Ветка
А
09.02.2026

Саламатсыңбы, урматтуу окурман! Мен да өз окуям ме

Саламатсыңбы, урматтуу окурман! Мен да өз окуям менен бөлүшкүм келди.

2022-жыл, кыш мезгили. Мен Санкт-Петербургдун Адмиралтейский районундагы бир бөлмөлүү батиримдин ипотекасын жаңыдан төлөп бүткөн кезим. Өзүм жөнүндө айта кетсем, жашым 29да, Жаңы жыл алдында 30га толом деп турган кезим болчу. Питерде окуп, ушул жерде иштеп калганымдын себеби — 17 жашымда эле атам күйөөгө берип, бирок турмушубуз болбой, күйөөм сабаганынан улам ата-энем кайра ажыраштырып алышкан. Ошондон кийин бул жерге окууга тапшырып кетип калдым. Атам өзүн күнөөлүү сезгендиктенби, айтор, мага батир алганга чоң салым кошту. 8 жыл окуганым менен, жабыркаган ички дүйнөм эч кимге ачылбады.

Бир күнү апам чалып: «Жок дегенде бир бала төрөп ал», — деп айтты. Мен аны уккандан кийин көл-шал болуп, бугумду чыгарып ыйлап алдым. Өткөн күндөр эсиме түштү… Мына, той бүтүп, жолдошумдун заңгыраган особняк үйүнө келдик. 70 жаштагы кайненем мени карап: «Айланайын күчүгүм, ак жолтой келин бол. Бул үйдүн ээси эми сенсиң», — деп чекемден өөп, келиндерге мени бөлмөгө киргизүүнү тапшырып, батасын берип кетти.

Бөлмөдө чоң керебет, гардероб, чоң ванна бар экен. Аларды карап оозум ачылып отурдум. Ичимден «биринчи нике түнүм» деп абдан толкунданып, кыялданып отурдум. Бир саат чамасында жолдошум кирип келди. Ал менден 21 жаш улуу, атамдын башчысы болчу, аты — Камчыбек. Кичинекей кезимден эле «Камчы байке» деп таанычумун. Аны көрүп абдан уялып, ичимден нааразы да болуп кеттим. Үй-бүлөм мени Камчы байкеге саткандай эле сезилди.

Ал мени бир карап, костюмун чечип ваннага кетти. 10 мүнөт өтпөй мени чакырды. Халатчан кирип барсам, өзү жуунуп бүтүп, сүлгү менен турган экен. Эч бир сөз айтпай халатымды жулкулдата чечип, көтөрүп ваннага салып, суу менен үстүмө чачып жуунта баштады. Байкасам, ызырынып мага жини келгендей, бирок мыйыгынан күлүп жатты. Ваннадан жулкулдата чыгарып, колумдан керебетке түрттү. Жүрөгүм түшүп, ооз ача албай, көзүмдөн жаш кетти.

«Эмне ыйлайсың?» — деп бетиме бир чапты. Энем айтканын эстеп, үн чыгарбадым. Анан ал үстүмө чыгып алып, мени оорутуп, кыйнай баштады. Мен «ай» деп турсам, чачымдан жула тартып, катуу тиштеп жатты. «Камчы байке, суранам, кылбаңызчы», — десем дагы бир жолу жаакка тартып, «Оозуңду жап!» — деп оройлонду. Мен дагы эле «Суранам, кереги жок, мага ооруп жатат» деп ыйласам, «Мэ сага, актриса экенсиң да чиркин», — деп кыйнай берди. Абдан катуу, бычак менен кезгендей ооруду. «Апа, ооруп жатат, жардам бер!» — деп кыйкыра бердим. Ал мени укпай, зулумдугун улантты.

Бир маалда токтоп калып: «Сен эмне, кыз белең?» — деп таң кала карап калды. Мен «эми мынча кыйнабас» деп ойлодум эле, бирок ал кайрадан чачымдан сүйрөп, мазактап, орой мамилесин улантты. Мен эмне кыларымды билбей, көзүмдү жумуп отура берсем, «Мейли анда», — деп кайра ваннага кирип кетти. Мен дене-бойумдун ооруганына карабай, бөлмөдөн чыга качтым. Тепкичке жеткенде артымдан жетип келип, колумдан тартып, жаакка бир коюп кайра бөлмөгө алып кирди. Керебетке көмкөрөмөн түрткөндө башым кырына тийип, селейип калдым. Ал кайрадан өз билгенин кылып, мени аёосуз кыйнады. Мен «суранам, токтотуңуз» дегениме карабай, өчөшкөндөй уланта берди. Ар бир кыймылында көзүмдөн от чыгып, ыйлай бердим.

Он мүнөттөн кийин бүтүп, душка түшүп, анан жатып уктап калды. Денемдин баары ооруп, кыйналып, ордумдан тура албай калдым. Ыйлап жатып эсимден кеткен окшойм. Эртең менен бирөө башымдан сылап жатканынан чочуп ойгонсом, жанымда кайненем отуруптур. Эки кыз бөлмөнү жыйнап жатышкан экен. Энем: «Айланайын, кыздар сага жардам беришет, жуунуп кийинип ал, азыр дарыгер келет», — деди. Мен эч нерсе түшүнбөй, бирок коркуу сезими менен айтканын кылып, араң басып төмөн түштүм.

