биз "космонавт" деген сөздү "асманавт" (асманчы) деп айта берсек дурус болчудай.

Байыркы кыргыздардын (нукура түрктөрдүн) алиги он эки жылдык айланпа мүчөлү илгерки кытайларга те, Юй (Бий) падышанын заманында (б. з. ч. XXIII-XXII к. ) эле жеткен. Кийин булардан япондор жана чыгыштагы бир топ элдер кабылдаган. Бара-бара ал бүтүндөй дүйнө жүзүнө тарап кеткен. Ар бир он эки жылды жана айды билдирген жылдыздардын мал менен кайберендердин атынан коюлушунун өзү эле береги он эки жылдык жана айлык айланпа циклдердин адегенде дыйкан элде эмес, малчылык менен аңчылык катуу өнүккөн элде пайда болгондугун кыйкырып турат. Андай эл тээ Евразияда илгерки башка журттар тарабынан "киккич" же "киксос", "гага", "гиркан", "манна" (манас), "кентавр" же "амазонка", киммерий же сак-скиф-сармат, хунну-гунну-жунну же гяньгун, хагас же тугю ж. б. деген атак атка конгон байыркы жоокер кыргыздар эле!

Он эки жылдык айланпа мүчөл 25 жолу кайталанганда 300 жыл болот. Мына ушунун жардамы менен тээ эң байыркы кезде өткөн чоң согуштар менен ири окуялардын кайсыл жылга дал келээрин опоңой эле аныктап алууга мүмкүн. Айталык, тээ Улуу Манастын Кичи Чапкыны же төл мекени Алатоо (Иньшань) менен Ордосту бошотуп, кытайдын Янь менен Дай аймактарына кол салышы кой жылында башталып, мечин жылында (б. з. ч. 205-204-ж. ) аяктаса, Бээжинди баш кылып эзелки кытайлардын кырктан ашык шаарын чаап алган Чоң Чапкыны (б. з. ч. 201-200-ж. ) доңуз жылында башталып, чычкан жылында аяктаган. Улуу Манастын туулган жылы "кара кийик" го! Ырым-жырымды өтө бекем туткан Манас бабабыз Чинге каршы Чоң Чапкынын так ошол өз мүчөл жылында баштаган тура! А экинчи Батышка (Индиядан Кырымга чейинки 26 өлкөнү чаап алганда) жасаган Чоң Чапкынын да ал "кара кийик" жылында баштап, чычкан жылында аяктаган (б. з. ч. 177-176-ж. ) Ошол Улуу Жеңиштерге толгон даңктуу жылдардан кийин жоокерчиликке жолу ачык доңуз жылын биздин байыркы бабалар өтө зор урмат менен "кара кийик" деп, тергеп атап калган жайы бар, демек, Улуу Манастын туулган жылы да "кара кийик" (улуу кийик) деп аталып кеткен. Тээ Улуу Оңдордун жана андан кийинки Көкө Түрктөрдүн заманындагы Чапкындардын көбү кара кийик жылында башталып, чычкан жылында аяктап турган. Эгер, душман өзү кол салып эле чапкындар башка жылдарга туура келип калбаса, кара кийик жылында Чоң Жортуулга аттануу биздин элде салтка айланып кеткен жайы бар. Теңири Манастан алда-канча кылым өткөндөн кийин береги "кара кийик" жылында Чыңгыс кан дүйнөгө келгенин айта кетсек ашык болбос…

Заманында же 304-жылы Улуу Манастын эң кийинки тукумдарынан келип чыккан айтылуу Ногой кан бүтүндөй Түндүк кытайды басып алып, өз дөөлөтүн орноткон кезде "кара кийик" жылы жөнүндөгү ар түркүн аңыз каңгуларга (ханзуларга) да өткөн. Ошондон кийин Кытайда доңуз тууралуу ар кандай ырым-жырымдар пайда болгон. Алар да доңуз түшкө кирсе жакшылыкка жоруган. Эгер, чепке доңуз башын тиребесе аны коргоп турган кошуун жеңилет деген ишеним болгон. Андыктан, байыркы кытайлар доңуз багылбаган короо касиеттүү болбойт деп эсептеп, ар үй доңуз баккан. Ногой кан бүтүндөй Түндүк кытайга император болуп жарыяланган жыл да "кара кийик" (304-ж. ) жылы го!

Биздин байыркы бабалар ай менен жылдарды гана он эки жылдык же айлык айланпа менен эсептебестен, он эки күндүктү да жанагы жылдыз аттары менен атап, алдын ала ар күндүн мүнөзүн чыгарган экен деген аңыз бар. Уламаларга караганда ар бир күндүн өз аты болгон… Он эки күндү "чыканак" деген, беш "чыканактан" эки айды чыгарган, ал "кулач" деп аталган, "алты кулачтан" бир жыл келип чыккан, ал "аркан" деп аталган. "Алты кулач - аркан" деген кеп ушундан калган. Жеке гана ал эмес, бизде күн-түндүн да өз маалы, аттары сакталып калган. Таңкы бүлбүл, таң куланөөк, таң атуу, күн чыккан, күн көтөрүлгөн, шашке, чоң шашке, жалган түш, чак түш, түш оогон, эрте бешим, бешим, кеч бешим, күн батаар, күүгүм, иңир, түн кирген, эл жатаар, түн ортосу, түн ортосу оогон, түнкаракчы, таңкаракчы, таңга жуук, таңкы үрүл-бүрүл болуп олтуруп, бардыгы 24! Бул азыркы 24 сааттык убакытка дал келет!

Ушул жерден алатоолуктар билген калган жылдыз аттарын да алдыңарга тарталы: Алтын же Темир казык (Полярная звезда), Чоң Жетиген (Большая Медведица), Чолпон жылдыз (Венера), Ай Чолпону же Сары жылдыз (Сатурн), Кызыл жылдыз (Марс), Үркөр (Плеяды), Чычкылуу жылдыз, Таң жылдызы же Кичи Чолпон, (Меркурий), Саманчынын жолу же Куш жолу (Млечный путь), Жашыл жылдыз, Кара күч же Эшек кырган (Юпитер), Керген саба (созвездие 4-х звезд), Балбылдак жылдыз, Жарык Жылдыз же Көкөтөй жылдызы (Сириус), Кошоктолуу кош музоо, Аркар же Үч Аркар, Толтойдун огу, Тараза жылдыз (Весы), Чидер жылдызы (Орион), Кичи Жетиген, Бука жылдыз, Эгиз жылдыз, Кош өлүм же Кыз жылдыз, Бөйөн жылдыз, Пери жылдыз ж. б. Эми миңөзөндүк кыргыздардагы жылдыз аттарына көңүл буралы: Венера - Солбан (Чолпон), Сатурн - Ай Солбаны (Ай Чолпону), Марс - сагайча Чигир ат, качыча Позырах ат (Рыжий конь), Утренняя Венера - Таң Солбаны (Таң Чолпону), Вечерняя Венера - Иир Солбаны (Иңир Чолпону), Плеяды - качыча Күрген, сагайча Үлгер (Үркөр), Полярная Звезда - Хан Чигетей огу, Большая Медведица - Жетиген (Чоң Жетиген), Малая медведица - сагайча "Адай Жетигени" (Собачья Медведица - Кичи Жетиген Чоң Жетигенден калышпай "итче" ээрчип жүргөндүктөн ушундайча аталып калган), Созвездие Орион - Качы менен кызылча "Үлгер мохе", сагайча "Ус муйгах" - Үч марал, Сириус - Көкөтай жылдыз, Орион топ жылдызындагы Ригел жылдызы - Хан Теңгиз, звезда Бетельгейзе - Хан Тенгис огу же Кандуу жылдыз, звезда Беллатрикс - Көкөтөй огу, Орион үч жылдызы - Үс кыс (Үч кыз), звезда Альдебаран - Түлүн хара чылтыс, Хосхар топ чылтысы ж. б.

"Жылдыз оңоп, жолоочу жүрүү же айдын биринде же он бешинде жолго чыгып же чоң иш баштоо адети болгон, - деп жазат Б. Солтоноев. - Жылдыз оңоп жүрүү айга карата болот. Маселен, айдын биринде жылдыз күн чыгышта; 2) күн жүрүш - күн чыгыштын ортосунда; 3) чак түштө; 4) Күн жүрүш, күн батыштын ортосунда; 5) күн батышта; 6) күн батыштын түн жагы; 7) түн жакта; 8) түн жак күн чыгыштын ортосунда; 9) жерде; 10) асманда, жылдыздын чыгуусуна каршы жүрбөйт. Жүрсө жол болбойт деп билген. Тогузунда сапарга чыкса ат аягына оорлук келет, онунда жүрсө чар тарапка тең, анда кандай жүрсө, андай жүрсүн деген. Ар айдын бири, ону, жыйырмасы шамал менен жаан-чачын күтүлөт деген жана кырк күн жайкы чилде, кырк күн кышкы чилде болуп, токсон күнү "токсон болот" деп эсеп кылышкан". (Кызыл кыргыз тарыхы, 2-китеп, 175-б. ).

Эзелки кытай санжыраларында түндүктөгү көчмөндөрдүн "ай-жылдыздарга сыйынаары" айтылса, кечээле кыргыз жерине келип кеткен орус агенттери береги көчмөндөрдүн Жашыл Жылдызга (Юпитерге), ай-жылдыздарга табынаарын баа белгилеген жери бар. Ч. Валиханов: "Ай-жылдыздар менен от булардын сыйынган ыйыктары" десе, Ф. Поярков: "Жаңырган Айды көргөндө кыргыздардын эркек-аялдары ага үч жолудан жүгүнүп, таазим этет" деп жазат. А мындай маалыматтар, тээ орто кылымдардагы араб-перс авторлорун эске алганда, өтөле мол го! Мол!

Байыркы жоокер көчмөндөрдүн турмушунда алар өтө кадырлаган беш нерсе (дүйнө) болгон, булар: жыгач (бак-дарак), от, жер, суу, темир (металл) эле. Жыгач болбосо от жок, жер-суу болбосо тиричилик жок, металл (коло, темир, күмүш, алтын ж. б. ) болбосо жоокерчилик жок, айтор, берегилер баатыр көмчөндөргө аба менен суудай зарыл нерселер эле! А жердеги жыгачтын асмандагы символу Жашыл жылдыз (Юпитер), оттуку Кызыл жылдыз (Марс), жердики Сары жылдыз (Сатурн), металлдыкы Ак жылдыз (Венера), суунуку Улуу (Кара) жылдыз (Меркурий) болучу! Андыктан, ушул жылдыздар жоокер көчмөндөр тарабынан абдан катуу кадырланган. Асмандагы он эки жылды (мүчөлдү) туюнткан он эки жылдызды береги беш ыйык жылдызды коюп беш айлантканда 60 жыл болгон. Ошондо, чычкан менен өгүз (бука) жылдыздары Жашыл жылдызга (бак-даракка же жыгачка), жолборс менен койон жылдыздары Кызыл жылдызга (отко), ажыдаар, жылаан жылдыздары Сары жылдызга (жерге), жылкы, кой жылдыздары Ак жылдызга (металлга), мечин, тоок жылдыздары Улуу жылдызга (сууга), а ит менен доңуз жылдыздары кайрадан Жашыл жылдызга туш келген да, чычкан, өгүз жылдыздары эми Кызыл жылдызга дал келип, андан-ары улана берген. Он эки жылды билдирген он эки жылдыз беш айланганда 60 жыл болгон! А 60 жыл ал заманда бир адамдын тең жашы катары каралган экен. Он эки жылдыз он эки айланганда 144 жыл болгон, а бул бир адамдын өмүрү катары бааланган тура ал доордо. Ошондуктан, токсон жашка чыккандар эс-акылы менен каруу-күчү төп келген киши катары күрөшкө түшүп, аскер баштаган жайы бар!

Мына ошо беш ыйык жылдыз он эки жылдыз атында улам кайталанып, улана бергенде төрөлгөн балдар алиги беш ыйык жылдыздын кайсынысына туш келсе, бала ошо өзү төрөлгөн жылдызды өз жылдызы катары касиеттүү санап, ага сыйынып, кези келгенде курмандык чалып калган. Эң эзелки кытай санжыраларындагы "алар ай, жылдыздарга сыйынат" деген тарыхый маалымат да мына ушундан улам келип чыккан. А атактуу Бий (Юй) кытайга падыша болгон соң даңазалуу көчмөндөрдүн береги "жылдыз саноо" (беш мүчөлдүк же 60 жылдык цикл) салты да илгерки кытайларга өтүп, андан кийин ал бардык чыгыш өлкөлөрүнө, бүт дүйнө жүзүнө жайылып кеткен. А маңкулдарга (тарыхый татарларга) ал 93-жылкы коогада өткөн…

Байыркы кыргыздар жекеле Көк (космос же аалам) менен Күнгө (түбөлүк Отко) эмес, Айга да курмандык чалган жерлери бар! Бул Ай тутулган учурларда болгон. Мындайда эл асмандагы карарган Айга колдорун созуп, чуру-чуу түшүп, бири ыйлап, экинчиси зарлап дегендей, үчүнчүсү курмандыгын айтса, төртүнчүсү аксарбашылын айтып, Жаратканга жалынып, "Оо, Көкө Тэңир, Айды өчүрө көрбө!" деп жалбарган. Ошондо Көкө Тэңир да "өз уулдарынын" зарын угуп, карарган Айдын бир четин жырып, жарык түшүргөн да, эми Ай акырындан алтындай болуп көрүнө баштаган. Ошо тапта алиги айтылган курмандыктар менен аксарыбашылдар ошол эле жерден дароо мууздалып, садагага чабылып кеткен. А эртеси жанагы курмандыкка чалынган, аксарыбашылга чабылган малдардын баары айыл четиндеги дөбөгө алынып барылып, Көкө Тэңирге ыраазылык иретинде ай туяктуу жылкыдан дагы бири курмандыкка чалынып, Жаратканга жалпы элдин сыйынуусу болуп өткөн. Аксарыбашылга чабылган малдын баары ошол жерден бүбү, бакшыларга бөлүнүп берилип, а курмандыкка чалынганынын баары ушул жерден дөбөнүн этегиндеги очокторго асылган казандарга түшкөн…

Мындан сырткары, биздин элде ай жылдыздарга арнап ар бир адам да өз алдынча курмандык чала келген. Эгерде, кайсы бир киши чычкан жылы, арстан айында төрөлсө, чычкан жылы келген кезде алиги киши ошо асмандагы Чычкан жылдызына арнап жыл башында сөзсүз түрдө бир малдан курмандык чалган. А арстан айы жылыга келет го, ошо келген сайын ал асмандагы Арстан жылдызына арнап да үзгүлтүксүз курмандык чалып турган. Ким кайсы жылы төрөлсө, кайсы айда төрөлсө, өзү төрөлгөн жылдын жана өзү төрөлгөн айдын атын алып жүргөн Жылдыздарга арнап курмандык чалган. Бул - байыркы кыргыздардын түбү түптүү салттарынын бири эле!

Илгерки кыргыздар Айга гана эмес, Жылдыздарга да мал атаган. Ал "курмандык" эмес, "түлөө" деп аталган. Мындай "түлөөлөр" "ок жылдыз" (метеор) учкан учурларда болгон. Эртеси эл чогулуп, түнкү кубулушту талкууга алып, "ок жылдыз" асмандын кайсы жагынан учту, кандай учту, кайсыл тарапты көздөй учту, такташып, анан бир жыйынтыкка келген. Адатта, "ок жылдыздын" учушу алдыда келаткан согуштан кабар берген, алиги асманда учкан "куйруктуу жылдыз" (метеор) ушул үчүн "ок жылдыз" атанган го.

Эл мал союп, Көкө Тэңирден жакшылык тилеп, түлөөсүн бергенден кийин "ок жылдыз" кайсы жактан учса, кайсы тарапка учса, ошол жакка, ошол тарапка аскер топтоп, күч чыңаган. Ошол тараптагы чет өлкөлөрдөн кабар алып, эл аралык абалды тактаган. Мунун баары тең элдин аман-эсенчилиги, бейкуттугу үчүн өтөлгөн. А түпкү тегинде, "ок жылдызга" багышталып өткөрүлгөн түлөө да "Оо, Көкө Тэңири!" деп башталып, баарынан кудуреттүү Жаратканга арналып, андан "тынч, бардар турмушту" тилөө менен аяктаган. А "түлөө" деген сөздүн өзү "тилөө" (Жараткандан жакшылык тилөө) деген сөздөн келип чыккан го! Мунун түбүндө да баарынан Улук, баарынан Кудуреттүү Көкө Тэңирге сыйынуу жаткан!

Эзелки Баатыр Көчмөндөр Ай Тэңири менен Жылдыз (Жол) Тэңирине чоң чапкынга чыгаар алдында да, ушул Чоң Жортуулдан ийгиликтүү кайтканда да атайын курмандык чалып, табынган. Ал сыйынуулар, сөзсүз түрдө, Кан (Согуш) Тэңирине табынуу менен коштолгон! Себеби, алиги Чоң Чапкындан ийгиликтүү кайткан Баатыр Көчмөндөр алиги атайын курмандык чалган сыйынууларын Кан (Согуш) Тэңирине ыраазылык билдирүү иретинде өткөргөн эмеспи! Ыраазылык билдирүү иретинде!

Мына ошол табынуулардын баары тең: "Оо, Көкө Тэңир!.. " деген сөз менен башталган, демек, Ай-жылдыздарга сыйынуунун түбүндө да Жоокер көчмөндөр Көк менен Күнгө табынгандай эле баарынан Улук да Кудуреттүү Көкө Тэңир турган!!!

ххх

УМАЙ ТЭҢИРИ. Умай Тэңири тээ эң байыркы жоокерчилик замандарда Көкө Тэңири менен бирге Жоокерлерди коргоочу согуштук эгелер болгон. Көкө Тэңири Күн болсо, Умай Тэңири - Ай эле! А эски кыргыз аңыздарында: "Күн - Ата, Ай - Эне, а асмандагы сансыз жылдыздар алардын балдары" катары баяндалган учурлары бар. Андыктан, санжыра-эпосубуздагы алиги Айчүрөк, кандайдыр бир деңгээлде, береги Умай эненин да касиеттерин алып жүргөн кейипкердей туюлат. Биринчиден, анын атында да "Ай" деген сөз бар, экинчиден, ал дагы Умай эне сыяктуу чүрөк болуп уча алат!

Умай Тэңири мурда баса белгилегенибиздей, Көкө Тэңириден (аталык доордон) да алда канча мурда тээ энелик доордо пайда болгон да, ал бүтүндөй жан-жаныбарлардын эгеси же пири (колдоочусу) катары урматталган. Энелик доор аталык доорго жол бошоткон соң мурдагы Умай Тэңиринин бар касиет-кудурети Көкө Тэңирге өткөн да, эми Көкө Тэңири - Аталык башталышты, Умай Тэңири - Энелик башталышты туюндура баштаган. Демек, Көкө Тэңири кыялдагы Атанын, Умай Тэңири кыялдагы Эненин жагдайына келген. Мына ушундан тартып Умай Тэңири көп учурларда Умай Эне деп аталып, адегенде төл менен түшүмдүүлүктүн эгеси катары таанылып, бара-бара эне менен наристе балдардын (төлдүн) пирине айланган.

Эски шумер тилиндеги Ада, Ама, Амар деген сөздөр (Дьяконов И. М.. Языки древней Передней Азии, М., 1969) эски түрк тилинде Ата, Ама (Ана, Апа), Мара (Мала, Бала - Сулейменов О., Азия. Алматы, 1975), а эски түрк тилиндеги Ни-. Мара - бизде "небере", Ще-Бара - бизде "чөбүрө" болуп кетет. Карап отурсаң баарынын түпкү теги бир!

Береги "Ама" менен "Ума+й" сөзүнүн түпкү жерпайы да бир, тээ байыркы заманда экөө тең эле "эне" деген түшүнүктү билдирген да, эски кыргыз тилинин кеңгер (шумер) диалектисинде ал "ама", алатоолуктардын диалектисинде "ума+й" болуп айтылган. Мындан сырткары, эзелки шумер тилинде "умми" деген сөз бар, ал биздин "умай" дегенге үндөш, тектеш.

Илгерки шумер аңыздарында "улуу будуң-чаңдан (хаостон) кийин Асман менен Жер бөлүнүп, эки ортодо жан-жаныбарлар жаралганы" айтылган. А бул, биз мурда айтканыбыздай, эң байыркы кыргыз (тарыхый түрк) аңызы эле! Алиги Сыр боюндагы Кеңгер (кийинки окумуштуулар береги "шумер" сөзүн "кеңгер" деп тууралап окуп атат) жеринен тээ батыштагы Эки Дарыя ортосуна ооп кеткен илгерки кыргыздар аркылуу ал Алдыңкы жана Кичи Азия элдерине, мисир менен тайып журтуна ж. б. таралган.

Ошол эле "дүйнөнүн жаралышы" жайындагы эзелки түрк аңызын кыргыздын ак таңдай акындарынын "Дүнүйө" жөнүндөгү ырлары да толуктап турат. А мунун башаты кечээги ислам келгенден кийинки эмес, эң байыркы го, байыркы! Не дегенде, алардагы дүнүйө, өз маанисинде, береги биз көрүп турган Дүйнө (мир) же Жарыкчылык го! Ошентип, "Асман (Көк), Күн, Ай-жылдыз, Жер-Суу, Тоо-Таш "жер титиреп бүткөндө" же шумер аңызы менен айтканда "будуң-чаңдан кийин" куралган. Ошол күндөн ушул күнгө Көк (космос) менен Жердин ортосунда Улуу Күн алтын нурун чачып, Ай-жылдыздардын түнкү жарыгынын астында эсепсиз жан-жаныбарлар өмүр сүрүп келет! Жалпы жонунан алар Дүйнө деп аталат. Эгерде берегилердин бири кемип калса Дүйнө караңгы, ал - уроо же кыйроо…

А Умай Тэңири так ушул "үстүңкү дүйнө" (Көк, Күн, Ай, Жылдыз) менен "ортоүку дүйнөнүн" (Жер, Суу, Тоо-талаанын) данакери болгон. Ал "үстүңкү дүйнөгө" да, "астыңкы дүйнөгө" да тиешелүү Тэңир эле, анткени, ал аккуу болуп Асман менен да уча алган, "чүрөк" болуп жерде да баса алган. Эң башкысы, ал "ай десе аркы бар, күн десе көркү бар" теңдешсиз сулуу болгон. Андыктан, ал дүйнөдөгү бардык ургаачылар менен наристелердин пирине айланган. Ал аялдардын төрөтүн жеңилдетип, төрөлгөн наристелерди кырсыктан коргоочу эге болуп калган.

Эски кыргыздардын түшүнүгүндө жакшы менен жаман перилер болгон сыяктуу эле, Умай эненин карама каршысында Албарсты (аялдар менен балдардын душманы) турган. Ал катындар төрөп атканда төрөткө тоскоолдук кылып, анын жамандык менен бүтүшүн каалаган жин-шайтан. Ал кишилер уктап жатканда басып, аябай кыйнап, жолоочуну жолдон адаштырууга аракет кылат. Өзү эргежээлдей кичине, чоң эмчектүү, чачы сапсайган, сасык неме…

А Умай эне суйкайган, гүл жыттуу, тула-бою келишкен пир (үр). Ал Жерде жүргөндө жеңи жок жамынма аппак упузун көйнөк, башына үч мүйүздөлгөн таптатынакай шөкүлө кийген аруу. А Көккө учуп чыкканда аппак чүрөк!

Бүбү-бакшылар табы жок баланы эмдей баштаган да сөзүн "бул менин колум эмес, Умай эненин колу" деп баштаган да, анан дубасын айтып кирген. Эгер, наристенин куймулчагынын тушу көгөрүп калса "Умай энеси кармаптыр" деп, бардык жакшылыкты ошол Умай энеге багыштаган.

Алиги наристе төрөлгөндөгү жентек той, кырк көйнөгүн кийгизүү тою, тушоо кесүү тою, үч жашка келгендеги тою, чочогун ырымдаткан тою (түрүк) тээ эң байыркы замандарда Умай энеге арналып өткөрүлгөн тойлор болгон. А жанагы келин алгандагы той Умай энеге арналып өткөргөн тойлордун туу чокусу эле! Мында, кечээги боз бала бүгүн жигит, эртең Ата, а кечээги бешкөкүл кыз бүгүн бойго жетип, турмушка чыгып аткан келин, эртең Эне болмок. Алар өзүлөрүнчө түтүн булатып, үй күтмөк. Той мына ушул эртеңки Ата менен Эненин бактылуу өмүр сүрүшү, алардын көп балалуу болушу үчүн өткөрүлүп аткан да, мында буларга бата берген эң кары эне же карыя сөзүн: "О, касиеттүү Умай эне! Береги кулундарыңды бактылуу кыла көр! Алардын алдын бала, артын мал бассын! Өзүң колдой көр! Эл-журтту жалпы-жайык аман-эсен кыла көр!" деп тиленген, не дегенде, Умай эне Ыйык Очок ээси го! Ал так ошол болочоктогу энелердин да, жарыкка келчү наристелердин да пири эмеспи! Тэңири Умай го!!!

Ошол эле "сак-скиф" заманында акылдуу, эр жүрөк аялдар эл башы болгон. Тумар (Томирис) энени эстейличи?! Акылы менен каармандыгы төп келген аялдар "сак" доорунан алда-канча мурда эле эл башы болуп жүргөн. Умай эне - ошол бардык сапаты келишкен үлгү аялдардын биздин элдеги жалпыланган ыйык элесиндей! "Сактар" бекеринен Умай энеге табынбаса керек! Умай энеге "хунндар" да (тарыхый түрктөр же эзелки кара кыргыздар) сыйынган. Умай энеге кечээги эле күнгө чейин Сол кары кыргыздары да табынып келген…

Тээ эң байыркы замандарда Умай энеге арналып да курмандык чалынып, аксарыбашылдар аталган. Ал, көп учурда, жаш балдардын өлүм-житими көбөйгөндө, эл-журтту оору-сыркоо каптаганда, төрөттөн аял өлгөндө, бойго жеткен кыз кандайдыр бир кырсыктан кайтыш болгондо өткөрүлгөн. Андайда, майда жандыктан тогуздап курмандык чалынып, аксарыбашыл улактар тогуздап садагага чабылган. Эл чогулуп, Умай энеге сыйынып болгон соң, садагага чабылган улактарды бүбү бакшыларга таратып, а тиги курмандыкка чалынган жандыктардын эти казанга түшкөн. А Умай энеге табынууну ошол жердеги эң кары байбиче жүргүзгөн. Ал сыйынуу кебин "О, касиеттүү Умай эне!" деп баштап, ага көңүлүндөгү бардык каалоо-өтүнүчтөрүн билдирген соң сөзүнүн аягын: "О, Кудуреттүү Көкө Тэңир! Ушул соболдорубузду Ыйык Умай эне экөөңөр колдой көргүлө! Мобу жамандыктан (оору-сыркоодон, өлүмдөн ж. б. ) арылууга эл-журтка жардам бергиле!" деп, бата кылынган. Мында да эл-журт Ыйык Умай энеге табынган менен мунун түпкү тегинде да баарынан Кудуреттүү, баарынан Улук Көкө Тэңирге сыйынуу жаткан. Ошо Көкө Тэңирдин алдынан өтүү, ага таазим этүү, табынуу салты турган! Улуу Көкө Тэңирге!!!

ххх

ЖЕР ТЭҢИРИ МЕНЕН СУУ ТЭҢИРИ. Бул экөө да бири-биринен ажырагыс нерселер. Айтылганда Жер-Суу делинип, чогуу айтылат го! Жердеги бүткүл жандууга күлазык берген так ушулар эмеспи! Буларсыз тиричилик жок, демек, Өмүр жок!

Илгерки шумерлер суу менен жерди (суб-йер) деген белги (иероглиф) менен туюндурган экен. Ал заманда береги белгини биздин алатоолук байыркы бабаларыбыз да "жер-суу" деп түшүнсө керек. Тек гана, алиги белги Улуу Түрк доорунда гана өзүнүн түпкү маанисинен ажырап, көөнө түрк жазууларына тыбыш (р) катары кирип калган. Жанагы Улуу Күндү билдирген эң эзелки белги түрк (Оң кары) жазууларында "нт" тыбыштарын түшүндүрүп калган сыяктуу же Ай Тэңирин билдирген эң илгерки белги "н" тыбышын туюнтуп калган сыңары. А Таластын жетинчи жазма эстелигинде бир кездеги Күндү билдирген белги "м" тыбышы, Айды туюнткан белги "ш" тыбышы болуп жүрөт.

Алиги эзелки шумерлердин "суб-йерди" билдирген белгиси байыркы тарыхый түрктөргө же кырк уруулуу жалпы кыргызга орток белги болгон да, ал тээ илгерки заманда бизде "жер-суу" деген түшүнүктү байымдаткан. Бул белгинин оймолорго түшүрүлчү түрү (стандарттык түрү ) "каракыргыз тамгасы" деген ат менен кечээги күнгө дейре сакталган. (ТКААЭ, IV, М., 1960, 104-б. , Г. Н. Малицкий боюнча).

