Мына буларды кошуп туруп, анан остатокту алып салб
Мына буларды кошуп туруп, анан остатокту алып салбайсынбы? Көрдүнбү 10575 сом жетпей жатат. Бул болсо мурунку остаток” деп мени сүрдүү карады. “Байке, бирок мен тийген эмесмин кассага, өлүп кетейин, тийген эмесмин.” “Мен сени тийди деген жерим жок. Тийди болсо сени милицияга салып берип, өпкөндү үзүп алат элем. Мен сени туура эмес сдачы берип же туура эмес эсептеп алгансын деп жатам.
Беш айдан бери остаток снимать этиле элек да. Болгону ошону айтып бир ай зарплата жок иштеп бересин деп жатам. Түшүндүнбү?”. “Байке, бул айда берип турбайсызбы акчамды? Жаны жылда үйгө барып балдарымды кубантып коёюн, мамам келет деп жол карашат го? Январдын акчасын кармабайсызбы?”. “Мен сага айтпадымбы. Сен айылга кетип калып келбей койсон, сени мен кайдан издейм?”. “Мен расписка жазып берейин да байке”. “Ой распискан неге жарайт? Андан көрө бул ай акча албай иште, эмки ай төлөп берем акчанды как штык.” деди эле, мен тартынбай эле “Жанагы экинчи варианты кандай байке?” деп ачык сурадым. “Кайсы варианты?”, “Жана өзүнөр экинчи варианты бар бирок макул болбойсун го дебединиз беле.
Ошону сурап жатам”. “Аа, короодо строителдер иштеп жатпайбы? Ошолорго обедге тамак жасап берип турбайсынбы күнүгө, бир ай жасасан жанагы карызынды кечейин дегем”. Мен токтоно албай күлүп жибердим. “Эмне күлүп жатасын?”. “Жөн эле байке.”, “Жөн эле адам күлчү беле? Айтпайсынбы?”. Мен уяла, “Мен сизди мени менен жат деп айтат болуш керек деп ойлоп жаттым эле” деп каткыра баштадым. Шефим чогу каткырып кирди. Анан мени карап туруп “Андай кылсан, тамашасы жок, карызынды азыр эле кечем” деди. Мен күлкүмдү тыйып аны жалдырап карап туруп калдым. “Бир түн мени менен болосун, мен болсо 10000 сомду ошол замат унутам. Как тебе такое предложение?”деп көздөрүмдү теше карады. Мен жанатан бери өзүмдү өзүм бул вариантка даярдап койгон жаным “Макул” деп көздөрүмдү ала качтым. “Ну все анда.
Бүгүн адаттагыдай онго чейин иштейсин, ага чейин мен келип калам” деп шефим машинасын айдап кетип калды. Далай ой менен кеч кирип, саат он болду. Мен магазинди жаба баштадым. Магазинди жаап бүтүп эшикте турганымда, нечен жолу жашаган квартирама кетип калайын деген ой келди, бирок кургур акча антирбеди. Машина келип, шефимдин машинасына отуруп, тоону көздөй бет алдык. Шефим жолду карай бир нерселерди сүйлөп менин көнүлүмдү жайгарып бара жатты. Тоодогу бир котеждин жанына келип токтоп, шеф ичине кирип кетип, кайра чыгып мени “жүрү” деп ичине алып кирди. Зангыраган котеж экен. Жасалгасы шумдук.
Мындай котеждерди кинодо эле көрбөсөм өнүмдө көргөн эмесмин. Тан калып ичин карап жатканымда шеф аркы бөлмөдөн “эмне ичесин?” деп үнүн катуу чыгара сурап калды. “Мен ичпейм Кадыр байке”. “Кой, ошондой да болмок беле?” деп Кадыр байке колуна коньяк жана эки бокал кармап бөлмөгө кирип келди. “Ой чечпейсинби пальтонду. Кел жардам берип коёюн” деп келип менин пальтомду колуна алды. Анан адаттагыдай эле тостор айтылып, мен толкунданып жатып бир тике көбүрөөк ичип койгон экенмин. Ойгонуп кайда жатканымды баамдай албай эки жагымды карайм