Ветка
А
03.06.2026

Мен 25 жаштамын. 3 жарым жылдан бери балалуу болбо

Мен 25 жаштамын. 3 жарым жылдан бери балалуу болбой келебиз. Жолдошумдун уруктугу аябай аз экен. Учурда дагы деле дарыланып жүрөт. Дарылануу жардам бербеди. Акчаны жакшы табат, мени жакшы көрөт. Мен да аны жакшы көрөм. Акчаны мага каалашымча берет. Мени үйгө иштетпей отургузуп койгон. Кайненем Казакстанда иштейт. Кайнатам биз менен чогуу турат. Ал кечээ ичип келип, “кел кызым, менден төрөп ал, сен да көптөн бери кыйналып жүрөсүң го… Кел каныбызды алмаштыралы” деди. Үйдө эч ким жок эле. Сыртка качып кеттим. Кечинде жолдошума баарын айттым. Түнү менен атасын урушту. Атасынан кечти. “Сендей атам жок” деди. Менин жанымда отуруп, бүлкүлдөп ыйлап жатты. Атасы үйдөн чыгып кетти. Бирок, барар жери жок кайра келери маалым. Эми бир үйдө кайра жашоо кечиребиз. Эмне кылаарымды билбей кыйналып жүргөн чагым…

лайков · 2 ответов
Ответы (2)
Т
Таке
🫢
Т
Толик
Кайненең акмак экен,айыптын баары ошондо.Эркек адам буулугат , жинди суу ичине киргенде , акыл жоголот,айбанга айланат,шайтан эч нерсени козго илдирбей койот.Каарыганба кайненеңе казакстанда бок барбы? же ал да бироо менен жургонбур ал жакта.куйоосун бул жака таштап! Силердин балалуу болбогонуңардын бир себеби окутуп да корушуңор керек болот сөзсүз ,кучтуу окуган,дем салган молдого.Бизде 20 жыл балалуу болбой ,Россиядан,индиядан даарыланып да балалуу болбой акыры куйоосу,аялы молдого барып дем салдырып анан балалуу болушуп,азыр бактылуу.(Эркектин тукумуна же аялдын жатынына жин кирип алган болушу мумкун аны адам сезбейт экен,аны эч кайсы апарат билбейт)
Готово