Мына ушунун өзү алиги шумер белгиси менен "каракыргыз тамгасынын" жерпайы бир экендигин кыйкырып турат!

Байыркы кыргыздар Жердин тоголок экендигин Күн менен Ай-жылдыздарга карап туруп аныктаган түрү бар. Улуу санжыра-эпосубуз "Манастагы":

Жердин өзү дөңгөлөк,

Жеткен жан келээр дөңгөлөп, -

деген баасы-баркы теңдешсиз саптар да мына ушундан улам келип чыккандай! Береги "дөңгөлөк" деген сөз "тоголок" деген ойдун синоними го! Антпегенде, илгерки ата-бабаларыбыз Жердин аркы бетин "Терең" деп атабас эле, не дегенде, биздин элде: "Жерди кудук кылып тереңдетип казып отурсаң тереңдин тереңинен же анын аркы бетинен чыгасың" деген эң эзелки түшүнүк болгон. А дагы бир сыйкырдуу жомокто: "Жерден алыстаган сайын анын чоңдугу кичирейет: элден мурда кой короодой көрүнсө, кийинчерээк жаанын огун салган саадактай, эң аягында көздөн кайым болуп, көрүнбөй калат" деген куну чексиз ой айтылат! (Киргизская народная сказка, Ф., 1962, 173-б. ). А кой короо деген биздин түшүнүгүбүздө жана баамыбызда "тегерек" го!!!

Байыркы көчмөндөрдүн бул сүрөттөмөсү арабдын белгилүү астроному жана математиги аль-Баттанинин Жер тууралуу айтып кеткен береги ойлору менен да үндөшүп турат: "Жер тегерек, анын борбору (марказуха) асман сферасынын арасында, аба бардык тараптан аны курчап алган; зодиактын белгилеринин орбитасына салыштырганда, ал өзүнүн кичинекейлигинен чекиттей болуп көрүнөт". (И. Ю. Крачковский, Избр. Соч., т. IV, М., 1957, 101-б. )

Жердин "тегерек" (тоголок) экендиги, өз кезегинде, тээ эң илгерки доорлордогу эзелки тайып эли менен болгон ар кандай алакалардын жана аларга кошулуп кеткен эзелки крымдык кыргыздар (грекустар) аркылуу (Ахиллдин ата-бабалары сыяктуу) эллиндерге да жайылган түрү бар. Буга Аристотелдин: "Жер жалпак эмес, ал шар формасында" деген бүтүмү күбө. Тек гана, байыркы көчмөндөрдүн түшүнүгүндө - Жер ааламдын борбору катары туюлуп, Күн менен Ай-жылдыздар аны айланып жүрсө, Самостук Аристрах: "Жер, Ай жана башка планеталар (грекче "адашуучулар" деген түшүнүк) Күндүн тегерегинде айланып жүрөт" деген ойду айткан экен, а бирок да, ал ошо кездеги коомчулук тарабынан четке кагылган. Птоломей баш болуп "Жер дүйнөнүн борбору, Күн, Ай, Меркурий, Венера, Марс, Юпитер, Сатурндар аны айланып жүрөт" деп эсептеген. Калгандары да атактуу көчмөндөрдүн пикирин колдоп кеткен…

Адамзат менен жан-жаныбарлардын, канаттуулар менен суу жандыктарынын тиричилигинде жер менен суунун маанисин айттык не, айтпадык не! Буларсыз жер бетинде жашоо жок го.

Бу тириликтеги суунун маанисин, анын бар касиетин, суунун өзү Өмүр экендигин, суусуз тиричилик жок экендигин майдалап айтып отуруунун өзү чекилик болсо керек. Бир гана: "Балбан болсоң Жердей бол, баарын чыдап көтөргөн! Таза болсоң Суудай бол, баарын жууп кетирген!" деген эзелки элдик ой-санатта баары айтылып калгандай!

Бала кезимде айылдагылар "асмандан (Тэңирден) жаан сурап" түлөө өткөрүп калды. Бүт бала-бакыра, катын-калач дебей айыл үстүнө чыгып, Көккө кол созуп, чуру-чуу түшүп Тэңирден жаан сурап тиленгенден кийин эл колунан келгенин курмандыкка чалды. Кимиси кой, кимиси эчки… Жаздан жайга тартып калган учур эле. Жерге бир тамчы да тамбай, ансыз да жарым чөлдүү адырлар сууга чаңкап турган кез болучу. Курмандыктын эти желип, күн бешимге таяп, эл тарай баштаганда асманда пайда болгон үзүктөй булуттан өткүн согуп берди дейсиң! Карылар жакасын карманып: "О, кудуретиңден айланайын, Көкө Тэңир!" деп, тобосун айтып, Тэңирге жалынып-жалбарып, безилдеп жүрөт…

Арадан ушунчалык узак жылдар өтсө да ошол күн эсимден чыкпай калган. Күн кызарып батып баратат, нуру бизге тийип турат, а төбөдө үзүктөй булут, шатыраган өткүн жаан…

Балким, ата-бабаларыбыз "асмандан жаан сурап" Көкө Тэңирге бекеринен курмандык чалып, текке табынбаса керек. Мында, кандайдыр бир магиялык касиет бардай. Ошончо күндөн бери бир тамчыга зар болгон айыл-апага эмне үчүн ушул күнү, "жаан сурап" курмандык чалган күнү жаан жаады экен?! Бул, асыресе, азырынча жандырылбай турган жумбак. А балким, мунун сыры кийин чечилээр…

Кээ бирөөлөр "жайчылар жай таш менен күн дубалап, кардуу бороон же катуу нөшөр төктүргөнүнө" ишенбей кетет. А бирок да, күн дубалап кардуу бороон же шамалдуу нөшөр жаадырган жайчылар туурасындагы элдик кабарларга кантип ишенбейсиң?! "Юанши" сыяктуу санжыраларда айтылып атса кантип муюбайсың?! Өзүбүздүн эле кыргыздар тууралуу чет элдик санжырачы: "Алар тоонун эң бийик жерлеринде турат да, душман кол салса катуу бороон соктуруп, кар түшүрүп туруп, баарын кырып салат" деп жазып атса, кантип ынанбайсың?! Менимче, мында да кандайдыр бир магиялык же адаттан тышкаркы зор күч бар. Ошол кудурет бизге азыркыга дейре белгисиз болуп келген, эми да белгисиз бойдон калган турат…

Байыркы кыргыздар жыл өтө кургакчыл болгондо же тумоо каптаганда жер-суу тайыган, жер титиреп же сел жүргөндө жерге-сууга сыйынуу күчөгөн. Бу жагынан алар америкалык эштектерге өтө окшош болгон, анткени, тигилер да жыл кургакчыл болгондо жер-суу тайыган экен. Сел алып кеткен жерге барып, Көкө Тэңирге жалынып, аманчылык тилеп, курмандык малды ошол жерден чалып, "сел кан тилеп атат" деген түшүнүктөн улам канын сууга агызган же "сел курмандык каалап атат" деген ишенимден улам курмандык малдын өзүн күргүштөп аткан сууга ыргыткан.

Жер-суу тайуу - жер-сууга сыйынуунун өзү болгон! Ысык суусу бар тал-терек өскөн жерлер ыйыкка айланган. Андай жерлер Ойсул-Ата (Кулжада), Каракол-Ата (Караколго жакын жердеги жылуу суу), Аксуу (Алтын Арашан, көл башында), Акбашат менен Ысыката Чүйдө, Жалалабат менен Карашоро түштүктө, Чың-Ата Түптө, Чычаң-Ата Тескейде, Тастар-Ата Жумгалда, Кочкор-Ата Чолпонатада, Арстанбап-Ата, Сулайман-Ата, Олуя-Ата ж. б. болуп калган. Бул ыйык жер-суулар төрт түлүк малдын пири катары да урматталган, мисалы Ойсул-Ата төөнүн пири (колдоочусу), Чолпон-Ата (Кочкор-Ата) койдун пири, Олуя-Ата уйдун пири, Чычаң Ата эчкинин пири катары кадырланган. Илгери Чолпон-Атага эл койлорун, Олуя-Атага уйларын, Чычаң-Атага эчкилерин айдап келип, Көкө Тэңирден мал-жандын эсенчилигин тилеп, курмандык чалып түлөө өткөрүлгөн учурлары көп болгон дешет…

Мына ушул Көкө Тэңирден жаан-чачын сурап, түлөө өткөрүүнүн (курмандык чалуунун) төркүнү элибиздеги дыйканчылыкка байланыштуу келип чыкканы талашсыз. А дыйканчылык биздин элде тээ атам-замандан эле башталган эмеспи! Эзелки кытай санжыраларынын кайсынысында болбосун хунндар-гунндар, гяньгундар, тюгюлар менен хагастар жер айдап, дыйканчылык кылаары баса белгиленип отурат. Көп учурларда алар колго түшкөн же өзү качып келген кытайларды дыйканчылыкка, ар кандай кол өнөрчүлүккө ж. б. чегээри айтылган. Көчмөндөр дыйканчылыкты өзүлөрү да мыкты билген - "алардын жер иштете турган өз кишилери да бар эле".

Байыркы кытай жылнаамалары менен араб-перс авторлорунун эмгектеринде кыргыз жеринде буудай, арпа, сулуу, таруу ж. б. айдалаарынан так, даана маалымат берилет да, булар жерди жазында айдап, күзүндө түшүмүн оруп алаары баяндалат. Ушундан кийин суу бойлоруна чогулуп, курмандык чалып, Асманга (Көкө Тэңирге) табынаары маалымдалат.

Ал эми биздин эзелки элдик ырларда дыйканчылык менен түшүмгө байланышкан ондогон ырлар бар. Анын бирине кулак кагалы:

"Айланайын, Жер-эне!

Үрөн септим уучтап,

Жылуу жерден конуш тап!

Бу - жетим-жесирге,

Мунусу - карып-миснинге,

Бу - ач - арыкка,

Мунусу - алсыз-карыпка,

Булары курт-кумурскага,

Мунусу - сурамчыга,

А бу - тилемчиге,

Булары - саламчыга,

Калгандары

Сизге, бизге, мага!

Баба Дыйкан жолдошум,

Бардык ишти оңдосун

Бардык жерде колдосун!

Жар болуп жылоолосун!

Эми быягын мен билемин:

Сугатың өксү болбосун,

Өнгөнгө арам чөп койбосмун!

Арыгың кенен чабылсын!

Корукчуң арбын табылсын!

Тилегим жөн,

Өн, үрөнүм, өн!

Береке бек байласын!

Бердик Баба Дыйканга,

Бириң миңдеп чайласын!!!

Ал эми бир гана "Оп-майда!!!" деген элдик ырдын баасы-баркы канчалык!

Мына ушул даректердин баары тең байыркы кыргыздардын эң мыкты дыйкан болгондугун кыйкырып турган жокпу?!

Илгерки көчмөн ата-бабаларыбыз малчылык менен гана кесип кылбастан дыйканчылыкты да ала жүрүп, андан жакшы түшүм өстүрүп алуунун чеберлери болгон. Эгин деген токчулук го, күндө эт жей берсең танасың, а нандан эч качан танбайсың. Нан - бу жарыкчылыктын туткасы го! Биздин элде дыйканчылыктын пири - Баба Дыйкан дегендин болушу не деген керемет! Элибиздин дыйканчылык кылаары санжыра-эпосубуздун өзүндө ырдалат. Анда Манас Аккуланы өзү айдап-өстүргөн буудайга айырбаштап алат го!

Дан эгиндеринин ичинен таруу абдан кадырланган. Кытай жазмаларында жана саякатчылардын эмгектеринде "кыргыздар таруу эгет, андан шарап (бозо) жасайт" деген маалымат бар. Таруудан кийинки орунда нан жасалган буудай менен төрт түлүккө жем болчу арпа турган. Алатоолуктар жапайы көк арпаны колго өстүрүп, эгинге айландырган эң алгачкы дыйкандар эле! Арпа жем гана эмес, жыты буркураган эң мыкты максым да го!

Бабаларыбыз жерди буурусун, омоч менен айдаган. Археологиялык изилдөөлөр "буурусунду кыргыздар арчадан, учуна чоюндан куюлган тиш кийгизип жасагандыгын" тактап отурат. Менимче, мындай буурусундар бизде темир доору башталагандан тартып урунулган болсо керек.

Элибизде эгин айдоо үчүн арык казуу эң башкы орунда тургандыгын эзелки "кыргыз арыктар" да далилдеп турат. Эски арыктар оңдолуп, жаңы жерлерди өздөштүрүү үчүн жаңы арыктар казылган. Андайда, ал жерге атайы боз үй тигилип, мал союлган. Ал "арык түлөө" деп аталган. Тамак желип болгондо Көкө Тэңир менен Баба Дыйканга арналып, бата кылынган. Арык кетмен, күрөк, чукулдук менен казылган. Эгер, арык казгандар жарга же ыңгайсыз жерге туш келсе жоон карагайдан ноо жасалып, алиги жерге орнотулуп, арык казуу андан ары уланган. Жаңы арыкка салынган суу алиги айдалчу жерге жеткенде малдан садага чабышкан.

Эл жайлоого көчкөндөн кийин жакада эгин бакчу жатакчылар гана калган. Аларга айран-сүт жеткирип туруу жайлоодогулардын милдети болгон. А күзүндө, эл жайлоодон түшкөн маалда эгин оруп-жыюу да башталган. Ага эл жапатырмак кирген. Мында да мал союлуп, Көкө Тэңир менен Баба Дыйканга арналып түлөө өткөрүлгөн. Эгинди орок менен оруп, чий менен боолап, чийне менен кырманга жеткирген соң, аны мала таш же темин (жылкы) менен бастырган. Кийин желге сапырып, тазалаган. Эгин бастыруу бүткөндө ал жерде чеч жасалып, түшүм тою өткөрүлгөн. Мында да мал союлуп, ал Көкө Тэңир менен Баба Дыйканга арналган.

Ушундан кийин түшүмдү каптарга салып, төө менен өгүзгө артып, кыштоолорго жеткирип, ороолорго куюп алган. Арпа-буудайды калбырлап, таштан, сойлоктон арылтып, талкан болчусун кууруп, сокуга салып, сокбилек менен күйшөп, кабыгынан ажыратып, талкандарын камдаган. Талканды жаргылчакка салса, унду суу тегирмендерге салдырган. А таруу менен конокту актап, актаган таруу менен коноктон көжө, ботко жасаган. Акталбай тегирменге салынган таруудан шак чыккан, аны кайнатып, бозо сүзгөн.

Дыйканчылык биздин элдеги малчылык сыяктуу эле эң эзелки кесип болгон. Нансыз жашоо болбогон сыңары эле, дыйканчылыксыз береги эң байыркы көчмөндөрдүн тиричилиги да жок эле. Дыйканчылык, алар үчүн, Нан, Максым, Бозо, демек, Өмүр болгон!

Тээ эң байыркы замандарда пайда болгон "Оп, майда" ыры - эзелки кыргыз дыйкандарынын гимни сыяктуу! "Оп, майда! Оп, майда! Кырман толсун кызылга! Орооң толсун көп данга!" деп кетет ал ыр. Бул сөздөр бай түшүмдү кыялданган жалпы эле дыйкандардын ысык үмүтү, асыл максаты сыңары…

Биздеги дыйканчылык дагы асмандагы жылдыздардын ал-абалына жараша жүргөнү шексиз. "Эгинди Үркөр чыккыча айдай берсе болот" дешет го, мында да так ошол эреже өкүм сүрүп тургандай. А Үркөр чыккан соң себилген үрөндүн чыкпасы баарыга маалым эмеспи! "Үркөрдүн кызы Үлпүлдөк Сулуу", "Үч Аркар", "Жетиген", "Алтын Казык", "Саманчынын жолу" ж. б. аңыздарда жылдыздардын келип чыгышы жана аалам жайындагы уламалар бар. Булардын кээси дыйканчылыкка байланышкан…

Жер-Сууга бодо малдар курмандыкка чалынган эмес, майда жандыктар союлуп же аксарыбашыл улактар садагага чабылып, ал "жер-суу тайуу" же "түлөө" деп аталган. Андай түлөөлөр, азыр эле биз айткандай, жыл кургакчыл болгондо же тумоо каптаганда, жер титиреп же сел жүргөндө өткөрүлгөн. Мындан сырткары "жер көчкү" менен "кар көчкү" жүрүп, кишиден чыгым болуп кеткенде да түлөө өткөрүлүп, Жаратканга жалынуу болгон. Төрт түлүктү ылаң каптап, малдан чыгаша күчөгөндө да аксарыбашыл садага чабылып, майда жандыктар курмандыкка чалынып, үй баш сайын түлөө өткөрүлгөн. Мына ушунун баарында тең эл Жаратканга жалынуусун "Оо, Кудуреттүү Көкө Тэңир!" деп баштаган. Демек, түлөө жер-сууга багышталып өткөрүлгөн менен мунун артында баарынан Улук да Бийик Көкө Тэңир турган!!!

А Жер -Сууга сыйынуунун жеткен чокусу - байыркы баатыр бабаларыбыз алыскы жоого аттанаарда болуп өткөн. Мындайда төрт түлүктөн тогуздап курмандык чалынып: "Жолубуз шыдыр, жолошубуз Кыдыр болсун! Жараткан Кан Кошойдун жолун берсин! - деп, баары аттан түшүп Көкө Тэңирге жалынган. - О баарынан балбан Жер, биз өзүбүздү Өзүңө тапшырдык, мобу Чоң Чапкында бизге өзүң жар бол, Өзүң колдо! О, баарынан Ыйык Суу, береги узак жолдо өзүң суусун бол! Өзөндөрдөгү аккан сууң ар дайым толуп-ташып турсун! Бизге кан бол!" Ушинтип, бардык үмүт-тилегин айтып болгон соң, Көкө Тэңирге кайрылып: "О, баарынан Кудуреттүү Көкө Теңир! Мобу Чоң Жортуулда жолубузду ач! Өз кулундарыңды Өзүң колдо! Аман-эсен кыл!" деп, асманга карап туруп бата кылган. Ушундан кийин курмандыктын эти желип, жоокерлер атка минип, жолго чыкканда аксарыбашыл улактан тогузу садага чабылып, эң алдыңкы атчандан эң арткы атчанга чейин так ошол садага чабылган улактарды ат төшү менен жерге чапкылап: "Оо, касиеттүү Жер-Суу, мобу алыс жолдо кулундарыңды колдой көр! Аман кыла көр!" деген тилектер айтылып, эң аяккы атчан өткөндөн кийин оорукта калган бүт калайык Асманга кол созуп: "О, Көкө Тэңир, өз кулундарыңды жоодон Жеңиш менен аман-эсен кайтара көр! Өзүң колдо!" деп, бата тилеген. Мында да, алиги ырым-жырымдарга бүбү менен бакшылар катышкан эмес. Береги табынуу аяктагандан кийин жанагы садага чабылган улактар ошолорго таратылган, а тигилер, тиешелүү дубасын окуп, аксарыбашылдын этин казанга салган.

Байыркы кыргыздардын бардык табынуулары менен сыйынууларын иликтеп отурсаң, акыры барып эле тиги табынуулар менен сыйынуулардын төркүнү Көкө Тэңирге барып такалат. Мында да, Жер-Суудан тиленчисин тиленип болгондон кийин акыркы өтүнүч Көкө Тэңирге багышталат. Көкө Тэңирге! Баарынан улук, баарынан Күчтүү, Кудуреттүү Көкө Тэңирге! Не дегенде, ал Жараткан го! Көкө Тэңир го!!!

ххх

ТОО ТЭҢИРИ МЕНЕН КАН ТЭҢИРИ. Бул экөө да бири-биринен ажырагыс нерселер. Тоо, көбүнчө, тоо-талаа делинип, "талаа" менен бирге айтылат. Демек, малчылык менен аңчылык катуу өнүккөн көчмөндөрдө тоо-талаанын маанисин да айттык не, айтпадык не! Ал өзүнөн-өзү түшүнүктүү го!

Эски шумерлер тоо-жерди деген белги менен туюнткан экен. А биздин Талас жазма эстеликтеринде деген тамга бар, ал окумуштуулардын пикири боюнча кийин "г" тыбышын билдирип калган имиш. Мындай белги Орхон менен Енисей жазма эстеликтериндеги тамгалардын арасында таптакыр эле жок. Бизде гана бар! Тээ эң эзелки замандарда береги эски шумер белгиси менен алиги Талас жазмаларында кездешкен тамганын мааниси бир болгонунда эч шек жок, ал "тоо-жер" деген түшүнүктү гана билдирген да, о кийин, мезгилдин өтүшү менен ал тамгага айланып кеткен. Жазганда, жанагынтип белгилүү бир тыбышты билдирип калган.

Көчмөндөрдүн өмүрүндөгү тоо-талаа, бул - Өмүр! Алар малчы эл болгондуктан жакшы жайыт менен от тилеп, ан үчүн Жараткандан жаан сурап, Жер-Суу менен Тоо-таш тайып, жылыга жазында Көкө Тэңирге арнап курмандык чалып, Көккө жалынып-жалбарып турган. Демек, көктөмдө биринчи ирет күн күркүрөп, мал төлдөтүү башталганда көчмөндөр алгач ирет "мал-жандын, жаңы төлдүн эсенчилигин тилеп" түлөө берген.

Санжыра-эпосубузда:

Кайберен тутуп мал кылган,

Аталык уулу эр Кошой, -

деп айтылат го, а чындыгындале байыркы ата-бабаларыбыз жапайы айбанаттарды кармап, колго үйрөтүп, үй жаныбарларына айландырган эң алгачкы малчылар эмеспи! Алар, ир алды, жапайы жылкы менен топозду үйрөтүп, мал кылган. Элибиздеги: "Эчки зоокадагы жапайы эчки-текеден, кой аска-зоодогу аркар-кулжадан, уй бугудан, жылкы куландан" деген аңыз да бизге ушундан калса керек. Сол кары кыргыздары жапайы бугу менен багыштарды кармап, колго асырап, ата кесибине айландырган. Эски кытай жылнаамаларында "эзелки кыргыздар жылкы, уй, кой, эчки, топоз баккан эл" катары сыпатталат го!

Жылкы унаа гана болбостон сүтү кымыз, эти тамак, териси кийим, кылы аркан, тезеги отун, туягы - аңчылар үчүн "тай туяк" эле. Койдун этин, сүтүн аш кылып, жүнүн кийиз жасоого, таар согууга, сызма сызууга, терме терүүгө урунган. Алатоолуктар кылчык жүндүү, куйруктуу кыргыз койлорду гана күткөн. Бул койлор суук менен ысыкка чыдамдуу, кышында жылкы сыяктуу кар тээп оттогон мал эле. Эгиздеп улак тууган кыргыз эчкилери да мол күтүлгөн. Анын сүтү дары, эти тамак, жүнү аркан-жип эшкенге жарап, териси кийим болгон. "Эсиң кетсе эчки бак, эчки тууйт эки улак" деген ушундан калган. Уй да эт, сүтүнө карап багылган. Анын терисинен булгаары, саба, талпак жасалган, мүйүзүн усталар түркүн буюмдарды жасоого колдонгон. Өгүздү минген, жүк ташыган, буурусунга салган, согумга союп алган. Төөнү чуудасы менен күчү үчүн күткөн. Анын жүнүнөн эң мыкты чепкендерди, жүк жабууларды соккон. Төө жүнү салынган жууркан, төшөк абдан жылуу болгон. А ак кар, көк музду мекен эткен топоз менен байыркы кыргыздар тагдырлаш эле. Кайда кыргыз болсо, ошоякта топоз болгон. Ал эт, сүт, унаа катары багылып, көчүү-конууда даражасы төө менен бирдей эле. Аска-зоодон тоо текедей жол тапкан, ит өлгөн бороондуу суукту да тоотпогон топоз бийик тоолуу жерлерде кыргыздын тиричилик кылышын шарттаган. Селдей каптаган душман келгенде топоз минген кыргыз асканы ашып кутулуп кеткен. Анын сүтү коюу, эти күчтүү болгон.

Жаралганы мал менен келаткан эл төрт түлүктү ыйык тутуп, аны уруп-согууга, башка чабууга тыюу салган. Өзгөчө төөнү!

Малчы элде туутка байланышкан түбү түптүү салттар калыптанган. Эң алгачкы кой тууганда анын ууз сүтүн саап алып, бышырып, баардык койчу-колоңдорунан бери бир үзүмдөн болсо да ооз тийгизип, койдун пири Чолпон-Атадан "быйылкы төлдүн аманчылыгын тилеп", бата кылган. Алгачкы эчки тууганда да ошенткен. Мында алар эчкинин пири Чычаң-Атадан төлдүн аманчылыгын суранган. А алгачкы уй тууганда анын ууз сүтүн акшак кошуп бышырып, ал жармадан коңшуларынын баары ооз тийип, казандын түбүндө калган кырмычыгын кырып, музоонун маңдайына сыйпап, ууз тилек айткан: "Өйдө барсаң карышкыр жейт, төмөн барсаң ууру алат, солго бассаң көз тийет, оңго бассаң сөз тийет, ортодо жүр! Кылоо-кылоо-кылоо! Уйдун жашы бол, миң уйдун башы бол! Кылоо-кылоо-кылоо! Артыңан дагы шатыраган төл келсин! Оомийин!" Андан кийин казандагы кырмычыктан баары ооз тийип, уйдун пири Чычаң-Атадан (Олуя-Атадан) "уйдун сүттүү, төлдүн алдуу-күчтүү, аман-эсен болушун тилеп" бата кылган.

А төө туурдун алдында аны чөгөрүп, башына ак чүпөрөктөн "элечек" ороп, үстүнө алакийиз жапкан. А туулгандан кийин тайлакка кооз таар же өрмөк килем жаап, төөнүн ууз сүтүнөн жарма жасап, тегерекке ооз тийгизип, кийин "жентегин" берген. Төөнүн ээси "жентек" тойдо элге карындагы майды бузуп, колунан келишинче сый көрсөткөн. Төөнүн пири Ойсул-Атага ыраазылык билдирип, бата кылынган. Тайлакка тумар тагып, тай-тайлашкан. А тумар тайлакка көз тийбес үчүн тагылган эле.

А алгачкы бээнин туушу көчмөндөрдөгү эң ири окуя болгон. Мында коңшу-колоңдор чакырылып, жаңы нан жабылып, карындагы майлар томурулуп, күлазыктар бузулуп, чакан "той" берилген. Ошо алгачкы кулундун мойнуна жылаажын (кичинекей жез коңгуроо) тагылган. Келгендер жылкынын пиринен быйылкы төлдүн аманчылыгын тилеп: "Жалгыз болсо чеке болсун, жамбаш туякка желе толсун, Камбар-Ата колдосун!" деп, бата берген. А кулун отуккан соң, бээнин сүтү жыйылып, мал союлуп, көпчүлүктөн "төрт түлүктүн эсенчилигине" бата алынган.

Ал эми туут аяктап, эл жайлоого көчө турган кез келгенде мал ээси аксарыбашыл өткөргөн. Эң биринчи туулган аксарыбашыл улакты союп, эл чакырып, тамак бергенден кийин тигилер: "Түлөөң кабыл болсун, корооң малга толсун!" деп бата берген. Мал ээси Кочкор-Атага, Чычаң-атага, Ойсул-атага, Камбар-Атага, Олуя-Атага табынып, төлдү кырсыктан, ылаңдан сактоосун суранган. Ошо менен эл жайлоого көчкөн.

Көч… Улуу көч… Кыргыз көчү… Жаздоодон жайлоого, жайлоодон күздөккө, күздөктөн кыштоого, кыштоодон жаздоого күчүү… Жылыга төрт жолу көчүү… А жайкысын жайлоодо үч-төрт жолу конуш которуу… Бул да көч, бу да машакат… "Журт саргайып кетти, эртең көчөбүз" дейт журт аксакалы. Анан, ошо кечте эски конушка ыраазылык иретинде мал союлуп, "эски очокко ажыраш аяк" берилет да, Жаратканга табынуу болуп өтөт: "О, Көкө Тэңир, эски конуштун оту суюлуп кетти, жаңы конушка көчөлү деп атабыз, эртең жол бере көр!"

А эртеси таң атпай малдын баары жаңы конуш тарапка айдалып, боз үйлөр чечилип, түндүктөр көччү тарапка карай түшүрүлүп, төөлөр комдолуп, өгүзгө ыңырчактар токулуп, таңылган жүктөр артылып, жорголорду минген суусар тебетейчен, кымкап чепкенчен карыялар жол баштап, булардын соңунан кан элечекчен байбичелер бастырып, сайма элечек менен шөкүлөчөн келин-кыздар эң мыкты деген кийимдерин кийип, кызыл-тазыл тартып, бөбөктөрдү учкаштырып же тиги жүктөлүү төө-өгүздөргө бирден мингизип, бирден көлүк жетелеп алыска сапар тарткан турналардай кыркаар тартып жолго чыгат. Көчтүн алды тээ өйдөкү кырды эбак эле ашып кетсе, арты эски конуштан эми гана чыгып атат…

Эң артта калган үй ээси эми саргайган конуштун четине келип, очогуна жүгүнүп, "О, Умай эне, ушул очоктон аздыр-көптүр даам татып, тиричилик кылдык, эми жаңы конушка кетип атабыз, ыраазы бол, - деп, колундагы кымыз куйган аягынан бир ууртап, очок четине бир аз төгүп, калганын калтырбай ичип: - Эми, келерки жылга чейин эсен бол, айланайын, куттуу очок! Аман-эсен болсок эмдиги жылы кайра келебиз, кайыр!" деп, эски конуштан эң акыркы болуп аттанып жөнөйт.

