Ветка
Э
14.07.2026

Салам баарыңыздарга! Сиздерден кеңеш керек болуп ж

Салам баарыңыздарга! Сиздерден кеңеш керек болуп жатат. Сураныч, жаман сөз жазбастан, туура түшүнүп, багыт бериңиздерчи. Атым Эльнура, жашым 27де. Ойлонбой, өтө эрте жашымда турмушка чыгып алыптырмын. Күйөөм өзүмдөн 9 жаш улуу эле. Жаңы баш кошконубузда баары жакшы болчу: сүйүү, бактылуу күндөр… Көп өтпөй ортобузда бир кыздуу болдук. Бирок жашаганыбызга 2 жылдан ашканда, жолдошум такыр өзгөрүп кетти. Үйгө ичип келмейи көбөйдү, телефондон ар кайсы кыздар менен жазышканын кармап алчу болдум. Анысына чыдап жашасам, кийин мени уруп-сабаганга өттү.

Баары бир үй-бүлөмдү сактап калайын деп чыдап жүрдүм. Мени катуу кызганып, иштетпей да койду, ага да макул болдум. Акыры бир күнү колумду сындырып: «Сени өлтүрүп коём!» — деп коркутканда, араң кызымды алып, апамдыкына качып кеттим. Апам байкуш: «Ичиме баткан кыз, сыртыма да батат», — деп, бир да жаман сөз айтпай кучак жайып тосуп алды. Ошентип ажыраштык. Башында күйөөм кайненемдер менен кечирим сурап, бир-эки жолу келди. Бирок апам алардын убадаларына ишенбей, эшикти ичинен жаап, жолоткон жок.

Жакында шаарга көчүп келдик. Апамдан бөлүнүп, кызым экөөбүз келгенибизге аз эле болгон. Чынын айтсам, аябай кыйналдым. Жумуш табуу кыйын, тапсаң да айлыгы аз, жашаган батирибиз болсо тар общежитие эле. Күндөрдүн бир күнүндө шаардан жаш кезимде артымдан чуркап жүргөн, өзүм менен тең Самат деген балага кокусунан жолугуп калдым. Ал мени көргөндө, ушул жолугушууну өмүр бою күткөндөй аябай сүйүндү. Бир туруп сөз таппай мукактанып, акыры номеримди араң сурап алды. «Чалып турам» дегенинен, эски тааныш катары жана анын балалык таза сүйүүсү бойдон калганымды сезип, номеримди бердим

Саматка жолугуп калганым бир чети жакшы болду, мага аябай жардам берди. Башка жакшыраак батирге чыгарып, эки айлык акысын төлөп берди. Башында чынында эле корктум. Канча жылдан бери көрүшпөсөк, «алмайдын бермейи бар» дегендей, мени өз кызыкчылыгына пайдалангысы келип жатабы деп шектендим. Самат менин бул коркуумду байкады окшойт, жардам керек болгондо гана жанымдан табылып, калган күндөрү мени убара кылбай, аралыкты сактап жүрдү. Кийинчерээк кызымды ойнотобуз деп, паркка чогуу барып жүрдүк. Канча жыл мурун анын сүйүүсүн баалабай кеткениме, анысы аз келгенсип кемсинткениме азыр эстесем өзүмө жиним келет. Ошентип жүрүп кызым да ага аябай көнүп алды. «Самат байке качан келет? Самат байкеге чалчы, Самат байке…» деп оозунан түшүрбөй калды. Кыз балага атанын орду баары бир бөлөк эмеспи. Ошентип, кечээ жакында Самат мага үйлөнүү сунушун киргизди. Мен мындайды күткөн эмесмин, өзүмдү даярдаган да эмесмин. Ал: «Эльнура, мен сени канча жыл өтсө да унута албадым. Сени кайра жолуктурганымда, Жараткан мага дагы бир мүмкүнчүлүк берип жатат деп түшүндүм. Кызың Берметти өз кызымдай багам, мен да силерге байланууга жетиштим. Жок дебечи, суранам», — деп, колумдан бекем кармап, бутума жабыша калды. Мен толкунданганымдан ооба деп качан айтып алганымды байкабай да калыптырмын.
Чынын айтсам, мен Саматты сүйбөйм деле. Бирок кызыма ишеничтүү ата болуп бере алат деп ишенем. Самат өзү ишенчээк, колу ачык, менин тилимди алат. Жакында тоюбуз болот. Бирок биринчи күйөөм менин турмушка чыгаарымды угуп алып, 2-3 жумадан бери коркутуп жатат. «Сени да, Саматыңды да кошуп өлтүрүп кетем, эгер кызымды мага бербесеңер!» — деп жатат. Мен кызымды эч качан ага бергим келбейт. Эмне кылсам болот, кеңеш бериңиздерчи?

лайков · 2 ответов
Ответы (2)
Э
Эмил
Биринчи күйөөң менен закондуу түрдө ажыраш анан талагын ал анан башка күйөөгө чык
П
Памир
биринчи куйоонду алиментке жык,сот аркылуу,башында берсе берет алиментти анча-мынча 5- 10 мин сом, жарым жылдан кийин таппай каласын. коркутмак тугул биротоло жоголот жашоонордон, акчанын кучу керемет дегендей.
Даяр