Күзгүдөн өзүмдү тааныбай калдым. Жакындап карасам, башым, моюнум көкала, кашым тилинип кетиптир. Дарыгер келип, дары-дармек жазып кетти. Энем унчукпай жанымда отурду. «Эне, мен үйгө кетейинчи», — десем, «Макул балам, кетесиң», — деп көзүнө жаш алды. Аны көрүп мен да ыйлап жибердим. Энем сыртка чыгып кетти. Башым катуу ооруду. Атама чалайын деп телефонду алсам, апам үн билдирүү жөнөтүптүр: «Кызым, эми бактылуу болгонго бүт күчүңдү сал. Камчы жакшы адам, бүгүн келип дагы бир жолу алдыбыздан өттү. Эми эч кимге бербейм дейт. Байкеңди таарынтпа», — деп айтыптыр. Кимге эмне дээримди билбей отуруп калдым.

Ошол күнү кечинде Камчы байке келип, энем менен сүйлөштү. Энем дароо чемодандарды жыйнап: «Эми кызым, экөөбүз Түркияга барып эс алып келели», — деди. Биз тез эле аэропортко жетип, Анталияга учуп кеттик. Эки жума кандай өткөнү эсимде жок, бирок энем мага абдан жылуу мамиле кылып, өзүнө жакындатып алды. Азыр деле кабарлашып турабыз. Ал менин жетишкендиктериме кубанат.

Эс алуу бүтүп, үйгө кайттык. Келген күнү эле ата-энем конокко келишти. Дасторкон үстүндө отурабыз, баары шайыр сүйлөшүп жатышты, мен болсо жок сыяктуу элем. Камчы байке атамды какшыктап, орой сүйлөп отурду. Бир маалда телефонун карап, «жумуш» деп туруп кетти. Беш мүнөттөн кийин кызматчы кыз келип, мени чакырып жатканын айтты. Бөлмөгө кирсем, ал диванда отуруптур. Мен коркуп, титиреп турдум. «Коркпо, эми сени таарынтпайм», — деди да, жанына чакырды. Мага жылуу сөздөрдү айтып, такыр башкача мамиле кыла баштады. Ошол түнү ал мага «сексти сүйүүнү үйрөтөм» деп, мурункудай эмес, аяр мамиле кылды. Менде биринчи жолу башкача сезимдер пайда болду. Анын зөөкүрлүгү жоголуп, мээримдүүдөй сезилди.

Бирок, бул бакыт көпкө созулган жок. Турмушка чыкканыма 4 ай болгондо боюмда бар экенин билдим. Токсикоз катуу болду. Күйөөм кээде жакшы, кээде кайрадан орой болуп жатты. Бир күнү ал жумуштан келип, мага катуу мамиле кылганда мен чыдабай кусуп салдым. Ошондо ал мени кайрадан аёосуз сабады. Энем кирип келип, мени аман алып калды. Акырегим сынып, ооруканага жаттым. Андан кийин сактоо (сохранение) бөлүмүнө которушту.

Төрөткө аз калганда күйөөм мени ооруканадан чыгарып кетти. Үйгө келгенде кайрадан ошол эле окуя кайталанды. Ал мени өтө катуу кыйнады, ичим катып, ооруп жатса да уккан жок. Акыры мен эсимди жоготуптурмун. Ооруканада ойгонсом, жанымда эч ким жок экен. Дарыгер кесарево жолу менен уул төрөгөнүмдү айтты. «Балам кана?» — десем, «Атасы алып кетти», — дешти. Апам кирип келип: «Кызым, кечир бизди, сени ал үйгө калтырбайбыз, бирок алар баланы бербей жатышат», — деп ыйлады. Мен эки айдай өзүмө келе албай жаттым.

Андан кийин апам мени Питерге окууга жөнөттү. Башында абдан кыйналып, депрессияга түштүм. Баламды сагынып, кайра барууну чечтим. Апам уруксат бербегенде, энеме (кайнеме) чалдым. Ал мага акча жөнөтүп, чакырды. Барып, баламды көрүп, аны жыттап, ушунчалык бактылуу болдум. Күйөөм менен кайрадан кошулдум. Бирок ал баягы эле мүнөзүн көрсөтүп, мага «сен жалапсың» деп кордоп, кайрадан сабап баштады.

Бир күнү ойгонсом, балам да, күйөөм да жок экен. Ата-энем келип мени Питерге алып кетишти. Апам: «Баланы көрбөйсүн, унут», — деп дары менен сүтүмдү токтоттурду.

Ошондон бери 7 жыл өттү. Окуумду бүттүм, азыр төрөт үйүндө жана жеке клиникада иштейм. Кесибимди абдан жакшы көрөм. Бирок жүрөгүм тоңуп калгандай. Баламды ойлоп, көз жашымды тыя албайм. Күйөөм эмне үчүн мындай кылганын дагы деле түшүнбөйм. Кээде аны сагынам, кээде андан жиним келет. Бирок тагдырга айла жок экен. Баламдын амандыгын тилеп, бир күнү жолугушууну үмүт кылып жашап келем.

лайков · 1 ответов
Ответы (1)
Б
Бек
Көчүрүп жазбагыла
Готово