Жаңы конушка кетип бараткан кызыл-тазыл көчтү жолдогу айылдагылар кымыз, айран, сүт менен тосуп алып, бараткандардын суусунун кандырып, көч ээлери аларды: "Тэңир жалгасын! Ишиңер оңолсун!" деп алкап, а жолдогу айылдагылар: "Силердин да жолуңар шыдыр, жолдошуңар Кыдыр болсун!" деп узаткан.

А бешим ченде жаңы конушка алдыдагы карыялар менен эр-азаматтар биринчи келген да, кайсы үй кай жерге тигилет, баарын аныктап, арттагы көчтү күтүп калган. Алардан соң жаңы конушка байбичелер жеткен. Кийин уландар менен кызыл-тазыл кийинген кыз-келиндер жүктүү көч менен бирге келген. Айлана алардын кажы-кужусунан шаңга батып, жүктөр түшүрүлүп, түндүктөр көтөрүлүп, үйлөр тигиле кеткен.

Жаңы конушка элдин эң арты болуп жайылган мал жеткен. Сарала гүл баскан жаңы конушта жамырап кеткен козу-улактар маарап, энесин издеген кулундар кишенеп, азан-казан. Бир жерде желенин казыктары кагылып атса, тыягында ат байлай турган мамы орнотулуп, а балдар кой-эчкилерди тозмолоп, ызы-чуу. Кадимки жайлоонун демейдеги салтанаты!

Ошо кечте эл майда жандыктардан союп, Жаратканга жалынып, жаңы конуштун майлуу-сүттүү болушун тилеп, түлөө берген. Жаңы очокко от жагаардын алдында ошол үйдүн байбичеси алиги очокко жүгүнүп, Умай энедюен жакшылык, аман-эсенчилик тилеп, анан от тутантып берген. Ушундан соң очокко келиндер да таазим этип, казан-аягына аралашкан.

А карыялар менен байбичелер төрдө. Дасторкон жайылып, үстү даамга толуп, бир жагынан чай сунулса, бир жагынан кымыз сунулуп…

Ал эми күз келип, эл жайлоодон түшүп, күзгү конуштарына конгон кезде алар дагы да курмандык чалып, Көкө Тэңирден "мал-жандын алдыдагы кыштан аман чыгышын, малды жуттан, бөөдө кырсыктан, адашкан ылаңдан же өлөт, кэңги, шарп ж. б. сакта" деп тилеп, түлөө өткөргөн. Мында малдуу ар бир үй курмандык чалган да, анын этин бүт айыл чогулуп келип жеген, бата берген.

Ошол эле "сак-скифтер" менен "хунндар" мал менен күн өткөргөн. "Эчки-шайтандан, уй - суудан, жылкы - желден, төө - шордон бүткөн" деген кыялый аныктама дал ошол көчмөндөрдөн калса керек. "Төрт түлүк" деген сөздүн өзү - Камбар-Атасы, Олуя-Атасы, Чычаң-Атасы, Чолпон-Атасы - баары биригип келип так ушул көчмөндөрдүн заманынан башат алган эмеспи?! Ошон үчүн элибиз "төрт" деген санды кадыр тутса керек?! Жер төрткө - чыгыш, батыш, түндүк, түштүк болуп бөлүнгөн сыңары жыл мезгили да төрткө бөлүнөт. Сезим дагы төрт - даам татуу, жыт сезүү, угуу жана көрүү касиеттерине ээ. Байыркы көчмөн ойчулу: "Адамдагы табигый төрт нерсеге - уйкуга, күлкүгө, карылыкка, тамакка - токтоо жок, төрт нерсеге - көкүрөк акылга, көңүл ойго, эр малга, тил сөзгө - тоюм жок" деген. Эзелки ойчул кандай таамай айткан?!

Эзелки кытай жазмаларында Таластык (Алтайлык) түрктөр (кара кыргыздар) "төбөсүндө бир тал да чөбү жок, жылаңач тоого сыйынаары, ал тоонун аты Бодын инли (Тэңир Эге), биздин "тэңир" деген сөз кытайга жанаша жаткан тибеттиктер менен тангуттарга "богдо" (Кудай) деген мааниде өткөн да, алар аркылуу орто кылымдагы кытай тилине "Бодын инли" деп транскрипцияланган. Бул - "Тэңир Эге" деген нукура түркчө тоо атынын алиги тангут-тибеттиктер аркылуу кытайларга "Бодын инли" деген түрдө өтүшү) экендиги" айтылат. Ал эми "алатоолук түрктөр (кара кыргыздар) болсо Суйенин (Чүйдүн, азыркы Токмоктун тушу) түндүк жагындагы үстүнө бир тал да чөп өспөгөн тоого табынаары" маалымдалат. Мындай, үстүнө эч чөп өспөгөн Ыйык тоо Сол кары кыргыздарындагы төбөй жеринде же тактап айтканда, Чаян (Саян) тоосунун кашында да болгон. Демек, Ак уул, Кызыл уул, Ку уул кыргыздары өз жерлериндеги Ыйык тоолорго сыйынган. Алар береги тоолордун этегине жылыга үч жолу - мал төлдөй баштаганда, эл жайлоого көчкөндө жана эл жайлоодон күздөккө түшкөндө чогулуп келип, курмандык чалып, Тоо Тэңиринен "мал-жандын аманчылыгын тилеп" сыйынган. А акыркы - үчүнчү чогулушта көчмөндөр Тоо Тэңиринен "аңчылыктын жолун ачышын" да тилеп, табынган. А аңчылык деген береги көчмөндөрдө эки милдет аткарган: биринчиси - аңдын эти менен элди багуу болсо, экинчиси - боз балдарды жаа атканга же мергенчиликке үйрөтүп, аларды болочоктогу Жоокердикке тарбиялоо болгон.

Аңчылык кыргыздардын эң байыркы ата кесиби эле! Эски кытай санжыраларында миңөзөн тараптык "кыргыздардын эң мыкты мергенчилер" экендиги, "булгун терилери жана маралдын мүйүзү менен кошуна элдерге соода жасаары" айтылат. А байыркы заманда алар жаа менен аңчылык кылган го! Качып бараткан айбанатты же учуп бараткан илбээсинди таамай атуу - өспүрүмдөрдү кыл мергендикке машыктырган. Айрым жут жылдары аңчылар тузак тартып, куш салып, бүтүндөй айылды аң, илбээсиндин эти менен жансактаткан учурлары болгон. Булгун, кундуз, аюу, карышкыр, түлкү, калтар, суусар, мадыл, сүлөөсүн, суур, кашкулак ж. б. териси аюу талпакка, карышкыр, сүлөөсүн, түлкү ичикке, суусар тебетейге, мадыл жаздыкка ж. б. айланган.

Аңчылыктын эң мыктысы - ит агытып, куш салуу болгон. Бүркүт, ителги, куш кармоо, таптоо, салуу биздин элде эң жогорку деңгээлге жеткен. Тайган менен көбүнчө түлкү менен койонго аңчылык кылынган. Күзүндө аңчылыкка мергенчилер топ-тобу менен жөнөсө (жандоочу кийин аттырат), кыш, жаз, жай айларында бириндеп барган, анткени, жаз, жай учурунда аңдардын эркегине гана мергенчилик кылынган. Бу кезде уядан жумуртка, ийинден төл алууга тыйуу салынган да, аңчылар кош бойлуу, төлдүү ача туяктууларга тийген эмес. Бабаларыбыз өзүлөрү аңчылык кылган кайберендердин жашоо-шартын, жайытын, түнөгүн, алардын качан жүгүрөөрүн же үйүгүшөөрүн жакшы билген. Ушуга жараша аңчылыгын кылган.

Кийикке топ-топ болуп чыккан учурларда кийик айдоочулар тозотто турган мергенчилер жакка кийиктерди тайган менен үркүтүп, айдап берген да, аңчылар аларды буктурмада туруп атып алган. А олжону бөлүүдө мергенчиге адат боюнча эттин эң начар жери же кийиктин башы, төшү, моюну, эки кыр аркасы, териси тийген. Кокус, аңчылар талаада түнөп калса алар от жагып, жоон чучукту, боорду, көк боорду, бөйрөктү чокко кактап жеген да, анан этти "таш кордо" кылып, бышырып тамактанган. А аңчылыктан кайтканда, салт боюнча, шыралга берген.

Аңчылыктын эң мыкты түрү, азыр эле биз айткандай, ит агытып, куш салуу го! Бүркүттү салууну эң мыкты өздөштүргөн бабаларыбыз аны кантип таптоону да жакшы билген.

"Бүркүт таптоо. "Бүркүт салсаң Алтайдын кызыл түлкүсүн кийээрсиң, карчыга салсаң калжа жеп каңкайып басып жүрөөрсүң, жазга жакын калганда атыңдын башын мүлжүүрсүң" деген макал бар. Бүркүт чын куранда үйүгүшөт. Бугунун аягына жакын зоого, жаки чөлгө тууйт. Тоңдурма калбайт. Бир, экиден артык туубайт. Кулжада жарат, текеде канат-куйругу чыгат. Жайдын ортосунда учурат. Балапан чагында атасы алып келген жемин энесине берип, аны энеси баласына берет, өзү уясына жакын барбастан обочо отурат. Жемди дайым энеси берет, баласы учаарда атасы жакын келет. Жаңыдан талпынганда жакын жерге ары-бери учуруп жүрүп, аз-аздан алыстатып, машыктырып көндүрөт. Илбээсинди, аңды ата-энеси алып берип үйрөтөт. Кышка жете уясынан көп алыстабайт.

Бүркүттүн бир жаштагысы - бала, экинчи - бозум, үчүнчү - таш түлөк, төртүнчү - кум түлөк, бешинчи - барчын дейт. Колдогусу кырк-кырк беш жашка, жапайысы жүзгө чыгат. Сыны: кырааны - канаты сары, жүнү тегерек, буту ич жагына ийри, көзү ак, канатынын мөрүсү калың, буту ичке, балтырына тутам батпайт. Буту көк, тумшугу көк, көзү чуңкул, ургаачысынан айырмасы билинбейт. Бүркүт уядан алынып, андан шаңшычаак көп чыгат. Торго түшкөнү шаңшыбайт.

Кол бала менен торго түшкөн бүркүттүн табы бирдей болот. Жалтанбаган коркпогон баатыр бүркүт көбүнчө уя баладан (кол бала) чыгат. Кара түлкүнү бала бүркүт алат. Тор бүркүтү кайпактап чыга берет.

Табы: бүркүттү он күндө эт менен семиртип, кайтарганда этти жууп, ак жем кылып берип, өпкө берип, койо (кыл) берип, балтыр эти балкылдаганда он беш күндө салууга болот. Ысык жерге койбостон, салкында асырайт. Чыргаа менен үндөккө келтирет.

Түлөтүү. Абдан арыктатып, жилигин үзүүгө жакындатып, кайтадан жакшы семирткенде таза түлөйт. Кыраан эмес, байлооч жаман бүркүт болсо да түн ичинде жанына карышкыр жолобостон качат. Эч убакта бүркүттү томогосуз койбойт. Илбээсин, аңды сегиз-тогуз чакырым жерден көрүп, бүркүт кагынат, бутуна дулай чыгат. Маңка болот, айыкканы аз болот. Сезгенген дартка бүркүттүн өтүн ичет.

Бүркүттүн экинчи түрлүү сыны: көзү чоң, жүндүү, өзү да чоң, ийиндүү, көкүрөгү кең, мойну сары, жүнүнө кыроо турбайт. Куйругу узун, жүнү шоодурак, аркасында ак жүнү болот. Жемсөөдө он чакты кызыл жүнү бар. Көзү кызгылтым, кабагы бийик, көзүнүн чарасы кең, көзү кызыл, куму жайнап турат, шыйрагы ичке, саны жоон, шыйрак жүнү кызыл, көзүнүн ичинен буу чыгып турат. Көк тумшук, көк аяк, тумшугу узун, кекчил, төш сөөгү миздүү жана кырлуу болот. Жемсөө чуңкур, беш салаа батарлык кең жогдору болуп, жүнүнүн учу ичке болсо, кыраан карышкыр алуучулар ушул. Учуп бара жатканда бүркүттүн кыраан, жаки жаман экенин билген сынчылар болгон.

Чөл бүркүтү (айтылуу чөл) эки мүрүсү калың, жүнү көбүнчө саргыч, сырткы жүнү терек жалбырак, көзү чекир, буту көк, шадылуу, көкүрөгү жагдайыңкы, жоон, көчүгү шыймыгый, тумшугу көк, тырмагы узун болот. Уя бала болсо, бүркүттүн жалкысынан жаман көп чыгат. Кандай гана болбосун жогдорлуу бүркүт кыраан болот. Жогдордун учу ичке, андан аркы учу жазы болсо кыраан ушул!

Бүркүт каман, кулжа, аркар, эчки-теке, элик, жээрен, карышкыр, сүлөөсүн, түлкү алат. Сарколдо аюу, Шаярда бугу алган бүркүттөр болгон. Бээнин кардын жара тепкен жапайы бүркүттү көргөндөр бар. Кыргыз бүткүл жан-жаныбарда бүркүттөн баатыр жок деп билет. Алардын билген атактуу бүркүттөрү: Индистандын көк аяк, Оролмо тоонун ак ийин (кулун менен тай алат), Иленин чөлү (карышкыр, кийик алат), Алайдын ак көзү (не түрлүү кыраан чыгат), Аркалыктын бүркүтү.

Бүркүттүн түрү алтымыш бешке айрылып, анын ичинде кыраандары он тогуз урукка бөлүнөт: Буудайык, Алпкаракуш, Муз мурут (керген бүркүттө баш кыраан), Кара жүндүү кабырык, Чөл, Чөгөөл, Карала, Капкара, Кара көө, Куу кашка, Коңур чегир, Шашкалаң сары, Үч ала, Иби кыз, Куу чегир, Бай кашка, Бай коңур, Баатыр кашка, Чокунун карасы.

Түлөк бүркүттү бир жарым айда салууга болот. Таптаганда ар үчүнчү күндө эртең менен жаш этти сууга салып, кирин кетирип, катуу кылбай жумшатып берет (муну ак жем дейт). Жылкы, кой, койон, кекилик - ушул төртөөнөн башка эт берилбейт. Жылкы эти өтө пайдалуу болот. Бүркүт оооруп калса жылкынын жаш этин берет. Бүркүт семизирээк болсо көп оорубайт жана алуу жагы жакшы болот. Чакмак уруш ошолордо кездешет. Уй эти жакса да көңүлүн карартат.

Куш, чүйлү, тынар таптап салуу. Ургаачысы куш, эркеги чүйлү аталып, туйгун түш, чүйлү, тынар, кыргый бир уруктан саналат. Булардын ичинде туйгундан соң балким туйгунчалык кыраан тынар (кара кашка тынар) атагын алып, абдан кыраан болот. Булар башкалардай эмес, келгин куштан саналып, мында кыштап калганы болсо, аны "кыштоочу" дейт. Уяда аз гана кармап, көбүнчө торго кармайт. Кушта атактуу кыраанын "Туурук таман, түз көз дейт".

Куштун кырааны тоодон каз, куу алат. Түлөк куш кыйды, акылдуу болот. Куштун жашы жети-сегизден өтпөстөн өмүрү кыска болот. Кушту буктурмага үйрөтүп салганы көп болгон. Кандай куш болсо да кекилик, чил, кыргоолду ала берет. Кушту алтыдан он эки күнгө чейин таптап салууга мүмкүн, жемине жылкы, кой этин жана алдырган илбээсиндин этин берет. Муздак бербестен бардык жемин жылуу жегизет. Куш артыкча учкул болуп, ушул куш көбүнчө тегеректен чыгат. Куштун кырааны сындуу, мүрүсү калың жүндүү, барак төштүү болуп, тик олтурат. Кушка тоодак алдыруу четтен чыгат. Кыргыздын мүнүшкөрү күйкөгө кекилик, чил, борбашка чымчык алдырат. Бүркүт, ылаачын, ителги шумкарча кушка томого каптабайт. Тигилер аңды тээп алса, куш, чүйлү, туйгун, тынар, кыргый илип алып отуруп калат. Жаки өлтүрүп кетет. Эгерде алалбаса артынан куубайт, тигилер өлгөнчө кууйт.

Ителги шумкарды таптап салуу. Шумкар ителгиден таралып, канаттуу бүркүттөн соң, балким, кээ чакта туйгундан дагы кыраандыгы артылып кетет. Шумкар топтуу тоодак, куу, казды алууга жарайт. Эски сөздө ителги (шумкар) тегирмендин ташын сындыра тээптир дейт. Аныгында кыраан шумкар бүркүттү жыга тебет. Түлкү алганы болот. Койонду тепкенде башы жарылып кетет. Туйгун куш чүйлү салганда бирди алып гана отуруп калат. Шумкар, ителги, ылаачындын кыраандары эч убакта азга ыраазы болбойт. Өлтүрө тээп, жүзү болсо да кырып таштайт. Эң соңкусунда тепкенинин жанына түшүп отуруп, этинен тое жеп тим болот. Жапайы ителги, шумкардын кыраандарын ээрчип, тамак жемекке жүргөн ителгилер көп болот. Шумкар алты урукка бөлүнөт: Байпактуу шумкар, Күйкө шумкар, Канды бүркөөр, Кара шумкар, Ак шумкар, Ителги.

Шумкардын ичинде макталуу кырааны күйкө шумкар болуп, колго чанда түшөт. Булардын башы сыргак кобулдуу мурундан саналат. Сөөк сыргак дегени кобулду сыртынан салат. Атактуу кыраан куу шумпай ылаачындан чыгат. Балким, күйкө шумкардан кыраандыгы артык болсо болоор. Тим болбосо тең болоор. Ителги менен ылаачындын ортосунан баар туулат. Шумкар абдан суук, бийик тоонун башындагы зоолорго тууйт. Бийик зоого туугандыктан уядан баласын алууга өтө кыйын. Арка кыргызында ошондой шумкардын тууй турган атактуу уясы Семетейдин Акшумкарынын Арпадагы уясы.

Тайган. Мунун жөнү башка. Ал тууралуу илгертен калган кыйла макал-лакап бар: "Ит кырааны тайгандыр, тайганды таптап салгандыр, тамактанып тойгондур", "Табам десең тайган тап, жакшы таптап, жакшы бак, табын билсең тайгандын, табылганы таалай-бак!", "Туйгунду күтпөй тайган күт, тайганды багып тойгон журт", "Туйгунду салбай тайган сал, тайганды салган тапкан мал!" ж. б.

Тайган жолборс менен аюуга кол салып, каман, илбирс, бугу, марал, аркар-кулжа, эчки-теке, карышкырды тобу менен алган. Аңдардын кайсынысы болсо да бир тиштөө менен ооз омурткасын былчырата тиштеген. Бир серпип өтүү менен толорсугун сууруп таштаган. Жаки жото жилигин бычырата тиштеген. Алгыр тайганы бар айылга түн ичинде эч убакта карышкыр келбейт. Кыргыз күлүк ат, бүркүт, шумкарды кандай көрсө, тайганды да ошондой ардактайт.

Жолборс алган тайгандар болгон. Тайгандын анык кыраанын Кумайык деп, кыргыздын билишинче аны көк жору тууп, туугандан үч күнгө жете киши көрсө кумайык (тайган) болуп, андан өтсө жорунун балапаны бойдон калат. Таза тайганды тайганга, жаки түркөй иттин жакшысына салыштырганда башка дөбөткө буздурбас үчүн чагыша замат муздак сууга салып алат. Күчүк чагынан сөөк бербейт, чийки эт бербейт, итке талатпастан, эр жүрөк кылып асырайт.

Кыраан болоор тайгандын сыны: Кабагы тик болот. Тумшугу узун, ичке. Көзү кы-ыпкызыл. Сырты октой түз. Мойну жумуру. Оозу өтө чоң. Бели кыска. Эки жамбаштын кошкону эни төрт эли, жаки андан да кең. Толорсугу тик. Беш манжа-таманы кууш, кичине. Туу куйругунун түбү жоон болот. Таза семиргенде кайта конок көжө берип байлап, салаар чакта шорбакта берет". (Кызыл кыргыз тарыхы. 2-китеп. 190-195-б. )

Мына ушул аңчылык кесип өспүрүмдөрдү атты чаап баратып жааны таамай атууга, ат үстүндө шамдагай жүрүүгө үйрөткөн. Ушундан сырткары, аңчылык менен бүтүндөй айылды багууга боло тургандыгын, ал үчүн жапайы аңдар менен илбээсиндердин "тилин билиш" керек экендигин, аңчылык үчүн атты абдан жакшы күтө билиш зарыл боло тургандыгын баамдап чоңойгон ал. А түпкү тегинде, мына ушунун баары аны Жоокер кылып тарбиялоодо эбегейсиз эмгек сиңирген!

КАН (СОГУШ) ТЭҢИРГЕ сыйынуу байыркы кыргыздардын жанагы үч ири саясий-согуштук тобунда же Ак уул, Кызыл уул, Ку уул жаатарында үч башка жерде өткөн түрү бар. Бул - географиялык жагдайлар менен түшүндүрүлмөкчү, не дегенде, алар бири-биринен аябай алыс жаткан. Алатоолуктар аны Кан Тэңир тоосунун этегинде, таластыктар (алтайлыктар) Талас тоосунун эң бийик чокусунун кашында, миңөзөндүктөр азыркы Чаян-тагынын (Саян тоосунун) эң бийик чокусунун тушунда өткөрсө керек. Адатта, Кан Тэңирге сыйынуу Чоң Жортуулдун алдында өткөрүлүп, анын урматына топоздон тогуздап курмандык чалынып, кийин ошол топоздордун куйругу күч-кубатка толгондуктун белгиси катары кыргыздын асабаларынын туу жыгачына байланып, Жоокерлер менен бирге жоого "аттанган" го! Ушундан кийин гана байыркы кыргыз аскери алга жүрүп, болжошкон жерден алиги үч саясий-согуштук топтун жоокерлери менен биригип, Көкө Тэңирге дагы да курмандык чалып, тыныгып, анан Чоң Чапкынга бет алган эмеспи!

О, ал заманда жоого баарыле аттана берген эмес. Жортуулга эр жүрөк, мыктылары гана барган. А начарлары оорукта мал багып, бала-чаканы асырап, кала берген. Жааны жакшы аткан кыл мергендери, найзаны таамай сайган найзакерлери, кылычты мыкты чапкан азаматтары жоо бетинде болгон. Мына ошол майданда мыктынын мыктысы иргелип чыгып, "эр", "баатыр" атка конуп кайткан! А бул эр-азамат үчүн ченде жок сый, урмат болгон. "Баатыр" деген атакка конуунун өзү береги азаматтын бүтүндөй келечегин аныктаган.

Чоң Чапкынга даярдануу абдан узак мезгилди кучагына алган. Ага эр-азаматтар кадимкидей даярданган. Бакандан найза кылып сайышуулар, союлдан кылыч кылып чабышуулар, жыгач чокмор менен салышуулар үзгүлтүксүз өткөрүлгөн. Айбанаттарга аңчылык кылуу алардын жааны таамай атуусун жөнгө салган. Мына ушундай даярдыктардан кийин гана, өткөн жылкы согушта набыт болгон белгилүү баатырга "Көкөтой" (аш) өткөрүлгөн. "Көкө той" деп атыле айтып тургандай, ал Көкө Тэңирге арналып өткөрүлгөн "той" болгон да, анын түпкү тегинде Кан Тэңирге (Согуш Тэңирге) сыйынуу салты жаткан! Кан (Согуш) Тэңирге!!!

Тээ эң байыркы доорлордо Көкөтой (аш) алиги Кан (Согуш) Тэңирге сыйынуу - Ата-бабадан калган Ыйык Кылычка табынуудан башталган. А Ыйык Кылыч атайын жасалган бийик жерге сакталган эле. Аны береги Чоң Жортуулга Кан шайланган гана баатыр алууга укуктуу болгон. "О, Көкө Тэңир, Куралдарыбыз көптөн бери кан ичпей, кан күсөп атат, ал кан ичкиси келет! Кылычыбызды кандоого уруксат эт!" деп, ал Жоокерлердин астына чыгып, кемерин мойнуна салып, Көккө тогуз жолу жүгүнүп, тогуз тилегин айтып, Ыйык Кылычты кош колдоп башынан өйдө көтөрүп, Көкө Тэңирдин алдынан өткөн соң, ошо Ыйык Кылыч менен курмандык чалчу жерде турган туткунду бөлө чапкан. Ал ошондон кийин Жаратканга дагы да табынып, Ыйык Кылычты кайра ордуна койгон да, эми өз кылычын кынынан сууруп чыгып, курмандык чалчу жерде даяр турган тогуз топоздун башын кыя чапкан. А топоздордун каны алиги туткундун каны аккан атайын жасалган курмандык чуңкуруна агызылып, бул канга Жоокерлер өз куралдарынын - найза менен жебелеринин учун малып, кылыч менен канжарларынын мизин кандаган. Бул, өз кезегинде, тогуз Тэңирдин алдынан өтүү салты болсо, экинчиден, ал эзелки көчмөндөрдүн каруу-күчүнүн толуп-ташыганын билдирген. Кийин береги тогуз топоздун куйругу алардын асабасынын туу жыгачына байланган.

Ушул эле салт байыркы сактар менен анын чыгыштагы бутагы хунну-гунндардын өзүндө болгон.

Ушул жерден өтө баса белгилей кетүүчү нерсе - өзүбүздүн Кан Тэңир (Согуш кудайы) деген эгебиздин аты илгерки тайыптарга (гректерге) Арес, а эзелки кытайларга Чи Ю деген аттар менен өткөн жери бар. Геродот "Скифтердин согуш кудайынын аты Арес" деп жазат. Асыресе, бул жердеги "Арес" дегени тээ эң байыркы доорлордо скиф аскерине "Кан" (Жортуул башы) шайланган "Арыстан" аттуу баатыр ысымынын биринчи бөлүгүнөн ("Арыс" деген сөздөн) келип чыккандыгы эч доо туудурбайт, не дегенде, ошо эзелки жоокерчилик замандарда колбашылыкка берегидей "Арыстан", "Жолборс" (Улуу Манастын мураскор небересинин атак аты), "Илбирс" же "Барс" (Барс бекти эстейли!) деген даңаза аты бар эр жүрөк баатырлар шайлана келген эмеспи! "Тарыхтын атасы" өзү да "Арес - скифтердин согуш кудайынын аты" деп атат го, демек, мында скифтердин "согуш кудайынын" өзү эмес (анын өзүнүн аты Кан Тэңир го!), ошо скиф кошуунуна "Кан" шайланган колбашчы жөнүндө кеп болуп атат. Ал "Кан" көтөрүлгөн аскербашчынын даңаза аты ошо кезде Арыстан (Арыс) болгон же жалпы колго "Кан" шайланган алиги баатырга "Арыстан" деген даңаза ат кошо берилген. Жанагы тайып санжырасындагы "Арес" деген скифтердин "согуш кудайынын" аты мына ушундайча пайда болгон. Ал эми байыркы кытай аңызындагы жааны эң мыкты аткан согуш кудайынын аты "Чи Ю". Бул - эзелки түрктөрдүн "Кызыл Бий" деген титул атынын илгерки кытайча берилиши. А эң байыркы тайып санжырасындагы "жааны дүйнөдө эң алгач ирет скифтердин ойлоп тапканын" эске алсак, анда алиги "Чи Ю", эч айныбай келип, эзелки кытайлар "хунну" же "гунну" деп атаган баатыр көчмөндөрдүн кулуну болуп чыгат. Жаа, адегенде, дыйкан элде эмес, мал менен тирилик кылган аңчы элде пайда болгон го! Бул жерде ошол баатыр эски кытай аңызына өз атынан эмес, "Кызыл Бий" (Кызыл уулдун бийи) деген титул аты менен түшүп калган, демек, ал ошо эң байыркы доорлордо "Ичкилик" жаатынын эң башкы бийи болгон! "Жун-ди" ("Сол-ичкилик") бирлештиги ал заманда айтылуу Сары-Суунун (Хуанхэнин) түндүк-чыгыш тараптарын мекендеген. Бул - эң эзелки кытай аңызындагы "Чи Ю" нун жердеген мекенине дал келет!!!

Дүйнөгө аты кеткен окумуштуу А. П. Дульзон: "Кытайларга кошуна турган гунндардын бийлик башындагы тобу енисейликтердин тилинде сүйлөгөн" деп жазган жери бар! (Гунны и кеты. "Известия Сибирского отделения АН СССР, Серия общественных наук" 1968, вып. 3, стр. 137-142).

