Саламатсынарбы. Бул жашоодо кобунчо адамдар суйуу
Саламатсынарбы. Бул жашоодо кобунчо адамдар суйуу оорусу менен оорушат экен. Азыр суйуунун баркын кетирип атышат. Бири суйсо бири алдап кетип эле. Бирок сени баалаган, сыйлаган адамды кезиктирсен, суйуу чынында керемет сезим. Канчалаган адамдар оз суйгон адамына уйлонот бирок кыянат кылышат. Бул нерсенин озу эмне кереги бар?. Бир адамды суйуп, ага жетип уйлонуп же турмушка чыгып, бут омурунду, суйуунду ошол адамга арнап, чогу карычылыкты коруп, бактылуу жашаганга эмне жетсин. Бул жашоо озу кыска, аны таарынычка, кыянатка, уруш-талашка кетирбей, суйгон адамын менен бирге откоруу керемет чындыгында. Аллах Таалам озун кандай болсон, сени ошондой адамга кошот дегендей, тен тени менен, тезек кабы менен. Кыянат кылуу бул биринчиден Аллага жакпайт. Бир кызга уйлондунбу, ал сенин туболуктуу аманатын. Азыр кобу мурунку суйгонун унутпай, канча жыл отсо да сагынып жургондор бар экен. Бирок жанындагы аялынды аманат кылып алдында. Уйун таштап, сени тандап, балдарынды чонойтуп отурса, сен башка адамды ойлоп журсон, кандай гана журокту эзет. Бул жашоодо жакшы адамдар бар албетте, жок эмес. Бироо журогунду жараладыбы, анда ал сенин адамын эмес, болгон да эмес эч качан. Эгер сенин адамын болгон болсо, ал сенин журогунду озунун журогунон да баалап, барктап сактайт. Ар дайым адал болот. Конулунду оорутуштан коркот. Суйгонунорго жеткиле, бири биринерди суйуп, ар бир чогу откоргон кунунорду баалагыла, уруш талаш менен откорбогуло, бул жашоо кыска, бактылуулук каалайм баардыгыныздарга.