«Сиздерге бул смсти миң бир уялуу менен жөнөтүп жатам. Эки…
«Сиздерге бул смсти миң бир уялуу менен жөнөтүп жатам. Эки жумадан кийин тоюм. Турмушка чыгып жаткан жигитим жакшы адам, түшүнүктүү. Бирок менин көңүлүм башкада. Аны менен үч жыл мурун убада-шерт кылганбыз. Ата-энем «алардын үй-бүлөсү бизге туура келбейт» деп, куда түшкөндөрүн бир нече жолу кайтарышкан. Алар тандаган жигит менен мыйзамдуу никеден да өттүм. Көңүл берген адамымды болсо унута албай жатам. Бул арман менен үй-бүлө курсам, бактылуу болбойт экенимди, тойдон кийин аны ойлогонум да күнөө экенин билем… Бирок эмне кылайын, жүрөгүмө буйрук бере албасам…»
Насипа, Ысык-Көл облусу
Эгер жүрөккө буйрук берүү мүмкүн болгондо, жер жүзүндөгү эч бир адам сүйүү даамын татпайт эле. Баары биз каалагандай болгондо болсо, жашоонун да, эң ыйык сезимдердин да баркы жоголмок.
Түшүнгөнүңүздөй, бүгүн «күндөлүгүбүздө» сүйүүсү арманга айланган кыздар менен сырдашабыз.
Той алдындагы стресс
Турмушка чыгып жаткан кыздардын дээрлик баарын «Ушул адам менен тагдырымды байлап, туура кылып жатамбы?» деген суроо ойлонтору шексиз. Сүйүүсү арманга айлангандарды айтпай эле коёлу. Экиленүүлөргө чекит коюу да оңой эмес. Түшүнөбүз, сизди азыр «Эмне үчүн биздин сүйүүбүз мындай аяктады?» деген суроо кыйнап жатат. Туура, ата-энеңиздин талабы менен тандоосун шылтоо кыласыз. Бирок чынында баары өз колуңузда эле. Сүйгөн жигитиңиз менен аягына чейин күрөшсөңүздөр, балким тагдырларыңыз кошулат беле? Эми болсо тагдырыңызды таануудан башка аргаңыз жок. Маңдайыңызга жазылганын кабыл алыңыз, анткени миң кыйналбаңыз, миң аракет кылбаңыз — өкүм чыгарылды. Кээде бизге каалагандарыбыз эмес, тагдыр ыраа көргөндөрү бакыт алып келет.
Бактыңызды үркүтпөңүз!
Сизде коркуу, кооптонуудан да көбүрөөк нааразылык күчтүү. Ошондуктан «бактылуу болорума көзүм жетпей жатат» деп, өзүңүздү жапа чеккен адамга айландырып жатасыз. Мындай маанай, ой, албетте, башыңызга конуп жаткан бакыт куштарын учуруп жиберет. Мындай ойлордун баарын оюңуздан чыгарып салууга аракет кылыңыз. Өткөнгө карап, келечек жөнүндө төлгө ачпаңыз. Жаңы жашоонун босогосундасыз — изги тилектер менен ал тарапка кадам таштаңыз. Болочок күйөөнү жакшы адам деп сыпаттадыңыз — ал өзүнүн сапаттары менен жүрөгүңүздү багынтарына ишениңиз. Ансыз да, сүйүү баяныңыздын үлгүрүү-тойго уланышы бактылуу жашооңузга 100 пайыз кепилдик бере алмак эмес. Көпчүлүк бактылуу түгөйлөр белгилегендей, сүйүү эмгекти талап кылат, сыноолордо чыңалат.
Мурунку жигитти аяп…
Көпчүлүк кыздар убадалашканына эмес, башкага турмушка чыгып жатканда жигитин аяп, ага чыккынчылык кылып жатканы үчүн ата-энесин күнөөлөшөт. Биринчиден, көңүл берген адамыңыз дагы да кайраттуу болгондо, манжаңызга башка бирөө нике шакегин тагышына жол бермек эмес. Жигиттердин кыздарга караганда бул жагынан мүмкүнчүлүктөрү көбүрөөк жана кеңирээк экенин билебиз да! Анын үстүнө ата-эне баласына эч качан жамандык каалабайт. Аларды да, өзүңүздү да күнөөлөгөндү токтотуңуз. Ошондо көңүлүңүздөгү бул сүйүүнүн чогу акырындык менен өчөт. Бул үчүн сезимдерди тизгиндөө, эрктүү болуу керек. Айрылууга учураганыңыз тууралуу ойлоно бербеңиз, мүмкүн болушунча бул тема боюнча башкалар менен (мисалы, сүйүүңүздөн кабардар курбуңуз менен) сүйлөшпөңүз, мурунку жигитиңиз менен коштошуу тууралуу ар кандай романтикалык пландардан алыс болуңуз. Ага ичиңизден бакыт каалаңыз. Унутпаңыз: качан жүрөгүңүз эски сезимдерден бошосо, ага жаңысы келет.
Кечээ радиодон ырчы Мирбек Атабековдун бир ырын угуп калдым. Кайырмасында «Тойго чейинки сүйүү — кыял-үмүт, чыныгы сүйүү кийин келет экен» деген саптар бар. Сиз да уккандырсыз, сөзсүз. Аппак келин көйнөгүн кийүү алдында турган кыздар, жүрөгүңүздү той обондорунун астында чыныгы сүйүү багынтышын каалап калабыз.