Гунндардын башка топторунун уруу эгелери (тотемдери) бугу же карышкыр болгон. Угуз канга (Манаска) карышкыр жол көрсөтсө, булардан алда канча кийин Серепке (Европага) өткөн гунндарга бугу жол көрсөтөт. "Ал Меотида (Азов) деңизи аркылуу сүзүп отуруп, гунндарды скиф жерине алып барат. Скиф жери көрүнөөр менен бугу көздөн кайым болот. Кийин гунндар скиф жерин ээлеп, каршылык көрсөткөн скифтерди Жеңишке (Согуш Кудайына) курмандыкка чалса, өзүлөрү багынгандарды кошуп алат" (Иордан).

Каталуу жазыгындагы чечүүчү салгылашта Адил баатыр өз Жоокерлерине мындай деп кайрылганы бар (ойду бузбас үчүн түп нускасында берилди): "… Наконец, к чему фортуна утвердила гуннов победителями стольких племен… Кто же, наконец, открыл предкам нашим путь к Меотидам, столько веков пребывавший замкнутым и сокровенным? Кто же заставил тогда перед безоружными отступить вооруженных?.. "

Мында Адил баатыр ыйык бугунун аларды коргоочу касиетин айтып аткан. Так ошол гунндардын жалпы ыйыгы бугу болсо, анын бийлик башындагы тобунун тотеми карышкыр эле.

"Для гуннов… Аттила - герой, родившийся в результате сверхьестественного - зачатия - от света… " (В. А. Гордлевский). Мында Адил баатырдын төрөлүшү туурасындагы кыргыздын элдик аңызы тууралуу эскерилип атат. Андан сырткары, ушундай эле аңыз Улуу Манастын (Угус кандын) заманында да айтылган. Ал бабабыз үйүндө отурса жорук чатырынын жылчыгынан бир шоола кирип, ал бөрүгө айланат да, береги атактуу кол башчынын батыш менен чыгышка жасаган бардык жортуулдарында колду баштап жүрөт. А Адил баатырдын өз уруусу карышкырды туу туткан атактуу тулуйдан (катаган уруусу) эле! Андыктан бул колбашчыны Серептеги көпчүлүк элдердин сүрөтчүлөрү өз заманында карышкырга окшотуп тарткан жери бар.

Карышкырды ыйык тутуу ошол эле Улуу Манастын заманында пайда боло калган эмес, ал биздин кырк уруулуу элдин эң байыркы кастарлуу жаныбары. Ага тээ эң эзелки жоокерчилик замандагы же мындан сегиз миң жыл мурдагы эң алгачкы Угус бийден тартып атактуу Кан Кошойго дейре сыйына келген! Карышкыр чоң жортуулдар менен чапкындардын символу болсо, бугу бейпил күндөрдүн символу болгон.

Карышкырга табынуу тээ эң илгерки доорлордо батышка ооп, "скиф" атка конуп кеткен байыркы журттун өзүндө да бар эле. Анда тигилердин бир уруусу неврлердин тотеми бөрү. "Алар бир нече күн карышкырга айланат. Неврлер өз жеринен жыландардын (жыланды ыйык туткан элдин - О. А. ) кол салуусунан кетет да, будиндердин жерине барат" (Геродот). Береги маалыматта эң байыркы скифтердин Азиядан Серепке өтүшү сөз болуп атат.

"Юаньшиде": "Кыргыз хан кырк кызы менен Ус (Суу) дарыясынын боюндагы эркектердин үйлөнүүсүнөн жаралган" деген аңыз бар. Ал биздеги кырк кыз (атактуу амазонкалар) жайындагы аңызга үндөшүп кетет. Ушундай эле улама эзелки кырымдык кыргыздарда (скифтерде) да туруп атат. "Таргитайдын аялы тиги Борисфендин (чоң дайранын ээсинин) кызы эле, андан Арпоксай, Липоксай, Колоксай төрөлгөн, скифтер ушулардан келип чыккан" (Геродот). Бул тарыхый кабар эч айныбай келип, өзүбүздүн Ак уул, Кызыл уул, Ку уулдардан таралган байыркы кыргыздардын эң эзелки санжырасы менен үндөшөт! "Сарматтар (катаган уруусу - О. А. ) скиф уландары менен амазонкалардын турмуш куруусунан келип чыккан. Амазонкалар эркекче кийинет. Кыз бир душманды өлтүрмөйүн күйөөгө тийбейт" (Геродот). Мунун түпкү тегинде деле өзүбүздүн элдин эң байыркы аңыз, салты жатат.

Мына ушул эң байыркы кыргыздар ар кайсы элдер тарабынан ар түркүн аталса да, тээ эң илгерки заманда Кан (Согуш) Тэңирге сыйынган.

О, кийин, Оң карылардын заманы аяктаган соң, алиги Ыйык Кылычка сыйынуу салты өзүнөн-өзү кала берген да, а Көкөтой (аш) учурунда анда өткөрүлгөн бардык баатырдык мелдештер (оюндар) сакталып калган.

Кан Тэңирге арналган мындай Көкөтойлордо миңдеген малдар курмандыкка чалынып, эсепсиз эл чакырылган. Катагандарда калган аңызга караганда "даңазалуу Кан Кошойдун ашына манжуу менен кытайдан, батышы мисир менен тайыптан, түштүгү ындыкара (Индия) менен кызылбаштан, түндүгү Сол менен оролдон берки элдер чакырылып, кырк миң боз үй тигилип, кырк миң жылкы, кырк миң бодо, кырк миң кой, кырк миң эчки союлуп, Алатоого эл батпай кеткен дешет. Аттанаар аягына кырк миң козу союлуп, кырк миң улак садагага чабылган. Ат чабышка кырк миң күлүк салынып, анын кыркына байге коюлуп, баш байгеге кырк миң жамбы, кырк миң кул, ар түлүктөн кырк миңден мал сайылып, кыркынчы байге кырк кул, ар түлүктөн кырктан мал эле! А аттар Кашкардан кое берилген деген аңыз бар. Көкөтойдо бардык баатырдык оюндар өткөрүлүп, баш байгелери тогуз миң кул, тогуз миң жамбы баш болгон төрт түлүктөн тогуз миңден мал болгон! Аш кырк күнгө созулган! Балбан күрөш менен эле эр сайыш тогуз күндөп бүтпөй койгон". (Кетрен санжырасы).

Ал эми "Улуу Манастын ашында Кан (Согуш) Тэңирге арналып курмандыкка чалынган малдын эсеби болгон эмес. Ага бүтүндөй Серептен (Европадан), бардык чыгыштан (Азиядан) эл келген. Бул аш да кырк күнгө созулган. Аттын баш байгесине бардык кыргыздын малы сайылган! Жарышта Тайбуурул чыгып келип, элдин малы өзүндө калган. Экинчи байгеге бүтүндөй кытайдын, үчүнчү байгеге бардык кызылбаштардын малы сайылган, мында да кыргыз күлүктөрү экинчи, үчүнчү келип, тигилердин бүт малы айдалып алынган. Айтор, байгелүү орундардын баары кыргыз күлүктөрүнө тийген! Алиги баатырдык оюндар да кырк күнгө уланган. Талас (Алтай) кырк күнү бою уу-дууга толуп турган! А Көкөтөй баатырдын ашын санжыра-эпосубуздан окуп билип алсаңар болот". (Кетрен санжырасы).

Кан Тэңирге арналып өткөрүлгөн береги "көкөтойлор" да элдик салт катары кечээги күнгө дейре уланып келди. Кийинки өтө чоң аштарга Эр Табылдынын, Курманбектин ж. б. "Көкөтойлору" кирет. А булардын катарында жанагы Атакенин, Аалыкенин, Солтонкулдун, Байтиктин, Шабдандын ж. б. аштары анчейин болуп калат…

Мына ошол "Көкөтойлордо" өткөрүлгөн мелдештерди эле алалы: балбан күрөш, эр сайыш, жамбы атыш, ат чабыш, эр оодарыш, улак тартуу, чолпу эңмей, аркан тартышуу, жөө чабыш… Булардын баары тең Жоокердик оюндар го! Ким балбан, ким найзакер, ким кыл мерген (жамбы кылга байланган го!), кимдин аты тулпар, ат үстүндө ким мыкты, ким күчтүү, ким жөө күлүк, мына ушунун баары так ошол Көкөтой үстүндө аныкталган да, качан гана душман менен бетме-бет келип, жекеме-жеке эрөөл башталганда майданга эң күчтүүсү балбан күрөшкө, эң мыкты найзакери эр сайышка чыккан. А мындайда, эгер алиги беттешип аткан тараптар бир тектен чыккан тайпалар болсо "эр сайышта" жеңилген тарабы алиги жеңген баатырга бүт аскери менен кошулуп кете берген же эки тарап беттешип, кызыл-кыргын болгон эмес. А кокус, береги беттешип аткан тараптар бири-бирине таптакыр жат элдер болсо, алиги балбан күрөш менен эр сайыш аяктагандан кийин, кимиси жеңип, кимиси уттурганына карабастан, кызыл-жаян уруш башталган.

Бабаларыбыз жаралгандан Жоокер эл болгондуктан, өз кезегинде, жанагы балбан күрөш, эр сайыш, жамбы атыш, ат чабыш, кунан чабыш, айгыр чабыш, жорго чабыш, эр оодарыш, улак тартуу, чолпу эңмей, аркан тартышуу, жөө чабыш, жөө оодарыш, ж. б. сыяктуу Жоокердик оюндардын өз эрежелери, тартиби иштелип чыккан.

Көкөтой (аш) ар дайым байгеге түшчү күлүктөрдү чубатуу менен ачылган да, тулпарлар алыска айдалган. Аттар кеткенден кийин аштын шаан-шөкөтү "балбан күрөш" менен башталган.

"Балбан күрөш аштарда, кыз берген, келин алган, бала олтургузулган тойлордо, кээде чоң жоро же шеринелерде болот. Анын тартиби: Аттана чаап дүрбөп калса ырайымсыз бирөөнүн атын жыгып алаары чын. Жана боло турган тамашаларды башкарып калыс болуп тура турган ар урук элден бирден киши калыс шайланып, элдин орто жеринде атчан турат. Эл тынчтанып калган кезде ырчылар дагы жар чакыра баштайт:

Багалектен түрүшкөн

Булчуңдарын үзүшкөн

Эл намысын кетирбей

Букаларча сүзүшкөн,

Балбандыгы Кошойдой,

Басмырттыгы ошондой,

Балбаның болсо топко сал,

Жыгып берсе байгеңди ал!..

Теке жаргак шымдарын тизеден жогору түрүп, багалектин учун көзөп ычкыр-кашатка кошо байлап, кең чалбарларын балактатып, чапанын жамынып, өзүнүн элин кыдыра басып, сыңар тизилеп отура калып, колун жайып, элден бата алып, көпчүлүктүн: "Үстүндө бол!" деп "чур" дей түшкөн алкышына бел байлап, күрөшкө чыгат. Атактуу чоң балбандар сүзүшкөндө чоколок жалгыз аяк чийлер жылаңайлак буттун бармагы менен буурусундун мокок тиши алгандай чийлер жулунуп калат. Чындап алышканда билекте моюндан, кый сүбөөдөн кармашканда балбандар аябай кармап билеги сыйрылып, моюн кызарып жана сүбөөнү жулуп да алышат. Агер чалмачы балбан болсо, таамай чалып алса жыгып же жыгылып тынат. Чалмачы балбандын көпчүлүгү жыкпай койбойт. Байгесине кайсы жыкканы бир тогуз малды алып кетет.

Балбан күрөштөн кийин "эр сайышка" кезек келет.

Эр сайыш. Өтө чоң аш же тойлордо эр сайыш болот. Эр сайышууда эки дубан эл беттешет, баатырларын чыгарат. Эр сайыштын түрү мындай болот. Эмки келе турган тамашада жарчылар элди кайсы урук эл менен кайсы урук элдин баатырлары сайышаарын айтып, кыдырата бастырып, жар чакырат:

Ат жакшысын мингизип,

Ак олпок, зоот кийгизип,

Алмамбеттей айбаттуу,

Кан Кошойдой кайраттуу,

Бет алган жерден чураткан,

Берт кылып жоону сулаткан,

Көз ирмебей түз сайган,

Көкөтөйдүн ашында,

Көкжал Манас баатырдай,

Көмөлөтө бир сайган

Баатырың болсо топко сал

Эр сайып берсе байгеңди ал!..

Бул учурда төө баштап тогуз жылкыны элдин орто жерине алып келип, эки-үч киши кармап турат. Баягы эр сайыш үчүн тапталып жүргөн баатырлар тиги тараптан "балан" баатыр чыгат дейт деп, авазалап ат жакшысын тандап, эки атты эки кишиге мингизип, колуна найза берип "шагыр-шугур" эттирип, сынап көрүп же болбосо мурундан өзү минип эр сайышка кирип көнүп калган атын токуп даярдап, бир кишиге жетелетип коет. Ал атты токунууда мындай болот: ичмеги жумшак калың тердикти атка салып туруп жукалык кылбаса кабыргасы жок же тердиктин үстүнө жука ат жабуу кошуп борбусу бийик кыргызча нан баш ээрден токуйт, баякыдай төрт-беш камчыны арасына уруп, көрпөчөгө кементайды ороп, бийик кылып бөктөрөт. Аттын көкүлүн типтик кылып чырмап шүйүп, куйругун белине чейин түйүп коет. Сайышка түшчү баатыр табылса эки жаргак шым кийет. Желеткенин сыртынан теминги деген калың булгаарыдан жасалган нерсени коюп, бир жагын аркасына келтирип, аны жылышып кетпес үчүн ар бир жеринен көзөп туруп, канжыга менен чарыйт. Темингини кай бирөө шартылдак деп коет. Анын жетпеген жерлерине катуу жаңы калпакты эки кат же төрт кат кылып коюп, табарсыктын тушуна сөзсүз төрт кат калпак коет. Булардын баарын матаны жазып туруп белден, алаадан, эки ийинден, колтуктан алып, чырмап салат. Ал баатырдын кум салып жасаттырган кементайы болот. Жакасы эки кулакты тиреп турган, көкүрөк жагы катталып эки кат болгон, колтук, бөйрөк жактарын эки кат кылып шырыган. Камчысын канжыгадан боо кылып асынып алып, өз тарабын кыдырата же жөө басып жүрүп, сыңар тизелеп отура калып, камчысын мойнуна салып бата алып, колтуктатпай өзү аттанып турат. Баатырлардын колунда бирден найза. Сайыштын ыгын билген эки жактан эки киши он же сегизден найзаны кармап турат. Ал найзалардын баарысы узун-кыска эмес, тепетең болот. Аны калыстар атайы теңеп койгон болучу. Кокус, найзалары сынып кетсе тигил баатырлар ушул найзалардан алмак.

Беттешчү эки баатыр эки четте бирин-бири карап, атын камчыланып күүлөп турганда жарчылар "башка сайышпагыла" деген коолуну айтып, элди кырка бастырып, жар чакырат. Эр сайышка түшкөндөрдү сайыштын ыгын жакшы билген баатыр кишилер коштоп барып, беттештирип кое берет. Мында эң мыктысы жеңет…

Эр сайыш аяктаары менен "жамбы атуу" башталат. (Актан Тыныбек уулу. Актан. Б., "Адабият", 1991, 192, 198-б. )

Жамбыдан кийин эл тарап, кечки коногуна кетет. А эртеси оюн-тамашалар кайра уланат. Эр оодарыш, аркан тартышуу, чолпу эңмей, жөө чабыш, улак тартуу, жөө эңиш, Ордо ж. б. болуп өтөт.

Ордо демекчи… Биз ар качан да Ордолуу эл болгонбуз! Ордо - Чоңбий (кара кан) турган жер - элдин Борбордук үйү! Ал эми "Ордо" оюну - биздин элдин төл оюну - аскердик-машыгуу оюну! Ал бизден башка эч бир элде жок!

Тээ көчмөн заманда Чоңбийдин өргөөсү айылдын так орто ченине тигилген. Аны өз журтунун сансыз боз үйлөрү курчап турган. Жоокерчилик доордо каршылашкан кандын өргөөсүнө жетиш өтө кыйын болгон. А "ордо" оюну ушул кырдаалдан улам келип чыккан аскердик-тактикалык оюн эле! Канды курчап турган топ боз үйдүн кайсы тарабынан кол салуу керек - "топ бузуу" керек, кан аскеринин кайсы жагына оогондо кай тарабынан чыгыш керек - кантип "тооруш" керек, кантип "кадаш" керек, кантип "чертиш" керек, баары тең тактикалык машыгуу болгон. "Ордо" оюну дал ошол ордолуу кандын чабылып аткан журтун эске салган…

Аштагы ушундай оюн-тамашалар аяктап калган кезде же бешим ченде аркы четтен "Келатат!" деген үн чыккан. Тээ алыскы түздүктөн ак шоонадай чубалган ничке чаң көрүнгөн. Эми баары тең жандана, ошол тарапка тигилип, "чур-р" эте түшкөн: "Келатат!!!"

Мындай алыска чабылган учурда чекке күлүктүн күлүгү келген. Байыркы кытай санжырасы "Шицзиде": "күнүнө 1000 ли (500 чакырым) чуркай турган гунндардын көлүктөрү жөнүндө" сөз болот го! А береги алыска чабылган жарыштан озуп келген тулпар так ошол эзелки кытай жылнамаларында "асман аттары", "Тэңирдин аттары", "канаттуу аттар" делинип даңазаланган кыргыз карабайыр аргымактарынын тукумунан болсо керек!

Кечке дейре ат байге берилип, байге алган азамат өзүнөн артканын элге соогатка берет. Айлана азан-казан түшүп, байгеден чыккан аттын жылдызы жанат!

Кайран гана Кара Кыргыз! Дүйнө элдерине жаа, жебе, кылыч, найза, калкан, канжар сыяктуу ондогон куралдарды таратканы аз келгенсип, ал берегилерге ат үстүндө жүрүп кандай согушууну да үйрөтүп кетти го! Алиги балбан күрөш менен эр сайыш, жамбы атыш менен ат чабыш, улак тартуу менен эр оодарыш ж. б. сыяктуу жүздөгөн жоокердик оюндарды да дүйнө элдерине өзүбүздүн бабаларыбыз жайып кетти. Ат үстүндөгү эр сайыш менен жөө сайышты бабаларыбыздан Серептин рыцарлары мурастап алды да, орто жана кийинки кылымдарда аларда да береги жоокердик беттешүүлөр салттык көрүнүшкө айланды. Кыскасы, бабаларыбыз дүйнө элдерине баатырдын баатырынын, жоокердин жоокеринин гана колунан келчү согуш өнөрүн калтырды. Ушул азбы? Көп го, өтө көп!

Көкөтой (аш) өткөрүп, Көкө Тэңирге сыйынуунун ары жагында Кан (Согуш) Тэңирге сыйынуу жаткан, себеби, Көкө Тэңир тээ байыркы доорлордо Умай Тэңири экөө тең Жоокерлерди колдоочу эгелер болгон го! Алиги балбан күрөш, эр сайыш, жамбы атыш, ат чабыш сыяктуу Жоокердик оюндардын айгаптасында Кан (Согуш) Тэңирге таазим этүү, табынуу, ошону баарынан жогору коюу салты орун алган го! Эрөөлдө өлгөн баатырга Көкөтой өткөрүү, анын урматына бардык Жоокердик оюндарды уюштуруу, аны ушунчалык кадырлап-кастарлоо, жерге-сууга тийгизбей көкөлөтүү, акыры жүрүп, "арбакты" сыйлоого алып келген. Тирүү кезинде эл ошол баатырдын өзүнө табынса, ал дүйнөдөн кайткан соң анын "арбагына" (жаны менен кошо учуп кеткен элесине) сыйынуу күч алган. Мунун түбү, анын "арбагын" гана эмес, сөөгү жаткан жерди (күмбөздү) да кадырлап-кастарлоого туш кылган. Жанагы сак-скиф-хунну-гуннулардагы "ата-бабалардын сөөгү жаткан жайларды кастарлоо, алардын арбагына сыйынуу" мына ушундайча келип чыккан. Маркумдардын сөөгү жаткан мүрзөлөр эл чогулуп сыйынчу ыйык жайларга айланган. Туубаган аялдар, баласы токтобогон ата-энелер баатыр бабалардын күмбөздөрүнө келип, мал союп, түлөө кылып, Жараткандан "туяк" сураган.

Тээ Жоокерчилик заманда башка оор мүшкүл түшкөн учурларда да эл ата-бабалардын сөөгү жаткан мүрзөлөргө келип, курмандык чалып, бабалардын арбагына табынып, Жараткандан жардам күткөн. А ата-бабалардын сөөгү жаткан жерлерге тийүү деген ошол элге кол салууга тете болгон. "Сактардын мекени - алардын ата-бабаларынын сөөктөрү жаткан жер" дейт го Полиэн. Калети жок! Андай жерлер ыйыктын ыйыгы болгон.

Эски кытай санжыраларында: "Ухуандар (маңкулдар) Маодундан (Манастан) өч алыш үчүн гунн жолбашчыларынын сөөгү жаткан жайларды казган учурда хунндар аякка 20000 жоокер жөнөтүп, береги ухуандарды аябай кыргандыгы" жазылып калган жери бар. Дарий аскери менен скифтерге кол салып, тигилердин артынан кууп, бирок, жете албай койгондо: "Силер кайда качасыңар, токтоп согушпайсыңарбы?" деп элчи жиберет. Ошондо скифтер: "Эр болсоң биздин ата-бабалардын сөөгү жаткан жерге тийип көр, эмнени көрөр экенсиң?! деген коркутууну угат. Көп өтпөй ал скифтерден стратегиялык абдан оор жеңилиш табат. Кечээле XVIII к. аягында казактын жаалдуу Барак деген немеси кыргызга кол салып, Кочкор-Ата мазарын бузган жери бар. Ошондо тоолуктар буга аябай ачууланып, күч топтоп туруп, береги маңкаларга чабуул койот да жаалдуу Барагын өлтүрүп, аскерин кырып таштаган. Бул дагы ата-бабалардын сөөгү жаткан жерди ыйык тутуудан, алардын арбагын сыйлоодон улам келип чыккан элдик каар го!

Ошо Жоокерчилик доордо Көкө Тэңирге сыйынган эл үчүн ата-бабалардын сөөгү жаткан мүрзөдөй ыйык жер, алардын арбагындай ыйык арбак дегеле болгон эмес. Көкө Тэңирдей Жоокердик динге табынган эл үчүн ата-бабалардын сөөгү менен арбагын сыйлоо - кыргыздагы бүтүндөй баатыр ата-бабалардын асыл сөөгү менен арбагын сыйлоо, андан ары Кан (Согуш) Тэңирди сыйлоо, акырында Көкө Тэңирдин өзүн сыйлоо болгон! Аларды бири-биринен ажыратууга эч мүмкүн эмес эле!

Көзү өткөн Баатыр ата-бабаларды сыйлоонун жеткен чокусу - алардын урматына мүрзөлөрүнүн жанына коюлган таш эстеликтер болуп калды. Кайсы молону карасаң да баары куралчан! Бул Кан (Согуш) Тэңирди сыйлагандык! Кан Тэңир аркылуу эң башкы Көкө Тэңирди урматтагандык!

Оң же сол колуна идиш карматып, куралы менен! Идиш - "Күндүк өмүрүң болсо, түштүгүнө жорго мин!" дегенди туюнтуп турса, куралы анын Баатырдыгынын символу го! Эки колуна тең идиш карматкан эркек менен аялдын мололору да жок эмес, бул - "Күндүк өмүрүң болсо түгөлү менен дуулап өт!" деген кеп го! Оң колуна куш кондурган эркектин молосу жанагы ит агытып, куш салган эң байыркы аңчы да малчы, Жоокер да Баатыр көчмөндөрдүн таш эстеликте калган өтө кымбат элеси эмеспи! Сол колуна күзгү, оң колуна идиш кармаган моло - адам баласын сулуулукка чакырып, "жашасаң жашагандай жаша!" деп турган жокпу?! Аялдын жылаңач айкели (молосу) "бу жарыкчылыкка жылаңач бойдон келгенсиң, жылаңач бойдон кетесиң" деген Өмүр чындыгын туюнтуп турсачы?! Үч мүйүздүү баш кийимчен, жеңсиз көлбүрөгөн жамынма сырт кийимчен таш эстелик Умай эненин элесин билдирип турган жокпу?!

Береги таш мололордун баары тең чыгышты каратылып коюлган, демек, алар Улуу Күнгө таазим эткен элдин таш мололордо калган элеси! Алар азыр да Чыгыштан көз албай, чыгып келаткан Улуу Күнгө таазим этип аткандай! Бул таш эстеликтерге ата-бабалардын арбагы уялап, алардын бар касиети уюп калгандай! Береги таш эстеликтерге бүт кыргыз табынып, алардын урматына курмандык чалып, мүрзөлөрдү тайып, Жоокердик менен Баатырдыкты али да болсо өтө жогору тутуп тургандай!

Көкө Тэңири ишенимине караганда арбактар да ак арбак, ач арбак болуп бөлүнгөн. Ак арбакка эл-журтка жакшылык алып келүүчү ата-бабалардын арбагы кирсе, ач арбакка элге жамандык алып келүүчү душмандардын арбагы кирген. Ак арбак жамандыктын тез кайтышына, оору-сыркоолордун бат айыгышына, мал-жан эсен болуп, төл менен түшүмдүн мол болушуна жардам берсе, ач арбак тирүүлөргө зыян келтирип, түнкүсүн ары-бери өткөндөргө көрүнүп, жүрөгүн түшүрүп, үстү түшүп кеткен мүрзөлөргө түнөп, ошол жерлерге үлбүлдөгөн от жагып, мал-жанга кесел алып келет деген ишеним болгон. Муну кийин Персияда Зароастризмди (отко табынуу динин) негиздеген Заратуштра отурукташкан элдин көз карашына ылайыктап: ааламда эки Кудай бар - бири мээримдүү Ахурамазда, экинчиси ырайымсыз Анхра-Майнью деп жалпылап, "Авестада" ошол экөөнүн күрөшүн көрсөтүп, акыры мээримдүү Кудай жеңип чыгат деп ишендирген жери бар.

Көзү өткөн Баатырга арналып өткөрүлгөн "Көкөтойлор" (аштар) Кан Тэңирге сыйынуунун туу чокусу болуп калды! Береги Көкөтойдо өткөн жылы өлгөн Баатыр кайрадан тирилгендей болгон, не дегенде, алиги Көкөтой так ошого арналгандыктан ушул баатырдын бардык эрдиги, кылган баатырдыгы эскерилип, аңыз кылынган, ырга айландырылып, дастан болуп, айтылган! Көкөтойдо алигинтип, бүткүл баатырдык оюндар өткөрүлүп, мыктылардын мыктысын тандап алууга мүмкүндүк болуп, жоокерлер береги Көкөтой аяктаары менен жоого аттанып кеткен да, кан майданда жанагы өлгөн баатырдын жолун уланткан, анын жогун жоктотпогон жаңы Баатырлар пайда болуп турган. А бул Кан (Согуш) Тэңиринин түбү түптүү салты эле! Санжыра-эпосубузда "түгөнгөн сайын түтөгөн, түгөнгүрдүн тукуму!" деп айтылат го, а эзелки кыргыздар так ушундай "түгөнгөн сайын түтөгөн тукумдан" болгон!

Көкөтой аяктап, жоого аттанган азаматтарына калың эл тикесинен тик туруп бата берген: "О, Кудуреттүү Көкө Тэңир! Былтыр набыт болгон Баатырдын кунун кууп, жоого аттанган береги кулундарыңа жардам бер! Аларды колдой көр! Жолдой көр! Жортуулун акжолтой кыл! О, Көкө Тэңир!" Эл чуру-чуу түшүп, бата кылган. Ошо менен калың Жоокер кара таандай каптап, жоого бет алган!

Жоокерчилик менен Баатырдыкты даңазалаган санжыра-эпосубуз "Манас" да ачкан эле жерден "Көкөтөйдүн ашынан" башталат эмеспи! Көкөтөй деген аттын өзү да "Көкө той" деген аштын атынан улам келип чыккан го! А тээ эң эзелки замандарда өткөрүлгөн Көкөтойлор алиги Кан (Согуш) Тэңирине арналып өткөрүлгөн эмеспи! Кан Тэңирдин береги жарыкчылыктагы символу Кан Майдан го! Кан (Согуш) Тэңир - Кан Майдандын эгеси го! А Кан Майдандын миң кырлуу келбети санжыра-эпосубуздун өзүндө миң жагынан, миң тарабынан ачылып берилген, өтө таамай чагылдырылган эмеспи! Демек, санжыра-эпосубуздун өзү Кан (Согуш) Тэңирине сыйынуу духунан улам келип чыккандай, ошонун кереметинен жаралгандай! Ал эң алгачкы сабынан тартып, эң акыркы сабына дейре Кан Майданды, Улуу Жоокерчилик заманды жана өлбөс-өчпөс Баатырдыкты даңазалайт го! Тулкусуна мындан эки миң жыл мурда болуп өткөн өтө ири тарыхый окуяларды сыйдыруу менен, ал, түпкү тегинде, Улуу Кан Майданды, Теңдешсиз Жоокерчилик доорду жана атактуу Баатырдыкты насыйкаттоо менен Кан (Согуш) Тэңирин Асманга жеткире көкөлөтөт го! Кан Тэңирди алиги Көкө Тэңирдин өзүнө теңештирет го! "Өмүр деген, Жарыкчылык деген ушул!" деп, Кан Тэңирдин - Кан Майдандын өзүн көрсөтөт го! Не дегенде, Көкө Тэңирдин өзү да Жоокерлерди колдоочу эге го! Демек, ал береги Жоокерлер аркылуу Кан Майдандын да ээси, Кан (Согуш) Тэңирдин да эгеси го! Ошондуктан, санжыра-эпосубузда Көкө Тэңири эң Башкы, Жогорку орунга коюлуу менен, анда Теңдешсиз Кан Майдан, Улуу Жоокерчилик заман, өлбөс-өчпөс Баатырдык армансыз ырдалат го! Армансыз!!!

