Ветка
А
18.07.2026

Жигитим менен Москвадан таанышканбыз. “Жакында үйлөнөбүз” деген жакшы тилек, максаттарыбыз…

Жигитим менен Москвадан таанышканбыз. “Жакында үйлөнөбүз” деген жакшы тилек, максаттарыбыз бар эле. Ал болсо кокустан СИЗОго камалып калды. Жакында эле УЗИге барсам, эки айлык боюмда бар экенин билдим. Кантип туугандарымдын алдында бетимди жарык кылып төрөп алсам болот? Кеңешиңиздер аябай керек болуп жатат. Баса, жигитим үч жылга кесилип кетти. Ал “кыйналбасаң төрө” деп атат. Жигитимди жакшы көрөм. Андан балалуу болуу мен үчүн бакыт. Бирок ушундай оор сыноого кабылып калдым…

лайков · 2 ответов
Ответы (2)
3
35жаш
Тороп эле алганын жакшы го, жакшы эркек чыкса балан мн кошо алат, анан алдырып салып кийин окуносун торой албай
Г
Гули
Туугандар га жузун Жарык болушун кааласан, жигитин ата энесин жонотсун алдынан отуп, сен бул жакта жашап жаткандай журо бересин. Эч кимге билгизбе. Ошентип Торолгон Баланын да жузу Жарык бт. Бирок сен жигитин мн суйлошуп бала торолгучо бир свидания кылып Нике кыйдыргыла.
Даяр