Ветка
Н
07.07.2026

Жашым кырктан ашканда кызыктай жагдайга учурап отурам. Үч балалуу болуп,…

Жашым кырктан ашканда кызыктай жагдайга учурап отурам. Үч балалуу болуп, жаштык күндөр артта калып, эми балдарыбызга үлгү болор убакта жубайым акылсыздыкка барып, айламды кетирип отурат. Баары ал классташтары менен шеринеге чогулуп, тез-тезден жолугуша баштаганда башталды.

Эмнегедир алыскы өлкөлөрдө иштеп келип, али үйлөнбөй жүргөн классташы Мурат жубайымдан көзүн албай, экөөндө бир мандем бардай, бири бирине кылган мамилеси жакпай жүргөн. “Кыңыр иш кырк жылда билинет” дегендей, жубайымдын аны менен мамилеси бар экенин, ал гана эмес экөө бирге болгонун да жубайымдын курбусу төкпөй-чачпай айтып берди. Үйүбүздө чоң чатак болду. Көрсө, окуучулук кезде бир топ жылдар бою экөө кыз-жигит болуп, далай жылдарды артта калтырышыптыр.

Үйдөн чыгып кетүүгө, талак берүүгө даярданып барып, оозум барбады. Кете албадым. Жанымдай көргөн үч чүрпөмдү кыйбадым. Эне болуп туруп, жубайымдын ушундай ишке барганы таңгалдырды. Анын көзүмө чөп салганын кечирдим. Экинчи ирет кайталанса кантем?

лайков · 2 ответов
Ответы (2)
Н
Нонейм
Ойлонуп коргуло Кайталаганы Озунор эле жол бертасынар. Бул уже Олгон Иш канчалык аны менен бирге журсонор ошончолук озунор жаман болосунар
Н
Наматали
Мындай учурда ажырашып эле кеткен он озубуз кубоо болгонбуз досумдун катыны тоже кырктан ашканда жаш бала менен журо койуп куйоосу билип калып чон чатак болгон балдарына карап кечирди бирок психологиясы бузулуп калды баарыбир мамилелери мурдагыдай болбойт ондой катындарда мээ жок бат эле унутат да кайталана берет
Даяр