Жеке гана санжыра-эпосубуз эмес, калган кенже эпосторубуздун көпчүлүгүндө кыргыздардын башынан өткөн ошо Жоокерчилик доор, Кан Майдан менен Баатырдык даңазаланат эмеспи! "Эр Төштүк", "Эр Табылды", "Курманбек"…

Элибиздин элдик оозеки чыгармалары гана эмес, анын күү (музыка) дүйнөсү да так ошол эң байыркы Жоокерчилик заманды, Кан Майданды, Баатырдыкты даңазалап тургандай. Буга Согуштук жана Баатырдык духка толгон жүздөгөн элдик күүлөрүбүз күбө боло алат. Алар да Жоокерлердин табиятына, ыгына ылайыкташып так жана кыска! Отурукташкан элдин музыкаларына окшоп, өтө узакка созулбайт…

Улуттук аспабыбыз Комуздун өзү да тээ Жоокерчилик заманга ылайыкталып жаралган эмеспи! Анын узундугу да жебе менен бирдей го! Дутарды же кийинки домбураны саадакка салып алып жүрүүгө болбойт, анткени, алар ага батпайт го, "бооз". А Комуз нукура Жоокердик күү аспабы эмеспи! Аны Жоокерлер жебе салган саадагына салып ала жүргөн да, кошуун тыныгууга токтогон кездерде саадактагы жебе арасынан алып чыгып, чертип, алыс жолдон чаалыккан баатырлардын жарпын жазган!

"Комуз - көз жаштан бүткөн" дейт. Эл жаралгандан берки кызыл-кыргын согуштар калайыкты ырайымсыздык менен канга бөлөп турган. Он балалуу эне да балдарынан ажыраган, жалгыз уулдуу апа да жалгызынан кол жууган. Согуш эненин ким экенин ылгабаган, ал канышабы же жесирби, айымбы же жапжаш энеби, ага караган эмес. Баарынан да ошол өлгөн баласын карыган ата-энеге угузуу абдан оор болгон…

Комуз мына ушундай кырдаалда жаралган экен. Ооба, ошо жолу бирөөнүн жалгызы - журттун ашкан Баатыры набыт болгон. Ошондо, эл арасынан бир табышкер жигит ушул үч кыл Комузду ойлоп тапкан дейт. Ата-эненин алдына барып, Комузду муңкантып отуруп, жалгызынын өлгөнүн туюндурган дейт. Ошол Комуз менен кайрат айткан дейт…

Ушундан кийин, кара кабарды Комуз менен угузуу эл арасында адат болуп калган түрү бар. Бирок, каары башынан ашкан бир Камбар деген кан өткөн экен. Кезегинде мунун баласы да жоо колунан мерт болот. Эми анын уулунун өлгөнүн да Комуз менен угузат. Каарданган кан Комуз черткен кишинин башын алдырмай болот. А Комуз черткен жигит: "Таксыр, баш кесмек бар, тил кесмек жок… Менде эмне күнөө, жаман кабарды угузган мен эмес, мобу … " деп, кандын алдына Комузду таштап коет. Сөзгө жыгылган кан комузчуну куткарып, Комузду жазалайт - коргошун ээритип, комуздун көңдөйүнө куйдурат. Өрүк Комуз көлкүлдөгөн коргошундун табынан улам өрттөнө баштайт. Ошондо кан: "Комузга жаза жүрбөйт тура?! Мындай жаман кабарды аны менен угузууга болбойт… " деп буйрук кылган экен. Ушундан кийин Комуз жамандыктын жарчысы болуудан калат. Качан гана каардуу кан өлгөн соң комузун сагынган баягы жигит кайрадан Комуз чаап, черте баштайт. Ал ошо жолу Комузга болгон сагынычын чертет, Комуз эчен жылдап жамандыктын жарчысы болуп келгенин чертет, каардуу кандардын ырайымсыз замандарын чертет, анан келип эмки ал-күйүн чертет… Ал комузун токтотуп коюп кайра чертсе да, канча күндөн кийин чертсе да бир ыргактагы күү улам кайталана берет. Элибиздеги "Камбаркан" аттуу эң алгачкы күү ушундайча жаралат. Ошол күндөн ушул күнгө элибизде "Күүнүн башы Камбаркан" деген аңыз калат!

Ушундан соң Комуз элдин кайгы-кубанычына орток тагдыр кечет. Эл менен бирге эчендеген кандуу кылымдарды аралайт. Эчендеген Жеңиштер менен Жеңилиштердин, Байгерчилик менен Жоокерчилик замандардын күбөсү болот. Нечен тар жол, тайгак кечүүлөрдөн өтүп, ушу күндөргө жетет… Ошондон ушуга элибизде: "Комуз сындуу - ыр барбы, Көңүл сындуу - сыр барбы?!" же "Комуз сындуу - эр барбы, Көңүл сындуу - чер барбы?!" деген аңыз калат! Ошентип, эл Комузду түгөнгүс Ырга, теңдешсиз Эрге теңейт!!!

Мындан эки миңден ашык жыл мурда жазылган кытай жылнаамаларынын биринде "хунндардын үч кылдуу чертмеги" жөнүндө кабар бар! Ал "хун-бу-сы" деген ат менен берилген. Бул - КОМУЗ!!!

Ушу Комуздун кайрыктарын кунт койо тыңшап отурган адам да анын "Тэңир, Тэ-ңир, Тэ-ңир… " деп бир калыпта үн салып атканын, "Кө-Кө-Тэңир, Кө-кө-Тэ-ңир, Кө-кө-Тэ-ңир… " деп салтанаттуу кеткен жерлерин да жаземдебей байкайт. Анын керемет кайрыктарында эчендеген той-аштардын, Кан Майдандардын, Жоокерчилик доорлордун, Теңдешсиз Баатырдыктардын илеби согуп турат. Ал - Көкө Тэңири аспап го!!!

Биздин эл кайда гана жүрбөсүн, кай жерде гана болбосун баарынан Улук да Касиеттүү Көкө Тэңирге сыйынган! Карачы, жанагы Көкөтой алиги Кан (Согуш) Тэңирге арналып өткөрүлсө да анын артында баарынан Кудуреттүү Көкө Тэңир турган! Эл жоого аттанган Жоокерлерине бата бергенде Кан Тэңирге эмес Көкө Тэңирге кайрылган! Мында, Көкө Тэңир кандайдыр бир деңгээлде Кан (Согуш) Тэңирдин да милдетин аткарып аткандай! Йе, Кан Тэңирдин, анткени ал, ир алды, Жоокерлерди коргоочу эге го! Ал - бардык тогуз Тэңирдин үстүнөн бийлик кылган эң Кудуреттүү, эң Улук Тэңир го! Көкө Тэңир го!!!

ххх

Тээ Улуу Оңдордун заманында мына ушул тогуз Тэңирге табынуу көчмөн элдин сөөгүнө аябай сиңген динден да артык керемет болгон. Көкө Тэңирдин так ушул тогуз Тэңири же анын тогуз тармагы Жоокер көчмөндөрдүн бүтүндөй тирилигин, салт-санаасын, нарк-насилин кучагына алып жаткан. Көкө Тэңирди береги тогуз Тэңирсиз элестетүүгө таптакыр эле мүмкүн эмес эле, анткени, Көкө Тэңир десе биз тогуз Тэңирди, тогуз Тэңир десе Көкө Тэңирди түшүнгөнбүз! А Көкө Тэңир дал ошол тогуз Тэңирдин бүтүндөй касиетин, сапатын алып жүргөн баарынан Улук Тэңир болгон!

Улуу Кан Кошой менен Кан Манастын замандарында Көкө Теңири аябай өркүндөп-өсүп, тамыры өтө тереңге кетип, өзүнүн гүлдөө дооруна жеткен! Так ошол Жоокердик доордун өзүндө алиги тогуз Тэңирди кучагына алган Көкө Тэңирилик өзүнчө эле Системага айланган! Ие, Системага! Көкө Тэңирге табынып-сыйынуунун Системасына!

Качан гана Оң карылардын Улуу Империясы 93-жылдан кийин бөлчөктөнүп, бытыраган соң Көкө Тэңирилик да алсыраган. Кырымдыктар өзүнчө, Акжайык аралыгындагы кыргыздан (Адил тайпасы) өзүнчө, алатоолуктар өзүнчө, таластыктар (алтайлыктар) өзүнчө, Сол кары кыргыздары өзүнчө кеткен соң мурдагы Улуу Көчмөн Империя сыйынган Көкө Тэңирилик оболку күчүнөн тайый баштаган. Ага эми мурдагыдай Улуу Империянын эли жапырт сыйынган эмес, бытырап кеткен ошол империянын эли табынган. Бара-бара тогуз Тэңирге сыйынуу да солгундай берген да. Улуу Түрк заманы кирип келген кезде Алатоо менен таластыктар, Каңгай тоодогулар менен Сол кары кыргыздары "үстүңкү дүйнөнүн" (Көк, Күн, Ай, Жылдыздар) эгеси Көкө Тэңирге, "ортоңку дүйнөнүн" (Жер, Суу, Тоо-талаа) синоними болуп калган Жер-Сууга жана "Үстүңкү дүйнө" менен "ортоңку дүйнөнүн" данакери Умай энеге гана сыйынып калган. Эми Көкө Тэңир десе биз Көк, Күн, Ай-жылдыздарды, Жер-Суу десе жалпы эле Жер бетин, Умай эне десе "үстүңкү" да "ортоңку" да дүйнөнү туташтырган ыйыкты түшүнүп калганбыз. Андыктан, азыр тарыхый булакка айланып калган түрк жазуулардан биз "Көкө Тэңир, Умай эне, Жер-суу" деген гана сөздөрдү окуйбуз. Ошентсе да, эл мурдагыдай тогуз Тэңирге сыйынбай калса да, ошо тогуз Тэңир доорундагы бүтүндөй адеп-ахлак, салт-санаа, нарк-насил эл ичинде жашап кала берген. Ошол эле, бир кезде Кан (Согуш) Тэңирине арналып өткөрүлгөн Көкөтойлор (аштар) алиги Улуу Түрк доорунда да, андан кийин да жашап келе берген. Тогуздап мал берүү, тогуздап айып тартуу ж. б. ошо Түрк заманында да, андан соң да улана келген… Айтор, тээ Улуу Оңдордун доорундагы тогуз Тэңирге байланышкан бардык каада-салттар эл ичинде өз өмүрүн сүрө берген да, алар бара-бара улуттук каада-салттарга айланып кеткен! А Көкө Тэңириликтин өтө кымбат ой-санаттары, осуят-насыяттары, үлгү сөздөрү, кайталангыс акыл-насааттары эл ичинде макал-лакап иретинде жашап калган! Ушул жерден, алыс барбай эле, тээ Улуу Оңдордун заманынан тартып кечээги күндөргө чейин келген Көкө Тэңириликтин эң ыйык да өтө кымбат ырым-жырымдарынан, жүрүм-турум үлгүлөрүнөн аз да болсо кеп уралы:

Көкө Тэңирге табын, жараткандын жардыгын бил, Тэңирдин ак жолуна түш!

Баарынан Күн улук, Күнгө сыйын.

Эрте туруп, Күнгө таазим эт.

Күнгө күлүп салам бер.

Таң менен турсаң, ырыскыдан куру калбайсың.

Таң менен таза жуун, Күндү таптаза тосуп ал.

Тэңир алдындагы парзыңды, карызыңды сез, касиетин ардакта.

Үйдү чыгышты каратып тик - Күн чыкканда үйгө кут кирсин.

Чыгышты карап түкүрбө, ушатпа, суу чачпа, ачууланба, сөгүнбө.

Чыгышты тээп жатпа.

Өлүктү көргө койгондо чыгышты баштантып жаткыр.

Күн менен Айды карап сөгүнбө, түкүрбө, ушатпа.

Отко сыйын.

Отту-очокту сыйла.

Очокту аттаба.

Отко суу куюп өчүрбө.

Отту теппе, шамалды сөкпө.

Отту тегеренбе.

Отту бутуң менен ичкерилетпе.

От дегенден ооз күйбөйт.

Коломтону аттаба.

Күн баткан соң от бербейт.

Күүгүмдөн кийин үйдөгү отту, талаага алып чыкпайт.

От көсөгөн ыштайт.

От менен суу тили жок жоо.

От жаккандыгы, тон тиккендиги.

Отко түкүрбө.

Тулганы теппе.

Төгүлгөн күлгө ушатпа, отурба, бала-чаканы ойнотпо, тебелебе.

Очоктун күлүн тебелебе, сапырба.

Күйүп аткан отко куралды (бычакты, кылычты, найзаны ж. б. ) жалаңдатпа.

Түнү чок алба.

Миздүүнүн (бычактын) мизин өйдө каратып койбо.

Токойду өрттөбө.

Ырыскы татаарда дайыма колуңду чайы.

Таңкы тамакты таштаба.

Таңкы насиптин алдын башкага бербе, үй ээси катары өзүң ооз тий.

Нан ырыскың, туз насибиң, таштаба.

Тамакты дасторконсуз ичпе.

Дасторконду тетири салба.

Чайдын чамасын киши баскан жерге төкпө.

Чөмүч менен итке тамак куйба.

Бышкан ашты таштаба.

Тамак ичээрден мурда нандан ооз тий.

Нанды сындырганда бетин өйдө каратып кой.

Нан менен ооз же кол аарчыба.

Нан менен бычак аарчыба.

Тамакка сын такпа.

Чыныны чертпе, казанды калдыратпа.

Жел менен жарышпа, көлөкөңдү кууба.

Жылдыздарды санаба,

Жалгыз даракты кыйба.

Куу сөөктү кармаба.

Кудукка түкүрбө.

Аккан сууну сабаба.

Булактын көзүн ач.

Дайыма адамгерчиликтүү бол, кишичилик милдетиңди бил.

Адал, ак жаша, адептүү бол.

Бар жокко каниет, топук кыл.

Пейлиңди оңдо.

Кошоматчыга, ниети карага, ыймансызга мал сойдурба.

Ыймандуу, боорукер, жоомарт, ак көңүл бол.

Аш куюлган аякты, чайды оң колуң менен узат.

Нанды көмкөрөсүнөн койбо.

Сабадагы кымыздан ооз тийбей башкага бербе.

Өз үйүңдө союлган малдын башын бирөөгө көтөртүп ийбе.

Бар туруп жок дебе.

Аш куйчу аякты аттаба.

Тамак ичип бүткөндө өзүңдөн улуудан мурда кол аарчыба.

Супараны тебелебе, улагага илбе.

Арам ойдон, арамдыктан кач.

Улууну урматта, кичүүнү ызаатта.

Карыларга жөлөк, кичүүлөргө өбөк бол.

Жардам, көмөк, ынтымактан качпа.

Таза жүр, таза иш кыл.

Кулкуңду агытпа, напсиңди тый.

Алыс жолго чыгаарда токочтун четинен тиштеп жеп, калтырып кой, насип күтөт.

Алыс сапардан кайткан кишинин башынан үч жолу суу тегеретип, түкүртүп, төгүп, идишин эшикке көмкөрүп кой.

Агын сууну булгаба, чачпа, түкүрбө.

Коноктун колуна жылуу суу куй.

Жуугандан кийин колуңду силкпе.

Колго суу куйган балага алкоо айт.

Кир сууну жолго төкпө.

Суу көтөргөн баканды аттаба.

Жамандык кылба жандууга.

Намыскөй бол.

Эл жерди корго, тууңду сакта.

Дос, душманды айыр.

Бал сөзгө, жалтырак дүйнөгө алданба.

Атаны, улууну урматта.

Жаман түштү ойгоноор замат: "Ушул түшүм ушу түн менен, ушул кара суу менен кетсин" деп, суу менен оозуңду үч жолу чайкап, түкүрүп кой.

Жаман түшүңдү сууга айт, суу менен агып кетсин.

Жакшы түштү ойгоноор замат: "Түшүм түш келбей туш келсин" деп, көктү карап туруп, бата кылып кой.

Түштү жаманга жоруба, жакшыга жору.

Түшкө суу кирсе - өмүр, камчы - бийлик, жылан менен бит - байлык, нан менен тамак - токчулук, дөөлөт.

Кир кийим кийбе, ар дайым таза жүр.

Улууга сый, кичүүгө урмат көрсөт.

Акылга баш ий, жакшыга жанаш.

Сөз кунун баркта.

Кан сөзүн, эл сөзүн, атанын жана улуунун сөзүн жерге таштаба.

Энени, аялзатты сыйла.

Колуңду тамчыга жууба.

Суу куюлган идишти түнкүсүн ачык койбо.

Караңгыда кыз баланы сууга жибербе.

Караңгыда күзгү караба, чач тараба, (бир-эки… деп) жылдыз санаба.

Түн ичинде мал сойбо.

Караңгыда ак сураба.

Караңгыда түш жоруба.

Караңгыда үй шыпырба.

Караңгыда бөтөн бирөө эшикке келип чакырса өз атыңды айтпа.

Караңгыда сыртка бөрксүз чыкпа.

Калыс бол.

Өзгө, жатка болсун акыйкаттан тайба.

Чынчыл бол.

Ач көз болбо, башканын дүйнөсүнө көз артпа.

Сабырдуу бол.

Кыялыңды оңдо.

Ниетиңди таза алып жүр.

Жаман ойдон, жаман жолдон кайт.

Ээн талаада түнөп калсаң - тегерегиңди бычак менен чийип кой же тегерегиңе тегерете аркан таштап кой.

Күлгө шыпырынды салба, шыпырынды менен күлдү кошо чыгарба.

Шыпыргыны тике койбо.

Шыпырынды жерге отурба.

Шыпыргы менен чаппа.

Беймаал күл төкпө.

Адамга, кыбыр эткен тирүү жанга жакшылык кыл.

Тирүүлөрдү ая.

Устатыңа ишен.

Бу жарыкчылыктан өз жолуңду тап, ал сени Жаратканга - Тэңирге алып барат.

Таң атаарда жолго чыксаң чык, күн батаарда чыкпа.

Жарым жолдон кайтпа.

Узак сапарга чыгаарда ачууланба.

Жолуңдан кур чака көтөргөн аял чыкса кайра кайт.

Жолуңдан мышык өтсө тебетейиңди бир тегертип коюп, сапарыңды ула.

Баш кийимди тетири каратып кийбе.

Баш кийимди сатпа, алмашпа, жоготпо.

Баш кийимди ыргытпа.

Баш киймиңди жөнү жок тегеретпе.

Каза болгон кишини мүрзөгө койгондо, ороп барган буюмду (кийизди) жети күн түнү менен сыртка жайып кой.

Тирүү кишинин башына жаздыкты оң кой.

Мүрзөнү колуң менен көрсөтпө.

Ата-энени ардакта, колуңан келгенче өмүр бою сыйла.

Эмгек кылсаң ишиңди гүлдөтө бил.

Бирөөгө жамандык кылба, каргыш тукум кууйт, аны балдарыңа калтырба.

Эмгек кылбай берекет жок, ырыскы өзүнөн-өзү кирип келбейт.

Келин жаңы келип, босогону аттаганда: "Алдыңды бала, артыңды мал менен дан бассын!" деп, төбөсүнөн ылдый аяктап дан куй.

Келинди отко кийиргенде май жедир.

Жаш баланы мактаба, күзгүгө көрсөтпө, салмагын ченебе, татынакай дебе.

Балага жаңы кийим кийгизгенде бетинен өөп кой.

Бешикти кур терметпе.

Бешикти тээп жатпа, өбөктөбө, баспа.

Бешикти экөөлөп көтөрбө.

Атың аксаса баланын сийдиги менен жуу.

Уктап аткан бала үйдө жалгыз калса башына нан же бычак коюп кой.

Наристенин кийимин түнкүсүн сыртка жайба, калтырба.

Наристенин бетине ай тийгизбе.

Баланы жуундурган сууну караңгыда сыртка төкпө.

Баланын таманынан өппө.

Эгерде, таманга, колтукка без чочуса төрөгөн аялга ачкарын үч жолу эмдетип кой.

Сынык күзгүгө көрүнбө.

Колуңду кежигеңе жаздап жатпа.

Жаш болсоң желбегей жамынба.

Салааңды кайчылаштырба.

Мал короого ушатпа.

Көсөө менен мал кайтарба.

Малды теппе, башка чаппа, сөкпө.

Итти жөнү жок урба.

Жаш бутакты сындырып, уяны бузба, жаш (көк) чөптү үзбө.

Кишилерге бирдей мамиле кыл.

Темирди булгаба.

Жер таянып отурба.

Жаагыңды таянба.

Колуңду оозуңа салба.

Босогодо туруп бой кербе, чоюлба.

Боюңду карыштаба.

Адамга арам буюрбайт, жукпайт, өзүң сиңирип кетсең да, балдарыңдан чыгат.

Керегени теппе, тээп жатпа.

Эшикти тээп ачпа.

Жакшы кишиге ит бербе.

Эки атчандын ортосунан өтпө.

Бут кийимди өйдө жакка койбо.

Шымды башка жазданба.

Жыйылган жүккө отурба, жатпа.

Колуңду артыңа алып баспа.

Курал-жарактарды аттаба.

Ооз-кесир сүйлөбө.

Кишиге артыңды салба.

Даам таткан кудугуңду булгаба.

Агын сууга түкүрбө.

Иче турган ашыңды таза ич.

Жалгыз сөөктү кайнатпа.

Мейманды эшиктен тос.

Бүлүнгөндөн бүлдүргү алба.

Эрдик кылып кой союп, иттик кылып төш тартпа.

Душмандын чырагына май тамызба.

Өз элиңе чыккынчы болбо.

Туугандын колтугуна суу бүркпө.

Бирөөгө курал кезебе, анты болот.

Боюңда болсо, капка отурба.

Аял мандаш токунуп отурбайт.

Аял эркектин үстүнөн, кийиминен аттабайт, баспайт.

Чоң жолдо жаткан буюмду алып четке кой, соопко каласың, ээси издесе таап алаар.

Улуулардын алдында озунба, каткырба, капталдан качырып сүйлөбө.

Очоктон нан түшө берсе ысырыктап кой.

Бирөөнүн кайгысына кубанба.

Себепсиз мойнуңа куруңду салба.

Күн баталекте жатпа - ал жамандыктын белгиси.

Аласаңды жөнү жок кыстаба.

Бирөөнүн ак никесин бузба.

Берген антыңдан кайтпа.

Элдин салт-санаасын тебелебе.

Ууру кылба, ушак сүйлөбө.

Аманатка кыянаттык кылба.

Бирөөнүн байлыгына көз артпа.

Ач көздүк кылып, жаман ишке барба.

Өзгө, жатка калыс бол, арамдыктан алыс бол.

Бирөөнүн үйүнө курал-жарагыңды, камчыңды ала кирбе.

Бирөөгө жакшылык кылсаң - ал акыры өзүңө кайрылып келет.

Тойдо тонумду бер дебе.

Үйүңө келгенге таарынычың айтпа.

Чакыргандан калба, өзүң басып барба.

Бирөөгө жамандык кылсаң - өз башыңа тийээрин унутпа.

Жакшы болом десең - жакыныңа жан тартпа.

Жашыңдан жаман жолго баспагын, адамдык сапатыңды сактагын.

Арстандай күчүң болсо - түлкүдөй куулукту үйрөн.

Арткан ашты иттен аяба.

Темирге заара кылба.

Түндөсү түш жооруба.

Балаңдын ыйманын жашынан тиле.

Ооз-кесир сүйлөбө.

Жааны аттаба.

Алган чачыңды тебелендиге таштаба.

Эки кишинин ортосунан өтпөй жүр.

Кайчыны эшиктин башына илбе.

Досуңдун үйүндө тырмак алба, касыңдын үйүндө чач алба.

Беймаал убакта оорулууну сурап барбайт, бала көрбөйт.

Үй ичинде ышкырба, үйдү айлана чуркаба.

Тырмагыңды отко салба.

Өлгөн жерге барганда оорулуунун абалын сураба.

Аркан чыйратып атканда түбүнөн өтпө.

Ат жалына бутуңду чыгарба

Кишиге көңүл айтып келатып башка үйгө кирбе.

Эртең менен жаман сүйлөбө.

Ата-бабанын арбагына сыйын.

Жер-сууну ыйык тут.

Намыскөй бол, аны өлгөнчө колдон чыгарба.

Дос душманды айыр.

Салт-наркты сакта, аны коргой бил.

Антты бузба, ата кегин ал.

Кесирленбе, сынтакпа - ал айланып өз башыңа түшөт.

Ниетиң оңолсо, оюң да, сөзүң да, ишиң да оңолот.

Кирип келатканда же чыгып баратканда босогону баспа.

Бирөөнүн үйүнө барсаң бута атымдай калганда аттан түшүп, дабыш чыгар.

Амандашпай, ал-жай сурашпай, сөз баштаба.

Үйүңө келген кишини эшикке чыгып тосуп ал, атын ал, чөп сал, өзүн үйгө кийир.

Конокко куюлган же берилген даамдан, адегенде, өзүң ооз тий.

Аялдар үйдүн эпчи (апче же апа, эже) жагына, эркектер ээр жагына отурат.

Конокторду сыйлоо байбиче аркылуу болот.

Аял киши конок отурган үйдөн чыкканда босогодон артын салбай, алдын салып (арты менен) чыгат.

Эт бышканда сорпону байбиче, а этти үй ээси биринчи ооз тийет.

Элге эт тартылганда үй ээси: "О, Көкө Тэңир, жалгай көр! Элден бар болгон ырыскыңды аяба! Мал-жанга тынчтык бере көр!" деп бата кылат. Тамак желип бүткөндө да ошентет.

Жети атаңды санай бил, билбесең кулсуң.

Эл салтын сыйла.

Улуу болсоң кичик бол.

Аялдар айгыр, эркектер байтал, уй минбеш керек.

Келин кайын ата, кайын энесин, күйөөсүнүн биртуугандарынын жана эже-карындаштарынын баарын тергеши зарыл, улуулардын алдынан кесип өтпөй, айланып өтүшү керек, булар ызааттуулуктун белгиси.

Жамандыкка малынба.

Сүйлөгөндө шашпай, так сүйлө, аз сүйлө, саз сүйлө.

Эл-жерге жат болбо ж. б.

Көкө Тэңириликтин мына ушу сыяктуу бүткүл элдик салтка айланып кеткен ырым-жырымдарын, акыл-насааттарын, жүрүм-турум үлгүлөрүн биз бала чагыбыздан өз кулагыбыз менен угуп чоңойдук. Бизди буга тарбиялаган үйдөгү ата-энелерибиз, ага-эжелерибиз болду. Көрсө, ал кылымдардан кылымдарга эбак калыптанып бүткөн, тээ атамзамандан элге алынып кеткен, баарына - улуу, кичүүгө бирдей тең болуп калган өтө кымбат ырым-жырымдар, акыл насааттар, жүрүм-турум үлгүлөрү экен! Элди кылымдардан кылымдарга эл кылып келген баарынан Улук, баарынан Кудуреттүү Көкө Тэңириликтин салт-санаасы тура!!!

ххх

Байыркы шумерлер Көкө Тэңири белгисин деген туюнтма менен берген экен. Мындагы белги Күндүн, а деген төрт белги Айдын туюнтмасы болгон. Бул - Күн бүтүндөй ааламга нур төгүп турса, Ай береги Жердин төрт бурчуна жарык берип турат деген түшүнүк болгон, ошондуктан, береги белгиге Айдын төрт ыңгайдагы белгиси коюлган да, ал Күн менен бирге берилгенде ушундай түргө келген. Демек, ал заманда Көкө Тэңири алиги Күн менен Айдын символу болгон!

Мына ушул эле туюнтманы кийин шумерлерден бабылдыктар (вавилондуктар) мурастап калган. А Күндү илгерки шумерлер И. М. Дьяконовдун чечмелөөсү боюнча деген белги менен бериптир. Менимче, бул Күндүн өзүнүн белгиси эмес, анын нурунун (нурдун) белгиси болсо керек. А береги Көкө Тэңири белгиси бир эле мезгилде байыркы тарыхый түрктөр (илгерки кыргыздар) сыйынган Күн менен Айдын да, булардын айгаптасында Көкө Тэңиринин да чиймедеги (иероглифтеги) элеси болгон. Эл Көкө Тэңиринин асмандагы синоними катары Күн менен Айга табынган заманда ушул эле белги Ыйык Күн менен Алтын Айды да, акырында, экөө биригип келип Көкө Тэңирини да туюнткан!

