Ветка
Ж
29.06.2026

Жолдошум өзүмдөн бир топ жаш улуу, кечке эле кызгана берет.…

Жолдошум өзүмдөн бир топ жаш улуу, кечке эле кызгана берет. 8 айлык боюмда бар. Кечээ аяштар менен отурган элек. Бир аяшым тамак салып берип, сок куюп берип жанымда отурган. “Аны карап мылжыйып күлүп отурасың” деп күйөөм машинага камап алып, аябай урду. Эзип салды. Мурда урчу деле эмес. Үйгө келип жаңжалыбыз уланып, жаакка дагы катуу чаап ийди. Кайнилерим ортого түшүп, ажыратып калышты. Азыр кечирим сурап, көзүмдү карап атат. Менин барган сайын жүрөгүм муздай баштады. Үнү катуу чыкса да корко турган болдум. Кетип калайын дейм, ичимдеги баламды жетим калтыргым келбейт. Бирок анын кызганчаактыгы оору сыяктуу, айыкчудай эмес. Эмне кылсам болот? Кантип үй-бүлөмдү өз нугуна түшүрөм?

лайков · 3 ответов
Ответы (3)
Т
Таке
Жаны уйлонсонор бир аз кызганып, кийин кызганбай деле калат. Бизде деле болгон жаны уйлонгондо кызганып уруш талаш.
С
Саян
Кызганганы жакшы бирок урганы туура эмес, дагы бир жолу урсан атама жее байкеме айтам деп договор тузуп ал, анда аяштар мн жолукканда алып барба де
A
Alim
Жакшы коргону учун кызганат да, жаман корсо сени менен иши деле болбойт еле
Даяр