Ветка
М
07.06.2026

Аялзатынан сурагым келип жатат. Бажамдын көзү өтүп

Аялзатынан сурагым келип жатат. Бажамдын көзү өтүп кеткен, 5 маал намаз окучу эле. Балдызым да 5 маал намаз окуйт, оронуп жүрөт. 3 баласы бар.

Балдызым 33 гана жашта, али жапжаш. Менин да 3 балам бар. Жубайымдан ажырагандан бери көп жылдар өттү. Балдызымдын кыйналганы жүрөгүмдү оорутат, 3 баланы чоңойтуш да оңой болбосо керек. Ошон үчүн балдызымды алып алсам кандай болот? Ойлонуп жүрөм. Балдызымды башка бирөө алса 3 баласы менен жашап кетиши кыйын го? Мен бир тууган жездеси катары, жат адам эмесмин, балдар да камыр-жумур болушуп, бири-бирин жакшы көрүшөт. Ошондуктан акыркы күндөрү катуу ойлонуп жүрөм…

лайков · 4 ответов
Ответы (4)
Б
Бек
Сонун болот. Шансты келтирбе
Б
Батя
Бизден сурабай өзүнөн сура
Т
Темир
Ен жакшы болт балдар кор болбойт егер конул табышсанар!
С
Сёма
Эң жакшы вариянт, ал деле каршы болбойт деп ойлойм
Даяр