Мындай белги байыркы шумерлер менен алатоолук кыргыздардан башка эч бир элде жок! Азыр аргынын деле, конгломератын деле "түрк тилдеш элдер" же "түрктөр" деп атап атат го, мына ошол элдердин эч биринде берегидей белги жок. Ал бизде гана бар! Талас жазмаларында! Ал эки ыңгайда кездешет. Мындай ыйык тамгалар Орхон, Енисей жазмаларында да жок, бизде гана бар. Бизде! Алиги эки тамга өз-өзүнчө турганда бири - чыгыш менен батышты, экинчиси - түндүк менен түштүктү билдирген коддук маани болгон же алар дүйнөнүн төрт тарабын туюнткан! А бирок да, береги белгилер биздин "окумуштуулардын" пикири боюнча " Г г " тыбышын туюнтат имиш.

Ушул эле талас жазмаларында кездешчү белги тээ эң эзелки доорлордо "нур" дегенди туюнтканын кантип жашырабыз?! Нур! Бул белги да өзүбүздүн "илимпоздордун" айтымында "м" тыбышын туюнтат көрүнөт… А тээ эң байыркы замандарда береги белгилердин (иероглифтердин) маани-жайы таптакыр башкача эле го!

Эми кайрадан алиги талас жазмаларындагы эки ыңгайга келели да, экөөнү бириктирели! Ошондо биз эң эзелки Көкө Тэңири деген түшүнүктүн өзүн алабыз! Өзүн эмес, карарган кара көзүн!

Бул байыркы кара кыргыздардын (тарыхый түрктөрдүн) Көкө Тэңир деген эң ыйык сөзү го!!! Экөө бирикпей өз-өзүнчө турганда алар "коддук" купуя мааниде болот да, бириккенде Көкө Тэңири деген улуу түшүнүккө айланат!!!

ххх

Көкө Тэңири дини дүйнөлүк маданиятка эмне берди?

Кайталангыс көчмөн маданиятты берди! Ал маданият эң байыркы кара кыргыз элинин азыр эле биз сөз кылган бүтүндөй жашоо-тиричилигин кучагына алды да, батышы чoң-Танадан (Дунайдан) башталып, чыгышы Сары-Деңизден бүткөн алардын Оң кары аталган атактуу Улуу Өлкөсүнүн чегинде өмүр сүрдү! Дүйнө элдерине кентавр - амазонка - киммерий - сак-скиф-сармат-хунну-гунну - гяньгунь - тугю - хагас ж. б. деген атак аттар менен белгилүү болгон эң байыркы кара кыргыз элинин баш-аягы сегиз миң жылга созулган үстөмдүк өмүрү ал көчмөн маданияттын айрым элементтеринин Баатыр Бабаларыбызга баш ийген башка журттарга да жугушуна өбөлгө түздү. Азыр Кара-Деңиздин түндүгүнөн тартып Сары-Деңизге чейинки аралыктан чыгып аткан археологиялык байыркы табылгалардын үлгүлөрүнүн көпчүлүгү, ир алды, так ошолорго тиешелүү го! Ошолорго!!!

Улуу Көкө Тэңирге сыйынган эң байыркы теңдешсиз жоокер эл дүйнөлүк акыл казынасына кайталангыс "Манас", "Семетей", "Сейтек" эпостору баш болгон "Эр Төштүк", "Эл Табылды", "Кыз Сайкал", "Жаныш Байыш", "Кожожаш", "Курманбек", "Саринжи Бөкөй", "Карагул ботом" сыяктуу баш-аягы элүүгө жетип жыгылган "улуу" жана "кенже" эпосторду берди! Эгер, толук баса турган болсо "Манастын" өзү кырк том, калган "кенже" деген эпостору кырк томго чамалады! А мындай байлык дүйнөнүн эч бир элинде жок!!! Мына ушунун өзү эле биздин элдин эң байыркы эл экендигин дагы бир ирет ырастап турса керек!!!

Береги эпостордон сырткары беш жүздөн ашык жөө жомокторубуз менен ар түркүн тарыхый аңыздарыбыз бар! Кошоктор, тарыхый кошоктор, тарыхый ырлар, санат, насыят, терме, салт ырлары, күү ырлары, айтыштар, ар кандай санжыралар менен уламыштардын өзү беш миңден ашат. Тиги эпостор менен береги көркөм дүйнөлөр биздин улуттук байлыгыбыз! Улуттук!!! Аларда улуу Көкө Тэңиринин он түмөндөгөн осуяттары, ой санаттары, үлгү сөздөрү, асыл накылдары уюп жатат! Биз, байыркы улуу элдин урпактары, мына ушуну менен сыймыктанууга акылуубуз. Анткени, ошонун баарында тең биздин элдин эң эзелки Тэңири каада-салты, Тэңири салт-санаасы, дүйнөдө теңдеши жок Тэңири көчмөн маданияты, теңдешсиз Тэңири жоокердик өнөрү, эң байгер Тэңири тиричилиги жатат. Алиги, баш-аягы жүз томго жетип жыгылчу тарыхый эпосторубуз менен берки тарыхый жөө жомоктор баш болгон көркөм дүйнөлөрүбүздөгү Тэңири каада-салттар менен кайталангыс көчмөн маданиятты, баатырдык жоокердик өнөр менен байыркы көчмөндөрдүн байгер тиричилигин бирден иликтеп-изилдеп жазуунун өзү жүздөгөн томдон ашып кетет го! Ашып! Албетте, бул ыйык милдет келечектин иши го!!! Улуу эпосубуз "Манас" атактуу Оңдордун доорунун өзүн ырдаса, "Семетей", "Сейтек" ушул элдин көздөй тукумдары улуу түрктөрдүн доорун баяндайт. "Кенже" эпосторубузда ошол Улуу Оңдор менен Түрктөрдүн доорунан калган эң бай Тэңири тарыхый мурас, кайталангыс көчмөн маданият, баатырдык салт эң жогорку көркөмдүктө ырдалат да, батышы Чоңтанадан башталып, чыгышы Сарыдеңизден бүткөн Улуу Өлкөнүн тарыхый көпчүлүк жерлери эскерилет. "Кенже" деп аталган эпосторубуздун баары тең кыргыз элинин тээ биздин заманга чейинки доорлордон башталган ар кайсы кылымдардагы өмүрүн чагылдырган тарыхый дүйнөлөр го!

Улуу Көкө Тэңирге сыйынган журттун элдик оозеки чыгармачылыгы гана катуу өнүккөн жок, анын улуттук ыр-күүсү да ченемсиз өркүндөгөн. Мындан жети-сегиз миң, а балким, андан да алда канча мурда эле комуз, темир комуз, жыгач ооз комуз баш болгон сурнай, керней, сыбызгы, чоор, кыл кыяк, дабыл сыяктуу ондогон музыкалык аспаптары жаралып, күүнүн башы "Камабаркан", "Насыйкат", "Шыңгырама", "Ботой", "Кербез", "Желмаян менен Шүдүңгүт", "Торгой менен Турумтай", "Буудан көк", "Үч коо", "Алмамбеттин арманы", "Саринжи Бөкөй", "Ташыдан ташы, Бекарстан ташы", "Мен Мендирман, Мендирман", "Кет Бука", "Кырк аркар", "Карагул баатыр", "Кыргыз көчү", "Коңур каз", "Сур толгоо", "Кер толгоо", "Кара теке", "Ак бакай", "Барым күү", "Култепер", "Күлтегин", "Абышканын арманы", "Кемпир", "Ак байтал", "Беш кайруу", "Ак жоолук", "Бешик ыр", "Көч жандаар", "Кара кашка", "Керме тоо", "Солтон сары", "Калмак күү" өңдүү миңдеген тарыхый күү; темир комузда кагылчу "Турумтай", "Булбул", "Так теке", "Көк музоо", "Керме тоо", "Селкинчек", "Күйгөн", "Секетпай", "Жортуул күү", "Карача торгой", "Кош кайрык", "Кыздардын темир комуз күүсү", "Айкүмүштүн такыл эт", "Кулпенде", "Тагылдыр тоо" сыяктуу жүздөгөн күү; кыл кыякта тартылчу "Тизгин күү", "Кара күү", "Кара өзгөй", "Карала найман ак козу", "Сурнай күү", "Арман күү", "Күкүк менен Зейнеп", "Кошок күү", "Карагүл ботом", "Көр өзөн", "Кош кайрык", "Ак токту", "Бургуй", "Түнкү күзөт", "Кошок", "Кербез", "Ат кетти", "Шооруктун керээзи", "Тейиштин уулу Аккочкор каңкы", "Сары Көбөн жалгызым", "Бекарыстан", "Керме тоо", "Байге", "Ботой" өңдүү эки жүздөн ашык күү; чоор менен тартылчу "Эски күү", "Кемпир менен келин", "Чертмек күү", "Секетпай", "Чоор күү", "Бай коюңду жоо алды", "Кара кыз менен сары кыз", "Мактым", "Узак күү", "Карагул менен Сарыгул ботом", "Арман күү", "Жетим бала", "Улуу көч", "Кошок", "Койчулардын коңур күү" сыяктуу жүздөн ашык кайталангыс күү; эң байыркы "Бек Бекей", "Сак Сакай", "Шырылдаң", "Оп майда" өңдүү миңдеген элдик ырлар өмүр сүргөн. Мына ушунун өзү эле өтө терең урматтоого татыктуу эмеспи!

Улуу Көкө Тэңирге сыйынган эң байыркы эл улуттук оюнга да бай эле! Жанараак эле сөзгө алынган Балбан күрөш, Эр сайыш, Жамбы атыш, Ат чабыш, Эр оодарыш, Улак тартуу, Ордо атуу, Чолпу эңмей, Кыз куумай баш болгон Көз таңмай, Таз сүзүштүрүү, Аркан тартышуу, Өпкө чабышуу, жөө чабыш, Тогуз коргоол, Упай атышуу, Аял оодарыш, Аялдардын сайышы, Жылаңач чабышуу, Айгыр чабуу, Кунан чабуу, Кыз берүүдөгү майда оюндар, Төшөк талашуу, Дүмпүлдөк, Токту сурамай, Акчөлмөк, Селкинчек, Чикит чапмай, Көк бука, Жашынмак, Жоолук таштамай, Каным дат, Кан таламай - өкчөмөк, Уюм тууду, Төө чечмей сыяктуу баш-аягы жүзгө жетип жыгылган мындай улуттук оюндар ошол эң эзелки элдин бу дүйнөгө болгон көз карашын жана бардык улуттук кулк-мүнөзүн туюнтуп турган. Бул улуттук оюндар тээ эң илгерки замандардан кечээги күнгө дейре элдин эрмеги жана алардын көңүлүн жайкаар жан жолдошу болуп келген. Байыркы кыргыздар Оң карылардын кең-байтак талаа түздөрүндө аргымагын алкынтып, шамалдай дуулдап жүргөн замандарда, асыресе, алар тыягы Серепти, быягы Сыймун (корея) менен кытай, манжууну олжологон доорлордо балбан күрөш, ат чабыш, эр сайыш сыяктуу ондогон баатырдык оюндарыбыз дүйнө элдерине тарап кетти! Ушул азбы? Көп го, өтө көп!!!

Эзелки көчмөн Баатыр Бабаларыбыздын элдик дарыгерлигин, жылдыз саноо өнөрүн, улуттук кийим-кечесин, тамак-ашынын түрлөрүн, бала төрөлгөндөгү жана өлүк коюдагы кайталангыс үрп-адаттарын, кудалашуу жана ага-туугандык салттарын айтып отурса өзүнчө эле бир дөбө - томдогон китептерди жазса болот. Булардын тоюнун түрлөрү эле элүүгө барып жыгылат; бешик той, тушоо кесүү тою, келин алуу тою, мүчөл той, чочок кесүү тою, кыз тою, конуш той, өргөө көтөрүү тою, кемеге той, төркүлөтүү тою ж. б. болуп кете берет. Ошол тойлордун туу чокусу жана биз айткан, Улуу Көкөтой (аш) эмеспи! Ошол!!!

Көчмөн маданияттын туу чокусу - боз үй го! Дүйнө элдерине "Тэңир үйү", "Жоокер үйү", "Баатыр үйү", "Скиф үйү", "Гунн үйү" ж. б. деген атак аттар менен таанылган ошол керемет үйдү да дүйнөгө алгач ирет өзүбүздүн байыркы бабалар алып келди го! Ал мындан сегиз миң жыл мурда өмүр сүргөн Угус бий менен кошо эскерилет, демек, сегиз миң анын берки жашы, а аркы жашын биз мындан кырк-элүү миң жыл мурдагы доорлордон же кыргыздын түпкү атасы өмүр сүргөн замандардан издешибиз керек…

Боз үй - көчмөн өмүр сүргөн элдин турагы, демек, ал көчмөндүүлүктүн символу! Береги "көчмөн маданият" деген түшүнүктүн өзү да так ушул боз үйдөн улам келип чыккан эмеспи! Бабаларыбыздын ушул боз үйдүн ичиндеги бардык мүлкү: ар түркүн ат жабдыктар менен ээр-жүгөндөн тартып очоктогу тулга менен казанына, чыгдан ичиндеги карапасы менен идиш-аяктарына, төргө салынган шырдагы менен алакийизине, бетине оймо салынган түркүн кооз эмеректеринен ар кайсы буюмдарына чейин ошол көчмөн маданияттын байлыктарына жатат го! А булар азыр байыркы кыргыздар өмүр сүргөн жерлердин баарынан өтө мол табылууда, изилденүүдө, насыйкатталууда… Алар, азыр, тарых тили менен айтканда "гунн маданияты", "сак-скиф маданияты", "түрк маданияты" ж. б. деген айдар аттар менен өмүр сүрүүдө. Арадан анча-мынча мезгил өтсө, береги эмгектерибиз башка элдерге жетип Ата Мекен алдында жүзүбүз жарык болсо, чындык жеңет го! "Ак ийилет, бирок, сынбайт" эмеспи. Аман болсок, береги маданияттар "байыркы Кара Кыргыз маданияты" деген өз атына ээ болчу күндөр алыс эмес…

Эң башкысы, дагы айтамын, боз үй жөн гана турак эмес, ал байыркы улуу көчмөндөрдүн улуу философиясынан жаралган Ыйык Жайы - Тэңири Үйү!!! Тэңири Турагы! Тэңири Уясы! Тэңири Калканычы! Тэңири Имараты! Эч нерсеге алмашкыс Алтын Сарайы! Боз үй - Улуу философия!!! Не дегенде - анын түндүгү - Улуу Күндү, а түндүккө сайылган ууктар - Улуу Күндүн нурларын, а төрт бурчтанып турган керегелер-дүйнөнүн "төрт бурчун" (ааламды), ошо керегелерди жабуунун сыртынан кыймылдатпай бек таңган таңуу - Асман Кырчоосун (керегени сыртынан айланта таңган арканды биздин акылман бабалар ошон үчүн "кырчоо" деп атаган го!), а боз үй ичиндеги кыргыз баласы өмүрү өткөнчө жылуу жай кылган тегерек айлампа - жалпы адамзат мекен кылган Улуу Жерди туюнткан!!!

Мына, ушу, азыр биз сөз кылган элдик өтө бай оозеки чыгармаларыбыз менен күүлөрүбүздүн, улуттук оюндарыбыз менен тойлорубуздун, боз үй баш болгон тиричилик байлыктарыбыздын баары тең байыркы Ата-бабаларыбыз Улуу Көкө Тэңирге сыйынып турган заманда жаралды! Андыктан, кайсы гана эпосубузду же күүбүздү албайлы, ал кошокпу же Баатырдык ырбы, баарында тең Улуу Көкө Тэңирдин духу жатат! Ошонун касиеттүү деми жатат! Ошонун баарында Улук Көкө Тэңирдин Керемет Жүрөгү согуп турат! "Төбөсү ачык Көк урсун, төшү түктүү Жер

урсун!" деген абдан чынчыл анты сыяктуу, касиеттүү өбөлгөсү жатат! Эң башкысы - "Тэңирдин уулдарынын" кылымдардан кылымдарга созулган жан-дүйнөсү, мобу Жарыкчылыкка болгон көз карашы, эң акырында - алардын Баатыр Ата-бабаларынын Жоокердик салты жатат!!! Биздин эзелки Баатыр элди мына ушундай рухий жана улуттук бийиктикке көтөргөн, аны түбөлүк Даңкка бөлөгөн, тээ эң байыркы доорлордон ушу күндөргө дейре жеткирген Улуу Көкө Тэңирдин кереметтүү касиети жатат! Ал Жоокердик Дин болбогондо биз эбак Эл болбой калат элек… Береги күндөрдү көрбөй калат элек…

Баатыр бабаларыбыз так ошол Улуу Көкө Тэңирдин ченде жок ой-санаттарын, акыл-насааттарын, үлгү сөздөрүн туу тутуп жүрүп ушу күндөргө жетти го! Ошол бир гана сөздөн (сүйлөмдөн) турган теңдешсиз акыл-насааттар менен ой-санаттар биздин элге кылымдардан кылымдарга, доорлордон доорлорго теңдешсиз Улуу Мектеп болуп берди го! Бабаларыбыз ошол куну чексиз акыл-насааттарды үйрөнүп жүрүп Киши болду, Ата болду, Баатыр болду, Эл-Жер коргоду, Элди Эл, Жерди Жер кылып сактап калды го! Улуу Көкө Тэңирге сыйынып жүрүп! Асманга - Улуу Күнгө табынып жүрүп! Биздин эң байыркы элди башка журттар ушун үчүн "Тэңирдин балдары", "Асман уулдары", "Күн балдары" деп, өтө зор урмат менен атаган эмеспи!!!

ххх

Жыйырманчы кылымда бу жарыкчылыкта табигый бир топ кырсык (суу ташкыны, жер титирөө, деңиз ташкыны, кургакчылык же мурда болуп көрбөгөндөй жаан-чачын, кар ж. б. ) болуп өттү. Ал улам тереңдеп барат. Бул - айлана-чөйрөнүн жана табияттын бузулушу, токойлордун ченемсиз кыйылышы, жер бетин каптаган түтүндөн аба-ырайынын кескин жылып кетиши, ушундан улам түбөлүк муздардын ээриши, жер астынан алынып аткан газдардан улам жер көңдөйүнүн көбөйүшү сыяктуу бир топ себептер менен түшүндүрүлөт. Демек, "төбөсү ачык көк менен төшү түктүү жер" киши баласына нааразы боло баштады. Анын залдары али алдыда…

Ушундан улам, ар кайсы өлкөлөрдө "жаратылышты коргоо", "экология" деген сыяктуу кыймылдар жаралды. Бул, албетте, киши баласы өзү чыккан башатка кайрадан кайрыла баштады, ал жаратылыш менен жан-жаныбарлардын бирдигин, экөө бири-бирисиз тиричилик кыла албастыгын кайрадан моюндай баштады деген кеп! А Көкө Тэңирге сыйынуунун түп мааниси деле Өмүргө, демек, Көк (аба), Күн (от), Ай, Жылдыз, Жер, Суу, Тоо-Таалага табынуу го! Өмүргө өтө зарыл болгон береги жети кереметти ыйык тутуу, аны урматтоо-кадырлоо, керек болсо, аларды коргоо го! Демек, киши баласы өзү чыккан башатка келе баштады! А бул - Чоң Жакшылыктын жышааны!

Тарыхтагы Көкө Түрктөрдүн Улуу империясынын урашына эмне себепчи болгон? Бул суроого деле кайрадан: "Алардын Көкө Тэңири дини" деп жооп бергим келет. Ал, мен мурдатан айта келгендей, Жоокердик Улуу Дин эле! Байыркы кыргыздар Көкө Тэңири динин бек тутуп турган доорлордо алар темирдей бекем, ошо Тэңирдин өзүндөй кудуреттүү, Асмандай бийик, Байкөлдөй (океандай) терең болгон. А качан гана алардын айрым топтору Көкө Тэңириден четтегенде калың элди кара баскан. Тээ Улуу Оңдордун доорунун башталышында байыркы кыргыздар Көкө Тэңир баш болгон тогуз Тэңирге сыйынса, ошол замандын акырында алар береги Тогуз Тэңирдин синонимине айланган Көкө Тэңирге, Умай энеге, Жер-Сууга гана табынып калган. Бул жагдай жанагы түрк жазуулардын өзүндө бадырайып көрүнүп турат го. Көкө Түрк доорунун акырында бул элдин арасына жик кеткенде - чет өлкөлөр менен чектешкен айрым уруулар бутка, несториан агымындагы христианчылыкка, манихейликке, исламга табына баштаганда, мунун акыры, калың элдин бытыроосу, башка журттарга сиңүүсү, согуштук жактан алсырашы, натыйжада, Улуу Түрк (Кара Кыргыз) дүйнөсүнүн кыйрашы менен аяктаган. Көрдүңбү, кыйрашы! Көкө Тэңири өзүнө болгон мындай терс мамилени көтөрө алган эмес. Ал тээ атам замандан бери "Тэңирдин уулдары" деген зор атакка конуп келген өз кулундарын аёосуз жазалаган. Мунун акыры тигинтип, батышы Кырым менен Капка тоодон башталып, чыгышы манжоодон бүткөн Улуу Түрк өлкөсүнүн кыйрашы менен бүткөн. Ошондон кийин, Көкө Тэңирдин каарына калган тарыхый түрк эли тиштегендин тишине, уучтагандын уучуна кеткен байкуш элге айланган. Бул эң байыркы элдин эчендеген кылымдар бою сыйынып келген өз Көкө Тэңиринен ажырашы - анын согуштук күч-кубаттан ажырашын шарттаган. Ушундан кийин булар мурдагыдай өтө зор күч-кубатка таптакыр эле ээ боло алган эмес. Алар үчүн баарынан ыйык Көкө Тэңирден ажыроо - баарынан ажыроо болгон… Ир алды, согуштук өтө мол күч-кубаттан ажыроо… Мунун кесепетинен, Чыгыш менен Батыштагы бардык жерлеринен айрылуу… Ички жана сырткы жоолордун чапкынынан калың элдин көпчүлүгүнөн ажыроо… Акырында, Чыгыш менен Батыштагы кең өлкөсүн башкаларга тарттырып ийип, тентип-тербип келип, береги алакандай Ала-Тоого корголоо… Кандай өкүнүчтүү?!!

ххх

Ушу тапта тээ эң байыркы доорлордо ата-бабалары Көкө Тэңирге сыйынган азыркы кыргыздардын айрымдары исламга, кээси христианга, дагы бирөөлөрү бутка (буддага) сыйынып кеткен жайы бар. Бул, эмне, адашкандыкпы? Мобу кедери кеткен заманда оор турмуштун айынан чокунуп кеткен кыргыздар бир топ дейт, себеби, чиркөө христиан динине өткөндөргө акчалай да, "материалдык" жагынан да жардам берет экен деп угабыз. Эгер ушул чын болсо, ал айла жоктон жасалган же ачкадан өлбөйүн деген бечаралыктан улам келип чыккан олдоксон кадам го?! А эгер, христиан динин кара курсактын айынан эмес, өз эрки менен кабылдап атса, анда христиан жөнүндө көргөн-билгендерибизди айта кетели. "Сөздү учурунда айтпаса атасы өлөт" дейт, анча-мынча кеп уралы…

"Библияга" тирек болуп турган бардык байыркы маалыматтар, кабарлар, аңыздар, болмуштар, окуялар, жомоктор ж. б. баардыгы тең эзелки кеңгерликтердин (шумерлердин) илгерки жомокторунан, маалыматтарынан, аңыздарынан, болмуштарынан, ар кандай окуяларынан алынгандыгын өзүмдүн "Кара Кыргызымда" (Бишкек, 1995, I т., 344-350-б. ) белгилүү америкалык окумуштуу С. Н. Крамердин "Тарых Шумерден башталат" аттуу китеби жана өз иликтөөлөрүм аркылуу жетээр жерине дейре далилдей кеткен жерим бар. Христиан динине арка болуп турган алиги бейиш, тозок, мүрөктүн суусу, топон суу, кыл көпүрө ж. б. өңдүү "Библиядагы" жүздөгөн кабарлар менен маалыматтар, аңыздар менен болмуштардын бардыгы тең, түпкү тегинде, эң байыркы шумерлердики го! Демек, тээ эң эзелки замдандарда "Эренге кеткен" байыркы кыргыздардыкы!

Көкө Тэңириликтен алда-канча кийин пайда болгон Зороастр, бут, христиан, ислам жана башкалар, адегенде, киши баласынын жүрүм-турум үлгүлөрүн айкындаган адеп-ахлак туурасындагы катардагы эле мыйзамдардын жыйнагы болсо да, кийин алар жанагы жазмакер дин кызматкерлеринин жардамы менен өз-өзүнчө диндерге айланып кетти. Ар диндин ойдон чыгарылган же чыгарылбаган өз кудайлары менен пайгамбарлары пайда болду. Мисалы, Бут окуусу б. з. ч. VI-V к. Түндүк Индияда ошо кездеги бул өлкөдөгү касталык түзүлүшкө ж. о. э. брахмандардын чектен ашкан эзүүсүнө каршы пайда болсо, ал б. з. I к. тхеревада жана махаяна ("большая колесница") аттуу эки агымга бөлүнгөн. Тхеревада мурдагы Бут окуусунун өзөгү сакталып, мында Будда Кудай эмес, кыйналган элге жол көрсөтүүчү устат же мугалим катары гана сыпатталса, махаянада Будда эми устат-мугалим эмес, ал накта Кудай катары көрсөтүлө баштаган да, мурдагы Сакья Муни (түбү кыргыз) буддасынын катарында Амитаба жана Очирвани аттуу буддалар пайда болгон. Бут дининдеги Будда мына ушундайча Кудайга айландырылган… А азыр болсо бул диндин махаяна, тантризм жана хинаяна ("малая колесница") аттуу агымдары бар. Мындан биз береги диндин убакыт өткөн сайын кошумчаланып жазылып, мезгил талабына жараша жаңыланып, секталары көбөйүп, өркүндөп-өсүп атканын көрөбүз.

Ал эми христианга келе турган болсок, ал да адегенде катардагы алсыз кулдун (еврейдин) же империянын эң жакыр катмарынын, алиги Римдик кул ээлөчү эзүүчүлөргө каршы ой-мүдөөлөрүн билдирген окуу болгон. Бул оор эзүүдөн кантип кутулуу чарасы колунан келбеген жөөттөр асманга суроолуу тигилген. Булардын андан башка аргасы калган эмес. Бир болсо Кудайдан гана жардам болмок. Асмандан түшүп келчү Иисус Христостун мифтик образы да мына ушундайча жаралган. Ал өзүнүн азаптуу өлүмү менен адам баласынын бардык күнөөсүн жууп салган керемет катары сыпатталган да, "анын асмандан эмки келиши катаал сот башталчу күнү болот, ушундан кийин бардыгына теңчиликтүү "асман падышалыгы" орнойт" имиш… Адепки окууларда Иисус атасыз төрөлгөн (ойноштон бүткөн) эле бирөө болсо да, жүрө-жүрө жөөттөр ага улам бир аңызды жамап отуруп, пайгамбар-кудайдын деңгээлине көтөрүп ийген. Иисуска байланышкан эки ача пикирлер да ушундайча пайда болгон. Диофизиттер Иисустан эки табиятты же кудай менен кадимки эле кишини көрсө, V к. Византиядагы монофизиттер андан кудай-кишини эмес, кудайдын өзүн көргөн же аны кудай деп баалаган. Ошол эле кылымда пайда болгон несториан агымы Иисусту кудай же кудай-киши эмес, табиятында кудайдын касиеттери бар демейдеги эле киши катары билген. Ал эми протестанттар болсо кудай менен кишилердин ортосунда эч кандай далдалчы (байланыштырчу өкүл) болуусу мүмкүн эмес, эл кудай менен түздөн-түз байланышып турушу керек деп, чиркөөдөгү ичип-жегичтерге каршы чыккан. Ошентип, булар кандайдыр бир деңгээлде, Иисусту четке каккан. Ошентип, бири аны кудай, экинчиси кудай-киши, үчүнчүсү кадимки эле киши деп талашып-тартыша келсе, бийликтегилердин катуу колдоосу астында бул да кийин кудайга айланып кетти окшойт.

Еврейлер алиги Кудайдын же Жараткандын өз аты Иегова деп үйрөтөт. А католиктик "Иерусалим Библиясында" жана кийинки айрым окумуштуулардын эмгектеринде анын аты Яхве. Мына ушул эки ачалыктын өзү береги кудайдын абдан жасалма экендигин кыйкырып турат го?! "Библия" демекчи, бул сөз - гректердин "китеп" деген маанини туюнткан сөзү, "Жаңы осуят" аттуу грек христиандарынын жазмасы. Мурда кол жазма түрүндө өмүр сүрүп келген христиан осуяттарын алгач өзүнчө китеп кылып чыгарган мына ошолор го! А 60 баяндан турган "Эски осуят" - еврейлердин өз жазмасы эле…

Ушул жерден "Библияда" айтылган "тарыхый окуялардын" көпчүлүгүнүн жалган экенин далилдеген Тель-Авивдин өзүндө жарыяланган бир кабарды назарыңарга сунамын (макала "Конец Библейской легенде" деген ат менен "Дело №… " газетасынын мурдагы жылдардагы санына басылган):

"Библейского периода в истории Израиля… не было. Не было ни исхода из Египта, ни странствований по Синаю, ни осады Иерихона Иисусом Навином, ни великих держав Давида и Соломона. К выводу о несоответствии основополагающих положений Библии историческим реалиям пришли израилские археологи.

70 лет раскопок на земле нынешних Израиля и Палестины не дали ни единого подтверждения фактам, изложенным в Танахе (Ветхом завете)… "

Дагы бир, өтө баса белгилей кетчү нерсе, иудей (христиан) дини адегенде береги еврейлердин гана дини болгон. Анын эң алгачкы сабынан тартып акыркы сабына дейре так ошол жөөттөр жазган. Мында алар өзүлөрүн башка элдерден жогору коюп, еврейлерди "кудай жакшы көргөн эл" (богом избранный народ) дегенге чейин барган. Мунун жалган экендигин тарых өзү далилдеди. Эң өкүнүчтүүсү, береги христиан динин туткан башка элдер да кандайдыр бир деңгээлде, жөөттөргө айланып кетти окшойт, же К. Маркстын эң элестүү сөзү менен айтканда: "… практический дух еврейства стал практическим духом христианских народов. Евреи настолько эмансипировали себя, насколько христиане стали евреями".

Жанараак баяндап өткөнүбүздөй, христианчылык өзүнөн мурдагы жөрөлгөлөрдүн баарын тулкусуна сиңирген. Андан Көкө Тэңирилик да четте калбаган. Азыр эле мен айткандай, Ай-жылдыздарга сыйынуу (астральный культ) өзүбүздүн Оңдордун элинде өзгөчө кулач жайган го. Күн кыскарып отуруп токтоп, кайра чилденин арышындай узара баштаган кез же кышкы чилде түшкөн учур биздин элде тээ эң байыркы заманда Күнгө сыйынуу менен коштолгон курмандык чалуулар болуп өткөн. Ал биздин элде бүгүнкү күнгө чейин "кышкы согум" деген ат менен сакталып келет. А христиан дини байыркы көчмөндөрдүн ушул улуу күнүн ойдон чыгарылган Христтин туулган күнүнө айландырып алган.

Жанагы тайып (грек) аңызындагы Сотер (грекче "аман алып калуучу", "аман сактоочу") деген ылакап ат баардык Олимп кудайларына карата айтылган. Адамды же аскерди аман алып калгандыгы үчүн ыраазылык иретинде курмандык чалууну береги тайып эли "сотерия" деп атаган. Кийин христианчылык береги Сотердин (орусча аты Спас же Спаситель) атын жана аткаруучу бардык функциясын Христке оодарып алган.

Тиги илгерки мисир аңызындагы өлгөн күйөөсүнүн (биртууганынын) сөөгүн издеп жүрүп эң ырайымсыз Сет менен болгон күрөштө чыңалган Исиданын элеси бул кудайды кул болгондордун коргоочусуна, аялдардын жардамчы-көмөкчүсүнө, кордук-зордук көргөн ургаачылардын коргоочусуна айландырган. Исидага сыйынуунун ушул жактарын кийин христианчылык толугу менен "богородицага" которуп алган. А байыркы славяндардын "Иван Купала" деген күндүн ысышы жана түшүмдүүлүктүн кудайынын майрамын чиркөө "Исани Креститель" аттуу өз майрамына айландырып салган.

Фетишизм (буюм-теримдерге сыйынуу) байыркы көп элдерде кеңири жайылган. Алдыңкы Азиядагы Астарта менен Кибелага сыйынуу ташты кадыр тутууга багытталса, Греция менен Римде "байтил", "грем" таштары, жыгач дөңгөчтөр, мүйүздөр, соко-буурусундар, куралдар жана көп сандаган тумарлар ардакталган. Мындай фетишизмдин калдыктары христианчылыкта да сакталган. Мисалы: кургак жердеги көрдө жатып катып калган өлүктү (христиан динчилдери элди алдоо максатында аны "олуя" деп жарыялайт), крести, сууну, карагайды, жумуртканы, куличти (таттуу сүйрү нандын бир түрү) касиеттеп ардактоо жана башкалар…

Айта берсе, өзүнөн мурдагы булактардан, каада-салттардан, жөрөлгөлөрдөн каалашынча кабылдоо "Библияда" өтө мол.

А исламга келе турган болсок, дүйнөлүк тарыхта Мухаммеддин түп атасы Исмаил жанагы еврейлердин аркы атасы Изариль менен биртууган делет. Демек, "исламдын пайгамбарынын" канында жөөттөрдүн каны болгон. Андыктан, Мухаммед өлгөндөн кийин ошонун атынан "Куранды" түзгөндөр жанагы "Библиядан" түздөн-түз көчүрүүгө моралдык жактан укугу бар эле, не дегенде, алар бир тукумдан таралып атат го! Ошондуктан, иуда менен христиан пайгамбарларынын көпчүлүгү "Куранда" бар. Бир айырмасы - "Библия" эзелки жөөттөрдүн көз карашына, дүйнө таанымына ылайыкталса, "Куран" илгерки арабтардын көз карашы менен дүйнө таанымына ылайыкталып жазылган же ал мурда жеке гана арабтардын дини болгон. "Куранда" да "Библиядагы" жөөттөрдүн табияты жатат. Бир кездеги катардагы эле киши же Мухаммад анда пайгамбар. Эгерде, христиан дини дүйнө элдерине ар кайсы өлкөлөргө бытырап кеткен жөөттөр аркылуу тараса, ислам дини дүйнө элдерине орто кылымдардагы араб басып алуулары аркылуу күч менен таратылган. Заманында бул динге кирбегендердин башына мык кагылган.

"Жөөт" дегенди биздин бабалар "жеткен митайым, арамза, өтө куу киши" деп түшүнгөн экен, аны биз да так ошондой түрүндө кабыл алдык. Жанагы дин кызматкерлеринин: "Библия" менен "Куран" - асмандан түшкөн ыйык китептер" деп түшүндүрүп отурушу - баштан-аяк жалган же нукура жөөтчүлүк! "Библия" жөөттөр тарабынан түзүлсө, "Куран" андан бир топ кылымдан кийин арабтар тарабынан тиги жөөттөрдүн китебинин абдан катуу таасиринде жазылган. Экөө тең бир нуктан жаралгандыктан тигиниси да, мунусу да жөөт жыттанып турат. Экөөндө тең эле береги еврей, араб элдеринин тээ илгерки замандагы өз кызыкчылыгы, ой-санаасы камтылган. Андай болбогондо, эмне үчүн, кудайдын жерге жиберген өкүлдөрүнүн бири жөөт (Иисус), экинчиси араб (Мухаммед) болуп калышы керек? Эмне үчүн ал немис же француз болбойт? Же кытай, же корей болбойт? Эмне үчүн жөөттөр "кудай жакшы көргөн эл" (богом избранный народ), а калгандары экинчи сорттогу… Ушул да калыстыкпы? Эгер, бул туура болсо кудайдын теңчилиги кайда? Ой, бу "Библияда" еврейлердин "богом избранный народ" катары көрсөтүлүшү таптакыр калпыс го?! Эгер, алар чындыгында эле "кудай жакшы көргөн эл" болгондо, башка журттардан эч качан кордук көрмөк эмес эле го?! Вавилон туткунунда же римдик басып алуучулардын тепкисинде калбайт эле го?! Акырында, бүт дүйнөгө бытырап, тентип кетпейт эле. (Барган жерине оңой менен байыр алалбай, байыр алса да жергиликтүү эл катары теңдикке жеталбай, ар дайым куугунтук жеп, кор болуп жүрүп, акыры, "сөз жана басма сөз эркиндиги", "адам укугу" деген сыяктуу өктөлөрдү алгач ирет көтөрүп чыккан топтор да так ушул жөөттөр эмес беле?! Не дегенде, ошо кудай өзү тандап алган бул элди жамандыкка кантип кыйсын? Ал береги "өзү тандап алган элди" кул кылган алиги вавилондуктар менен римдиктердин сазайын бербейт беле?! Жок, андай болбоду, Жанагы "богом избранный народ" дегени баштан аяк жалган нерсе болуп чыкты. Көрсө, бул - нукура жөөтчүлүк экен…

Kuran

Мындай жөөтчүлүк "Куранда" да мол. Мен бирин гана айта кетейин. Анда арабтардан башка элдер динсиздер деп табылып, аларга каршы орто кылымдарда өтө кандуу "газаваттар" (дин үчүн жортуулга чыгуу) өткөн. Бул көрүнүштү XX кылымдагы нацисттер (фашисттер) менен гана салыштырууга болот эле. Эгер, басылып алынган элдер исламды кабыл алса кырылбай аман калган да, өзүлөрү таптакыр түшүнбөгөн араб тилиндеги "Куранды" жаттап, аны беш убак жатка окууга аргасыз болгон. Демек, алар араб бийлигин күнүнө беш жолу моюндап турган. А мунун түбүндө деле арабтарды башка элдерден жогору коюу же анын салт-санаасы менен тилин өзгөлөрдөн өөдө коюу өңдүү жөөттүк салт жаткан. Эгерде, "Библияны" ар башка эл өз тилине которуп алып, окуп-үйрөнүүгө акылуу болсо, те өткөн замандарда арабтар тарабынан чабылып алынган элдер бул ырыскыдан да куру калган. Чабылган жерлердеги "кудайдын кулдары менен Мухаммеддин үмөттөрү" аны түп нускасында гана окуп-жаттоого милдеттүү эле. А бул - араб тилин билбеген эл үчүн өтөле оор болгон. "Библиясы" да, "Кураны" да өткөн замандардагы караңгы элдин түшүнүгүнө багытталгандыктан берегилердин дүйнөгө жайылышын ого бетер тездетип ийген, не дегенде, ошо орто кылымдарда дүйнө элдеринин көпчүлүгү сабатсыз эле. Мына ушундай жагдайда, араб тамгалары менен тилин өздөштүрүү зарылдыгы келип чыккан. Мунун үстүнө, "Куран" "кудайдын сөзү" болгондуктан аны башка тилдерге которууга мүмкүн эмес эле. А мында баскынчы арабтардын өтө чоң саясаты жаткан, эгер, "Куранды" ар кайсы эл өз тилине которуп алып окуса, анда, ыйык делген "Куранда" эч бир касиеттүү сыйкыр калмак эмес, ал кудай жөнүндө айтылган жөнөкөй эле сөздөрдүн тизмегине айланып калмак. Ушундан чочулаган араб баскынчылары өзүлөрүнө каранды болгон кайсы гана эл болбосун алиги "кудайдын сөзүн" түп нускасында гана окуп-жаттоого мажбур кылган. Кийин ал салтка айланып кеткен. "Куранды" толук жаттап, жат окугандарга "кары" деген сый-наам берилген да, алар мамлекеттик иштерге тартылган, демек, "Куран" чоң кызматтарга жетүүнүн ачкычына айланган. А бул - чабылып алынган элдин "билимдүү" деген катмарын да рухий жактан кулга айландырууга мүмкүндүк түзгөн. Өз кезегинде, араб тилин түшүнбөгөн башка элдердин арасында "кудайдын сөзүнүн" сырдуулугу ого бетер артып, тыянагында, жеке "Курандын" ганамес, ошо окууну түзгөн арабтардын өзүнүн кадырын көкөлөтүп ийүүгө да мүмкүндүк түзүлгөн. Жөнөкөй бир мисал (азыр "Куран" биздин тилге да которулду го), алиги киши өлгөндө окулчу "куран" менен таанышып көр, анда өлгөн киши жөнүндө эч нерсе айтылбайт, ал таптакыр эле жок, тескерисинче, алланын улуулугу ж. б. д. у. с. нерселер тууралуу сөз болот. Көрдүңбү, киши өлгөндө окулчу "куранда" өлгөн "пенде" тууралуу эч нерсе жок, Бул - элди алдоо го?! А мындай мүчүлүштөр ар кандай жагдайларга байланыштырылып окулчу "курандарда" өтө мол. Берегидей көрүнүштү Көкө Теңирилик "Бээ десе төө деген" же "башың кайсы десе бутун көрсөткөн" деп, жеткен кеңкелестик катары абдан катуу мыскылдап келген го?! Алыс барбай эле, ошол Көкө Түрк заманын гана алалы. Мында, көзү өткөн киши түбөлүк жайына коюлуп атканда анын бүт өмүр жолу, айтылган эмеспи! Алиги Билге кара кан жазмасы так ушунун ачык-айкын күбөсү го!..

Тээ артта калган караңгы доорлордо бүтүндөй караңгы элдерди алдап келген "Куранды" араб тилинде гана окуу тартиби бүгүнкү күнгө дейре бузулбай келет. Эң кейиштүүсү, тиги "газоват" деген нерсе эбак эскирип бүтсө да, эми жаңы түскө, мазмунга ээ болуп, бир динди экинчи динге кайраштырган террористтердин эң ишенимдүү куралына айланган. Андан да кейиштүүсү, береги ислам да жанагы христиан дини сыяктуу коомго жана мезгилге ылайыкташып ар кандай агымдарга бөлүнүп кетти. Алардын жалпы саны азыр жетимиштен ашат.

А Көкө Тэңириликте Улуу Күн жер балдарынын баарына бирдей нур төгөт, бирин ала, бирин кула көрбөйт, баарына тең калыс! Бир элди экинчи элден жогору коюу, башкалардан артык көрүү деген таптакыр эле болбойт! Улуу Күндүн бардык тасмиясы көз алдыда - анын нуру жеткен жер бетиндеги элдердин баары тең, өңү-түсүнө же улутуна карабай, бирдей наар, жылуулук алат. Ал бардык элдер менен жан-жаныбарлардын Өмүр алчу булагы! Атасы!

"Библия" менен "Куранды" жогорудагыдай калпыстыктардан жана бири-бирине карама-каршы келген ондогон сөздөр менен эки ача пикирлерден арылтуу үчүн аларды кайрадан жазып чыгыш керек. А бирок да, аларды оңдоого азыр кеч болуп калды го, не дегенде, береги китептер - "асмандан түшкөн ыйык китептер" эмеспи?! Аларды эми эч кимдин оңдоого акысы жок го?!

Эзелки элдик ырлардын биринде "Тэңир Ата, Умай эне" деген баасы-баркы теңдешсиз сап бар. "Тэңир Ата" дегени бу дүйнөнү же ааламды жана бүтүндөй жандууларды жараткан Көкө Тэңир го! Анын экинчи аты ошон үчүн Жараткан эмеспи! А Умай Эне дегени балдардын бирден-бир коргоочусу жана колдоочусу, демек, ага эң алгачкы акыл-эс, тил берген же кишини киши кылган эгеси рухий (духовный) жактан тарбиячысы го! Ошондуктан, аны байыркы кыргыздар Эл Энеси катары өзгөчө урматтаган. Элдин эң чыгаан уулдары Умай бек (бүтүндөй элдин беги) деген ардактуу наамды алып жүргөн!

Бу жарыкчылыкта биздин эл үчүн бир гана Көкө Тэңир бар! Аны кызылбаштар Кудай, араптар - Алла, орустар - Бог, индиялыктар - Будда ж. б. деп, ар эл өз тилинде өз-өзүнчө атап келген. Бул - туура! А бирок да, алиги христиан, ислам, будда деген жасалма окууларды (жүрүм-турум үлгүлөрү, моралдык укуктары ж. б. ) түзүп, Кудай менен Алланы исламга, Богду христианга ж. б. гана тиешелүү кылып, бири-биринен ажыратып, бөлүп алып, аларды бири-бирине каршы коюунун өзү туура эмес. Карама каршы койбоюн десең да ал окуулар бири-бирине карама каршы келет, себеби христиан дини өзүнчө, ислам өзүнчө, будда өзүнчө, дао өзүнчө агымды (моралды) туу тутат. Булардын бири-бирине таптакыр келишпес жактары арбын, демек, баары жасалма диндер же кийин эле киши акылынан жаралган окуулар. Булар Көкө Тэңириликтей нукура эмес, андан алда канча кийин жазылган жасалма диндер. Же тактап айтканда, береги диндерде Көкө Тэңирдин ар кайсы тилдердеги Бог, Кудай, Алла, Будда ж. б. деген аттары гана туура, а заттары таптакыр туура эмес, алар өз-өзүнчө моралды жактаган, өз-өзүнчө максатты көздөгөн, бири-биринен өтө кескин түрдө айырмаланган, ойдон чыгарылган жасалма-жазылма диндер. Алар эртең эле кайрадан жазылып, оңдолуп-толукталып калчу жасалма окуулар.

А Көкө Тэңирилик эч качан жазылган эмес, ал оозеки түрүндө ооздон-оозго өтүп, жүрөктөн жүрөккө жетип, атадан балага ооп отуруп, ушу күндөргө чейин жеткен. Көкө Тэңиринин ой-санаттары нукура өмүр тажрыйбасынан гана келип чыккан ой-санаттар болгондуктан ушунчалык узак мезгилдин ичинде калпыс же ашык жерлери өзүнөн өзү кыскарып, түшүп калып, тыяк-быягы жонулуп, түзөлүп отуруп, бүгүнкү күнгө эң баалуусу, салмактуусу, нукурасы гана жеткен! Эчендеген мезгил сыноосунан өткөн нукурасы! Нукура нускасы! Ошондуктан ал - улук!

Байыркы Кытайда б. з. ч. VI -V к. пайда болгон дао окуусу адегенде дин эмес, философиялык системалар (ойлордун жыйнагы) гана болгон. Ал да кийин гана (II к. ) динге айланып кеткен.

Ошентип, дүйнөдө Көкө Тэңириликтен кийин пайда болгон кайсыл гана дин болбосун, ал бут же христианбы, ислам же даобу, айтор, түбүндө келип эле оокаттуулар менен бийликтегилердин таламын коргогон дин болуп кетти. Ошондуктан ал бийликтегилерден өтө мыкты колдоо тапты. А бийликтегилер алиги дин китептерин өз таламдарына ылайык оңдотуп алган учурлары болду. Мисалы, христиан дини ар кандай учурларда ар түркүн өзгөртүүлөргө туш келип турду. Кул ээлөөчүлүк доор аяктап, феодалдык мамилелер башталганда ал жаңы коомго ылайыкташып баштан аяк оңдолду. А феодалдык доор бүтүп, капиталисттик заман башталганда ал оңдолуп гана тим болгон жок, мурдагы католик, православ деген диний агымдарга, протестант аттуу үчүнчү агым кошулду. Мындай тагдырдан ислам да куру калбады. XVIII к. аягында пайда болгон ваххаб агымы жалгыз гана Кудайга сыйынуучулук үчүн күрөшүү менен жанагы Каабадагы кара ташка табынууну - бутка табынуучулук катары баалап, ыйык мазарларга сыйынууга таптакыр каршы чыгып, кандайдыр бир деңгээлде, Мухаммедге сыйынуудан баш тартты. Булар дагы христиандагы протестанттар сыяктуу Кудай менен элдин ортосунда эч кандай "далдалчы" болушу тийиш эмес деген жыйынтыкка келди… А түбү келип, береги диндердин баары тең эле бийликтегилердин кызыкчылыгын катуу коргогон өзгөчө куралга айланды. Алар кийин ошол динди туткан элден кадимкидей пайда тапкан (мис., зекет ж. б. ) диндери болуп калды. Аббаттар менен монахтардын, поптор менен эпископтордун, молдолор менен имамдардын ж. б. жан бакчу акырына айланды. Айрым өлкөлөрдө бул диндер мамлекеттин казынасына каражат түшүрчү эң башкы булак болуп берди.

Бутка табынуучулук демекчи… Дүйнө жүзүндөгү исламды кабыл алган элдер Мекеге (Каабадагы кара ташка) карап намаз окуйт. Ошондо, Африкадагы мусулмандар чыгышты, Кичи Азиядагылары түштүктү, Орто Азиядагылары батышты, Эфиопиядагылары түндүктү карап отурат. Мындай карап отурсаң башаламандык. Меке бирде батышта же чыгышта, түндүктө же түштүктө боло берет. Чындыгында эле бутка сыйынуучулук! А Жердин аркы бетиндеги Америка континентиндеги мусулмандар кайсыл жакты карап намаз окуйт болду экен?!

А Көкө Тэңириликте таптакыр андай эмес. Анда Көкө Тэңир менен элди байланыштырган жанагы Иисус Христос же Мухаммед сыяктуу "далдалчылар" таптакыр эле жок. Береги динди тараткан тиги диндердегидей атайын дин өкүлдөрү (молдо, поп ж. б. ) менен чиркөө жана мечиттер да болбогон. Тескерисинче, береги жарыкчылыктагы тиричиликтин өзүнөн келип чыккан, ошо тиричиликтин реалдуу кырдаалдарынан улам пайда болгон, эл-журтка сабак болуп калуучу өтө кымбат ой-санаттар (акыл-насааттар) гана бар. Ошол ой-санаттарды, осуяттарды, үлгү сөздөрдү ар ким өз акыл-эсине жараша кабылдап, өз алдынча жыйынтык чыгарып, тирилигин өткөрө берет. Ага "сен ант, минт" деп көрсөтмө берген атайын дин кызматкерлери жок. "Күндүн уулдары" өзүлөрү каалаган учурда Көкө Тэңирине кайрылып, өз мүдөөлөрүн билдире алат, өз өктөөсүн айталат. Көкө Тэңириликте жанагы диндердегидей Кудайдын атынан каражат чогултуу, ушунун аркасында дин өкүлдөрүнүн аябай баюусу деген таптакыр эле болбойт. Көкө Тэңири дини элди өзүнө зордоп чокундурбайт, күнүнө беш жолу намаз окутпайт. Ал эркин эрдин эркин Тэңири - эркин дин! Көкө Тэңиринин ой-санаттары догма эмес, аларды ар ким акыл-эсине жараша өз алдынча түшүнөт, өз алдынча бүтүм чыгарат, кабылдашынча кабылдайт. Мында да эркиндик! Эң башкысы, анын ой-санаттары "курандагыдай" башка түшүнүксүз тилде эмес, өз эне тилинде айтылат!

Тээ илгерки кеңгер (шумер) аңыздарында, мен жана айткандай, байыркы түрктөрдүн тозок менен бейиш жөнүндөгү жомоктору бар. Муну кийин мындан үч жарым миң жыл мурда Индияда пайда болгон "Веда" аттуу диний китепте пайдаланышкан. Тозок менен бейиш жайындагы аңызды кийин христиан, андан соң ислам да кабылдаган. Алар социалдык теңдик бу дүйнөдө эмес, тиги дүйнөдө болот деп ишендирген. Баарыга белгилүү, тээ кул ээлөөчүлүк замандарда кулдардын турмушу өтө эле оор болгон го?! Анын үстүнө, элдин калың катмары абдан караңгы эле. Христиан менен ислам тиги жакыр элди "кылмыш кылсаңар тозокко түшөсүңөр, кожоюнга жакшы иштеп, жакшы жүрсөңөр өлгөндө бейишке чыгасыңар" деп, тиги дүйнө менен алдап келген. Элди "бейиш" менен сооротпосо кулдардын оор турмушу өтө эле кейиштүү болуп кетмек эле, анын түбү ар кандай толкундоолорго алып келмек. А бул - бийликке урулган сокку болмок. Муну эң жакшы түшүнгөн мамлекеттер динди абдан катуу колдогон, натыйжада, бийлик менен дин өкүлдөрүнүн бири-бирин тымызын жөлөп-тайоосу келип чыккан… А чындыгында, "тиги дүйнө" деген жок нерсе го?! Жан учуп кеткенден кийин денеде өмүр калбайт - ал өлүккө айланат. Көргө ошол өлүк коюлат, кийин ал ушул жерде курт-кумурскаларга жем болуп, чирип жок болот. Караңгы көрдө кайдагы тозок, кайдагы бейиш, кайдагы палоо, кайдагы шарап?!

А Көкө Тэңирилик элди тиги дүйнөдөгү тозок менен коркутуп, бейиш менен алдаган эмес. Ал: "Күндүк өмүрүң болсо, түштүгүнө жорго мин; бу дүйнөдө жыргаганың жыргаганың, куураганың куураганың; тиги дүйнөдө жыргал (бейиш) жок" деген. Бул - бир күндүк өмүрүң болсо, ошонун теңин куунап өт деген накыл го!

"Өлүм - түбөлүктүү түн, өмүрүң - күйгөн күн", "миң күнчүлүк караңгылыктан (бейиштен) бир күнкү жарыкчылык" дейт го Көкө Тэңирилик, демек, өлгөндөн кийин эч кандай жыргал жок, "бу дүйнөдө жыргаганың жыргаганың" деген го Тэңирилик! Кандай адилет, так, даана айтылган ой-санат. "Өткөн өмүр - өчкон от, кайра тутанбайт. Өмүрдөн кымбат эч нерсе жок, ал бардык байлыктан кымбат. Тирүүңдө дуулап өт!" деген Тэңирилик! Буга эч нерсе кошумчалоого болбойт! Көкө Тэңириликтин бүтүндөй ой-санаттары, биз мурдатан какшап келгендей, береги нукура жарыкчылыктын же Өмүрдүн өзүнөн алынган го! Анын бүтүндөй ой-санаттары - Өмүр го! Өмүр!!! Ал Өмүр жөнүндө, анын оош-кыйыштары туурасында ташка тамга баскандай эң калыс айткан дүйнөдөгү бирден-бир эң байыркы дин го! Уруучулук доордон да мурдагы, эң байыркы! Эл бир эненин же Умай эненин (Энелик доордо), бир атанын же Көкө Тэңирдин (Аталык доордо) балдарындай өмүр сүргөн эң эзелки тапсыз коомдогу эң илгерки дин го! Анда, береги жасалма диндердегидей элди алдоо таптакыр эле жок го! Жок!!!

Ал эми "тозокту" бабаларыбыз "тиги дүйнөдө" эмес, "ушул эле дүйнөнүн" өзүндө өтөгөн. Ким күнөө кылса, ал ошо күнөөсүнө жараша береги эле Жарыкчылыктын өзүндө жоопко тартылган. Эски кытай санжыраларына караганда: "Кимде ким Чоңбийге (караканга) туура эмес кеңеш берсе же акылсыз ой айтса башы кыя чабылган", "чоң ууру кылган киши дароо өлтүрүлүп, анын кесилген башын атасы өлөөр-өлгүчө мойнуна тагып, көтөрүп жүрүүгө тийиш болгон", "кыз зордуктагандар ташбараңга алынып өлтүрүлгөн", "бирөөнүн аялын бузгандар өлүм жазасына тартылган", "элге чыккынчылык кылгандар тирүүлөй өрттөлгөн же казанда кайнап аткан майга тирүүлөй салынып өлтүрүлгөн", "жеңил-желпи кылмышы үчүн тогуздап айып тарткан", "анча-мынча уурулугу үчүн бир колу кыя чабылган", "эл бузарларга тогуздан токсонго чейин союл согулган, а токсон союл жеген неме ошо таяк жеген жеринде жан берген" ж. б. Мына ушундай жазалардан өткөн да "тозок" барбы?! Жок го, жок! Андыктан, Көкө Тэңирилик элди "тиги дүйнөдөгү" жок "тозок" менен эч качан коркуткан эмес, ал күнөө кылгандарды "ушул эле дүйнөнүн өзүндө" ошол эле жерден дароо жазалаган! Байыркы кыргыздардын "тозогу" башка диндердегидей "тиги дүйнөдөгү" мифтик "тозок" эмес, "ушул дүйнөнүн өзүндөгү" реалдуу "тозок" болгон! Кандай адилет, кандай туура жаза! Ар ким өз күнөөсүнө жараша жаза алган! А жазаны Көкө Тэңирилик нускалардын негизинде ошол эле жердеги бийлер менен карыялар чечкен!

Тээ илгерки кытайлардагы кылмыштуулук күчөгөн замандарда алар береги хунну-гунндардын Көкө Тэңирилигинин көпчүлүк нускоолорун кабыл алды да, ушундан кийин эзелки кытайлардагы кылмыштуулук аябай азайып, кытай кытай болуп кетти го? Мына ушундан соң тигилер байыркы көчмөндөрдүн көпчүлүк ой-санаттарын, үлгү сөздөрүн, жүрүм-турум үлгүлөрүн, өтө терең акыл-нускаларын өздөштүрдү да, аларды кийин дагы тереңдетип иштеп, өз философиясын түздү! Илгерки кытайлардагы Күнгө сыйынуу да мына ушундан башталды. Күн тэңирдин байыркы көчмөндөрдөгү белгисин булар да кабыл алды! Жанагы Конфуций менен Даолор жоктон бар болгон эмес, бул экөөнүн тең жерпайы алиги Евразияга "киккич" же "киксос", гага, гиркан, манна, гиммири, ишгуза, сак-скиф-сармат-хунну-гунну деген атак аттар менен таанымал болгон Улуу Оңдордун элинин көөнө философиясында жатат!

Көкө Тэңири дини - дүйнөдөгү азыркы бардык диндердин атасы! Алардын баарында тең Көкө Тэңиринин илеби, кан-жаны согуп турат. Будда менен Даого араң гана 2500 жыл, "Библияга" 2000, Куранга 1350, Синтоизмдин ыйык жазмаларына 1200, Мормондун китебине, бар болгону 160 гана жыл болду. Бут дининин эң башкы максаты - караңгы элди илим-билимге үндөө, христиан - элди сүйүүгө тартуу, ислам - элди ыйманга буруу болсо, береги касиеттердин баары тең эң байыркы Көкө Тэңири дининде бар! Биз Буддасыз, Иисус Христоссуз, Мухаммадсыз эле кылымдардан кылымдарга өмүр сүрүп келгенбиз, мындан ары да өмүр сүрө беребиз. А Көкө Тэңиринин элесинин бири болгон Улуу Күн өчсө - өмүр бүтөт, жарыкчылык караңгылыкка айланып, жердеги жана башка жыллдыздардагы тиричилик таптакыр токтойт, демек, бүт ааламды жалаң гана кыйроо басат. Бизге өмүр берип аткан так ошол Улуу Күн го! Андыктан Улуу Күнгө тооп кыла жүргүлө! Мына ушул Улуу Күндү, алтын уябыз асыл Жерди жараткан Көкө Тэңирге сыйына жүргүлө! Ага сыйынсаңар, силерге өмүр берген береги жарыкчылыкты, жер-сууну сыйлаганыңар ошол! Ата-журтуңарды, эң башкысы, өзүңөрдү өзүңөр сыйлаганыңар ошол!

Азыркы акча менен байлык эң алдыңкы орунга чыккан бүгүнкү заманда алиги будда, дао, христиан, ислам диндери ошонун жетегинде калды. Булардын дин өкүлдөрү өзүлөрүнүн кызмат абалынан пайдаланып, өзү жашап турган береги коомдо эң жогорку кадыр-барк, мансап, байлык күтүүгө тап урду. Натыйжада, тиги диндер элге тийгизген кыйла таасирин жоготту же ушул диндер акча менен байлык, бийлик кылган жанагы коррупциячыл коомго ылайыкташып кетти. Тыянагында, алиги диндер үстөмдүк кылган өлкөлөрдө акча менен байлык эң башкы орунга көтөрүлүп, ошол элдердин бир тармагын паракорлук, кылмыштуулук, сойкулук, баңгилик, абийирсиздик, ыймансыздык, эки жүздүүлүк, экстремизм менен террорчулук бийлеп алса, экинчи тармагын жакырчылык, жумушсуздук, кулчулук, байларга эзилүүчүлүк, аракечтик, көкнар тартуу, уурулук, ташбоордук, көчөдө калган жалгыз бой энелер, жетим балдар менен багаар-көрөөрү жок кары-картаңдар, көт оору (спид), котон жара (сифилис) ээлеп алган. Түпкү тегинде, береги өлкөлөрдө дүнүйөкорлук жанагы руханий баалуулуктардан, элдик каада-салттардан, адамгерчиликтен, ар-намыс менен абийирден да жогору коюлуп кеткен. А Көкө Тэңириликте таптакыр андай эмес эле, анда мансап менен байлыкка умтулган дин кызматкерлери таптакыр эле болгон эмес эле, байлык менен мүлктүк теңсиздикти көчмөн турмуш өзү четке каккан. Андыктан, байыркы кырк угус элинде жарандардын теңдиги,

калыстыгы, акыйкаттыгы, адилеттүүлүгү, өз алдынчалыгы, эркиндиги, бийик адамгерчилиги, чынчылдыгы, ак көңүлдүгү, боорукерлиги, өзүнө тыкандыгы, сөз менен убадага бектиги, ар намысы, эр жүрөктүүлүгү, баатырдыгы эң башкы орунга коюлуп келген. "Бирөө баардыгы үчүн, баары бирөө үчүн" тиричилик кылган байыркы жоокер көчмөндөргө "меники" же "сеники" деген өзүмчүлдүк түшүнүк таптакыр жат болгон, аларга "биздики" деген элчил маанай өтө мүнөздүү эле. Андыктан, өзүмчүлдүк менен жекелик четке кагылып, ар бир көчмөндүн укугу менен эркиндиги абдан катуу корголуп турган. Көкө Тэңирилик - кырк угус элинин адилет, калыс болуусун, кишинин ыймандуу жана абийирдүү өмүр сүрүүсүн, анын ич дүйнөсүнүн ар дайым таптаза жана көрктүү болушун камсыз кылган да, элди Улуу Табиятты кадырлоого үйрөткөн. Анткени, Табият койну алардын Мисир-Мекени эле! Жалпы үйү болучу! Ал улуу Табият ар бир көчмөндү карапайымдуулукка, ар-намыстуулукка, улуттук патриоттулукка тарбиялап отурган. Ошондуктан, көчмөндөр тигил же бул маселе боюнча өз оюн, пикирин, көз карашын тайманбай тике айтууга укуктуу болгон. Экинчиден, илгерки кырк угус элинде аялдар теңдиги эң башкы орунда турган. Алар эч качан паранжы салынып, жүзүн эркектерден жашырган эмес. Согуш учурунда алар колуна курал алып, жоого каршы аттанган учурлары болгон. Буга Тумар бийдин (Томиристин), Каныкейдин (Хуаньхоунун), кыз Сайкалдын (Спарэтранын), баатырдыктары күбө. Биздин эзелки кырк угус элинде батыштагы байыркы араб өлкөлөрүндөгүдөй бир-эки күндүк же бир-эки айлык чапма никелер болбогон. Илгерки көчмөндөрдө гарем да жок эле. Бул - тээ көөнө доорлордогу ата-бабаларыбыздын түшүнүгүндө аялзатты же энени кор тутууга алып келмек, андыктан, мындай балит нерселерге жол берилбеген. Ошол араб өлкөлөрүндө сегиз-тогуз жашар кыздарын жылаңачтап алып, базарга алпарып сатып аткан ыймансыз замандарда биздин беш көкүл кыздар энесинин тарбиясында узчулукту, элдик үрп-адатты, каада-салтты өздөштүрүп, келечекки энелик касиетке тарбияланып аткан. Ошо доордо Кичи жана Алдыңкы Азия элдеринде бирөө аялын өлтүрүп койсо жооп бербеген. А бизде аялын өлтүрсө 150 жылкы, а эгер эркегин өлтүрүп койсо 300 жылкы айып төлөгөн. А баатырдын куну 1000 жылкы турган. Байыркы кырк угус элинин аялзаты эркектин жумушун кылган эмес, анын өзүнө тиешелүү асыл иши болгон - ал келечекки муунду татыктуу тарбиялоого тийиш эле. Натыйжада, бала өз элинин тилин энесинен үйрөнгөндүктөн ал тил биздин элде "эне тил" деп аталган. Ошондуктан, береги бала кийин жоокерчиликке аралашып жарадар болгон кездеринде же жаны чыгып баратканда

"Апа!" деп кыйкырган. А энеси алиги өспүрүмдү ата уул болууга, а кызды ошо ата уулга татыктуу ургаачы болууга тарбиялаган. А бул учурда аталар жоодо жүргөн. Кийин ушу балдар жоокер аталарын тартса же мыкты жоокер болсо эл аны "атасын тарткан уул экен" же "ата уул тура" деп аңыз кылган. А ошо өспүрүм эсейе келе эл башкарып, Баатыр атка консо аны эли Көкө Тэңирдин өзүнө теңеген! Биздин элдеги Тэңири Кошой же Тэңири Манас деген аттар да мына ушундан калган!

Так ушул эле жоокердик салт тээ эң байыркы замандарда батыштагы Эки Дарыя аралыгына оогон кеңгерликтерибиз (тарыхый шумерлер) менен бирге кетип, кийин ошол жактагы элдерге жайылган. Береги шумерлердин бүтүндөй маданиятын мурастап калган бабылдыктар да жанагы Саркун Аккаддан (б. з. ч. XXV к. ) алиги Хаммурапинин дооруна дейре өз падышаларынын аттарына Дингир (Тэңир) деген Асман Эгесинин Ыйык атын кошумчалай жазган. (И. М. Дьяконов, "Люди города Ура", М., "Наука", 1990; Оппенхейм А. Лео, "Древняя Месопотамия, Портрет цивилизации", М., "Наука", 1990, 78-б. ).

Батыштагы отурукташкан элдер өз элин кул кылса, биздин илгерки кырк угус эли өз журтун эч качан кул кылган эмес, алар башка элдерден туткунга түшкөндөрдү букара кылган. Эски кытай санжыраларында: "Бир жарым миллион хунну элинин 750 миң кулу болгон, алар согуштук туткундар эле" деп жазылган жери бар! Демек, Көкө Тэңирилик өз элин кул кылууга жол бербеген, анткени, кырк угус эли баштан аяк "Тэңирдин уулдары" болучу, же жалпак тил менен айтканда баары тең "асмандын балдары" эле! Баласы да, кызы да бармактайынан ыймандуулукка тарбияланган даңазалуу элдин аялуу кулундары болучу. Аялдар ар дайым эркектер менен теңата өмүр сүргөн. Алардын арасында да Баатыр атка конгондору бир топ эле!

Байыркы көчмөндөр арак-шарап ичкен эмес, кымыз менен бозо ичкен. Аларга көкнар тартуу башынан жат болгон. Сойкулук, көт оору, баңгилик, уурулук, ушак-айың айткандыгы үчүн аялы болобу, эркеги болобу баштары алынган. Андыктан, талаада калган балдар, никесиз төрөлгөндөр, тууп таштап кеткендер, кароосуз калган кары-картаңдар болгон эмес. Аялдары менен эркектери бардык жагынан тең укукта эле. Демек, алардын көчмөн империясы накта жарандык коом болгон.

А бирок да, азыркы отурукташкан заман мурдагы баатыр көчмөндөрдүн эмки тукумдарын адамгерчилик менен абийирге байланышкан адепки эң жакшы көп сапаттарынан кол жуудурган. Эң кейиштүүсү, алар бир жерге там салып алуу менен Улуу Табияттан жана Көкө Тэңиринен ажырап калган. Тыянагында, улуттук ар-намысы менен ыйманын жоготкон. Жетимиш жыл өкүм сүргөн Совет өкмөтү жана анын идеологиясы (үгүт-насыяты) мурдагы көчмөндөрдүн аң-сезимине орду толгус эбегейсиз зыян алып келген. Эл түбү түптүү эсепсиз каада-салтынан, абийир менен адамгерчилик кыйла сапаттарынан ажыраган. Орустардын кызыкчылыгын көздөгөн Совет идеологиясы көчмөндөрдү артта калган, жапайы, кыйраткыч эл катары тастыктоо менен аны жерден алып көргө, көрдөн алып жерге чапкан. Мурдагы ар-намыстуу, патриот көчмөндөрдүн кийинки тукумдары мына ушундай шартта тарбияланып өскөн да, соңунда, ал өзүнүн өткөндөгүсүнө кыйла кайдыгер болуп калган. Алар кошоматчы, аракеч, баңги, паракор, адилет-адептен эбак кол жууган бирөөлөргө айланган. А чындыгында, булардын ата-бабалары рухий же духовный, дүйнө таанымы жана адеп-ахлак жагынан илгерки отурукташкан Бабыл, Мисир, Тайып, Ассирия, Урарту сыяктуу байыркы мамлекеттердин элдеринен алда канча алдыда эмес беле! Эң башкысы, алар бу дүйнөдөгү эң адилет жана улуу дин - Көкө Тэңирге табынып келген. А Көкө Тэңир деген эң Ыйык Жоокердик дин эле! Эзелки кырк угус элин бүт дүйнөгө, ир алды, эң мыкты Жоокер катары тааныткан Баатыр дин болучу! Кырк угус элин бүтүндөй батышка кентавр, киккич же киксос, гага, гиркан, амазонка, манна, киммерий, сак, скиф, ишгуза; бүтүндөй чыгышка шанжунь, сижун, хуньюй, хяньюнь, гуйфань, хунну же гунну, гэгунь же гяньгунь, тугю же хагас деген атак аттар менен чексиз баатыр эл катары тааныткан эң Улуу Жоокердик дин эле! Ал тиги зороастр, будда, дао, христиан, ислам сыяктуу диндерден өз чындыгы боюнча алда канча алдыда да, абдан жогору да турган Ыйык Дин болучу! Эң байыркы атактуу көчмөндөрдү адамдык эң мыкты сапаттарга тарбиялаган бу жарыкчылыктагы бирден-бир Улуу дин эле! Бардык ой-санаттары, үлгү кептери, накыл сөздөрү, осуят менен насыяттары береги дүйнөдөгү турмуш-тиричилик чындыгынан улам келип чыгып, тээ эң эзелки энелик жана аталык доорлордо эң катаал сыноолордон ийгиликтүү өтүп, бүгүнкү күндөргө чейин келип жеткен эң Улуу да Ыйык Көкө Тэңири дини болучу. Ал бу жарыкчылыкта кийин пайда болгон жанагы диндердин баарынын түп башаты да, атасы да эле. Ошондуктан, ал тигил "жаш" диндерден кыйла күчтүү болгон. Качан гана Улуу Манас (Алдыңкы Азия жазмаларында Манас же Манаш (б. з. ч. IX-VIII к. ) аскери батышы Алдыңкы Азияны тепчип өтүп Мисир менен Акдеңизге (азыркы Жер Ортолук деңизине), Кичи Азияны тепчип Тайыпка чейин кирип келгенде; экинчи Улуу Манас (кытай санжыраларында Маодунь же Модэ, б. з. ч. III-II к. ) колу кытайга кирип барганда тигил өлкөлөрдүн аскерлери Улуу Көкө Тэңирге сыйынган береги кырк угус же кыргыз аскерине эч туруштук бере алган эмес, кыйрысын ургандай чабылган. Көкө Тэңирге табынган кийинки эле Адил баатыр менен Чыңгыс кан аскерлерине Евразияда бир да мамлекеттин колу тең келе албаган, алар беттеше келгенде көчмөндөргө туруштук бере албай, биринен сала бири багынып отурган. А бул өтө кубаттуу Көкө Тэңири дининин эң Улуулугу менен Ыйыктыгы, кол тийбестиги менен тигил диндерден артыкчылыгы эле! Не дегенде, чыгыш менен батыштагы береги элдерде түбү өтө тереңге кеткен биздегидей эң улуу Жоокердик каада-салт, улуттук маданият менен рухий байлык болгон эмес. Болсо да, алардын тамыры биздин элдикиндей абдан тереңге кетпеген. Анын үстүнө, тигил элдердин мыкчыгерлери өз журтун абдан кор кармаган - колунда жок жакыр эркегин кул, катынын күң кылып, алардын сулуу кыздарын гаремге камап алып, талпак кылган. А качан гана ошол өлкөгө кырк угус аскери жортуулдап кирип келген кезде, ичсе ашка, кийсе кийимге жетпеген береги кулдар менен күңдөр өз ээлерине чыккынчылык кылып, алиги көчмөндөргө колтук ачкан.

Бүгүн эң байыркы кырк угус элинин эң кийинки тукумдары, минген атынан айрылуу менен канаты да кайрылган. Баштагы баатыр көчмөндөрдүн азыркы тукумдары өзүлөрүнүн жоокер ата-бабаларына тиешелүү чексиз баатырдык менен эркиндик духун, майтарылбас эрки менен багынбас салтын эбак жоготкон. Алар өзүлөрүнө тиешелүү коңулда күн көргөн жанбактыларга айланган да, өзүлөрүнүн чексиз Жоокер да Баатыр ата-бабалары сыйынган Улуу Көкө Тэңири дининин эмне экенин билбей чоңойгон. А анын натыйжасы, эң илгерки кырк угус элинин бүгүнкү тукумдарынын бут, христиан, ислам диндерин кабылдоого алып келген…

Биз тигил бөтөн диндерди кабыл алуу менен тээ Улуу Түрк (Кара Кыргыз) доорундагыдай эң зор апаатка кабылып жүрбөйлү? Береги алакандай Алатоодо диний бытырандылыкка учурап, өз ара чабышып, кызыл кыргын болуп, атыбыз эле кыргыз (кырк угус), а затыбыз кыргыз болуудан калып кетпейли?

Эгер, так ушундай кырдаалда жүрүп отурсак, ушундай апаатка да учурап калышыбыз ыктымал.

Андан чыгуунун жолу барбы?

Бар! Ир алды улуттук тилибизди, улуттук нарк-насил менен ыйманыбызды, улуттук маданиятыбыз менен руханий байлыгыбызды, улуттук каада-салтыбыз менен үрп-адатыбызды кайрадан жандандырып, өзүбүздүн нукура улуттук тарыхыбызды окуп-үйрөнүүгө бет алышыбыз керек. Алар эң байыркы кырк угус элинин эң негизги уюткусу го! Улуттун көрөңгөсү да, үрөөнү да ошол!

"Баланы башынан" дегендей, улуттук мектептердеги окуу-тарбия ишин түп-тамырынан бери өзгөртүү керек. Бул ыйык жайларда эң биринчи орунга кайсы бир сабакты окутууну эмес, улуттук тарбияны коюу зарыл. А тарбиянын пайдубалы улуттук тилибиз, улуттук руханий байлыгыбыз, улуттук маданиятыбыз, улуттук каада-салтыбыз, улуттук нарк-насилибиз, эң башкысы улуттук тарыхыбыз болуп калышы абзел!

Мына ушул айтылгандарды жөнгө салсак эң илгерки кырк угус элинин кийинки тукумдары катары улуттук тилибизди, руханий байлыгыбызды, маданиятыбызды, нарк-насилибизди, каада-салтыбыз менен үрп-адатыбызды, салмагынан жер майышкан улуу тарыхыбызды соңку муундарга татыктуу мурас катары калтыра алабыз! Демек, эл бойдон калалабыз! Эң байыркы кырк угус элинин эң кийинки тукумдары бойдон! Даңазалуу кыргыз бойдон! Атактуу кыргыз бойдон! Кыргыз бойдон! Кыргыз!!!

Мындан сырткары, улуттук экономиканы, эл чарбасын тезинен көтөрүү зарыл. Антпесек, көп нерсени жүзөгө ашыралбайбыз. Ансыз, улуттун жүзү ачылбайт. Мунсуз, ал канаты жок куштай болуп калат…

Биз өткөн социалисттик коомго түздөн-түз уруучулук-патриархалдык коомдон келдик. Бизде жер кимдир бирөөнүн жеке менчигинде болгон эмес, ал бүтүндөй урууга тиешелүү эле. Мал да ортодо болчу, аны бүт уруу бакчу. Демек, биздин элде феодалдык мамилелер анча өнүккөн эмес же биздин журт феодалдык коомду толук баспастан туруп, түздөн-түз гана социалисттик коомго кадам таштаган. Ал өзүнүн тарыхый тагдырында феодалдык да, капиталисттик да жолду баспастан туруп, береги эки коомдук формацияны аттап өтүү менен социалисттик түзүлүшкө кирген. Ошондуктан, анын жолунда өтө көп кыйынчылыктар болгон. Ушул себептен, Улуу Көкө Тэңири дининин миңдеген жылдардын сыноосунан ийгиликтүү өткөн ой-санаттары, накыл кептери, үлгү сөздөрү, теңдешсиз осуят менен насыяттары мындан бир канча миң жылдар мурун кандай болсо, так ошондой түрүндө бүгүнкү күндөргө жеткен. Феодалдык жана капиталисттик көз караштарга ылайыкталып, өзгөртүлгөн эмес. Эми аны кайрадан жандандырып, күндөлүк өмүрүбүздө урунуу дөөлөтү өзүбүздө калды. Өзүбүздө!!!

Сен, бүгүнкү кыргыз урпагы, өткөн Баатыр ата-бабаларың менен теңдешсиз улуу тарыхыңды сыйласаң, береги Ыйык Көкө Тэңиринин тээ энелик жана аталык доорлордон берки он миңдеген жылдардын катаал сыноосунан муңбай өткөн, айланайын, береги улуу ой-санаттарды, үлгү кептерди, накыл сөздөрдү, осуят менен насыяттарды сыйлай жүр! Анткени, алар түбөлүктүү акыл-эс менен ойлор! Анын ар бир сөзү (сүйлөмү) акыйкат менен чындыкка толгон, турмуш-тиричилик жактан эбак далилденген! Ар кандай мезгил сыноолорунан ийгиликтүү өткөн. Алардын баары тең бир гана сөздөн турат. Жөпжөнөкөй! Түшүнүктүү! А ар биринин салмагы Алатоодой, тереңдиги Ысыккөлдөй го! Өзүбүздүн Баатыр да Жоокер элди эчендеген кылымдардын катаал сыноолорунан, жоо-чапкындарынан аман-эсен алып өтүп, бүгүнкү күнгө өз алдынча эл катары жеткирген, так ошол жоокердик теңдешсиз ой-санаттар, үлгү сөздөр, накыл кептер, осуят менен насыяттар го! Ушуларды сыйласаң, өз элиңди жана Өзүңдү сыйлаганың ошол! Ал Асыл да Ыйык ой-санаттарга, үлгү кептерге, накыл сөздөргө, осуят менен насыяттарга таазим эт! Чөгөлөп туруп тооп кыл! Тизелеп туруп таазим эт! Анткени, ал эчендеген мезгил сыноолорунан кыйшайбай өткөн Улуу Көкө Тэңиринин өзүнүн ой-санаттары, үлгү сөздөрү, накыл кептери, осуяттары менен насыяттары! Алар ата-бабаларың он миңдеген жылдар бою табынып келген, карманып келген Улуу Көкө Тэңиринин касиеттүү да кудуреттүү мыйзамдары! Эң байыркы кырк угус элин кыргыз деген ат менен бүгүнкү күнгө аман-эсен жеткирип, алтын аяктан суу ичирген эң ыйык осуяттар менен насыяттар!

Эмки калган кеп өзүңдө калды, кыргызым! Бир айтаарым - кыргыз элинин атуулу бол! Өз Мекениңди сүй! Эне тилиңди, улуттук маданиятыңды, руханий байлыгыңды, каада-салтыңды жана ата-баба тарыхын көздүн карегиндей сыйла, кадырла, сакта! Ушуларды сыйласаң, кадырласаң, сактасаң сени Көкө Тэңирим сыйлайт, кадырлайт, сактайт! Ыймандуу бол!!!

ххх

Азыр мен Көкө Теңирге сыйынган эң байыркы элдин бүтүндөй ой санаасы менен салт-санаасын, жүрүм-турум үлгүлөрү менен ырым-жырымдарын, нукура акыл-насааттын деңгээлине көтөрүлө баштаган ой-толуктоочторун (ылакаптарын), анын өтө узак доорлорго созулган ар кыл тиричилик тажрыйбасынан улам келип чыккан өтө бай акыл-насаатка толгон ой-санаттарын (макалдарын), үлгү сөздөрүн, асыл накылдарын, осуяттары менен насыяттарын кыскача болсо да алдыга тартканы турам. Абдан белгилей кетүүчү нерсе, береги ой-санаттарды көрүнгөн эле киши кадыресе сөз катары көрүнгөн жерде айта берген эмес, аны бабына келтире айта турган кеменгер карыялар болгон. Алардын чексиз акыл-эсине үнү, үнүнө кыймыл-аракети жарашкан абдан касиеттүү билгелер эле! Булар кышкысын очок кашында, а жайкысын дөңдө отуруп алып, береги кайталангыс ой-санаттарды, осуяттарды өспүрүмдөрдүн мээсине куюп турган. Ой-санаттар менен осуяттар бабына келтирилип, өзгөчө кыраат менен эң элестүү айтылгандыктан баланын эсинен биротоло чыкпай калган. Анын үстүнө, ошол ой-санаттардын, осуят менен насыяттардын, үлгү кептердин, өтө кымбат накылдардын, теңдешсиз аңыздардын, түбү түптүү уламалардын ар биринин жомок (тарых) же аңыз түрүндөгү өз алдынча баяны болгондуктан береги аңгемелер ашаасына чыгара айтылганда ошол акыл-насааттардын маани-жайы абдан тереңдеп кеткен, таасири да эбегейсиз болгон. Эң башкысы, алиги ой-санаттар өзүнчө кыраат менен айтылган. Ошондуктан, алар элге берегинтип жазма түрүндө жеткенде бир топ таасирин, касиетин жоготуп коюшу ыктымал, ошентсе да, Тэңирилик эң байыркы ой-санаттарды, осуяттарды, үлгү сөздөрдү, абдан асыл накылдарды иргеп, ирээтке келтирген кезде алардын эң алгачкы жана туура айтымын колдон келишинче калыбына келтире жаздык. Көкө Тэңири дининен аябай алыстап кеткен элге анын эмне экендигин, ой санаттарынын баасы-баркы канчалык экендигин кыскача болсо да түшүндүрө кетели дедик.

Төмөндө, элибизде макал-ылакаптар деген ат менен сакталып калган Тэңири осуяттарды, үлгү сөздөрдү, ой-санаттарды "Тэңир, эл-жер, бий, ынтымак, бакыт, ат, баатыр, коркок менен душман", "Мээ - акыл-эстин казынасы, тил - акыл-эстин куралы, илим - турмуш чырагы, өнөр - эрдин куралы", "Биринчи байлык - денсоолук, экинчи байлык - ак жоолук, үчүнчү байлык - бар соолук", "Ата - аскалуу тоо, эне - боорундагы булак, бала - экөөнө шам чырак", "Киши - баарынан улук, жакшы менен жакшылык - ыйык, жаман менен жамандык - кыйык", "Дыйкан бар жерде - нан бар, нан бар жерде - жан бар", "Иттин ээси болсо, бөрүнүн Тэңири бар, а куш менен аңдардын неси бар?", "Бай - кабакташ, жарды менен жалкоолук - табакташ, ууру, акмак, мас, молдо - сабакташ", "Тууган менен достук - бардык байлыктан артык", "Ый менен күлкү - аякташ", "Өмүр - от, өлүм - күл", "Түмөн-түркүн ой-санат" жана "Ылакаптар" деген чакан бөлүмдөргө топтоштуруп, аларды мүмкүн болушунча кыскача бердик. Буга ушу кезге чейин мезгилдик басма-сөздөргө жарыяланган жана кыргыз басмаларынан жарык көргөн бардык макал-ылакап китептери пайдаланылды. Аларды түзгөн бардык калемгерлерге өз ыраазылыгыбызды билдиребиз. Эскерте кетээрибиз, береги Тэңири ой-санаттар, осуяттар, үлгү сөздөр Улуу Тэңиринин тээ эң байыркы доорлордон ушу кезге чейинки бу жарыкчылыктагы бардык осуяттарынын, ой-санаттарынын, үлгү кептеринин жүздөн бири, а балким, миңден бири гана болушу мүмкүн, не дегенде, ушунчалык узак кылымдарга созулган оомалуу-төкмөлүү доорлордо, бирде жеңишчил, кээде жеңилишчил замандарда, акырында, өткөн жыйырманчы кылымдагы дүйнөлүк будуң-чаңда алардын көпчүлүгү унутулуп кетти. А түбөлүккө эстен чыкпай бүгүнкү күнгө жеткен берегилери миңдеген жылдардын оор сыноолорунан ийгиликтүү өткөндөрү - өтө узак мезгил кезеңдерин муңбай ашкандары!!!

Мына ушул мааниси абдан терең да теңдешсиз Тэңири осуяттар, үлгү сөздөр, ой-санаттар, накыл кептер атактуу көчмөндөрдүн тээ энелик доордон берки бар болгон моралы да, жүрүш-туруш эрежеси да, мыйзамы да болуп келген. Алар байыркы кыргыздардын ой жүгүртүүсүнө биротоло сиңип, жашоо-шартынан биротоло орун-очок алып, эзелки жоокер көчмөндөрдүн эң ыйык руханий дөөлөтүнө, дүйнө таанымына, түбөлүктүү илим-билимине айланып, калың элдин тиричилик абалы менен нарк-насилинин, үрп-адаты менен каада-салтынын туу чокусу болуп, жалпы элдин жан дүйнөсүнүн эң негизги өзөгүнө айланган!

Эмесе, так ошол теңдешсиз накыл кептер менен үлгү сөздөргө, ой-санаттар менен осуяттарга кулак кагалы, замандаш! Бир эскертээрим: бүгүнкү оор шартка жана каражаттын жоктугуна байланыштуу "Көкө Тэңирдин" экинчи тарамы аябай кыскартылды, анын (ой-санаттардын, үлгү сөздөрдүн, накыл кептердин, осуяттар менен насыяттардын) теңи гана берилди. Келечекте, турмуш-жагдай оңолгондо "Көкө Тэңирди" дагы толуктап чыгарам го деген ойдомун.



Издание книги за счет автора
емейл:janyzak@mail.ru
+996777329784
Алган материалга шилтеме бериңиз!
 © J.Janyzak, Kyrgyzstan 
Ссылки на взятые статьи обязательны!
Яндекс.Метрика